Кымбаттуу өспүрүмдөр, 8–11-класстын окуучулары!

Сиздер үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев демилгелеген дилбаян сынагы улантылат. Эл өкүлү Айтматовдун чыгармаларына жалпы окурмандардын кызыгуусун козгой турган жакшы жөрөлгөнү салтка айлантууну көздөйт.

Абдувахап Нурбаев менен уюштуруучу топ кеңешип, сынакка “Айтматовдон алган сабагым” деген теманы тандады.

Жакшы демилгени чын ыкластан колдоого алган “РухЭш” сайты биринчи жолкуда кетирилген кемчиликтерин эске алуу менен, сынактын жаңы жобосун сунуштайт:

Бул жолу сынак эки баскыч менен өткөрүлөт.

1-баскычы 2019-жылдын 1-сентябрынан башталып, 2020-жылдын 29-февралына чейин жүргүзүлөт. Дилбаяндар ruheshsaity@gmail.com дареги аркылуу кабыл алынат. Сурап тактоо үчүн 0770 35 55 07 номуруна чалыңыздар!

Дилбаян жазуу талаптары:

  1. Дилбаян компьютерде жазылышы шарт.
  2. 12-кегль менен эки беттен ашырбоо кажет.
  3. Ө, ң, ү тамгалары менен жазылуусу зарыл.
  4. Дилбаянда катышуучунун аты-жөнү, жашаган жери (облусу, району, айылы), мектеби, классы жана байланыш телефону толук көрсөтүлүп, сүрөтү сөзсүз тиркелиши шарт.

Кол жазмалар, эки беттен ашык жазылган жана ө, ң, ү тамгалары жок, аты-жөнү, дайын-дареги толук жазылбаган дилбаяндар кабыл алынбайт!

Дилбаянды баалоо үчүн коюлган талаптар:

  1. Айтматовдун өмүр баянына токтолуунун кереги жок.
  2. Темага ылайык, Айтматовдун кайсы бир чыгармасынан, каарманынан же идеясынан кандай сабак алганы, ал сабакты турмуштук кырдаалдарда кандай колдонуп келаткандыгы чечмелениши шарт.
  3. Баалоодо дилбаяндагы көркөм ой чабытка, идеялык мазмунга басым жасалат. Катышуучунун жеке ой толгоосу байкалган дилбаяндарга артыкчылык берилет.
  4. Албетте, орфографиялык, пунктуациялык, стилистикалык жана синтаксистик сабаттуулукка баа берилет.

Мына ушул талаптарга жооп берген дилбаян ээлери сынактын 2-баскычына көтөрүлөт.

2-баскычы март айында Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Экинчи баскычка өткөн окуучулар эки борбордун (Бишкек жана Ош) ыңгайына жараша чакырылып, калыстар курамы жана уюштуруучулар тарабынан берилген эркин темада дилбаян жазышат.

Биринчи жолку конкурста айрым окуучулардын даяр текстти көчүргөнү; эже-агайлары жардам бергени баамга учураган дилбаяндарды сынактан четтеткен элек. Ушундан улам, аталган конкурс калыстыктын негизинде өтсүн үчүн жогорудагы талаптар толук аткарылууга тийиш.

Калыс баалоонун дагы бир кепилдиги үчүн, калыстар тобунда кимдер боло турганын сынактын жыйынтыгы чыкканга чейин жашыруун кармоону чечтик. Биринчи жолкудай эле, калыстарга дилбаян ээлеринин аты-жөнү көрсөтүлбөй, номерлер менен гана жиберилет.

Калыстар тобу жогорку компетенттүү, агартуу тармагында мол тажрыйбасы бар инсандардан куралды.

Жалпы байге фонду:

100 000 (жүз миң) сом.

1-орун – 10 000

2-орун – 9 000

3-орун – 8 000

4-орун – 7 000

5-орун – 6 000

6-орун – 5 000

7-орун – 4 000

8-орун – 3 000

Байге фонддун калган суммасы калыстар курамынын чечимине ылайык кызыктыруучу сыйлыктарга жана кайсы бир артыкчылыгы менен айырмаланган дилбаян авторлоруна өзгөчө байге катары ыйгарылат.

Сынактын максаты – өспүрүмдөрдү өз алдынча ой жүгүртүүгө, оюн жеткиликтүү баяндоо үчүн сөз байлыгын арттырууга шык берүү.

“РухЭш” сайты өспүрүмдөр арасында экинчи жолу уюштурулуп жаткан конкурстун демилгечиси жана демөөрчүсү, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Абдывахап Нурбаевге терең ыраазычылык билдирет!

 

1. Алимбекова Акбермет: Классикалык чыгармаларды сүйөм 

2. Саламат кызы Анара: «Ак кеменин» таасири

3. Муркамилжанова Мухлиса: Мугалим болгум келет

4. Козубаева Хожинисо: Биринчи мугалим

5. Нурболот кызы Арууке: «Ак кеменин» таасири

6. Мамутова Аймүрөк: Бирин жазсам, бири калат

7. Тайлаков Байсал: “Ак кеменин” негизги идеясы – адамгерчиликтүүлүк

8. Нурдинова Диора: Саманчынын жолундагы таасир

9. Уматкул уулу Байжигит: Сөзсүз жакшы адам болом…

10. Закиралиева Зарина: Мен окуган Айтматов

11. Алтынбекова Самира: Жакшылыкка тоскоолдук көп

12. Азизбек кызы Аделя: Келечекке жол көрсөтүүчү

13. Назарова Алия: Толгонай Жанболот үчүн жашады

14. Талантбеков Улан: Кадийча жана Үкүбала

15. Ахадова Фатима: “Эрте келген турналар” таасири

16. Абылова Айзирек: “Биринчи мугалим” жашоомду өзгөрттү

17. Жаныш уулу Каныбек: Үйдөгү карынын Балага айткан жомогу

18. Алтынбек кызы Айдай: Айтматов — түрк дүйнөсүнүн улуу инсаны

19. Абдыкадырова Сюита: Айтматов кумирим

2 Replies to “Жаңы окуу жылга карата өспүрүмдөр арасында конкурс жарыялайбыз!”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.