МАТИЗ
Кубантайдын үйүндө,
Көп кулун тууду бээлери.
«Күлүк ат чыкса булардан,
Кубантай сен мин ээ?» — деди.
Кубанды досум Кубантай,
Кунанды көрүп береги.
Ээ ата бизде кулун жок,
Эмнени минем мен эми?
Машинаңыз же эмне,
«Матизди» тууп береби?

БУЛУТТАР
Калтырып коюп жумушту,
Карашты балдар булутту.
«Кандай болот болду экен,
Коюубу же суюкпу?

Анда айтты Жумабек:
Мен билем муну мына! — деп.
«Тоолордун ары жагында,
Дөөлөр от жагат тура.» — деп.

«Калп айткан жокмун бүтүндөй,
Калбагыла түшүнбөй.
Карагылачы булутту,
Көрүнүшү түтүндөй.»

Коркушту балдар дөөлөрдөн,
Келбесин деп тоолордон.
«Туурабы ушул айткан сөз?»
Жооп күтүштү Омордон.

Ойлонуп туруп кечке ойду,
Омордо мындай кеп болду:
«Оттон эмес булуттар,
Суудан чыгат!»- деп койду.

БУЛАКТЫ КӨРСӨҢ КӨЗҮН АЧ
Чоң энеси Эсенге,
Насаат сөз айтты жалынып,
«Булакты көрсөң көзүн ач,
Кетсин суусу агылып.»

Шайыры биздин көчөнүн,
Шаардык бала Эсениң.
Билбейт экен капырай,
Булактын эмне экенин.

Түшүнүксүз болду окшойт,
Чоң эненин бу кеби.
Ал анда айтты чечмелеп,
«Булак деген эң таза,
Жерден чыккан суу» — деди.

Эсен шаарга келгенде,
Үйдө жашап кабаттуу.
Жерден чыккан суу деп,
Ракавинанын суусун,
Агыза берип тажатты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.