Ингуш эл жомогу: Коён менен ташбака

Бир ирет токой аянтчасын кимибиз мурда айланып чыгабыз деп коён менен ташбака мелдеше кетет. Ташбака ордунан козголот, коён болсо: «Тезде, тезде, ташбака, барыбир мен сенден ашып кетем» деп бадал түбүндө кебелбей жатат. Бирок ал текеберсинип жатканда, ташбака кыбыраса да – токойду айланып чыгар болуп калган экен. Коёндун шаштысы кетип ташбаканын артынан тызылдап чуркайт. Жетпейт. Кеч болуп калыптыр. Болбосо коёндой күлүк жаныбар барбы, тек ал, жамбаштап жата берген – ташбакадан да артта каларын ойлогон эмес турат. Кептин баары сүттө Бир атчан […]

Мээрим Сайдилканова: Мен балдарымды эмес, балдарым мени тарбиялап жатышат

ЭССЕ Жан дүйнөм дагы алыстарга учуп кетти: акылым, кыялдарым өтө эле алыстарда,  кээде кайсы жерде жүргөнүмдү да унутчу болдум.  Өтмүшүмдө да, келечегимде да эмесмин, учур чакта такыр эле жокмун… ♦ ♦ ♦ Мени капаланттың.  Бирок, капалантканыңа санааркаганың – капамды жойду. ♦ ♦ ♦ Көчөгө чыгып кол булгаласаң сөзсүз бир такси токтойт.   Бирок,  мен сен үчүн нөшөрлүү жамгырда токтой турчу жалгыз таксиң болчумун. ♦ ♦ ♦ Достордун нөшөрдүү күндө да сактана алчу бир таксиси болууга аракет жасашың керек, Жан! Мен нөшөрдүү […]

Дилазык: Окуучулардын оюну

(Мевланадан бир аңгеме) Илгери бир мугалим болгон экен. Ал мугалим эч качан эс алууга чыкпаптыр. Ар күнү мектепке тыкан кийинип, даярданып келип сабак өтчү экен. Балдар анын сабакты калтырбай келип, тынымсыз сабак өтө бергенинен аябай жадашат. Бир-эки күн эс алгылары келишет. Бир күнү алардын бирөөсү: «Мугалимибиз ооруп калса, биз дагы эс алат элек. Бирок анын ден соолугу чың да! Кандай айла кылсак?» — дейт досторуна. Ошол учурда башка бир окуучу: «Эгер ал оорубаса, анда биз ага жардам берели. Биз аны […]

Элдияр Элчибек: Келесоолор (конкурска № 10)

АҢГЕМЕ — Булар коомго артылган жүк болду,- деди кары киши көпчүлүк көзүнчө «аким уулду» көрсөтүп. — Ушундай оор жүк менен кантип алдыга жылабыз! Күчүнөн кеткен карынын кеби отургандардын демин кысып жиберди. Алар: өзүнүн жүк болгонун билер бекен?- деп ойлошту. Карынын өзүнөн мурун сөзү жүк. — “Аны алып бер, муну жасагыла, мени жетелеп чыгаргыла, отургузгула, тургузгула” деген наалыма сөздөрү жүк,- деди четте отурган келиндери. Короодогу өрүк бактын түбүндө, август айындагы үлп эткен жели жок, ысык күндөн качып, көлөкөдө отурган кары адамдын […]

Сабак: «От» дегенден ооз күйбөйт (2-бөлүк)

<<<<<<< Башы — Эки тилдүү эмес, бир гана орус тилдүү кыргыздар мамлекеттик структураларда абдан көп. Эл башкаруу чөйрөсүн кыргыздаштырууда алар ата-теги кыргыз болгону үчүн бийик өкмөттүк мансаптарды ээлеп калбадыбы. Маселен, Коргоо министри Эсен Топоев кыргызча жазмак түгүл, сүйлөй албайт. Мындай кыргыз эсебин көбөйтүп жүргөн «тили буруулардан» энесинин же атасынын тилин үйрөнсүн деп талап кылууга болбойбу? — Топоев өзүн сыйлабаган («самоуважение» дегени жок) киши турбайбы. Ал сыяктуулардын башына «ушул мансаптарды паспортубузга «кыргыз» деп жазылганы үчүн ээлеп отурабыз, Кыргызстан союздаш республика бойдон […]