Садырбек Турдубек уулунан балдарга базарлык

МАТИЗ Кубантайдын үйүндө, Көп кулун тууду бээлери. «Күлүк ат чыкса булардан, Кубантай сен мин ээ?» — деди. Кубанды досум Кубантай, Кунанды көрүп береги. Ээ ата бизде кулун жок, Эмнени минем мен эми? Машинаңыз же эмне, «Матизди» тууп береби? БУЛУТТАР Калтырып коюп жумушту, Карашты балдар булутту. «Кандай болот болду экен, Коюубу же суюкпу? Анда айтты Жумабек: Мен билем муну мына! — деп. «Тоолордун ары жагында, Дөөлөр от жагат тура.» — деп. «Калп айткан жокмун бүтүндөй, Калбагыла түшүнбөй. Карагылачы булутту, Көрүнүшү түтүндөй.» […]

Абдыкерим Муратов: Тушалуу

Адабий турмуш Адабият партиялуулугу акыры эмне апкелди? Коргол саясий окууга барганда… Танабай партбилеттен өз эрки менен баш тартса эмне болмок? Сын – саясат камчысыбы, же?.. Кылым тогошордо ойлонор нерсе жок эмес. Бар. Ал кандай ой? Бул ой адабиятты саясатташтыруунун, партиялык ишке баш ийдирүүнүн акыры келе турган кесепети тууралуу. Бул жалпы кылымдын, ошол кылымда адабият жаратабыз деп жан алакетке түшкөн көптөгөн сүрөткерлердин бактысыздыгы. Кыргыз адабияты болсо боордош жана орус адабиятын көрүп, ошолордун түздөн-түз таасиринде өөрчүп, бутуна туруп алган менен ээрчиме адабиятка […]

Жолдош Турдубаев: Тактекедей сүзүшкөнгө чейин жеттикпи?

«Азаттык» радиосунун тегерегиндеги ызы-чуу күндөн-күнгө күчөп, кыргыз журналисттери эки жаатка бөлүнүп бараткандай… Коомчулукту эӊ орчундуу маселелерден алаксытыш үчүн журналисттерди тактекедей сүзүштүрүлүп калган жокпу: кайсы бир майланышкан түктүү кол менен? Жаалданып айткан чындык Жанын жеген калпка окшойт. Уильям Блейк (англис акыны, сүрөтчүсү) Нарын Айыпты полемиканын түркүн ыкмаларын мыкты билген публицист, кесипкөй журналист катары тээ 1990-жылдардан бери абдан сыйлачумун. 2017-жылы «Улут абийири» сыйлыгына сунушталганда биринчилерден болуп колдогонума азыр деле өкүнбөйм – анткени ошондо Атамбаевдин «Жаагыӊды бас!» деп кекетип-мокотууга, басып-жанчууга, чынчыл авторлорду каржылык […]

Рысбек Эшматов: Адабий түштөрдүн хронотоптук белгилери

Солдон оңго: адабиятчы Рысбек Эшматов, кинорежиссёр Актан Арым Кубат Түш өзүнө гана таандык мезгилдик-мейкиндик континуумунда жашайт. Демек, мезгилдик, мейкиндик категориялар менен каралууга эгедер көрүнүш. Ошого жараша түштүн дагы психикалык мезгилди, мейкиндикти уюштурар өзүнө гана таандык закондору менен механизмдери бар. Мисалы, психикалык нерселерди сүрөттүү кылып картиналарга айландыра иштеп чыгышы — символ, образ жаратуусу; автоматтык механизмге ээлиги — түштө жомоктогудай болуп бир нерсе экинчи бир нерсеге оңой эле айланып, кубулуп өтүп кете бере турганы; турмушта бири-бирине таптакыр дал келбеген нерселерди түш кыйыштырып, […]