Америка жомогу: Чылым үчүн айып

Чылым чегүүгө тыйуу салган закүн чыгыптыр дейт Бостондо. Бир мерте иш боюнча аталган шаарга Жонатан келет. Өзү янкилерден[1] экен. Шаардын чок ортосунда чычайып чылым түтөтүп, кайкая басып каадаланганын полисмендин көзү чалып калат. – Так, так, чегип аткан экенсиз, – дейт полисмен, – Сизге эки доллар айыппул салам. – Эмне дейсиз, мен чегип атыптырмынбы? – янки жандуу үн катат. – Менин «гаваныман» ооз тийип көрсөңүз! Күйгүзгөнүм жок ко. Полисмен Жонатандын чылымын өз оосуна салып ийлеп көрдү эле, бурулдаган боз түтүн каалгыды […]

Садырбек Турдубек уулунун арзуу ырларынан

МЕНИН СҮЙҮҮМ Азаптардын рахатын татып сүйөм, Аттиң арман мен күткөн бакыт күмөн. Жомогумду жоготуп албайын деп, Жолуккандан сестенип качып жүрөм. Көлдөй көлкүп — балкыткан сүйүктүү жан, Көркөмүңө магдырап ийип турам. Жээкте калган балыктай соолусам да, Ичиңди эмес тышыңды сүйүп турам. Жанашпайбыз жайылбайт тосушчу кол, Жаштар суулап, каректен чок учту мол. Борбор түгүл дүйнөдө салынбаган, Боор тирешип экөөбүз жолукчу жол. КҮҮГҮМДӨ КЕТКЕН СУЛУУГА Бакыт шаарын батырып сезимиме, Бакча куруп сүйүүмдү ага баксам, Күчү жетпей тагдырдын чечимине, Күйүп кетти буйруксуз махабаттан. Кезигербиз […]

Түмөнбай Колдошов: Тун сүйүү

АҢГЕМЕ Адаттагыдай эле күндөгү маалда Токтобек акырын басып телекомго карай келатты. Ал дайым көчөгө чыгарда чачын бир жагына каратып тараган адатты таап алган. Бүгүн да анын чачы демейдегидей оң тарапка ирээттүү жыгылган. Үстүндөгү кийими да абыдан жарашып турат. Ал учтуу туфлисин жалтырата майлап, жолдо өзүнөн мурда өткөн бирөөнүн изи менен абайлап кадам таштап барат. Баса, Токтобектин телекомго тез-тез келе берери ызгаардуу кыштын аяздуу чилдесинде эле башталган. Ошондон бери аягы тынбайт. Декабрдын аяк ченинде бирге окуган классташы Манап үйлөнүп калбадыбы. Манап […]

Эсенбай Нурушев: Гейне жана Анатай акын

Же саясий поэзиядагы айрым окшоштуктар тууралуу Адатта эл-жер десе акындардын эбедейи эзилип турат. Алардын арыбаган мындай элчилдиги нукурабы, жасалмабы, муну бир гана маселеден – алардын бийликке жасаган мамилесинен улам  билсе болот. Башка ишенимдүү ыкманы, тарыйканы, техникалык каражатты (полиграфты) тарых тапкан эмес. Дал ушул мамиле акындардын саясий ыкылас-ынтаасын, жарандык позициясын, айрыкча жеке адамдык сапаттарын кашкайтып көрсөткөн. Буга кошо акындардын мамилесинен бийликтердин мүнөзү, бешене-бейнеси билинген. Ушу мааниде алганда акындар ар кандай болушкан. Жакшы «бөлкөнтайдан» баш тартпагандары кемпайды деле кеменгер кылып, мисалы, жандими […]