<<<<< Башы

  1. ОН БИРИНЧИ СӨЗ

Ушул эл эмне кылып оокат кылып, эмне менен тиричилик өткөзүшөт? Эки нерсе менен. Алгачкысы – уурулук. Ууру уурулук менен мал табам деп жүрөт. Мал ээси уурдаткан малын таап, аны айыбы менен төлөтүп байысам дейт. Улуктар өндүрүп берем деп доочудан алып, куткарам деп уурудан алат. Карапайым адам ууруга айгак болуп бийликтегилерден сыйлык алып, ошол эле учурда уурудан арзан мал сатып алып пайда тапсам дейт. Экинчиси – бузуку, алдамчылар, бирөөнүн оюна келбеген балээни ойлоп таап, мындай кылсаң бек болосуң, тигинтсең кеп болосуң, андай кылсаң көп аласың, минтсең кек аласың, мыкты атанасың деп азгырып, оокаттарын алдап алдап жүрүшөт.

Эки адамды уруштуруп, бирине болушумуш болуп оокат табышат. Улуктары “бали-бали” акыл эмес бекен деп, бирөөсүн мактап андан жеп, бирөөсүн алдап мындан жейт. Букаралары, менде мынча таяк бар, сени колдоп, сенин таягыңды чабалы деп кайсы көп төлөгөн партияга Кудайдан коркпой, уялбай өзүн, аялын, балдарын сатып жүрүшөт. Ушул ууру менен бузукулар жоголсо, калкка кандай жеңил болор эле. Бай барына ыраазы болуп, кедей жогуна чыдап каниет кылып жашашса, чарбаларын да оңошмок. Эми элдин баары ушул эки бузук ишке аралашып жүрсө, муну ким оңдойт? Анттын, шерттин, адалдыктын, уяттын биротоло кеткени ушулбу? Ууруну да тыйса болор, бирок ушу бузукунун тилине кирген байларды ким тыя алат?

  1. ОН ЭКИНЧИ СӨЗ

Кимдир-бирөө жакшыдыр, жамандыр шариат жолун окутуп жүрсө, аны тыюуга оозубуз барбас, айтор жакшылыкка кылган ниеттин жамандыгы жок ко демекпиз. Мейли, андай адамдар жакшылап окута алышпаса да окута беришсин. Бирок, эки шарт бар, ошону билүүлөрү керек. Биринчиси – өз ишеними бекем болуш керек, экинчиси – болду жетет дебей, билимин өстүрүп туруусу зарыл. Кимдир-бирөө баштай элек жатып, окуусун улантпай таштаса, аны Кудай урду де, ал окутуп деле жыргатпайт. Эгерде кимде-ким жада калса намазды кандай нерселер тургузуп, кандай нерселер бузарын тыңдап билбесе, башына чалма салып, орозо кармап, намаз окуп, калп эле аалым кебетеленип жүргөнүнөн эмне майнап?  Ишеним бекем болуш үчүн ага бүт ыкласың менен берилип, жүрөгүңдү таза кармап, анын жол-жоболорун так аткарып, билимди кайталап, жаңылап туруу абзел.

  1. ОН ҮЧҮНЧҮ СӨЗ

Ыйман деген – Улуу даражалуу, кубаттуу Алла Тааланын шериксиз, жалгыз, экендигине, анын бар экенине Пайгамбарыбыз алейхисалам аркылуу жиберген жарлыгына эч шек санабай ишенип, ага моюн сунуп ынануу. Эми бул ишенимге ээ болуунун эки жолу бар. Биринчиси, кандай нерсеге ыйман келтирсе да, анын актыгына, тууралыгын акыл калчап кынтыксыз далил келтире алса муну “якини ыйман” дейбиз. Экинчиси – китептен окуп же молдолордон угуп ыйман келтирип, ошол ыйман келтирген нерсесине ушунчалык берилүү керек. Бирөө өлтүрөм деп коркутса да, коркуп көңүлү айныбай бекем болушу керек экен. Бул ыйманды “таклиди” дейбиз. Эми мындай ыйманды сактоого коркпос жүрөк, айныбас көңүл, бекем эрк керек. Якини ыйманы бар дейин десең билими жок, таклиди ыйманы бар дейин десең туруктуулугу жок, алдаганга, азгырыкка тез кирип, өз пайдасына карата акты кара, караны ак, калпты чын, чынды калп деп жанын жеген кишини эмне дейбиз?

Ошондой адамдардан Кудай таалам өзү сактасын. Ар кимибиз билип алганыбыз оң, жогорудагы эки ыймандан башка ыйман жок. Ыймансыз пенделер Кудай тааланын кеңчилигине ишенип кечирим алам дешпесин, алар Кудайдын кечиримине, Пайгамбарыбыздын шапагатына татыктуу эмес. “Кылыч турганда шерт жок”, Аллах кечирбей турган күнөө жок” деген жалган макалды туура көргөн адамдар жүзү курусун.

  1. ОН ТӨРТҮНЧҮ СӨЗ

Тирүү адамдын жүрөгүнөн да аялуу жери болобу? Биздин казактын жүрөктүү киши дегени – баатыр дегени. Андан башка жүрөктүн касиетин деле билишпейт. Кайрымдуулук, боорукерлик, ар түрлүү иштерде адам баласын бир боорундай көрүп, өзүнө каалаган жакшылыктарды аларга да каалоо бул да жүрөктүн иши, ашыктык да жүрөктүн иши. Тил жүрөктүн айтканын укса, жалган айтпайт. Амалдын, куулуктун тилин алса,  жүрөк үмүтсүз калат. Биздин казактын “жүрөктүүсү” мактоого арзыбайт.

Айтканга көнбөй тежиктенип, убадага турбай, жаманчылыктардан боюн ала качканды билбей, көчтүн артынан итче ээрчип кете бербей, көпчүлүктүн атынын башын өз убагында буруп алууга жарап, канчалык кыйын болбосун өз кемчилигин көрө билип, мойнуна алганга күчү жетсе – бул эрдик, – казактын айткан баатыры жөнөкөй жүрөктүү эмес, карышкыр жүрөктүү деген сөз. Казак деле адам баласы да, көбү акылы аздыгынан оң жолду таппайт, акылдуунун сөзүн уга билгенге жүрөгүндө жигер, кайрат, туруктуулуктун жетишсиздигинен адашат. Билбегенимден кылдым дегендерге ишенбейм. Билимдүү билсе да, арсыз кайратсыздыгынан, жалкоолугунан алган билиминин үзүрүн көрбөйт. Жаманчылыкка башы малынгандан кийин, боюн жыйып, андан чыгып кетерлик кайрат казакта аз. Ошол эл оозуна илинип мыкты жигит, бышык жигит деп жүргөн кишилердин баары – балээге, жаманчылыкка бири-бирин “айда баатырлап”айдактап турушат да, алды-артын ойлонбой азгырган сөздөрдү айтышат. Эгерде, Кудай астында, өзүнүн ар-намысынын алдында жаман иштерден арыла албаган, дайыма жаманчылыкка, мактанычка малынып, өз боюн өзү тескей албай калган неме, деги адамбы өзү?

  1. ОН БЕШИНЧИ СӨЗ

Акылдуу киши менен акылсыз кишинин, менимче, бир белгилүү айырмасы бар. Эзелтеден, пенде болуп жаралгандан кийин, адам бул дүнүйөдө бир кызык көрбөй жүрө албайт, ошол кызыктуу нерсени издеген кезиң, өмүрүңдүн эң бир кызыктуу убагы катары эсиңде калат. Ошондо эстүү адам, орундуу ишке кызыгып, ага кумарланып издейт экен дагы, күнүгө — айтса кулагы, ойлосо көңүлү сүйүнөт экен. Ал адам өтүп кеткен өмүрүнө өкүнбөйт, бул биринчиси. Эси жок киши орунун таппай, эмне болсо да бир маанисиз, болбогон нерселерге кызыгып, ошого кумарланып, өмүрүнүн кымбат кезин ит кордук менен өткөзүп алат дагы, андан кийин, күндө өкүнгөнүнөн пайда жок. Экинчиси, жаш кезде бул жаштыктан кийин дагы бир жаштык таап ала тургансып, жаздыгы тозбостой, мууну бошобостой жүрүп, жаштыгы узаганда – моюну катып, мууну бошоп, эч нерсеге жарабай олтуруп берет экен. Үчүнчүсү – ар нерсеге кызыгуу. Ал өзү адамда кумарды пайда кыла турган нерсе.

Кумар дегениң өзүнчө бир дарт болуп, кумарланган нерсеге жеткенде же жетер-жетмексен болгон учурда, өзгөчө бир көңүл көтөрүлүп, мастык абалга келтирет экен. Ар бир мастык акылыңдан адаштырып, айланадагыларга “тигини, муну” кара дегизип, сынтактырат экен. Ошондой кездерде эстүү кишилер коркпой-үркпөй, акылынан айныбай, сырын алдырбай зымпыйышат экен. Эси жок эсер киши ээр токуму кыйшайып, тебетейи жерге түшүп, этеги аттын көтүнө чейин жабылып, эки көзү чакчаңдап, жинди кишиче ары-бери сабалайт экен, ошону көрдүм. Эгерде эстүү кишилердин катарында болгуң келсе, күнүгө бир жолу, болбосо жумасына бир, эң болбоду дегенде айына бир жолу өзүңдөн өзүң эсеп ал! Ошол эсепке алгандан берки өмүрүңдү кандай өткөздүң экен, билимгеби, акыреткеби, же дүнүйөгөбү жарамдуу, күнүгө өзүң өкүнбөстөй иштерди жасай алдыңбы? Же эмне кылып өткөзкөнүңдү өзүң да билбей калдыңбы?

  1. ОН АЛТЫНЧЫ СӨЗ

Казак кулчулугум Кудайга жагабы деп ойлобойт. Тек гана эл кылганды кылып, жыгылып турса болгону. Соодагер карызын доолап келгенде: “Болгону ушул, алсаң ал – албасаң жерди чукуп табайынбы?” деп кайра доомат кылат эмеспи. Кудай таалага да дал ошол соодагерге кылган мамилени кылгылары бар. Тилин жатыктырып, дилин тазалап, үйрөнүп убара болушпайт. “Билгеним ушул, эми картайганда кайдан үйрөнмөк элем”, “Окубайсың дешпесе болду, а тилиңдин келбегени эч нерсе эмес” дешет. Эмне, анын тили башка элдикинен бөлөкчө жаралыптырбы?

  1. ОН ЖЕТИНЧИ СӨЗ

Эрк, акыл, жүрөк үчөө өз өнөрлөрүн айтышып, талаша кетип, билимге келишет.

Эрк айтыптыр: Эй, билим, өзүң билесиң, дүнүйөдө эч нерсе менсиз өнүкпөйт; адегенде өзүңдү билүү үчүн эринбей, жалкыбай үйрөнүү керек, ал менин ишим. Кудайга жаккыдай ибадат кылып, эринбей, жалкпай ордуна коюу да – менин ишим.  Дүнүйөгө керектүү өнөр, малды, абийир, мансапты  эмгексиз таба албайсың. Орунсуз, болбогон нерсеге үйрөнбөй, жан-дүйнөңдү таза сактай турган, күнкорлуктан, жеңил ойлуулуктан, напси-шайтандын азгырыгынан сактаган, адашкан жолго түшкөн адамды оң жолго бурган мен эмесминби? Ушул экөө менден кантип талаша алат? – дептир.

Акыл айтыптыр: Дүнүйөгөбү, акырет ишиндеби пайдасы барбы, же залалы барбы ажыратып биле турган – менмин, сенин сөзүңдү уга турган да мен, менсиз пайда да таба албайт, зыяндан да кача албайт экен, илим-билимди угуп үйрөнө албайт экен, ушул экөөнүн менден талаша турган акысы барбы? Менсиз булар эмне кыла алышат? – дептир.

Анан жүрөк айтыптыр: Мен – адамдын денесинин падышасымын, кан менден тарайт, жан менде мекендейт, менсиз тиричилик жок. Жылуу төшөктө, жылуу үйдө курсагы ток жаткан кишиге төшөксүз кедейдин, тоңуп жаткан кийими жок бечаранын тамак-ашынын көйгөйү кандай болуп жатты экен деп ойлонтуп, жанын ачытып, уйкусун ачкан, төшөгүнө тынч жаткырбай ооналактаткан – менмин. Улуусуна урмат, кичүүсүнө ызат кылдырган да менмин, бирок мени таза сактай алышпай, акырында кор болушат. Мен таза болсом адамдарга баарына бирдей мамиле кылмакмын: жакшылыкка элжиреп эрий турган – мен, жаманчылыкка жийиркенип, туйлап кеткен да – мен, адилет, ынсап, уят, ыракым, меймандостук дегендердин баары менден чыгат, менсиз ушулардын көргөн күнү кандай болот? Ушул экөө менден талашып эмне кылат? – дептир.

Ошондо билим бул үчөөнүн сөзүн угуп туруп мындай дептир:

— Эрк, сенин айткандарыңдын баары туура, андан башка да өнөрлөрүң бары да чын, сенсиз болбосу да чын, бирок карууңа жараша катаалдыгың да көп, пайдаң да мол, зыяның да мол, кээде жакшылыкты бекем колдоп, кээде жаманчылыкты да ошондой эле күч менен эле сүрөп кетесиң, ошонуң жаман, – дептир.

– Эй, акыл! Сенин айткандарыңдын да баары туура. Сенсиз эч нерсе табылбасы да туура, Жараткан теңирди сен таанытасың, эки дүйнөнүн жайын да сен билесиң. Бирок ошону менен калбайсың, амал да, айла да – баары сенден чыгат. Жакшысын да, жаманын да сүйгөн сен; экөөнүн тең издегенин таап бересиң, ошонуң жаман, – дептир.

Үчөөңдүн башыңарды кошуу –менин ишим. Бирок, бийлик кылган, башкарган жүрөк болсо жакшы. Акыл, сенин көп кырлуусуң, жүрөк сенин көп кырыңдын баарын колдобойт. Жакшылыкка баштасаң жан-дили менен көнөт. Көнмөк түгүл кубанат. Жаманчылыкка үндөсөң эрибейт. Эримек тургай жинденип, кууп чыгат.

Эрк, сенин карууң мол, күчүң көп, сени да бош коё бербейт. Орундуу ишиңди кубаттайт, орунсуз ишке барсаң колуңду байлайт. Ушул үчөөң башыңды кош, баарын жүрөк билет деп айткандын аты билим экен.

Ушул үчөөң бир кишиде менин айтканымдай чогуу болсоңор, таманынын топурагы көзгө сүртсө дары болчу касиеттүү адам ошол. Үчөөң бириге албасаңар мен жүрөктү жактайм. Адамгерчиликти сакта. Кудай таала бизди ошого карап баалайт деп китептерде жазылган. – дептир билим.

  1. ОН СЕГИЗИНЧИ СӨЗ

Адам баласы, жыртыксыз, кирдетпей, сыпайы кийинип, ал кийимин булгап, ботала-шатала кылбай, таза кийингени – дурус иш. Өз дөөлөтүнөн ашыра кийинип, кийимине ашкере көңүл буруп, өтө эле жасана берүү – кербездин иши. Кербез кишинин эки түрдүү кылыгы болот: Бири – бети-башын , сакал-мурутун, денесин, жүрүш-турушун, каш-кабагын оңдоп түзөп, чыканагын бир көтөрүп бир түшүрүп, колун тарактатып убара боло берет. Бири –атын, кийимин “мал табарым” деп ошолордун аркасы менен сыпайы, жугумдуу жигит көрүнгөнгө, өздөрүнөн улуулардын урматына ээ болуп, өзү теңдүүлөрдүн ичтерин күйгүзүп, өзүнөн кичүүлөргө: “Аттиң дүнүйө-ай, ушулардын атындай ат минип, кийиминдей кийим кийген адамдын арманы жок ко?” дегизгенге аракет кылышат.

Мунун баары – маскарачылык, акмактык. Мындай кылыктарды адам жазабасын, эгерде бир эле жолу жазаса, анда анын адам болмогу кыйын. Кербез дегениң кекирейген адамга тең, кекирейген немеден алыс жүр дейт элем. Негизи, адам баласы, адам баласынан акыл, билим, ар мүнөзү менен айырмаланат. Андан башка немелер менен айырмаланам дегендин өзү – акмактык.

  1. ОН ТОГУЗУНЧУ СӨЗ

Адам ата-энеден туулганда эле эстүү болуп туулбайт: угуп, көрүп, кармалап, татып, эсине кирип, дүнүйөдөгү жакшы-жаманды тааныйт дагы, ошолордон билгени, көргөнү көп адам билимдүү болот. Эстүүлөрдүн сөзүн эшите жүргөн адам өзү да  эстүү. Ар бир эстүү киши жеке өзү эстүү боло албайт. Ошол эстүүлөрдөн эшиткен жакшы нерселерин эсине сактап, жаман дегендеринен сактанса, ошондо ал ишке жарайт, ошону адам дейт. Мындай сөздөрдү укканда кайсалактап, тынч олтура албаса же олтурган жеринде үргүлөп көңүлүн койбосо, түшүнбөгөн жерин кызыгып кайра сурабаса, же ал сөздүн чындыгына көзү жетип турса да, чыгып алып өз билгенин жазаса, анда ал сөздөрдү укканда эмне да, укпаганда не? Ушундай кеп түшүнбөстөргө сүйлөп убара болгончо, чочко баксаң ээсин тааныйт деп бир акылман айткан экен, бул эми ушул сыяктуу сөз да.

  1. ЖЫЙЫРМАНЧЫ СӨЗ

Тагдырдын жардыгын билесиздер – ал өзгөрүлбөйт. Пендеде бир иш бар зеригүү деген. Ал – тагдырга адам менен бирге жаралган, аны адам өзү издеп тапкан эмес. Ага адам бир кирип алса, чыкмагы кыйын. Кайраттанып, силкип таштап кетсең дагы, кайра-кайра келе берип акыры жеңип чыгат. Акылы толук, ойчул адам баласы байкап көрсө, ушул адам баласынын тажабай турган нерсеси бар бекен? Тамактан да, оюндан да, күлкүдөн да, мактангандан да, кербездиктен да, тойдон да, топтон да, катындан да көңүлү калып тажайт. Анткени, баарынын айыбын көрөт, туруксуз экенин билет, көңүлү сууйт. Дүнүйө бир калыпта турбайт, адам кубаты, жашоосу бир калыпта болбойт.

Ар бир макулукка Кудай Таала бир калыпта турууну берген эмес. Анан көңүл кайдан бир калыпта тура алат? Бирок, ушул зеригүү деген ар нерсеге көп кызыккан, көптү көргөн, даамын, баасын – баарынын туруксуздугуна көзү жеткен – ойчул адамда жолугат. Бул жалган өмүрдүн туруксуздугуна, дүнүйөнүн ар бир кызыгынын кыскалыгына көзү жеткендер тиричиликтен да тажап, зериге баштайт. Мындай карасаң эч нерсе менен иши жок, акмактык, кайгысыздык да өзүнчө бир ыракат экен деп ойлоп койдум.

21.ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ СӨЗ

Аздыр-көптүр адам баласынын мактанычтан тышкары болушу – кыйын иш. Ошол мактаныч деген нерсенин эки түрүн байкадым: бирөөнүн атын менменсинүүчүлүк деп атайм, экинчисин мактанчаак деймин. Менменсинген адам – өзүн башкалардан жогору сезет. Ал наадан эместигин, тарбия көрбөгөн жеңил-желпи адам эместигин, адепсиз, арсыз, айткан убадасына турбаган алдамчы, калпычы деген жаман мүнөздөрү жок, – ошондой жаман адаттардан сактанып, андай жаман нерселерди боюна туткан адамдардан өзүн бийик сезген адам. Бул мүнөз – акылдуулардын, аруу таза адамдардын мүнөзү. Алар жакшы дешпесе мейли, жамандардын катарына кошпосо болду деп ойлошот.

Экинчиси, мактанчаак деген бирөө: аны мактап эле турушса. Бай дешсе, баатыр дешсе, акылдуу-амалкөй дешсе, бышык дешсе деп ойлойт, адамдар ар дайым эле ал каалаган, ал уккусу келген сөздөрдү айта бербесин унутуп коёт. Мындай мактанчаактадын үч түрлүүсү болот: бирөө жат адамдарга мактана турган мактаныч издейт. Ал – наадан, ошентсе да анда адамдык сапат бар. Экинчиси, өз элинин ичинде мактансам дейт. Анын наадандыгы толук, адамдык касиети толук эмес. Үчүнчүсү, өз үйүндөгүлөр менен өз айылындагылар эле угушпаса, өзгө адамдар тыңшап да коюшпайт. Наадандын нааданы ошол, ал өзү адам деле эмес. Жатка макталсам дегени, элим мактаса дегени. Элим мактаса, агайыным мактаса дейт. Ал эми агайындын мактоосуна өзүмдү-өзүм асмандатып мактап жатып жетип алам деп ойлойт.

  1. ЖЫЙЫРМА ЭКИНЧИ СӨЗ

Дал ушу күндө казактын ичинде, кимди жакшы көрүп, кимди кадырлайын деп ойлодум. Байды кадырлайын десем бай жок; бай болсо да өз малын өзү биле албай, өз башына өзү ээ эмес. Кээ бир бай өзү бирөө менен эрегишип алып, андан сак болом деп малын жүз кишиге каттырып багып, аларга көз каранды болуп алышкан. Ойлойт: тигилерге акмактыгынан бактырып жатам деп. Жок, өзү кадырын түшүрүп жатат. Анын кылганы кайрымдуулукка да, мырзалыкка да жатпайт, өз эли, өз жери менен кармашып, татыксыздарга койнун ачып, малын чачып жүрөт.

Кээ бир элдеги куттуу-сүттүү байлар ыкташып жай жашай алышпаган соң, митайм-куулар көбөйүп, коркутуп-үркүтүп, ортодон жем таап жеп жүрүшөт. Мырзаларды кадырлайын десем, ушу күндө анык мырза элде жок, мал бергич мырза иттен көп. Бирөө пайда көрсөм деп мырза болуп жүрөт. Кээ биринин көчүгүнө бир тутам кийизди тузга малып тыккан соң эси чыгып, мырза болуп, ким эрксиз, алсыз болсо ошого талтайып эмизип жүрөт. Болуш менен бийди урматтайын десем, Кудай өзү берген болуштук менен бийлик элде жок. Сатып алган, жалынып, баш уруп алган болуштук менен бийликтин эч бир касиети болбойт.

Мыктыны сыйлайын десең, жаманчылык жасаганга баары мыкты, жакшылык жасаганга мыкты киши элде жок. Эстүү киши таап сыйлайын десең, адилет, уяттуу, нысаптуу киши элде жок. Куулук-шумдук, арамдык, амалга элдин баары эстүү. Карып-касар бечараны урматтайын десең, жаткан төөгө мине албаганы, ал момундукка жатпайт. Эгер мине ала турганга алы болсо, ал деле эптеп бирдемени илип алгандын да эбин тапмак.

Эми куу менен шумдан башка ким  калды? Алардын да баарынын түбүнө жетмейинче тынчып калар түрлөрү жок. Эми кимди сүйөбүз да, кимдин тилегин тилейбиз? Өзү сасып, курттап чачылган болуш бийлер тура турсун. Албетте, айла жок, момундугунан “Ырыс баккан, доо бакпас” деген макал менен боломун деп, малынын жарымын таратып бергени менен жага албай, жарымын ууру, залим, куулардан коргоп тынч бага албай, жем болуп жүргөн момун байларды аябасаң, ошонун тилегин тилебесең болбостур. Андан башканы таба албадым.

  1. ЖЫЙЫРМА ҮЧҮНЧҮ СӨЗ

Биздин казакты оңдурбай жүргөн бир кубануу, бир жубатуу бар. Анын кубанычы: элдеги бир жаманды таап же бир адамдын жамандыгы чыкса кубанат. Ал айтат: “Кудай баланчадан сактасын! Ал да адаммын деп жүрөт ко байкуш, анын жанында биз акыл-эстүү кишинин бирибиз, ага караганда мен таза киши эмесминби?” – деп. Ага Алла Таала айтыптырбы, баланчадан мыкты болсоң болду деп? Же акылмандар убада бериптирби, айтор өзүңдөн нааданчылыгы ашкан адамды тапсаң, сен жамандардын катарына кошулбайсың деп? Жаманга теңешип жакшы болосуңбу? Жарышка жүз ат кошулуп, мен байге алдым десең жарашар, алдыда канча ат бар эле деп сурар, артта канча ат калды деп сурагандын кажети барбы? Мен беш аттан, он аттан алдыга чыктым дегениңдин эмнеси кубаныч?

Эми жубатуусу: жалгыз биз белек, элдин баары эле бизге окшоп жүрбөйбү, көпчүлүк менен көргөн улуу той, көпчүлүк менен болсок, баары болот деген сөздөр менен жубатышат. Ага Кудай Таала айтыптырбы, көпчүлүктөн калба деп, көпчүлүккө бийлигим жүрбөйт дептирби? Илим көпчүлүккө келиптирби? Же кээ бирөөлөрүнүн эле тиши өтөбү? Көпчүлүктү кордосо болбойбу? Бир үй-бүлө бардыгы бирдей ооруса жеңил тиеби? Жок, жарымы ооруп, жарымы соо калса жеңилби? Жер тааныбаган көпчүлүк адашып жүрсө, жер ыңгайын жакшы билген бир кишинин кереги жокпу? Жолоочулардын баарынын аты арыктап баспай калганы жакшыбы? Жок, жарымы арыктап баспай калса, жарымы тың болгону жакшыбы? Жут келсе элдин баарын түгөл жутканы жакшыбы? Же  болбосо жарым-жартысы аман-эсен калганы жакшыбы? Ушу мээси жок көп акмактын жүргөнүнө, бир акмакты кубандыра турган эмнеси бар?  Тукумубуз менен оозубуз сасык деген күйөө, калыңынан кутулуптурбу? Көңүлүн ошол сөз ыраазы кылууга жетишиптирби?  Сен да көпчүлүктөн калба, сен да оозуңду сасытып жүрө бер дептирби?!

  1. ЖЫЙЫРМА ТӨРТҮНЧҮ СӨЗ

Ушу күндө жер жүзүндө эки миң миллиондон көп адам бар, эки миллион казак бар. Биздин казактын достугу, душмандыгы, мактанганы, мыктылыгы, мал табуусу, өнөр издөөсү, журт таануусу эч бир башка элге окшобойт. Бири-бирибизди аңдып, уурдап кирпик кактырбай турабыз. Дүнүйөдө калкынын саны үч миллиондон ашкан калаалар бар, дүнүйөнүн баш-аягын үч айланып көргөн киши толуп жатат. Ушинтип, жер жүзүндөгү журттун кору болуп, бири-бирибизди аңдып жүрүп өтөбүзбү? Жок, казак ичинде да уурулук, алдамчылык, ушак, кастык калып, өнөрдү, малды таза, адал жолдор менен издеп, өстүрө турган күн болор бекен? Ай, болбойт ко! Жүзү карага эки жүз киши сугун артып жүрөт ко, бири-бирин курутпай, курубай тынчтык таба алабы?

Бул жерде Абай болжол менен айтып жатат. Абайдын тушунда 1897-жылы жүргүзүлгөн эл санагы боюнча Россиянын чегинде турган казактардын жалпы саны  4 миллион 84 миң адам болгон. (Я.Е.Володарский Население России за 400 лет. 17-20 начало вв. М.1973, с.111).

  1. ЖЫЙЫРМА БЕШИНЧИ СӨЗ

Балдарды окуткан жакшы, бирок адегенде түрк тилиндеги сабактарды окутса  жетиштүү болмок. Ал үчүн биздин жер – Дар аль-Харб, мында көп мал табуу керек, анан соң араб, парсы тилдерин билүү керек. Карды ач кишинин көңүлүнө акыл, боюнда ар, илимге кумарланып кызыгуу кайдан болсун?  Тоё ичейин десе малдын аздыгы, агайындын ич ара араздашкандары ар түрлүү балээге, уурулук, зордук, куулук-шумдук сыяктуулардын чыгышына себеп боло турган нерселер. Мал тапса курсак тоёт. Андан кийин гана билим, өнөр керек экен. Ошону үйрөнөйүн же балама үйрөтөйүн деп оюна жакшы нерсе түшөт. Орусча окутуу керек – жан-дүйнөнүн байлыгы да, мал да, өнөр да, билим да, – баары оруста.

Башка элдин кемчилигинен арылып, пайдасына орток болууга тилин, окуусун, билимин билүү керек. Анткени, алар дүнүйөнүн тилдерин билишкендиктен ушул абалга жетишкен. Сен анын тилин үйрөнүп алсаң көзүң ачылат. Ар бир элдин тилин, өнөрүн билип алсаң, аларга көз каранды болуп, кадырыңды түшүрбөй тең ата мамиле жасайсың. Тил билгениң – дин үчүн да жакшы. Жорголоп кулча ийилип көңүлүн алсам деген наадан ата-энесин, агайын-тууганын, карманган динин, адамгерчилигин жонунан жылуу сылап койгон адамга сатып жиберет. Төрөнүн күлкүсү үчүн көтүн ачса да макул.

Орустун билими, өнөрү – бүт дүнүйөнүн илим-билиминин казынасынын ачкычы, аны билген адамга дүнүйө арзанга түшөт. Ушул күндө орус илимин баласына үйрөткөн жандар, ошонун аркасы менен казакты дагы кемсинтип, алдыга суурулуп чыксам дешет. Жок, андай жаман ниет жарабайт. Малды кандай адал эмгек кылганда тапса болот, ошону үйрөтөйүн, мени көрүп дагы үйрөнөм дегендер көбөйсө, улуксунган орустардын журтка бирдей мыйзамы болбосо, мыйзамсыз кордугуна көнбөйт элек. Казактын чегин сактайын деп, биз да эл болуп, журт билгенди билип, журт катарына кошулуунун камын жейлик деп ниет коюп үйрөнүү керек. Азыр да орустан окуган балдардан жакшы киши чыга албай турат. Себеби: ата-энеси, агайын-тууганы бир жагынан бузуп жатышат.

Ошентсе да ушу окуган балдар – окубаган казак балдарынан күнчөлүк өйдө. Эмнеси болсо да сөз угушса болду. Жакшы атанын балдары көп окушкан жок, кайта кедейдин балдарын кармап беришти. Алар мындан артык эмне кылышсын? Жана да кээ бир казактар агайин менен араздашканда: “Сенин ушул зордугуңа көнгүчө, баламды солдатка берип, чачымды коё берип, мурут коюп кетпесемби!”дешер эле. Ушундай жаман сөздү, Кудайдан коркпой, пендеден уялбай айткан казактардын балдары окуса деле кайсы жакшы бала болсун? Ошондо ал башка казак балдарынан артык үйрөнгөнү эмне, ашыкча эмне кеп үйрөнүптүр? Кирди-чыкты, илди кайтты, бирдеме билип алайын деген ойлору да жок. Атасы элдин акчасы менен араң окутат, өз малын кантип чыгарсын?

Туурасын айтканда, балаңа катын алып бербе, энчи бөлбө, болгон мүлкүңдү жумшасаң да орустун билимин үйрөт! Мына мен айткан жол – мал аяр жол эмес. Кудайдан корк, пендеден уял, балаң бала болсун десең – окут, малыңды аяба! Антпесең, бир ит казак болуп алган соң, сени жыргатабы, же өзү жыргайбы, же элди жыргатабы?

  1. ЖЫЙЫРМА АЛТЫНЧЫ СӨЗ

Биздин казактын кошкон аты алдыга чыгып келсе, күрөшкө түшкөн баласы жыкса, салган кушу алса, тайганы башкалардын итинен ашып барып тиштесе, маңдайы жарылганча кубанышат. Билбейм, мындан артык кубанычы бар болду бекен? Ай, жок чыгар! Эми ушул бир жаныбардан бир жаныбардын артыкчылыгына, бир бөтөн адамдын бир башка адамды жыкканына кубанып, маашырлана турган эмне бар? Ал ашкан, алган, жыккан же өзү, же баласы да эмес. Мунун баары – казактын казактан башка жоосу жоктугунан. Биттей нерсени бир чоң иш кылган кишидей кылып кубанган болуп, башкаларды басынтып, ызаландырсам дегени. Бирок бирөөнү ыза кылуу – шариатта арам, чарбасына залал, акылына терс таасир тийгизет. Бирөөнү ыза кылгандын эмнесин дөөлөт көрүп, кубанат болду экен? Же бирөөнүн ыза болушу ошончолук эле керек болду бекен?

Күлүк ат – кээде бул элде, кээде тигил элде боло берчү нерсе, кыраан куш да, күлүк ит да – кээде анын колуна, кээде мунун колуна түшө берет. Күчтүү жигит да бир элден эле чыкмак беле. Кээде тигил элден, кээде бул элден чыга бербейби. Мунун баарын адам өз колу менен жасаган жок. Бир жолу ашып келген, дайыма эле аша бербейт, бир жыккан адам дайыма эле жыга бербейт. Ошону билип туруп, жерге кирип кетчүдөй, же бир арам иши билинип калган немедей болуп, эмнеге уялып, эмнеге корунат болду экен? Эми, ушундан эле ойлоп коюңуз: наадан эл кубанбас нерсеге кубанат. Кубанып алганда эмнени айтып, эмне койгонун билбейт, мас болгон адамдай акыл-эсин жоготуп коюшат, уялчу нерседен уялбай, уялбас нерседен уялышат. Мунун баары – наадандыктын, акмакчылыктын белгилери.

Буларды айтсаң кай бирлери “бул айтканың ырас” деп угуп жаткансыйт. Ага ишенбей эле кой, эртең ал да алигилердин бири болуп кетет. Көңүлү, көзү жетип турса да айбан сыяктуу адатынан чыга албай калат, аны эч ким токтотуп, ага эч ким акыл айта албайт. Эмне жаманчылык болсо да адат болуп калган нерседен казак аябай корккондо же өлүп калганда кутулбаса, кутула албайт. Акылына келип, бул кылыгым жаман экен, андан арылып адам болоюн деген кишини дегеле таппайсың.

  1. ЖЫЙЫРМА ЖЕТИНЧИ СӨЗ (СОКРАТТЫ СӨЗҮ)

Бир күнү Сократтын Аристодем деген окумуштуу шакиртине Кудай Таалага баш ийип, ага кулчулук кылуу тууралуу айткан сөзү. Аристодем Кудайга ишенчү эмес, ага кызмат кылгандарга күлөр эле.

– Эй, Аристодем, сенин билишиңче, кылган өнөрүнө адам таң калууга татыктуу бир адам барбы? — дейт.  Ал айтат:

–Толуп  жатат, устатым.

–Биринин атын атачы, – дейт устаты.

– Гомерге мыкты ыр саптары үчүн, Софоклге трагедиясында мыкты кейипкерледи түзө билгендиги үчүн, Зевксиске сүрөтчүлүгү үчүн таңыркап, суктанамын  деп, ошолорго окшогон көп өнөргө ээ болгон адамдардын ысымын атады.

– Андай болсо, ким артыкча таң калууга татыктуу, жансыз, акылсыз, сүрөт тарткан сүрөтчүбү, же болбосо жан ээси, акылдын ээси адамды жараткан Жаратканбы?— деди.

– Албетте, Жараткандын кудуретине таң беребиз, бирок ал байкабай эле жасап койбой, ойлонулуп жасалган иш болсо гана,— дейт шакирти.

– Пайдалуу нерсе дүнүйөдө көп, биринин пайдасы көрүнүп, билинип турат. Кээ биринин пайдасы анык билинбейт. Айтчы, сенин оюңча кайсынысы акылмандык менен ойлонулуп жаратылган?

– Арийне, пайдалуу нерселер деп ойлоймун.

– Жакшы, андай болсо Жараткан адамга, ага керектүү беш сезүү органын тартуулаптыр. Биринчиси, көрсүн деп көз бериптир, эгерде көз жок болсо, дүнүйөдөгү керемет нерселерди көркүн кайдан билет элек. Ал көз өзү өтө назик болгондуктан, керегине жараша ачып, жумуп турсун деп кабакты бериптир. Желден, ыпыр-сыпырдан сакташ үчүн кирпикти жаратыптыр.  Кулак болбосо, каңгыр-күңгүрдү, жагымдуу үндөрдү, күү менен ырды, – бирин да угуу ыракатынан ажырамакпыз. Мурун жыт билбесе, дүнүйөдөгү жакшы жытка ашык, жаман жыттан алыс болмок эмеспиз. Таңдай, тил даам билбесе, дүнүйөдө эмне таттуу, эмне катуу биле албайт элек. Булардын бардыгы бизге пайдалуу эмеспи?

Көздү, мурунду оозго жакын жаратыптыр, ичип-жеген ашыбыздын тазалыгын көрүп, жытын билип жесин деп. Бизге кереги бар болсо да, жийиркене турган тешиктерди башыбыздан оолак коюптур. Ушул беш сыпат, беш сезим мүчөлөрү биздин ойлонулуп жаратылганыбыздын далили эмеспи?

Ошондо Аристодем Жараткандын кудуретине, акылмандыгына бекем ишенип, адамды чоң сүйүү менен жаратканын мойнуна алды.

– Андай болсо кандай дейсиң, бардык макулуктарды балдарына элжиретип, үстүнө үйрүлтүп койгону, жана да бардык макулуктардын өлүмдү жек көрүп, узак жашоону тилеп, тукумдарынын өсүп-өнүгүшүнө кам көрүшкөндөрү, – булардын баары жашоонун уланып турушу үчүн эмеспи. Адамды жаратканда көңүлдөрүнө ушундай зор ынтаа берип, алга умтултуп койгону, Жараткандын бизди жакшы көргөндүгүнөн улам экендигин билдирбейби? – деп суроо узатты шакирти.

– Эй, Аристодем! Кандайча сен бир өзүңдөн, же адамзаттан башкада акыл-эс жок деп ойлойсуң? Адамдын денеси, өзүң жашап жүргөн жердин бир ууч кумуна окшошпойбу? Денеңдеги ным, жердеги суулардын бир тамчысы эмеспи? Акыл-эске кайдан ээ болдуң? Арийне, кайдан келсе да жан деген нерсе келди да, андан кийин акылга ээ болдуң. Бул ааламды көрдүң, өлчөөсүнө акылың жетпейт, керемет көркөмүнө, ага ылайыктуу мыйзамы менен жаратылып, анын эч биринин бузулбастыгын көрдүң. Булардын бардыгына таңыркайсың, акылың жетпейт, ушунун баары туш келди, иретсиз жаралганбы, же булардын ээси өлчөөсүз акыл менен жаратканбы? Эгер акыл менен болбосо да, мындай, эсебине, өлчөөсүнө ой жетпей турган дүнүйө, ар түрлүү керекчиликке жарай тургандай жаратылып, бири-бирине себеп менен байланыштырылып, пенденин акылы жетпей турган мыкты керемет мыйзамга баш ийдирилип жаратылган, – деди.

Анда тигил айтты:

– Бул айткандарың баары туура, Жараткан артык акыл ээси экендигинде, анын улуктугунда эч шек жок. Бирок, ушундай улук Кудайдын менин кулчулугума кандай муктаждыгы бар?

– Эй, Аристодем! Сен жаңыласың. Муктаж болбогон күндө да, бирөө сенин камыңды көрүп жатса, сенин ага карыздар экениңди сөзсүз түшүндүрүш керекпи?

Аристодем мындай деп жооп берди:

– Ал менин камымды көрүп жатканын мен кайдан билем?

– Андай болсо, бардык макулуктарды кара да, анан өзүңдү кара, жанды баарыбызга бериптир. Ал эми жандын жарыгын баарыбызга бирдей уга тургандай кылып бериптирби? Адам алдын, артын жана да ушул күнүн – үчөөнү тең тегиз ойлойт. Айбан ушул күндү да, өткөндү да элдир-селдир эстейт, келечек менен иши да жок. Айбандын денесин кара да, адамдын денесин кара. Адам эки бут менен басып тик туруп, дүнүйөнү тегиз көрүп, айбандардын бардыгын өзүнө баш ийдире алат. Айбандардын бири буттарына ишенип, бири канаттарына ишенип, бир өзүндөй айбанды баш ийдире алганга чарк-чамасы чектелүү. Адам да өзүнө-өзү ишенбесе, адамды да айбан сыяктуу кылып жаратса, эч нерсеге жарабас эле. Адам айбандарга султан болууга жаралган. Айбанга адамдын акылын, мынча чеберчилик, мынча дарыгерлик, бири-бирине билим үйрөтө турган чечендик өнөрүн берсе, анын денесине жарашпайт болчу.

Кайсы өгүз шаар куруп, нечен түрлүү шайман жасап, чеберчиликтин жогорку тепкичине көтөрүлө алат? Адам баласына, ушундай керемет акылды берип, аны керемет жасаган денеге киргизип, ушунча кубаттуу күч-кубаттын ээси кылганы, ойлонулуп айбандарга султан кылганынын далили, эгерде ал далил болсо, адам баласын башкалардан артык көрүп, Алланын өзү ага камкордук кылып, ойлонулуп жасаганынын далил эмеспи? Ушундай болгон соң, адам баласынын Жаратканга кулчулук кылып, ага башын ийишке карыздар экени маалым болбойбу? – дептир.

Уландысы>>>>>

Казакчадан которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.