Төкмөлүк өнөрдүн сапаты (1-макала)

Төкмөлүк өнөрдүн чыгармачылык сапаты, өсүү жолундагы жагдайларга талдоо Ар жыл сайын салттуу улантылып келген кыргыз-казак төкмө ырчыларынын быйылкы айтышындагы өзгөчөлүктөр жана жалпы эле оозеки чыгармачылык өнөрдүн тегерегинде баамга урунган байкоолорубуз туурасында кенен токтолуунун кези келип туру. Төкмөлүк өнөрдүн чыгармачылык сапаты, өсүү жолундагы жагдайларга талдоо жүргүзүү максатында – мамлекетибиздин эгемендигине арналган дата менен катар Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына арналган быйылкы кыргыз-казак төкмө ырчыларынын айтыш өнөрүн башынан-аягына чейин эки күн бою диктофонго жазып отурдук. Талдоо үчүн. Андыктан жалпы айтыштын жүрүшүнө ат үстүнөн […]

Абдыкерим Муратов: Чегемдик кыз

АҢГЕМЕ — Ата, быйылкы саякатыбыз Кавказга болот! – Келини үйгө кирип эле көйнөгүнө, туфлийине, а түгүл сөйкө-шакегине ыраңдаш кол сумкасын аңтара баштады да, кайын атасынын колуна жолдонмо кагазын карматты. Кавказ дегенде Самиш башкача болуп кетти. Кавказ! Кавказ! Акыры ушул сөздү канча жыл күттү! Уулу менен келини дүйнөнүн не бир керемет жерлерин көрсөттү. Бирок Кавказ тууралуу бир ооз айтышчу эмес. Кудай тымызын ниет кылып келген тилегине жеткирди, эми минтип Кавказга барууга кезек келди. Ким билет, ушул акыркы баруусудур. Сексен деген оңой […]

Садык Алахан: Азиядан Европага кеткен жол

Адабиятчы Садык Алахан «Журналистика – тагдыр болгондо» деп аталган он бир илимий портреттен турган жаңы китебин жазып бүтүүдө. “РухЭш” сайты буга чейин журналисттер Тенти Орокчиев менен Турсун Уралиев жөнүндөгү портреттер менен окурмандарын тааныштырган. Бул ирет адабиятчынын улуттук журналистиканын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири Амирбек Азам уулу (Усманов) жөнүндөгү макаласын тартуулайбыз. Кезекте Жеңишбек Эдигеевдин чыгармачылыгы тууралуу илимий портрет турат. Алгач эле айта кетчү нерсе, эки континентти туташтырган жол бул ирет символикалык маани сыйдырылып айтылып жаткандыгы, тагыраак айтканда, бул чыгармачылык жол, калем кармаган адамдын […]