Ыраке жана Адабият институту

Бир кылымдык тарыхка ээ улуттук профессионал адабиятыбыздын баскан жолу өйдө-ылдыйлуу болгону баарыбызга маалым. Айрыкча, өткөн кылымдын 50-жылдарынын соңу, 60-жылдарынын биринчи жарымында төл адабиятыбызга чыныгы таланттардын жоон тобу келип кошулганы да кашкайган чындык (Кайра-кайра кайталана берген узун тизмени дагы бир жолу тизмектеп олтуруунун эч бир кажети жок)… Ошол жоон топтун ичинде Кыргыз Республикасынын эл акыны РАМИС РЫСКУЛОВДУН – Ыракенин –  орду өзгөчө экендигин гана белгилеп кетмекчибиз.

Көйкашка акындын эч кимдин жазганына окшобогон, автору жазылбаса деле кимдин калеминен чыккандыгы кашкайып көрүнүп турган ырлары (“Күнмайрам”, “Жаштык маршы” ж.б.), поэмалары (“Космостук манифест”) тууралуу, эч кимдикине окшобогон акындык тагдыры жөнүндө (ырдап, бийлеп жүргөнү, “Кыргыздардын падышасына – акындардын падышасынан” деген колтамгасы ж.б.) адабиятка кызыгып, адабий чөйрөгө аралаша баштаган мезгилден бери маалымдар болуп келдик.

Эсил кайран улуу держава СССРдин заманы. Анын борбору Москва шаарындагы Адабият институтутунун босогосун Ыракем бүткөндөн отуз жыл өткөн соң аттаган бизге орус тили сабагы боюнча армиян тектүү эжеке сабак берип калды. Жашы алтымышка таяп калган, баскан-турганынан, адамга жасаган мамилесинен  чыныгы аксөөк экени кашкая көрүнүп турган эжекебиз алгачкы сабакта кимдин кайсы республикадан экенибизди сурап таанышып жатты. Ар бирибиз келген кичи мекенибизди айтып жаттык. Баш көтөрө бир тиктеп коюп, тизмени улантып жатты. Менин фамилиям окулду. Кыргызстандан келгенимди айттым. “А-а, Сиз Кыргызстандансызбы? – деп кайталай сурады да, анан мен таптакыр күтпөгөн суроолорду узатты: “Рамис Рыскулов кандай жүрөт? Китептери чыгып жатабы?”

Баарынан кызыгы, мен жооп бергиче эле жалпы аудиторияны карап туруп, кашкайган чындыкты айтып салды: “Өтө таланттуу акын”… “Герцендин үйүндөгү” бир аудиторияда а-бу дегиче акындын ысымы жаңырып, анын “өтө таланттуу акын” экендиги ар кайсы республикадан келген студенттерге шардана болду. Албетте, алардын ар биринин өз республикаларында көйкашка таланттар көп эле, бирок, бул саам алардын биринин да ысымы айтылбай, Ыракемдин аты аудиторияда – өзүнө окшоп – калкып учуп турду. Бул мени өтө сүйүнттү. Ыракемдин чыныгы чоң талант экендигинин дагы бир далили болуп калды…

Көздөн жаш агызган кол чабуулар

Аскар Акаевичтин заманы… Далай салтанатты, азаалуу окуяларды баштан өткөргөн опера жана балет театрындабыз. Бул ирет салтанат-шаңга бөлөнүп, ичине эл батпайт. Жазуучулардын кезектеги чоң жыйынына чогулган элдин маанайы жаркын, көңүлдөрү көтөрүңкү. Алдын ала түзүлгөн сценарий боюнча салтанаттуу жыйын башталды. Жыйындын эң башкы коногу тиешелүү адамдар (ал убакта – Калык Ибраимов) төгөрөгүн төп келиштире даярдап берген баяндаманы окуп бүтүп, ардактуу наамдарды, Ардак грамоталарды тапшыруучу учурга жетти…

Ардактуу наамга ээ болгон адамдын тек-ысымы окулганда залда олтурган биз кубана кол чаап жаттык. Эсимде, үчүнчү болуп Ыракемдин фамилиясы окулду. Мына, көрүп алыңыз. Шатыраган кол чабууларга кошо залда олтургандар гүүлдөй ордуларынан турушту. Кол чабуулар уланып жатты. Орто ченде олтурган Ыракем ордунан туруп, сахнадагы артистей болуп, улам-улам ийилип коёт… Кол чабуулар авацияга айланды… Баёо көздөрүн алайтып, Ыракем эки жагына эңкейип, ыраазычылыгын билдирет… Кол чабуулар токтобойт.

Театрдын залы кубанычка, чыныгы талантка болгон урмат-сыйга, олтургандардын ар биринин көкүрөгүндө эбактан бери орноп келген үмүт-тилектин орундалышына болгон ыраазычылыкка толуп турду… Кол чабуулар о-о-о бир топко, би-и-р топко чейин жаңырып турду. Авация уланып жатты… Ыраке ашкере көйкашка акын экендигин, чыныгы элдик акын экендигин дагы бир жолу кашкайта далилдеп турган кол чабуулар эле бул.

Сыртка чыкканда да куттуктоолор улана берди. Жоон топ адамдын курчоосунда калган Ыракем жаш баладай мулуңдап, кубанычы койнуна батпай турду. Баарыбыз колун кыса куттуктап жаттык… Ыракемдин кубанычы менен кайгысын тең бөлүшкөн, Ыракеме ЧЫДАГАН ШАЙЫР ЖЕҢЕ да секелек кыздай сүйүнүп жанында турду…

Ыракемдин сүрөтчүлүгү

Таланттуу акын инибиз таамай белгилегендей, нөлү көп жылдар. Элдин бели кыйла эле эңкейип турган заман. Бизге окшоп акыл эмгеги менен жан баккан адамдар кыйналып турган учур. Бул кезде “Космостук монифести” жазган Ыракемдин сүрөтчүлүк таланты да ойгонуп, эч кимдикине окшобогон, сүрөт өнөрүн таптакыр жаңы нукка бурган атактуу художниктердин чыгармаларын эске салган, керек болсо алардыкына да окшобогон сүрөттөрү менен бизди таң калтыра баштаган мезгил.

…“Эркин-Тоо” гезитинин редакциясынын маданият бөлүмүндө олтурам. Көйкашка акыныбыз Карбалас ага Бакировго келгемин. Улуу жазуучубуз Ч.Айтматов жөнүндөгү алдын ала макулдашылган макалам тууралуу чакырган. Карбалас ага адаттагыдай эле ордунда жок экен. Бир кезде шуулдаган боюнча Ыракем кирип келди. Колунда баштык. Учураштык. Аны-муну сүйлөшүп баштаганда эле сүрөт тартып жүргөнүн айта баштады. “Билем, Ыраке, гезиттен окугамын”, – дедим. Кимдер алгандарын, кайсы сүрөт музейлерине жибергендигин заматта шатыра айтып салды. Баштыгында беш-алты сүрөтү бар экен четинен алып чыгып, Карбалас акенин бош турган столуна жая салып, көрсөтүп кирди. А-4 форматындагы кадимки ак баракка тартылган сүрөттөр.

Мектеп окуучуларынын сүрөт сабагы үчүн чыгарылган альбомдун барактары да эмес. Ак барактын эки бетине тартылган сүрөт. Анча-мынча адамдын акылы жете бербеген, генийлер гана түшүнчү сызыкчалар, элестер, ичке жана коюу тартылган боёктор эмнени билдирерин, булар аркылуу не деген ойду айтып жаткандыгын Ыракем кызуу түшүндүрүп берди. Жалпы эле сүрөт өнөрү, дүйнөдөгү залкар сүрөтчүлөрдүн (алардын баарын тизмектеп олтуруунун бул жерде зарылчылыгы жок) жеке-жеке чыгармачылыктары, сүрөт өнөрүндөгү ар кайсы агымдар, стилдер жөнүндө окумуш болгон мен байкуш Ыракемдин бул сызыкчаларынан, элестеринен, ичке жана коюу тартылган боёкторунан  кандайдыр бир маанилерди түшүнүүгө аракет кылып жаттым…

Анан, албетте, стол үстүндөгү сүрөттөрдүн  бирин алайын дедим. Бул ой мээме шак дей түштү. “Ооба, сөзсүз ошентишим керек”. Өз оюма өзүм кубанып кеттим.

– Ыраке, мобу “Рамистин карындашы Заринанын сүрөтү (портрети)” деген картина жагып калды. Ушу сүрөтүңүздү мен сатып алайын, э-э. Башка сүрөттөрүңүздөн өзгөчө экен. Аябай жакты, – дедим. (Бир жак бетиндегиси черновайдай, башка бетиндегиси бүткөн сүрөттөй сезилди.)

– А-а, Алахан, жактыбы? – деди. Мен “өтө жакканын” дагы бир жолу кайталадым да, 500 сом колуна карматтым (Албетте, көбүрөк деле берсем болмок, бирок али илимдин кандидаты да боло элек катардагы окутуучу мен байкуштун да чөнтөгү ал учурда жука эле. Ал учурдагы 500 сом мен үчүн да бир топ каражат болчу). Чынын айтайын – экөөбүз тең ыраазы болдук. Айрыкча мен катуу сүйүндүм. Мунун эки себиби бар эле… (Ыракем тарткан ошол сүрөттү – мен таберик катары сактап жүргөн ошол сүрөттү –  сиздер да көрүп коюңуздар).

Албетте, Ыракемдин – сөз башында айтылгандай – эч кимдикине окшобогон поэзиясы тууралуу айтчу сөз алдыда. Бул ирет көңүлдө калган, жүрөккө орногон, көөдөн түпкүрүндө сакталып келген үч учур тууралуу гана учкай кеп кылдык. Ыраке, аман болуңуз! Жараткан берген жашты эсен-аман жашаңыз. Селкилерге ыр тартуулаган, гүл тартуулаган, бий тартуулаган, Шайыр жеңенин таттуу-таттуу вареньелерин үйдөн көтөрүп барып тартуулаган жалындуу жаштыгыңыз Сизге дем берсин, кубат берсин, ылайым. Бар болуңуз, Ыраке!

1-сентябрь, 2019-жыл.   

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.