Ташбака такыр шашылбайт, көп жашаганы ошол.
Рамон Гомес де ла Верна

Максатыңды так аныктап алуу – Алтын казык жылдызын билип алган сыяктуу. Эгерде, жаза тайып жолуңдан адашсаң, ага карап жолуңду түзөйсүң.
Маршалл Димок

Жакшы адам бул жашоосунда да, тиги жашоосунда да эч жамандык көрбөйт.
Сократ

Жашоонун мааниси – өзүңдү таба билүү.
Мухаммад Икбал

Өлүм – сага карай коё берилген жебе, а жашоо – жебе сага жеткиче өткөн көз ирмем.
Аль-Хусри

Жашоо менен болгон маектешүүдө маектешиңдин суроосу маанилүү эмес, биздин ага берген жообубуз маанилүү.
Марина Цветаева

Кандай күнгө туш болсоңор да жашоону өтө маанилүү нерседей кабыл албагыла – баары бир андан тирүү чыга албайсыңар.
Кин Хаббард

Адамдын жашоосу башка адамдардын жашоолорун канчалык деңгээлде сулуу жана асыл кыла алганына жараша бааланат. Жашоо ыйык. Бул бардык баалуулуктардын башында турган эң жогорку баалуулук.
Альберт Эйнштейн

Жашоо театрда коюлган пьеса сыяктуу: анын канчалык узакка созулганы эмес, кандай ойнолгону маанилүү.
Сенека

Өмүр бою жашоого эми гана камданып жүрүп өткөндөр – жаман жашашат.
Публий Сир

Жашооң бүгүн эле бүтүп жаткандай, калган өмүрүңдү өзүң күтпөгөн белекти алгандай  жаша.
Марк Аврелий

Жашоо – бул өткөн күндөр эмес, эсте калган күндөр.
Петр Павленко

Жашоодо бардыгы үчүн маанилүү бир эле иш бар – ал жан-дүйнөңдү тазартуу. Ушул гана иште эч тоскоолдук болбойт, бир гана ушул иш адам көңүлүн дайыма көтөрө алат.
Лев Толстой

Эгерде адам жашоонун мааниси жана анын баалуулуктарына кызыга баштаса – демек, ал оорулуу адам.
Зигмунд Фрейд

Биз тамактаныш үчүн жашабайбыз, жашаш үчүн тамактанабыз.
Сократ

Жашоо – биз кантип жашоону долбоорлоп жаткан убакта, жаныбыздан өтүп жаткан нерсе.
Жон Лендон

Адамдардын билип алганы оң: жашоо театрында Кудай жана анын периштелери гана көрүүчү боло алышат.
Френсис Бэкон

Адам жашоосу бир куту ширеңкедей: ага маанилүү мамиле кылуу – күлкүлүү, көңүлгө албай коюу – коркунучтуу.
Рюноскэ Акутагава

Пайдасыз жашоо өткөзүү – эрте өлгөн менен барабар.
Гёте

Жашоо – түбөлүктүү, өлүм – болгону бир көз ирмем.
Михаил Лермонтов

Жашоо мааниси жөн гана жашоо эмес, а жашап жатканыңды сезүү.
Василий Ключевский

Өткөн жашооңо канаттануу – демек эки өмүр жашаганың.
Марциал

Тынбай иште. Ар дайым сүй. Аялыңды жана балдарыңды жаныңдан артык көр. Адамдардан кылган жакшылыгың үчүн мактоо күтпө, эмгегиңди баалашпаса капа болбо. Жек көрбө, оң жолду көргөз. Жийиркенбе, жылмайып кара. Китепканаңда дайыма жаңы китеп, жертөлөңдө ачыла элек бөтөлкө, бакчаңда  жыпар гүл өсүп турсун.
Эпикур

Менин жашоомдун көркүн ачкан нерсе, менин өлүмүдү да жагымдуу кылат.

Чжуан Цзы

Жашоо – бейиштин босогосундагы карантин.
Карл Вебер

Биз жашообуздан бир да барагын жулуп сала албайбыз, ошентсе да ал китептин өзүн отко оңой эле салып жиберсек болот.
Жорж Санд

Кыймылсыз жашоо – бул жөн гана летаргиялык уйку.
Жан-Жак Руссо

Адамга бир гана жашоо берилгенин билип туруп – эмне үчүн аны татыктуу жашоого болбосун?
Жек Лондон

Жашоонун эки гана формасы бар: чирүү жана күйүү.
Максим Горький

Жашоо мектеби экинчи жылга калтырбайт.
Эмиль Кроткий

Эртең акыр заман болорун билсем да, бүгүн бак тикмекмин.
Мартин Лютер

Жашоонун бир мыйзамы боюнча бир эшик жабылар замат, экинчи эшик ачылат. Бирок, балээнин баары биз жабылган эшикти карап, ачылган эшикке көңүл бөлбөйбүз.
Андре Жид

Жашоо – бул өзгөрүү гана эмес, өзүңдү жоготпоо дагы.
Пьер Леру

Эгерде кайда баратканыңды билбесең, барбай турган жерге барып калышың толук мүмкүн.
Лоуренс Питер

Адам жашоосу чоң сыр, а сүйүү – эң жеткиликсиз купуя сырдын бири.
Иван Тургенев

Жашоо – гүл, а сүйүү – анын ширеси.
Виктор Гюго

Жашоо – умтулуу болбосо караңгы түн. Билим болбосо кандай умтулуу болсо да сокур, кандай гана билим эмгек болбосо пайдасыз, кандай гана эмгек сүйүү болбосо мөмөсүз.
Халиль Жебран

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.