АҢГЕМЕ

— Ата, быйылкы саякатыбыз Кавказга болот! – Келини үйгө кирип эле көйнөгүнө, туфлийине, а түгүл сөйкө-шакегине ыраңдаш кол сумкасын аңтара баштады да, кайын атасынын колуна жолдонмо кагазын карматты.

Кавказ дегенде Самиш башкача болуп кетти. Кавказ! Кавказ! Акыры ушул сөздү канча жыл күттү! Уулу менен келини дүйнөнүн не бир керемет жерлерин көрсөттү. Бирок Кавказ тууралуу бир ооз айтышчу эмес. Кудай тымызын ниет кылып келген тилегине жеткирди, эми минтип Кавказга барууга кезек келди. Ким билет, ушул акыркы баруусудур. Сексен деген оңой жаш эмес экен. Жакшы эле кайрат кылган менен уул-кызына теңелип баса албай энтигип калат. Былтыр Мекеге – умрага барганда өзгөчө билинди. Быйыл балдарына мен эми эч кайда барбай эле койсом болот эле демекчи болгон, анан минтип саякат жолу Кавказга түшүп аткан соң «тобокел, ушул акыркысы» деп баш ийкеп ынап берди.

*       *       *

Борбор Азиядан Казказга барууну каалаган туристтер Ташкентте толук топтолду. Андан Астраханга, аерден Краснодарга учушту.

Краснодардан Нальчикке автобуска отурары менен Самишти ой басты. Андан калса, автобустун алдыңкы отургучуна өзүн жалгыз жайгаштырып коюшту, жоон-жолпу шоопур, аксакалды көрсө милийсалар салонго чейин кирип келбейт деп күрөктөй шапалактары менен далысынан таптап-таптап койду. Уулу менен келини артка өтүп кетти – отузга кирсе да, жаштар да, жаш болсо да түптөп алган бизнестери бар, бир гана айыбы – балалуу боло албай жүрөт, же атайынбы – эмкилерди ким билет?..

Автобус түптүз тасма жолдорду улам сугунуп, ага кошо жол боюндагы мөмө бактарын, эгинзарларды, бирдей кылып келиштирип тургузган көчө жээгиндеги эки-үч кабат үйлөрдү артка калтырып, Самиштин көңүлүн көтөрүп баратканы менен бир кыжаалаттык улам-улам жүрөгүн өйкөп барат…

*       *       *

Баарына атасы күнөөлүү беле, же өзү күнөөлүү беле – азырга чейин ажыратып билбейт…

*       *       *

1954-жылдын августунун акыркы күндөрү али аптабы күчүндө турган Ош Самишти күрүү-гүүсү, ызы-чуусу менен тосуп алды. Ар-ар жерде Сталиндин сүрөттөрү, айткан сөздөрү Лениндикинен да көбөйүп кетиптир. Атасы жайлоодо алтыгана менен ыштап, сүрсүтүп, өзү айткандай бир кыш сактала тургандай кылып даярдап койгон, ага кошуп жалбыз, кийик от менен орогон бир эмес эки куржунга салып берген койдун эти эми анык ага баш оору болду.

— Эми жакшы бар, жакшы оку! – деди да атасы уулун грузотакси Ошко кете турган жерге чейин ат менен алып келип, согуштан калган полуторка деген кара машинанын кузовун чүмбөттөп, адамдар, мал-сал, жүк-пүк салына турган жерге жаңы саман төгүп койгон экен, самандын үстүнө отурган соң мурдатан айтып келген кебин кулагына дагы бир сыйра куйду: – Этти агайларыңа бер, Токтогул ырчы жүргөн Арым жайлоосунуку, атам өзү баккан деп айтсаң мугалимдериң түшүнөт, үйүнө чейин жеткирип бер, кыш ичи жеп жыргап калышсын! Апаңдын калама катырмасы да бар!

Самиш Ошко жетери менен грузотаксилердин вокзалынан жанаша турган Ак-Бууранын боюндагы чайканага эки куржунду салмоорлоп  көтөрүнүп түштү.

Чайканада эл кажы-кужу. Четинде эшек арабалар, аттар, эшектер, а түгүл астына пая салынган уйлар да байланып турат. Ичтейди ачып, курулдаган курсакты козгоп, шилекейди агызып ары жактагы майда казандардан аштын, куурманын, шорвонун, пияванын, шөөланын жыты келет.

Чайканачы чапай мойлоо, шыпылдаган мойсопут ала топу, ала чапан өзбек киши жаш баланы бала экен дебей жан алы калбай тосуп алды да, алдына падноско салып, бир чайнек көк чай, бир навай нан, бир култум чай араң куюлчу таш кесе алып келди. Чоңураак таш кеседе бир тиштем эти бар шорвону да жыгач кашыгы менен койду.

— Алың, тага! – деди нанды алты-жетиге бөлө сындырып, чай кесеге жарымдан ылдый көк чай куюп, оң колдоп балага сунуп, сол колун көкүрөккө басып.

Анан улам-улам куржундан көзүн албай, акыры чыдамы кетип сурады:

— Булар эмне, ашина?

— Эт. Бир боруктун эти.

— Аны эмне кыласың?

— Агайларга берем.

— А студентсиңби?

— Ооба. Жаңы өттүм.

— Кайсыга?

— Пединститутка. Инфакка.

— Ээ, ажап иш болуптур да. Кой карыз болуп калдыңбы? Кой берип өттүңбү?

— Жок. Жөн эле өткөмүн. Атам агайыңа берип кой дегенинен эле аргасыз алдым. Бизде атамдын айтканы – айткан, эч кимибиз ал киши айтканда жок дебейбиз.

— А агайыңдын үйүн билесиңби?

— Үйүн эмес, өзүн да билбейм.

— Анан кантип ага бир койдун этин бүтүн бересиң?

— Эртең сабакка келет да. Ошол жерге алып барып берип салам.

— Оо кокуй, башың бышпаган бала турбайсыңбы? Биринчиден, сабакты бир эле мугалим өтпөйт, ар кайсы илимден ар кыл мугалим өтөт, анан калса, экинчиден, инфактын мугалимдери чылкый орустар, сени пара берип атат деп, өз куржунуңа салып туруп, түрмөгө каматып коёт.

Самиш ойлонуп калды.

— Анда эмне кылсам? – деди башын катырып.

— Куржундарың менде турсун. Мынабул чайкананын түбүнөн Ак-Бууранын бир тегирмен муздак суусу кышын-жайын гүрүлдөп өтүп турат, жака-бели зак, ошол жерге коюп коём. Бир киши тийбейт. Качан болсо алып кетесиң…

*       *       *

Азыр Кавказ тоолорун көздөй зымырап баратып Самиш ошол кишини, анын чайканасын, ошол чайканадагы студенттик күндөрүн көз алдынан бир өткөрүп алды…

*       *       *

Булардын группасы үч кызды кошпогондо жалаң эркектер экен. Кыздардын бири Батима Мокоева. Канаттай кылып иймейтип дыкат терилген кара каштарынын алдында күлмүңдөп турган көздөрү, ууздай таза бети, нур чачырап аткандай адамды өзүнө дароо арбап алган ажарлуу жүзү, узун кылып өрүлгөн жана артына ташталып коюлган кошоктошкон чачтары, эч кимдикине окшобогон, өз колу менен согулган жоолугу, көпөлөктүн канаттарындай дилдиреген кең көйнөгү аны башка кыздардан кыйла айырмалап турчу. Студенттердин баары эле аны Кавказдан сүрүлүп келгендерден экенин билгени менен биринчи окуу күнү анысын эч ким батынып сурай албады. Анан калса алардын келгенине да он жылдай болуп, баары кыргызча окуп, кыргыздын тили менен сүйлөп калышкан. Батима да кыргызча таптак сүйлөйт экен, сүйлөп гана калбай кыргызча келиштирип ырдап, өзбекче ашула айтып ийерин да биринчи эле күнү балдарга божурап жиберди.

Экинчи күнү окуу бүтүп, студенттер тарап атканда Самиш тартынып, сүрдөп Батимага жакын келди:

— Сизге бир нерсе айтсам болобу?

— Болбогондочу, сезимден башканын баарын айтса болот! – Кыз башкача бир наздануу менен балбылдап турган көздөрү менен жигитке теше карап жылмайды. – Биз эми курсташтарбыз да…

— Кайсыл жерде жашайсыңар?

— Эми ушундайсыңар да… Эмне болду? Биздин жашаган жер неге силерге керек болду? Ким суратып атат? Сурак берип бүтпөдүк беле?! – Кыз ачуулана баштады.

— Жо-жок. Антип ойлобогула. Атам бир койдун этин берип жиберди эле…

— Кызык. Бизгеби?

— Силерге деле эмес. А мен силерге берейин дедим эле.

— Неге бизге?

— Билбейм. Бизде эң биринчи меймандарга берет! – Жигит сөз таап кеткенге сүйүндү жана алдыга кеткен кыздын артынан ээрчиди.

— Төлөйкөндө, Ак-Бууранын боюнда турабыз, — деди кыз бир убакта бир аз чечилип.

Чынында алар кыргыздардын жардамын көп көрүштү. 1944-жылы аялдар майрамы өтөрү менен 9-мартта тоодогусун тоодон, үйдөгүсүн үйдөн кой жүктөгөндөй жүктөп, же бир жарытылуу буюму жок, же бир чычкак улагы жок айдап жиберди. Балкарлар таруудай чачырады. Мокоевдер Оштун үстү Төлөйкөнгө түштү. Батиманын өзүнөн чоң эки агасы – Анис менен Данистен тышкары эки иниси, эки сиңдиси бар, ата-энеси Кавказдан келгенден кийин эле аба ушап, бирдейинен эки күндүн биринде төшөк тартып турат. Экөө тең «Сөөгүбүз Чегемге жетпей калабы» деп, Сталинди каргап заркакшаса, жанына тура албайсың. Ошон үчүн баары эркек-кыз дебей айылдын эмне жумушу болсо аткара берет: араба айдайт, чөп чабат, терек бутайт, пахта теримге кетет, жүгөрү чабат, картошка сугарат, сарайдан кык чабат. Жаңы келгенде кошуна кыргыздар бирден улак берип, эчкилүү болуп, ошолордун тыбытын тарап, кийгенге бир нерселерди токуп алганы менен тамак-аштан кыйла эле өксүйт.

Батиманын курсташынын сунушуна унчукпай калганы да, өзүнүн үйүнө кантип, кайсыл жолдор менен барарын, бирок эл көрбөгөн убакта – караңгы киргенде гана баруу керектигин айтып бергени да ошондон.

*       *       *

Туристтердин автобусу Кавказ жерлерин аралай баштады. Самиштин жүрөгү бир ордунда турбай ойдолоктоп тынчыбайт. Анан калса көчө-көйдөн балкарларды, карачайларды улам көргөн сайын бир кызыктай сезим карт денесин аралап жатты.

*       *       *

Бир өзбектин эшек арабасын арзанга кира кылып, жатаканада чогуу жаткан Адыл досун алып, экөө эки куржунду салып, таш жол менен шам аралаш Төлөйкөнгө жөнөдү. Батима айтып берген жерди – суунун айрылышын оңой эле табышты. Ай чыгып калган. Бир убакта айдын жарыгында эки караан көрүнүп эле, булардын жанынан шаптай болуп жетип келди.

— Ким Самиш?! – деди келгендердин бир.

— Мен! – Самиш апкаарып араң айтты.

— Мен – Анис, бул – Данис! – деди бир туугандардын улуусу Самиштин колун катуу кысып. – Эми мындай… Батима айтты, ал кыз менен эми сүйлөшпөгүлө! Арабаңарды айдап биз менен жүргүлө!

Өзбек арабакеч коркконунан үнү калтырап чыгып, эшектерине «хы, хы» дегенге араң жарады. Анис менен Данис буларды жөө ээрчитип, кайра Ошко тартышты. Жаңы шаардын бир көчөсүнө келгенде «Балдар үйү» деген жерге токтошту.

— Этиңерди ушул жерге бергиле! – деди Анис.

Адыл менен Самиш эки куржунду бакчанын кароолунун жанына коюп чыкканча жигиттер кетип калыптыр.

— Карындашыбызды жайына койсун деп айтты! – деди калтырагын эми баскан арык өзбек арабакеч жигиттерге жалооруй жардам сурагандай өтүнө карап…

*       *       *

Автобус Нальчикке келип туристтер үчүн мейманкананын астына токтору менен майда-чүйдө саткандар булардын алдына чуркап келди. Келиндер, кыздар, абышкалар – баарынын колунда бир нерселер бар.

Бир кыз, болжолу он жети-он сегиздерде болсо керек, Самиштин колуна жоолук карматты:

— О, конак, конак, иги жайлук, иги жайлук!

Баары кайталанат турбайбы. Самиш колундагы буюм менен иши да болбой, жоолукту колуна кармап качанкы бир окуяны эстеп ордунда эстеликтей катты да, калды.

*       *       *

Батима эртеси сабакка келбеди. Анын эртеси да келбеди.

Самиш сабактын аягына чейин отура албады. Шарт чыкты да, Ак-Буураны бойлоп Коңур-Жазга барды. Төлөйкөнгө – кыздын үйүнө түз эле баруудан негедир тайсалдады. Аркы өйүз – Төлөйкөн жакты Коңур-Жаздан дапдаана көрүүгө болот, ортодо Ак-Буура гана калат. Батималардын үйү алакандагыдай көрүнгөн жерди таап, суу боюндагы чычырканактардын арасына кирип отурду. Бир убакта… Ана – күткөн убакыт, күткөн караан… Ошол караан – кыпкызыл көйнөк кийген караан үйдөн чыкты да кермеге жууган кирлерин жайып, кайра эле үйгө кирип кетти. Ошол кирип кеткен бойдон көрүнбөдү. Күттү. Күттү. Күн отуруп, айлананы иңир басканда гана Самиш ордунан туруп, уктап калган буттарын кубанычтуу да, жини келе да ургулап ылдыйга – жатаканасы жакка жол алды.

Арадан ишемби, базар болуп, Самиш баягы чычырканактын түбүндө отурганы менен кыздан караанын көрө албады, атасын, апасын, бир туугандарын бүт көрдү – бир гана Батима жок.

Дүйшөмбү күнү Батима сабакка келди. Муңайым тарткан көздөрү Самишти карап атканы менен эмнегедир айыптуудай жалтанат.

Сабактан тарап жатканда Батима акырын келип, Самиштин колуна кичине бир түйүн карматты. Бирок бир ооз сөз айткан жок.

Самиш Адылга да карабай учуп-күйүп өзүнүн чайканасына барды. «Ата» деп алган баягы чапай мурут чайканачы наны менен чайын алып келгенче ал чыдабай түйүндү ачып ийди.

Ичинде ар бирин бир-бирден ороп, кагаз менен жазып койгон буюмдар бар экен: «Бул атаңа – өз колум менен кой терисинен тигилген көйнөк: тавда кийип жүрсүн!», «Бул апаңа – өзүм соктум: шала жайлук, аман болсун!», «Бул өзүңө – өзүм токуган байпак: аягың үшүбөсүн!», «Бул тизим данектер менен кургатылган кактар – инилериңе: таттуулаш бололу!»

Буларды окуп, түйүнчөктү бир жактан уурдап келгенсип Самиш коомайлана катып турду. Ууртунда жылмаюу, ичинде дүргүткөн бир жылуу кан ойноп, нан-чайга оозу барбады.

— Чай ич, уулум! – Чайканачы «атасы» бейкасам чапанынын бир ыптасын бел боосуна кыстарып келип калганда гана өзүн жыйып, тандырдан эми эле үзүлгөн ысык нанга колун узатты.

*       *       *

Ошондон кийин Батима такыр Самишти өзүнө жуутпай туруп алды. Инстутутта да, дализде да, көчөдө да караса, карабайт, сүйлөсө, сүйлөбөйт. Ак-Буура боюндагы жапыз үйүнүн бет маңдайында селсаяктай жүрсө да, көрүп эле турса да, билип эле турса да, көрбөмүш-билбемиш болот…

Аңгыча кыш келди. Окуулар күчөп, англис фонетикасын, тамгалардын айтылышын күзгү коюп тилин ары кылып, бери кылып үйрөнүп жатып студенттердин баары кыйналды. Самиш да Ак-Буура боюна барганын токтотту.

*       *       *

Биринчи курсту бүтүп Самиш Кетмен-Төбөсүнө кетти. Сөгөттүн ичинде Жалгыз-Арча менен Көл-Камышта, Кереге-Таш менен Жар-Көчкүдө балалыгы өткөн жерлерди кыдырып жүрүп, өзү жалгыз эмес, жанында бирөө кошо жүргөнсүп, таш кулатып ойногон, согуштун ачарчылыгында алгы казган, мандалак менен текей, бүлдүркөн менен кожогат терген кокту-колотторду ошол жанындагы элес караанга улам-улам айтып, көрсөтүп калат да, кайра чочуп кетет.

*       *       *

1956-жылдын сентябрында үчүнчү курс башталды. Студенттер тилдик практика деп Ошту кыдырып чет элдиктерди издеп кетет. Анан алар менен баарлашат. Тил жатыктыруу үчүн бул табылгыс тажрыйба.

Бир топ студенттер Сулайман-Тактан чет элдик төрт-беш кишини табышты. Баарылап англисче тилинин жетишинче сүйлөшүп жаткан, кыйыны Батима болуп аткан, анан эле бир убак Батима алар менен башкача бир тилде сүйлөшүп кетти. Кыйла кобурашып, анан шарт бурулуп эле, ары барып бир таштын үстүнө чыгып, таш молодой катып, батып бараткан күндүн кызылынан көзүн албай мелтирип калды.

Студенттер «туристтер» менен аны-муну сүйлөшүп жаткан менен аларды кыргыз, орус, өзбек, татар балдардын айтканы анча кызыктырбады белем, улам-улам Батиманы карай берди. Батима болсо Күн батканын көрө элек адамдай, Сулайман-Тактын кылда учуна бирөө айкелге айлантып катырып койгондой ордунан жылбайт.

Самиш бир-эки секирип, таштарды аттап Батимага жетип барды. Кыз шарт артына бурулуп, Самиштин көкүрөгүнө башын жөлөп, өксүп-өксүп ыйлап жиберди.

— Не болду? Сени ким капа калды? – Самиш кимдир бирөөлөр менен мушташууга даяр турду. Бирок ал жүрөгүнө башын коюп турган кызды – үч жылдан бери түн уйкусун бузган, элес болуп дайыма ээрчип жүргөн кызды көкүрөгүнөн өйдө түртүп коюуга дарманы жетпеди. Кыздын ушундай бир жагымдуу жыты, майин, тал-тал өрүлгөн чачтары, жука аппак дирилдек көйнөгү, акак мончоктору жигитти мурдагыдан да көбүрөөк арбап алды. Экөөнүн ортосунан батып бараткан күндүн нурлары өтө албай калды.

— Америкадан келген армяндар экен! – деди Батима бир убакта эсине келгендей Самишти акырын түртүп. – Армянча сүйлөштүк, кантип куугун болгонду, бул жакта кантип кыргыздарга аралашканыбызды сурады. Анан жакында жериңерге кетесиңер, баарыңар акталасыңар деди!

Батима сүйүнгөндөн ыйладыбы, же ыза болгондон ыйладыбы – Самиш анча аңдай албады. Өзү да, же сүйүнөрүн, же капа болорун билбеди…

*       *       *

Ошол кечте Самиш Сулайман-Тактан Батиманы улам-улам колунан кармап, ылдый түшүрүп алды да, Ак-Буураны жээктей парктын маңдайынан бир мажүрүм талдын түбүнө келишти.

— Байкуш тал, ыйлап атат? – деди Батима көзүндөгү жаштарды чыгаргысы келбесе да чыгып кеткенин байкабай. – Ыйлап атат… Көз жаштары Ак-Буура менен агып жатат…

— Кел, ушул тал биздин тал болсун?

— Биздин ыйлаак тал болсун!

Караңгы киргизип жигит кызды Төлөйкөнгө чейин узатып барды…

  • * *       *

— Ата, эрте жатып эс алыңыз, таңдан туруп Чегемге барат экенбиз, а биз келиниңиз экөөбүз бир айланып, түнкү Нальчикти кыдырып келели? – Уулу ушинтип атасын мейманкананын бөлмөсүндө жалгыз калтырып кеткенде кайдагы уйку, «Чегем» деген сөз жүрөгүн куйкалап кетти. «Эх, Чегем!» «Эх, ошол чегимдик кыз!..»

*       *       *

Бир айда бир жолу милиция бөлүмүнө барып Батима качып кетпегенин айтып катталып келгенге да Самишти эргештирип алат.

Сабактан кийин экөө паркты аралап, Сулайман-Такты этектей басып, анан өздөрүнүн жерине – Ак-Буура боюндагы мажүрүм талдын алдына барат. Мажүрүм тал майда чачтарын жазып ийип сууга таштап, анын учтарын тоо тараптан келген муздак суу агызгысы келип, бирок жоон бутактарынан жулуп кете албай жөн гана сыйпалап өтүп кетет. Экөө сабактарын бирге окушат, бири-бирине тексттерди окуп каталарын түзөтөт. Анан туруп бири-бирине англисче сүйлөшөт.

— Ак-Бууранын башы кайдан келет? – деди Батима бир убак суудан көзүн көпкө албай туруп.

— Чөгөмдөн! – Жигит дароо жооп кайтарды.

— Чегемден дейсиңби?!

— Жоок, качан Чегемден дедим? Чөгөмдөн, Чөгөмдөн. Мындан ары Папан, Кичи-Алай, Чөгөм деген тоолор бар. Ошол жактан келет.

— Жүрөгүм болк эте түшпөдүбү. Биздин жер Чегем да. Ал жакта бийик тоолор, мындан да чоң дайра, муздак суу, кууш капчыгайлар, ысык булактар, бийик-бийик карагайлар бар… Жеримди сагындым… Тоолорумду сагындым…

— Биздин тоолорго алып кетейинби? Бизде Нарын дайра бар, чоңдугунан көпүрө салууга да болбойт. Дагы бир анын куймасын Узун-Акматтын суусу деп коёбуз – муздактыгын айтпа, сууну сузсаң колуң какшайт.

— Биздин суулар да ошондой. Шаркыратмалар көп. Тоо башынан кулап түшө берет, түшө берет. Жанында жайдын ысыгында турсаң, денеңди какшатып ийет. Ушундай жерлерибизге кызыкты да…

— Немистерби?

— Баары эле… Алар да, башкалар да…

Мына ошондон кийин Батиманы Самиш «Чегемдик кыз» дечү болду, башка курсташтары кыпкыргызча эле «Чөгөмдүк кыз» деп алышты. Самиш да кээде аларды туурап «Чөгөмдүк кыз» деп коёт.

*       *       *

Туристтик автобус Чегем капчыгайына кирип барганда ак карлуу тоонун желинеби, же ылдыйда күркүрөп агып жаткан суунун шарынабы, күн тийбеген жерлери көп капчыгайдын нымынабы – Самиш кыйла эле үшүп кетти. Карылык да деп өзүн жубантымыш эткен менен дени жылыбады. Кан басымы аз-аздан көтөрүлө баштагынан туйса да, балдарга билдирбеди, дарысынан гана оозуна акырын салып койду.

— Бул жерде ысык булактар, дары баткактар бар. Үч саат токтойбуз. Каалоочулар ванналарга, бассейндерге кирсеңер болот. Бирок бир гана шарт менен – дарыгер уруксат бериши керек, — деди буларды алып жүргөн коштоочу кыз.

— Ата, сиз ысык сууга түшпөй эле коюңуз, кан басымыңыз көтөрүлүп кетет? – Келини эмне дээр экен деп кежир кайын атасына суроолуу тигилди.

— Түшпөйм. Ансыз да түшпөйм. Бирок мындай бир көрүп чыгайын, биздин Жалал-Абаддыкына жетет бекен? – деди абышка келинге кылган үстөмдүгүн дагы бир көрсөтүмүш болгон менен оюнда башка болуп.

Мына бул жерде кемпирлер бар экен. Үчөө-төртөө тапкан нерселерин сатып атышат да, автобустагылар түшөрү менен кыйкырып калат:

— Бешмет!

— Бурка, бурка, кому бурка!

— Папах, мужикам, папах!

— Шарф! Шала!

— Кыйма! Гылы айран! Гыржын! Сохта!

— Свежий хычын, халва!

Самиш жапайы өсүмдүктөрдүн кургатылган кагын, өздөрү токуган байпак, көйнөк, шалбар сатып отургандарга сыдырата карады. Ошолорго жакындады. Мына бирөөсү окшоп кетти. Издеген кишисине окшоп кетти. Жүрөгү кабынан ыргыды. Ал тыбыт жоолугунун бирин жамынып, калгандарын тартылган керме жипке илип коюп кардарлар менен да иши жок жанындагы дагы бир өзүнө окшош кемпир менен кызып кепке кирген экен кыргыз абышканы баамдаган да жок.

Анын жанына барганда, ал да кокус көрө коюп чочуп кетти:

— Ой, бай, казакпысыз! – деди качандыр бир кезде үйрөнгөн тилинде. Анан согуш жылдарында Шимкенге айдалып барганын, казактардын арасында он үч жыл жашагынан айтып, бирок Кыргызстанга барбаганын божурап, кой десе болбой, муну кемпириңдин башына салып кой деп тандап туруп бир тыбыт жоолугун ороп берди.

Ары жакта бир бассейнде адамдар эркек-аял дебей аралашып, биринин денесине бири тийип, жылымык минералдык сууга түшүп атыптыр…

*       *       *

— Атам менен апам Жалал-Абадга кетти. Ооруп эле кыйналып туруп алды. Анис акем алар менен кошо жүрөт, — деди Батима бир күнү Ак-Бууранын боюндагы мажүрүм талдын астында аябай көңүлсүз отуруп Самишке. – Аларга ушунча көнүп калганмын, эки күндө сагынып, куса болуп кеттим.

— Кел анда, эртең ишемби, сабак эрте бүтөт, сени алып барып келейин? – деди Самиш өзү дале ойлобой туруп.

— Аны-муну даярдашым керек, кирлерин жууп алышым керек. Базар күнү баралы. – Кыздын дале ою ушундайбы сүйүнүп кетти. – Бирок сен такыр көрүнбөйсүң. Көрүнсөң, Анис акем экөөбүздү тең өлтүрөт!

— Куп болот, чөгөмдүк кыз, Самиш көрүнбөйт! Самиш ишпион! – Экөө күлүп калды. Алардын күлкүсүн Ак-Бууранын шары басып кетип, мажүрүм талдын ноодаларына гана сиңип жоголду.

Базар күнү убадалашкан жерден жолугуп, автовокзалга барды. Батима чоң түйүн кылып алыптыр. Ак көйнөгүнө жарашкан ак жоолук салынган экен, жолдон көргөндөр буларды жаңы үйлөнгөн жубайлар дешип, жол бошото берет. Анан калса ал убакта Ошто эркек менен кыз ээрчишип басчу эмес. Биринчи ушулар ээрчишип баскандай бет маңдай чыккан улуу-кичүү мусулмандар бир чочуп алса, орустар суктана карашат. Жалал-Абадга барчу грузотаксиде да жанаша отуруп алды. Аялдар бул жакка, эркектер бул жакка деген шоопур да буларды өлүп кетсин, түндө эле үйлөнгөн экен, ысыгы тарабаптыр деп тим койду.

Экөө бири-биринин колун кармап, колдору менен ойношуп, биринин деми бирине өтүп, машина өпөң-чычаң боло калганда жука көйнөк жашырган денелери тийише кетип, кайра кыз чочугандай жигиттен оолактай түшүп, кайра эле ошентишип, чатыры тартылганга караңгылап калган грузотаксинин ичинде өздөрү менен өздөрү болуп барды.

— Түшкүлө! – деди бир убакта шоопур Самишке буйра сүйлөп. – Силерге ушул жер оң. Мындай кыя менен курортко чыгып кетесиңер.

Алар адырдын түбүнө токтоптур. Адыр боорлоп, бадамдарды аралап кеткен кыя жолдорго түштү. Улам өйдөлөгөн сайын Самиштин колундагы түйүн оорлоп атса да сыр билдирбей, Батима улам-улам айлана-тегеректи, алдыда калган, алакандагыдай көрүнгөн Жалал-Абадды тиктейт.

— Биздин тоолорго окшош экен! – Батима бир убак чүрөк мойнун койкойтуп, бет маңдайдагы ак карлуу тоолорго кол жаңсады.

— Бабаш-Ата! Анын астында Арсланбап деген жер бар. Ажайып кооз. Токойду араласаң, жаңак, алча, мисте, жүзүм төгүлүп жатат, тигил тоонун түбүндө аюулар жүрөт. Токой ичиндеги туптунук суулардан алма, жаңак, алча жалбырактары менен кошо агып өтөт.

— Самиш, кандай сонун! Биздин жерлерге окшош экен! Сагындым… Аябай сагындым…

— Анан Бабаш-Атадан ары дагы кете берсең, кете берсең, илгеркилер ат менен толук күн жүрүшүп, биздин жерге – Кетмен-Төбөгө барышкан. Ушул тоодон ары жагы бүт тоо. Тоо тоого уланып отурат…

— Сонун! Оо, тоолор, тоолор!.. – Кыз көпкө туруп, улутунуп алды. – Дагы Кыргызстанга түшкөнүбүздү карабайсыңбы, Самиш, казак талааларына түшсөк кандай болот эле?..

Экөө ар-ар жерде токтоп, сүйлөшө калып атканын тээ өйдөдө Шор-Булакта бүт денесине ылай сыйпап отурган атасы менен Анис агасы көрүп туруптур. Булар болсо дары суу чыккан Аюп-Булак, Кыз-Булактар өйдөдө – дагы бир топ басабыз деп жүрө берген экен. А алар бул күнү башка булакка – баткактуу Шор-Булакка келип алышкан тура.

Анис дал маңдайынан топудай дөңдүн башынан бүркүт окшоп чыга калды.

— Кач! Анис агам! Кач! – Бир убакта Батима алдынан жылан чыккандай кыйкырып ийди.

Самиш жонундагы түйүнүн турган эле жерге таштай салып, бадамдарды аралап жебе огундай сызып кетти…

*       *       *

Батима дүйшөмбү күнү сабакка келбеди. Чарчап калгандыр, келип калар деп Самиш адегенде анчалык камтама болбоду. Экинчи күнү да, үчүнчү күнү да жок. Ак-Бууранын аркы өйүзүнөн – Коңур-Жаздан өз үйүндөй болуп калган чычырканактын арасынан Төлөйкөндөгү Батиманын үйүн караганы менен чегемдик кыз көрүнбөдү. Бейшембиде жана жума күнү да ал сабакка келбеди. Эми чындап коркуп, сабакка да катышпай чайканага барып, андан экөө жолугушчу Ак-Буура боюндагы мажүрүм талдын түбүндө отурду. Суунун агымын карап, улам-улам агын сууга майда таштарды ыргыткан болуп, анысын деле элес албай, суунун арасынан Батиманын супсулуу жүзүн көрүп отура берип, анан бир убакта оюна келген сөздөрү ыр кылып жазып, ал ырларды Батимага арнап, кагаздарын толтуруп, талдын адам бою жете турган кычыгындагы оюкка кыстырып коё берди. Келбешине көзү жеткенде Күн Сулайман-Тактын чокусунан атырылып түшө берерде Коңур-Жазга элеп-желеп болуп жетип барат да, капкараңгы киргенче Батималардын үйүнөн көзүн албай тиктеп турат. Анын баары текке кетип, акыры жин чырактын да, ташпанардын да жарыктары өчөт.

Чегемдик кыз дүйшөмбү күнү сабакка келди. Бети күн жеп, албырып, дагы башкача бир чырай жамынып алыптыр. Самиштин сүйүнгөнүн айтпа. Сабактан чыгып эле экөө жолукчу Ак-Бууранын боюндагы мажүрүм талдын астына келди. Кыйла туруп калды, ары басты, бери басты. Ырдамыш болду, ырын суунун шары алып кетет. Бир убакта караан көрүндү. Ана келатат. Күн болуп, жылдыз болуп, таң болуп, шоола болуп, нур болуп – деги дүйнөдө адамга керек эмне болсо ошолордун баары болуп келатат. Келди да, Самишке колун сунду. Самиш болсо эриндерин дирилдетип барып, биринчи жолу ошол дирилдеген эриндерин Батиманын жүзүнө тийгизейин деп баратканда, кыз оолактай берип, анан каткырып күлүп ийди.

— Не болду, Батиш?

— Кызык болду! Кызык! – Кыз андан бетер каткырды.

— Эмнеси кызык? – Жигит таң кала туруп калды.

— Сени айтам. Бөжөккө окшоп бөжөңдөп, бадалдардын түбүнө сойлоп кеткениңди айтып атам! – Кыз дагы күлдү. Анын аппак, седептей тизилген тиштери, ууртундагы майда чуңкуру андан бетер чырайына чыгарып, эки өрүм чачы көкүрөгүнө түшүп калды.

Анын мындай маржандай тегиз акак тиштерин оозуна ката албай күлгөнүн Самиштин биринчи көрүшү. Дайыма ой басып, күлкүлүү учур болсо да жылмайып гана коюп, өзүн-өзү токтотуп калчу.

— Байкең эмне деди? – Самиш шылдың болгонго арданып, сөздү бурууга аракет кылып суроо салды.

— Жанагы Самишти атмакмын! Бөжөңдөп мистелерди аралап кетпедиби деди? – Андан бетер күлдү.

— Жөн айтчы? Эмне деди?

— Эч нерсе деген жок! Коркуп кеттиңби? Өзү кайтып Ошко кетип калды. Ата-энемди мага каратып койду. Ысык булактар боюнда суу ичип атып, түнкү куштардын, сүтактын сайраганын тыңшап жатып мен кимди эстедим, билесиңби?

— Мениби?

— Сени! Ушул сени! – Кыз жигитин мурдун сөөмөйү менен басып койду.

— А атаңдар кандай?

— Жакшы. Бир аз көңүлдөрү көтөрүлүп калды. Жалал-Абаддын булактарын да, сен айткан Арсланбаптын тоолорун да Чегемге окшотушуп жеңилдеп алышты.

— А мен сага арнап ырларды жазып аттым. – Самиш мажүрүм талдын кычыгынан бир ууч ыр жазылган барактарды алып чыкты да, четинен окуп кирди. – Тагдыр сени айдап келип Чегемден, кудай сенин жарың болот деген бейм…

— Самиш!.. Самиш!..

*       *       *

Самиш бир топ ары басып, бери басып, Чегем дарыясынын бойлорун кыдырды. Батима айтчу жерлерди издеди. Тоо боорунда бири-бирине улашып асманга чейин чыгып кеткен эки кабат, үч кабат үйлөр… Калың өскөн дарактар… Үйлөргө алып чыккан чоң көпүрө…

*       *       *

Ак-Буурада булардын мажүрүм талына жакын эле жерде аркы өйүз менен берки өйүзгө адамдар катташа турган көпүрө боло турган. Киши дале көп өтпөгөндүктөн экөө ошол көпүрө үстүндө көпкө чейин суунун агымын карап сүйлөшүп тура берчү.

— Биздин Чегемде да солкулдак көпүрө бар эле, — деди Батима балалык күндөрүнө саякаттап, таш түбүн көк ирим кылып айланып аткан суудан көзүн албай. – Мен биринчи класска ошол көпүрө аркылуу өтүп окуп калдым.

— Ошол солкулдак көпүрөнүн орто тушу сууга тийейин-тийейин деп турчу беле? – Самиш толкундана баштады.

— Ооба. Сен аны кайдан билесиң?

— Биздин айылдын көпүрөсү да ошондой болчу. Ошол көпүрөнүн башында бир жер там бар эле.

— Ооба. Анда карып калган чал менен кемпир жашачу.

— Алардын төрт эчкиси бар эле.

— А биздин кемпир-чалдын эчкилери көп эле. Чубашып ийри-буйру жолдор менен таштуу жылгаларга чыгып кетчү…

— Кечинде алардын небере баласы айдап келчү.

— А жок, ай. Кечинде кандай чубалып кетсе дал ошондой чубалып, эркечин ээрчип жалгыз тамга келчү.

— Анан алар силерге сүт бышырып берчү беле?

— Жок, ай, сатчу. Көп адамдар сатып кетчү.

— Анан силер ошол көпүрөдөн сууга секирип, агып барып, жайык жерден чыкчу белеңер?

— Жок, ай, бүт айылыбыз боюнча бир мен гана ошенткемин.

— Кантип?

— Мындай болгон. Мектепте эки агамды ээрчип барчумун. Бир күнү экөө тең барбай калды, азыр эстей албайм, баданын кезүүсү келди беле, же ооруп калышты беле, айтор, эки кыз менен баштыгымды асынып өзүм жөнөгөм. Коркконум эле солкулдак көпүрө. Үчөөбүз кол кармашып өтүп баратабыз. Берки өйүздө чал менен кемпир карап турган. Кыздар сууну карабайбыз, карасак, башыбыз тегеренип кетип, жыгылып түшөбүз деп убадалашып алдык. Бир убакта көпүрө термеле баштады. Куду бешик терметкендей. Шамал болуп кеткендей. Анан мен отуруп калдым. Буттарым калтырып кетти. Кыздар колумдан тартты. Тура албадым. Кусуп жибердим. Суу тескери агып, асман тегеренип атты. Ал жагын билбей калдым, мени суу алып кетти. Кыйладан кийин көзүмдү ачсам, адамдар суунун жээгинде тегеректеп туруптур…

— Анан кантип чыгыпсың?

— Кемпир менен чал катуу кыйкырып, суу жээктеп жөнөгөн экен, ылдый жакта балык кармап жүргөндөр кармап чыгыптыр. Болбосо сенин Батимаң жок эле… Сеникиминби? Сенин Батимаңмынбы, өзү?

— Ооба, ооба! Алтыным, меникисиң! Түбөлүк меникисиң!..

*       *       *

Ушул жерде болушу керек ошол көпүрө деп Самиш тоо бооруна чабалекей уяларына окшоп салынган тамдарды кыдырата карап, анан эки катар машина өтө турган көпүрөгө карап жылмайып койду.

— Батима дегенди тааныйт белеңиз? – деди бир улуураак папакчандан алдынан чыга калганынан пайдаланып.

— Батима көп бизде. Кайсы Батима? Кимдин кызы?

— Азыр сексендерде болсо керек. Фамилиясы – Мокоева. Кыргызстанга депорт болуп барган.

Папакчан ийнин куушуруп кете берди.

Айланып дагы кыз-кыркыны, эркеги – баары кошулуп сууга түшүп аткан бассейнге келди.

*       *       *

Бир жолу Самиш Батимасын күтүп ыр жазып отурган. Күн кактап тийип аткан.

— Суу кечейинчи, ысып атам?! – Батима Самиштен суранды. – Сен ары карап тур!

Самиш ары карады. Анан бир аздан кийин эле чыдабай кетип Батиманы көргүсү келди. Көз кыйыгы менен тиктесе, мажүрүм талдын сууга тийип турган ноодаларынын арасында кыз шалбарын кызыл ашыгына чейин көтөрүп, пайчасынын оймолонгон жээктерине чейин жылаңаяктанып суу кечип туруптур. Анын буту аппак болуп, ушунча сулуу экен. Мындай актыкты, мындай сулуулукту ал мурда көргөн эмес. Ак-Бууранын суусу Батиманын аппак буттарын, ошол буттарындагы келишимдүү салааларын, кызыл ашыгын  аралап өтүп ушунча бактылуу болуп атыптыр. Самиштин бүт денеси кызып, элөөрүп, дүүлүгө да түштү.

— Караба! Ары кара! – деди Батима чочуп кетип.

Самиш эми эч жакты карай албай, мажүрүм талга сүйөнгөнчө жер тиктеди.

Анан жанына – мажүрүм талдын ноодалары жерге тийип турган жерге кыз да келди. Бутуна оштуктардай кылып маасы-гөлөчүн кийип ала коюптур. Балбылдаган капкара чоң көздөрү менен жигитти сүйкүмдүү да, жалооруй да, аягансып да башкача бир тиктеди. Жоолугун башынан шыпырып таштап, чачтарын жазып койгон экен, аларга да суу тийгизип алганбы, анын майда чачтары мажүрүм талдын ноодаларына окшоп, Ак-Бууранын сууларын сарыктырып туруптур…

*       *       *

Куду сүрөт көргөндөй азыр Чегемдин бассейининин жанында Самиш ошол күндү – Ак-Бууранын жанындагы мажүрүм талдын астындагы Батиманын аппак буттарын, суу тамчылатып аткан капкара чачтарын эстеди…

…Андан бери алтымыш жыл өтүптүр…

*       *       *

— Эй, бери кара! – деди Самидин өзү жалгыз Навои паркындагы «атасынын» чайканасынан загыра жеп өзөк жалгап чыгып, шам аралаш жатаканасына бара жатканда теректердин арасынан үчпү, төртпү караан чыга калып, алардын бири ушунчалык бир доңуз үн менен корулдап.

Самидин артына бурулуп карай бергенде кулак-мойну туюк биригип калган, өгүздөй буржуйган жигит тумшукка базгандай жоон муштум менен уруп ийди. Көзүнөн от чагылып, кыйган теректей ордунан жагылып түштү да, ошол бойдон тура албай калды.

Ырас, бул жерде көп мушташ болчу. Өзгөчө Мажүрүм-Тал көчөсүнөн, Шейит-Дөбөдөн чогулуп келген өзбек балдар студенттерди кырып уруп кетчү. Андайда Самидин өлбөгөн жерде төрт-бешин сулата чапчу. Бул жолу алардай көрүнбөйт.

— Болду! Жетет! – деди бирөөсү бука моюн төөдөй караанга карап. – Кыз менен жүргөн кандай болорун көрдү!

Ал ошентип дудаланып онтоп атканда дагы бири – канар каптай калдайганы келип, бөйрөк туштап тээп алды. Самидин онтоп ийди.

Караандар кандай шырп алдырбай күтүүсүз келсе, ошондой күтүүсүз жым гана жок болду.

Эки сааттай жатып, араң өзүнө келген Самидин жатаканага чекесиндеги шүүшүндөгөн канын улам баса коюп, бутун сүйрөп барганда Адыл эки-үч бала болуп издеп аткан экен, студенттер куду солдаттардай бир заматта буйруксуз эле Навои паркына чуу коюшту. Бир сыйра паркты «тазалап» чыгып, шектүүлөр жок экенин айтып кайра түн бир оокумда келишти.

*       *       *

Самидин азыр Чегемдин ичинде ошол келтек жегенин ойлоду. Негедир бул окуя жадынан чыгып кеткен эле, капысынан ушул жерде көз алдына келе калды. Ошондо бир жумадай сабакка барбай калган. Бир жума Батиманын көзү кызарып, ыйлагансып жүргөнүн Адыл айтып келип атты. Кызык, ошондо аны ким урду экен, эмнеге урду экен? Карагаттай көздөрү мөлтүрөп турган кызды жакшы көргөндөр, кат жазгандар, жакын келип тийиштик кылгандар көп эле: кыргыздардан да, татарлардан да, кавказдыктардан да – ошолордун бири беле, же агалары ушундай жол менен кулак какты кылдырдыбы, ошондо да, кийин да аңдай албай жүрдү.

*       *       *

Туристтерди Чегемдин ичиндеги эски таш үйлөргө, шаркыратмаларга, Күмүш-Булакка, жер астынан оргуп чыккан кайнак булактарга, эртеси Черекке алып барып, Голубое озеро деген көлдөрүн айлантты, анан кийин Эльбурс тоосу көрүнгөн жерлерге, карагайлуу токойлорго саякат кылышты.

Самидин бул капчыгайлардын ичине биричи жолу келип атса да, мурда да бир келгендей, балким баштагы жашоосунда ушул жерде туулуп-өскөндөй боло берди. Эмнегедир ошентти…

Ар кимди карай берген менен, сурай берген менен Самидин кечинде отелге үмүтсүз, суз кайтып атты. Чарчады. Чаалыкты. Келин-уулуна сыр бербешке аракет кылганы менен аны оор бир жүк басып турду…

*       *       *

Ошондо Улуу Жеңиштин 12 жылдыгын Ошто белгилегенден бир күндөн кийин эле – 10-майда аудиторияга облусттук агартуу бөлүмүнүн башчысын факультеттин деканы ээрчитип узун-кыска болуп кирип келди. Башчы мектептерде англис тили мугалимдери такыр жок экендигин, жыйырма күндөй болсо да, студенттер мектептерге барып, окуучуларга англис тамгаларын үйрөтүшү зарыл болуп атканын түшүндүрүп айтары менен декан кимдин кайсыл мектептерге барышы керектигин тизмелеп келген экен, окуп кирди. Самидин Токтогул районуна бөлүнүптүр. Баарын окуду. Бир гана фамилия чыкпады. Ага кабатыр болгон Самидин ордунан туруп:

— Мокоевачы?! – деп кыйкыра сүйлөдү.

Декан жооп бербей тилин тиштеп алгансып жер тиктеди.

ОблОНОнун башчысы гана:

— Ал кыз конок экен да!.. – деди түшүнүксүз.

*       *       *

Самидин Токтогулга барып, Батимага бир күндө бирден ыр, бирден кат жазып атты. Жооп жок. Жыйырма күн жыйырма жылдай болуп кетти.

Мектептерде каникул башталары менен элеп-желеп болуп, туулган жеринин жытын алып, аптапка күйүп аткан Ошко жөнөдү.

Автовокзалдан түшөрү менен Ак-Буураны бойлой чуркап, Батима экөөсүнүн мажүрүм талына жетти. Мажүрүм тал баягысындай эле тоо тараптап келген желге барик-бутактарын ийилтип келгендерге таазим кылып турган экен. Аны Батимадай көрүп, кучактап калып, Батима экөөнүн кат үкөгүнөн тоголоктонуп калган кагаз таап, анын ичин ачып, колдору титиреп, бүт бадени калтырап окуй баштады: «Бул кат эмес – бул менин көз жашым! Кош! Кош! Кош! Сени, Ак-Буураны, мажүрүм талды, Ошту карегиме салып алып, биротоло тууган жериме кетип атам! Баардыгы, баардыгы үчүн мени кечир! Сен бактылуу болосуң! Башка сөз айта албайм… 1957-жыл. 14-май…»

*       *       *

«Интурист» деген жазуусу эки боорун саймалаган автобус Нальчиктен кайра кайтты. Самидиндин өмүр саякатын эске салган Кавказ саякаты аягына чыкты окшойт. Көңүлү, дили караңгылаганы менен бир ыраазычылык денесине уялап турду.

— Беш мүнөткө токтойбуз! Суу-пуу алып алгыла! – Булардын жол баштоочусу шаардан чыга берерде автобустагыларга кайрылды.

Кавказдын абасынан соңку демин алууга Самидин да жерге түштү. Түштү да, элейип туруп калды. Жок, ал Батимасын көргөн жок. Көчөдөгү табличканы көрдү. Бет маңдайындагы туура көчө Батима Мокоева атындагы көчө экен. Көзүнө жаш келип, селейди да, катты.

Ойноп жүргөн балдардан:

— Көчөңөр кимдин атында? – деп сурады.

Балдар ийин куушуруп тим болду.

Ары жакта коляскага неберелерин салып алып отурган аялдардан сурады:

— Батима Мокоеваны тааныйсыңарбы?

— Тааныбагандачы! – деди бирөөсү шашып-бушуп. – Биздин эжей болгон. Англис тилинен сабак берген.

— Болгону кандай? Көзү өтүп кеттиби?.. – Самиштин өңү заматта кан ичкендей кубарып, денесинен кырк аяк жөрмөлөп кеткендей чымырады.

— Каза болуп калган. Он жылдай болду го? – деди шашкалагы экинчисине карап. Анысы ырас дегендей баш ийкеп гана койду.

— Балдары, үй-бүлөсү барбы?

— Кайдан? Өмүр бою жалгыз өттү. Турмуш курбады…

Автобус узун сигналын басып, Самидинди чакырып атыптыр.

Ал өзүнө өзү кекенип, эки илебин бек тиштенип, муштумдарын түйүп, шашпай келип, ордуна отурары менен жумшак автобус ордунан жылды.

Батима Мокоева атындагы көчө артта – бийик жакта калып, Самидин бараткан автобус улам төмөндөй берди…

2019-жыл, август

One Reply to “Абдыкерим Муратов: Чегемдик кыз”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.