Ингуш эл жомогу: Соболго оролгон жооп

Бир айылда жеткен канкор, кан ичкич, ууру, ант урган, кыскасы, күнөөсү башынан ашкан бир киши жашаптыр. Бир иш менен айылдын чок ортосундагы аянтта айыл тургундары чогулган кезде, асмандан Жабраил аттуу периште түшүп минтип кайрылат элге: — Айылыңарда ниети арам бир пенде эркин-эмин жашап жүрөт. Мени силерге ошон үчүн жөнөтүштү. Анын айынан бир күнү кыштагыңар кыйрап жок болот. — Ушу кантип болсун! – чуру-чуу түшөт айылдыктар. – Ниети арам бирөө үчүн жашоосу тынч адамдардын бейпилдиги неге бузулушу керек? Биздин күнөөбүз кайсы? […]

Темирлан Бейшенов: Сүйүүдөн келген СМС

ЭТЮД Бир күнү сулуу кыз түш көрдү. Ал түштү көргөн убакта көңүлү ооруп, жалгызсырап, буулугуп, өзүнө өзү батпай жүргөн. Түшүнө айылдагы өзү багып өстүргөн жайнаган роза, астра, лилия гүлдөрү кирди. Кыз гүлдөрдүн улам бирин жыттап, суу чачып, суктанып жүргөн. Капысынан анын кулагына “Саламатсыңбы” деген жагымдуу үн угулду. Кыз селт этип чочуп кетти. Чочуганынан саламдашканды да унутта калтырды. — Ой сен кимсиң? Жымжырттык. Үн жок, сөз жок… — Ким бул? — Жагымдуу, назик периштенин добушундай үн чыкты… — Коркпо, издебе! Баары […]

Садык Алахан: Эл урматына ээ кылган эмгек

Эсимде, Турсун Уралиев аксакал менен эң алгач 2008-жылы апрель айында Бишкекте аппак болуп алмалар, кызгылтым түскө чулганып өрүктөр, кырмызы ынаңга бөлөнүп сирендер гүлдөп, алардын атыр жыты баш калаабыздын абасын аңкытып, шаарыбыз көз жоосун ала көркүнө чыгып турган мезгилде улуттук телерадиокорпорацияга атайы издеп барып жолуккан элем. Максатым – улуттук массалык-маалымат каражаттарындагы сатиралык чыгармалар жөнүндө жазып жаткан эмгегиме материал топтоо үчүн аксакалдан “Кутмандуу болсун күнүңөр” уктуруусу тууралуу кошумча маалыматтарды алуу эле. Ошондо Турсун аба оор күнгө туш болгон армандуу балалыгы, Ташкенттеги жетим […]

Бурулкан Бакеева: Көздөн учкан Мекен

АҢГЕМЕ Россиянын Иркутск шаарында туз насиби буйруп жашап, жетимиштерге чыгып калган кыргыздын эки байбичеси Ангара дарыясынын жээгине жакын ак гвардиячы Колчактын эстелигинин алдындагы гүлзарда жүрүп, капыстан жолугушуп калышты. Экөө тең эстеликтин чоңдугуна, бийиктигине таңданып баратып кагыша кетишти да, чочуп бири-бирин карап күлүп, “кыргызсыңбы?” – дешти тең жарыша. Чет жерде жүргөндө улутташыңды көргөндөгү сүйүнүч кыргыздарда гана күчтүү. Биринчи жолу көрүшүп жатышса да кыргыз экенин билгенде сүйүнүп кетишкендеричи. Сүйүнүшпөй анан. Ай-ийлешип божураша: – Келгениңе көп болдубу? – Уулуңкундасыңбы же кызыңдыкындабы? Небере багасыңбы? […]