Информациялык технология (IT) менен биотехнологиянын биригүүсү, адамзаттын орток баалуулуктарын, эркиндик жана тең укуктуулукту астын-үстүн абалга кириптер кылып жатат. Учурда адамзат биологиялык, психологиялык, интеллектуалдык жактан тарыхта мурда болуп көрбөгөндөй коркунуч, башаламандык жана багыты белгисиз туңгуюк ичинде жашоого мажбур абалга келди.

Адамдын акыл-эс, ой жүгүртүүсүнө сүңгүп кирген көзөмөлсүз маалыматтардан тартып, биологиялык түзүлүшүн бүлгүнгө учураткан вирус, оору, коркунуч кол салуулар катардагы жеке инсан себеп болбогон, бирок натыйжасында жашоого мажбур болгон проблемалар болуп жатат. Мисал катары айта кетсек, технологиялык өнүгүүдөн улам пайда болгон экологиялык кризиске тиешесиз катардагы инсан, анын терс таасирине баш ийип жашоого мажбур болуп калды.

Адамзаттын келечегине байланыштуу эң негизги маселелер кандай өңүттө өнүгүп, кайда бараткандыгынан чындыгында көпчүлүгүбүздүн кабарыбыз жок. Миңдеген, миллиондогон адамдардын мындай темаларды изилдөөгө, талкуулоого убактысы жок. Себеби алардын мындан да маанилүү иштери, маселелери бар. Тиричилик, жумушка баруу, бала-чака багуу, мода кубалоо, оорулуу жакындарын кароо менен алектенип жаткан учурда, дүйнөлүк бир ууч ак сөөктөр тарабынан адамзат келечегине байланыштуу маанилүү чечимдер кабыл кылынса, кандай гана натыйжа болбосун биз жана балдарыбыз моюн сунууга мажбур болобуз. Туура, адамдардын глобалдык жылуулануу, климаттык өзгөрүү, дүйнөлүк экономикалык кризис, автоматташтырылган цифралык индустриянын натыйжасындагы массалык жумушсуздук, теңсиздик сыяктуу маселелерди ойлонуудан да зарыл, маанилүү иштери бар. Бирок бул маселелер күнү келгенде тиричилик, жумушка баруу, бала-чака багуу, мода кубалоо, оорулуу жакындарын кароо сыяктуу убарагерчиликтерибизди да башаламан белгисиздикке кириптер кылуусу мүмкүн.

Дүйнөлүк окумуштуулар, экономисттер дүйнөлүк экономика товардык соода капитализминен интеллектуалдык капитализмге ооп жаткан жараянда өнүгүү жолундагы өлкөлөр стратегиялык кадамдын күчтүү пайдубалын түзүү үчүн товардык соодадан түшкөн жалпы кирешени интеллектуалдык капиталга/экономикага инвестиция кылууну сунуштоодо. Мисал катары Кытай бул эки баскычтуу жараянды ийгиликтүү башкарып жатат. Дүйнөлүк базар үчүн товар өндүргөн миңдеген завод-фабрикаларды куруп, түшкөн кирешени интеллектуалдык капитализмге негизделген кызматтык тейлөө секторун курууга колдонуп жатышат. Товардык соода капитализмдин ордун ээлей турган интеллектуалдык капитализмди кыскача товар өндүрүү жана тейлөө кызматтарын роботтор, жасалма интеллект, автоматташтырылган маалыматтык система аткара тургандыгы менен түшүндүрүүгө болот.

Дүйнөлүк экономика товардык соода капитализмден интеллектуалдык капитализмге өткөн учурда товар өндүрүү жана тейлөө кызматтарында эмгектенген миллиондогон адамдар жумушсуз калаары күтүлүүдө. Мындай абалда товар өндүрүү жана тейлөө кызматтарынан четтетилген адамдарга жалпы кирешеден кайсы принцип, кайсы баалуулуктарга таянып киреше бөлүштүрүлөөрү, товар өндүрүү, тейлөө кызматтарына катыша албай калган бош убактыларын кандай өткөрө тургандыгы сыяктуу ж.б. маселелерди жөнгө салуу үчүн адамзат жаңы укуктук, ахлактык нормаларга муктаж болору айкын.

Өнүгүп жаткан жана артта калган өлкөлөр товардык соода экономикасынан тапкан кирешеси интеллектуалдык капитализмге инвестиция кылар потенциалда болбогондугу үчүн, информациялык/цифралык автоматташтырылган жаңы доордо улут, коом жана мамлекет катары калуусу үчүн «керектүү нерсеге коротуу жана коротпоо» түшүнүгүн жеке адамдык, коомдук, мамлекеттик керектөө жана сарптоодо жаңыдан ой толгоосун/филофиясын аныктоосу шарт.

Бул жерде жогоруда айтылган маселелердин ар тараптуу терең талкуусун кылышыбыз мүмкүн эмес. Ошондуктан өлкөбүздүн учурдагы саясый-экономикалык кризис, коомдук илдет жана келечегине байланыштуу кыскача токтолуп, кээ бир сунуштарды айтуу менен жыйынтыктагым бар.

Учурдагы өлкөбүздөгү социо-экономикалык, саясый, диний маселе, талкууларды дүйнөдөгү саясый-экономикалык, илимий-технологиялык өнүгүү, өзгөрүүлөр менен биргеликте анализдеп, сырткы миграциядагы мекендештерибиздин көйгөйлөрүн да эске алаар болсок, жаштарды, келечек муунду илим-билим жана технология жаатына кызыгуусун, таңгалуусун, изилдөөсүн ойготуучу талкууларды мамлекеттик жана коомдук деңгээлге алып чыгуунун учуру бышып-жетилди. Андыктан дал ошол план программаларды иштеп чыгуубуз зарыл. Анткени күнүмдүк кара талаш саясатка ашыкча аралашуу, диний, жамааттык, партиялык идеялогиялык жаат-жаатка бөлүнүү, тараптар бири-бирин укпай, түшүнбөй эле көңүл калтыруучу акаарат сөздөр эч кимге абийир алып келбестигин аңдай турган мезгилге келдик.

Ошондуктан улуттук, диний, партиялык, идеялогиялык, аймактык иденттүүлүккө таянган, негизделген кара талаштардан арылып, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктарынын тегерегинде биригүүчү, жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу үчүн илим-билимге жана инсандын онтологиялык (болмуш, барлыгы), аксиологиялык (баалуулук) негиздерине таянган коомдук пикир, талкуу жарата алсак, акылга сыйгыс абалда жаат-жаатташып энергия, убакыт коротпойт элек. Көңүл калтыруучу, жек көрүүнү тереңдетүүчү сөгүнүп-сагынган ээн баштыктан арылууга кадам таштайт элек.

Бул үчүн саясат, экономика, соода-сатык, билим берүү, медицина тармагындагы эки жүздүүлүк, шалаакылык, жоопкерчиликсиздик, талап-тоноочулук менен жасалган мамилелердин өзөгүнө, пайдубалына канткенде абийир, адеп-ахлак принциптерин жайгаштыра алабыз деген суроолорго баш оорутушубуз керек. Мына ушул суроолорго жооп издөө чыныгы, бар же жок болушубузга чечим чыгаруучу, чекит коюучу приоритеттүү маселелерибиздин эң маанилүүсү.

Коомчулукту тынчсыздандырган окуялардын натыйжасына карап нааразы болгон сөздөрдү айтканды да, жазганды да токтотуп, коомчулукту тынчсыздандырган окуялардын себептерин аныктап, маселени жөнгө салчу программаларды ишке ашыруу аба, суудай зарыл.

Учурдагы адамзат баалуулуктары жана дүйнө таанымындагы карама-каршылыктар, коомдук жашоого бүлгүн салган маселелер чынжырын жаратты. Элет жериндегилердин шаарга карай агымы, мунун натыйжасында жаңы баалуулуктар системасынын калыптандырылбагандыгы – жарандардын жан-дүйнөсүн жабыркатып, жашоо маңызын түшүнүксүз абалга алып келди. Мунун негизги себеби, шаардагы жашоо шарттын, түшүнүктүн айыл жергесиндеги үй-бүлө жана коомдук жашоонун негиздери менен окшош болбогондугу.

Ошондуктан шаарга келген жаран, элеттеги биримдик, уруучулук түшүнүктөрүн башка жаңы нерселер менен канааттандырууга далалат жасайт. Шаарда өз алдынча жашоо жөндөмдүүлүгүнө ээ болгондор билим, искусство, философия, адабият менен толтурган боштукту, диний жана руханий баалуулуктарды өзүнө калкан кылып, аялуу адамдардын коомдогу жалгыздык сезимдерин башкарууга аракет кылган кыймылдар, жамааттар пайда болду. Бул кыймыл же жамааттар адамдардын материалдык, руханий жардылыктарын, сабатсыздыктарын өз кызыкчылыктарына пайдаланып, ар кандай материалдык, саясый күчкө ээ болууда. Коомдук илдет дегеним ушул.

Негизи адам баласы табиятынан өзүмчүл, жашоодо тирүү калуу үчүн күрөшүү потенциялына ээ. Бул өзгөчөлүк, өзүмчүлдүк, тирүүлүк үчүн күрөшүү – биз менен жаныбарларда болгон орток сапаттар. Аристотель, Фараби, Ибн Сина сыяктуу ойчулдардын философиясында адам баласын жаныбарлардан ажыраткан жалгыз өзгөчөлүк – адамдын акыл-эске ээлик кылуусу. Ар бир адамдын тынч, бейпил, бактылуу шарттагы жашоо аракети – мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок ушуга болгон бардык муктаждыктарын өзү жалгыз канааттандыруусу мүмкүн эмес.

Ошондуктан адам баласы муктаждыктарын биргеликте канааттандыра турган көптөгөн адамдар менен жашоого мажбур болгон социалдык жандык болуп эсептелет. Муну менен эмнени айткым келет? Жакшы, тынч шартта жашап, бактылуу болгусу келген өзүмчүл адам, бул каалоолорун ишке ашыруу үчүн башка адамдардын да жакшы, тынч шарттарда бактылуу болуусун ойлоп иш аракет жасашы зарыл. Себеби бир мамлекеттик кызматкер, ишкер, саясый жана диний лидер, саламаттыкты сактоо кызматкери, мугалим өзүнүн жеке, бакубат шарттарда жашоосу үчүн, бир коомдо өзү менен биргеликте жашаган адамдардын материалдык, руханий жардылык жана сабатсыздыктарын жеке кызыкчылыктарына пайдаланып, ар кандай материалдык, саясый күчкө ээ болуп, илдеттүү коомду жаратып атканын аңдап сезүүсү керек. Өзүнүн жеке жакшы жашоосу үчүн башка адамдарды жеке кызыкчылыктары үчүн колдонуп, илдеттүү коомду жаратып, ошол илдеттүү коомдун көчөсүнө, мектебине, окуу жайына, базарына өз баласын салып берип, өзү үчүн бактылуу жашоо күткөнү канчалык туура?

Бул дүйнө жашоосу себеп-натыйжа чынжырына көз каранды, колуң менен жасаганды башың менен көрөр кайтар дүйнө го. Ар бир адам өзүнүн жеке жашоосун бейпилдикте улантуу үчүн башкалардын да бакубат жашоосуна кедергисин тийгизбөөсү зарыл. Мындай айлампалуу жашоонун бир ыргакта туура кайталануусу үчүн, бир коомдогу ар бир адамдын физиологиялык/дене саламаттыгы менен психологиялык/жан дүйнө саламаттыгы чың, ар дайым көзөмөлдө болуусу керек. Адам баласы физиологиялык/дене саламаттыгы бузулуп, функцияларын жакшы толук аткарбай калган учурда дарыгерге кайрылат, физиологиялык/дене саламаттыгын кайра калыбына келтирүүгө аракет кылат. Ошондой эле психологиялык/жан дүйнө саламаттыгы бузулуп, функцияларын толук аткарбай калганда да жан дүйнө саламаттыгын кайра калыбына келтирүүгө аракет кылуусу зарыл.

Фараби, Ибн Сина, Абу Бакр Раази жана Ибн Мискевейх сыяктуу мусулман философтордун ахлак философияларында ахлактын негизги темасы болгон инсанды, нафс түшүнүгүнүн айланасында инсандын материялык жана руханий түзүлүшүн бир бүтүн система катары карап изилдешкен. Мына ошол эмгектеринде жан дүйнө саламаттыгы катары, адилеттүү, жоомарт, айкөл, кечиримдүү, сабаттуу, каниеттүү, намыстуу жана эрктүү болууну белгилешкен. Жан дүйнөсүн адилетсиздик, көрө албастык, сараңдык, карамүртөз, сабатсыздык, ачкөздүк, уятсыздык, жалкоолук жана эрксиздик сыяктуу сапаттар ээлеп алган адамды бактысыз деп эсептешкен жана андайлардын жан дүйнөсүн дарылоо зарыл. Ар бир адам физиологиялык/дененин саламаттыгына кам көргөндөй, жан дүйнө саламаттыгына да кам көрмөйүнчө жеке өзү тынч, бактылуу жашай албайт, башка бирөөлөргө да тынч жашоо бербейт.

Жогоруда аты аталган ойчулдар, жан дүйнө саламаттыгы катары, адилеттүү, жоомарт, айкөл, кечиримдүү, сабаттуу, каниеттүү, намыстуу, эрктүүлүк сыяктуу сапаттар бир адамдын жүрүм-турумунда орун алышын, ал адамдын Кудай-аалам-инсан байланышындагы акыйкатты таанып-билүү сапатына көзкаранды экендигин белгилешкен.

Кайсы бир коомдогу ар жарандын дүйнө таанымында Кудай-аалам-инсан байланышындагы акыйкатты таанып-билүү сапаты туура болуш үчүн, ар бир жарандын болмуш барлыгы жөнүндө туура билим алуусун камсыз кылуучу илим жана билим берүү жараянына бардык жарандар тең укукта катыша турган мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү керек. Ал үчүн ар бир убакыт жана мейкиндиктин шарттарына жараша салык жана башка жолдор аркылуу жарандардан алынган баалуу каражаттардын мамлекеттик механизманын кынтыксыз уюштуруусу аркылуу адамдарга саламаттыкты, коопсуздукту сактоо, билим берүү жана социалдык кызмат көрсөтүү катары кайра кайтарылуусунун сапаттары жөнүндө ар дайым ой жүгүртүлүп, үзгүлтүксүз жаңыча иш аракеттер аткарылуусу зарыл.

Илимий технологиялык өнүгүүлөр өтө тез жүрүп жаткан дүйнөдө билимдүү, адеп-ахлактуу жарандардан түзүлгөн коопсуз, белгилүү бир максатка карай биргеликте багыт алган, дүйнөлүк атааңдаштыкка татыктуу туруштук берер коомду түзүү үчүн улут, коом жана мамлекет катары төмөндөгүлөрдү аткарышыбыз кажет дейм.

Дүйнөлүк жаңы илимий изилдөө жараянындагы окумуштуу-илимпоздордун эмне жөнүндө сөз кылып жаткандыгын жетик түшүнөр саясатчы, башкаруучуларды жана булардын иш-аракеттерине аң-сезимдүү түрдө катыша алаар коомду тарбиялоочу программаларды жана бул жараянды туура күзөтүү үчүн алгач мамлекеттик, коомдук бүтүндүктү сактоочу, системалуу туура терминологиялык коомдук тил жаратуубуз зарыл.

Эмне үчүн алгач мамлекеттик, коомдук бүтүндүктү сактоочу, системалуу туура терминологиялык коомдук тил жаратуубуз зарыл. Себеби бир коомдогу маселени уктуруучу жана угуучу тараптар эмнени эмне үчүн кайсы терминдер менен талашып талкуулап жатышканын толук кандуу түшүнбөсө эч качан бир тыянакка келе алышпайт. Акыркы жүз жылдыкта социалдык, табигый так билимдердеги ашыкча спецификалашуунун натыйжасында пайда болгон терс көрүнүштөр коомдук жашоодо кадыресе байкалып калды. Системалуу бир бүтүндүк ичинде жашоону таанып-билүү философиясынан оолак болуу, инсанды психологиялык жактан туңгуюкка, боштукка, өзүнө жат болуусуна түрткү болуп жатса, илимий маселелер да бир бүтүндүк усулу ичинде анализ кылынбагандыктан, жогорудагыдай маселелердин жаралуусуна, туура түшүндүрүлүп, туура жолго коюлуусуна тоскоол болууда.

Ошондуктан бардык изилдөөчү, саясый ишмер жана коом агартуучулар иш аракеттеринде өз адистиктерин мыкты өздөштүрүү менен биргеликте, өзүнүн изилдөө темасын жана маселелерин жалпы социалдык бүтүндүктүн ичиндеги орду, башка дисциплиналар менен болгон байланышын туура өздөштүрүүлөрү керек. Мына ушундай дисциплиналар аралык изилдөө аркылуу ортого коюлган усулдук көргөзмө жана автордук эмгектер, котормо китептер, план программалар аркылуу билим берүүнүн предметтерин, анын ичинде диний билим берүүнү кайрадан карап чыгуу зарыл.

Корутунду катары төмөндөгүлөрдү айтууга болот. Илимий технологиялык өнүгүүлөрдүн натыйжасында жумушсуз, материалдык жана материалдык эмес баалуулук жарата албаган массанын пайда болору туурасында коңгуроо каккан маалыматтарды анализ кылып, креативдүү жаратмандыкка негизделген автоматташтырылган жаңы индустриялык доорго өтүп жаткан өлкөлөр, өндүрүштүн жалпы кирешесин бөлүштүрүү үчүн кандай принцип, укуктук жана ахлактык нормаларды иштеп чыгып жаткандыгынан кабардар болуу керек. Мына ошол коомдогу жана эл аралык практикадагы тажрыйбаларды эскет алып, креативдүү жаратмандыкка негизделген автоматташтырылган жаңы индустриялык доорду ээрчиген коом, мамлекет катары тийиштүү чараларды көрүп, жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде товар жана тейлөө кызматын өндүрүүгө катыша ала турган жаратман, эркин ой жүгүрткөн жарандарды тарбиялоочу негизде билим берүү системабыздын программаларын иштеп чыгуубуз зарыл.

Ар дайым физиологиялык, психологиялык саламаттыгыбызды сактап, жогоруда айтылган максат, милдет, тапшырмаларды аткарып,  иш жүзүнө ашыра алсак гана жаңы доордо улут, коом жана мамлекет катары татыктуу орун таба алабыз.

Уланбек Ашырматов

22.08.2019

Туркия, Конья шаары

ОшМУнун теология факультетинин артыкчылык диплом менен бүтүрүүчүсү;

Туркия, Эржиес университетинин теология факультетинин Ислам философиясы багытынын магистранты;

Магистрдык диссертациясы: «Ислам философиясында ахлак жана экономиканын байланышы: Ибн Халдун мисалында»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.