АҢГЕМЕ

Аларды балдар жеңишке сүрөйт…

Аскерлер тизмесинде бул полк мурдагыдай эле принцесса Гогенцоллери-Зигмаринген-Ауспахт түзгөн, Мертер-Титфилшай 329 А полк округунун королдук жеңил пехотасына кошулган, “Алдыңкы, согушка жарамдуу полк”, — деп аталса да, бардык эле жерде, казармалардабы же ашканаларда болсун, бул полкту — “Ооруктагы-алдыңкы” деп аташчу. Балким, бир аз убакыт өтсө, анын аскерлери каймана атынын даңкын чыгарган бир эрдик көрсөтөр, бирок азырынча бул аталышты алар абдан эле жаман кабыл алып, кимдир-бирөөлөр аларды ошентип атагысы келсе, башы менен жооп берип калуу коркунучу бар.

Мисалы, атканада бирөөлөрдүн кавалериялык полкту сөккөн шыбыры угулса, уландар басмайыл, швабралар менен куралданып короого чыгышат, а кимдир-бирөө байкабай полкту “Ооруктагы-алдыңкы”,- деп койсо, бүттү — бүт полк мылтыгын ала чуркайт.

Аларды актай турган бирден-бир себеп, кийин аскерлер уруш талаасында өздөрүнүн милдетин абдан жакшы аткарышты. А ушул учурда алар уруш талаасынан качып, согулгандыгы,  корккондугунан калтырап, шермендеси чыккандыгы тууралуу ит да билчү. Солдаттар да, офицерлер да, атчан гвардиячылар да билчү, а кайрадан кезектеги согуш болуп кетсе — душмандар да билип калышат. Фронт боюнча ушундай жаман атты болгон эки-үч полк бар эле, бирок, кийин алар өздөрүнүн эрдиги менен жамандыгын “жууп” коюшту –  ошондо душмандардын аскерлерине, алардын жолунда болуп калгандан кудай сактасын.

Британ аскерлеринин эрдиги далилди талап кылбайт дешет; чындыгында да ошондой. Анча-мынча катачылыктар айтылбайт, андай окуялар кечкисин, офицерлердин ашканасында эскерилет. Ошол жерде ойго келбеген шумдук окуяларды – офицерлердин буйругуна баш ийбей койгон жоокерлер, буйрук бергенге укугу жок бирөнүн буйрук бергендиги, британ аскерлери кудайдын колдоосу менен гана толук талкалануудан аман калгандыгы тууралуу угууга болот. Кандай гана жагымсыз окуяларды угасың, аны да офицерлер, очокто алоологон оттун жанына чогулуп алып акырын кеп кылышат, а жаш офицер болсо башын ылдый салып, анын жоокерлери, кудайга шүгүр, эч качан андай жагымсыз окуяга жол бербейт, — деп ойлонуп коёт.

Кокусунан кетирген катасы үчүн бардык күнөөнү катардагы британ жоокерине эле ыйгарып койгонго болбойт, ошентсе да, жалгыз эле ал эмес, башкалардын да күнөөсү бар экедигин, жоокерлер билбей эле койгондору дурус. Орто заар акылы бар генерал өзү катышып жаткан согушту кандай жүргүзүүнү баамдагыча алты ай текке кетет; полковник полк менен үч ай машыгууларды жүргүзгөнү менен, анын жоокерлери эмнеге жөндөмдүү экендигин толук биле бербейт; ал эмес ротанын командири деле өз ротасынын жоокерлеринин кыял-мүнөзүн жеткиликтүү билбейт, — анча-мынча каталары үчүн жоокерди жазалай бергенге болбойт, айрыкча азыркы жоокерлерди. Кийин аны — pour encourager les autres[1], атып же асып салышар, бирок гезиттерде баштан-аяк “жугунду куйган” жарабайт, мындай кылгандык адепсиздиктин белгиси жана түккө турбаган нерсе.

Жоокер төрт жыл Королдун улуу урматына кызмат өтөдү дейли. Эки жылдан кийин кызматынан бошойт. Адептүүлүктүн ченемдерин энесинин сүтү менен алганды Кудай ага буюрган эмес, а төрт жыл ичинде анын булчуңдары темирдей болуп, же анын башына анын полку – дүйнөдөгү бардык нерседен кымбат экендиги мыктап бекип калды дегенге кантип ишенесиң! Ага эмне – вино ичсе, бейбаштык кылса, — а Индияда акча-тыйын топтоп алганга аракет кылат, — барынан да көксөп тиленгени, — ок жаңылып калбаса экен дейт. Билим деңгээли ага айтылган буйруктарды жарым-жартылай түшүнгөнгө араң жарайт, анан, жараат октонбу, кесилгенби же жулунганбы – ажырата билет. Ошондуктан ротага  ок жаап жатканда душмандын чабуулун тосуш үчүн жазыл деген буйрук берилсе, ал албетте түшүнөт, ал өз ордун тапкыча аны өлтүрүп коюшу мүмкүн, андыктан он минуттай болсо да байкалбай калсам деп аракет кылат. Жоокерлер төрт жыл бою уруш өнөрүнө машыкканына жараша — буйрукту чагылгандай тездикте, же шашпай аткарышат, топтолуп алышат, же жазыла, душмандын алдын торой чуркашат.

Ошентип, анча-мынча бирдеме үйрөнгөн, башкалардан уккан шумдуктардан чочулаган, бирок дымагы күч, чор тамандардан чыккан байкуш, колдоосу жок, өзү менен өзү калат, ошол жаш жигит душмандын жоокерине жолугат, а Чыгышта душман дайыма кебетеси кеткен, түрү суук, далдайып, бойлуу жана бети-башын жүн баскан, айкырыгы таш жарат. Эгерде, тегерегине баам салып, — он эки жылдай кызмат өтөп койгон, өз ишин мыкты билген, чабуулга тартынбай кирип, кайраттуу, чечкиндүүлүгүн көрсөткөн тажрыйбалуу жоокерди байкап калса, — биздин жаш жигит бир аз өзүнө келет, мылтыктын кундагын ийинине ишенимдүү кысат. Машыктырып жатканда, кээде оозго бир койгондон тартынбаган командири:

— Азыр алар жинди болгон эмедей беш мүнөттөй айкырык салышат. Анан чабуул башташат, биз ошондо аларга көргүлүктү көрсөтөбүз, — деген сөзүн укса, ого бетер кайрат байлап калат.

Андай болбой, тегерегинде өзүнө окшогон, коркконунан купкуу болуп кеткен, мылтыктын машаасын таппай колдору калтырап: “Буларга деги эмне керек”,- деп ойлогон жаш жоокерлерди көрсө, а командиринин кылычынын сабын мыкчып, кара терге басып: “Эй, алдыңкылар! Штыкты мылтыкка улагыла! Кароол – үч жүз фут, жок – беш жүз! Ж-а-а-т! Козголбо! Алдыңкылар, тизеле!”- деген жана ошого окшогон буйруктарды угуп эси кетет. А эгерде жанында турган жолдошу союлуп жаткан букадай онтоп, жерге күп этип кулап түшкөнүн көрсө, такыр эле өзүн жоготуп коёт. Эгерде бир аз алдыга жыла алган болсо, алардын огу душмандарды сулатып жатканын байкаса, бир аз өзүнө келет, анан согуш самаган тажаал сезими ойгонот, ал сезим менен, көпчүлүк айткандай, жин даарып, душман көздөп, жоокер калчылдап калат.

Ордунда кала берсе, жүрөгү түшүп, эч нерсе түшүнбөгөн абалга келет, берилген буйруктарды мурда угуп көрбөгөндөй, ал эми жоокер эмес, анын духу түштү, эмне кылып жатканын өзү билбей элтеңдеп калат; а эң оор көрүнүш британдык полктун катарынын ыдырашы. Ошондой болгондо бардыгы бүтөт, полктун жоокерлеринин баарын коркунуч сезими каптайт, ошондой болгондо жоокерлерди жайына койгон эле оң, а ротанын командирлерине лагерге чейин качып, ошол жерден эсин жыйнашат. Бирок эгер аларды согуш талаасына кайта келгенге мажбур кылышса, алардын жолунда болгондордун шору – британиялык полк согуш талаасынан эки жолу качпайт.

Отуз жылдан кийин, ушул пантолон кийген калктын катмарын биз эптеп бир нерсеге үйрөтө алган болсок, биздин армия кандай болорун болжоп болбойт. Жоокерлер абдан көптү билип калышат да өз ишин жакшы өздөштүрөт. Жоокерлердин аң-сезими, өнүккөн деңгээли азыркы офицерлердикинен кем болбогондо гана бүт дүйнөнү багындыра алат. Орой айтканда армияда, же эч нерседен кайра тартпаган, эч нерседен жийиркенбеген айбан чалыш акмактар, же джентельмендер кызмат өтөөсү абзел, эң ылайыктуусу акмактар джентельмендердин кол астында болгондо, алардын кан көксөгөн жумушу абдан ырааттуу жүрөт. Уставда айтылгандай – жакшы жоокердин башы да жакшы иштөөсү кажет. Бирок, тилеке каршы, башына акыл киргичекти ал бир топ мерчемдерди басып өтүп, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлойт, а өзүмчүлдүк — жакшы жардамчы эмес. Акмактын башы жакшы иштебегени менен, ал кимди болсо өлтүргөнгө дайыма даяр, кезексиз алынган бир нече наряд, өз жанын тобокел кылгандан көрө, башка бирөөнүн жанын сууруп алганга үйрөтөт.

Согуш талаасында, пресвитериан-офицерлердин башкаруусундагы ашынган динчилдерден турган шотландиялык полк, кудайга ишенбеген жаш жигиттердин башкаруусундагы канча жолу кагылып-согулган, кайраттуу ирландиялык баш кескерлерге караганда мыкаачырак болот эмеспи. Ошентсе да эреже катары алабармандап кетпеген, артта да калбаган, токтоо, “ортозаар” жоокерге көп ишене бербеш керек. Андай жоокер өзүн гана ойлойт, ашкере кайрат көрсөткөндөн алыс. Кээде атайылап кылгандай, аларга жардамга келчүлөр кечиге берет, жардам деле келбейт, аларды душман талкалап салган,- көпчүлүк полк командирлери жардам келет деп ишенишет, —  жардамга ишенип жатып, полктун жоокерлери жаман атты болуп калышы мүмкүн, ошону менен Империянын күчүнө, армиянын намысына шек кетет.

Офицерлер өз иштерин абдан жакшы билишет, жаш жоокерлерди келери менен согуш өнөрүнө машыктыра башташат; андан да ортоңку катмардан чыккан татынакай британ жаштарына Кудай чымыр дене түзүлүшүн, жакшы мээни, ошондой эле ички органдарын берген экен. Ошондуктан он сегиз жаштагы жаш жигит октон коргонбойт – колунда кылыч, элөөрүп жүрөгү дүпүлдөп, бута болуп турат, анан эле ок тийип сулап калганын көрөсүң. Ал өлсө да джентельмен болуп өлөт. Өлбөй тирүү калса үйүнө, “ок жаңылганын”, “жарадар болуп калганын” “калбыр кылып салганын” же кылыч менен “бөлө чаап” салышканын жазат, өзү болсо үстү жактагы чоңдорго жарадар болгондугу үчүн үстөк төлөө тууралуу талап жаадырат, ал душман менен кезектеги салгылаш башталганча уланып, салгылашуу белгилүү болору менен фронтко кайрадан барыштын аракетин көрүп, медициналык комиссияны алдайт, өз полковнигине жагалданат, анын адъюдантынын башын оорутат.

Бул кириш сөз мени түз эле британдык полктун аскер оркестринде барабан кагып, сурнай тарткандардын ичинен анык кемчонтойлору — эки кичинекей шумпайдын жоругуна алып келет. Алардын күнөөгө баткан өмүр жолу ачык бунт менен бүтүп, жашоо менен кош айтышты. Аларды Жейкин жана Лью-Лью торопой аташчу, алар уят эмне экенин билбеген, бузулган балакай-барабанчылар эле; “Ооруктагы алдыңкы” тамбурмажору аларды катуу жазалап, сабап да койчу

Жейкин он төрт жашар чабал бала, Лью – болжол менен ошол эле жашта. Экөө тең көргөзбөй ичимдик ичип, тамеки тарышчу. Казармадагылардын бардыгындай эле, сөгүнүү аларга көнүмүш болуп калган: эч кимди тоготпой, тиштенип балит сөздөрдү жаадырып сөгүнүшөр эле, жумасына бир жолу сөзсүз бири-бири менен мушташа кетишчи. Жейкин Лондондун жалаң чор таман, селсаяктар жашаган түпүкүрүнөн, ротанын барабанчысы наамына жеткичекти доктор Барнадонун[2] колунан өтсө керек. Лью өткөн турмушу тууралуу эч нерсе билчи эмес, ымыркай кезинен полктун турмушундагы окуялар жана аскердик оркестрдин добушунан башка эч нерсе билбей, ошого ыраазы болуп өстү. Жаштайынан бузулган жан дүйнөсүнүн тереңинде музыкага болгон  ышкысы үлпүлдөп, тагдырдын тамашасыбы, чачы-башы татынакай болуп — периштеге окшошуп турчу, ошондон болсо керек, чиркөөгө келген аялдар аны “татына”,- деп коюшчу. Рота менен казармага келип, Жейкинге каршы кезектеги шойкомду ойлонуп жаткан “татынанын” алардын дарагине айтылган балит сөздөрүн ал аялдар угушчу эмес да.

Башка барабанчылар бул экөөнү абдан жек көрүшчү, себеби бул экөөнүн башына дагы эмне кирет, эмненин ичинен чыгат, — эч кимге белгисиз эле. Жейкин Льюну токмоктоп, а Лью Жейкиндин башын баткакка тыгып мушташып жатса да, үчүнчү бирөө экөөнүн бирөөнө болушуп кийлигишип калса, Жейкин менен Лью ошол замат чоочунга каршы бириге калып, ал байкушту экөөлөп токмоктоп салышчу. Кандай таяк жегенин кудай башка салгылык кылбасын! Казармада бул экөөнү жактырышчу эмес, бирок тыйындуу балдар эле, аскерлер аларды башка балдарга тукуруп же бири-бири менен мушташтырып тамаша көрүшүп, ага акча төлөп беришчү.

Ошол күнү лагерде кагылыш чыгып кетти. Балдардын тамеки чайнап жатканын байкап калышты, болгондо да күчтүү, арзан тамекини; Льюнун Жейкинге жини келип:

– Канжаны чөндөгүнө салып жүргөндөн жыттанып калды, ушул акмак Жейкин үчүн таяк жедик, — деп койду.

— Мен сага канча айтам, канжам казармада калган, — деп Жейкин актанат.

— Калп айтасың, шүмшүк, — дейт Лью.

— Өзүң шүмшүк, таштанды шуркуя, — деди Жейкин, өзүнүн деле ата-жотосу белгисиз экенин билип туруп.

Казармада сөгүшкөн сөздөр кеңири колдонгонуна карабастан, ушул “таштанды” деген сөз үчүн эч кимге кечирим берилбейт. Каршылашкан адамды ууру деп койсоң деле эч нерсе эмес, Коркок деп койсоң деле көп болсо, өтүгү менен бир уруп калар, анысы балким тийбей калат, эгерде тишиң күбүлүп калганын каалабасаң, каршылашыңды таштанды деп атагандан кудай сактасын.

— Жинимди келтирбей тилиңди тартсаң боло, — деди Лью Женкиндин ачуусун басайын деп.

— Сенин жиниңди урайын! — деп туруп Женкин Люнун апакай чекесине берип калды.

Китептерде айтылгандай бардыгы өз жайына келип, ушул окуя жазылбай калат беле, бирок мушташтын биринчи раундунан кийин бул жерге базарды караган сержанттын — жыйырма беш жаштагы солдойгон бекерпоз уулун шайтан айдап келип калды.

Ал дайым эле акча сурап басып жүрчү, балдарда акча бар экенин да жакшы билчү.

— Дагы мушташып атасыңарбы?- демиш болду. – Атама айтам, атам туу алып жүрүүчүгө билдирет.

— А сенин ишиң эмне? – деп сурады Жейкин, таноолору кыпчылып.

— Менин ишим деле жок. А силер сазайыңарды жейсиңер, кара буларды, бирдеме болсо эле мушташып калышат.

— Ой сенин эмне кылып атканыбыз менен ишиң канча?- деди Лью-периште. — Сен аскер адамы эмессиң да, биттеген тилемчи.

Ошентип туруп сол капталга тээп калды.

— Джентелмендер бири бирине чындыкты муштуму менен далилдеп жаткан жерге тумшугуңду салбай жүр, жогол үйүңө, өзүңдүн сойку энеңе бар, — деди Жейкин оң капталга тээп жатып.

Солдойгон байкуш коргонгусу келип, балдарды көк желкеден алып сүзүштүрөйүн деди эле, болбоду. Жейкин курсакка урду, а Лью тизеге тепти. Алар жарым сааттай тытышып, кан чыккыча, өпкөлөрү көпкүчө мушташты. Балдар тигини абдан токмоктоп, жерге жыгып алып, ит түлкүнү  талагандай тытып киришти.

— Сениби, көрсөтөм сага!- деп киркирейт Жейкин.

Жейкин аны бетке койгулап, Лью капталын эзип кирди.

Рыцардык – бул жаш барабанчыларга мүнөздүү эмес, баркталбайт деле. Алар улуулардан үйрөнгөндөй, абдан берилип мушташып, душмандын денесине өзү жөнүндө так калтырганды каалашат.

Жигит тамтык жери жок, адамдын үрөйүн учургандай сабалды; базарды тейлеген сержанттын ачуусу да андан кем калган жок. Командирдин алдына жарандык жигитти өлөрчө сабаган эки шумпайды алып келишкенде да ошондой эле үрөй учурган жагдай турду. Базарды тейлеген сержант аларды аскер трибуналына берүүнү талап кылып, уулу болсо өзүн актап, калп айтып жатты. Балдар какайып туруп беришти, алардын күнөөсүн далилдеген кара туман коюулана баштады.

— Силер, шайтандар, бүт полкко караганда мени көбүрөк бушайман кыласыңар, — деди полковник ачууланып. – Силерди бир нерсеге үйрөтүш – болбогон нерсе, түрмөгө айдай албайсың, гауптвахтага отургузганга болбойт. Кайрадан эле сабашкандан башка айла жок.

— Кечиресиз, сэр. Өзүбүздү коргогонго бир ооз сөз айтканга уруксат этиңиз, сэр, — чыйылдап жиберди Жейкин.

— Уктуңарбы?! Дагы айтышкысы келет?..- полковниктин жини келди.

— Жок, сэр, —  Лью коштоп кетти. – Бирок ойлоп көрсөнүз, сэр, досум менен бир нерсе тууралуу талашып атсак эле, бирөө келип силерди ушактап барам дейт, сэр. Ал бизден акча өндүргүсү келген, сэр.

Канцелярияда каткырык жаңырды.

— И дагы эмне? -деп сурады полковник.

— Ушул бетин безетки баскан шүмшүк, сэр, ошондой кылмак сэр, эгерде биз аны токтотуп калбаганда бизди ушактамак, сэр. Биз аны анча деле катуу урган жокпуз, сэр. Бирөөлөрдүн ишине тумшугуңду сал деп, андан ким сураныптыр, сэр, мейли мага тамбурмажордун колу тийсин, мейли капрал жамандап барсын, сэр, мен ага чыдайм, бирок мен… менимче… жарандык эле бирөө аскер адамын ушактаса… бул болбогон жорук деп ойлойм, сэр.

Кайрадан жаңырган каткырык канцеляриянын дубалдарын силкилдетип жибергендей болду, бирок полковниктин кабагы бүркөө эле.

— Бул балдар тууралуу кандай пикирлер бар? – деди ал полктун старшинасына кайрылып.

-Балдар капельмейстерге гана угушат, анын айтымында булардын шайтаны көп, бирок эч качан калп айтышпайт.

— Биз ушул болбогон нерсе үчүн жаза тартабызбы – ушул жигиттин жалаасы үчүнбү, сэр, — деди Лью тигиге жаңсап.

— Жоголгула! Жоголгула бул жерден! – деди полковник чыдамы кетип; балдарды алып кетишкенден кийин базарды тейлеген сержанттын баласын бирөөлөрдүн ишине кийлигишкени үчүн жемелеп, капельмейстерге барабанчыларды катуу кармоону буюрду.

— Дагы бир жолу көзү-башыңардын көгөргөнүн байкасам, — деп кыйкырып жатты капельмайстер, — тамбурмажорго териңерди тескери сыйырганга буйрук берем. Көңүлүңөргө түйүп койгула, шүмшүктөр!

Айткан сөздөрүнө көпкө чейин өкүнүп атты, анткени Лью, ошол кызыл кездемеден мундир кийген периште сурнай алып, – сурнайчы ооруканада экен, — айлананы назик аваз менен жаңыртып атыптыр. Лью чынында эле анык музыкант болчу, башына кыйынчылык түшкөндө өзүнүн сезимин кандай музыкалык аспапта болсо да ойноп, билдире алчу.

— Сен капельмайстер боло аласың, Лью, — деди капельмайстер, өзү болсо эч кимге көрсөтпөй вальстарды жазып, күнү-түнү дебей өз оркестиринин иши менен болчу.

— Тиги сага эмне деп күңкүлдөп жатты? — деп сурады Жейкин машыгуудан кийин.

— Капельмейстер болуп, офицерлердин отурушунда алчадан жасалган ичимдик иче аласың деди.

— Ооба! Башкача айтканда, сенден жакшы жоокер чыкпайт деген турбайбы. Ал ошонтип айткысы келген да?! Мен болсо аскерде биринчи мөөнөттөгү кызмат бүткөндөн кийин, шерменделик, бизге маяна төлөнбөйт! Толук укуктуу катардагы жоокер болом, бир жылдан кийин улан болуп согуш өнөрүнө окуйм. Үч жылдан кийин сержант болуп калам. Жо-ок үйлөнбөйм, жинди белем! Аскерде калам, офицердикти алып, мени эч ким тааныбаган полкко которулам. Чыныгы офицер болом. Ошондо сени алчадан жасалган ичимдикке чакырам, мистер Лью, а сен айбан, тышта күтүп турасың, качан дежурный бир стакан ичимдик алып келет деп.

— А эгер мен капельмайстер болсомчу? Анда мен мурда офицер болуп калам. Мунун таң калар деле эч нерсеси жок, биздин мугалим айткандай ишти гана колго алып, аракет кылыш керек. Полк мекенибизге жети жылдан кийин кайтат. Ал мезгилде мен улан болуп, же мына-мына улан болгону калам.

Балдар келечекке ушундай план куруп, бир жумача тынч жүрүштү, Льюнун туу көтөргүчтүн кызы менен “кыйшаңдашып” калганын айтпаганда. Ал кыз он үч жашта эле – “олуттуу деле максат койбой, эриккенден эле”, — деп түшүндүрдү бул жоругун Лью, Жейкинге. Кара чачтуу Крис Делиген да өзүнө көңүл буруп жүргөн башка балдарга караганда Льюнун “тийишкенин” жактыруу менен кабыл алды; барабанчы-балдардын кыжырлары кайнап, Жейкин болсо “юбканын артынан чуркаган” жакшылыка алып келбейт дегендей акыл айтып жүрдү. Бирок сүйүү менен кең пейилдүүлүк Льюну адил жолдо кармап кала алган жок, себеби, — “жакында полкту согушка жиберет экен”,- деген күбүң-шыбың сөз тарады, — сөздү узартпай “талкалануучу улуттардын согушу” деп коёлучу.

Бул шыбыш офицерлерге караганда казармага мурдарак жетти, а полктун тогуз жүз жоокеринин ичинен мурда согушка катышкан он жоокерди да таба албайсың. Полковник жыйырма жыл мурун чек ара экспедициясына катышкан экен, майорлордун бирөө качандыр бир мезгилде түштүктө кызмат өтөптүр, Б ротасындагы бир жоокер – дезертир –кийин Ирландияда көчө шыпырган окшойт, мына, полктогу согуш боюнча тажрыйба ушул. Полк көптөн бери оорукта турган. Жоокерлердин жана кенже командирлердин көпчүлүгү үч-төрт жыл кызмат өтөгөндөр, унтер-офицерлердин бардыгы отуз жаштан аша элек, сержанттар менен солдаттар полктун эски туулары, полк Индияга келер алдында Англиянын архиепископу батасын берген жаңы туулар эскертип турган, полк басып өткөн күжүрмөн окуяларды билбейт деле болсо керек.

Алар фронтко барууну көксөп турушту – согуш эмне экенин билишпейт да, а түшүндүрө турган бирөө да жок. Полктогу жигиттер негизинен билимдүү балдар, орто билими тууралуу аттестаты барлар басымдуу болуп, көпчүлүгү башка да билимге окугандар болчу. Аларды аскерге чакырганда аймактык тең салмактуулук тыкыр сакталган, бирок аны алар кайдан билмек. Алар кол өнөрчүлүк өнүккөн, фабрикалуу райондордон келген. Аскерлердеги тамак-аштан алардын ичке сөөктөрү чыңалып, булчуңдары өстү, бирок кайраттуулукту ала алышкан жок, анткени алардын ата-бабалары укумдан-тукумга болбогон акыга кулдай эмгектенип, кургаткыч жайларда терге чөмүлүп, кездеме токуган стандарда бели мертинип, ак түс берүүчү коргошундун жытынан тумчугуп, жөтөлүп, акиташ сакталган сарайларда тоңуп келгендер эле. Аскерде ал балдар тоё тамак ичип, эс алып алышты, аларга таяк көтөрүп эле койсоң качып берет деген ишенимде, — “кап-караларды” талкалаганды самап турушат. Ошондуктан согуш деген кабарга солдаттар сүйүнүп, а келемиш унтер-офицерлер согуш мезгилинде акчага марыйбыз деп ойлоп атышты. Штабда болсо:

— “Алдыңкы, согушка жөндөмдүү” көптөн бери согуша элек. Ошондуктан аларды фронтту жабдып турган жолдорду кайтарганга жиберсе  болот эле, — деп айтып жатышты.

Эгер британдык полктор фронтко өтө зарыл болбосо, ошондой болмок, бирок фронт полкко өтө муктаж эле, анткени ал жерде ишеним туудурбаган жергиликтүүлөрдөн куралган жоокерлер турган, алардын күчү майда кагылышууларга эле жарачу.

— Аларды эки тажрыйбалуу полкко кошуп койгула,- деп буйурду штаб. Алар башында сөзсүз кыйналары турган иш, ошентсе да согуш аяктагыча өз ишин жакшы билип калышат. Жоокер үчүн жакшы мектеп – түнкү тынчсыздануулар жана партизандар менен эки-үч кармаш. Кароолдо тургандардын беш-алтоосун мууздап кетишсе – акылду болуп калышат.

Полковник жоокерлердин маанайы жакшы, бардыгы согушка толук даяр деген шаңдуу рапорт жазып, майорлордун жүзүнөн күлкү кетпей, субалтерндер[3] офицерлердин ашканасында, кечки тамактан кийин вальс бийлешип, револьверден атып машыгуу мезгилинде бири-бирин атып сала жаздашты. Жейкин менен Лью абдан тынчсызданып жатышты. Барабанчылар эмне болот? Оркестирди фронтко алышар бекен? Полк менен фронтко канча барабанчы барат?

Алар даракка чыгып алып тамекиден соруп коюп кеңешип жатышты.

— Бизди лагерде, катындар менен калтырып коюшабы?! Анда эле сага жага бербей калат эмеспи,- деп Жейкин какшыктады.

— Сен Крис жөнүндө айтканыңбы? Ой ошол кыз, ал эмес лагердеги бардык аялдарды, — согуш менен салыштырганга болобу! Сен билесиң да, мен деле согушка барганды сендей эле көксөп атам, — деп жооп берди Лью.

— Сурнайчы болуп калсам эмне! – деп кайгырды Жейкин. – Алар Том Кидди алып жатышыптыр, бизди алышпаса, мен анын талпагын ташка жайам.

— Жүрү, анда ал шүмшүктү сурнай тарта албагандай кылып сабап салалы. Сен аны кармап тур, мен жанчып салайын, – деди Лью.

— Жок, анткенибизден эч нерсе чыкпайт.  Биз ансыз да жаман аттуубуз. Оркестрди лагерде калтырышса, биз да эч кайда барбайбыз, айла жок. А оркестрди алып калса, медициналык комиссия шылып коюшу мүмкүн. Сен кандай, жарактуусуңбу я, Торопой? – Жейкин Льюну капталга бир салды.

— Ананчы, — Лью сөгүнүп калды – Доктор сенин жүрөгүң начар, анткени ач карын тамеки чегесиң , — дейт. Кана көкүрөгүңдү керип турчу, мен уруп көрөйүн.

Жейкин көкүрөгүн керип, Лью бардык күчү менен төшкө уруп калды. Жейкин кубарып, дем ала албай онтоп, көздөрүн ирмегилеп:

— Ой, укмуш экен!- деп койду.

— Жарайсың, — деди Лью. — Төшкө катуу соксо өлүп калат деп уктум эле.

— Бирок муну менен фронтко баргандын тагдыры чечилген жок, — деди Жейкин. — Сен билбейсиңби, полкту кайда жиберишет экен?

— Кудай билеби. Түндүк жактагы фронтко дешет ко, жүн баскан пуштундарды[4],  соккону, алардын колуна түшүп калсаң, кардыңды жарып, ичегиңди чууруп таштайт дешет. А аялдары жакшынакай имиш.

— Колго бирдеме илинет бекен?

— Таш балее да жок, кап-каралар баалуу буюмдарын көмүп койгон жерди казып эле бирдеме таппасаң, эч нерсе жок. – Жейкин бутакка тура калып, жашыл жайытты карап: — Лью, тигинде полковник келатат. Жакшы абышка. Жүрү андан суранабыз.

Мындай сунуштан Лью бактан учуп кете таштады. Ал Жейкин сыяктуу эле кудайдан да, шайтандан да коркчу эмес, бирок барабанчынын да кайратынын чеги бар да, полковник менен сүйлөшүү — бул өтө эле…

Жейкин болсо бактан түшүп, полковникти карай жөнөдү.

Полковник сыйлыктар тууралуу ойлоп, кыялданып келатты, – Бенин ордени, ал эмес экинчи даражадагы Бенин ордени, ал эмне ошондой сыйлыктарга татыктуу эмеспи? Ал жетектеген, “Алдыңкы, согушка жарамдуу” армиядагы алдыңкы полктордун бири эмес бекен? Аңгыча ага чуркап келаткан балдарды байкап калды. Ага бүгүн эле, “барабанчылар нааразылык билдирип жатышат, аны уюштурган Жейкин менен Лью”, -деп билдиришти эле. Бул деген кутум уюштуруу дегендик да.

Балдар полковникке жыйырма кадамдай жетпей токтоп, кадимки аскер кадамы менен төрт кадам шилтеп, экөө бирдей честь беришти, экөө тең мылтыктын сүмбөсүндөй зыңкыят, сүмбөдөн анча-мынча узунураак шекилдүү.

Полковник жакшы маанайда болчу; ушул жашыл, кең аймакта барабанчылар кичинекей, мээримге муктаж балдардай сезилди, андан да, алардын бирөө жакшынакай эле.

— Эмне?- деди полковник аларды таанып. – Ачык талаада мени менен эсептешейин дедиңерби? Мен силерге тийишкен жерим жок, — ал шектенип абаны жыттап, — менимче силер тамеки тарткан көрүнөсүңөр.

Темирди кызуусунда сок дешет. Жүрөк дүкүлдөйт.

— Сурайын дедим эле, сэр,- деп баштады Жейкин. – Полкту фронтко жөнөтүп жатабы, сэр?

— Ошондой го, — деди полковник.

— А оркестрчи, сэр, — деди экөө бирдей, ага удаа эле: – биз да барабыз да, чынбы?

— Силерби?! – деди полковник, алардын кибиреген кебетесин жакшылап байкаш үчүн артка чегинип,- Силерби?! Силер жүрүштүн биринчи бөлүгүндө эле өлүп каласыңар го.

— Жок, сэр, жок! Биз полк менен кайда болсо да бара алабыз – парадгабы, деги эле кайда болсо да, — деди Жейкин.

— А эгер Том Кит барар болсо, ал макидей бүктөлүп калат, — деди Лью. –Томдун кан тамырлары начар, оролушуп калган, сэр.

— Эмне?

— Кан тамырлары оролушуп калган. Парад узакка созулуп кеткенде анын тамырлары көөп кетет, сэр. Ал бара турган болсо, биз андан бетер бара алабыз, сэр.

Полковник аларды узакка сынай тиктеп калды.

— Ооба, оркестр барат, — деди ал өзү менен кесиптеш офицерге кайрылып жаткандай олуттуу. — Кимиңердин ата-энеңер бар?

— Биздин ата-энебиз жок, сэр, — деп кубана жооп беришти Жейкин менен Лью. — Экөөбүз тең томолой жетимбиз, сэр. Биз өлсөк артыбыздан эч ким ыйлабайт, сэр.

— Ох ушу кибирегендер, полк менен фронтко баргысы келишет! Эмне жашоого тоюп бүттүңөрбү?

— Мен эки жылдан бери королдун мундирин кийип жүрөм, — деди Жейкин. – Милдетиңди адил аткарганың үчүн сыйлык  албаган кандай оор экенин  өзүңүз билесиз да, сэр!

— А мен барбай калсам,- деп кийлигишип кетти Лью, — капельмейстер, иттин гана баласы, ой, кечиресиз, сэр, анын улуу урматы, мени музыкага окутам дейт. Мен анда уруш көрбөй калам да, сэр.

Полковник көпкө жооп бербей турду. Анан акырын:

— Медициналык күбөлүк ала алсаңар, барасыңар. Мен силердин ордуңарда болсом тамеки чеккенди коёт элем.

Балдар честь берип, бурулуп кетишти.

Полковник үйүнө келип балдар менен болгон окуяны аялына айтты эле, аялы ыйлап жибере жаздады. Полковник ыраазы болуп турду: балдарда эле ушундай ынтазарлык болуп аткандан кийин, аскерлер тууралуу эмне айтса болот!

Жейкин менен Лью өздөрүнө ыраазы болуп, казармага келишти, мурундарын дердейип манчыркап, он минуттай теңтуштары менен сүйлөшпөй турушту. Акыры Жейкин ыңгыранып,  шашпай:

— Мен азыр эле полковник менен кеңешип келдим. Алтын эле адам да, бул полковник. Мен ага: “Полковник, мени фронтко жибер”, — дедим. – “Сен фронтко барасың, ушул шалтактаган, шүмшүк барабанчылардын арасында сендей азаматтар көп болсо деп тиленип жүрөм”, — деди ал. — Кид, байка, мурдуңдү дердейтип тийише  берсең, буттарың шишип кетерин айтып салам.

Казармата тополоң чыгып кетти, балдардын ичтери күйүп, экөөнү жек көрүп турушту. Лью менен Жейкин манчыркаганды басып, абалды жеңилдеткенге акылдары жеткен жок.

— Кызым менен коштошуп келейин, — деди Лью, абалды ого бетер ырбатып. – Менин буюмдарыма эч ким тийбесин, алар мага согушта керек, мени ал жакка полковник өзү чакырды.

Үй-бүлөлүүлөр жашаган баракка келип, Крис чыгып келгиче дарактардын артынан ышкырып, чакырып турду; алгач өбүшүп алып, анан Лью иштин жайын айта баштады.

— Мен полк менен согушка кетип жатам, — деди ал барктанып.

— Торопой, болбогон нерсени сүйлөбөчү, — деди Крис, жүрөгү болкулдап: Лью эч качан калп айтчу эмес эле.

— Өзүң болбогон нерсени көп айтасың,- деди Лью аны кучактап. – Мен фронтко баратам. Полк жүрүшкө чыкканда, мени катардан көрөсүң. Кандай шайдоот баратканыбызды байкайсың. Ошондуктан сен мага өбүшүү карыз болуп калдың, Крис.

— Өзүңдүн чыныгы ордуң болгон лагерде калсаң, канча кааласаң ошончо өбүшөт элем, -деп Крис эрдин тосту.

— Сени менен коштошуу мага абдан оор, Крис. Ишенип кой, оор. Бирок эркек үчүн бул бирден-бир жол. Мен лагерде калып калсам, сен мени жек көрүп калат элең.

— Жек көрмөк эмесмин. Торопой, мен сенин дайыма жанымда болушуңду каалайм. Сени дайыма ойлой бергенден көрө өбүшүп турганыбыз артык эмеспи.

— Өбүшкөнгө караганда согуштан алган медалды көкүрөккө тагынып жүргөн артык.

— Сен медаль ала албайсың!

— Алам! Барабанчылардан экөөбүздү гана фронтко алып жатышат. Калгандарынын бардыгы — бизден улуу солдаттар, медалды ошолор менен кошо алам.

— Аларга сенден бөлөгү табылбай калыптырбы, Торопой? Сени өлтүрүп коюшат ко, өзүңдү такыр сактабайсың да Торопоюм, мени менен  лагерде калып эле калчы, жаным. Мен сени өмүрүм өткөнчө сүйүп өтөм.

— Азыр эмне тоскоол болуп атат, Крис? Сүйөм деп айтпадың беле.

— Албетте, албетте сүйөм. Абдан сүйөм. Кичине чоңойо түш, Торопоюм. Сенин боюң меникинен да кичине да.

— Мен эки жылдан бери аскерде жүрөм, оорукта жүрө берүүнү каалабайм, аны мага айтпа. Чоңоюп кайра келем, анан сага үйлөнөм, катардагы аскер наамын алаар менен үйлөнөм.

— Убада бересиңби, Торопоюм?

Лью жакында эле Жейкин айткан келечек тууралуу ойлонду, бирок Кристин эриндери ушундай жакын эле!

— Убада берем, Кудай буюрса ошондой болот! – деди ал. Крис аны кучактап алды.

— Мен сени кармабайм, Торопоюм. Бар, барып медалыңды алып кел. Мен сага баштыкча сайып берем, аны көркөмдүү кылганга аракет кылам, — деп шыбырады Крис.

— Ага чачыңдан кыркып салып кой, Крис, мен аны өмүрүм өткөнчө сактайм.

Крис ыйлап, алардын жолугушуусу ушуну менен аяктады.

Барабанчы балдар Жейкин менен Льюга ичтери күйүп, алардын казармадагы жашоосу оорлошуп калды. Алардын мөөнөтүнөн эки жыл мурда – он төрт жашынан кызматка алынганын мындай кой, жашы жетпегенине карабай фронтко алып атышат, барабанчылар боюнча мындай тарыхта болгон эмес. Полк менен согушка баруучу барабанчылардын саны жыйырмага чейин болуп, калгандарын башка роталарга катардагы жоокер кылып которушту. Жейкин менен Лью сурнайчылардын арасында калгылары келсе да, ошол ченемден тышкары тизмеге кошушту.

— Болуптур да эми, — деди Жейкин медкомиссиядан кийин, — деги алгандарына ыракмат. Доктор айтат, — базарды тейлеген сержанттын баласы менен мушташканда тирүү калгандан кийин, силер эми эч нерсе болбойсуңар дейт.

— Ооба да, — макул болду Лью, Крис эптеп тигип берген, кыйшык сайылган “L” тамгасы кооздоп турган, ичине чач катылган баштыкчаны жетине албай карап жатып.

— Мындан артык болбой калды, — деп бышактаган Крис. – Апамдын же офицерлердин тигүүчүсү жардам бергенин каалаган жокмун. Жоготпо, мен сени сүйөөрүмдү эсиңен чыгарба,  Торопой.

Тогуз жүз алтымыш жаш, ден соолугу чымыр жигиттер аскердик кадам менен темир жол станциясына баратышты, аларды көргөнү келген жергиликтүүлөр көчө тирейт. Жейкин менен Лью оркестр менен баратканын көргөн, барбай калган барабанчылардын тиштери кычырап, эрлерин узаткан аялдар платформада ыйлап, аскерлер аба жарып “ура” деп айкырып жатышты.

— Жигиттерди карачы, биринен бири өтөт, — деди командир жардамчысына, биринчи төрт ротанын жигиттери вагондорго олтуруп жатканын карап.

— Ооба булар уятка калтырбайт, — илбериңки жооп берди жардамчы. – Бирок, менимче, али жаштык кылышабы дейм, мындай иш үчүн даяр эмес го. Ал жакта азыр суук болуп калды.

— Эч нерсе эмес, эбин табышат, — деди полковник. — Алар ооруп калбаганына кам көрүш керек.

Ошентип, алар түндүккө карай баратышты, сандаган төө кербендерин, аскер обоздорун, жүктөлгөн качырлардын үйүрлөрүн жандап өтүп, түндүккө, дагы түндүгүрөк баратышты; күндөн күнгө поезге жаңы адамдар кошулуп, акыры паравоз катуу ышкырып, станцияга сүйрөп чыкты. Бул жерде тыгын болуп калыптыр. Убактылуу курулган алты темир жолдун кошулган жери, ар биринде кырктан вагону бар алты курам чогулган экен; паровоздор айкырып, станция жетекчиси терге чөмүлүп, таң эртеңден түнгө чейин нөөмөтчү офицерлер сөгүнүп, абаны чөптүн бүрү каптап, миңдей өгүздөрдүн үйүрү тынбай өңгүрөп жатат.

— Тезирээк, тезирээк, балдар! Силерди фронтто абдан күтүп жатышат! “Ооруктагы-алдыңкыны” ушундай сөздөр менен күтүп алып жатышты, ушунун өзүн эле “Кызыл Крест” вагондорунун жүргүнчүлөрү айтышты.

— Анча деле катуу согуш эмес, — деп улутунат башы таңылган, “Ооруктагы-алдыңкынын” солдаттары суктануу менен караган кавалерист. — Андай деле коркунучтуу салгылаш жок, бирок душман дайыма аракетте, а тамак-аш, анан аба ырайы абдан начар. Түнкүсүн абдан суук, мөндүрлөп да жиберет, күндүзү күн куйкалайт, суусу ушунчалык сасык, жытына адам чыдабайт.  Мына, чачымды кырып салышты, башымды жумурткадай кылып, андан да өпкөмө суук тийгизип алыпмын, жөтөл кыстайт. Кыскасы, балдар бул сейилдөөчү аймак эмес.

— А кап-каралар кандай, — деп сурады солдаттардын бирөө.

— Тетиги поезде колго түшкөндөр отурат, барып кара. Булар – алардын ак сөөктөрү. А жөн адамдары мындан да түрү суук. Кандай куралдары бар экенин билгиңер келсе,  отургучтун астында узун бычак бар, алып чыккылачы.

— Столдун астынан үч кырдуу, сөөк саптуу афган канжарын сууруп чыгышты. Узундугу Льюдай эле бар.

— Ушул бычак менен силердин кардыңарды жарышат, — деди кавалерист акырын. — Муну менен самынды бөлө тилгендей эле, колуңду ийниңден шылып түшкөнгө болот. Бычактын ээсин бөлө чаптым эле; бирок алар ого-го канча! Ачык салгылашка барышпайт, бирок бычак колдонгондору укмуш!

Солдаттар темир жол аркылуу туткунга түшкөн афгандыктарды көргөнү келишти. Бул зор денелүү, кара чачтуу, үтүрөйгөн Израилдин балдары “Ооруктагы-алдыңкынын” солдаттары мурда көрүп жүргөн караларга окшобойт. Солдаттар аларды карап, алар түкүрүнүп, көздөрү тике карабай, бирдеме деп колдурап жатышты.

— Кебетелерин кара! Көзүң көргүлүк кылбасын!- деди Жейкин кароонун соңунда. – Эй, чал. Сени кантип колго түшүрүштү? Ушундай кебетең менен дароо эле асып салбаганына кудайга ыраазы бол!

Туткундардын эң зору бурулуп, бутундагы кишенди калдыратып, баланы карап калды.

— Карасаңар, — деди жолдошторуна пуштун тилинде, — алар биз менен согушканы балдарды жиберип жатышыптыр! Эл деле эмес экен, келесолор!

— Ооба! – деп шаттана башын ийкейт Жейкин. — Силерди түштүккө алпарышат. Ал жакта силерге үй, тамак беришет, раджадай болуп жашайсыңар. Бул өзүңдүн айлыңда штыкка сайылганга караганда жакшы эмеспи! Жакшы кал, чал, булчуңдарыңды сакта, кабагыңды ач. — Солдаттар күлүп калышты.

Жоокерлерди катарга тургузуп, биринчи жүрүш башталды; ошондо алар аскер турмушу оюнчук эмес, оор турмуш экендигин чет бучкагын байкап калышты көрүнөт. Аларды эңгезердей болгон каралардын түрү чочутуп, алар патандар экенин билишти, андан башкасы да: аба ырайы, тамак-аш дагы башкалары барган сайын начарлап, көңүл чөгөрүп жатты. Алардын ичинде жыйырмадай тажрыйбалуу жоокер болгондо, түнгө кандай даярдык көрүү керек, жана башкаларды үйрөтмөк, андай болбой (башка полктон бирөө айткандай), алар “чочкодой жашоо” өткөрүп жатышты. Талаа ашканасында бышырылган, жүрөктү айланткан тамакка, төөлөргө, чунаңдаган качырларга, жыртык чатырларга көнүш керек эле. Туруп калган, сасыган суудан бир нече адам дизентерея менен ооруп калышты.

Жүрүштүн үчүнчү бөлүгүнүн акырында, дагы бир күтүлбөгөн жаман окуя болду; жети жүз ярддай[5] жерден, буктурмадан атылган, жалпайып калган коргошун ок, от жанында отурган солдаттын башына тийди. Ошол октон кийин аткылоо уланып, солдаттар түнү боюу кирпик-көзүн какпады, душмандардын максаты да ушул эле. Күндүз алардын жолун улай кеткен кырлардын үстүндөгү шектүү булутчалардан башка эч нерсе билинбейт. Түнкүсүн алыста от күйүп, мылтыктын үнү заңкылдайт, солдаттар туш келди жапырт ок чыгарып, кээде жанындагы чатырга да ок жаңылып жатты. Бир нече адам өлдү. Балдар сөгүнүп, бул көрүнүштү  согуш деп айтууга болбой турганын кеп кылышат.

Чындыгында эле согуш эмес эле. Полк жүрүшүн токтотуп, жергиликтүүлөрдүн чакан топтору менен атышууга болбойт эле. Алар шотландиялык жана гуркх[6] аскер бөлүктөрүнө кошулганга жиберилген. Афгандыктар аны билип калышкан; биринчи байкап көргөндөн кийин бул согуш көрө элек бөлүк экендигин түшүнүп, “Ооруктагы-алдыңкыны” такай чочутуп, чыңалуу астында кармоону чечишти. Жалданма аскерлер, кичинекей, митайым гуркхтар менен мындай кылыша алмак эмес – гуркхтар түнкүсүн буктурма койгонду жакшы билишчү; афгандыктар кебетеси адамды чочуткан, түнкүсүн кароолдо туруп айкырып кудайга сыйынган, мылтыктын үнүнөн, жинди чалыш сикхтерден[7] чочубаган, камырабай жүргөндөй болгону менен аларга тийип койсоң акеңди окуткан, юпка кийген эңгезердей эркектер менен да мындай кылыша албайт эле. А бул ак жүздүүлөр башкача экен, такыр башкача. Алар чочкодой эч нерсе туйбай уктап, ойготсоң чачыла качып беришет. Кароолчуларынын басканы чейрек милден эле угулат, мылтыкты мээлеп атканды билишпейт, эч нерсеге, жада калса жанындагы эшекке да тийгизе алышпайт, бирөө эле ата баштаса, бүт полк кошулат, түнгө жай тандаганды да билишпейт, эртең менен атышканга туура келсе күндүн нуру көзгө чагылышкандай жайланышат. Андан да полкто малайлар көп, алар такай артта калып, аларды мууздап салыш, түккө турбаган кеп. Алардын онтогону, кыйкырганы ак жүздүү солдаттардын үрөйүн учурат, малайлары азайган сайын, полкто да кыйынчылыктар боло баштады.

Ошентип, жүрүш уланган сайын, душмандын аракети да күчөдү, алардын соккуларынан полк кыйналып, бирок жооп бере албады. Душмандар бир жолу түнкүсүн чатырдын аркандарын кыйып, нымдан оордошуп калган чатыр кулап, солдаттарды басып калды, анын астында кыйкырып-өкүрүп, айлалары кеткени, душмандарга анык ыракат тартуулады. Афгандыктар ал учурда бычактарын ишке киргизишти. Бул “Ооруктагы-алдыңкы” полктун жоокерлеринин кайратын биротоло алып койгон, эң жакшы аткарылган, мыкты план болчу. Алар түн жарымында гана өздөрүнө келишти, анысы да узакка созулган жок, аркы-терки ок чыгарып, өздөрүн жайлашты, түнү укташкан жок.

Түнөргөн, баарына нааразы, жүрөктөрү түшкөн, үшүгөн, оорукчан, шалтактаган, кийимдери жыртылган абалда “Ооруктагы-алдыңкынын” солдаттары менен офицерлери бригадага кошулушту.

— Уктум, жүрүш абдан кыйын болгон экен, — деди бригаданын командири.

Жарадар болгондордун тизмесин көрүп, өңү бузулду. “Иш чатак”, — деп ойлоду ал, -Алар жоокер эмей эле, бир короо кой болуп калган тура”. Анан полковнике:

— Биз силерге тыныгуу бере албайбыз. Бизге бардык күчтү топтоо зарыл. Болбосо он күндөй тыныгып, толукталып алмаксыңар.

Полковник силкинип алды.

— Антип айтпаңыз, сэр, — деди ал, — бизди аяп койгонго эч бир негиз жок. Ырас, өч ала албаган үчүн менин жоокелеримдин көңүлү бир аз чөгүп турат. Бирок, душман менен бетме-бет жолукканга алардын эки көзү төрт.

— Бул “Ооруктагы-алдыңкыдан” эч нерсе чыкпайт, — деди бригаданын командири өз майоруна. Булар жоокерге да окшобойт. Бардык билгендерин жоготуп алышыптыр. Кебетелерин кара, өлкөнүн башынан аягына чейин басып өткөнсүп. Ушундай шалдыраган солдаттарды биринчи жолу көрүшүм.

— Эч нерсе эмес, ишке киришип кетсе – өзүнө келишет. Параддык жылтыр-жылтуру кичине өчө түшүптүр, согуш тажрыйбасын үйрөнүп кетишет, — деди бригадалык майор. – Аларды бир топ эле согушуптур, бирок ошону өздөрү түшүнө бербейт окшойт.

Алар чынында түшүнбөй жатышты. Аларды жол бою сого беришти, соккондо да ырайымсыздык менен, байкатпай, алар билбеген, көнбөгөн куралдар менен. Андан да, күчтүү, чымыр жигиттердин бир тобун оору-сыркоо алып кетти, баарынан жаманы – офицерлер бул өлкөнү билгендей түр көрсөткөнү менен, солдаттардай эле начар билишчү. “Ооруктагы-алдыңкы” абдан жаман абалда болду, бирок душман менен бетме-бет жолуксак,  кайраттуулугумду далилдейм деген ишеним бар эле. Мылтык менен аткылоо натыйжа берген жок, а штык менен салгылашуу болбоду. Балким ошонусу дурус болгондур. Бычак менен куралданган солдойгон афгандыктар, каршылашын сегиз фут аралыкта да ура алчу, ар бири үч англисти жайлаганга күчү жетет эле. “Ооруктагы-алдыңкы” душмандарын бардык жети жүз мылтыктан жапырт ок чыгарып тосуп алууну көксөп, ушул көксөө аларга ишеним туудуруп жатты.

Лагерге гуркхтар келип, солдат жаргонунда чулдурап, алар менен баарлашууга аракет кылышты, канжа, тамеки сунуштап, ичимдик ичүүгө чакырышты. Бирок солдаттар гуркхтардын кыял-жоругун билбегендиктен, аларга жергиликтүү караларга кылгандай мамиле жасашты, кичинекей, жашыл мундирчен гуркхтар, өздөрүнүн ишенимдүү досторуна кетип калышты; шылдың аралаш көргөндөрүн айтып жатышты:

— Бул каргыш тийген ак полк согушка жарабайт. Аскерлери кабактарын ачпайт, шалтак, кебетелери бузук! Эй, Жонниге куюп койчу!

Шотландиялыктар гуркхтарды башка таптап, алар британ полкун шылдыңдаганы жакшы эместигине ишендиргиси келди, а гуркхтар жооп иретинде ырсайып эле коюшат, — шотланддыктар алар үчүн улуу агасы сымал, башка таптаганга толук укугу бар. Бөлөк бирөөлөр гуркхту таптамак турсун, сөөмөйүн тийгизип көрсүн, башы кетет.

Үч күндөн кийин бригаданын командири согуш илиминин эрежесине ылайык, афгандык темпераментти эсепке алуу менен, анык согушту баштады. Афгандыктар ыңгайсыз жерде, адырлардын арасында тыгылып турушат, абада жашыл туулар калкып, афгандык аскерлерге жергиликтүү уруулар кошулду. Бригаданын кавалериясы бенгалдык уландардын бир жарым эскадронунан, генералдын жеке көзөмөлүндө турган артилериясы — отуз милдей жерде жайгашкан аскер бөлүгүнөн убактылуу алынган, сайлуу эки замбирек эле.

— Алар качпай, туруштук бере алышса,  ошондой болот деп ойлойм, биз жөө аскерлердин салгылашуусун көргөнгө мүмкүнчүлүк болот, — деди бригаданын командири. – Биз урушту согуш илиминин эрежелерине ылайык жүргүзөбүз. Ар бир полкту өз оркестри коштоп жүрөт, кавалерияны болсо буктурмада камдап турабыз.

— Буктурмада ушулар элби? – деп сурады кимдир-бирөө.

— Ооба, биз душмандарды дароо майтарып таштообуз керек, — деп жооп берди генерал. Ал калыптанып калган чечимдерден качып, азиялыктарга каршы урушта буктурмадагы күчтөргө көп маани берчү эмес.

Чындыгында эле ойлоп көрсөңүз – эгерде бардык майда-барат кагылышууларда британдык аскерлер саксынып турса, биздин Империянын чек арасы Британ жээктеринен чыга алмак эмес.

Уруш жүргүзүү абдан жакшы пландаштырылды.

Үч капчыгайдан чыккан үч полк үч дөңсөө жерди ээлеп, афган аскерлерине бет маңдайына чыгат, андан кийин ылдый, этекке, жайык талаанын четине түшөт. Ошондо афгандыктар үч тарабынан курчалат, жеңилип баратса афгандыктар дөбөлөр менен өйдө тырмышып, ал жактан жергиликтүүлөр ок менен алардын чегинүүсүн калкалап турмак. Андай болбой жеңиш афгандыктар тарабында болгондо, ошол эле жергиликтүү уруулар англистерге өйдөдөн ылдый кол салып талкалап салуу тобокелдиги бар эле.

Замбиректер чабуул убагында афгандыктардын алдыңкы катарын аткылап, талаанын оң жагында буктурмада турган  кавалеристер жалпы чабуулду аягына чыгармак. Бригаданын командирине аскада туруп, ылдыйда жүрүп жаткан урушту башкаруу ыңгайлуу. “Ооруктагы-алдыңкы” ортоңку капчыгайдан, гуркхтар — солдогу, шотландиялыктар –оңдогу капчыгайдан чыгат; командирдин пикиринде душмандардын сол канаты күчтүү соккуну талап кылат. Афгандыктар ачык салгылашуудан качышчу эле, бригаданын командири ушундай жакшы мүмкүнчүлүктөн толук пайдаланып калууну көздөп жатты.

-Адамдарыбыз көбүрөк болгондо эмне, — деди ал, — аларды курчап талкаламакпыз. А ушул күч менен, алар качып берип, толук талкалай албай калабызбы деп корком. Өкүнүчтүү.

“Ооруктагы-алдыңкы” беймарал беш күн эс алып, акырындык менен өзүнө келе баштады, дизентериядан гана арыла албай койду. Солдаттар өздөрүнө эмне милдет коюлганын толук билбей, аны аткара алышабы, жокпу,- ошого бушайман. Ушул беш күн ичинде араларында тажрыйбалуу жоокерлер болгондо аларды акылга салып коёт эле, бирок убакыттын баары баштарынан өткөн жамандыктарды эстөө менен өттү. Таң эртеңде араларында жүрүп, кечке жетпей өлгөн солдатты эстешти, афгандыктардын бычагынан жабыркаган дагы бирөөнүн кыйналып кыйкырганын эстешти. Адамдар өз мезгилинде жашы жетип, же жугуштуу оорулардан өз үйүндө өлөт деп көнгөн механиктердин балдарына — өлүм түшүнүксүз, коркунучтуу нерсе эле, аларды кечке казармада кармоо — коркунучтан арылта алган жок.

Эртең менен сурнайлар бапылдап, эртелеп элөөрүп алган “Ооруктагы-алдыңкы” эртең мененки тамакты күтпөй эле катарга турушту, анын жазасын тартып, башка полктун жоокерлери шашпай куралдарын даярдап жатканда, алар үшүп катарда турушту. “Шотландыктарды чечиндире албайсың”, — деген лакап кеп бар го, эгер алар ошондой кылыш керектигин макул көрбөсө, аларды шаштырыш андан бетер ойго келбеген жорук.

“Ооруктагы-алдыңкы” ичтери кулдурап, мылтыктарына сүйөнүп күтүп жатышты. Полковниктин башына чабуул кечирек башталары жетип, өз катасын оңдош үчүн жанталашып, кофе даярдоого буйрук берди, бирок ошол убакта оркестри башында болуп, бардыгы жүрүп калышты. Кайрадан ката кетиришти: “Ооруктагы-алдыңкы” талаага белгиленген мөөнөтүнөн он минут эрте келди. Оркестр оңго бурулуп, анча чоң эмес асканын далдасында, полк өтүп кеткиче ойноп жатышты.

Мындай окуялар башынан өтпөгөн адамга абдан жагымсыз көрүнүш эле. Төмөндө, талаада аскерлери бардыгы кызыл мундирчен, алдыңкы ротанын астындагы жерди жүздөгөн ярдга тытып салганга кубаты жетүүчү мартин-генри менен октолгон мылтыкчан, — ошол ок менен октолгондугуна шек санабай койсо да болот! Бир нече толук кандуу, согуша билген полктордон турган армия турду. Солдаттар ошол тытылган жер менен өтүп, анан ышкырган ок астында, жапырт, төмөн ийилип бийлерин баштайт, алар аны бардыгы бир темир шишке сайылгандай ынтымакта өткөрүшөт.

Эмне кылып жаткандарын жакшы биле бербей, мылтыктын кундагын көнүмүш ийинине кысып, машаа тартып солдаттар дагы бир жолу жапырт ок чыгарышты. Балким бирин-эки ок дөбөдө турган кароолчуларга ок жаңылгандыр, бирок каршыдагы душмандар зыян тарткан жок, анын үстүнө мылтыктардын үнү берилген буйруктарды угузбай жатты.

— Алда кокуй ай! – деди үстүдөн байкап турган бригада командири, — Бул полк ишти бузмай болду. Калгандарын ылдамдаткыла, замбиректерди ишке киргизгиле!

Замбиректер чокуларды, аарынын уюгуна окшогон, анча чоң эмес дубал-чепти сегиз жүз ярддай жерден тынбай аткылап, дубал артындагы мындай таамай куралды билбеген  жоокерлердин кайраты сыналып жатты.

“Ооруктагы-алдыңкы” мурдагыдай эмес, жылышы жайлап калды. Башка полктор кайда, бул каралар мартини окторун кайдан алышкан? Алар сокур сезим менен жөнөкөй буйруктарды аткарып, жата калып туш келди ок чыгарып, бир нече кадам чуркап барып кайрадан жатып, уставга ылайык иш жүргүзүп жатышты. Ушулардын арасында жүргөн ар бири өзүн жалгыз сезип, жанындагыга эш байлап жабышат.

Кулагынын түбүнөн атылган жанындагынын мылтыгынын үнүн укса, ушул тарсылдак аны жооткотуп, ал да атып калат. Башаламан, чала жасалган иштин акыбети бат эле билинди. Беш жолу жапырт ок чыгаргандан кийин аскерлердин катарын калың түтүн каптап, оор штык мылтыкты ылдый тартып, ок жыйырма-отуз ярддай аралыкта жерди тилип, мылтык тепкенден ооруксунган кол туруштук бере албай, ок оңго кетип жатты. Ротанын командирлери айлалары кетип түтүндү тиктейт, чыдамы жоктору баш кийимин ала коюп түтүндү желпип да жүрөт.

— Өйдөрөөк, солгороок! – деп үнү айрылып кыйкырат капитан. – Токтот! Атканды токтоткула, түтүн тарасын!

Сурнай бир нече жолу тартипке чакырып, акыры солдаттар баш ийип берди; алардын оюнда алдыларында душмандардын өлүгү жыйылып жатмак, түтүн тарап, душмандар эч зыян тартпай эле кабагым-кашым дебей, мурдагы жеринде турганын көрүштү.  Алдыларында тытылган жерге караганда, чейрек тоннадай коргошун жерге кеткен көрүнөт. Бирок жоокерлер духун түшүргөн жок. Ушул акылдан адаштырган башаламандык басылбай, түтүн уюган жакты дагы эле аткылап жатышты. Бир жоокер жолдошторунун көз алдында, ачуу кыйкырып, көз ачып жумганча өлүп кетти, экинчиси канга боёлуп, жерде титиреп жатат, ок кардын жарып кеткен үчүнчүсү жолдошторунан жардам сурайт. Бул байкуштардын кыйналып, кыйкырганына адам чыдагыс. Коюу түтүн тарап, суюк туманга айланды.

Күтүлбөгөн жерден душман тараптан ачуу айкырык менен калың, карарган топ бөлүнүп чыгып, укмуштуудай ылдамдык менен полктун аскерлерине бет алышты. Алдыда –элүүгө жакын, өлүмгө башын байлап койгондор, анын артында үч жүздөй, кыйкырганга, атканга душманын шылый чапканга даяр адамдар. Алдыдагы элүү адам нашага башын алдырып койгон, динге катуу берилген гази – мусулмандар. Алардын чабуулун британ аскерлери атууну токтотуп, катарларын тыгыздап, штык менен тосуп алышты. Араларында тажрыйбалуу жоокер болгондо, газилерди жапырт ок атуу менен гана токтотсо боло турганын үйрөтөт эле, тиги дүйнөдө бейишке чыгам деп, өлгүсү келген адам өлүмгө тике барат, жашоону каалап, жашаганга тырышкан каршылашканына бетме-бет келгенде, ондон тогузу душманын өлтүрөт. “Ооруктагы-алдыңкы” бардыгын теңирден тескери жасады. Ийиндешип, катарын тегиздеп алдыга баргандын ордуна, чачылып аткылап, чачылып аткылаштын ордуна, катарын тегиздеп жатышты.

Уйкусу канбаган адамды төшөгүнөн сууруп чыкса, андан да ачка болсо анын маанайы ортодон төмөн болот ко. Бойлору алты фут, көзү чанагынан чыгып, сакалдарына шилекей жабышкан, үч фут келген бычактарын булгалаган, эңгезердей үч жүздөй адамдын айкырыгын укканда  деле маанайы оңолуп кетпейт.

“Ооруктагы-алдыңкы” гуркхтардын сурнайынын үнүн угуп жатышты, алар шашып келатышат, солдон шотландиялыктардын сыбызгысынын үнү чыгат. Жоокерлер катарын бузбаганга аракет кылышты, бирок штыктар калак сыяктуу чайпалат. Душмандар жакын келип бетме-бет салгылашуу башталды; ошондо “Ооруктагы-алдыңкынын” балдары душман кандай күчтүү, чыдамкай экендигин өздөрүнүн жон териси менен сезишти; кармаш кыйкырык, онтоо менен бүтүп жатты, а бычактар кандай колдонулганын эстебей эле койгон оң. Солдаттар үймөлөктөшүп, штыктарын туш келди кезеп, өздөрүнүн да бир тобун сайып алышты көрүнөт.

Катар бузулуп, элүүдөй гази алдыга жарып өттү, жеңишке шыктанган калгандары газилердей эле кайрат менен кармашып жатышты. Арткы катарды бириккиле деген буйрук болуп, субалтериндер жоокерлерсиз, өздөрү кармаштын чордонуна кирип кетишти. Алдыңкы катардан чыккан кыйкырык-өкүрүктөр, онтоолор арткы катарга угулуп, аккан кан, кандын жыты солдаттарды калчылдатып, алар бул жерде калгысы жок. Офицерлерге керекпи – өздөрү барсын, а алар душмандардын бычагынан алысыраак болгону оң.

-Алга! – кыйкырып жатышты субалтерндер, а солдаттар аларды каргап, бири бирине урунуп артка качып беришти.

Жоокерлери алардын артынан ээрчийт деп ойлогон арткы ротанын субалтерндери Чартерис менен Давлин өздөрүнүн өлүмүн жалгыз тосушту.

— Силер мени өлтүрдүңөр, коркоктор! — деп буркурап, ийининен көкүрөгүнө чейин шылый чабылган Давлин кулап түшүп,  качып бараткан топ солдаттын тепсендисинде калды.

— Мен аны ашканада өптүм, залда да бетин тосту.

Балдар мендей кылгыла!

— Ал баарыбызды өбөбү? – дейт ашпозчу.

Алли-Алли –Алли-Аллилуя.

Гуркхтар сол капчыгайдан чуркап чыгып, марш ойноп жаткан полктук оркестрдин чакырыгына карай, кырдан төмөн агылып түшүп атышты.

Таң эртеңде! Таң эртеңде эртең менен

Гаврила сурнайын тартканда.

Гуркхтардын акыркы ротасы таштарга чалынып, төмөн түшүп келишти. Алдыңкылары уруш талаасына көз жиберип батинкелеринин боолорун бышыктап байлаганга  бир саамга токтой калышты. Мына, жер өзү күлүп жибергендей жеңил күрсүнүү катарларын толкун сымал каптап кетти, төмөндө гуркхтар көксөп күткөн, душмандары турат!  Самсыган душмандар, олжо болот экен!

Кичинекей гуркхтар кукрилерин[8] камдап, түлкү көргөн тайгандай тиштерин ырсайтып чыдамсыздык менен офицерлерин карашат.

Согуш талаасындагы окуя алардын табасын кандырып, таштарга көчүк басып отура кетишти, алардын офицерлери жарым милдей жерде мусулман-фанатиктер менен кармашкан актардын жели чыга түшсүн дегендей жардам берүүгө шашылбай турушту.

— Ого! – кыйкырып ийди субадар-майор, терин сүртүнүп. – Анык башы жоктор экен, бардыгы ийиндешип штык кезеп калышканын кара! Штыкты коюп, ок чыгаруу керек да!

Гуркхтар чочулоо, таң калуу, ачуулануу менен “Ооруктагы-алдыңкы” чегингенин (жумшак айтканда) аларды сөгүп, шылдыңдап байкап турушту.

— Чегинип атышат, актар чегинип атышат! Сахиб-полковник, тездетпейлиби? – деп күбүрөйт улук жамадар Ранбир Таппа.

Бирок полковниктин деги эле шашкысы жок.

— Бул коркокторду дагы бир аз чукулай түшүшсүн, — деди ал кыжыры келип. — Мурдуларын көтөргөн эмелерге сооп болот! – Ал дүрбүдөн офицерлердин кылычы жаркылдаганын байкап, — Офицерлер кылычынын жалпагы менен мээси жок солдаттарын сабап жүрөт! Газилерди кара, алардын катарларын оңой эле жарып өтүп жатышпайбы, — деди.

“Ооруктагы-алдыңкы” офицерлерин сүрмө топко алып, качып беришти. Капчыгайдын оозу кууш болуп, солдаттар котолоп калышты, арткы катардагылар жапырт ок чыгарымыш болушту. Мусулмандар капчыгайда кандай күчтөр тосуп жатканын билбей, чабуулун токтотту. Анын үстүнө актарды узакка кубалай бериштин өзү келесоолук. Алар карышкыр өзүнүн үйүрүнө кайткандай, душмандарын кан булоонго салгандарына ыраазы болуп, жерде жаткан жарадарларды биротоло тындым кылганга токтой калып, артка кайтышты. “Ооруктагы-алдыңкы” чейрек милдей артка качып, кууш капчыгайда кысылып, жараттан жана корккондон калчылдап, а офицерлер айласы кетип, солдаттарын кылычынын сабы, кыры менен койгулап жүрөт.

— Артка! Артка, коркок катындар! Бурулгула! Катарга тургула, иттер! — полковник айкырып, субалтерндер баарын сөгүп жүрүштү.

Бирок полк качууга баш алып алды. Ушул жалаңдаган бычактардан алыс болгусу келет. Эсин жоготкон солдаттар башаламан, чуу түшүп котолоп,  оң жактан гуркхтар өздөрүнүн колуна кайтып бараткан газилердин тобуна алыстан болсо да ок чыгарып атышты.

“Ооруктагы-алдыңкынын” оркестри асканын далдасында, чабуулдун мизинен буйдада болсо да, кысым башталганда эле качып жөнөгөн. Жейкин менен Лью да качышты, бирок бала эмеспи, чоңдордун артынан үлгүрбөй элүү ярддай артта калышты, оркестр полк менен аралашып калганын көргөндө, алар баарынан артта экендигин – тегерегинде эч ким жок, жардам бере турган адам калбай калганын сезишти!

-Артка, асканын далдасына качалы! –деди Жейкин. – Ал жактан бизди көрбөй калышат.

Балдардын жүрөктөрү көкүрөгүнөн чыгып кетчидей дүкүлдөп, асканын далдасына, жерде чачылып жаткан музыкалык аспаптарга кайтып келишти.

— Көрдүңбү? – деди Жейкин жерге жата калып. — Британдык аскер болбосоң коё кал! Айбандар! Бизди таштап качып кетишти. Эми эмне кылабыз?

Лью бирөөлөр таштап кеткен ром куюлган фляганы таап,  ичип атып, чакап кетти.

— Ме, ич, — деди. — Алар кайра келишет, көрөсүң го.

Жейкин да ичип кирди, бирок полк кайрылып келатканы байкалбайт. Талаанын алысы четинен туюк ызы-чуу угулуп, гуркхтардын огунан жазганып, мусулмандардын шашыла чегинип баратканы көрүнөт.

— Оркестрден биз эле калыптырбыз, өлөбүз го, чын эле өлөт окшойбуз, -деди Жейкин.

— А-а мейли! –деди Лью өзүнүн барабанчылардын ичке кылычын кынынан сууруп, тили булдуруктап. Ром балдардын башына тээп, мас кылып койду.

— Токто! Отко түшкөнгө караганда бул абалдан чыгуунун дурусураак жолу бар, — деди Жейкин ромдун таасири менен жакшы пикир пайда болуп. — Бул коркоктор кайтып келгендей кылабыз. Патандар алыс. Кеттик, Лью! Бизди өлтүрө алышпайт. Сурнайды ал, мага барабанды бер. Эски маршты ойной аласың! Карачы биздикилер да артка кайтты көрүнөт. Түз тур, мас айбан! Оң-го, арт-ка, када-ам сал!

Барабандын боосун ийнине салып, Льюга сурнай карматып, балдар жашырынган жеринен ачыкка чыгышты да, так болбосо да “Британ гренадерун” ойной башташты.

Льюнун көргөнү чындык эле – бозала болуп, шермендеси чыккан, офицерлердин сөгүнгөнү, тепкиси коштогон полктун бир нече адамы артка кайткан; талаанын четинде кызыл мундирлер булактап, артында штыктары жаркылдайт.

Британ аскерлери бачым чегингенине караганда, алар бир капкан даярдап койсо керек деп ойлоп, мурдагы ордуна кайткан афгандыктар менен полктун ортосунда, жарым миляга жакын жерде — өлгөндөр менен жарадар болгондордун денелери жатат.

Музыка талааны жаңыртып, балдар келе берди.

— Иттер, келгиле кайра! – деп күбүрөнөт Жейкин. — Биз эмне, кечке ойной беришибиз керекпи?

Лью алдын түз карап, парадда жүргөндөн да тыңыраак кадам таштап келатат.

Артка качкан топтун кулагын жарып, шылдыңдап жаткандай эски уруш маршы жаңырат:

Улуу Александр,

Улуу Геркулес.

Гектор, Лисандр

Баатырлар жеңилбес.

Гуркхтар алакан чаап, шотландыктар сүрөп кыйкырып атышты. Британ тараптан да, афган тараптан да бир да мылтык атылбай турду. Эки кичинекей кызыл точка душман тарапка келе берди.

Булардын кимиси

Бизге  теңелет.

Каршы чыгышса

Сөз жок, жеңилет!

Анткени биз ту-ру-тру-тру-лору

Британ гренадеру!

Полктун солдаттары капчыгайдын оозунда, талаанын четинде токтоп калышты. Бригаданын командири өзү турган бийиктиктен кыжыры келип аларды карайт. Душман жактан, мурдагыдай эле кыймыл жок. Жаратылыш да жым-жырт болуп балдарды тиктеп, тынып калгандай.

Жейкин токтоп, барабанда “Топтол” сигналын кага баштады, сурнай да жалынып-жалбарып аны коштойт.

— Оң-го, арт-ка, када-ам сал! Карман, Лью! Такыр эле темтеңдеп калдың да, — деди Жейкин.

Алар артка кайрылып жөнөп калышты.

Алардын эч бири

Замбирек көргөн жок.

Үрөйүн учурмак.

— Кайрылышты! Келатышат! – Жейкин кыйкырып ийди. – Алга, Лью!

Мылтыктан учкан ок.

“Ооруктагы-алдыңкы” талаага жайылып чыга келди. Алардын офицерлери эмне деп кыйкырганын, шерменде болгону үчүн өздөрүн жек көрүп турган сезимди, каарданган долу сезим ойгонгон көз ирмемди эч ким, эч качан билбейт, өздөрү да офицерлер да эскеришпейт, кеп кылышпайт.

— Алар кайра келатышат! – афган молдосу кыйкырып ийди. — Балдарга тийбегиле! Колго түшүрүп, өз динибизге алабыз.

Бирок, жапырт ок атуу болду, Лью кулап түштү. Жейкин бир паска туруп калып, тегеренип алды да, ал да кулады. “Ооруктагы-алдыңкы” офицерлердин сөгүнүүсү астында,  уят, шерменде болгонуна чыдабай ызага буулугуп чабуулга жөнөдү.

Полктогулардын көпчүлүгү балдар кандай өлгөнүн көрүштү, бирок кайнап чыккан каарын, балдарга болгон аёо сезимин башкаларга билдирбегенге аракет кылышты. Алар үн да чыгарышкан жок. Жайык талаада катар-катар болуп, мылтык да атпай, согушууну самап келе беришти.

— Мына, — деди гурктардын полковниги акырын,- чыныгы чабуул деген ушул, мурда эле ушинтишпейт беле! Кеттик, балдарым!

Улу-у-у-лу! – айырык салып, кукрилерин, өздөрүнүн ырайымсыз бычактарын жаркылдатып, гуркхтер тоодон ылдый куюлуп түшүүдө.

Оң тарап тынч, башаламандык жок, шотландиялыктар кудайдын эркине баш ийип (анткени өлгөн кишиге аны кайсы жерде өлтүшкөндүгү айырмасы канча – чек арадагы чакан кагылыштабы же Ватерлоодобу), катарларын жазып, аларда болуп жүргөндөй, шашылбай, буйдалып да калбай ок атышып, а замбиректер айтылып кеткен чеп-дубалды талкалап, дөбөдө жашыл желек астында топтошкон душмандарга ядронун артынан ядро жиберип жатышат.

— Замбиректин огу тажатып бүттү! – деди оң жакта турган шотландия ротасынын туу башчысы. – Замбирекчилер ишке жарап жатат, бирок кара шайтандар багынып бербесе дагы көпкө убара болчудайбыз. Стюард, алтыным, таранчыларды атпа, королдун армиясына алар зыян келтирип жаткан жери жок. Бир футтай ылдыйраак мээле, шашпа! Англичандар эмне болуп жатышат? Так маңдайына барып калышыптыр. Эмне дагы качканы калышканбы?

Англичандар качышкан жок. Алар кескилеп, чапкылап, сайгылап, койгулап жатышты. Ак адам кой терисин жамынган же кебез шырылган чапанчан афгандык менен күч сынаша албайт, бирок ал ызага буулугуп, өч алуу сезими муунтуп турса, артында ондогон достору колдоп жатса, мылтыгынын кундагын, штыгын колдонуп, көп нерсеге жетишет. “Ооруктагы-алдыңкынын” солдаттары ок менен беш же алты душманды жок кыла тургандай ыңгай болсо гана чогу ок чыгарып, аткылоодон улам афгандыктар чегине баштады. Солдаттар чар жайыт аракет кылбай, ар бири өз душманын болжоп, демдери кысылып, жөтөл кыстап, чыңалган денелерин арчындап турган кайыш курлар кычырап салгылашууда; солдаттар коргонгон афгандыктар чабуул жасаган афгандыктарга караганда андай деле коркунучтуу эместигин биринчи жолу сезишти, тажрыйбалуу жоокерлер муну билет.

Бирок араларында андай жоокерлер жок эле.

Бул салгылашууда гуркхтар тарапта касапканадагыдай катуу ызы-чуу чыгып турду, себеби алар штыкка караганда өздөрү жакшы көргөн, афгандыктар корккон кайкы миздүү кукрилерин колдонуп жатышкан.

Афгандыктар чегине баштап, чокулардагы жашыл желектер кыймылга келип, аларга жардамга куюлуп түшө баштады. Келесоолук. Биринчи капчыгайда турган уландар жалгыз субалтерин үч жолу чалгынга жиберип, абалды билип, чабуул эңсеп турушту. Үчүнчү жолу барганда тизесин ок чарпып өткөн экен, хинди тилинде сөгүнүп, чабуул жасасак болчудай деп келди. Эскадрон шотландыктарды оң жагынан айланып өтүп, найзаларынын учунда шамал ышкырып, “Ооруктагы-алдыңкынын” балдары менен тытышып жаткан душманга тийди, согуш илими боюнча алар күтө туруп, душман кача бергенде урушка кирсе болмок.

Бирок бул абдан таамай, жакшы аткарылган чабуул болду; кавалерия афгандыктар чегине турган коонун оозун ээлеп алышты; алардын артынан шотландык эки бөлүк келди, бригаданын командиринин планыны боюнча  мындай кылууга болбойт эле. Бирок ушул абал урушка ийгилик жаратып, душмандар негизги күчтөн бөлүнүп, афгандыктар майда топторго ажырап калмайынча тоонун этегин бойлой кубалап, сого беришти.

— Карагылачы! – деп компоёт бригаданын командири. — Бардыгы мен пландагандай жүрүп жатат. Аларды негизги күчүнөн бөлүп алдык, эми талкалайбыз.

Бригада командири аскерлеринин жетишсиздигинен улам афгандыктардын ушул бөлүгүн гана талкалоо менен чектелерин билет эле.

Афгандыктар чачыла качып беришти. Алар кыйналган, алсыраган карышкыр качкандай, кайрыла калып, ыркырап тиш салгандай качат. Уландар айкырык салып, экиден-үчтөн бөлүнүп найзалары көтөрүлөт; найзалар атчандар бутага карай жол ачып алгычакты толкундуу деңиздеги мачталардай калкылдайт. Уландар душмандарга жетиш үчүн дөбөлөрдүн тик капталдары аркылуу чабууга аргасыз, анткени афгандыктар өлүм талаасынан тоо таянып кутулууга жан талашат. Шотландыктар болсо качкындарды эки жүз метрдей коё берип, таштарга жамынып кутулуп кетерде жетип барып жайлап жатышты. Гуркхтар арттарында тирөөч болуп келатса да, “Ооруктагы-алдыңкынын” солдаттары дөңсөөлөрдүн этегине кысып алган душмандарынын эсебин өздөрү табышып, алардын кебез шырылган чапандары октон түтөп жатты.

-Биз аларды токтото албайбыз, капитан-сахиб! – деп ынтыгат улан офицери. – карабиндерди ишке киргизгенге уруксат этиңиз. Найза – жакшы деңизчи, бирок найзага ишенсек көпкө кармалып калчудайбыз.

Алар карабиндерин ишке киргизип, душмандар жүздөп дөбөлөргө жан талаша жабышып, жыйырмадай карабиндин огу токтото албады. Замбиректин ядросу түгөнүп, атууну токтотту, бригаданын командири душманды такыр талкалап койгонго ядро жетпей калганына күйдү. Атышуу басылып-басылбай санитарлар замбилдерин көтөрүп, жарадарларды согуш талаасынан жыйнай башташты. Кармаш бүттү; дагы бир аз кошумча күч болгондо афгандыктар такыр талкаланмак. Бирок ушул кармашта деле алар миңдей жоокерин жоготту, душмандардын өлүгү “Ооруктагы-алдыңкы” өткөн жерде айрыкча көп эле. Бирок полк шотландыктар сыяктуу кубана албай, өлүктөрдү аралап жапайы бий салып жүргөн гуркхтар менен бирге бий сала албай турду. Солдаттар мылтыктарына сөйөнүп, үшкүрүнүп, полковнигин түнөрө тиктешет.

— Лагерге жөнөгүлө! Ит эле болдуңар. Баргыла, жарадарларды карагыла. Андан башка эмнеге жарамак элеңер, — деди полковник.

А бирок акыркы сааттарда полктун солдаттары бир да командир эңсей албагандай салгылашкан эле да. Алар көп жоготууга учурады, анткени тажрыйбасы жок эле, бирок чечкиндүү болушту, ошол аларды сактап калды.

Өзүн баатыр сезип, элөөрүп алган жаш, ойноктогон туу көтөргүч шотландиялык тили оозуна батпай суусап турганын байкап, флягасын сунду.

— Мен коркоктор менен ичпейм, — деди, андан да жаш шотландиялык керсейип, гуркха кайрылып: — Бир ууртам суу табылар бекен?

Гуркх мыйыгынан күлүп, фляжкасын сунду. “Ооруктагы-алдыңкынын” балдары унчуга алышкан жок.

Өлгөндөрүн жана жарадарларын согуш талаасынан жыйнап, лагерге кайтышты, үч айдан кийин орден алып жатканын элестетип алган, маанайы жакшы бригаданын командири гана аларга бир нече жылуу сөз айтты. Полковниктин каары бетине чыгып, офицерлер түнөрүп, көздөрүнөн заар куюлат.

— Болуптур да, — деди бригаданын командири, — булар согуш көрө элек, али жаш эмеспи, бир азга өздөрүн жоготуп, чар-жайыт артка чегингендери боло жүргөн эле иш.

— Ыйык Мария! – деп күңкүлдөдү жаш штаб офицери. – Кайагы чаржайыт чегинген! Булар шалпактап эле качып беришбедиби!

— Бирок кайра кайтышпадыбы. Ага бардыгыбыз күбө болдук, — бригаданын командири өңдөн-кеткен полковниктин көңүлүн жубатып, андан кийин азаматтык кылышпадыбы. Мен аларды байкап турдум. Чындап эле азаматтар. Көңүлүңүзгө анчалык катуу албаңыз, полковник. Бир немис генералы өз солдаттары тууралуу айткандай, аларды ок астынан өткөрүш керек эле, болгону эле ошол.

А өзү: “Мындай кан төгүштөн кийин буларды кайда болсо да урушка салса болот. Мындайды башынан өткөрүп, ызаны жон терилери менен сезгени жакшы болду. Дагы бир аз ок астында сыналса, оттон да, октон да жалтанбаган жоокер болушат. Байкуш полковник” – деп ойлоп жатты.

Күндүн калганы кырк милл аралыкта тоодо турган штабга дөбөлөрдөгү голиографтар аркылуу жеңиш тууралуу кабар жиберүү менен өттү. Кечинде терге чөмүлүп, чаң баскан, чарчаган корроспондент жетип келди. Ал шашып келатып бир кыштактагы өрткө буйдалып, адашып калыптыр, согуш тууралуу алыстан угуп, эми өзүн-өзү тилдеп жатат.

— Мага согуш кандай болгонун айтып бериңизчи, мүмкүн болушунча толугураак, суранам. Биринчи жолу аскерлердин арасында болбой калдым эле – анан мына сага! – деди корроспондент бригаданын командирине, а бригада командири эч уялбастан, өзүнүн гана акылдуулугу, аракети, стратегиялык таланты аркасында душмандардын бириккен ири күчү талкаланганын айтып берди.

Бирок бир топ солдат, алардын ичинде согушту байкап турган гуркхтар да бар, жеңишти Лью менен Жейкиндин эрдиги камсыз кылды деп эсептешти, балдардын кичинекей денелери Жагандын дөбөлөрүндөгү чоң, анча терең казылбаган мүрзөгө, башка денелер менен кошо коюлду.

Орусчадан которгон Марсел ИСАКОВ

[1] Башкаларга үлгү болуш үчүн.

[2] Доктор Барнадот — 1867-жылы Лондондо көчө балдары үчүн башпаанек үйлөрдү ачкан адам.

[3] Субалтерн – Англияда капитандан төмөнкү аскердик наам.

[4] Пуштундар – Афганистандагы уруу.

[5] 1 ярд – 91,44 см

[6] Гурхтар – непалдыктар; Британ армиясына кирген.

[7] Сикхтер бир динге – сикхизмге биригишкен эл. Индиянын Пенджап аймагында жайгашкан.

[8] Кукри –Непалдыктардын бычактары.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.