АҢГЕМЕ

Дастан акыркы экзаменин тапшырып бүтөөрү менен кимдир-бирөөгө коңгуроо чалды. Жооп болбоду кыйлага. Кайталады. Чалды үч-төрт жолу. Акыры наркы сотка ачылып, кайдыгер үн угулду:

— И-и?.. Мен…

— Ширин, эмне болду, маанайың пас?

— Жөн эле, башым… Чарчадым окшойт.

— Анда мен жетип барам азыр эле!

— Жо-жок, келбей эле кой! Убара болбо!

Эми ал тез сүйлөдү быдылдап. Чарчаган түрү байкалбайт үнүнөн. Алда немени сезгендей «тыз!» дей түштү Дастандын жүрөгү.

— Ширин, экзаменим бүттү. Даяр болуп тур, Баткенге жөнөйбүз кечинде.

— Мм… — жымжырттык тынымга, — Мен… Мен бир жумадан кийин барат окшоймун. Жумуштарым…

«Ту-ут, ту-ут, ту-ут…» Үзүлдү үн. Каталап чалды. …Албады… Кайталап чала берди, чала берди. Акырында «Аппарат өчүрүлгөн…» деген үн угулуп, куурула түштү Дастандын заманасы. «Не болду Ширинге? Таксиге отуруп жетип барды Ширин жашаган жатаканага. «Эртең менен Баткенге кеткен» деп, жооп беришти бирге жашаган кыздары. Үзүлө түштү Дастандын көңүл учугу. Ичи муздап, көздөрү тунарган бойдон жете келди автобекетке.

Таксилер лык. Кайсынысына отураарын билбей, эки анжы ойдо турду бир азга. Кар калың, күн суук. Ызгырык жел бетин аймалап, койнуна жүткүнөт. Андыктан, жаңыраак, күчтүүрөөк, ары асты бийигирээгине отурганы жакшы. Адатта жүргүнчү келе калса, аке-жакелеп, жанды койбогон айдоочулардын бири чалдыкпады көзүнө. Баары сууктан качып, машиналарынын ичинде. Четирээктеги жаңы жип «Лексустун» жанына барып, айнегинен шыкаалады. Айдоочу айнегин ача сала:

— Ой, Дастансыңбы? Отур машинага!

— Санжар дос, сенсиңби?

Дастан алдыңкы эшикти кармады.

— Артына отур, бирөө бар.

Ал табышмактанта унчугуп, бирдемеге компоё сүйүнгөндөй түрү бар.

Дастан арткы эшикти ачты. Салон бош экен.

— Башка адам жокпу?

— Бирөө бар дедим го. Сага жакшы тааныш адам…

— Ким аның?

— Азыр келгенде көрөсүң. «Тиякка» кирип кетти!

Санжардын көңүлү куунак. Оозу кулагына жете, кайсыл бир ырдын кайрыктарын кыңылдап, бирде рулду, бирде ачкычты кармалап шайдоот.

— Мына, келип да калды, сага жакшы тааныш адам!

Ал ыржая Дастанды карап коюп, шашыла жерге түшө, машинанын алдынан шыпылдай өтүп келип, ийиле ачты алдыңкы эшикти.

— Отур, Ширин!

— Ичики-й, суукту, ит өлөт!

«Шуу!» этти Дастандын жүрөгү. Муздак аралап кетти ичин. Экөө саамга тиктеше калышты. Ширин! Жанындай көргөн ашыгы! Араң кыбыратты эрдин: «А-а, көрсө ушундай экен да! Жумушум бар, Баткенге бир жумадан кийин кетем дебеди беле?»

Оңой болбоду кызга деле. Ага салам айтмак түгүл отуруп калды шүк. Жылдыздуу жүзү адегенде кызара албырып, анан чүпүрөктөй бозоруп кеткени көрүнүп турду күзгүдөн. Кондиционер «шуулдап» иштеп, ысык эле салон. Ширин пальтосун чечип, ээгине тарта оролгон жоолугун сыйыра бергенде, билектей эки өрүм чачынын бири Дастандын тизесине жабыла берди. Жымырап кетти тизеси. Тиги артына кылчаюуга алы келбей,чачын секин өзүнө тарта баштады. (Мурда минтчү эмес…) Эми ага кечээки эле сүйкүм чач, чээнине соймоңдоп кирип бараткан жылаандай көрүнүп кетти. Аттиң десең! Бир сөөмөй аралык да чыкпайт турбайбы, сүйүнүч менен өкүнүчтүн ортосу! Кыз Санжарды алая тиктеп койду тек. Мунусу: «Аны неге машинаңа отургуздуң!» деген нааразылыгы болучу. А, тигинин мурдун балта кеспей, тиштерин арсайта ыржайып, машинасын от алдыра, газды басты. Мотор шуулдай берди. Эки жүрөк да муздак шуулдап. Санжар гана эргий толкуп, радионун топчусун шайдоот басты. Анан оң кучагына тартты Ширинди. Селки жооп кыла, башын жөлөдү ийинине. Тигиниси толкуп-көлкүп, Бектин ырын бурмалай ырдап кирди:

Ош — Бишкектин жолунда-а-а,
Оолугуп кетип баратам!
Суйгөн кызым жанымда-а-а,
Дооругуп кетип баратам!

Шириндин жүз багып карабай коюшу, тиги дөөпөрөстүн көз көрүнөө мактанып: «Дастан, көрдүңбү? Сулууңду тартып алдым сенден!» деген таризде күпүлдөп атышы ага алейне мазак, кордук… Кең салон тардык кылып, жай таппай атты жаны. Минтип азап чеккенче, машинадан түшүп калганы артык. Не кылса? Ара жолдобу? Жок, антсе ого бетер мазакка, күлкүгө калбайбы, дөөбөрөс немеге! Тышта өлө суук. Анын үстүнө машина Сосновкадан узап, жабыша берди Төө-Ашууга. Кондиционер «шуулдап» иштеп, ысып чыкты салон. Ширин:

— Санжар, кондиционерди өчүрө турчу.

А, Дастандын ичин муздак сойлоп, ноюп сыздады жүрөгү. Көздөрү чакчая ачык болгону менен, тунарып, кышкы ээн талаада калгандай сезди өзүн. Ал Омар Хаёмдун бир ырын күңгүрөнө кайталады ичинен:

Эриниңден канча жолу өппөдүм!
Куштарланып, сенден алыс кетпедим!
Көргөн түштөй карегиме илинбей!
Баары өттү, изи өчүп, билинбей!

Үчөө айылдаш: он жыл бирге окушту бир класста. Ширин экөө балалыгынан жылдыздары туура келип, чоң сүйүүнүн лазатын татыша аякташты онунчуну. Классташтары экөөнүн бири-бирине болгон жылуу сезимдерине суктана «Ромео менен Жулиетта» дешчү. Бишкекке окууга келген төрт жылдан бери бирин-бири бир күн көрбөй калышса, аалам астын-үстүн болуп кетчүдөй сүңгүштү махабат ааламына. Айлуу түндөрдө калаанын көчөлөрүн кыдыра бир маалга чейин кыналыша басышчу. Шириндин такымынан ылдый чубалган бакандай эки өрүм чачын мойнуна ороп, кыса кучактап алчу. Ээн бакта аруу кыз анын тизесине отуруп алып, жароокерлене кыткылыктап, башын жөлөп алчу кең көкүрөгүнө. Төртүнчү курсту бүтсөк үйлөнүү тоюн өткөрөбүз деген бүтүмдөрү бар эле. Карегине сиңип кеткен ошол сүйкүмдүү сүрөттөр эми биротоло өчөбү! Ошол аруу жан эми минтип, анын көз алдында Санжарга кылыктана эркелеп, чыныдай аппак бетинен өптүрүп. Кечээ эле өзүнө айтчу сөзүн ага кайталап айтып отурат! «Менин жолборсум, эреним! — деп.

Дастан эрдин кыбырата, шыбырап келатты: «Жок, бул анын сөлөкөтү. Чыныгы Ширин минте алмак эмес!» Ал жээкке жетпей артына кайткан толкундай муңайып, апасы эмизбей койгон бөбөктөй мостоюп, жолдо унаа пайлап, кол көтөрсө, бир дагы машина токтобой койгон жүргүнчүгө окшоп сумсайып, күйбөгөн жери күл болуп!..

Ширин намыстуу, сулуу чырайына ак куудай мүчө келбети төп келген, акылы жетик, аруу жан. Кыздардын алды болгондуктан, классташ уландар гана эмес, башка жигиттер да шилекейлерин чубурта ашык эле ага. Бирок, эч кимисин миз багып карап койбой, Дастанды гана ыктачу. Не болуп кетти? Күтүүсүздөн жүз үйүрүп кеткенине не себеп? Бул суроону өзүнө миң жолу кайталап берсе да, таппады жообун. Ооба, ал деле Дастанды бек сүйгөн. Шондон улам, ушу көз ирмемдерде анын жүзүн карай албай отурганы.

— Санжар, өчүрүп койчу радиоңду!

Ушинтти Ширин үнү дирилдеп. Апапак, кең маңдайын жүз аарчысы менен сүрө арчып, бети бирде алмадай кызарып, бирде чүпүрөктөй бозоро жүдөп атты. Кечээ эле Дастандын кең кучагына оп тартылып, өзүнүн ысык эринин өптүрүп жүрбөдү беле ага! Эмичи. Ордунда ойдолоктоп, арткы отургучта кудум зоопарктан качкан жолборс отургансып, денесин майда калтырак басты. Өзгөрүү аян боло баштады жан дүйнөсүндө. Бул Дастанды чанып, Санжарды ыктаган жоругуна өзүн актай баштаган сезим туйгу эле. Эки анжы ойго кептелип, андан жол табууга жан үрөп, миң ойлонуп, миң толгонуп жаткан көз ирмемдери болучу. Акыры башын силкип-силкип ала минтти өзүнө өзү: «Эмне болуптур, жаштыгымда Дастанды сүйгөнүм ырас. Көрсө, аным балалык сүйүүм экен. Эми минтип бойго жетип, эс-акылым толгондо таптым чыныгы махабат ааламындагы өзүмдүн туура жолумду…» Ал ушундай ой менен өзүн-өзү жоошутуп атты. Бирок, арыла албай жатты, дилине отуруп алган шектенүүдөн. «Жо-жок, тагдырым Санжар экен! Анан дагы, Санжар бардар үй-бүлөнүн баласы. Бир келген өмүрүмдө көксөгөнүмдү кеңири ичип-жеп, каалаганымды кийип, минтип машинанын шикарныйына түшүп жүрсөм жаманбы? Чыны жаштайымдан Санжарга деле кайдыгер эмес болучумун. Анын келбеттүү, ак жуумал, бүркүттүн канатындай керилген кара каштары, жылдыздуу өңү шыңга боюна жарашып турчу. Көп курбу кыздарым ичтеринен сүйүп жүрүшпөдүбү. Анын үстүнө бардар үй-бүлөнүн баласы. Сааты келген экен, табыштык экөөбүз. А, Дастандын ата-энесинин колдору жука, айылда элден кийин араң «Аудилүү» болушту. Кыздын ой учугун Санжар үзө бак этти:

— Эй, Дастан!!

Үмүтсүз ой түпкүрүнө чөгүп бараткан берки укпады анын сөзүн. Укса деле ушул азыр жылуу сөз чыкпайт дөөпөрөстүн оозунан.

— Ой, кереңби кулагың!

Анын үнү тээ алыс-алыстан жаңыргандай туюлду Дастан шордууга. Мыңк этти араң.

— Не?

— Бүрсүгүнү Ширин экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуз болот. Жан жигит болуп бересиң да, шондойбу?

Дастан бул кордукка туруштук бере албай, кыса түйдү муштумун. Башына бирди берет, дагы бир жолу мыңкылдаса! Бул арада кыз:

— Жайына кой аны!

Ушинтти Ширин секин сүйлөп. Санжардын кордугунан алда канча катуу кабыл алды Шириндин сөзүн. Ооз ачпады, бирок. Сөз бүттү ушуну менен. Салон жымжырт. Мотордун бир калыптагы жумшак күүлдөгү гана угулат. Бишкектен чыгышкандан бери аларды ээрчип келе жаткан толгон Ай гана күлүмсүрөй мээримин чачып, анын уйгу-туйгу көңүлүн аз болсо да жубатып… Суусамырдын кар баскан кең талаасы мелтирейт ак деңиздей. Эки бет тоолор кудум деңиздин улуу ак толкундарындай опурула-сапырыла, дагы бир толкуса эле каршы-терши өтүп жаткан машиналарды кайыктай калпып, жээкке сүрүп сала тургансыйт. Дастандын жанын жай алдырбаган сезими ошол улуу толкундардай толкуп, тулку-боюн жарып чыга тургандай…

Жарым түндө жетишти Баткенге. Андан ары айылга дагы отуз чакырымдай бар. Биякта деле калың экен кар. Айгүл Тоону жандай адыр аралап баратышты. Түнкү шамал калың карды жолго уруп, алдыңкы дөңгөлөктөр тегирмендин парасындай чимириле айланып, жүрүшү улам ордой берди «Лексустун». Тумшугу менен күрткүгө тыгылды акыры. Санжар моторду өчүрө, Дастанга акырая сөөмөйүн кезей бурк этти:

— Сендей кара жол немени неге машинама салдым экен десең!

Мушмунун мыжыга түйө обдулуп алды Дастан. Астафуралла! Басты өзүн. Ширинди аяды… Эми Санжар суук ыржая унчукту:

— Ширин, жеттик үйгө. Үчөөбүз ушерде өткөрөбүз биздин үйлөнүү тоюбузду. Ушундайбы, досум?

Бычак мизинде отурган Дастан бу сапар да ачпады оозун. Күңк этти Ширин:

— Болдучу, Санжар! Эзе бербечи!

Тиги жерге түшүп, машинасын бир айланып чыкты да, ичкери кирип өтүгүнүн кончуна толгон карды күбө:

— Күрткү өтө калың экен, машинаны чыгара албайбыз биерден.- Бир азга жер карап ойлонуп.- Не кылсак экен?

Дастан:

— Тээтиги талдын шактарын кайырып келип, таштайбыз дөңгөлөктөрдүн астына.

— Ырас айтасың. Антпесек калың кардын астынан колго урунаар нерсе таба албайбыз.

Эки жүз метрдей нарыдагы шактары жайылып өскөн чоң тал дүпүйөт айлуу түндө.

— Сен отуруп тур, өзүбүз алып келебиз,- деди Санжар, эшикти ачып, жерге түшө баштаган Ширинге.

Эки эрен кар малтай басып, жетип барышты жалгыз талга. Эски дарак кучак жеткис, шактары калың. Жаз, жайдын ысыгында өткөн-кеткен жөө-жалаңдар көлөкөсүнө баш калкалап алышат. Дастан үстүнө жылбыша чыгып, паска ийди анчалык жоон эмес шакты. Санжар учунан кармап, кайыра тартты. «Карс!» эте сынды катуу аязда морт болуп калган шак. Беш-алтыны кайырыша, сүйрөп жөнөштү. Бул арада Ширин машинадан түшүп, аларды утурлай басты. Дал ушу чакта маңдайдагы кыр тараптан: У-у-у-у!- У-у-у-у! деп, улуп-уңшуган үн түн жарды.

Санжар:

— Карышкыр! Бир, эки, үч, төрт, беш! Бешөө экен!

А-бу дегенче шукшурула чуркаган карышкыр үйүрү машинаны бир айлана, ойт беришти, бери Ширин тарапка. Кыз менен кашабалардын аралыгы жүз кадамдай! Ойлонууга убакыт жок! Дастан шакты ыргыта, ага жүгүрдү кар малтап.

У-у-у-у— У-у-у-у!..У-у-у-у!..

Шукшурула чуркап келатат ач күсөндөр.

— А-а-а! Өлдү-ү-үм!

Ширин ачуу кыйкырып, жатып алды кар үстүнө көмкөрөсүнөн.

У-у-у-у— У-у-у-у!.. У-у-у-у!..

Кызга бөрүлөр да, Дастан да жетип келишти бирдей. Ал денеси катып калган аруу жанды калкалап тура калды денеси менен.

— Санжар, тур менин жаныма!

Артына кылчайды ал. Көрүнбөдү тиги. Карды оюп кирип алды бекен? Ушул ойго келди Дасыкең, коркуу дегенди унутуп коюп. «Өзүмдү таласа таласын. Мага десе тытып жесин. Ширин аман калса болду!» деп карыша тиштенип, колдорун алдыга суна, У-у-у-у-у. У-у-у-у… У-у-у-у… У-у-у-у…

Улуп жатты жырткычтар тегиз.

Жыйырма метр аралык. Узакка созулган кышта жүдөп, ач-арык, үрпөйөт жүндөрү. Тиштерин арсайта, жүткүнөт алдыга. Кызык, негедир чочоё отуруп алышты үрпөйгөн немелер. Куйруктарын карга чапкылап, ырылдашат кезек менен.

У-у-у-у-.. У-у-у-у… У-у-у-у…-у-у-у…

— Шири-и-н! Этият бо-о-ол!

Санжардын кыйкырыгы угулду арыдан. Дастан кылчая карады артын. Көзүнө илешпеди мелтиреген кардан башка нерсе.

Дагы кыйкырды Санжар:

— Шири-ин, этият бо-ол!

— «Эрениң талга чыга качканга үлгүргөн экен.

— Кеттиби карышкырлар?!

Ширин ордунан тура калып, чочоюп отурган кашабаларды көрдү. Бирок, үшүн жыйып, жанаша калды Дастанга.

— Жем болсок, бирге жем болобуз!

— Э-й, Ширин-и-ин! Андан нары ту-ур!

Чыйылдап кыйкыра берди Санжар.

— Чын эле сен артыраакта тур, Ширин, кыз баласың!

Дасттан оң колу менен артына түрттү аны.

— Тек!- Ачуу унчукту кыз.- Эркегиң тигинтип пысып турса, сени жалгыз калтырат белем!

Ана! Үйүр баштаган чоң дөбөт бери шукшурулду, алдыңкы эки бутун алдыга керип, кулактарын тикчийте. Дастан шыбырады өзүнө-өзү: «Дөбөтү ушул экен!»

— Ы-р-р!

Түрү суук неменин көздөрү зааркана, панардай жанып, жылтырайт арсайган тиштери.

— Ыр-р-р!

Эңгезердей дөбөт буттарын дагы эки-үч кадам таштады алдыга. Коркууну унутуп койгон адам тигининин күйүп турган көздөрүнө кадала тигилди. Ие, айла кеткенде көз оту да курал. Ушу кезде үйүрдүн эң артында чочоюп отурган экинчи чоңураагы ыңгырана кыңшылап койду. Мына кызык, адамдын найза учундай курч көздөрүнөн сүрдөдүбү же арттагы үйүрлөшүнүн ыңыраңганына жооп кылдыбы, айтор, дөбөт оболу октой оттуу көздөрүн ала качты. Анан алдыга сунган колдорун жыйып алып, ыргылжың тарта бош ыр-р-р! этти. Дөбөт дагы артына кылчая, тиги үйүрлөшүн карады. «Карышкыр үйүрүн канчыгы бийлейт,» деп койду адам. Демек, тигиниси канчыгы. Үйүр анын амиринде. Ырас эле дөбөт аны дагы бир мертебе кылчая карай берип, артына кайтты, булаңдап турган куйругун кар үстүнө таштап. Куйругун жерге түшүргөнү — жоошуганы. Муну көрүп адамдын ичине жылуулук жүгүрүп, кымырай түштү көкүрөгү.

Эми үйүрдөн бөлүнө, бери баскан канчык, үңүлө адамга тигилди. Көздөрү күйүп турат шайтан чырактай. Заардуу эмес негедир. Мээрим учкуну жылтырап атканын көрүп турган пенденин үзүлгөнү турган үмүт учугу уланды кайра. Эне карышкыр бери басып, жакын келди адамга. Дем алганы угулуп турду. Ысык дем, ысык жүз. Алтургай тааныштай… Маңдайында капкара меңи бар экен. «Каерде көрдүм экен, бул эки буттуу макулукту?..» Кызык! Канчык али артына кайта элек болсо да, от учкуну жанды адамдын муздай түшкөн сезиминде. Назик кыңшылап койду канчык, куйругун кар үстүнө таштап.

— Оо Жараткан! Бизди унутпадың!

Канчык аны дагы бир мертебе үңүлө карап коюп, үйүрүн ээрчите экөөн жандай өтүп баратты. Нарыраак барып, артына кылчайды. Шам чырактай жанган көздөрү сүрдүү эмес, мээрим учкуну жылт-жулт… Кар бетине чубалган издерин калтыра узап баратты ач-арык, үрпөйгөн жырткычтар. Жок, бу сапар Дастандын көзүнө кашабалар жырткыч эмес, мээримдүү макулуктар болуп көрүнүп турду. «Бечаралар, ооздоруна алаар азык таппай, эти сөөгүнө жабыша, илкий басып баратканын. Шордуулар!» Ушинтти ал, узап бараткан үйүрдү узата тиктеп.

— Дастан, кеттик!

— Келе жатат тиги.

— Келсе келе берсин, биз жөө басып кетебиз!

— Машинасын чыгарышып койбойлубу?

— Макул.

Санжар шактарды сүйрөп бышылдап-кышылдап жете келди. Жымжырт түн. Ара үнсүз. Үчөө колдору менен машинанын астын кардан тазалашып, шактарды төшөштү дөңгөлөктөрдүн астына. Экөө машинанын тумшугунан артка түртүшүп, Санжар газ берди эле, «Лексус» суурулуп чыкты күрткүдөн.

— Отургула!

Ширин:

— Санжар, ач багажды!

— Не дейсиң, жаным?

— Жаным деп койгонун, коркок неменин! Багажды ач деймин!!

Ал кызарып-татара ачты багажды.

Кыз Дастан экөөнүн сумкаларын багаждан ала, көтөрүп жөнөдү.

— Дастан, кеттик! — Ширин ага башын ийкей, алдыга баса берди кар малтап.

Экөө артына кылчайбай баса беришти кар малтап.

— Эй, отурбайсыңарбы машинага?

Ширин:

— Кете бер! Биз жөө барабыз!

Дастан эки сумканын бирин ийинине асып, экинчисин оң колуна кармап, кыз аны колтуктай кыналыша жол улашты. Санжар машинанын газын барынча басып, экөөнүн үстүнө кар тозоңун учура өтүп кетти. Көп өтпөй, машиненин арткы кызыл чырактары бүлбүлдөп, бурумдан ары көрүнбөй калды. Колдорун жигиттин колтугунан чыгара койгон Ширин көмкөрөсүнөн карга жата калып, ыйлап жиберди буулугуп-буулугуп. Анан отура калып:

— Мени кечирип кой, Дастан!

Берки жанына отура берип:

— Нени кечирем?

— Чүш-ш! Унчукпа!

Ал жигиттин оозун алаканы менен баса, башын жөлөдү кең ийинине. Эрен арууну бек кучактап, көтөрүп алды.

— Ооба, сен меники болчусуң!

— Ананчы, сеникимин!

Селки бир бышактап, бир күлүп, жигиттин мойнун кучактап алды бек. Анан экөө жата калышып, карга ооналактай буланыша алышып кетишти.

— Хи-хи-хи-и!

— Ха-ха-ха-а!

— Мени өөп койчу, Дастаным!

Ал кыздын эринине эринин тийгизди. Ыпысык! Ууртуна тийгизди эрдин. Ыпысык! Күлүп турган көздөрү калың кар ортосунда мөлтүрөп турган кипкичине булактай кудум! «Чоп-чоп» эттире өптү карегинен.

Кыналыша жол улашты. Көздөрү эми гана толук тунган Дастан жанагы эне карышкырды эстеди. Тааныш көздөр, маңдайындагы капкара меңи?..

— Ширин!

— Ов!

— Билесиңби, жанагы эне карышкыр мага тааныш болчу.

— Койчу! Кантип эле! — Кыз ишене бербеди анын сөзүнө.- Тамашаңды кой, кудай гана сактады бизди.

— Аның да туура дечи. Бирок…

Ширин суроолу тигилди ага.

Ал шашпай айта баштады, бала кезинде өзү күбө болгон бир окуяны…

Ошондо да быйылкыдай кыш оор, узакка созулуп, ой-тоону калың кар каптап, тоо-түздү кезип жан баккан жапайы жан-жаныбарлар айыл айланчыктап, кекиликтер ачык эшиктерден үйлөргө кирип келген. Шондой кечтердин биринде бөрү тийген Дастандардын короосуна. Ызы-чуу түшүп эле калган чоң-кичик. Атасы кош ооз мылтыгын дүрмөттөп, мээлей атып калат качкан карышкыр үйүрүн. Учкан ок бирине жаңылганбы, «каңк!» эткен ачуу үн элең эттирген айылдыктарды.

— Ок тийди бирине! — деген үч-төрт эркек кырга жүгүрүшкөн. Колуна киргенин кармап, Дастан да чуркаган алардын артынан.

— Өлөсө ок жеди, узап кеталбайт. Кармап алабыз…

Чоң кишилердин үзүк-үзүк үндөрү угулат наркы кыр тараптан. Кончуна кар толгон өтүгүн чечип, тазалаймын деген ниетте Дастан отура калды сел жууган кашатка. Шу маалда секи-ин кыңшылаган үндү кулагы чалды. Жар түбүн эңилип караса, мойнунан кан шоргологон карышкыр сулк жатат. Жырткыч болсо да макулук. Анын түстүнө жаш, үңкүрүнөн биринчи жолу узап, үйүрдү эми эле ээрчип чыккан бөлтүрүк окшойт. Кашаба баласынын кейиштүү абалына боору ооруй түшкөн улан «атамдар көрүп калбасын» деген ойдо, сербейген коён томокторду сындырып, анын үстүнө таштап жашырды. Шондогу бөлтүрүктүн жалыныч көздөр-ай! Карегинен жаш куюлуп, титирейт денеси. Алсыз, адамча жалдырай карайт баланы. Ок жаңылган жаракатынын оорусуна чыдабай, азууларын арсайта кыңшылап, карышат жаактары.

— Э-эй, Даста-ан! Ок жеген карышкыр аякта жокпу-у? — атасы кыйкырды кыр башынан.

— Жо-о-к, көрбөдүм аны! — Жар түбүнөн Ыргып чыкты ал,- Биякта жо-о-к!

Шонтүп кур кол кайтышкан шаабайы сууган кишилер. Ал бир жума бою көз байланган маалда жарадар бөлтүрүктөн кабар алып, жараатын дарылап, үйдөгүлөрдөн жашыра кымтып, азык ташып жүрдү.

Кашабанын баласы төрт күндөн кийин көтөрдү башын. Үрпөйгөн жүндөрү жылтырап, тикчиет кулактары. Маңдайындагы капкара, чырайлуу меңи бир жакшына. Сүйүнүп кеткен бала башынан сыламак болуп, колун сунду. Аф! Зааркана арылдаган жырткыч тиштеп алды билегин. Жараатын үйдөгүлөргө көрсөтпөй, жеңи менен жашырып жүрдү балаң түшкүр. Жарааты айыккан сайын заарканган бөрү баласы эми аны жолотпой койду жанына. Алдына азык ыргытса «шап!» илип алат да, кызгана ырылдайт ага. Анткен сайын Дастандын бөлтүрүккө кызыгы артып, мээрин төгө эркелеткен сөздөрдү айтуудан тажабайт:

— Күчүгүм менин! Койчу, ырылдабачы!

— Ыр-р-р!

Эми бала жар кашатында отура, сүйө багып карайт бөлтүрүктү. Жанына көшөрө жолотпойт митайым неме. Жетинчи кечте дагы келди. Жар түбү бош! Бөлтүрүк кетип калыптыр. Ийри-Сайга карап кетиптир издери. Из кууп кыйа барды, дайыны жок. Барып жүрдү кийинки күндөрү да. Кайра көрбөдү кашаба караанын. Ичи сыздап, бышактап, суз кайтты үйгө.

Жер бетин кар каптап — ак деңиз, Көк бети — көк деңиз. Сансыз жылдыздар жымыңдайт. Алардын чок ортосунда сызып бараткан Айдын уурту лык күлкү.

— Ширин!

— Ов, жаным!

— Толуп, күлүп турган Ай сенсиң!

— Жылдыздарчы?

— Сенин бактыңа суктанып, көзү күйүп аткан башка кыздар!

— Айдын бетиндеги кара такчы?

— Сенин таалайыңа көлөкө түшүргүсү келген Санжар.

— Ие шондой, менин эреним, кечиримдүүм, боорукерим!

— Оо менин сүйкүмдүүм, асем дүйнөм, аруу жаным!

Ширин карга тизелей берип, колдорун көкүрөгүнө коё, көктү карап:

— Оо Жараткан! Бизге жолуктурган кашаба үйүрү, карышкыр эмес, сенин мага тартуу кылган бак-таалайым экен!

Тизелей чөгө берип, колдорун көкүрөгүнө баса, көктү караган Дастан:

— Ооба Ширин, адамдар бекер жерден жолдуу болобуз деп, карышкырдын тырмагын тумар кыла тагып жүрбөйт тура!

Угула баштады түнкү айыл шабырты.

— Не сонун айылыбыздын түтүнү! — деди Ширин.

Ашыгынын бетине бетин тийгизген берен:

— Экөөбүз да буюрса эл катары морубуздан түтүн булатабыз жакында.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.