Адабиятчы Садык Алахан «Журналистика – тагдыр болгондо» деп аталган он бир илимий портреттен турган жаңы китебин жазып бүтүүдө. “РухЭш” сайты буга чейин журналисттер Тенти Орокчиев менен Турсун Уралиев жөнүндөгү портреттер менен окурмандарын тааныштырган. Бул ирет адабиятчынын улуттук журналистиканын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири Амирбек Азам уулу (Усманов) жөнүндөгү макаласын тартуулайбыз. Кезекте Жеңишбек Эдигеевдин чыгармачылыгы тууралуу илимий портрет турат.

Алгач эле айта кетчү нерсе, эки континентти туташтырган жол бул ирет символикалык маани сыйдырылып айтылып жаткандыгы, тагыраак айтканда, бул чыгармачылык жол, калем кармаган адамдын материктер ортосундагы ой чабытынын жолу экендиги…

Пенде баласынын өмүр жолу болжоп болбой турган нук менен өнүгүп-өсө тургандыгы алмустактан бери айтылып келе жаткан жана да далай адамдардын өмүр жолу менен тастыкталган айныгыс чындык экенин дагы бир ирет көңүлгө алуу менен бул адилет сөз ар бир муундун тигил же бул өкүлүнүн өмүр-тагдыры аркылуу да айкындала берерин, мындай көрүнүштөрдү мына бүгүнкү күнү да өз курбалдаштарыбыздын эле өмүр- тагдырынын мисалында көрө тургандыгыбызды баса белгилеп айта кетмекчибиз.

Дагы да конкреттештире айтчу болсок, бүгүнкү күндөгү улуттук  журналистикабыздын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири Амирбек Азам уулу Усмановдун өмүр жолу дал ошол алдын ала эч бир болжоп болбой турган нук менен өнүгүп-өскөн пенделик жана чыгармачылык тагдыр болуп эсептелет.

Өзүңүздөр ойлоп көргүлөчү, өрүкзарлуу Баткендин Чаувайында мектеп босогосун аттаган бала орто мектепти баш калаабыздагы Н.К.Крупская атындагы республикалык спорт мектеп-интернатынан (азыркы Олимпиадалык резервдерди даярдоочу республикалык спорт мектеп-интернаты) бүтүрөт. Мындай баладан спорттун тигил же бул түрү боюнча мыкты адисти күтсөк болот беле? Албетте, болот болчу. Бирок спорт мектеп-интернатын бүткөн боз улан Амирбек ал кезде жер шарынын кургак жеринин алтыдан бир бөлүгүн ээлеген СССР деген улуу державанын экинчи борбору Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарындагы финансы-экономикалык институтуна келип тапшырды да, бул окуу жайын ийгиликтүү бүтүргөн соң күнөстүү жергебизге кайтып келип, өз кесиби боюнча эмгек жолун баштады.

Ошол эмгек жолун андан ары улап, бүгүнкү күндө жумуриятыбыздагы белгилүү финансист же экономист болсо болот беле? Албетт, болот болчу. Бул үчүн жаш адис Амирбек Усмановдо тиешелүү базалык билим да, келечекке умтулган жаштык жигер да толук жетиштү болчу. Бирок жаш адистин өмүр жолу таптакыр болжоп болбогон башкача нукка түштү. Амирбек Усманов колуна калем алып журналисттик жолго, түйшүгү түмөн болгон өтө татаал журналисттик жолго ат тизгинин бурду. Бул өтө оор чечим эле, таразанын табагына бүтүндөй келечек, пенделик тагдыр коюлган өтө олуттуу чечим болчу. Бирок, диалектиканын улуу мыйзамдарынын бири айныгыс далилдегендей – эч нерсе бардан жок болбойт экен да, жоктон бар болбойт тура. Көрсө, калемгердик угут, журналисттик көрөңгө Амирбек Усмановдо кан-жаны менен тең бүткөн касиет-шыктын бири экен. Тиешелүү билим, ноюбаган эмгек ал тубаса шык-жөндөмдү өнүктүрдү, бийик деңгээлге жеткирди. Албетте, муну биз бүгүн билип олтурабыз, мындай экендигине бүгүн көзүбүз жетип, бүгүн ишенип олтурабыз…

Ырасында эле көркөм өнөргө, чыгармачылыкка (журналисттик мээнет, мыкты публицистикалар да өнөр, чыгармачылык болуп эсептелет эмеспи) болгон кызыгуу тээ бала күндөн башталгандыгын анын “Поэзия жана живопись” деген татынакай макаласынын соңундагы: “…айтор, бешинчи же алтынчы класста окуп жүргөндө Рудниктеги (Чаувайдагы болочок публицист жашаган участок – С.А.) китепканага барып, Айвазовский, Иванов, Фет, Кустодиев деген сүрөтчүлөдүн боёктуу сүрөттөрү чөнтөк дептердей альбом-китептерин таап алдым Алгач Ивановду алдым”, – деген саптарынан эле байкасак болот.

Амирбек Усмановдун публицистикалык макалалары топтолгон бул китеби, өзүңүздөр  күбө болуп тургандай, “Чаувайдан Чехияга канат кагып…” деп аталат. Европанын дал ортосунан орун алган Чехия. Бул өлкөгө китептин автору бала кезинде бир ирет аттанып, бирок ошол учурдагы тоталитардык режимдин жазылбаган, бирок таштан катуу сакталган эрежелеринен улам бара албай калган болчу. Анда Амирбек өспүрүм бала эле. Жогоруда эскертилип өткөн  Н.К.Крупская атындагы республикалык спорт мектеп-интернатынын 8-классынын окуучусу болчу. Сабактан кийинки бош учурда курбулары менен футбол тээп жаткан Амирбекти интернаттын белдүү мугалимдеринин бири Николай Феодорович чакырып алып, 20 күндөн ашуун убактыттык экскурсия менен Чехословакияга (ал кезде Чехия менен Словакия бир мамлекет эмес беле) бара турган болгондугун айтты. Боз улан ичинен сүйүнүп калды. Күндөр өтүп жатты. Алыскы Европага экскурсияга барар күн да келип жетти. Бирок боз улан Амирбекти ал дем алуу саякатына жөнөтүшкөн жок. А.Усмановдун ордуна спорттук көрсөткүчтөрү боюнча деле, сабакты өздөштүрүүсү боюнча деле андан мыкты эмес Мамат деген баланы жөнөтүштү.

Көрсө, ал баланын атасы ошол учурдагы Кыргыз ССРинин өсүп-өнүгүүсүндөгү негизги тармак болгон айыл чарбасында иштейт тура. Жылкычы болуп иштөөчү экен. Бул тууралуу кийин-кийин Амирбек кадырлап сыйлаган педагогдорунун бири Нина Александровна Григрьева өзүнчө бир чоң сырды ачыкка чыгарып жаткансып айтып берген…

Тагдыр экен өспүрүм кезде барбай калган Чахиянын борборунда мына жыйырма жылга чукул мезгилден бери жашап, эмгектенип келе жатат. Китептеги публицистикалык макалалар чагылдыруу объектисине ылайык, тематикалык багытына жараша чоң үч топко бөлүнүп берилген. “Карегимде Ата Журт” деп аталган биринчи бөлүмдөгү макалаларда өрүкзарлуу Баткан жергесинин гана эмес бүтүндөй Кыргызстандын, ал турсун мурдагы улуу держава СССРдин да сыймыгы (демек, экономикалык өсүп-өнүгүүсүнүн кандайдыр бир деңгээлдеги таянычы) болгон Айдеркен сымап комбинаты, андагы катардагы жумушчулар менен инженерлер, алардын күнүмдүк турмушу, каарман эмгектери жөнүндө баяндалат. Албетте, публицистикалык макалаларда – чыгармачылыктын бул түрүнүн талаптарына ылайык – негизги ойдун так-дааналыгы, адам мүнөздөрүнүн кылдат, чебер  берилиши,  таанып билдирүүчүлүк маалыматтардын молдугу биринчи сапта турат эмеспи. Ушул чен-өлчөмдөн алып караганда А.Усмановдун публицистикалык чыгармалары бир топ утушка ээ болуп турат. Чыгаан публицисттин дээрлик бардык макалаларында автордук ой так, даана берилет.

Дагы да тагыраак айтсак, окурманга сунушталган ар бир макаладагы маалымат, окуялар, ал турсун андагы адамдар менен алардын кулк-мүнөздөрү, деги баарысы, автордук негизги ойду так, даана терең жана жеткиликтүү берүү үчүн кызмат кылат.   Сөзүбүз кур болбосун үчүн “Айдаркен сымап комбинатында бир күн” деген публицистикалык макаланы алып көрөлү. Мында  сымап өндүрүү боюнча дүйнө жүзүндө экинчи (!) орунда турган (биринчи орунда Кытай, үчүнчү орунда Чили, төртүнчү орунда Перу ж.б. өлкөлөр) Айдеркен сымап комбинатындагы өндүрүштүн ал-абалын, өткөнү менен келечегин жалпы элге жарыя айтып берүү негизги, эң башкы автордук ой болуп эсептелет.

Бул негизги ойду атпай журт жетишерлик деңгээлде жеткиликтүү түшүнүшү үчүн автор биринчи кезекте мында иштеген адамдарды, алардын күнүмдүк эмгегин көрсөтүүнү алдыңкы планга алып чыгат. Чыгармадан биз комбинаттын башкы директору Толубай Салиевден баштап электриктин шакирти болуп жаңыдан иштей баштаган Акжол Зайнидиновго чейинки өз эмгегинин чыныгы каармандары, ал гана турсун өз Ата Журтун чексиз сүйгөн чыныгы мекенчил эмгекчилерди жолуктурабыз.

Өмүрүнүн 28 жылын кенде өткөргөн жардыруучу Тахир Балтабаев тике эле минтип айтат: “Мен Россиянын көптөгөн жерлеринде, Якутияда иштеп келдим. Ата Журтуңдан жакшы жер жок. Россияда хотдог же гамбургер жегенче, өз жериңде нан менен суу ичкениң жакшы.” Ал эми сымапты бөлүүдө иштеген устат-мастер Алла Павловна Леончуктун айтканы бул: “Менин ордума уулум келип, жумушту улантат. Азыр бул жерде жалаң мекенчил патриоттор калды.” “Айдеркен менин киндик каным тамган жер. Ошон үчүн эч жакка кетүүнү каалабайм” – бул сигналчы келин Кристинаны ою, өзү үчүн өзү чыгарган бүтүмү.

Жогоруда биз публицистикалык чыгарманын негизги касиеттеринин бири анын таанып-билдирүүчүлүк сапаты экендигин айтып кеттик эле. Сөз болуп жаткан макаланын мындай сапаты дароо эле көзгө урунат. Макаладан биз автордук баяндоо аркылуу берилген момундай деген маалыматты окуйбуз: “Жердин кыртышынан сарыгып агып чогулган саркынды суулар… шахтанын эң коркунучтуу жоосу. Андан кенди тынбай иштеген насостор гана коргойт.”  “– Коопсуздук үчүн 47-штольняда дагы эки насос 48 саат бою тынбай иштөөдө. 400 метр тереңде жер астына саатына 3 миң куб метр суу келип турат. Эгерде электр энергиясы өчүп калса, биз өтө ашып барганда үч-төрт саатка гана чыдай алабыз. Бизде 2 миң куб метр суу сыйчу эки резервуарыбыз бар. Ала үч-төрт саатта толот. Андан кийин шахтаны суу каптайт. Биз ошон үчүн  аскерлер сыяктуу согуштук жагдайда иштейбиз.” Булар комбинаттын башкы директору Толубай Салиевдин сөздөрү аркылуу берилген маалыматтар. Ал эми төмөнкүлөр болсо кайрадан автордун сөзү аркылуу берилген маалыматтар болуп эсептелет: “10 тонналык килейген лифт менен күнүнө жер бетине 100 тоннага чейин руда чыгарылып, металлургиялык заводго жөнөтүлөт. Андан 150-200 кило сымап эритилип алынат.”

Ал эми макаланын соңунда бул публицистикалык чыгарманын негизги идеясын, мында айтылчу негизги автордук ойду андан бетер тереңдетип жана конкреттештирип турган төмөнкүдөй маалыматтарды окуйбуз: “Башкы директор өткөн 2011-жылы 11 тонна сымап өндүрүлүп, товардык продукция базалык жылга салыштырганда 233 пайызга көп болгонун, 40 миллион сом киреше алынганын, 30 миллион сомго техника сатып алып келишкенин айтты.” Жергиликтүү массалык-маалымат каражаттарынан азыркы Кыргызстандын кара жагын гана окуй берип, карарган көңүлүбүздү агарта турган, өлкөбүздүн келечегине ишеним туудура турган маалыматтар эмеспи булар.

Ушинтип жакшыны тапса, таап туруп жакшынакай кылып жазса болот тура. Бул көрүнүштөрдү, албетте, А.Усмановдун журналисттик калеминин өзгөчөлүгү, анын публицистикаларында ак жаркын боёктор, оптимисттик маанай, түпкүлүгүндө келип, Ата Журтту сүйүү башкы орунда турары деп билгенибиз оң.

Өзгөчө бөлүп айта кетчү дагы бир жагдай, жазып жаткан объектисин терең изилдеп билүү үчүн А.Усманов каармандары менен кошо 200 метр тереңдиктеги жер астына түшөт, тиешелүү адабияттар менен да мүмкүн болушунча тыкыр таанышып чыгат. Адабияттар демекчи, автор минтип жазат: “Фергана өрөөнүнүн тоолорунда байыртадан сымап казып алынганы тарыхтан маалым. Белгилүү советтик илимпоз Михаил Евгеньевич Массондун жазышынча мусулман адабиятында… бул жөнүндө көптөгөн фактылар бар. …Х кылымда жашаган араб географы Истахри Абу Исхак, андан кийин дагы бир араб илимпозу Абдулла Касым ибн Хаукал “Жолдордун жана мамлекеттердин китебинде” (“Книга путей и стран”) сымап Сох тоолорунда өндүрүлгөндүгүн жазат.

Ал эми 1925-жылы сохтук кыргыздар эки чопо көзө сымап таап алышканын, бирок көзөнү көмкөрүп коюшса, ичиндеги суюк сымап агып кеткенин эскерет. (Караңыз: Массон М.Е. К истории добычи рути в Средней Азии, 1930.) Бул сымаптар, балким, азыркы Айдеркен шаарчасынын тегерегиндеги эски кендерден казылып алынгандыр.” Мына ошентип, автор жазып жаткан проблемасы боюнча мүмкүн болушунча кеңири маалыматтарды топтойт жана аларды публицистикалык макалаларында ыктуу пайдалана алат. Албетте, мындай сапат ар кандай журналисттен чоң чеберчиликти талап кылат. Ал эми А.Усманов бүгүнкү күндө журналисттик чеберчилиги жогорку деңгээлдеги публицист болуп калды десек чындыктан анча деле алыстабаган болобуз.

Кыргыз жергесинде кен казып алуу иши тээ байыркы замандарда эле колго алынгандыгын залкар калемгер Түгөлбай Сыдыкбеков да жазып кетиптир. Даркан жазуучу минтип баяндайт: “1917-жылга чейин кыргыздар өз жеринен коргошун, күмүш, көмүр, сымап, күкүрт, сурьма иштеп чыгарып келишкен. Байыркы убактарда эле тээ Енисей, Улуу Тоодон темир, чоюн эритип, алтын чайкап алышчу. Ал эми орто кылымда Талас өрөөнүндө күмүш чыгаруу бүткүл Чыгыштагы ири өнүмдөрдүн бири болгон. Бирок, ар дайым согуш ачкан баскынчылардын кесепетинен алардын көпчүлүгү кийинки мезгилде жоголгон. Ырас, ал замандарда кен байлыгын өндүрүп алуу эң жөнөкөйлүк менен иштетилип, көп күчтү  зарып кылган…

Кен чыккан жерлерди чет көздөн сактоо, билгизбөө эрежеси эзелтеден бар болчу… Кендүү өзөндөр жөнүндө эң коркунучтуу кабар айтышчу. “Ал жакта адамга зыян кыла турган сырдуу күч, жаман оору жугуза турган жай – түтүн чыкчу үңкүр бар, адамды дудук, мунжу, жинди кылып коё турган жаман жел жүрөт”, дешип чет кишини баштап баруудан жергиликтүү адамдар таптакыр баш тартышчу.” (Т.Сыдыкбеков. Тоо алыстаган сайын бийик. – К-те: Т.Сыдыкбеков. Мезгил сабактары. Публицистикалар жана адабий макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. –311-бет

Жанатан берки сөздөн байкалып тургандай, биз А.Усмановдун бир гана макаласы жөнүндө кеп салып, ушул бир макаласы аркылуу анын публицист калемгер катары өзгөчөлүү салт-белгилерин көсөтүүнү көздөдүк. Жыйнакка туптуура кырк макала топтоштурулган.

Журналисттик чыгармачылыкта каарманың менен аңгеме-маек түрүндө макала жазууну оңой оокат, жеңил жумуш деп эсептешет. Биздин жеке ишенимибизде андай эмес. Анткени, журналист сухбатташа турган каармандар  кесиптик даярдыгы, билим деңгээли, дүйнөгө болгон көз карашы, ал турсун адамдык нарк-насили, кулк-мүнөзү боюнча ар кандай инсандар болот. Журналистте да ошого тете деңгээл, туюм, жок эле дегенде адамдын психологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү жөнөкөй эле түшүнүктөрдүн болушу шарт жана зарыл. Ошондо гана эки адамдын ортосундагы маек тиешелүү деңгээлде болуп, натыйжада, сухбатташуудан жаралган макала да окурмандарды кызыктыра турган деңгээлде жаралат.

А.Усмановдун бул жыйнагында да “Мезгил мыйзамы”, “Путч — бөөдө кырсык болду”, “Демократтар жеңди!.. Демократиячы”, “Желе Желев өзү, биз жана түрктөр жөнүндө”,  “Всеволод Иванов: салам тохар, кош навахо!”, “Диссидент акын Шералы Нурмамедов” ж.б. макалалары дал ушул башкы каарманы менен аңгемелешүү формасында жазылган. Байкап-баксак бул адамдар өтө ар түрдүү инсандар болуп эсептелет. Апсамат Масалиев, Жумгалбек Аманбаев, саясий экономика боюнча Кыргызстанда биринчи илимдин доктору болгон экономист Керим Жунушев, Болгариянын экс-президенти, этникалык, лингвистикалык конфликттер жана байыртан келген тилдердин жоголушуна байланыштуу проблемаларды изилдеген АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы Калифорния университетинин профессору, бозгун акын. Ар түрдүүлүгү айраң-таң калтырган ушул адамдар менен тиешелүү проблеманы тиешелүү деңгээлде сүйлөшө  билүү кажет.

Тилекке жараша, А.Усманов сухбатташынын кесиптик кызыкчылыгын кылдат сезе билүү менен ортого салынган проблеманы, негизги өзөктүк ойду ар качан көңүл чордонунда кармай билип, натыйжада, макаланын динамикалуулугун арттырып, маалыматтык жыштыкты камсыз кыла алат да, каарманын өз кесибинин мыкты билерманы, калк түйшүгү менен жашаган элдик адам катары окурмандарга тартуулай алат. Бул үчүн дагы да болсо чеберчилик, журналисттик кесиптин катылуу сырларын мыкты өздөштүрүү зарыл экендиги өзүнөн өзү түшүнүктүү.

Амирбек Усмановдун бул жыйнагынан портреттик макалалары да орун алган. Мындай макалалар негизинен китептин “Маданият менен өнөргө көз салып…” деген үчүнчү бөлүмүнө жайгаштырылган. Билген адамга бул жанрдагы эмгектерди жазуунун да түйшүгү чоң. “Мээнеткеч изилдөөчүнүн кут сандыгы” деген портреттик макалада баарыбызга кеңири белгилүү музыка изилдөөчүсү, бул багыттагы эң сонун эмгектердин ээси Балбай Алагушевдин чыгармачылык бейнеси түзүлсө, “Жашоосу Австриядагы, жүрөгү Ала-Тоодогу сүрөткер” деген макалада ак карлуу Ала-Тоосунда анча белгисиз, бирок, сүрөттөрү өзү сыяктуу дүйнө элдерин кыдырып кеткен таланттуу художник Асатилла Тешебаевдин чыгармачылык портретин жараткан.

Бул портреттик макаладан биз А.Усмановдун журналисттик байкоодон да өйдө көтөрүлүп, сүрөтчүнүн ар бир эмгегин каныккан искусствотаануучу катары талдоого алгандыгына күбө болобуз. Мынакей ошондой талдоолордун бирөсү: “Асатилла Тешебаевдин азыркы эркин экономика доору жөнүндөгү дагы бир афсана-сүрөтү “Акыр заман” (1993-ж.) эбактан бери капитализм менен мамур-жумур жашап жаткан Батыш өлкөлөрүнө караганда да кыргыз коому үчүн өзгөчө актуалдуу. Сүрөттө жумурткадан жаңы башы чыккан кызыл эт балапан төрт-беш жаштагы мекиян тооктон таразада оор болуп тургандыгы көрсөтүлгөн. Табияттын бул укумда жок шумдугун көргөн элдин оозуна “бисимилла” келбей жымжырттыкта тунжурайт. Алаамат окуя улууну ызаттоо, ата-энени сыйлоо, алардын сөзүнөн айбыгып, уялуу деген кыргыз үчүн ыйык түшүнүктөр наадандын таман астында калып, аларды тыйганга эл даабай калганын жар салат. Тешебаевдин афсана-сүрөтүн көрүп жатканда Калыгул олуянын бул саптары эсиңизге өзү эле кылт этет:

Баары момун бас болуп,
Чогоол билген замана
Байбичелер бас болуп,
Токол билген замана.
Ата кетип баркынан,
Уул билген замана.

Сүрөткер өз орду менен ыктуу пайдаланган кызыл эт балапан менен тоок, жашоо менен өлүм арасындагы күрөш өтө аёосуз болорун мээге мыктай кагып турат.” Кайталап айтабыз, А.Усмановдун бул талдоосу журналисттик байкоо эмес нукура профессионал искусствотаануучунун жандуу анализи.

Искусствотаануучу демекчи, чыгаан публицисттин “Таитиден түбөлүктүүлүккө жол”  деген портреттик макаласы дүйнөгө атагы чыккан Поль Гогендин өмүрү, чыгармачылыгына арналган. Поль Гоген жөнүндө кимдер гана жазган жок дейсиз. Бирок А.Усманов далайлар жазган материалга башкачараак мамиле жасайт, тагырак айтканда, Поль Гогендин дүйнөгө дүң болгон көркөм полотнолорун кыргыз акындарынын маңыздуу ырларын мисалга тартуу аркылуу  поэзия менен живописти мамыр-жумур аралдаштырып туруп, улуу художниктин өлбөс-өчпөс чыгармалары катынган сырларды кыргыз окурмандарына чечмелеп  берет.

Мына ошентип, Чаувайдан чыккан жол коңушулаш Өзбекстан, андан өтүп чөлдүү Түркмөнстанды аралай жүрүп, анан учу-кыйырсыз Орусиянын аймагы аркылуу Болгарияга барат. Андан ары азыр өзү жашап, иштеп жаткан Чехиянын талаа, түздөрүн, маданий жайларын кыдырат. Дегеле дүйнөнүн туш тарабына сапар алат. Бул чыгармачылык жол, калем кармаган адамдын материктер ортосундагы ой чабытынын жолу экендигин бул китептеги эң сонун публицистикалык макалалар далилдеп турат.

Ал макалалар далилдеп турган дагы бир чындык бар. Ал чындык: Амирбек Усманов бүгүнкү кыргыз журналистикасынын белдүү өкүлү болуп калуу менен улуттук журналистикабызда өз ордун тапкан калемгер экендиги. Континенттер арасын бириктирген бул жолго биз да байсалдуу сапар тилейли.

2012-жылдын майы. 

Булак: Амирбек Азам уулу (Усманов). Чаувайдан Чехияга канат кагып… (Макалалар, очерктер) – Б.: «Полиграфресурс», 2013. – 3 – 12-беттер.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.