Камбаралы Бобулов: Абдрасулдун ырлары

Абдрасул Токтомушев[1] кыргыз поэзиясында чейрек кылым талыкпай калем шилтеп аз жазыптыр, бирок саз жазыптыр. Акындын комузчунун колундай элпек, жүрөккө жагымдуу ырларынан автордун турмуштун ар кандай көзгө көрүмсүз деталдарынан поэтикалык ой таап, аны жүрөгүнүн жалындуу илеби менен сугарып, анан окуучуларга тартуу кылган акын экендиги байкалат. Токтомушев – чебер лирик акын. Ар бир акындын өзүнүн натурасына жараша диапазону болот. Кээ бир акындар чоң балка менен күрсүлдөтүп ырлар согот, Токтомушев андай акындарга окшобойт. Ал кичинекей балкасы менен алтын чапкан зергерчини элестетет. Ооба, ал […]

Фридрих Ницше: Өздүн сөзүн укпаган, бөтөндүн буйругуна баш ийет

Адам өз өлүмүн кантип тосуп алууга чечим чыгара билүүсү керек. ♦ ♦ ♦ Кыйынчылык менен алынар иштин сага берилишине жол бербе! ♦ ♦ ♦ Дайыма окуучу боюнча калган адам, демек мугалимине карызын төлөй албайт. ♦ ♦ ♦ Музыкасыз жашоонун катасы жык. ♦ ♦ ♦ Тирүүлүк – дабасыз дарт. ♦ ♦ ♦ Ийгиликтин аягы – жалгыздык. ♦ ♦ ♦ Жөнөкөй пикир – ээсин жок кылат. ♦ ♦ ♦ Сөз уккан – өзүн укпайт. ♦ ♦ ♦ Үмүт – коркунучтуу оору. Ал […]

Кулчун Рахманов: Акыркы чечим

АҢГЕМЕ Баятан бирин-серин дыбырттаган жаан эми өчү бардай үй түбүндөгү дарактын жалбырактарын тарсылдатып сабай баштады. Терезени тырсылдата черткилеген жаан үйдөгү жалгыз балага боору ооругандай ыйлап жаткансып, айнек бетинде сарыгып ага баштады. Ошо саамда бүт асман кулап түшкөндөй күн күркүрөп, чагылган карарган булуттарды тилип өттү. Коркконунан энтиккен бала үйдүн бурчуна корголоп ыйлап жиберди. Ал бүгүн да күтпөдү беле. Кечээ таң эртеңден энеси, «Саматчик, азыр эле келе калам» деп баягы кара киши менен машинага түшүп кеткен. Узунду күнү кечке жол боюндагы шоодай […]

Бырс этмелер: Белгилүү инсандардын азилдери

«Dе-факто» жөнүндө болгон окуя Белгилүү куудул Келдибек Ниязов Нарындын Акталаасына барып калат. Таң эртең менен махорка чегип аткан бир жигиттин көгөрүп-татарып жөтөлгөнүн көргөн куудул: – Ушинтип азап тартып чекпей койсоң эмне болот? – Эч нерсе эмес байке, көп болсо «Dе-факто» гезити келгенге чейин эле, – дейт. – А при чем «Dе-факто»? – «Dе-фактодон» башка окуй турган гезит калган жок. Биз аны үзбөй окуйбуз. Бирок бир жаман жери – мындан да калың болсо жакшы болмок. Дагы бир жаман жери – мурунку […]

Омар Хайям: Ичпегиле Раджабда деп, дин сакчысы тажатты (рубаилер)

*       *      * Аалам сырын ачабыз деп катылган, Ой берметин өмүр бою сапырган. Таба алышпай эң негизги чордонун, А деп, бу деп өткөн далай акылман. *       *      * Бил тигинин билим чыйырын ачканын, Ой бурагын ай-асманга чапканын. Түшүнүптүр ким экенин, шылкыят Байкуштун көр көз жашынын акканын. *       *      * Жан бүткөндүн жаш-карысын карабай, Баарын терип, алат өлүм ылгабай. Өчпөс өмүр болбогон соң түбөлүк, Бири артынан бири кетет кармалбай. *       *      * Гүл тийбесе, гүл сабына куп дейли, Күн тийбесе, чок […]

Төкмө манасчы Рысбай Исаков – сөз издеген дербиш

Заманыбыздын орошон таланты Рысбай менен болгон бул маекке он жыл болуп калган экен. Жеке архивимде бекинип жатыптыр, кайрадан көз жүгүртсөм, маани-маңызы бардай… Көрсө “Кыргыз маданият борбору” (02.04.2009) сайтына да жарыялаган экемин, эми кайталагандан келме бузулмакпы деп, “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн да жарыялап коюуну эп көрдүм… – «Манасты» кыргыз рухунун туу чокусу санагандар бар, биздин этностун энциклопедиясы деп жүргөндөр андан көп. Бирок мен да өзүмдү канчалык китепкөй санабайын «Манастын» үч томдугун далай жолу чыгынсам да аягына чейин окуп чыга албагандардын биримин. […]

Умар Нусубалиев: Меңиң, калың – жүрөктүн тагы болуп калды менде (конкурска №25)

*     *     * Көчөгө көктөм жаркып, жаз келгенде, Бийик жан көз отумду көрбөйт неге? Бүчүрдөй кирсиз, таза сезимдерди Бүрдөтүп өстүргүсү келбейт неге?.. Жашоого жаркыраган жай келгенде, Жаркын жан мага кучак жайбайт неге? Жалбырак сезимдерди жаның туюп, Жайнатып жашылдантып албайт неге?.. Саргарып жалбырактар күз келгенде, Көркөм жан көңүл сырын сезбейт неге? Көчөттөй көктөп турган махабатты, Көздөрүң көрбөйт неге, көрбөйт неге?.. *     *     * Жалжылдап болом деген сенин жарың, Жайнаган кыз элең сен жаркырагым. Жарашкан ак жүзүңө бир башкача, Бар эле татынакай […]

Бекболсун Молдояр уулу: Коңгуроо (конкурска № 24)

АҢГЕМЕ Бул окуяны уккан адамдар “эркек эмес мунуң” деп шылдыңдап күлүшмөк. Бирок эмне үчүн күлгөндөрүн сураса себебин айтып бере алышпайт. *     *     * Илгиздин чөнтөк телефонуна кез-кез тааныш номерден чалуу келип, сүйлөшүү телефондун ысыгы кулактын калкандарына сезиле баштаганча улана берчү. Бул учурда сүйлөшүп жаткан эки адамга колдорундагы телефондон башка нерсенин баары муздак сезилер эле. Бир-эки ай аралыгында бир ирет коңгуроо кылган аягы… 97 номердин ээсинин сөзүнүн ичинде таарыныч, капалык, сагыныч жатчу. — Илгиз айтсаң, ошондо мени карап эмне үчүн күлдүң […]

Иманбек Азизилла уулу: Ак бата (конкурска №23)

АҢГЕМЕ Күз. Кечки саат 16лар чамасы. Шаар четиндеги автобекетте демейдегидей кыжы-кужу. Негизинен айдоочулар. Анан ошол айдоочуларга жүргүнчү таап берип жан баккан чайкоочулар. Хонда Степвагондун көлөкөсүндө аркы-берки сөздөр айтылып, жөнсүз каткырыктар коштоп турду. Анда-мында «Гүлчө, бир адам!» деп кыйкырып отурган Сапарбек четки таксистке олурая: — Эй, сен желмаян, качан жыласың? – деди ныгыра сүйлөп. — Эми эки клиент салдым, брат. — Даа. Азыр эми той-топур, майрам-сайрам да азайып калды. Жүгү аз студенттер да жок. Мен да төрт сааттан бери эки адам […]

Нургиза Абдиназар кызы: Жан элем акак таштай (конкурска №22)

*     *     * Жаралдым бул өмүргө, аруудан аруу болуп, Багытым адамдыкка астадан баруу болуп. А бирок, сапарымда көп ирет жаңылышып, Аруулук күбүлүүдө, чачылган таруу болуп. Жарыкка келдим эле, таптаза дүйнөм менен, Жалгандын таттуусуна, арбалып, үйрөнбөгөм. А бирок күндөн күнгө, жан дүйнөм кирдеп барат, Тазарган жүрөгүмө таттуу сөз үйгөн менен! Төрөлдүм бул жашоого, бейиштин жыты менен, Жамалы нурга толгон, энемдин куту менен. А менден наристе жыт, күн санап кетип барат, Алыска канат каккан балалык кушу менен! Келгенмин бул дүйнөгө, сүттөн ак […]

Кутман Майрамбек уулу: Тагдыр башка салып койсо не кылам? (Конкурска №21)

*     *     * Кечирип кой, мен жашоодон чарчадым, Кээде чуркап кээ күндөрү аксадым. Суранамын бир өзүңдөн жалбарып, Сүйүү берчи,  мен сүйүүдөн ачкамын. Таарынбачы тайгаландым турмуштан, Коркуп турам мага келген сунуштан. Уяламын кээ күндөрү чынында Күлсө күлүп достор менен туруштан. Капа болбо канатым жок уча алган, Кайгым күчөйт каршы мага бүт аалам. Ойлорумдун деңизинде чөмүлүп, Аргасыздан башым ийип баратам… Таңгалбагын тар жолунда тагдырдын, Жолун бастым тузу менен адырдын. Бул өмүрүм ар бир саатым, а балким Мага берген сыноосудур Алланын Шылдыңдаба кайгы […]

Абдыкерим Муратов: Бейиш багы

АҢГЕМЕ Сексендин үчүнө келген Байыш атаны айылдыктар чал дешпейт, ата дешет, жүрүшү тың, акыл-эси жайында, жамандык-жакшылыкка ким чакырса таягын эш кылып, акырын бирөөлөргө кошулуп барып турат, чакырбаган жерге басып да барбайт, чакырбады деп тескери карап да калбайт. Эки жыл мурда бейиши болгур байбичесин акырет жайга узаткандан кийин мүңкүрөп ордунан турбай төшөк тартып калат дешкен – антпеди, тамаркасындагы жыйырма сотик багы менен эртеден кечке алек болот да, бак аралагандан ырахат алып, алы-күчү кете баштаганда дал ошол бактын бир четиндеги супага кыңкая […]

Атантай Акбартегин: Тозоктун өзүн өрттөп жиберебиз

АКЫН – ДЕГЕН БУЛБУЛДУН ТҮПНУСКАСЫ Теңдик дешип карманып Теңир сөзүн, Теңдик үчүн жол чалып, кыйнап өзүн. Башкалардын жазсак деп жүрөк черин, Жаралашат акындар жүрөктөрүн. Чындык калып, чындык деп акын өлсө, Акын каалайт калкынын ойгонгонун. Эл укугун талашып тирандардан, кимдер билбейт акындын шорлогонун. Ыйман калып, ыйман деп акын өлөт, Ыймандуу бий калкына жакын келет. Акын деген сатылбайт базарларда, Сатылгандар болсо – алар акын эмес!.. Аялдарды урунуп буюм сымак, Гарем куруп, шах, султан турса куунап, Аялзатын акындар даңазалап, Күндөй бийик көтөрдү дастан […]