АҢГЕМЕ

Зеби туш тарапка алоолонто от жагып,  оттон отко секирип жүргөн кара кийимчендердин арасынан уулу Алини жазбай тааныды. Капкара кийинип, бети-башынан бери кара матага чулгап алгандардын көздөрү гана жылтырайт. Жакшылык менен мээрдин кыпындай жышааны жок, заар чачкан көздөр. Ушул тегеректи эле эмес, керек болсо бүтүндөй дүйнөнү ушинтип отко ороп, өрттөп ийгиси келген көздөр.

Эне от менен ойноп жаткан адам сымалдардан уулун бөлүп алгысы келди. Уулун баёо бала кезиндегидей кучагына кыса эркелеткиси, коюу кара чачтарынан сылагысы келди. Анан ошол алоолоно күйүп жаткан талаанын четине чөгөлөй калып, кучак жая уулун чакырды: “Алтыным, Алижаным менин… жүрү, кеттик бул жерден, кандай жаман кишилер менен жүргөнүңдү карачы”… Энелик сезими күйүп-жана уулуна ушинтип жалбарды. Уулу бөк түшө жалынып-жалбарып отурган энесин эми көргөндөй жалт карады. Мээр-акыбет деген ыйык сезимдерди кудум ошол өзү жагып жаткан отко кошо өрттөп салгандай мерез, заардуу көз карашты көрдү курган эне. Ага болбой эле кучагын жайган бойдон уулуна жалбара берди, кичине бала кезиндегидей жүгүргөн бойдон кучагына бой урарын күттү. Бирок уулу кайдыгер, жайбаракат басып келди да үстүнө эндей капкара чүпүрөктү жаба ыргытты. Энеге эч нерсе көрүнбөй калды, тумчуктурган, думуктурган көөдөй капкара караңгылык каптады…

Зеби түшүнөн чочуп ойгонду. Кудум ошол эми эле көргөн түшүндөгү алоо оттун арасынан чыккандай бүткөн бою күйүп-жана ысып, алка-шалка тердеген, таңдайы ката акактап калган. О, Жараткан Алла, бул эмне аян, эмне деген белги, дагы кандай көргүлүктү көрсөткүң бар?!

Көкүрөгү сыздап, бир жамандыкты сезсе да Жараткандан жакшылык тилеп дуба кылды, кайра-кайра келме келтирди. Анан чочугандай ордунан ыргып тура түз эле уулунун бөлмөсүнө атып кирди. Дагы келбептир, төшөгү кечинде өзү салган бойдон турат. Тамагын белендеп, келсе чогуу отуралы деген ойдо түнү бир маалга чейин уулун зарыга күтүп отурбады беле. Шаабайы сууй түшкөн эне эшик алдындагы секичеге көчүк басты.

Таң атайын деп калган окшойт, шаңкайган ачык асманда жылдыздар жымыңдайт. Алыстан күрүлдөгөн аскер учактарынын, даң-дуң деген жарылуулардын үнү угулат. Энеге оор бомбалар капкалуу шаарларды кыйратып, орун-очоктуу конуштарды талкалап жаткандай туюлду.

Эмелеки коркунучтуу түштөн сестенген эненин ою онго, санаасы санга бөлүнө дале сай сөөгү сыздап турду. Аз жыл мурда эле бапыраган бардар жашоодо жашаган ыйык Шам өлкөсү бийлик, байлык, таасир талашкан күчтөрдөн шашты кетип, ушинтип шал абалга кептелгенине жаны кейип отурду. Замандын шүйү, элдин түрү бузулду… Өзү туулуп-өскөн, агарып-көгөргөн касиет-капкалуу Ракка шаары Жараткандын атын жамынган каяктагы бир кара ниет бузукулардын таландысында калды. Өздөрүн “Ислам мамлекети” атап, халифалык курабыз дегендер калааны ээлеп, туш тарапка кара байрактарын желбирете илгенине жыл айланып баратат. Шарият жолундагы жоокерлербиз, ислам лашкерлерибиз дегендер келгени зомбулук менен зордуктун, кодулоо менен кордуктун күнү тууду. Тополоң-тоз түшкөн элдин бир тобу үй-жайын, бышылуу тамагын таштай туш тарапка карайлап качканга үлгүрдү. Арып-ача качкан-бозгондордун алды бозоро желип-жорто кошуна Түркияга өттү, андан ары суу кече, деңиз кече жүрүп, аман калганы ааламды аралап кетти…

Кара баскыр баскынчылар өз өкүмүн орнотуп, талап-тартибин бекемдеп алганы шаарга кирип-чыккандарга катуу көзөмөл койду. Жадаса кыз-кытан, келин-кесек, кыскасы аял аттуу көчөдө ээн-эркин басуусуна тыюу салды. Алы-күчү бар эркек аттуунун баарын күчтөп өз катарына алды. Анча-мынча каршылык көрсөтүп, моюн толгогондорду эл көзүнчө жазалап, бир даарын мыкаачылык менен аёосуз кырды. Бул “биздин ыкка көнбөсөңөр баарың ушундай болосуңар” деген эскертүү эле.

Зебинин жыйырмага эми чыгып, жамалы жанып турган кырчындай уулу Али да көптүн арасында, көптүн катарында лашкерликке алынды. Алгач жоочулардын талап-тартибине анча моюн сунбай жүргөн уулунун бара-бара пейил-кую өзгөрө баштаганын эне кургур сезип турду. Жайдары мүнөз жаркылдаган уулу түнт тартып, ошолордун айткан-дегенине ишенип бараткан сыяктуу. Тигилер акыл-эстен аздырчу бир нерсе береби, же адамды өзүнө тарткыдай, ишендиргидей өтө күчтүү накыл-насаат айтабы, иши кылса уулу жарым жылга жетпей баш-оту менен берилип, ошол баскынчылардын сөзүн сүйлөп калды. Көбүнчө көздөрү канталап, эси эңги-деңги абалда келчү болду.

Эми минтип күн сайын эмес, эки-үч күн аралата келгенге өттү. Каякта жүргөнүн, эмне кылганын айтпайт. Курган эне бир-эки курдай уулун алардын катарынан чыгууга, эптеп бир айласын таап, кара баскан ушул шаардан качып кетүүгө үндөп да көрдү. Энесинин мындай чакырыгын Али дароо караманча каршы алып, шарт эле баш тартты. “Булардан качып кутула албайбыз, экөөбүздү тең эл көзүнчө ит аткандай атып салышат”, — деген кескин жооп укту эне. Кийинчерээк дагы бир кыйытса “экинчи ушул сөздү уксам өз колум менен ошолорго кармап берем”, — деп бурк этти. Ошодон тарта эне-баланын ортосунда бул маселе жабык. Буга эне тек гана ачуу үстүндө айтылган сөз катары этибар берген эмес. Кантип эле өз энесин каяктагы баскынчыларга кармап берсин, ушундай да болмок беле деген ал өз оюнда. Бирок баласы бу маалда баскынчылардын ишенимин тутунуп, ошолордон айырмаланбай калганын элес алган эмес эле анда эне кургур…

Зеби баары бир кара чечекей жалгызын баскынчы-жоочуларга ыраа көрбөй, алардын арасынан эптеп алып чыгып кетүүнүн айласын издей берди. Жаштайынан жандап, арзып тийген Касымынан калган бу жалгызын не күндөрдү көрүп, не азап менен чоңойтподу беле. Күйөөсү отуздан оогондо жабышкан илдеттен жайрап калган Зеби ушул уулу деп сөз айткан далай жуучулардан баш тартпады беле. Ушул уулу деп азап-тозогу арбын жесир турмушка, жалгыздыкка кайыл болбоду беле. Алпештеп өстүргөн жалгызы эми минтип эрезеге жетип, окуп-чокуп адам болордо каран түн түшүп отурат. Ушуларды ойлогон эне уулун ошол караңгылыктан кантип сууруп чыгып, уруш-талашы жок жаркын жактарга жетелеп кетүүнүн айла-амалын издей берди. Уулу көнсө эле шарт тура калып, шу турган абалында кара баскан шаардан чыгып кетмек оюнда. Көзөмөл катуу болгону менен көбүрөөк акча сунса күзөтчүлөр көз жумду кылып, а түгүл түн ичинде өздөрү чыгарып койорун укканы бар. Ал үчүн каткан-куткан тыйынын белендеп, эсеп-чотун да алып койгон.

Ушуларды ойлогон Зеби уулу келсе эми бул ишке чындап киришүүнү чечти. Акыл-эси тетик уулу куру кыялга мас болгон согушкерлерге жан дили менен берилип алганына ишенбеди, жадесе андай ойду жакын жууткусу да келген жок. Тек гана аргасыздан ошондой түр көрсөтүп жүрөт деп ойлоду. А чын эле баласы жер тээп, көнбөй туруп алсачы, анда кантет?

Зеби ашкере илим-билимдүү болбосо да анча-мынча китеп окуп, ак-караны ажырата билген аял эле. Адамдын акыл-эсин алып, биротоло баш ийдирип алчу ыкмалар болорун укканы бар. Уулу ошондой ыкка түшүп баратканын байкаган эне качып кетүү кыялы ишке ашпай каларына астыртан күмөнсүп да алды.

Ушуларды ойлой жүрөкзаада болуп отурган Зебинин эсине кайдан-жайдан “маңкурт” деген сөз түшүп, эзелки бир тарыхка жетелеп жөнөдү. О илгери жоочулук заманда кайсы бир элди, кайсы бир жерди басып алган баскынчылар туткунга түшкөн эр-азаматтардын чачын такырайта кырып, төөнүн терисинен шири каптаарын, бара-бара ал азамат өткөн-кеткенин бүт унутуп, ээсинин айдагынан, айтканынан чыкпаган макулукка айланарын, акыл-эстен ажыраган мындай кишини маңкурт деп аташканын кайсы бир китептен окуганын эстеди. Ошондой маңкурттардын бири алыстан жер кезе издеп келген өз энесин тааныбай, жаанын бир жебеси менен жайран кылганын эстеген Зебинин жүрөгү шуу дей түштү. Майда калтырак баскан эне түз эле китеп бөлмөсүнө бут таштап, ошол китепти издеп кирди. Арабча китептер тизилген текчеден таппай, англисче китептерди чача баштады. Акыры тышкы сүрөтүн боолголой бир китепти колго алды. Дал өзү, ошол учур эми эле болгондой көз алдына тартыла түштү.

О, ал күндөр шат эле, куунак эле. Касым экөө жаңы эле баш кошуп, махабатка балкып турган учур. Ыраматылык күйөөсү көп тил билген билимдүү, китепкөй жан эле. Жакшы китеп көрсө дароо көтөрө келип жүрүп, жубайын да китеп дүйнөсүнө тарткан. Анан экөө талашып-тартыша окуп, кызыгына баткан соң талкуулап жатып калар эле. Бул китепти бир курдай Лондонго иш сапары менен барганда ала келген. “Кыргыз деген элден Чыңгыз Айтматов аттуу чыгаан жазуучу чыгыптыр, болгондо да мусулман элден экен. Чыгармалары укмуш эми, мен учакта келатып эле окуп койдум, сен да окуп чык”, — деп сунган эле ушул китепти жарына. Ал анан кызыкты көрүп ал, Зеби үч күн турбай окуду го бул китепти. Эки кат кези, дал ушул Алиси ичинде кыймылдап калган маал болчу. Кийин Касым экөө дал ушул маңкурт окуясын таңдана, бир топко чейин кеп кылып жүрүшкөн.

Ушуларды бир сыйра көздөн сыдырган Зеби Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” деген ошол романы басылган китебин кайра колго алып, шаша-буша барактай баштады. Акыры издегенин таап, маңкурт тууралуу баянды бир дем менен кайра окуп чыкты. Энени эми терең ой басты, башта окугандан таптакыр башка таасир калды, таптакыр башка туюмга кабылды. Китепте жазылган окуя кайра жаңыланып кудум эле өзүнүн айланасында болуп жаткандай туюлду.

О бир не заманда, ата-бабасы укпаган алыс-алыс жактарда адамдардын башына шири кийгизип, маңкуртка айланткандар эми жаңы жүздөргө кубулуп келип, ошол эле кылык-жоруктарын жаңы жол, жаңы ыкма менен жакын эле жерде жасап жаткандай туюлду. Кантип эле өз энесин атсын, жок-жок… менин Алим андайга барбайт, Алим маңкурт болгудай акыл-эстен аза элек али… Өзүн ушинтип жооткону менен эненин жүрөгү алда бир жамандыкты сезгендей дагы бир ирет зырп этти. Караңгылык каптаган коркунучтуу түшү кайра эсине келип, бүткөн боюн калтырак басты…

Акыл-эсин пештеп, сыртка чыкса күн кечтеп калыптыр. Бүгүн келип калар деген үмүттө уулунун жакшы көргөн тамагын жасап, күтүүгө камынды. Уулуна чечимин айтып, макул десе дароо эле бала кезиндегидей дегдеңтете жетелеп, кара баскан калаадан чыгып кетүүнү эңсеп турду эне…

Энелик туюм алдабаптыр, караңгы кирип-кире электе дарбаза кагылып, уулу кирип келди. Негедир бүгүн башкача, бир аз жайдары, кубанган түрү бар, бирок көздөрү ала-чакмак. Кирер замат апасын кучактап, эки бетинен өптү. Анан апасы баласын алкай сыга-сыга кучактады. Эне бала сагынышып калыптыр, көптөн бери минтип учураша элек эле. Баласынан кызыктай жагымсыз жыт уруп турду, эне буга да кайыл, жийиркенбеди. Күндө кучак жаймак тургай учурашканга араң жараган уулунун бүгүнкү абалына таңданган эне “менин балам маңкурт эмес”, — деди ичинен. Анан айтчу сөздүн кыябы келгенин илгиртпей түшүнүп, уулуна шашыла дасторкон жайды.

Али жакшы көргөн тамагын кудум жуттан чыккандай лапылдата жеп кирди. Байкушум, көптөн бери ачка болгон го деп ойлоду эне. Маңзатка мас болгон “байкушу” эси эңги-деңги болуп турганын капарына албады. Тамагын жеп бүтүп, чайдан шорулдата ууртаган уулу эки-үч күн келбей калган себебин саймедиреп, бир айылды басып алуу менен көп олжого туйтунганын, арасында бир топ сулуу кыздар да болгонун мактанып кирди. Уулунун кандай абалда экенин эми сезген эне бир сөзү кулагына кирсе, бир сөзү кирбей, же уруша албай, же чыгып кете албай кыйпычыктап отурду. Бул арада уулу даражасы көтөрүлүп, жүз башы болгонун, жүз аскер кол астында кың дебей кызмат кыларын, чоңдору эми жакын арада бир шаарга башчы кылганы жатканын да айтып үлгүрдү.

Акыры апасынын кебетесин көрүп, “сиз эмне, менин ийгиликтериме кубанбайсызбы? – деди канталаган көздөрү менен зекий карап. Эне бул көздөрдөн кудум түндөгү түшүндөгүдөй мерездикти, жексурдукту көрүп, жүрөгү титиреп кетти:

— Келечеги жок ийгиликке эмне кубанасың, балам?

— Кандай келечеги жок, биз бүтүндөй дүйнөгө халифат орнотобуз, же сиз да буга ишенбейсизби? – жөнсүз жана жагымсыз ырсалаңдады бала.

— Бир-эки шаарды баса калып эле бүт дүйнөнү ээлейбиз деп ээликкендердин эсебин берчүлөр да чыгат уулум, мына ансыз деле четинен жайлап келатат. Андай жомокторго ишенбей, эсиңди жый. Сен маңкурт эмессиң! – Эне өктөм сүйлөдү эми. Маңкурт дегенге түшүнбөй калган уулу акылын пештей албай кеңгирей түшкөндөн улам эне сөзүн ошол эле өктөмдүк менен улады.

— Бүгүн түнү жолго чыгып кетебиз, даярдан! Сени кызча кийинтип, өзүм алып чыгып кетем чек арадан.

Ийгиликтен башы айланып турган Али буга эми чындап таң калды:

— Кызча кийинтип… каякка кетебиз?..

— Европага… Эптеп жетип алсак жаңы турмуш баштайбыз. Сен окуйсуң, мен иш таап, эптеп тирлик кыларбыз балам.

Апасы бул сөздөрдү чындап айтып атканына ынанган соң, уулу көзүнөн заар чача кыйкырып кирди:

— Мен эч жакка кетпейм, сени да кетирбейм. Мен эскертпедим беле, эми өзүңдөн көр, — деди да кимдир-бирөөгө телефон чалып кирди. “Коммандор, мен бир чыккынчы кармадым,тезинен желдет менен машина жибер”, — деди уулу ары жактан жооп болор замат. Иш курчуп кетерин элес албаган жигит энесин бир аз коркутуп койгусу келди жаман оюнда.

Эне-бала ошентип эсин жыйгыча болбой ачык калган дарбазадан шапа-шупа кирип келген, тишине чейин куралданган эки желдет “чыккынчы кана, кимди кармайбыз” дегендей туруп калды. “Бул менин апам, чыккынчы ушул, мени алып качкысы келет экен”, — деди азил-чыны аралаш. Анын азилин желдеттер түшүнгөн жок.

Машина аларды түз эле туткундар кармалчу жерге алып барды. Иштин чоо-жайын уккан аскер башы көктөн издегени жерден табылгандай кытмыр жылмайып алды да, эне-баланы бөлүп кармоону буйруду. Анан “балага күчтүүсүнөн бергиле, эртеңкиге даяр болсун!” деген катуу буйрук берди. Анын оюн илгиртпей түшүнгөн желдеттер Алини “өзүм барам, мен деген жүзбашымын, тийбегиле”, — деп кыйкырганына карабай колун кайра сүдүрөп кетти.

Эртеси шаардын борбордук аянтына миңдеген адам чогулду. Тагыраагы, күчтөп чогултуп келишти. Кылкылдаган эл алдына чыккан аскер башы түн жамына качкысы келген эне-бала кармалганын, уулун азгыруу менен чыккынчылыкка барган аял жазаланарын, болгондо да өз уулунун колу менен жазаланарын жар салып, кимде-ким ушундай ишке барса эми мындан да катуу жаза аларын эскерткенче накыл-насаат айтып, бир топко саймедиреди. Кылдан кыйкым тапкан кексе аскер башы бул ишти атайын курчутуп, кожо көрсүн, эл көрсүн үчүн атайын жасап жатканына көпчүлүк маани бербеди. Ал бир чети муну менен көптөн бери мындай мыкаачылыкты көрбөй калган элди сестентип койгусу келсе, экинчи жагынан чоңдоруна жагып, сыйлык алууну, даражасын жогорулатууну самаган эле…

Аскер башы сүйлөп бүткөн соң эки желдет ортого узун кара кийинген, бирок жүзү ачык Зебини жетелеп чыгып, эки колунан кармап турду. Түнү бою кирпик какпай ыйлай берген аялдын көздөрү шишип, жүдөп калганы жүзүнөн даана байкалып турду. Анан дагы бир желдет уулу Алини жетелеп чыгып, апасынын дал маңдайына мылтык кезетип койду. Эне беш-алты кадам арыда турган уулунун канталаган көздөрүнөн кудум баягы коркунучтуу түшүндөгүдөй мерездикти, муздактыкты көрдү. Маңзаттын күчтүүсүн болушунча шыкашкан экен. “Баланы маңкурт кылган экенсиңер; адам сымал эки буттуу айбандар”, — деп кыйкыргысы келди Зеби. Бирок деми кысылып, үнү чыкпады. Ушул тапта “Ат!” деген катуу буйрук чыкты. Кылкылдаган эл дем катпай селейип, тарс деген үндү күтүп калды. Андай үн чыга бербей, Али апасына мылтык кезеген бойдон мелтейди. Орто саамга жымжырт боло түштү. Чогулган элдин арасынан Зебини тааныган аялдардын бири “олда байкуш шордуу бейбак, көрөр күнүң ушул беле?” — деп шыпшынып ийди. Аны улай эл арасын күбүр-шыбыр аралап кетти…

Каршылык көрсөтпөсүнө көзү жеткен желдеттер энени бош коюп, артка жыла берди. Элүүгө таяп калган Зебинин бүткүл өмүрү көз алдына тасмадай тартыла түштү. Балалыгы, ата-энеси, арзуусу кана электе кете берген Касымы келди көз алдына. Маңдайында мылтык кезеп турган уулунун төрөлгөнү, бала кези келди көз алдына. Маркум күйөөсү экөө баягы маңкурт окуясын кеп кылганда жыйырма жылдан кийин ушундай иш өз башына түшөрүн сезбегенин, сезмек тургай эсине да келбегенин ойлоду.

Анан көз алдына Акмаясын минип алып желип жорткон Найман-Эне келди. “Сенин атың Жоламан, Жоламан, сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай”, — деп үн салып баратты ал. Кайрадан күйөөсү Касым тартылды көз алдына. Ыраматылык сезип-туюп турган болсо көрүндө туйлап тургандыр азыр. “Мен сага баратам, Касым. Баягыдай аруу бойдонмун, тосуп ал мени”, — деп күбүрөндү бейбак аял.

Ушул учурда “Ат!” деген экинчи буйрук чыкты. Бу саам үн катуу жана ачуу жаңырды. Үн чыккан жакты селт караган Зеби уулу экөөн көздөй мылтык көзөп турган дагы эки желдетке көзү түштү. Мылтык кезеген желдеттердин бири калтырап-титиреп, көзүнөн куюлган жаш капкара коюу сакалын аралай агып атканын даана көрдү Зеби. Демек башка шериктеринен, өз уулу Алиден айырмаланып, бу жигиттин жүрөгүндөгү жылуулук өчө элек, айласыздан жүргөн бир байкуш окшойт. Кара байракчандардын апийимдей акыл-эсти уулаган азгырыгына алдана элек балким. Бирок алар тек гана буйрук аткарган аскерлер да. Демек уулу атпаса да баары бир экөөн тең тындым кылышат.

Кыйды аскер башы “кокус балалык мээр ойгонуп кетип, атпай койсо” деген кыязда мындай абалды да эске алып койгон эле. Муну көргөн Зеби эми уулуна чындап жалбарды. “Уулум, каралдым… ат мени. Бөтөн бирөөнүн огунан өлгөнчө сенин колуңан өлөйүн. Маңкурт болсоң да сен аман кал. Маңкурт болсоң да утурумдук ийгилигиңе кубанып жүрө бер… Ушул тушта “Ат!” деген үчүнчү буйрук чыгып, Али апасын көздөп турган мылтыгын басып жиберди. “Тарс” эткен үн элдин баарын селт эттирди.

Сол жак көкүрөк тушу ысый түшкөн Зеби чалкасынан кулады. Көз алдында турган чайыттай көпкөк асман мунарыктап барып, кара чекитке айланды да көөдөй караңгылык жаап калды. Анын бетине кудум түшүндө көргөндөй кара матаны —  капкара байрактарды ыргыта жаап киришти…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.