Топ адам бир үйгө чогулуп, масилет куруп отурганда, сырттан Мухаммед пайгамбар кириптир. Баары ордуларынан жапырт тура калып, салам узатышат. Пайгамбар отура бергиле дейт. Баары отурат, бир гана өспүрүм бала ордунда тура берет. Пайгамбар отур дейт аны да. Отурбайт тиги.

– Отур деп атат сени. Пайгамбар айтып атат сага, эй! – деп шыбырайт отургандар.

Ошондо Мухаммед пайгамбар айткан экен:

– Тестиер балага таарынбагыла. Анын жандүйнөсүнө төнгөн асылдык менин сөзүмдөн да асыл.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.