Саясый-экономикалык кризис, коомдук илдет жана келечек

Информациялык технология (IT) менен биотехнологиянын биригүүсү, адамзаттын орток баалуулуктарын, эркиндик жана тең укуктуулукту астын-үстүн абалга кириптер кылып жатат. Учурда адамзат биологиялык, психологиялык, интеллектуалдык жактан тарыхта мурда болуп көрбөгөндөй коркунуч, башаламандык жана багыты белгисиз туңгуюк ичинде жашоого мажбур абалга келди. Адамдын акыл-эс, ой жүгүртүүсүнө сүңгүп кирген көзөмөлсүз маалыматтардан тартып, биологиялык түзүлүшүн бүлгүнгө учураткан вирус, оору, коркунуч кол салуулар катардагы жеке инсан себеп болбогон, бирок натыйжасында жашоого мажбур болгон проблемалар болуп жатат. Мисал катары айта кетсек, технологиялык өнүгүүдөн улам пайда болгон экологиялык […]

Шайырбек Эркин: Кара байрак

АҢГЕМЕ Зеби туш тарапка алоолонто от жагып,  оттон отко секирип жүргөн кара кийимчендердин арасынан уулу Алини жазбай тааныды. Капкара кийинип, бети-башынан бери кара матага чулгап алгандардын көздөрү гана жылтырайт. Жакшылык менен мээрдин кыпындай жышааны жок, заар чачкан көздөр. Ушул тегеректи эле эмес, керек болсо бүтүндөй дүйнөнү ушинтип отко ороп, өрттөп ийгиси келген көздөр. Эне от менен ойноп жаткан адам сымалдардан уулун бөлүп алгысы келди. Уулун баёо бала кезиндегидей кучагына кыса эркелеткиси, коюу кара чачтарынан сылагысы келди. Анан ошол алоолоно күйүп […]

Сабак: «От» дегенден ооз күйбөйт (1-бөлүк)

Кыргыз тили “мамлекеттик тил” макамын алганына быйыл 30 жыл толуп отурат. Ал эми окурмандар журтуна биз сунуш кылар береги маектеги өттөй ачуу чындык, омоктуу ойлор алигиче актуалдуу бойдон калууда. Аталган иш-чарага түзмө-түз тиешелүү мындан өтөөр ачуу чындыкты ыраматылык адабиятчы, окумуштуу Салижан Жигитовдон ашыра эч ким оозанбай келет али! Маңдайга матап көрсөткөн кемчиликтер туурасында устат-шакирт – Салижан Жигитов, Алым Токтомушев экөөнүн бул маеги 2003-жылкы “Агым” гезитинин 24-октябрь – 21-ноябрь аралыгында жарыяланган экен. Андан берки аралыкта мамлекеттик тил макамы канчалык деңгээлде ордунан […]