АҢГЕМЕ  

Коомдук ишмер, белгилүү меценат Аскар Салымбеков менен таланттуу сүрөтчү Эмил Токталиевге арнайм.

I

Жыгылган кийикке чейин жетмеги азап болду. Жүгүрдү. Бирде орчук-борчук таштарга мүдүрүлүп барып кулачудай күүлөнгөн жембаштыктай торсойгон боюн эңкейиште араң токтотуп, күнгөйдүн бетиндеги эшилген шагылдын алдына көмүлүп калыштан кооптонду. Кийиктин артынан баягы неме арка мойну астында калып өлүптүр деген кепке калбайын деди. Эл оозунда жаманатты болуш заматта. Тоо боорунан тик ылдый чуркабай, кыялап түшпөсө болор эмес. Ок таамай тийип, оңкосунан сайылган кулжа кайда качмак деп өзүн өзү канча жооткотпосун, болбой эле шайтан азгырды мергенчини. Шайтан шаштырды. Антаңдап кырдан түшүп келгиче жон тери шорголоп берди. Өпкөсү кышылдап, бут талыды. Акыры жетти. Мылтыгын ташка жөлөп, дүрбүсүн чечти. Жонундагы купайкесин сыйрып, сулап жаткан кулжанын үстүнө таштады.

Жаңы жыгылган кулжа дардаят. Каны коюлуп кетелегинде мууздаганча шашты. Мүйүзүнөн кармап, салмагы сайдын ташындай өлгүрдүн башын жаңыле көтөрөйүн деген. Болгон күчүн жыйнапды. Тырышып атып козгоду, бираз өзүнө тартты. Ыктуу неме талтайып мууздамак болуп, бир бутун кийиктин мойнунан ашырды. Сол колундагы мүйүздү артка имерип, бел курчоосундагы бычакты оң колу менен издей баштады. Кийиктин башын өйдөгө каратты. Кулжа эмес бекен, баш эмес бекен, мүйүз эмес бекен чиркин деди ичинен. Мүйүзү бир кулач эмес, эки кулач келеби… Калдаят. Калдайган мүйүздү көтөргөн башы баш эмес эле балээ экен өлгүрдүкү. Же бир көтөрө алсачы. «Этиңе бүтүндөй айылдын элин тойгузбасам элеби» деп кобуранды. Өтүңдү ушул жерден ичейин деди ысыгында. Жаки, ычкырында байланган бычагы колго урунсачы. Сыйпалатты көпкө. Демин басып «эп биссимилда» деди.

Бычакка колу жетери менен шап сууруганга үлгүрбөдү да. Болбособу! Шайдоот кыймылы менен бычакты кындан суурарында кулжанын көзү умачтай ачылды. Көзү көз эмес бекен: жаны үзүлдү деген кийиктин көзү оттой жанса болобу. Көзү жанган кулжа ордунан шап секирип турду.

Как маңдайга тийген октон көзү чакмактап кулады эле да. Көзү караңгылашып барып жер сүзүп жыгылган…

Теңселген боюн түзөнүп, ордунан серпилген кулжаны эки мүйүздөн алган мергенчи да оңойбу, колго түшкөн олжону оңой менен куткармак кайда…

Ырас эле жана мууздай берерде ыктуулукка салып бир бутумду кийиктин мойнунан ашырып алганым абийир болгон турбайбы деди адегенде. Болбосо элди шыралгыдан ташжалак калтырмак экенсиң деп мыскылдады кийикти. Ошо эки буту талтайып турган боюнча ок тийди деген кулжанын жонуна минип калган мергенчи эки мүйүзгө чап кенедей жармашты. Эми сени өлсөм да куткарбайм деди. Канчага чейин мөнкүп бармак элең, азыр эле сулк кулап жыгыласың деди эңги-деңги оюнда.

Кулжанын мойнун толгоп кайра жыкмак болду эле, каруусу жетсечи. Моюн берер эмес, кудай уруп мөңкүп бербеспи. Өзү болсо жембаштыктай киши, анан жембаштыктай жандын салмагы канча дейсиң. Ошондо барып ок тийбей эле – тек, кеч күздө ныксырап тойгон кулжаны дардайып уктап жаткан жеринен минип алдымбы деп жүрөгү шуу… Ордунан мотоцикл минген адамдай атырылып учкан кезде башына ушул ой келди. Эки колу аркайган мүйүзгө жабышкан мергенчи кудум эле мотоцикл менен сызгандай кетти.

Узундугу эшик төрдөй суналган кулжа жонундагы мергенчинин салмагын камгактай көрбөдү. Мергенчи асманга учуп, кайра түштү. Жерге түшсөчү. Кайберендин былкылдаган жонуна түштү. Ошондо да жаныбардын үстүнө чечкен купайкесин чатына кыпчыганга үлгүрдү. Мөңкүп-мөңкүгөн сайын тиягына бир оойт, биягына бир оойт. Түшөр эмес. Өжөрлөнгөн неменин чаткаягындагы эки энегине убал болду, анда да жармашып барат. Өзөрө түшүп, кыңкыстап онтоп ийди. Эки энектин оорусу күчөгөн сайын мергенчиң да жанкечтидей жабышты. Ага азыр өз жанынан да кийик артык көрүндүбү, өлөрмандыкка салып кулжанын эки мүйүзүнө карышкан колун бошотподу. Тобокелчиликке салган өлөрмандыгынан кайтаар эмес. Ага жандын да, эки энектин да кереги жок болуп калды. Тукумун улаар аласындагы эки энектен ажырап калса не болору ойдо жок; кайберен тукумуна мылтык сунгандын акыр аягы не болору ойдо жок; деги адамдан тараган тукум аңчылыктын артынан не көрөрү оюнда жок эрен кайберенге жабышты…

Бала күнүнөн далай азоо жылкынын жонуна чапкенедей жармашып көнгөн аңчы кулжанын мөңкүгөнүнөн анча корккон жок, эки бутунун тарамышы түйүлүп оорутту. Ошондон коркту. Түшө качайын дегиче болбой жалама асканын бооруна жетип калганычы. Кандай азоо жылкы болсо да секирип түшөт эле, аскадан аскага арыш керген кулжанын жонунан кантип секирмек. Кыяматтын сааты башына келгенин эми түшүндү ал.

Жону былкылдаган семиз кайберендин үстүндө чаткаягы керилип баратса да жанын оозуна тиштеген мергенчиң жаанын огундай сызган кийиктин алдыңкы эки колтугуна буттарынын учун тыга койгон экен, экөөнү кудай клейлеп салгандай биринен бири ажырагыс болду. Буттары карышып калбаганда мүмкүн секирип кетет беле, бирок азыр секирген күндө да асканын боорунан учса, каякка барат?..

Өлөрман мергенчи ошондо да ычкырдагы бычагын издеп жүрөт. Бычагын кындан сууруса эле кайберенди кежигесинен мууздайт болчу, шилисинен шылымак, бычагы кайда түгөттүн. Купайкесин бурдай кармап чатынан сууруп чыккан эрениң да чапчаң экен, анысы менен мөңкүп бараткан кийиктин эки көзүн жаба калганын кантесиң. Жапайы жаныбарың ага болбой мөңкүдү. Эки көзүн жапкан купайкени челип-челип мергенчинин колуна карматты кайра.

Тер сасыган купайкенин буркураган жыты кайберендин кара жинин карматты. Анда да болбой жаман оюнда ошол купайкени чалма кыла коём дедиби, амалдуу мерген купайкенин бир жеңин кулжанын аркайган мүйүзүнө кийгизүү амалын кылды. Кийик жерге чубалган купайкенин бир жеңине чалынып жыгылса баса калайын деди. Жеткен жаны жок экен мергенчиң. Бир колу мүйүздө тырышып, бир колу бел курчоодо сыйпалап жүрөт анда да. Эки энектин эзилип калганын унутту, сыздаганын унутту.

Кайбардын катыгын кайберен берер бекен же кайберендин катыгын кайбар береби… Айыгышкан кармашта адам айбанды жеңеби, айбан адамды жеңеби мындайда…

II

Акматбек менен Одон карта ойнойбуз деп калышты. Экөөнүн тең барар жери Аксай. Колхоздун чабандарына жем жеткиришмек. Жемдин артынан колхоз башкармасы өзү да бармак болгон. Жолго чыгар алдында жүз граммдан сеп этип алышты. Карта оюну эки адамга качан кызык болчу эле, экөөнө өнөк табылбай, көчөнүн башында чогулгандардын арасынан картёжниктерди издешти. Демейде кумарпоздор көчөнүн башында үйүлүп калышчу, бүгүн жер жуткансып жок. Те ылдыйда жембаштыктай торсойгон бирөө келатат. Жембаштыктай ал караан мектеп окуучуларындай көрүндү адегенде. Бирок ал мектеп окуучусу эмес, Мукаш мергенчи экен. Одон тааныды аны. Те алыстан.

— Эп, бали… Мукем келатат тигинде, – деди кымыңдаган Одон. – Эми бир оюнчу тапсак…

— О-оо, Мукем экенсиң, ушу сен жарайсың. Сенден өтөрү жок… – Акматбек да кымыңдады Мукашты көрүп.

— Ии, имине болуп кетти, мага күнүңөр түшүп?

— Жүрү, момундайга барсыңбы… – Акматбек кекиртегин чертти. Анын кекиртек черткени Мукашты ичинен кымыңдатты. Өзү да араң турган.

— Эми даа бир картёжник керек, өзүңө өнөк болсун. Акматбек экөөбүз бирбиз, сен өзүңө бирөөнү тап, – Одондун шартын уккан Мукаш шашып калды. Кекиртеги кычышып турган неме тиги экөө айнып кетпесин деп кимди болсо да өнөктөш кылбаска аргасы барбы. Эсине Көккөз келди.

— Азыр эле Көккөздү жетелеп келе коём, – шыпылдаган бойдон кетип, заматта өнөгүн ээрчитип келди.

Ошо менен төрт кумарпоздун башы кошулду. Ортого бир эмес эки шише коюлду. Үй – Акматбектики. Катыны үйдө жок экен ырас. Төртөөнө кудай берди. Бакылдашып карта чабышты башташты. Көккөз менен Мукаш тиги эки шоопурду удаа-удаа үч жолу утту. Акматбек менен Одон бозала болуп отурду.

— Эмне, картаны жыйыштыралыбы? – деп калды Көккөз. Үч жолку утушка кыбалары кана түшкөн Мукаш экөө кырданып сүйлөгөнгө өттү.

— Жыйыштырса жыйыштырабыз. Ансыз да жолго чыгыш керек. Аксайдагы Көк-Аргындан өйдө кеткендеги чабандарга жем жеткиребиз, – деген Одон ордунан козголуп калганда Акматбек аны жеңден тартып кайра отургузду.

— Эми бир көрөлүчү. Азыр экөөнүн сазайын беребиз.

Жаңы оюн башталды. Кол келип калган экен, Акматбек менен Одон бу жолкуда утуп чыкты. Оюн төрт-беш айлампадан кийин теңме-тең болуп туруп алды. Бир тарабы утуш керек болду. Акыры түн жарымынан ооп баратканда Мукаш үйүнө кетем деп чыкты. Эртеси ууга барарын айткан мергенчини жеңден тартып кайра отургузду тигилери.

— Жо-жо кетем… Азыр кеч күздүн маалы, семиз кийиктин маалы… Кийикке чыкканды сагындым. Көп болду чыкпаганыма. Катын-балам этсиреп кетти.

— Неңди дуркановый, Муке! Бизди качан жаныңа ээрчиткен күнүң болот? Кийиктин этин башкалардан кысканып жалгыз чыкпай, жаныңа бирөөбүздү ээрчитип алчы, – деп наалыды Көккөз.

— Же бир элге шыралгы карматпайсың мергенчиге окшоп… Дайыма уурданып жалгыз кетесиң, – кумарпоз, бөтөлкөлөш тиги эки досунун таарынычы жүйөлүдөй бир караса.

— Болуптур, болуптур. Ушул жолу үчөөңө бирдей шыралга карматпасам элеби… – деген мергенчи досторуна убада берип салды. Саатты караса, түндүн бир далайы.

— Биз менен жүрүбөйсүңбү Аксайга. Кийиктер ал жакта кой менен жайылып жүрөт. Аксайдын тоолору да бөксө. Бу жактын аскаларына асылып өлөр бекенсиң бир күнү. Тилимди ал, жүрү… – деген Одон Мукашты чын көңүлүнөн ала кеткиси келди.

Бу кепти Акматбек да айтты, жакшыле айтты:

— Эй, тилибизди алсаңчы. Биз сени Көк-Аргындагы топозчуларга алпарабыз. Кийик деген ошо жакта жүнүн жейт.

— Жо, ал жакты желкемдин чуңкуру көрсүн. Бу жактан өтөрү жок.

— А-ай, Муке, билбейсиң да. Көк-Аргынды сен өмүрү көргөн эмессиң. Жүрү! Арманда калбайсың, – деген Одон Мукашты колунан сүйрөдү.

— Мен ошо өмүрү көрбөгөн жер болсо…. анан ал жакка бышырып коюппу маа. Кечээ Таш-Кыядан жогору чыгып мал издеп келгендер, кийиктер тээтиги эле жондо жайылып жүрөт дешти. Силер менен башка жолу барайын. Бу жолу Таш-Кыянын Кенбилинен өтөрү жок, – деп кыйыктанып туруп албады беле.

Бака-шака түшкөн төрт кумарпоз түн жарымынан оогондо Акматбектикинен чыгышты. Мукаш үйүнөн мылтыгын алып, Таш-Кыяга аттанды. Бу жолу негедир тайгандарын ээрчитпеди. Көккөз үйүнө кетти. Шоопурлар машинелерин дүрүлдөтүп Аксайга жол тартты…

III

Коюу туман салаңдаган аска боорунда элеңдеген арка-кулжалар заматта үйүр башын таппай калышты. Үйүрдөн адашса да жаңы телчиккен улактар адашчу, бирок минтип бир да жолу үйүр башы Шаамүйүз көздөн кайым болбогон. Шаамүйүзсүз бул чоң үйүр жер оодарып кетүүгө да көнбөгөн. Ал кайда жол баштаса артынан ээрчип көнгөн чоң үйүр азыр кай багытка бет алууну билбей алеңгир. Жанараактан зоодон зоого жаңырган мылтыктын ачуу үнүнөн туш тарапка чачырап барып кайрадан топтолгон кайберендер бирин-бири тиктеп, үйүр башы көзгө чалдыкпаган үчүн мурдагыдан да катуу тынчсыздана башташты.

Мындайда Шаамүйүз гана барар багытка ээрчитип көндүргөн үчүн Теңир-Тоонун койну элеңдеген аркар-кулжаларга тарып турду. Аскадан аскага жаңырган мылтык үнүнөн кулактары тунган жаныбарлар топулдатып жер тепкилеп, мындан аркы багытты кайда бурууну боолгободу.

Үйүр-үйүр карышкырлардын сүрүнөн да жалгыз мергенчинин сүрү чоң коркунуч экенин макулуктар бүгүн сезишти. Макулуктардын тынчын алган ал коркунуч – азыр да бир аттам жерде бугуп жаткансыды. Эч дабышсыз, бута атымчалык жерден «тарс» этчү жаңырыктан кийин үйүр башын издеген кайберендер удургуп качып, белестен белес ашып сүрдүктү. Шаамүйүз арттан да, алдыдан да көрүнбөдү. Бул үйүргө канча жолу топ карышкырлар кол салган күндөр болду, бирок бир да жолу Шаамүйүздү үйүрдөн бөлүп кеткен карышкыр тобу болгон эмес.

Үйүр-үйүр карышкырлардын тобу алдан-күчтөн тайыган бирин-экин ылаңдууларын же кылоосу түшө элек жаш улактарды бөлүп кеткени гана болбосо, үйүр башын жырткыч тооруган окуя эч болбогон. Кайберендерди баарынан да ушул көрүнүш чочулатты. Болбосо үйүр башы Шаамүйүздөн карышкыр баласы да жазгангансып айланып өтчү, а бүгүнкү окуядачы… Шаамүйүз өзү кана?..

Үйүрдөгү башка бир жандыктын жок болуп кеткени кайберендерди мынчалык дүрбөлөң түшүрбөйт эле, үйүр башынын дайынсыз житкени – коркунучтуу коогалаң али да алдыда күтүп тургансып туюлду макулуктарга… Эми минтип кай тарапка жер оодарып, кай багытка жол баштаарды билбеген аркар-кулжалардын ичинен эркеч чыгабы? Баары туш тарапка элейип, Шаамүйүзгө дайыма жанаша жүрчү алдыңкы топтогуларга тиктеген менен, алар да өз-өзүнчө улам мекиренип жер тепкилейт. Алдыңкы топтогулар тынчсызданган сайын – жакын жерде коогалаң күтүп тургандай; башкаларынын да чочулоосун күчөттү. Адамзааданын колунан жаңырган мылтык үнү кайрадан «тарс» этчүдөй; кайберендер туш-тушка карап элеңдеп, денелери жыйрылып турушту аска боорунда.

«Тарс» деген жаңырыктан сүрдүгүп аскага камалган аркар-кулжалар мындан бираз күн мурда Аксайдын бөксө тоолорунан ооп келишкен. Карышкырлардын чоң үйүрү бөлүп кетпегенде, кайберендердин карааны мындан да калың эле. Кар калыңдап түшкөн сайын күнү куру эмес куугунга алган карышкырлардын амалы тынчтык бербей, – Шаамүйүз баштаган бул үйүр жер оодарып келгенден бери тынчып калышкансыган. Кайберендер азыр бул аскага карышкыр тукуму арттан кууп келалбасын билип турушту, бирок аларга адамзааданын коогалаң салар тарсылдак үндүү куралы көз жетпеген аралыктан да жетип келчүдөй сезилди, жанга жай бербес коркунучтай туюлду баарына.

IV

Аска боорунда эрбеңдеп, сербеңдеп чуркаган Шаамүйүздүн тыным алаар түрү жок. Үйрүнөн адашкан кургур айланага көз токтотуп өз үйүрүн издегенге чамасы жетер эмес. Тыным алды дегиче үстүндөгү адамзаада дагы кайсы шойкомун карматары белгисиз…

Жонунда конуп келаткан жаналгычты мүрдөмгө келтирбей кайсы зоого барып жабыштырса экен, ошондо жаны тынып, үйрүнө кошулат эле. Жанараакта бир урчуктуу асканын жапыз жерине келгенде – жапырайган урчукка жонун кашып өтмөк болгон Шаамүйүздөн да адамзааданын амалы күч экен: чапкенедей жармашып келаткан жаналгыч капталгаа ооп, моюнга ороло калса болобу. Ажал алкымдан алгандай коркунуч кайберен баласын анда да бир чочутту. Болбосо артына кайра бир имерилип, асканын урчугуна жонун сүрүп өткөнгө Шаамүйүздүн акылы жеткен, бирок жонундагы жаналгычтын моюнга ороло калган шойкомунан – өнө бою дүркүрөп коркту. Жапырайган урчуктуу зоокага кайрылып жонун кашыгандан чочуду.

Жонундагы коркунучтуу эки аяк жанды мүйүз менен челип түшүрмөк болгон далай мүшкүлүнөн майнап чыкпаган соң, кайберен баласы да жалама зоонун боору менен жүгүргөндөн башка амалы калбады. Түзөңдүү жерден асман-айга мөңкүп, түйүлүп секирип да көрдү, үстүндөгү жан алгыч ансайын дене бойду титиретип, биротоло жонуна тырмышып жабышканы үрөйүн үркүтүп келатпайбы. Баятан өйдөгө боорлоп жүгүргөн Шаамүйүз эми ылдыйга салып да жан айласын издеди эле – мурдуна жырткычтын жыты урду. Жыт шаштысын алды.

Тумшукка жетпей кайра имерилген Шаамүйүз жалама зоону капталдап бурула берерде, алайган көзүнө төмөн жактагы кызыл тилин жаланган карышкырдын үйүрү уруна бербеспи. Кош коркунучка кептелген кайберен кайра жогорудан жогоруга арышын кербесе, артынан кууган ажал азыр эле жетчүдөй, жүрүшүн ылдамдатты. Үркүндөн каны кызыган кайберен аскадан аскага секирер жолго салды. Туягы жабышар аска боорунан гана карышкырдан караанын үзбөсө, кыртыштуу боордон үйүр карышкырдын камоосуна кабыларын туйду.

V   

Эсинен ажыраган Мукаштын амалы калбады. Алдындагы жаанын огундай сызган кайберен кай аскага апарып талпагын ташка жайарын ойлоп, оозунан келмеси учат, бирок не кыла алмак… Тырышкан буттары эми жазылган кезде кулжанын жонунан шыпырылып түшүп калайын десе, бут таканчыктай турган жер жок – асты зоо, үстү зоо. Кайберен ордунан тура качкан кезде балтыр эти тырышып калган неме чапкенедей жармашкандан башка айла таппады. Буттарынын тарамышы эми гана жазылды. Жазылган менен бир эмес эки курдай оңтойлуу жерден өтүп кетти. Азыр болсо түшүп кеткенге ылаажы табылса кана! Жалама асканын боорунан жумаланып жыгылса, кайда учат…

Жанын оозуна тиштенген аңчынын келме келтиргенден башка амалы болбоду. Кокус көз ачып-жумганча күү менен буту тайып асканын боорунан учса, ит-кушка жем болгондон башка көрөрү не. Шаңкайган зоолордун төбөсүндөгү шаңшыган бүркүт үнү азыр дене боюн дүркүрөткөн башкача сүр, башкача кудурет-күчтүн таасириндей угулду… Баятан Көк Теңирге жалынып-жалбарып тилегени – «кайберен тукумуна экинчи ок чыгарсам, оңбоюн»; «ушундан кийин ууга чыксам жакшылык көрбөйүн»; «жан-жаныбарга мылтык сунсам, ата-бабамдын арбагы урсун»…

Мөңкүгөн кулжанын жонунда такым эти жооруп ачышкан Мукаштын муун-жүнү титиреп, муздак шамалдан токтобой аккан көз жашы салаалап, көпкөк музга айланды. Мурдунан суу шырылдап, мөңгүлүү аска-зоолордун ызгаар суугу сөөгүнөн чучугуна жетип, жанын көзүнө көрсөттү. Селейип тонгон бечара эки колун алмак-салмак жылыткандын бир айласын акыры тапты: мүйүзгө жармашкан бир колун булоолонуп тердеп чыккан кулжанын жонундагы өз чатына сойлотуп жылытты, кайра экинчи колун сойлотту. Антпесе үшүгөн колдору кулжанын шаа мүйүзүнөн ажыраса эле те кургуйга куланып, сөөгү сөпөт болгону. Аскалуу зоонун арылдаган шамалы оодарып кетчүдөй улкуп-жулкуп, кулжа менен кошо аласалдыра тургандай күү менен келип эсин алат улам…

Кырсык тооруган каргашалуу саат өткөндөн бери бир эмес эки-үч белди ашып келген кулжанын алдан-күчтөн тайычу түрү жогуна көзү жеткенде – санаасына эмнелер келип, эмнелер кетпеди. Бала күнүнөн чоң ата, чоң энесинин оозунан миң мертебе угуп чоңойгон Кожожаш мерген жөнүндөгү жомок жомок эмей чын болгону эсин аралады. Кожожаш жөнүндөгү чоң энесинин оозунан уккан жомок турмуш чындыгынан чыкканына мурда эмнеге ынабады…

Зооканын боорун кыялап илкиген кайберендин жонунда жүрөгү оозуна кептелгенде гана Кожожаштын тагдырын кайталар өз тагдырын эмне күтүп турганына санаасы сан учту. Кай асканын боорунда асылып каларын ойлоп, кайберен тукумуна жалынып-жалбарып кечирим сурады. Теңирге жалбарды, жансоогалады. Келмеси түшпөдү ооздон. Мергенчинин оозунан «Манас» жомогу чубурду өзүнөн өзү. Жаңырган үн аскадан аскага, зоодон зоого угулду. Асмандагы бүркүттүн шаңшыган үнү дымыды.

Мергенчинин үнү ташка да жетти, чөпкө да жетти. Кудайга жеттиби? Теңир-Тоонун боорунда сызган кайберендин жонунда сербеңдеп учкан жембаштыктай аңчы оозунан улуу жомок буурчактай төгүлүп берди. Жебе жетпес кайберен сызып учкан Теңир-Тоо боорунда күпүлдөтүп «Манас» айткан мергенчи ажал деген коркунучту бир заматта унутуп, кайберендин жонунда сербеңдеп барат. Эргип… Эргүү менен айткан улуу жомогун асманда шаңшыган бүркүт укту, улуп-уңшуган карышкыр эшти, тынч жаткан аскалардын койну жаңырыктап, белестен белеске ашып жаңырды… Теңир-Тоо кулак түрдү манасчыга.

VI

Туман каптаган аска-зоо ичинде артынан коркунуч айдаган Шаамүйүз чарчоону сезбеди. Жонунда конгон жаналгыч заңкылдап үн созгон сайын жүрөгү туйлап жүгүрдү. Төрт аягы тартпай калгыча жердин түбүнө чейин жетчүдөй күүлөндү. Жонундагы жаналгычтан кутулалбай келатып, жакын жерден карышкырдын үйүрүн көрүп, – шаштысын алды. Көзүнөн учкан өз үйүрүнө кайдан кезигери белгисиз кулжа туш келди арышын керип жан айласын издеп, чоң ашууга жакындаганда гана жүрүшү жайлады. Бул ашуунун тегереги ага те качантан берки көзгө тааныш жерлер эле. Үйүрүн кезиктирер жер да ушул айланада. Чоң ашуудан ары ооп кетсе, бөксө тоолорго кайтып барчудай болуп калды эми. Бирок көзгө урунган те-тетигиндеги ашууга чейинки мөңгүлөрдү айланып өтчү капчыгайдын кайсы салаасына түшөрдү билбеген Шаамүйүздүн алдынан улам бир бөгөт күтүп, артынан ажал кууп алгансыды. Ашууга жеткирчү кайсы жол оңтойлуу көрүнсө ошого салат эле, бирок алыс менен жакынга көз салар кезби ага.

Уңулдаган бороон кайсы кырда ышкырса, Шаамүйүз ошол кырдын жонуна салды. Жана бир колоттун өрүнө салган багытынан күрткүгө тыгылып араң чыккан кайберен азыр шамал ышкырган жон менен өрдү карай беттеди. Асканын кырында ышкырган шамал гана үйрүнөн адашкан кулжага ырайым кылгансыды, жолундагы бурганактаган карды шыпырып-шыпырып, учуруп-учуруп, кайберен кыйла жолун арбытты.

Жонундагы жаналгычтын өлүү же тирүү экенине Шаамүйүздүн акылы жетпеди. Бара-бара жонундагы тыбырап келаткан адамзааданын жытына үйүр алышкансып калды. Адамзааданын асман-айга жаңырган үнү да басылды. Кайберен ашууга жакындаган сайын коркунучтун баары артта калгансып, жонундагы адамзаададан мурдагыдай чочулоону билбеди, кайра ага улам кылчактап карап, түшүп калбадыбы дегенсип көз кыйыгын салат.

Кайберен жоошуй баштады. Тулку бойдогу кытыгысын келтирип, денесин дүркүрөткөн адамзаада ушунчадан бери кол салбаганына жоошуган кайберен бир курдай тып токтоду. Жонундагы жанды сууруп алчудай көрүнгөн адамзаада былк этпеди анда да.

Шаамүйүз бөксө тоолордун арасын аңкайып тиктеп, жакында өз үйүрүн баштап жер оодарып келгендеги ашуунун белин тааныды. Бул жерлер анын те качантан бери эсинде… Үйүрүнө көз чалдырып, добушун салды. Мекиренип маарады. Көзү тумандап, жер айлан-көчөк тегеренип турду. Бүгүнкү таңзаардагы үзүк-үзүк окуя азыр да кайталанчудай. Ооба, азыр да. Так ушинтип айланага көз чаптырып турган маалда как маңдайы «жарк» дей түшкөн. Буга чейин канчалаган кулжалар менен карсылдаша сүзүшкөнү бар, бирок биринде да жер астын-үстүн тегеренип кулап түшкөн окуя болгон эмес. Катуу күү менен келип сүзүшкөн күндөрү көзүнөн от жанып, кайра караңгылашып, жер айлан-көчөк тегеренип башы айланчу, эпаада атаандашынын каршылыгына аягына чейин туруштук берчү. Эзели кулап жыгылган эмес. А бүгүнчү? Кулагына ышкырган үн жакын келгенде, как маңдайына көзгө илээшпеген бир нерсе «тырс» этип тиер замат көздөрүнөн учкун жанып, кулагы чуулдаган Шаамүйүз жер айлан-көчөк тегеренген үчүн кулап жыгылган. Башка эч нерсе эсинде жок…

Жонундагы жаналгычты көрүп, асканын боорун көздөй жүгүргөнү гана эсинде. Ошондон бери асман-айга түйүлүп чуркаган Шаамүйүз туяк шилтер алы калбаганын эми сезди. Мындан ары арышын керүүгө кубаты жетпесин туйду. Жонундагы адамзаададан кооптонуп турса да, калтырак баскан тулку боюна ээ боло албачудай; төрт аягын бүгүп, жата калды. Дарманы калбаган денесин кайра көтөрө албасын билди. Деми бираз басылып, каны катып суусаган кулжа кар сугунду. Суусунун кандыра албаса да мөңгүнүн муздак карын бурдай-бурдай аймаган жаны кубат алгансыды. Бирок тургусу жок. Магдырап уйку тартып, көзү жумулуп барат. Ордунан козголмок болду эле, буттары тартылбады. Тулку бою жанчылып, тушалып калгансыйт.

VII  

Кийиктин былк этпей үргүлөп жатканын көргөн Мукаш эми жөө жалаңдап кайда барарына акылы жетпеди. Туш тарабы аска зоого курчалып, адам буту басып келбеген Теңир-Тоонун мөңгүлүү аска-зоолорунун арасында калар күнүм ушулбу деп турганы. Кожожаштын тагдыры өз башына келгенине ишенгиси келбей муңдады. Артка да, алдыга да кетер жол таппай, аскада калат деген ушулбу деп кур жаны: жерди муштады, өзүнүн жумуру башын муштады. Ордунан тегеренип айласы куруган мергенчинин көзүнө асканын боорунда чекчейип карап турган Суречки илинди. Көргөн көзүнө ишенбеди. Суречки айласы кетип карайлаган мергенчиге аскадан ылдый кадалып тиктеди. «Эй, адам баласы! Төрт түлүк малың туруп, кайберен тукумуна мылтык сунганың калелекпи?!»; «Ачкөздүгүңдү улантканды койбодуңбу?!» – бүт айлана жаңыргансыйт.

Суречки артына кайрылды. Артына улам кылчактап, асканы боорлоп бараткандагысы – «мени ээрчи» деген азгырыктай…

Суречкиден көзүн албай тиктеген Мукаш жерге чөгөлөп жыгылып, кайберен тукумунан жалбарып кечирим сурады. Суречки кулак салгансып тыңшап, аска бооруна аңкайып токтой калды да, Мукаш ордунан турган кезде көздөн кайым болду…

Күн уясына салаңдап калыптыр. Айла жоктун иши экен, мергенчи тирүүлүктүн күрөшүндө; какырап кургаган арча тамырын жыйнап канча көп үйсө, арчалар да анын башына ошончо чоң азапты үйдү. Асканын далдоосундагы бөксө жерге тегеректен отун жыйып келген менен от жандырмагы тозоктун тозогу экен. Айланадан тамызгылык табылбай, таштардын коңулунда жаткан кургак чөп-чар аттууну кучак-кучак терип келгени менен туш-тушунан удургуган шамал отту жула качат. Оңгулуктуу жандыртпай айласын курутту. Чөнтөгүндөгү жарым пачке тамекинин махоркасын үбөлөп күйгүзгөндөн башка амал таппады. Калтырап-титиреп үшүгөн бечаранын чөнтөгүндө беш-алты баш гана күкүрт калды. Ширеңкенин арбир талы анын өмүрүнөн артык санала баштады эми.

Өмүрүнүн бир да күнүн санабай келген Мукаш азыр ширеңкенин талын санаганга өттү. Кокус беш-алты талдын биринен да от жандыра албаса кантти?! Адам баласы өмүр баркын отсуз жерден сезери аңчынын башына эми жетти. Ушул ой башына келгенде өмүр менен өлүмдүн аралыгы жакын туюлду. «Жок, жок! – деди. – Жамандыктын бетин ары кылсын». Ызгаар суукта селейип тоңгон мергенчинин от жандырууга эби келсечи. Суук күчөдү. Аска-зоо башындагы үч жарым миң метрден ашуун бийиктиктеги ышкырган шамалдын күүсү бир тал ширеңкени көз ирмемчелик убакытта кандай жалп өчүрсө, адам өмүрүн да бир тал ширеңкенин жалп эткен учкунундай өчүрөр кезеңге кезикти. Керээлдин кечке зоолордун башын, аска боорун кыялап жүгүргөн кулжа менен болгон күрөш бир тең, эми минтип ызгаар суук менен кармашуу бир тең болду. Кулжа болсо ордунда козголор эмес. Тырп этер алы калбаган кийиктин качып кетер түрү байкалбайт. Анда-санда көзүн ачып үргүлөгөн макулуктун камаарабай жатканын көргөн мергенчиге кийиктин качып кетер-кетпеси баарыбир болучу.

Ымырт таңда үйүнөн чала тоюп чыккан өз жанында жаки үзүм нан болсочу. Суукка кайыгып, өзөгү аңтарылды ачкадан. А өзөк жалгаштан мурда, азыр көзүнөн учкан бир гана нерсе – жалбырттаган от. От жандырып алсам, калганын көрө жатам деди. Суукта селейген мергенчинин эки кулагы дуулдап, кол тийгизер эмес. Тыз-тыз оорусунан эле эки кулакты үшүккө алдырганын билди. Көздөрүнүн курчу кеткенсип, салаалап аккан жашы токтогус болду. Эми ай-талаада колу-бутумду үшүккө алдырбасам экен деп санааркаган кургур от жандыра албай карбалас.

Күн уясына кирер убакыт улам кыскарып, омсоңдогон бечара карайлаган караңгы түшкөнчө – кудайдан тилегени эле от. Бөкчөңдөп жерге жата калган Мукаш быкшыган от жылт эте калса, калтыраган колдору менен отту калкалап өчүп калбаса дейт.

От жангансып барып дымып калат. Күн, уясына кирип, айлананы караңгы каптады. Удургуган шамал жылт-жулт жанган учкундарды сапырып кеткени жанына батты. Чөгөлөп отура калып, Көк Теңирге алакан жайып от тиленди. Боздоп ыйлап тиленди. Колунда эки тал күкүрттүн башы калды акыры! Кулагына карышкырдын улуганы жетти. Улуган үн жакындап келе берди. Жаңы эле жонуна кийген купайкени кайра чечип, тамызгылыкка деген кургак чөптүн үстүн жапты. Купайкенин астындагы нымдашкан чөптүн түбүнө чымчыктын уясындай оюк жасап, уячанын ортосуна баятан бери быкшып күйбөгөн махорканы аярлап уучтап салгандан кийин тамызгы тутана баштагансыды. Кызыл жалын жалп этип кайра өчпөсүн деп купайкенин бир өңүрүндө чубалжыган кийизди үзүп, кызарган жалынга жакындатты. От тутанып, жашоого болгон үмүтү жанды. Көзү да жанды мергендин. Отко сыңар тизелеген Мукаш башын көтөрөр замат маңдайында оттой жанган жылтыр нерсени көрдү.

Жылтыраган ал от бир аттам жерде турган ач карышкырдын көзү эле.

Эки көзү күйгөн карышкырды көргөн мергенчинин денеси да оттун жаңы тутанган учкунундай «дүр» дей түштү.

Айталаада айкырык салган Мукаш жырткычка айбат көрсөтмөккө жерден таш алып урду. Карышкыр көздөн кайым болуп жоголуп, бир убакта улуй баштады. От чыртылдап күйгөн кезде мергенчинин санаасы тына түштү эле, көп өтпөй отту курчаган карышкырлардын тобу пайда болду. Аска тоо койну мергенчинин айгай салган ачуу үнү менен карышкырлардын улуганынан жаңырып турду.

VIII  

Элеңдеген Шаамүйүз ордунан шап секирип турду. Көз алдындагы кызыл жалын тирүү жандай туюлду ага. Мындайды ал өмүрүндө биринчи кезиктиргени. Соймоңдогон кызыл жалын улам көкөлөп, кайра ылдыйга жапырылып бийлегенин тиктеген макулук эңги-деңги. Карышкырлардын үйүрү бир заматта пайда болгону да кайберенди кайпактатып, кайда качаарды билбестен асканы карай дыр койду эле, алдын торогон карышкырларды көрөр замат артына кайра кайтты. Аз жерден азуу тиши шакылдаган карышкырлардын бири чандырына келип жабышаарда асманга түйүлүп секирип аман калды. Биринен бири озунуп жалаңдаган карышкырлардын экинчиси алдынан тосуп моюнга асыла берерде – анысын чала-чарпыт челип сүзүп кутулса, дагы бири капталдан качырып, көз ирмемге жеткирбей чандыр эттен бурдай тиштегенге үлгүрдү. Жандалбаса түшкөн кулжанын арткы буту карышкырдын кара кушуна дадил шилтенген экен, көк жал кашаба көмөлөнүп жыгылды. Ошол жыгылган бойдон тыбырап жатканын көргөн Шаамүйүз даа бир ирет мүрдөмгө келтирбей жабыштыра сүзмөк болуп – топ карышкырлардын арасына кайра кирип баргандан кооптонду. Ал азыр мергенчини караан тутуп, адамзааданын жанына байырлады. Шаамүйүздүн туюмунда азыр мергенчиден башка коргоочу жоктой.

Жалын оттун аркы бетинде карышкырлар кызыл тилин салаңдатса, берки бетинде далбастап чуркаган адамзааданын жанбүдөгө түшкөнүн тиктеген кулжа ордунда катты. Экөөнүн кайсынысы коркунучтуу жырткыч экенин ажырата албаса да төрт аяктуу карышкырга караганда эки аяктуу адамзаадада ырайымдуулук бар экенин сезди. Береги кызыл жалын бирде жандуудай, бирде жансыздай туюлуп, азыр адамзаада экөөнө ошол кызыл жалындан башка коргоочу жоктой. Болбосо курчоого алган карышкырлардын үйүрү эбак кол салмак. Кызыл от ага сүрдүү да, сырдуу да көрүндү. Кызыл жалындан тараган жылуулукту күн нурунан анча ажырата албады. Алоолонгон от жарыгы асмандан төгүлгөн ай нуруна анча окшошпой, эңги-деңги эсинде: өзү асмандагы бийиктиктен жерди тиктеп тургандай элестеди. Кызыл оттон чачырап жылт-жулт жанган жалындар жылдыздар сыяктуу күйүп-жанганы…

Ай да, күн да, жылдыздар да жерге төгүлүп түшүп, өзү асмандагы бийиктиктен жерди тиктеп тургансып элейди кайберен. Өзүнүн улак кезиндеги шоктугу элейген Шаамүйүздүн эсинен алигиче кетпептир: бир кездеги аскадан аскага оюн салып секирген улак асмандагы айды мүйүзү менен челип түшүрчүдөй бийик аскадан улам бийик аскага секирчү. Түнкүсүн асканын башынан салаңдап көрүнгөн ай көзүнө жакын көрүнгөндүктөн – бир аскадан экинчисине чуркап, бийик асканын учуна жетсе эле айды ача мүйүзүнө илип келүүчөй жүгүрчүү. Энекеси артынан калбай мекиренип ээрчип алчу…

IX

Башында карышкырлардын топтошкон үйрүнөн эси чыгып кыйкырык-чуу салган Мукаш бара-бара өзүн өзү колго алды. Антпесе жырткычтардын курчоосунан жанын аман алып калышка адамдык амалдан башка куралы жок эле. Алоолонгон отту күчөтүп, колу жеткен жерге чок таштап, арчаларды кыдырата жалындатып өрттөгөндөн башка айласы болбоду. Айлананы кызыл жалын каптаган сайын караңгыда көзү күйгөн карышкырлардын карааны бириндеп барып, житип жоголду. Карышкырлар караңгы түнгө сиңип кеткенисиди.

Жырткычтарга чартылдап күйгөн арчалардын алоо жалыны бир заматта жанды жалмап кетчү коркунуч сезилгендир: айдарым желге жалбырттаган от – бирде калдайып асманга көтөрүлүп, бирде капчыгайдын чолок күнгөйүндөгү какыраган арчалардан кайра арчага жабышып күчөнгөндө, алоо жалын улам жайылып баратканын көргөн үйүр карышкырлар бир заматта куйруктарын чаттарына ороп жоголушту. Коюу түтүн капчыгай ичинде жортуп жүргөн үйүр карышкырлардын артынан кууп кеткендей, теребел бир убакта тынчып калды.

Аксайдын бөксө тоолоруна түшө бергендеги чолок күнгөйдүн боорун шамалдын илебине жапырылган кызыл өрт жалмап, арчалардын аңкыган жыты бир заматта Теңир-Тоо койнун аластап кеткенсиди. Чай кайнамчалык убакытта өрт чалып кеткен күнгөй боорунда жер жайнаган арчалардын түтөп жатканын көрүп Теңирден кечирим суранды. Теребелди арчанын көк түтүнү каптап бергенде, эсине чоң энеси келди.

Айыл эли Бүбү-Эне атаган чоң энесинин арбагына жалынып-жалбарды ичинен. Бала күнүнөн чоң энесинин үй арчалап, «алас…алас…алас, ар балээден калас» деген ырым-жырым кебинин мааниси эмнеде экенине мергенчи ушул күнгө дейре чала түшүнсө да, жүз жылдар бою жапжашыл түсүн сактаган арчалардын касиети эмнеде экенине акылы айраң. Ыраматылык чоң энеси качан болсо бүбү-бакшылардын ыйык тукумунан тараган кыз экенин бир айтып да, миң айтып коё албаган кары эле. Арчанын касиетин айтып түгөталбаган чоң энесинин сыйынганы дайыма Теңир менен тоо-таш, мазар, суу, анан эле арчалар болор эле. Босогобуздан жамандык аттабасын деген ырымчыл ошол кемпир токсон тогуз жаш өмүр сүрүп, өмүр соңуна чейин үйдү арча менен аластаганын койбойт эле. Кийин анын өлөрүндөгү акыркы керээзи Мукаштын эсине негедир эми келди. Арчада кандай касиет бар экенин чоң энесинен эмнеге билип калбады экен шондо…

Өлөр алдындагы кемпир жаздыгынын алдындагы таар баштыкты сууруп чыккан. Баштыкты колуна алып: «Балдарым… – деген, – менин эми өлөрүм калды, өсөрүм жок. Мендей арчанын өмүрүн жашаган адам баласы аздыр. Бир кылымдык өмүрүм өттү, арманым болбоду. Арманымды башым менен кошо кетсин десеңер, мынабул баштыктагы кургатылган арчалар мен өлгөн күнү кабырыма кошо барсын, кошо көмүлсүн. Кабырымдын алдына арчаны тегиз жайгыла. Карыш жерине жетпей калбасын. Бул мени Умай-Энебиздин бешикке бөлөгөндөгү колу тийген арча. Бул арчага Умай-Энебиздин дубасы тийген. Мен жаткан бешик арча бешик эле. Ошол арча бешик мага деп чабылган. Арча гүлүн мен бешикке бөлөнгөн күнү Умай-Энебиз батасын арнап башыма жаздаган. Бул баштыкка Умай-Энебиздин дубасы тийген үчүн дартка шыпаасы тийип, бир журттун эли, бир журттун тукуму аман калган», – деген чоң энеси те илгери элдин арасын чечек оорусу каптап, ошол дартка дабаа табылар касиет бир гана арчанын гүлүндө болорун божурап жүрүп, эмчилик-домчулугун өз башы менен одүйнөгө кошо ала кеткен экен эми ойлосо…

Эми ойлосо… чоң энеси «акма кулагым» деп бекер айтпачу тура. Ошентсе да неберелеринин ичинен Мукашты бооруна көп тартты кемпир. Мукаш да чоң энеси кайда барса, этегине жармашып ээрчип алчу. Конокко ээрчип баргандан мурда, кайсы бир сыркоолоп жаткан адамдын үйүнө кошо барганды кызык көрчү. Ага чоң энесинин элдикине баргандагы эмчи-домчулук кылгандары анык сыйкырчынын касиетинен өткөн бир укмуш болучу. Кокус бирөө-жарымы төшөктө сыркоолоп жатса, айыл эли түз эле анын чоң энесин чакыртышчу. Бүтүндөй айыл эли анын чоң энесин чыдамсыз күтүп отурушкан болор эле. Кемпир кайсы үйдүн улагасын аттабасын: «Оо, Умай-Энебиз келди!» – дешип, көздөрү үмүттүү жанчу. Кемпир да сыркоолуу деген адамдын тамырын кармап көрөрү менен, адатындай же «сууктан», же «ысыктан» дечү. Башка аныктамасы жок эле. Агер сууктан сыркоолоп калганы болсо, «коломтоңорго от жаккыла» деген кемпир Мукашка көтөртүп койгон куржун көзүндөгү кычкачты алып, кызарган отко көмчү. Кычкач кыпкызыл болгон кезде бир аяк сууга таар баштыгынан үбөлөнгөн кургак чөптөн бир-эки чымчып салып, оорулуунун башынан суу айлантчу. «Сүф-сүф-сүф», – дечү да, кызарган кычкачты адамдын кай жери ооруса ошол жерине жакын тутуп, оозуна жуткан сууну кызарган кычкачка бүркүп, кызарган кычкачтан «быш-быш» деген үн чыкканын карап отурган Мукашка чоң энеси коркунучтуу касиеттин ээсиндей көрүнчү.

Аяктагы сууну оозун чулчуйта ууртаган чоң энесинен кээде кичинекей балдар түгүл чоңдор да бүрүшүп коркуп отурганын Мукаш карап отурар эле. «Теңирим колдосун, тоо-таштын касиеттүү суусу колдосун» деген батасынан кийин сыркоолуу адамдын үстүнө кабат-кабат төшөк жаптырып, «эртең туруп кетет» дегенден башка кеп айтпастан, небересин жетелеп жөнөй берчү. Айткандай эле эртеси сыркоолуу деген адам короосунда тирилик кылып жүргөнүн көргөн Мукаш чоң энеси элдин дартына дабаа болор эмне балээ кылганына акылы жетпей, суроо артынан суроо берип кемпирди да чарчатчу, өзүн да чарчатчу. А «ысыктап» калган оорулууга суу дубалап бергенден башканы кылбаса да, төшөктөн баш көтөрбөй жаткан оорулуу адам көп өтпөй адам сабына кошулуп кеткенине Мукаштын ушуга чейин акылы жетпейт.

Акылы жетпеген даа бир окуя: чоң энесинин колунан түшпөгөн аса таягы менен артына шалдыратып илип жүргөн алтын-күмүш чачпактары толтура болор эле. Ошол буюмдардын баары кемпир өлгөндө эмнеге кошо көмүлгөнүн Мукаш ушул күнгө чейин түшүнбөйт. Чоң энесинин жаны үзүлгөн күнү бир колу аса таягына, бир колу жаздыгынын алдындагы чачпагына карышкан бойдон калганын айыл-апанын кемпир-кезектери үйгө келгенде көрүштү. Көрүштү да: «Бүбү энебиз өз касиеттери менен буюмдарын артына тапшырар кишиси жок экен. Кабырына өзү менен кошо көмбөсөңөр болбойт» дегенин тууган-жаат түгөл эп көргөн.

X  

Анда-санда улуган үндөр алыстан эшилип, мергенчинин жүрөгү калыбында. Кайберен тукумунун да мурдагыдай элеңдеп корккону басаңдап, жер тепкилегени басылды. Каны катып суусаган Мукаш кардан бурдай-бурдай сугунуп, демин басканда – мурдуна күйүктүн жыты келди. Куйкум жыттанган тарапка кулак түрдү, оттун чыртылдаган дабышынан башка үн угулбайт. Каңырсыган күйүк жакын эле жерден мурунун өрдөдү. Жыт искеп баштады.

Жыт буркураган сайын ачкарын неменин курсагы курулдап, зоолордун арасындагы каңырсыган куйкумдун жытынан улам тамак эңседи. Күйүк жыт келген тарапка улам жакындап, тааныш жыт – оборун оодарды. Көзү бир убакта жапалак арчанын түбүндө шыркырап күйүп аткан нерсеге кадалды. Эңкейип караса, эки жоон арчанын түбүндө май чачырап күйүп атат. Жүрөгү жакшылыктын жышаанын туйгандай, шыркырап күйүп аткан нерсеге колу жеткенче шашты. Жоон арчанын бутагы менен кызыл чоктун ортосунда куйкаланып аткан нерсени чукулаган мергенчинин мурдуна эттин жыты урду. Аңчылыктын уусун билген Мукаш өз насибине буюрган даяр олжого шилекейин агызып, көздөрү жалжылдап жанды. Бул мезгил – Теңир-Тоо койнундагы майда жандыктардан коёндон башкасынын баары чээнге кирип кеткени, демек бул бечара коёндон башка жандык болушу мүмкүн эместир.

Баятан берки айланадагы адамдын айгайлаган ачуу үнү зоодон-зоого жаңырып, улуган карышкырлардан сүрдүккөн коён кирер тешик таппай, коюу арчанын түбүн пааналап келип жалын отко кабылганбы же коркконунан күү менен жүгүргөн коён жоон арчанын түбүндөгү ачакей дүмүргө кыпчылып калганбы, айтор, акыры ал кайраты кетип, карды ачып турган мергенчинин кекиртегине буюрган экен…

Отко куйкаланган коёндун этин тоё жеген мергенчинин кубаты бекемдеп, жаны жай алып калды. Басаңдай түшкөн отко бир аттам жердеги отундан таштап коюп, кулжага көз салды. Макулуктун да жаны жай ала түшкөндөй, төрт аягын бүгүп бейгапар жаткан калыбынан жазар эмес. Негедир ал адамзаадага бир заматта көнө түшкөнүбү же үрүл таңдан бери буту үзүлгөнчө ашуудан ашуу басып тынымсыз жүгүргөнгө шайы оогонбу, козголор эмес. Же ага үйүр карышкырлардын тобуна өзү жалгыз айкырык чуу салып айбат көрсөткөн адамзаада кадыресе ишенимдүү коргоочу туюлдубу, айтор, макулук болсо да жалын от менен адам баласынын жанына эчбир жырткыч жакын жолой албасын туйгандай байырлады…

Мукаш тескейди беттеп жаткан кайберенге жакын келип, макулукка жаны ачып, не кыларын билбеди. Мойну жеткен жердин чөбүн жатып алып оттогон кайберенге мергенчи боор толгоду. Анда-санда алыска кулагын түрүп селейгени болбосо, ордунан козголор эмес. Улам боортоктоп жылып, кар алдынан кылайып көрүнгөн тоонун чөбүн оттоп көздөрү жайнаган жаныбарга жакындады. Маңдайынан сылагысы келди, бирок чочутуп аламбы деди. Кокус тынч жаткан ордунан үркүтүп алсам, бу макулукту карышкырлардын топтошкон үйүрү алыска узатпай жем кылат деген ойдо – кайра артына имерилери менен көзү жылтыраган топ карышкырлар тескейдин боорунан жылып келатканын көрүп, жүрөгү оозуна кептелди.

Төбөдөгү ай жарыгынан тегеректеги кыймылдын баарын тиктеген кайберен да селт этип ордунан тура калды. Мергенчиге карышкырлар жакындап келатканы деле анча чоң коркунучтай туюлган жок, анын корккону – баятан берки алоолоп күйгөн оттун табы басаңдап баратканы. Үйүп койгон отундун жарымынан көбүн жанараакта жер бетин каптап кеткен өрт жалмап койгонун эми байкады. Карбаластап колуна тийген отундарды жалындын үстүнө үйгөн мергенчи от үзүлүп кетпесин үчүн жаны үзүлчүдөй далбастап баштады.

Туш-туштан карышкырлар улуган сайын элеңдеген кайберен мергенчини айланчыктай жүгүрдү. Мергенчи буту жеткен, колу жеткен отунга эңкейген жерге чейин колго көнгөн жаныбардан бетер кошо ээрчип алды макулук. Ангыча Мукаш оттон бир-эки аттам алыс жердеги арча дүмүрүн жула албай тырбалаңдап аткан көз ирмемде – түйүлүп секирген карышкыр мергенчини жоон билектен бурдай тиштебеспи. Кырсык тооруп турган мергенчинин колдоочусу кайберен белем, жерге жыгылган адамзааданы сүйрөп кетер карышкырга Шаамүйүз жакындан тап берди эле, мергенчини сүйрөп кеткенге үлгүрбөгөн жырткыч өз жанын ала качканча шашты.

Жанга арачы түшкөн кайберендин акылына Мукаш эми не деп алкыш айтаарын билбеди… Ай-талаада эш болуп жан коргоого өткөн адам менен кайберен тукуму бири-биринен алыс узабады. Экөө бири-биринин тилин түшүнбөгөнү менен, дилдеги түшүнүккө жеткендей болушту.

Тегерете курчоого алган ач карышкырлардын сүрүнөн чочулаган экөөнү кудайдын кудурети бириктирип койду, тез эле бири-бирине шериктештен бетер жан коргоонун айласын издешкенге өттү. Бири адам тукуму, бири кайберен тукуму деген менен, экөөнүн жан айласы бир болуп калды заматта. Мергенчинин көзүнө кай жерден отун көрүнсө, ошого чуркады. Эки колундагы жалбырттап жанган отту түшүрбөй тызылдап жүгүргөн мергенчиден калбай Шаамүйүз да кошо чуркап, арты-алдына абай салат. Аңчы менен кайберен улам жер которуп, боор ылдый түшкөнгө ыктай беришти. Экөөнүн артынан караан үзбөгөн карышкырлар бирде суюлгансып, бирде үйүрдүн артынан үйүр кошулуп, ар кай жерден көрүнгөн от жылтырап-жылтырап артта кала берди.

“Карышкырга мен жем болсом да, сени аларга жем кылып салып бербесмин” деп күбүрөнөт Мукаш.

ЭПИЛОГ

– Жаныңды жебечи! Кудайды карап калп айтсаң биртке, – дешти кийин Мукаштын бул баянын эшиткендер.

– Ишенбесеңер… – айласын таппай чебелектейт Мукаш, – Опон менен Акматбектен сурасаңар.

– Алар жаныңда болгон эмеспиз дешти го.

– Ооба, жанымда болгон эмес, бирок мен кулжаны атаардан мурунку күнү алар менен карта ойногонбуз, түн оогончо… Алар Көк-Аргында кыштаган чабандарга жем-чөп жеткирмек, а мен Таш-Кыянын жонуна ууга чыгып… Эртеси эле… жок, эки күндөн кийин… алар мени Көк-Аргындан түз эле балниссага жеткиришпедиби…

– Эй, Мукаш, – дешет айылдаштары ансайын, – Таш-Кыя кайда, Көк-Аргын кайда? Кийик минген киши бир күндө кантип Аксайдын Көк-Аргын кыштоосуна жетип барсын? Жомок айтпачы бизге… – шылдыңга алып күлүшөт огош бетер.

– Эй, баламдын өтүн ичейин калп айтсам! – айласы кетип карганып баштайт Мукаш кургур.

– Төөгө мингем десең ишенет элек. Анан эми мүйүзү аркайган жапайы кайберенге мингениңе киши ишенеби? Сени күтүп уктап жатыптырбы ал эмне? – күлкүгө алышат тели-теңтуштары.

– Мени эмне, Көк-Аргын кыштоосуна асмандан түштү дейсиңерби анда?.. – Мукаш чычалайт ансайын тигилердин кебине далил таппай. – Аякка эмнеге бармак элем?

– Таш-Кыянын кийигин калтырбай кырып атсаң, акыры Аксайдын бөксө тоолорун көрүп келгени баргандырсың да, – Мукашты чычалатмакка азил кептин учкундаган отуна улам тамызгы ыргытып коюшат достору.

– Чалгын жүргүзүп десең… Ушу мергенчиге Аксайды бир көрсөтүп коёюн деген экен да кайберен тукуму, – кыраан-каткы күлүшөт.

– Жомок эмес бул, – өз чындыгын айылдаштарына жеткире албай чырылдаган Мукаш Таш-Кыя, Кенбил тараптагы тоолорго кол жаңсайт. – Мыногу белден ары ашып түшсөң эле Аксай экен, Көк-Аргындын үстүнөн түшөт экен киши.

– Мунуңду бизден башка киши укпасын, – деп достору ансайын күйгүзөт. – Акматбек менен Опон сени Аксайда эсин жоготуп, кара таштын түбүндө томурайып тоңуп жаткан жеринен больницага жеткиргенбиз дешти го.

– Мен таштын түбүндө томурайып жатпай эле… Көк-Аргындагы чабандар дүрбү салып көрүптүр бизди.

– Бизди деп кимди кошуп алдың жаныңа.

– Кайберен экөөбүздү, – дейт Мукаш. – Чабандар мага карай келаткан кезде жанымдагы кулжа тоо боорунда жайылып жүргөн кийиктердин үйүрүн көздөй качты. Мени болсо чабандар үйлөрүнө алып барганда, Акматбек менен Опонду ошол жерден көрдүм…

Жоро-жолдош, айылдаштары Мукашты ушинетип күүлөп-күүлөп келип, «Манас» айттырышат анан. Аны чычалатып отуруп ошого жеткиришет. Мукаштын эч бир сөзүнө ишенбеген кыязда азилди күчөтө келгенде эле, Мукаштын «Манас» айткан эргүүсү ойгонот. Ансыз «Манас» айттыруу мүмкүн эмес ага. Өз чындыгын далилдеп бермекке:

– Маминтип өзүнөн өзү «Манас» айтпадымбы, – деп анан баштайт…

Айылдаштары Мукаштын «Манас» айтканын өмүрү уккан эмес. Кийин эле Аксайдан кулагын үшүк алып, колу-башын үшүк алып, врачтардын жардамы менен жаны аман калган окуядан кийин эле «Манас» жомогу баш болгон «Кожожаш», «Эртөштүктүн» баяны Мукаштын оозунан чубуруп баштайт.

Айылдаштары жомок уккулары келсе эле, Мукашты чычалатмакка:

– Баягы калпыңды дагы бир жолу айтып койчу, – дегенден башташат кепти…

2014-2019-ж.ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.