(Мевланадан бир аңгеме)

Илгери бир мугалим болгон экен. Ал мугалим эч качан эс алууга чыкпаптыр. Ар күнү мектепке тыкан кийинип, даярданып келип сабак өтчү экен. Балдар анын сабакты калтырбай келип, тынымсыз сабак өтө бергенинен аябай жадашат. Бир-эки күн эс алгылары келишет. Бир күнү алардын бирөөсү: «Мугалимибиз ооруп калса, биз дагы эс алат элек. Бирок анын ден соолугу чың да! Кандай айла кылсак?» — дейт досторуна.

Ошол учурда башка бир окуучу: «Эгер ал оорубаса, анда биз ага жардам берели. Биз аны ооруганына ишендирели» — дейт. Ошентип, класстагы окуучулардын баары бул ойду жактырып, чечим чыгарышат да сүйлөшүп алышат.

Эртеси мугалим адаттагыдай мектепке киргенде окуучулардын бири кабатырланган түрдө: «Агай, жүзүңүз саргайып кеткен го… Кебетеңиз да алсыз көрүнүп турат. Эмне, ооруп жатасызбы?» — деп сурайт.  Мугалим: «Жок, мен ооруган жокмун» — деп жооп берет. Бирок балдардын улам бири «Бирок агай, сиз бүгүн башкача көрүнүп турасыз. Дене табыңыз көтөрүлүп жатабы? Сасык тумоо болдуңузбу? Эмнеге мындай болуп калгансыз?» — деп сурай баштайт.

Мугалимдин башы айланып калат. Ооруп турганына чындап эле ишене баштайт.  Дароо мектептен чыгып, үйүнө келет. Балдар да анын артынан келишет. Өзүн оорумун деп эсептеген мугалим дароо төшөккө жатып, үстүн калыңдап жамынып алат. Артынан кошо келген балдарга кайрылып: «Силер үйүңөргө бара бергиле. Бүгүн сабак болбойт» — деп, аларды кетирип жиберет. Муну уккан окуучулар сүйүнгөн бойдон эшикке чыгышат. Баарынын маанайы ачык, көңүлдөрү шат! Мугалим мектепке келе албай калганы үчүн эртеси күнү да кечке чейин эшикте ойношот.

Күндөр өтүп, балдар мектепти да, мугалимин да сагынышат. Анан «Кой эми барып агайыбызга айталы, эми мектепке келсин» дешет.

Ошентип мугалиминин үйүнө барышат. Мугалими дагы эле төшөктө жаткан экен. Үстүн калыңдап жаап алганы үчүн аябай тердептир. Бул жолу чындап эле жүзү саргайып, өңдөн азып калгандай. Анан балдар ага: «Агай, сиз эми мектепке келе бериңиз. Сиз жакшы элесиз» — деп баарылап айтышып, агайынын саламаттыгы жакшы экендигине ишендире албай коюшат. Өздөрү кылган ишке өкүнүшөт. Анан баары өз үйлөрүнө тарап, болгон окуяны ата-энелерине айтып барышат. Алардан жардам берүүлөрүн суранышат. Балдардын ата-энелери чогулуп, балдардын мугалимин зыярат кылышат. Мугалимдин үйүнө барганда алар анын акырын онтоп, оор абалда жатканын көрүшөт.

«Мугалим агай, бул эмне деген абал? Тезинен жакшы болуп сакайыңыз да, жумушка чыгыңыз!» — дешет.  Мугалим болсо: «Мен да билген эмесмин. Ооруп калганымды балдар айтышты. Көрсө, ичимден башталган бир оору бар экен» — дейт.

Мугалим мындай дегенде, балдардын ата-энелери балдарынын кылганы үчүн кечирим сурап, болгон ишти башынан айтып беришет. Албетте, балдардын жаман ниети жок болчу. Бирок алар бул жалгандын арты эмне менен бүтөрүн билген эмес да.

Которгон Бакытбек ЖУНУСАЛИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.