Адаттагыдай эле интернет дүйнөсүндө саякатта жүрүп, казак элинин улуу уулу Абай Кунанбаевдин “Кара сөздөрүнө” жолуктум. Казак-кыргыз бир тууган деп бекер айтылбайт да, окуй баштасам, Абай атабыз казактарды айтпай эле кыргыздар жөнүндө айтып жаткандай, болгондо да бир кылым мурда жашап өткөн ата-бабаларыбызды эмес, азыркы заманда айланамда көрүп-билип эле жүргөн замандаштарым жөнүндө айтып жаткансыйт. Болгону илгери төрт түлүк мал жыйнашса, ага азыр өлүү дүйнө жыйноо (кымбат баалуу машине, кабат-кабат үй, ж.б.у.с.) кошулгандай.

Негизгиси жашоого болгон көз караштары, бири-бирине кылган мамилелери ошол эле боюнча. Ошол эле бири-бирин көрө албаган ичи тардык, колунда кызматы барларга кошомат кылуу, ошол эле бийлик талаш. Улуу адамдын улуу сөздөрү кылымдар бою өлбөйт тура. Эмесе, өзүңүздөр окуп көрүңүздөр, балким мен жаңылышып жаткандырмын, мүмкүн сиздер да өзүңүздөргө, жакын тааныш-билиштериңиздерди табасыздар. Чычалабай, Абай атабыз өзү айткандай кереги бар болсо окуп сабак алып, кереги жок болсо таштап салыңыз.

Абийрбек АБЫКАЕВ

Кара сөздөр (Накыл сөздөр)

БИРИНЧИ СӨЗ

Ушул жашка келгиче жакшы өткөздүкпү, жаман өткөздүкпү, айтор бир далай өмүрүбүз өттү: алыштык, жулуштук, айтыштык, тартыштык, – оор турмуштун далайын көрдүк. Эми орто жашка жеттик: кажыдык, жалкыдык, жасап жүргөн ишибиздин пайда-батасыз экенин көрдүк, баары көр тирлик экенин билдик. Эми калган өмүрүбүздү кантип, эмне кылып өткөзөбүз? Ага жооп таба албай чайналам.

Эл баксамбы? Жок, эл бага албайм. Айыккыз ооруга кабылам деген киши бакпаса, же жалбырттап-жалындап күйгөн жүрөгү бар, көңүлү көкөлөп көктө жүргөн жаштар бакпаса, мага окшогон карыны андан кудай сактасын!

Мал баксамбы? Жок, бага албаймын. Балдар өздөрүнө жеткидей малды багып алышаар. Эми картайганда кызыгын толук көрө албай турган соң, ууру, залим, тилемчилердин азыгын камдап берем деп калган аз өмүрүмдү кор кылар алым жок.

Илимге киришсемби? Жок, илим үйрөнгөнгө да, илим сөзүн сүйлөшөргө да адам керек. Билгениңди кимге үйрөтөсүң да, билбегениңди кимден сурайсың? Эл жок ээн талаа, эрме чөлдө кездемеңди жайып алып, ченеп бычып олтурганыңдын кимге кереги бар? Сырыңды бөлүшүп, чер жазышар жакын адамың болбогон соң, илимдин өзү адамды эрте картайта турган эле түйшүк.

Сопулук кылып динге кызмат кылсамбы? Жок, ал да болбойт, ага да тынчтык керек. Же бир жан-дүйнөңдө, же бир көргөн күнүңдө тынччылык болбосо, кайдагы сопулук болсун.

Балдарды тарбиялап эле жөн олтурсамбы? Жок, бага албайм. Багат элем, кандай багышты билбейм, ким болсун деп багам, кайсы элге кошом, эмне максатта чоңойтом? Балдарым келечекте өмүрлөрүн, алган билимдерин канткенде туура пайдаланышарын өзүм билбесем, аларга эмнени үйрөтөм? Бул да жарабай калды.

Акыры ойлодум: ушул оюма келгендерди кагазга түшүрө берейин, ак кагаз менен кара сыяны эрмек кылайын, кимде-ким керектүү сөз тапса, жазып алсын, же окусун, кереги жок десе, сөзүм өзүмдө кала берет, эми ушуга токтолдум, эми мындан башка эч бир жумушум жок!

ЭКИНЧИ СӨЗ

Мен бала кезимден укчумун, биздин казак сартты көрсө күлөр эле: “Энеңди урайын кең колтук, былдыраган тажик, үйдүн үстүнө жабам деп камыш ташыган, өз көлөкөсүнөн корккон, көзү барда аке-жаке деп кошомат кылып, көзү жокто кызыңды деп артынан боктоп сөккөн, сарт-сурт деген ушул” деп.

Ногойду көрсө аны да сөгүп шылдыңдашар эле: “Төөгө мингенден корккон ногой атка минсе чарчап, жөө жүрсө эс алат, эч нерсеге ыгы келбеген солдат ногой, качкын ногой, соодагер ногой” деп.

Орусту көрсө да күлүшө турган: “Айыл десе аттанып түшкөн жүн баш орус” деп. “Орус оюна келгенин кылат деген… Эмне укса ишенет, узун кулакты таап бер дейт”— деп.

Ошондо мен ойлор элем: оо кудай, бизден башка элдин баары ант урган жаман эл болот турбайбы, эң кыйын калк эле биз экенбиз деп, алиги айтылган сөздөрдү аябай кызык көрүп күлчүмүн. Эми карасам сарттын экпеген эгини жок,  соодагеринин жүрбөгөн жери жок, кылбаган жумушу жок. Өздөрү менен өздөрү болуп, бири-бири менен эч качан жоолашпайт. Казак оруска карай электе өлгөнүнө кепинин, тирүүсүнө кийимин ошолор жеткизип турушту. Ата-бала бөлүшө албаган малды соодалышып, ошолор айдап кетип жатышчу эле го. Оруска карагандан кийин да алардын көп өнөрлөрүн бизге караганда көп үйрөнүп алышты. Чоң байлар да, чоң молдолор да эптүүлүк да, чеберчилик да, сыпайгерчилик да, – бардыгы ошолордо. Ногойду карасам солдатка да чыдайт, кедейликке да чыдайт, өлүмгө да чыдайт, молдо, медресени иштетишип дин тутууга да чыдайт. Эмгек менен мал табуунун жөнүн да алар билишет, салтанат курушуп майрам тосуу да ушуларда. Жарыбаган тамак үчүн, биз казактар, аларга жалчы болуп жүрөбүз. Биздин эң байыбызды: “Эй сасыган казак, жаман бутуң менен талпылдабай чыгып кет” деп үйүнөн кууп чыгат. Анын баары бири-бири менен кубалашып кор болушпай, өнөр үйрөнүшүп, маңдай терин төгүп эмгек кылышкандарынын үзүрү. Оруска айтар сөз да жок, бизди күңү, кулу катары да санашпайт. Баягы кыйынсынып айткан, ошондогу шылдың кылган сөздөрүбүз кайда?

ҮЧҮНЧҮ СӨЗ

Казактардын бири-бири менен кастык мамиледе болуп, биринин тилин бири угушпаганын, бири-бирине жакшы сөзү аз экендигинин, бийлик талашканды жакшы көргөндөрүн, жалкоолугунун себеби эмнеде? Ааламга таанымал даанышмандар эбак эле байкашкан: ар бир жалкоо киши – коркок, кайратсыз болот, ар бир кайратсыз – коркок, мактаанчак, ар бир мактаанчак – коркок, акылсыз, наадан, ар бир акылсыз – наадан, арсыз болот; ар бир арсыз жалкоонун жан досу, өзү тойсо да көзү тойбогон, жутунган, чоркок, достору жок жалгыздап жүргөн жан болот.

Баары төрт туяк малдын башын көбөйткөндөн башка ойдун жоктугунан. Жер иштетип соода кылып, өнөр багып, илим-билимге умтулганда мындай болбос эле. Ар бир казак малым көп болсо, балдарымдыкы меникинен да көп болсо дейт. Малы көбөйсө малчыларга бактырмак, өздөрү эт менен кымызга тоюп, сулууну жайлап, күлүктү байлап жыргап жүрмөк. Кыштоосу тар болуп баратса, арызы жеткен, сыйы өткөн жерлерге барып, бардык аракетин жумшап бирөөнүн кыштоосун же сатып алмак, же тартып алмак. Ал кыштоосун айрылган киши дагы бирине барып тийишмек же айласы кеткенде журт которуп, элден кетмек.

Ар бир казактын ою ушу. Анан ошолор бирине-бири жакшылык кылабы? Кедей көп болсо арзанга иштейт, малдан айрылгандар көбөйсө кыштоолор бошомок деп, мен аны кедей болсо экен десем, ал мени кедей болсо экен деп ичибизден тилек кылдык. Анан ал сыртыбызга чыкты, жоолаштык, доолаштык, партияларга бөлүндүк. Душмандарыма сөзүм өтүмдүү, мал жыюуга күчүм жетиштүү болсо деп чоң кызматтагыларга жагындык, бийлик талаштык. Казак бөтөн жерге чыгып, эмгек кылып, мал издебейт, жер иштетип эгин себүү, соода кылуу оюна да келбейт. Катарларын ушундай талаш менен чечебиз дегендер менен толуктап партия түзгөндөрдүн улам бирине өз башын сатып жүрө берет. Уурулар тыйылбайт. Эл ичи тынч болсо уурулукту эч ким жактырбайт эле.

Эл экиге бөлүнгөндө, ким ант ичип актап, арамдыгын жактап, анын сөзүн сүйлөсө, ага таянып алып уурулугун баштагыдан да эселеп көбөйтөт. Элден чыккан жакшылардын үстүнөн “чапты, талады” деген жалган айыптарды коюшуп арыз жазышат. Аларга тергөө жүргүзүп, суракка алышат. Көрбөгөн нерсени көрдүм деп жалган көрсөтмө бере турган күбөлөрдү да дайындап алышкан, мунун баарын жакшы адамды шайлоодон чыгарыш үчүн жасашат, эгерде ал керт башын ойлоп жамандарга жалынса, анын да адамдыктан кеткени, эгерде баш ийбесе соттолуп, өмүр бою эч бир ишке алынбай калганы ошол.

Куулук, арамдык менен болуш болуп алган соң, карапайым элди карабайт, тегерегине өзүнө окшогон арам тамак, мытаймдарды топтоп алат, алардан кокус душман кылып алсам арыз жазып залалы тиет деп коркот. Ушул кезде казактарда “иши билбес, киши билер” деген макал чыкты. Анын мааниси: “Максатыңа ишиңдин түзүк болгонунан жетпессиң, кишинин амал-айласы менен жетерсиң”дегени.

Болуш үч жылга шайланат. Алгачкы жыл: “Сени биз шайлабадык беле?” – деген элдин дооматын жана жемелөөсүн угуу менен өтөт. Экинчи жыл, кийинки шайлоого талапкер менен аңдышып жүрүп өтсө, үчүнчү жыл шайлоо жакындап, ордунда калыштын амалын кылып жүрүп өтөт. Эми эмнеси калды?

Ушул казак калкынын бузукчулукка кабылып, жылдан жылга төмөндөп баратканын көргөн соң, менин оюма келди: болуш болом деген талапкер бир аз болсо да, орусча билим алган киши болсо. Эгерде, араңарда андай адам жок болсо, же болсо дагы аны шайлашпаса, анда болушту үйөздүн баштыгы же аскер акиминин дайындоосу менен болот десе, элге көп пайдасын берет эле. Анын себеби: биринчиден, кызматка турганды жакшы көргөн казак балдарын окууга беришсе, ал да пайда болмок, экинчиден, дайындалган болуштар элге милдеттүү болбой, башчыларга түз баш ийишмек. Жана да дайындалган болуштарды өйдөтөн текшерүүлөрдү кыскартса, ал кызматтан түшүп калам деп коркпой иштесе балким жалган арыз бергендер азаяр беле, балким такыр эле болбой калмактыр.

Дагы, ар бир болуштукта бий шайлоо, калкка көп залалын тийгизип келе жатканын көрүп-билип бүтпөдүкпү. Бул бийдин иши, шайлап койсо эле ар бир казактын колунан келе берчү иш эмес. Буга мурдагы Касым хандын “Кашка жолун”, Эшим хандын “Эски жолун,” күл дөбөдө күндө кеңеш болгондо Тооке хандын “Жети жарлыгын” жатка билиши керек. Ал эски сөздөрдүн канча заман өтүп, бул жаңы заманга шайкеш келбей калган жерлерин алмаштырып, аны бүгүнкү күнгө ылайыкташтырып оңдогонго жарай турган киши керек. Андай киши азыр аз, же такыр эле жок. Илгери казак жайын жакшы билгендер айтышыптыр: “Бий экөө болсо, доо төртөө болот” деп. Анын мааниси – бийдин саны так болбой, жуп болсо талаш-тартыш токтобойт деген сөз. Антип бийдин санын көбөйткүчө, ар бир болуш элден үчтөн билимдүү-илимдүү, баштары иштеген кишилер мөөнөтсүз, узак убакытка шайланышса, аларды жаман иштерге чалынмайын иштен алышпаса. Доону чечээрде эки доогер бирден бийди тандап, ортого бир ортомчуну кошуп алып чечишсе, анда да чечилбей калса анда баягы үч бийдин чоңу чечип берсе, ошондо доолор узакка созулбай убагында бүтүп турмак.

  1. ТӨРТҮНЧҮ СӨЗ

Ар бир байкаган адам билсе керек: күлкү дегениң бир мастык экенин, ар бир мас кишиде бир кылык болорун, ар бир мас сүйлөшө келсең башты оорутарын.  Мындай карасак, мас киши жөн эле ырсалактап күлө берип, кыла турган ишин унутуп, акылын да уятын да жоготуп, кечиримсиз каталарды кетирет. Ошондой кечирилгиз катачылыктарды кетирген адам бул дүйнөдө болобу, же тиги дүйнөдөбү — жооп бербей калбаса керек. Ар бир акыл-эстүү, убайым-кайгыны ойлой жүргөн киши, дүнүйө ишинде болсун, акырет иштеринде болсун, жалжактабай жыйнактуурак болгону туура эмеспи. Ар бир жыйнактуулуктун артында ийгилик турат. Эми ошондой экен деп эле, дайыма эле кабагыбызды карыш салып, үтүрөйүп жүрөбүзбү?

Дайыма эле ошентип кабак чытып жүргөнгө бир жан чыдайт бекен? Дайыма күлбөй жүрө алабызбы, дайыма күлбөй жүргөнгө чыдаган жан барбы? Жок, мен дайыма кайгырып жүр дебеймин. Убайымдан кайгысыздыгыңа убайым кыл да, ошол убайым-кайгыдан кутулуунун орундуу аракетин жасоого кам көрүш керек. Ар бир орундуу аракет өзү эле убайым-кайгыны азайтат. Орунсуз күлкү менен азайтпа кайгыны, орундуу аракет менен азайт! Чыгаар эшигин таба албай, убайым-кайгынын ичине кирип алып, камалып калмак, ал өзү да бир ант ургандын иши, жана бир жаман кишинин кылыгына күлсөң, аны шылдыңдап күлбө, ага ыза болгонуңдан күл, ызалуу күлкүнүн өзү да – кайгы. Андай күлкүгө өзүң деле барбассың, ар бир жакшы адамдын жакшылык тапканына ыракаттанып күл, анын жакшылыкты жакшылыгынан тапкандыгын үлгү көрүп күл. Үлгү алгандын өзү эле мастыкка жибербей, убактысында токтотот. Көп күлкүнүн баарын мактаганым жок, анын ичинде бир күлкү бар, бул – Кудай жараткан өз ордунан, көөдөндөн чыкпай, адамдар уксун деп калп шаңкылдап, кооздоп боёлгон жасалма күлкү. Адам баласы ыйлап туулуп, кейип өлөт. Эки ортодо бул дүйнөнүн ыракатынын кайда экенин билбей, бири-бирин аңдып, бири-бирине мактанып, асыл өмүрдү бошко, жарамсыз иштер менен кор тутуп өткөзүшөт да, өмүрүнүн сересине жеткенде, бир күндүк өмүрдү бардык малын берип да сатып ала албайт. Куулук кылып, көз сүзүп алдамчылыкка барып, тиленип-суранып жашоо – өнөрсүз иттин иши. Кудайга тобо келтирип, өз кайрат-күчүң менен маңдай териңди төгүп эмгек кылсаң, кара жер да түшүмүн берип, кур жалак калтырбайт.

  1. БЕШИЧИ СӨЗ

Көкүрөк толгон муң-кайгы кишинин өзүнө билгизбей, бүткөн бойду  чымыратып, муундарыңды бошотуп, көздөн жаш болуп агып, тилден сөздөн калтырат. Казактар: “Ээ Кудай, жаш баладай кайгысыз кыла көр!” деп тилек кылганын көп көрдүм. Анысы, жаш балага караганда өзүн эстүү киши сезип, эскергенге эч нерсеси жоктон бетер, кайгылуу киши болуп калгансыганы. Кайгылары эмне болгон кайгы экенин макалдарынан көрөсүң: “Түштүк өмүрүң болсо, бир күнгө жеткидей мал жый”, “Колуңда болбосо, атаң да жат болот”, “Мал – адамдын боор эти менен тең”, “Малдуунун жүзү жарык, малсызды жүзү чарык”, “Эр азыгы менен бөрү азыгы жолунда”, “Эрдин малы элде, эриккенде колдо”, “Алган колум, береген”, “Мал тапкан эрдин жазыгы жок”, “Байдан үмүт кылбаган, кудайдан үмүт кылбайт”, “Кардың ачса, каралуу үйгө чап” деген ушу сыяктуу сөздөр өтө эле көп.

Бул макалдардан эмне тыянак чыкты? Маалым болду: казак тынчтык үчүн, билим үчүн, адилеттик үчүн кам жебейт экен, бирок, мал десе ичкен ашын таштайт экен, ал эми малды табууну билбейт экен. Бир билгени – малды бирөөнү алдап, бирөөнү мактап алат экен, бербесе аны менен жоолашат экен. Эгерде атасы малдуу болсо аны менен мал талашып кармашканды да уят көрүшпөйт экен. Айтор, уурулук, куулук-шумдук, тилемчилик жана ушул сыяктуу кылыктын кайсынысын жасабасын, мал таап келсе жаза тартпайт. Булардын акыл-эси кире элек жаш баладан эмнеси артык? Бирок, жаш балдар кызыл очоктон коркушат экен, булар тозоктон да коркушпайт. Жаш балдар уялса кирерге жер таппай калышса, булар уялганга себеп таппайт калышат экен. Артыкчылыгы ушулбу? Колдо барыбызды бөлүшпөсөк, биз да алардын деңгээлине түшпөсөк, алар бизге далысын салып тескери карап кеткенге даяр. Издеген элибиз ушулбу?

  1. АЛТЫНЧЫ СӨЗ

Казактын бир макалы бар: “Өнөр алды – биримдик, ырыс алды – тиричилик” дейт. Биримдик кандай элде болорун, кандай кылганда келерин — билбейт. Казак ойлойт: мал ортодо, аш ортодо, кийим ортодо болсо экен дейт. Андай болгондо байлыктан эмне пайда да, кедейликтен эмне зыян?  Тууганыңдан бөлүнбөй жыйган байлык да байлыкпы? Ошолбу биримдик деген?  Жок, чогуу акылдашып иш кылсаң, — мына ошол биримдик, мал-жандын чогуу болгону биримдик эмес. Малыңды берсең атасы башка, дини башка, тили башкалар деле биригип оокат кыла беришет. Биримдик малга сатылса, адеп-ахлактын кете баштаганы ошо. Агайын-тууган малы, оокаты чогуу болгон үчүн эле бирикпей, ар ким өз насибин Кудайдан тилеп, өз күчүн туугандарынан аябай кызмат кылса гана биримдик болот. Андай кылбаса, Кудайды унутуп бири-бирине жамандык издей башташат. Бири-бирине таарынат, бири-бирин алдайт, бири-бирин ушактайт. Мунун эмнеси биримдик?  “Ырыс алды – тиричилик” дешет, кана ал тиричилик? Жок, андай тиричилик итте да бар. Андай тиричиликти кымбат көрүп барктаган адам, өлүмдү жоо көрүп, акыретке душман болот. Жанын корголотуп, жоодон качып, коркок атанып, эмгек кылуудан, кызмат кылуудан качып, эринчээк атанып, дүнүйөдө элдин ырыскысына душман болот. Алар айткан тиричилик башка. Көкүрөгү, көңүлү тирүү болсо ошону айтат. Өзүң тирүү болсоң да, көкүрөгүң өлүү болсо акыл айтууга сөз таба албайсың. Адал эмгек менен эринбей жүрүп мал таба албайсың.

Кеселдүү жалкоо, кылжың баш,
Арам тамак, акылы аз,
Колтугунда котур таш,
Арт жагын ойлоп уялбас, – болуп жүрүп тирүүмүн дебе, андан көрө Алла жиберген ак буйруктуу өлүмүңдү тиле.

  1. ЖЕТИНЧИ СӨЗ

Жаш бала энеден төрөлгөндө эле эки түрлүү мүнөзү менен туулат. Биринчиси – ичсем, жесем, уктасам деп турат. Булар – дене кумары, булар болбосо дене жанга конок үй боло албайт, өзү да өспөйт, жетилбейт; Экинчиси, билсем деп турат. Эмне көрсө ошого талпынып, жалтырак-жултурак көрсө ага кызыгып, оозуна салып даамын татып көрүп, сурнай-кернейдин үнү чыкса тыңшай калып, анын добушуна умтулуп, бир аз чоңоё баштаганда ит үрсө да, малдын үнү чыкса да, бирөө күлсө да, бирөө ыйласа да тура жүгүрүп, “ал эмне?” “тиги эмне?” деп, “ал эмнеге антет?” “бул эмнеге минтет?” деп көзү көргөн, кулагы уккан нерсенин баарын тынч ала албай сурай беришет. Мунун баары – билсем экен, көрсөм экен деген жан кумары.

Дүнүйөнүн көрүнгөн жана көрүнбөгөн сырларын ачып, бардыгын жакшылап билбесе адам баласы адам боло албайт. Аны билбеген адамдын айбанаттардан айырмасы жок. Адегенде эле жараткан Кудай айбанаттардан айырмалап адамга акыл-эс берген. Ошол кубатсыз мээси катый элек эссиз бала кездеги  “бул эмне, тиги эмне?” деп бир нерсени сурап билгиси келгенде ичкен ашыбызды унутуп, уйкубуз умачтай ачылып кетчү кумарыбызды, эр жетип акыл кирген соң, ордун таап изденип, кишисин таап суранып, билим алгандардын жолуна эмнеге салбайбыз? Ошол өрүштөтүп өрүшүбүздү узартып, кумарланып жыйган казынабызды көбөйтсөк, бул жан азыгы эмеспи. Денеден жанды артык кылып, денени жанга баш ийгизкен эле. Жок, биз андай кылбадык, каргадай каркылдап айылдагы боктон алыс кете албадык, акыл-эсибиз бала кезде күчтүү экен.

Эр жеткенден кийин, күч-кубаттуу болгонубуздан кийин аны укпай калдык. Акыл-эсти денебизге баш ийгиздик, эч нерсеге көңүл  бурбадык, көз салган жокпуз, жүрөктүн айтканына ишенбедик. Көзгө урунган нерселердин сыртын көргөнгө эле ыраазы болдук. Анын ички сырына көңүл бөлбөдүк, билбей койгон кишинин эмнеси кетмек эле деген ойдо болдук. Бирөө айтса да укпайбыз. Бирөө акыл айтса : “Өз билгениң — өзүңө, өз билгеним – өзүмө”, “Киши акылы менен бай болгуча, өз акылың менен жарды бол” деген дейбиз, өзүбүз билбейбиз, билгендикин укпайбыз. Көкүрөктө от жок, көңүлдө ишеним жок. Көкүрөк сокур болгон соң, айбандан эмне айырмабыз бар?

Бала кезибизде жакшы экенбиз. Билсек да, билбесек да, билүүгө дилгир адамдын баласы экенбиз. Эми бүгүнкү күндө айбандан да жаманбыз. Айбан билбейт, билемин деп талашпайт. Биз түк билбейбиз, наадандыгыбыздан биз деле билебиз деп, сөз бербей билимдүүдөн талашканда, өлөр-тирилерибизди билбей, күрөө тамырыбыз көөп чыгат.

  1. СЕГИЗИНЧИ СӨЗ

Ушул акылды ким үйрөнөт, бул насыйкатты ким тыңшайт?  Бирөө – болуш, бирөө – бий. Алардын акыл үйрөнөйүн, насыйкат тыңшайын деген ою болсо, ал орунга шайланышмак да эмес. Алар өздөрү кимге болсо да үлгү болуп, кимге болсо да акыл үйрөтөбүз деп шайланышат. Өздөрү оңолуп бүтүп, эми элди оңдогондору эле калган. Анан ошолор кантип уксун, угайын десе да колу бошойбу? Өз иши бар: улукка күнөөлүү болуп калабызбы, же элдеги бузукуларыбызды козутуп алабызбы, же жөн жаткан элибизди ойготуп алабызбы,  же өзүбүз чыгымдап, чыгымыбызды толтура албай калабызбы? – деп коркушат; шартына карай бир таанышын өстүрүп, бир таанышын куткарайын деген мээнеттери менен колдору байлануу.

Байлар, бир күн болсо да башына дөөлөт конуп, дүнүйөнүн жарымын ээлеп турушат. Өзүндө жокту малы турганда сатып алышат. Көңүлдөрү көктө, көздөрү асманда, адалдык, арамдык, акыл, илим-билим, – булардын бирин да малга теңешпейт. Мал болсо Кудайды деле паралап алса болот дешет. Анын дини, кудайы, эли-журту, билими-уяты, ар-намысы, жакыны, баары – мал. Анан сөздү кантип уксун, угайын десе да колу тиеби? Ал малды сугарбаса, тойгузбаса, соодалабаса, кайтарбаса, бактырбаса, ууру-бөрүдөн, сугалак көздөрдөн, – мына ушунун баарынан сактанбаса, бирөө келип сактап береби. Анын баарын орду-ордуна коюп, мактанганга жарагыдай кылгыча качан? Колдору тийбейт! Ал эми, ууру-залим, шумпайлар өздөрү деле угушпайт, байкуштар, эптеп-септеп күнүн көрүп жүрүшөт. Анан кейиптери ошол болсо, илим-билим, акылды эмне кылышсын? Илим-билимдин кедейге да кереги жоктой: “Бизди эмне кыласың, андай сөздөрдү уга тургандарга айт!” дешет. Алардын эч нерсе менен иши жок, ниеттери таза. Башкалардыкындай оокат аларда болгондо, эч муң-кайгыны билбей жашашмак окшойт.

  1. ТОГУЗУНЧУ СӨЗ

Мен өзүм – казакмын. Казакты  жакшы көрөмүнбү, же жек көрөмүнбү? Эгер жактырсам кылыктарын жактырмакмын. Жүргөн-тургандарынан адам жакшы көргүдөй, көңүлгө жага турган бир нерсе тапмакмын. Үмүтүмдү үзбөй, анысы болбосо, мунусу болот да деп көңүлгө кубат кылмакмын, бирок андай болбой жатпайбы. Эгерде жек көрсөм – эч кимиси менен сүйлөшмөк эмесмин, кеңешмек эмесмин, эч ким менен сырдашпайт элем, чакырган той-ашына барбай, “эмне кылыптыр, эмне болду?” дебей тынч жатмакмын, керек болсо башка жакка көчүп кетмекмин. Буларды оңдоюн десең оңдолоруна, үйрөтөм десең үйрөнөрүнө үмүтүм жок. Менде бул эки сезимдин бири да жок. Экөөнүн бирин тандабасам болбос.

Тирүү жүрсөм да, өзүмдү тирүүдөй сезбейм. Ошолордун ызасынанбы, өзүмө-өзүм ыза болгондонбу, же башка себептенби – билбейм. Сыртым соо көрүнгөн менен ички дүйнөм өлүп калыптыр. Ачуулансам ызалана албайм. Күлсөм кубана албайм, сүйлөгөнүм өз сөзүм эмес, күлгөнүм өз күлкүм эмес, баары тең алда кимдир-бирөөнүкү. Кайратым барында казакты кыйып башка жакка кетмек түгүл, өзүн жакшы көрүп үмүт кылып жүрүпмүн. Качан абдан билип, үмүтүм үзүлгөндө, башка жакка барып, жатты өз кылып, үйүр боло турган кайрат жалын өчүп калган экен. Ошол себептен, бир жүргөн, көөдөнүм бош пендемин. Кээде ойлойм: бул да жакшы, өлөр кезде аттиң ай, ушундай сонун кызык жашоо калып жатат! деп кайгырбай, акыреттен жакшылык үмүт кылып өлгөнүм жакшы го деп.

  1. ОНУНЧУ СӨЗ

Бирөөлөр кудайдан бала тилейт. Ал эмнеге тилейт? Өлсөм ордумду бассын дейт, артымдан куран окуп турсун дейт, картайган кезде баксын дейт. Андан башка эмне дейт? Балам орумду бассын дегениң эмне? Өзүңдөн калган дүнүйө ээсиз калбасын дегениңби? Калган дүнүйөңдүн камын сен жейсиңби? Өлүп баратканда өзгөлөрдөн кызганганыңбы? Өзгөгө кыйбагандай сенин башкалардан эмне артык жериң бар эле? Баланын бары – кызык, баланын жогу – күйүт, анан анын кандай болушун сурадың? Дүнүйөдө өзүңдүн көргөн кордугуң азбы? Өзүңдүн кылган иттигиң аздык кылдыбы? Эми бир бала туудуруп, аны да ит кылууга, ага да кордук көрсөтүүгө мынча эмнеге кумар болдуң?

Артыман балам куран окуп турсун дейсиң, тирүүчүлүктө өзүң жакшылык кылган кишилериң көп болсо, ким куран окубайт? Жамандыкты көп кылсаң балаңдын кураны тиеби? Тирүү кезде өзүң кыла албаган ишти, сен өлгөн соң балаң жасайбы? Акырет үчүн бала тилегениң – балам жашында өлсүн дегениң. Эгерде, эр жетсин десең, өзү эр жетип, ата-энесин азап-тозоктон куткарар бала казактан туулар бекен? Андай баланы сендей ата, сенин элиңдей эл асырап өстүрө алар бекен? Картайганда багат дегениң, – ал дагы болбогон сөз. Биринчиден, – өзүң карууң кетип, баса албай калгыча жашайсыңбы? Экинчиден, – балаң мээримдүү, бага ала тургандай болуп чоңоёбу? Үчүнчүдөн, – малың болсо сени карабай ташташабы? Малың жок болсо кимдин кандай багарын кайдан билесиң?

Балаң тапкан малыңды көбөйтүп багабы же чачып жок кылабы – ал да белгисиз. Макул, Кудай Таала уул берди дейли, аны өзүң жакшы тарбиялап бага аларыңды билесиңби? Билбейсиң, мурдагы өзүңдүн күнөөлөрүңдү көтөрүп жүргөнүң аз келгенсип, балаңдын күнөөсүнө да ортоктош болосуң. Адегенде балаңды өзүң алдайсың: “Мына, мобуну таап берем, тигине тигини алып берем” дейсиң. Башында балаңды алдаганыңа маашырланасың. Анан балаң алдамчы болуп өссө кимден көрөсүң? “Тилде, сөк” деп бирөөнү сөктүрүп, ага бирөө бирдеме десе “ал эси жок немеге теңелбей эле койчу” деп болуша кетип, тентектикке үйрөтүп, окууга берсе молдонун эң арзанын издеп, кат тааныса болду деп, куу бол, шум бол деп, “баланчанын баласы сени сыртыңдан сатып кетет” деп тирүү жандан шек саноого, өзүмчүлдүккө үйрөтөсүң, ушулбу сенин берген тарбия-таалимиң?

Анан ошол баладан жакшылык күтөсүңбү?  Анан мал тилейсиңер, аны эмнеге керек кылайын деп тилейсиңер? Адегенде, Кудайдан тилейсиңби? Тилейсиң. Кудайдын бергенин албайсың. Кудай Таала сага эмгек кылып мал тапсын деп күч-кубат бердиби.  Берди. Ал кубатты адал эмгек кылууга жумшадыңбы? Жумшаган жоксуң. Ал кубатты ордун таап сарп кылганды билсин деп илим берди, аны окуп үйрөнбөйсүң. Ал илимди окуса, укса деп берген акылды, кайда жибердиң? Аны ким билет? Эринбей эмгек кылса, түңүлбөй түрө кыдырып, орунун таап издесе, ким эле байыбайт? Анын сага кереги жок. Сеники – бир жерден коркутуп алсаң, бир жерден жалынып алсаң, бир жерден алдап алсаң болду, издегениң ошол. Бул кудайдан тилегендик эмес. Бул – адамдык аброюн, арын сатып, улуп-жулуу, тилемчилик кылуу.

Макул, ошентип жүрүп мал жыйнадың, байыдың. Ошол малды сатып билим алыш керек. Өзүң окубасаң балаң окусун. Билимсиз акырет да жок, дүнүйө да жок. Билимсиз окуган намаз, туткан орозо, кылган ибадат иштериң кабыл болбойт. Иттик менен тапкан малды адамкерчилик иштерге жумшаган бир да казакты көргөн жокмун. Баары эле иттик менен тапкан малын, иттик менен коротушат. Мындай байлыктан – азап, мээнет, ызадан башка эч нерсе калбайт. Колунда бар болуп калса баймын деп мактанат. Колунда жок болуп калса “Мен да бир кезде бай элем” деп мактаныч кылат. Болгон байлыгын түгөтүп алса кайырчылык жолуна түшөт.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Уландысы>>>>>>

 

One Reply to “Абайдан калган акыл-мурас”

  1. «Макул, ошентип жүрүп мал жыйнадың, байыдың. Ошол малды сатып билим алыш керек. Өзүң окубасаң балаң окусун. Билимсиз акырет да жок, дүнүйө да жок. Билимсиз окуган намаз, туткан орозо, кылган ибадат иштериң кабыл болбойт. Иттик менен тапкан малды адамкерчилик иштерге жумшаган бир да казакты көргөн жокмун. Баары эле иттик менен тапкан малын, иттик менен коротушат. Мындай байлыктан – азап, мээнет, ызадан башка эч нерсе калбайт. Колунда бар болуп калса баймын деп мактанат. Колунда жок болуп калса “Мен да бир кезде бай элем” деп мактаныч кылат. Болгон байлыгын түгөтүп алса кайырчылык жолуна түшөт»-деп Абай укмуш айткан экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.