Кыргыз тили “мамлекеттик тил” макамын алганына быйыл 30 жыл толуп отурат. Ал эми окурмандар журтуна биз сунуш кылар береги маектеги өттөй ачуу чындык, омоктуу ойлор алигиче актуалдуу бойдон калууда. Аталган иш-чарага түзмө-түз тиешелүү мындан өтөөр ачуу чындыкты ыраматылык адабиятчы, окумуштуу Салижан Жигитовдон ашыра эч ким оозанбай келет али!

Маңдайга матап көрсөткөн кемчиликтер туурасында устат-шакирт – Салижан Жигитов, Алым Токтомушев экөөнүн бул маеги 2003-жылкы “Агым” гезитинин 24-октябрь – 21-ноябрь аралыгында жарыяланган экен. Андан берки аралыкта мамлекеттик тил макамы канчалык деңгээлде ордунан козголду – жооптуу да төмөндөгү көзү өтүп кеткен көсөмдөрдүн аңгеме-дүкөнүнөн алчудай экенбиз…

Кыргыз тилинин баягы арыбаган проблемалары массалык маалымат каражаттарында кайрадан көбүрүп-жабырып көтөрүлүүдө. Дүжүр тил күйөрмандары дагы да Кыргызстанда кыргыз тили оң таппай атат, орус тилине бастырылып атат, чогулуштар кыргызча сүйлөнбөй атат, шаардык кыргыздар балдарын кыргызча окутпай атат, «тили буруулар», айрыкча орустар кыргызча үйрөнөйүн дебейт дегендей наалымай, боздомой адатын кайрадан карматты. «Тил мыйзамын» жаңыдан кабыл алуу зарылчылыгын зарлагандар да арбын. Кыскасы, баягы совет доору түгөнөр кездегидей тилге байланыштуу уу-дуулар, атүгүл истерикалар башталчудай сыягы бар. Салижан Жигитович, «Мамлекеттик тил, мамлекеттик тил» деп каңырык түтөтүп аткан көрүнүштөргө мамилеңиз, позицияңыз кандай?

— «Кыргыз» атын ташыган өлкөдө, өлкө калкынын басымдуу көпчүлүгүн кыргыздар түзгөн коомдо кыргыз тилинин коммуникациялык каражат катары үстөмдүк кылбаганы аттын кашкасындай бадырайып көрүнүп турат. Кыргыз билимдүүлөрүнүн буга кейип-кепчип, кабатырлана турган жөнү бар. Бирок эне тил проблемаларына калыс көз менен карап, сабырдуу мамиле кылууга да болот. Ошондой эле ал проблемаларга байланыштуу эки-үч жылда бир боздоп чуу чыгарып туруу мүмкүнчүлүгү да бар. «Тил күйөрмандары» дегендер ушул жолду тандап алды белем.

Сиз дайыма «тил күйөрмандары» деп саал мыскылдуу атагандар кимдер, кыргыздын кайсылары?

— «Тил күйөрмандарынын» катарында, албетте, кыргызча эки сөздүн башын кошалбаган Эсен Топоев жана Аскар Айтматов сыяктуу министр кыргыздар, Асылбек Айдаралиев жана Искендер Акылбеков сыяктуу ЖОЖ ректорлору (алар да кыргыз тукумунан) турган жок. Бизнесте, мамлекет тармактарында, табият илимдеринде, чет тиядерди үйрөтүү жумуштарында, соода-сатыкта иштеген кыргыздар деле эне тилине тиешелүү маселеге кайдыгер. Алар кыргыз тилинин коомдук турмуштун маанилүү тармактарында пайдаланышына өкмөттүк тыйым салынса деле кабырга кайыштырбайт. Эне тилге күйөрмандык кылып маал-маал шоокум чыгаргандар дыйкан же жумушчу кыргыздар да эмес. «Тил күйөрмандары» билимдүү кыргыздардын айрым бир катмарлары. Көбүнчө кыргыз тилинин аркасы менен ырыскысын таап жеп жүргөндөр. Алардын эң башында кыргыз жазуучулары келет.

Жазуучулардан совет доорунда кыргыз тилинин проблемаларын улам-улам көтөрүп, партия органдарынан каккы да, ыдык да жеген жазуучубуз эсил кайран Түкөм (Түгөлбай Сыдыкбеков) эмес беле. А киши өзү эле мени ой-боюма койбой теңтуш кылып алган. Бир күнү ушул тема жөнүнөн айтышып калганда, мен анын аргументтерине каршы мындай деген элем: «Түкө, акылыңыз менен болбосо да сокур сезимиңиз менен атпай кыргыз эне тилинен башка тил билбесе деп каалайсыз, себеби орус тилин жакшы үйрөнүп алган кыргыз орус классиктеринин жазгандарын окуп алган соң, сиздин романдарыңызды окубай коёрун астыртан түшүнүп турасыз». Түкөм менин айтканыма чычалап: «Оңбогон таз, жалчыбаган чычым, куутакым тапан» деп бир кыйла буркулдаган.

Менин тамашага чалып айтканымда чындыктын үлүшү жок эмес. Жазуучулар ошондой калк: жаманбы, жакшыбы, жазганын окугандар көп болушуна кызыкдар. Орус тилдүү болуп алган кыргыздар кыргыз жазуучуларынын окурмандарын азайтат.

Кыргыз тилине антип «күйүп” аткан жалаң эле жазуучулар эместир?

— Ооба, кыргыз тили боюнча адис илимпоздор да, кыргыз тили менен адабиятын ЖОЖдо жана окуткандар да эне тилибиздин кадыр-барк көтөрүлүшүн, коомдо аткарган милдеттеринин көбөйүшүн, башка улуттагы жарандарыбыздын кыргызча сайрап турушун көксөйт.

Мамлекеттик тил комиссиясында штаттуу кызмат өтөгөндөр, мамлекеттик администрациянын ар кайсы баскычтарындагы кыргыз тили үчүн жооптуу кызматкерлер, «Кыргыз тил» деген кыргыз тилине эч пайдасыз жамааттын борбордук, облустук, райондук бюролорунда иштегендер алган айлыгын акташ үчүн кыргыз тилинин кыйкырчак күйөрмандарына айланат.

ЖОЖдордо орусча чала билген доцент, профессор кыргыздар (тилчилер эмес!) бар. Алар да сабактар кыргызча берилсин деген ураан менен чыгат. Баягы жылы Педагогика университетинен бир биолог айым, өзү илимдин кандидаты экен, телевизордон минтип сүйлөп турбайбы: «Мисалы, мен орусча лекция окуй албайм, эмне үчүн кыргызча окубашым керек?». Биология боюнча кыргызча бир да илимий китеп же окуулук болбосо, анан өзү орусча жакшы түшүнбөсө, ал маалыматтарды кайдан алат да, студенттерине окугула деп кайсы эмгектерди сунуш кылат?

Тил күйөрмандарынын калың катмарында эне тилинде жазган эмгеги менен көрүнө албай, «кыргыз тил, кыргыз тил» деп боздогону менен элге-журтка таанылгысы келген ашкебилер, көп учурда жазарга тема таппай калган журналисттер, популист депутаттар, анан «эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт» дегенге арзыган чала сабаттуулар, дагы башка демагог пейилдүүлөр жүрөт.

Тил күйөрмандары кыргыз тилине тиешелүү илимий-практикалык конференциялар өткөрүп, «кыргыз тили өлүп атат» дегендей түгөнбөс мотивдерди күүгө салышат, гезиттерге кайра-кайра макала жазып, орус тили кыргыз тилин өстүрбөй жатат дегендей мааниде боздошот, айрымдары кыргыз тилин туу кылып, өкмөт бюджетинен же чет эл грант, кредиттеринен акча жулуп алуу ниетинде уу-чуу көтөрөт, айтор, алар кыргыз тилинин чын эле кыйынырак тагдырына кара күчкө камтамаланып, бакырык-өкүрүк чыгарышат.

Кыргызда макал бар эмеспи: «Бакырчак төөнүн бары жакшы». Күйөрмандардын мамлекеттик тил жөнүндө шоокум салып турганынын анча деле зыяны жок ко, менимче?

— Балким, зыяны жоктур, бирок пайдасы бары да шектүү. «Лугат-ит түрктө» мындай макал айтылат: «От» дегенден ооз күйбөйт». Кыргыз тилинде илимий, илимий-популярдуу, педагогикалык тексттер жазгандын, айылдык кыргыздарга илим-билим дөөлөттөрүн тааныткандын, жаңы терминдер, сөздөр, сөз айкалыштарын ойлоп таап, элдик тилге сиңиргендин ордуна тилдин көйгөйлөрүн кайра-кайра айтып «эзме ботой» күүсүн черте бергенден кандай ийги? Тилди бакырып-өкүрүп боздоо менен эмес, практикалык конкреттүү жумуштар, чымырканган мээнет, сабырдуу патриотизм аркылуу гана өстүрүүгө мүмкүн.

Баса, биздин «күйөрмандар» кыргыз тилинин Кыргызстанда эмне үчүн орус тилиндей кадыр-баркы жогу, колдонулбагандыгы жөнүндө баш катырып ойлонуп да койбойт окшобойбу. Алар бу дүйнөдө 12 киттей тил, 50 чакты 40-60 миллион киши сүйлөгөн акуладай тил, анан чабактардай жүздөгөн майда тилдер бар экенин билбесе керек. Кыргыз тили да аз сандагы эл сүйлөгөн тилдердин ичинде. Ал эми башка чукак калктын тилинин өнүп-өсүшү дайыма проблемалуу болот. Тилибиздин бечел калып жатканы жалпы сан-эсебибиздин аздыгына барып такалат.

Бирок биз «эски элбиз, өзбектер менен казактардын, атүгүл орустардын дайын-дареги жокто, 2200 жыл мурда мамлекет куруп ийгенбиз, тилибиз да байыркы тилдерден» дегенсип башкаларга кыйынсынып кыр көрсөтүп атпайбызбы?

— Акыйкатта да «кыргыз» деген этноним эски. Орто кылымдын баш ченинде кыргыздар өз ичинен 100 миңдей аскер чыгара алчу экен. Тарых илиминде 5 бүлөлүү үйдөн 1 аскер чыгышы мүмкүн эле деп айтылат. Андай болсо ал учурда 500 миңдей кыргыз жашаган болуп чыгат. Анан ошондон 15-16 кылым өткөндө (1926) атайын санап көрсө, 700 миңдей кыргыз бар экен. Ошончо мезгилде 200 миңдей гана көбөйүптүр! 2200 жылда 3,5 миллионго араң жетиптир! Мамлекетти алгач түптөгөн заманда кыргыздын 50-100 үй-бүлөсү болсо, азыр жок дегенде 50 миллионго чаап чыгыш керек эмес беле. Ал эми 2200 жылда бери эле дегенде 10 миллионго көбөйө албаганыбыз ар бир кыргыз бөйрөк таянып солкулдап ыйлай турган факт. Бирок эски элбиз деп эдиреңдеген тарыхчыларыбыздын маселенин ушул тарабын эске алып, кара күчкө болсо да армандуу үшкүрүк чыгарып койбогонуна таңым бар.

2200 жыл көчмөн жүрүп алыппыз, ошонун айынан коомдук өнүгүштөн бечел калып, көбөйө албаппыз. Илим-билимге жетинбеген себептүү кедейлик торуна түшүп, андан дагы эле кутула албай турган чагыбыз. Албетте, аз сандуу, жакыр, кери калган калктын тили чайлап-коолап өсүп кеталбайт, орусча, англисче, кытайча сыяктуу улуу тилдер менен атаандаша албайт.

Он миллиондой көбөйсөк, шаарларыбызда жашагандардын 70-80%ин түзүп калсак, кедейликтен кутулсак, цивилизациялашкан элдердин илим-билимин, маданиятын, техникалык өнөрүн, жашоо жана ойлоо тажрыйбасын жакшы өздөштүрсөк, материалдык жана духовный турмушубуз дүркүрөп өсөт эле, ошого жараша тилибиз да жакшырат эле, англисче үйрөнүп алган жаштарыбыз тышка качпайт эле, өңдүү-түстүү кыздарыбыз көрүнгөн чет элдиктердин этегин кармап кетебиз деп жулунбайт эле. Арабыздан чыныгы билимдүү интеллигенциянын калың катмары чыкса, «кыргыз тил, кыргыз тил!» деп кыйкырмай, боздомойлор да тыйылар эле.

Сиздин айтканыңызга караганда, элибиздин башы он миллионго жетмейинче эне тилибиздин тагдыры оңолбойт экен да. Бирок биздин элден үч эсе аз эстондор, бир жарым эсе аз латыштар орто мектепте деле, жогорку окуу жайларында деле эне тилинде таалим-тарбия берип, бүт интеллигенттери эне тилинде ойлоп, жазып жүрбөйбү, эне тилин тили бурууларга таңуулап үйрөтүп атпайбы. Эмне үчүн элинин саны боюнча бизден бир кыйла аз эстондордой, латыштардай боло албайбыз?

— Эстондор менен латыштардын билимдүүлөрү деле XIX кылымдын экинчи жарымында, улуттук интеллигенциясы аз кезде, шаарларында немис тилдүүлөр жана орус тилдүүлөр көптүк кылып турганда, биздин «тил күйөрмандарындай» эле тилинин көйгөйүн сүйлөп боздой берчү экен. Эки эл тең бактылуу турбайбы, соңку бир кылымда чындап жакшы билим алган, башын кадыресе кыйнап иштеткен, өз улутуна чындап күйгөн интеллигенция катмарын чыгарып алыптыр. Ал эми бизде алардыкындай деңгээлде турган интеллигенция азырынча жок. Биздин окумалдар «чала молдолугунан», өз алдынча ой сүргөнгө үйрөнбөгөнүнөн улуттук тилге тиешелүү проблемалардын өзөгүн көралбай, ага катышы жок же кыйыр катышы бар майда-барат маселелерге жабышып, жөн гана сөз көбүктөрүн жабыртып шапшуу менен убараланып жүрбөйбү…

Сизден башка билимдүүлөрүбүз кыргыз тилинин күн тартибинде турган проблемаларынын өзөгүн кашайып эле көрө албай атса, а Сиз, кечирип коёсуз, көзү ачыктык кылып көрүп турсаңыз, ошол өзөктүү проблеманын жөн-жайын бизге окшогон караламанга түшүндүрүп бербейсизби?

— Мындай мурчу бар суроо берилсе, илгери айылдык келиндер: «Какшыгың казанда, калемпириң базарда», — деп кутулар эле. Эгер тил проблемасынын өзөгүн түшүндүрүү талап кылынса, тил илиминин социалдык лингвистика деген салаасынын теориялык маселелерин козгоого туура келет. Анда сөз узарып, илимий мүнөз алат да, окурмандарды жадатып ийиши мүмкүн.

Чыныгы илимпоз эң татаал илим түшүнүктөрүн да жөпжөнөкөй кылып айтып бере алат дегендей кеп бар эмеспи…

— Алтын баштуу болсо да, кыргыз баласы чыныгы илимпозмун деп айталбас. Кадыресе интеллигент үчүнчү муундан чыгат дешет ко. Илимпоз деле ошондой болуу керек. Биздеги илимге киришип жүргөндөрдүн басымдуу көпчүлүгү биринчи же экинчи муундун өкүлдөрү. Ошентсе да кыргыз тилинин нукура проблемаларын аңдай албай келаткандар үчүн филология илиминде аксиомага айланган элементардык чындыктарын билдирүү зарылчылыгы бар.

Тил деген эмне?

Тил дегенибиз, жалпылап айтканда, лексикадан (сөздөрдүн жыйындысынан) жана грамматикадан (сөздөрдү өз ара байланыштыруучу жол-жоболордон) турган коомдук көрүнүш. Лексикалык каражаттардан жана грамматикалык эрежелерден ар кыл максаттарда пайдалануу менен адамдар өз ой-пикирлерин жарыя кылып, ар түрдүү тексттер (маалыматтар) жаратат. Бул иш-аракет кол эмгегиндей (мисалы, үй кургандай же пахта өстүргөндөй) эле кадыресе жумуш (деятельность) болуп, речь же кеп деп аталат.

Башкачалап айтканда, тил — лексикадан (элементтер тобунан) жана грамматикадан (ошол элементтердин арасын данакерлечү эрежелерден) куралган система, ал эми речь — ал системанын элементтеринин практикада конкреттүү колдонулушу, иштетилиши.

Элестүү кылып айтканда, лексика түрдүү курулуш материалдарынын жыйындысына, грамматика болсо кагаз бетине чийилген архитектуралык планга окшош, ал эми речь ошол курулуш материалдарынан ошол архитектуралык схема боюнча имарат тургузуу процессине окшош.

Тил оозеки колдонулса, оозеки речь, жазма түрүндө колдонулса, жазма речь келип чыгат. Бир эле тилдин лексикасынан жана грамматикасынан пайдалануу менен жүзөгө ашса да жазма речь менен оозеки речь жаралышы, курулушу, сапаты жагынан бири-биринен кескин айырмаланат.

Маселен, оозеки речь атайын окутуу жолу менен эмес, ата-энеден, тели-теңтуштан, айлана-чөйрөдөн жөн гана стихиялуу үйрөнүлөт. Экинчиден, оозеки речь көбүнчө тиричилик шарттарында сүйлөнүп, интонация, жест, мимика менен коштолот. Дайыма маңдайлаш турган кишилерге адрестелип, алардын сөз менен кийлигишүүсү (речтик реакциясы) аркылуу үзүлүп, алымча-кошумчага учурап, багытын оңой эле өзгөртүп кетет. Үчүнчүдөн, оозеки речь демейде алдын ала ойлонулбай сүйлөнөт, капылес шылтоо, күтүүсүз муктаж, кысталыш шарт сүйлөткөн себептүү акылга адеп кылт эткен сөздөр менен, грамматикалык эрежелерди одоно бузуу менен, өксүк-кемтик жана өөдүк-сөөдүк сүйлөмдөр менен айтылат. Ошондуктан оозеки речтин тексттери (монологдору, диалогдору) чолок, кыска, чалды-куйду, оош-кыйыш сүйлөмдөрдөн куралып, грамматика-логикалык жактан аксак, кыйшык, кемтик чыгат да, жалпысынан жуулбаган, таралбаган, багылбаган колоң чачтай үксөйгөн-саксайган, пыр-сырга ширелген жүдөңкү кебете алат.

Оозеки речтин мындай тубаса өксүк жактары анын сүйлөнгөн тексттерин стенографиялап же магнит лентасына түшүрүп, анан сүйлөнгөн калыбында кагаз бетине көчүрүп өткөндө бадырайып көрүнүп калат.

Мисал катары «Эл адабияты» деген фольклордук чыгармалардын сериясында жакында басылып чыккан кыргыз жөө жомоктору жыйнагындагыларды тартсак болот. Андагы жомоктор ооздон жазылып алынган бойдон анча-мынча гана түзөтүүлөр менен жарыяланыптыр. Ошондуктан ал тексттердин арасында грамматикалык жактан туура түзүлгөн, сөздөрү орундуу колдонулган сүйлөмдөр сейрек, көпчүлүгү жазма тил стили менен бүтүндөй оңдолуп чыгууга муктаж.

Биздин жөө жомоктор сабатсыз же чала сабат кишилердин оозунан чыккан тексттер эмеспи. Китептерден окуп-билгенибизге караганда, СССРдин биринчи эл агартуу министри, адабиятчы, философ, драматург, публицист А.В.Луначарский төрт-беш улуу тилди суудай билген, орус тилин оозеки жана жазма түрүндө колдонуу жагынан чыгаан уста, өтө билимдүү, жүйрүк калем, чечен киши болуптур. Ал импровизациялап доклад жасаганда куду кагазга жазгандай шыдыр, кызыктуу сүйлөчүэкен. Анан сүйлөп бергени толук бойдон стенографияланып, анан эч жери өзгөртүлбөй расшифровка кылынып жана машинкага басылып, анан алдына алып келинип коюлганда, Луначарский аны окуп алып, «Койсоңорчу, мен кантип эле ушундай стилдик каталар, грамматикалык жактан бузук сүйлөмдөр, логикалык чаташ абзацтар менен сүйлөйүн деп бакырчу экен. Бирок машинкаланган текст сүйлөгөн сөзүнүн таамай көчүрмөсү экенине ишенген соң, ал ошо текстти ыргытып салып, докладын баштан-аяк жаңыдан жазып чыкчу экен.

Талант, билим, чечендик тажрыйба жагынан А.В. Луначарскийге теңеле албаган биздин депутаттардын сессияларда кыргызча сүйлөгөндөрүн магнит тасмаларынан кагазга көчүрүп өтсө кандай көрүнөт болду экен?

— Кыргыз интеллигенциясынын көпчүлүк кашына чыгып сүйлөө маданияты азырынча өтө төмөн. Мунун бир себеби интеллигенттерибиздин жалпы жонунан чала моңол билимдүүлүгүндө, сөз менен тыкан иштеп көнбөгөндүгүндө болсо, экинчи себеби кыргыз тилинин жазма вариантынын али калыпка салынбаганына, баралына баралбай ара жолдо чайналып турганына келип такалат. Бирок кыргыз тилинин чечилүүчү проблемалары оозеки речибизге эмес, көбүнчө жазма тилибизге тиешелүү. Тил проблемаларынын өзөгү, чордону жазма речибиздин табиятында очоюп жатат.

Анда эмесе ошол жазма тил эмне экен, ошондон кеп саласызбы?

— Жалаң оозеки сүйлөп жүргөн калк жазма системасын уруна баштагандан кийин анын тили басма-жазма речь түрүндө иштетиле баштайт. Мунун өзү революциялык мааниге ээ болот, анткени жазма-басма речь элдик тилди бир деңгээлде чайналып тура берүүдөн ээн баш, ой келди, чала-чарпыт колдонулуудан куткарат. Анын өнүгүшүн келечектүү жолго салат, тартипке келтирет, жаңы баскычка көтөрөт. Анан да жазма-басма речь жалпы элдин ортоктош комуникациялык (маалымдама) каражатына айланып, улут катары калыптанышынын бир фактору катары кызмат кылат.

Жазма речь маңдайлаш отурбаган кишилерге адрестелет, жест, мимика, интонация менен коштолбойт, туурадан чыккан речтик кийлигишүүлөр (реакциялар) аркылуу бүлүнбөйт. Ушундан улам текст жазып жаткан адам тилдин грамматикалык эрежелерин бузбай сактоого мажбурланат, татаал жана толук синтаксистик түзүлүшү бар, ырааттуу логикалык агымы бар сүйлөмдөрдү кураштырууга аргасыз болот. Экинчиден, текст жазган киши кагаз бетине төгөйүн деген ой-пикирлерин кандай тилдик калыптарга түшүрө турганын алдын ала ойлонуп алат, көпчүлүккө түшүнүктүү, жугумдуу кылып билдирүү үчүн туура, таамай, орундуу сөздөрдү издеп убара чегет, жазгандары купулуна толбой калса, сызып-чийип оңдойт же кайрадан жазат. Ошондуктан билимдүү, идиректүү, олуттуу калемгер үчүн текст жазуу ой азабын, сөз азабын тарттырган, жан каржалткан кара жумуштан кем калышпаган кызылдай мээнетке айланат. Албетте, ушундай жан үрөө менен жазылган тексттин сүйлөмдөрү өөдүк-сөөдүк, кемтик-өксүк, пыр-сыр аралаш болбой, грамматикалык жактан кынтыксыз, логикалык жактан ачык-айкын, стилдик жактан сыдыргыга салгандай сылык-сыйда чыгат.

Оозеки тилди жаратууга жалпы эл жапырт катышса, жазма речь ошол тилдин негизинде улуттун билимдүү калемгерлери, асыресе дин идеологдору, мамлекеттик бийликтин кызматчылары, мугалимдер, илимпоздор, жазуучулар, журналисттер, котормочулар тарабынан жаратылат. Анын жаралып, телчигип, калыпка салынышы ондогон жылдар эмес, кылымдарга созулат, улуттук билимдүүлөрдүн 15-20 муунунун чыныгы патриоттук демилгеси, чымырканган чыгармачылык жумушу, өз элин агартуу ниетиндеги эрдикке тете тынымсыз эмгеги аркылуу жүзөгө ашат. Натыйжада аста-аста өөрчүй берип, кемелине келген улуттук жазма-басма речь элдик тилдин грамматикалык жана лексикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, ой-пикир түрмөктөрүн жана сезим-туюм кубулуштарын маалымдоо, турмуш көрүнүштөрүн элестүү чагылдыруу жагынан оозеки речтен бир чети кескин айырмаланган, бир чети алда канча өйдөчүлүк кылган жасалма тилге айланат.

Буга мисал катары француз тилинин жазма речин келтире алабыз. «Француз жазма тили менен оозеки тили бири биринен өтө эле алыстап кеткен, — деп белгилейт улуу лингвист Ж.Вандриес. Ошондуктан француздар өздөрү жазууда колдонгон тил менен эч качан сүйлөбөйт, оозеки тил менен анда-санда чочугандай жазып жибербесе, дегеле жазбайт».

Академик Л.В.Щербанын айтымынча, телегейи текши өөрчүгөн, оозеки речтен абдан эле алыстаган, билимдүүлөр катмары колдонгон жазма речь ошол тилде сүйлөгөн жаш жеткинчектер үчүн кадимки эле чет тил сыяктанып калат да, мектепте жана ЖОЖдо тил, адабият сабактарында гана эмес, калган башка сабактарда да үйрөтүлөт. Жазма тилдин грамматикалык, лексикалык, стилистикалык байлыктарынын жаш муундар тарабынан жетиштүү өлчөмдө өздөштүрүлүшү 15-20 жылга созулат. Анан ошо жасалма жазма-басма тил көпчүлүккө окуу жайларынан тышкары гезит-журнал, телерадио, компьютер, китептер, мамлекеттик документтер аркылуу таңууланат. Цивилизациялашкан өлкөлөрдө жазма-басма тилдин лексикалык жана синтаксистик табылгалары жогорку билимдүүлөрдүн гана эмес, карапайым сабаттуу кишилердин оозеки речине да кирет.

Бизде андай эмеспи?

— Кыргыз тили жазма-басма вариантында аябай кеч, кечээки совет доорунда гана мектептик таалим-тарбиянын, саясаттын, укуктун, адабияттын, айрым илим тармактарынын, массалык маалымат каражаттарынын маалымдоо каражаты катары аздыр-көптүр колдонула баштабадыбы. Эгер өзбек жазма тили мурдарак араб, фарс жазма тилдеринин үлгүсүндө калыпка салынса, кыргыз жазма тили негизинен орус жазма тилинин моделдерин белимчилөө менен өөдүк-сөөдүк нормага салынгансыды. Укукка, саясатка, идеологияга, табият илимдерине тиешелүү тексттер орусчадан орус тилин чала билген кишилер тарабынан кыргызчалангандыктан кыргызча олдоксон, атүгүл орусча билбеген кыргыздарга түшүнүксүз «котормо тили» келип чыкты. (Өткөн кылымдын 30-жылдарында түгүл, азыр деле орусчадан орой жаңылыштар менен кыргызчаланган тексттер окуу китептеринде, саясый документтерде, закондордо абдан көп. Андайлар гезиттердин беттеринен да арбын учурайт. Мисалы, силердин гезитиңерде «Кто есть кто» деген китептен менин айткандарым орусчадан которулган экен, бир жеринде «тотальный кризис» деген сөз айкалышы «тоталитардык кризис» деп таржымаланып кетиптир. Эсиңерде болсун: «тоталитарный» деген сын атооч орусча да, кыргызча да эч убакта «кризис» деген сын атооч менен айкалышпайт! «Тотальный кризис» жөн гана «Туташ кризис» деп берилиши керек эле). Экинчиден, филология, психология, социология, политология, культурология, логика сыяктуу коомдук илимдердин маанилүү салаалары кыргызча эмгиче «сүйлөй» элек, атургай алардын дурусурак терминологиясы иштелип чыгалек. Маселен, логиканын высказывание, суждение, умозаключение дегендей орусча элдик тилге да кирип кеткен терминдеринин кыргызча эквиваленттери алигиче жок. Предвзятость же предубежденность, предвосхищение, предпочтение, уступка дегендей орус сөздөрүнүн бир же эки сөз менен туюндурулган эквиваленттерин да кыргыз тилинен табуу кыйын. Техникалык илимдердин маалыматтарын түгүл, Гегелдин философиялык эмгектерин улуу тилдердин бирин билбеген кыргыздар аңдай турган кылып кыргызчалоо азырынча мүмкүн эмес. Айтор, кыргыз жазма-басма тили дагы эле өксүк, чийки, жашык бойдон калууда. Пайдалуу информацияга, илимий маалыматтарга абдан жарды. Кыргыз тилинде, балким, бүгүнкү англис тилиндеги илимий байлыктардын миллиарддан бири да жоктур. Демек, кыргыз жазма тилинен башка тил билбеген кат-сабаттуу кыргыз баласы дүйнөлүк пайдалуу информациядан, илим-билимден тышкары калып, акыл-эсин бүгүнкүнүн маалыматтары менен байыта албай, «карапайым аң-сезим» дегендин алкагына камалган бойдон жүрө берет. Биздин илим-билим жагынан артта калганыбыздын, кедейликтен кутула албай жатканыбыздын бир себеби да азыркыча илим-билим ташыган, өнүп-өөрчүгөн, жалпы элге таңууланган жазма-басма тилибиздин али жаштыгында жатат.

Жазма-басма тилибиз эмне үчүн калыпка салыналбай, дүркүрөп өнүп-өсө албай атат?

— Мунун себептери өтө эле көп. Урунтуктууларын айталы. Биринчиден, биздин элибиздин саны өтө эле аз. Аз элден жазма-басма тилди өөрчүтө турган билимдүүлөр катмары да жукарак чыгат. Кыргыз жазма-басма тилин англис тилинин, орус тилинин, жок дегенде казак тилинин азыркы деңгээлине көтөрүш үчүн ар бир кыргыз интеллигенти бир миллион англофондун, беш жүз миң орустун, элүү казактын ордуна иштеши керек.

Экинчиден, кыргызча илим-билимге тиешелүү тексттер жазган же жасаган кишилер азырак. Айылда кыргыз мектебин бүтүрүп келип, ЖОЖдо көбүнчө орусча таалим алып, анан илим жолуна түшкөн кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү илимий эмгектерин орусча жазчу, дагы эле жазууда. Алар орус жазма речин деле жарытылуу билбейт, бирок тамтаңдап жазып, билимдүүрөк орус кишисине оңдотот. Анан алардын бир даары орусча китептерден өөнөп-төөнөп ЖОЖдор үчүн окуулуктарды да орусча жазып чыгарат. Илимдүү кыргыздардын арасында тырмактайынан орусча окуп, орус тилдүү болуп калгандар да бар. Алар эне тилинен ажырап, орус тилине биротоло телинип, бирок орус илимине, маданиятына, тилине кымындай үлүш кошо албаган немелер. Алардын орус коомуна кереги жок, кыргыз коомуна деле кереги тийбейт. «Маргинал» дегендердин классикалык тиби ошолор. Демек, илим-билимге тиешелүү тексттерди чампалап орусча жазгандар кыргыз билимдүүлөрүнүн арасында оор басымдуу да, кыргызча тексттер жазчулар өтө аз. Анүстүнө эне тилинде пайдалуу тексттер жаратылышына материалдык жана моралдык стимулдар да ченелүү. Бештен белгилүү кыргыз жалкоолугу да илимпоздорубуздун жүздөн токсон тогузунун башында бар.

Үчүнчүдөн, кыргыз тили 70-80 жылдан бери эле жазма-басма шекилинде колдонулуп келет. Тарых үчүн бул өтө эле кыска мөөнөт. Азыркы итальян жазма тилинин калыптаныш жолун атайын иликтеп көрсөм, 500 жылга созулуптур. Өнүп-өөрчүгөн латын жазма тилине таянганда да ошончо жылда кемелине келиптир. Эски славян тилине таянып өнүгө баштаган азыркы орус жазма тилинин өз тарыхы миң жылдан ашуун. Казак элинин өз тилин жазма түрүндө иштете баштаганына эки кылымдай болуптур.

Кыргыз тилинин өнүгүшүнө орус тили жолтоо кылып атат дегендей да түшүнүк бар. Ушуга макулсузбу?

— Мындай пикирде чындыктын үлүшү бар. Себеп дегенде кыргыз тилине кызмат кыла турган билими бар улутташтарыбыз орус тилдүү болуп кетип атпайбы. Орус тили илим-билимге бай болсо, орусча китептер арбын болсо, орусча окуткан мектептер жана ЖОЖдор кыргызча окуткандарга караганда алда канча жакшы таалим берсе, балдарынын келечегин ойлогон кыргыздар аларды орусча окутууга жан талашат да. Кыргыз тилине бир убакта күйөрмандык кылып чыккан Т.Сыдыкбеков, К.Маликов, Ч.Айтматов аксакалдардын балдарынын бирөө да кыргызча эки барак сабаттуу текст жаза албайт. Алардын эне тили — орус тили. Эми байлар балдарын Бишкекте эле бала бакчадан англис тилдүү кылып, англисче окуткан мектептерге жана жогорку окуу жайларына бере баштады. Англис тили да жакын арада куду орус тилиндей кыргыз жаштарынын далайын эне тилинен жатыркатат. Албетте, орус, англис тилдерин эне тили кылып алган кыргыздар республиканын экономикасына же саясатына үлүш кошсо кошор, кыргыз тилин өнүгүшүнө кылчалык пайда келтирбейт. Биздей чакан элдин наркысы 500 миң, беркиси 100-150 миң кишисинин башка тилге өтүп кетиши улуттук чоң жоготуу, атүгүл трагедия эмеспи. Бирок бул трагедияны токтотуу мүмкүн эмес, анткени кыргыз тилинде илим-билим азырынча жокко эсе, ал эми кыргызча окуткан мектептер менен ЖОЖдор орусча, англисче окуткан окуу жайлардай билим бере албайт. Андыктан шаардык кыргыздар эне тилинин экинчи планда калып жатканына өкүнсө же кайгырса да, балдарын кыргызча мектепке бербейт. Прибалтика өлкөлөрүндөгүдөй орус, англис, өзбек тилдеринде окуткан мектептерди жаап салгыдай чамабыз жок. Шаардык кыргыздар балдарын орусча же англисче окутпай койсо айылдык балдардай билим жагынан бечел калат, «тили буруу» журтташтарыбыздын бала-чакасы менен теңтайлашып оокат кылганга жарабай шордойт. Дегинкиси билимдүү кыргыз жаштарынын керектүү чет тилдерди үйрөнүп алып эне тилибизге жат кишилер болушу, анысы аз келгенсип, бай өлкөлөргө кетип атышы, кеткен бойдон кайта кайтпас ыктымалы ансыз да башка чукак элибиздин келечегине жарык чачкан коомдук көрүнүш эмес.

«Тил мыйзамынын» жаңыдан кабыл алынышына кандай карайсыз?

— Арийне, ар кандай жандуу тилдин өнүп-өөрчүшү табигый да, тарыхый да мүнөзгө ээ болот, анан ошо тилде сүйлөгөндөрдүн санына жана сапатына багынычтуу болот. Коомдук-экономикалык, илимий-техникалык, маданий тармактарда алдыга кеткен көп миллиондуу калктардын тилдери өрнөктүү илим-билимдин жана башка пайдалуу маалыматтардын казынасына айланат да, жалпы социалдык өнүгүштө артта калган чоң-кичине элдердин өкүлдөрү тарабынан эч кандай мажбурлаттырбай эле үйрөнүлөт. Мисалы, ушул тапта англис тили дүйнөлүк масштабда улуттар аралык маалыматтар таратуу, пикирлешүү тили болуп калды, себеби англис тилдүүлөр сан жагынан кытайлардан же индиялыктардан аз болгону менен, коомдук турмуштун бардык жактарында башкаларга караандатпай илгерилеп кеткен. Баса англис тилдүү өлкөлөрдүн бири да эмдигиче тилин өстүрүү же дүйнөгө жаюу жөнүндө закон кабыл ала элек. Ал тил мыйзам-сыйзамы жок эле дүркүрөп өсүп да атат, жер жүзүнө жайылып да атат.

Кечээ жакында көпчүлүк советтик республикалардын конституцияларында алардын расмий (мамлекеттик) тилдери жөнүндө берене жок эле, андай берене тек гана үч республиканын — Армениянын, Грузиянын, Азербайжандын советтик конституцияларында бар болчу. Ошондуктан ал республикаларда 1980-жылдардын аягында чырдуу тил проблемасы көтөрүлгөн эмес, тил мыйзамдары кабыл алынган эмес. Ал эми башка союздаш республикаларда улуттук интеллигенция өкүлдөрү эне тилдерине мамлекеттик тил статусун алдырабыз деп уу-дуу чыгарган, буркан-шаркан түшүрүп кампаниялар уюштурган. Ошол уу-чуусу көп кампанияларды прибалтикалыктар баштап берген. Алар тил проблемасына жамынып алып, астыртан антиколониялык күрөш ачкан, тил маселесин чечүү амалын СССРден бөлүнүп чыгуунун көмүскө, кытмыр, тынч методу катары колдонгон. Биздин Борбордук Азия калктарынын интеллигенция өкүлдөрү болсо прибалттардын ойлонбос белимчилери сыпатында жалпы союздук «тил козголушуна» кошулуп кеткен.

«Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» законду иштеп чыгуу үчүн курулган партиялык-өкмөттүк комиссияга мен да мүчө болчумун. Ошондо талаш-тартыш процессинде жазылып жаткан закондун дегеле иштебей турганын айтып башкаларга жаман көрүнгөнмүн. Оозума сала берген экен, айтканым чын чыкты. Ошо иштебей калганы үчүн «Тил мыйзамы» дегендин жаңысын ортого чыгаруу максатында кайрадан уу-чуу көтөрүлүүдө. Бирок жаңысы деле мурдагысынын таз кейпин кийип тынат. Себеби кыргыз эли кедей, мамлекет кедей, жазма-басма речтин арабасын алдыга жылдыра турган улуттук интеллигенция жүдөмүш. Ал эми кедей этностун тили дүркүрөп өсө албайт. Өстүрүү үчүн ал тилде коомго пайдалуу информация ташыган тексттер жазылып, миңдеген нускада жарыкка чыгып турушу керек, жарыкка чыкканда сатылып кетиши керек. Тилекке каршы, мамлекетибизде да, элибизде да акча аз, жакын арада көбөйөрү да шек-шыбалуу. Ушул ачуу чындыктарды аңдап билиш үчүн орто мектепти бүтүрүүнүн деле кереги жок.

Башка улуттардын, айрыкча улуу орус элинин өкүлдөрүн кыргызча сүйлөтүү идеясына кандай карайсыз?

— Орустар кыргызча сүйлөп бергенден улутубузга кандай пайда келерин мен дегеле түшүнбөйм. Баягы жылдары «кыргызча үйрөнгүлө!» деп демитип, орустарды бейпайга салдык. Көбү Ата-Журтуна көчө качты. «Орус көчүнүн» көп себептеринин бири ошо кыргыз тилин зордоп таңуулоо аракети болду го, сыягы. Он-он эки жылдан бери кыргыз тили орусча окуткан орто жана жогорку окуу жайларында өзүнчө сабак катары өтүлүп келет. Бирок кыргыз айылдарындагы балдар он бир жыл орус тилинен таалим алып аны билбей чыккандай эле орус балдар кыргыз тилин атайын окутса деле мектептен кыргызча окуй албай, сүйлөй албай чыгып атышат. Университеттерден да кыргызча үйрөнүп чыккан орустар бирин-экин. Алар мектепте да, ЖОЖдо да англис тилин жанталашып үйрөнүшөт, кыргыз тилине келгенде антишпейт. Мунун себеби, биринчиден, англис тилинде билим бар, анын өмүр бою пайдасы тиет, ал эми Россияга кетүү үмүтү менен окуп жаткан бала кыргыз тилинин өмүрүндө кереги тийбесин билет. Экинчиден, кыргыз мамлекети жана тилчилери орусча окуткан мектептер, ЖОЖдор үчүн кыргыз тилин үйрөткүч китептерди, кассеталарды, аркыл сөздүктөрдү, адаптацияланган кызыктуу адабий, илимий, публицистикалык чыгармаларды жазып да, басып чыгарып да бере албай атпайбы. Англис тилин үйрөтүүчү андай материалдар Бишкекте эле аябай көп сатылат. Балким, кыргыз тилин үйрөнө албаганында орус тилдүү балдардын да күнөөсү бардыр, бирок аларга үйрөнүү үчүн шарт жаратып бере албаган өзүбүздө да күнөө чоң. Шарт жарата албаган соң башка тилдүү балдардан кыргыз тилин жакшы билүүнү талап кылууга акыбыз барбы?

Уландысы>>>>>>

Алым ТОКТОМУШЕВ

Салижан ЖИГИТОВ: Терминдер тегерегиндеги сөз

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.