Кыргыз поэзиясынын форма жагынан болгон мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө беш-алты жыл бою жүргөн талаш-тартыштар да дымыгансып калды. Неси болсо да, бул талаш-тартышта: жаңыча мазмунга жаңыча форманын талап кылынышы, улуттук традициялардын арсеналынан жемиштүү пайдалануу, көркөм ой жүгүртүүнүн союздук жана дүйнөлүк бийиктиктерин ориентир кармоо сыяктуу бир катар маселелердин ортого коюлушу адабиятыбыз үчүн жаман болгон жок.

Дегинкисинде, маселенин төркүнүн теориялык жактан негиздеп коюуда кыйла пайдасы болгону менен бир катар учурларда энергияны курулай зарптаган мындай полемикага алаксып олтурбай, чыгармачылыктын өз законуна жол берип, ошондон майнап чыгара иштей берүү абзел го. Ырасында да, талаш талашы менен калды, чыгармачылыкта өз сезимине, ой жүгүртүүсүнө, интуициясына бекем ишенген талаш болуп жатабы, болуп жатпайбы, баары бир, аң-сезимдүү экспериментин жүргүзүп, өзү жаратып жаткан көркөм дүйнөнүн түйшүгү менен болуп, ошол дүйнөнүн тереңдигин, масштабдуулугун көздөгөн акындарыбыз кийинки учурларда көңүл бурарлык бир даар чыгармаларды беришти. Алар «балан тема жазылбай жатат, ошону жазайын» деп, чыгармачылыкты кургак программага айлантып алышкан жок. Бирок айрым акындардын кечээки космос темасынан бурулуп, кадимки эле жашоо, өмүр, адамгерчилик, ата конуш жөнүнөн традициялык формада ыр жазышын эл акындын бүтүндөй эстетикалык көз карашындагы артка чегинүүсү катары кабыл алып, мына эми тигинисинен ийги чыкпасын билип, өз нугуна кайра түштү деп, ат үстүнөн бүтүм чыгара салгандар бар.

Теманы, мазмунга жараша форма тандоону мынчалык үстүртөн түшүнүү жарабастыр. Мүмкүн, бул темада ал акын өзүн турмуштук жана сүйүү лирикаларындагыдай табийгы, көп кырдуу, эркин алып кете алган эместир, мүмкүн, бул тема анын акындык натурасына ылайык келбегендир, мына ошондон улам анын бул багытта жазгандары бизге карандай акыл жүгүртүүдөн (умозрительно) келип чыккандай көрүнгөндүр. Мүмкүн, мында фантазиянын, интуициянын, белгилүү деңгээлде эмоциянын катышы жетишерлик болгону менен акындын ыймандай сыры (искренность) жок болуп жаткан чыгар? Бирок поэзиянын улуттук бешигинде алтын менен күмүштү, ай менен жылдызды эрмектеп, санаасы тынч термелип жата бербей, жаңычараак мазмунга, жаңыча формага, интеллектуалдык мазмундуулукка умтулуунун өзү — сандан сапатка умтулуу деген сөз. Мындай аракеттин улут маданияты үчүн мааниси чоң.

Эстетика искусствонун төрт функциясы бар экенин белгилейт: коммуникациялык (адамдар ортосунда карым-катнаш кызматын аткаруучу), гедониялык (адамдардын көңүлүн жаркытып, ырахат берип, маанайын көтөрүп), аңдап-түшүнүүчүлүк (познавательная) жана тарбиялап таалимдөөчү (адамдын личность катары калыптануусуна таасир берүүчү). Мына ушуларды акын искусствонун эстетикалык функциясы катары түркүн ыкмада, түркүн жанрда пайдалануу менен, өзүнүн чыгармачылык диапозонунун кеңдигинен бизге кабар берет. Андыктан, маселе акындын космос жөнүндө, же жетим козу жөнүндө жазышында эмес — бул экинчи пландагы нерсе; кеп анын чыгармачылык концепциясынын дааналыгында, жетилгендигинде, образ ачуу, туюнтуу каражаттарынын молдугунда, оригиналдуулугунда. (Ал эми концепцияны теориялык жактан талкуулашып, талашып олтурганга караганда, аны көркөм продукцияларда, образдар дүйнөсүндө ачып көрсөтүп, ырастап, тууралыгын жандуу мисалдарда далилдей келүү орундуу).

Акын өзүндө чыгармачылык концепциясын иштеп чыгып, системага салып, анан кайсы предметке болбосун, ошол көркөм ой жүгүртүүсүнүн бийиктигинен мамиле этмейинче, өзүнүн эстетикалык маданиятын көтөрмөйүнчө, сөздү кадырлап, сөз менен тынымсыз иштемейинче, чыгармалары майда темалуулуктан, эпигончулуктан, жалган новаторлуктан кутула албасы бышык.

Мына ушундан улам эстетикалык маданияты жеткилең окурмандарды ырдагы бирин-эки жылт эте түшкөн саптар, тышкы эффект кызыктырбайт. Сап дегенди тапса болот, атайын ыр жазууну кесип кылган, беш-алты жыйнагы чыккан адамдарда андай тышкы көрүнүшү жалтыраган, жылмакай, кооз сөз тизмектери көп кезигет. Мындай ырлар «жалп» этип күйүп, кайра өчкөн учкун сыяктуу; кызыл-тазыл кооздугу менен бир саамга көңүлүңдү бура салат, бирок түбөлүк жылуулук от эмес. (Бул багытта басма бетинде олуттуу сөздөр да болду). Маселен, мен:

Ата-журт — сыйынаарым, ардактаарым,
Гүл бакчам, жылуу очок, ыйык шаарым,
Ыр жазсам — колумдагы күч-кубатым,
Ыраакка кеткен кезде сагынаарым, — деп жаздым. Мунун эмнеси жаман? Азыркы поэтикалык жыйнактардагы, газета-журналдардагы ырлардын жалпы деңгээли жана аларга биздин сындын мамилесин байкасаңыз, мындай ырлар кадиресе ийгилик катары жарыяланып да, бааланып да жаткансыйт. Бирок, акындан тереңдикти, реалдуулукту, конкреттүүлүктү, чыгармадан даана образды талап эткен окурман үчүн бул кооз сөздөрдүн гана үймөгү. Бул ырды ушул калыбында дагы далай жерге дейре кыйналбай эле улап кете берсе болот. Мындай кооз сөздөр акындын адабияттагы чыныгы жүзүн жылмалап, жаап-жашырып, көркөм табити төмөн окурмандарга кээде жакшы акын катары көргөзүп жаткан ретушь сыяктуу.

Талант деген башка эмеспи. Мына ошондуктан карандай табийгы шык, жөндөмдүүлүк менен жазылган, бирок андан ары терең кете албаган тиги ырдын жанында ушул эле темада жазылган, бирок адам менен жаратылыштын ыйык мамилеси, адамдын кайдадыр умтулуусу, ошол эле учурда табияттын өз чүрпөсүнө болгон ички мээрими, санаркоосу, адам болсо өз улуулугунун бийигинен кайра жаратылышка кам көрүп, аяп жатышы сыятуу кандайдыр ички динамизмге чыңалган диалогду жана даана ачылган эки образды гана куплетте камтыган Алыкулдун «Ата Журту» түбөлүк от сыяктуу.

Албетте, кооз сөздөрдү тизмектөөнү сөз үчүн кам көрүү, образга, идеяга канат болуп берчү сөз издөө менен чаташтырбоо керек. Сөздүн баасын, боёгун, кай жерде, кандай кубулуп турганын, канчалык жүк көтөрө аларын кылдат туя билүү деген кыйын нерсе турбайбы. Кээде «кыштагым» дегенге «тааныдым» дегенди уйкаштырган ырларды окуп алып кейиште каласыз. Бул жерде, мүмкүн, Алыкулду мисалга тартчулар бардыр. Эгерде автор ырынын уйкашы начар болсо да поэтикалык ой, көркөм образ жагынан Осмоновчолук деңгээлде турса жакшы жышаан деңизчи. Бирок, Алыкулдун бир катар ырларында уйкаштык начар экендиги ырас жана аны үлгү катары тутуунун зыяндан башка пайдасы жок ко деген ойдобуз.

А. Осмоновдун айрым ырлары уйкаштык жагынан аксаганы менен чыгармаларында жалпысынан ойдун жана сезимдин кыймылы, реалдуу умтулуусу, тереңдиги, таасир берүү күчү даана сезилип, өзөгүндө ыймандай сыры (искренность) жатат, образдуу айтылыштар арбын («Кайдадыр бийик тоолор арасына, \ уялчак жаштыгымды таштап кеткем»; «Мен өзүңдү чөктүрүүнү ойлогом \ жарым кашык дарыянын түбүнө» ж. б.), логикалык бирдиги (единство) чың, эмоциялык жанар рационалдык моменттердин катышында ченемди кылдат сезүү (чувство меры) бар ж.б. Мына ушул касиеттер азыркы акындарыбыздын көпчүлүтүнүн бир катар чыгармаларына таандык.

Албетте, биздеги мыкты акындардын өз алдынча чыгармачылык манералары, стилдери бар. Мунун өзү жакшы, анткени бизге «ар түрдүү жана жакшы акындар керек» эмеспи. Маселен, С.Эралиев сүрөттөө каражаттарынын дааналыгы, тактыгы жана молдугу менен жаратылышында кылдат лирик катары көрүнсө, М.Абылкасымова белгилүү поэмаларында революциялык пафосту, күрөшкө үндөө мотивдерин өзөк катары тутат. О. Султанов менен Т.Кожомбердиевде болсо жашоо, өмүр, өлүм, пендечилик, адамзаттын тагдыры сыяктуу түбөлүктүү темалар жагдайында өздөрү баштан кечирген, санааркаган нерселерин эч нерсесин жашырбай ортого коюп, ошолордон улам тереңирээк жыйынтыкка умтулуу байкалат. Р.Рыскуловдун лирикалык каарманы бу дүйнөнүн жаштыгын, түбөлүктүүлүгүн, адам духунун өлбөстүгүн, өжөрлүгүн шаңдуу жардаган жарчы катары көбүнесе романтикалык маанайда көрүнсө, С.Жигитовдо көрүнүштүн диалектикалык маңызын, чындыгын ачып көрсөтүү, предметке катаал реалисттерче мамиле этүү принциби байкалат. Биз, албетте булардын чыгармачылыгына мүнөздүү белгилердин жалпы гана шарттуу контурун белгилеп жатабыз. Алардын ар бирине индивидуалдуу мамиле эте келгенде, маселе алда канча татаал, терең жана көп жактуу болору табигый иш.

Т. Кожомбердиев «Күн. Жер. Жүрөк» жыйнагында өзүнүн көркөм чеберчилик багытында кыйла дасыгып, мурдагы жыйнактарында кээде жолуга калчу солгундуктардан арылып, (мисалы, баштагы ырларында «Мына жарышта баратам, максатым мөрөйдү жеңип алыш» деген сыяктуу баёо мотивдер жолуга калчу) көркөм образ, конкреттүүлүк жагдайында көбүрөк түйшүктөнүп жатканынан кабар берди. Жалпысынан бул жыйнактагы лирикалык герой кыйла сабырдуу, курулай эмоцияга берилип, делбирттей берүүнүн ордуна мазмундун, ойдун тереңдигине умтулуп, өзүн салмактуу кармайт. Жыйнак — күн алдында, жер үстүндө дүкүлдөп иштеп, издеп, таап, кайра жоготуп, кайра куруп, улам алга талпынып, кайра жерге кулап түшүп, кайра туруп, умтулуп жаткан адам жүрөгүнүн түркүн кырдаалындагы жандуу элесиндей туюлат.

Күнгө, жерге ода арнап, курулай дүңгүрөгөн патетикага түшүп кетпейт. Кадимки эле кыргыз жайлоосу, малчылар, чөп чабык, нан, ак көңүл энелер, эжелер жөнүндө ырдайт. Тамчыдан күн чагылгандай, ошол карапайым көрүнүштөн бул турмуштун демин, соккон кан тамырын көрөт. Автордун мазмундун тереңдигине умтулганына жараша идеяны, ойду образдуу жеткирүүгө көбүрөк кам көргөнү кубандырат.

Койчуман коломтого жылгын салат,
Жалындар бутактарды тиштей калат.
Борошо аттап келип босогодон
Кайрадан бутун артка тартып алат.

Сөз менен иштөө дегенибиз ушул. Кадыресе тирүү сүрөт. Бардык предмет сөз менен кошо кыймылдап жатат. Же болбосо, түшкү ысыкта жаратылыш, жан-жаныбар солуп, үлп этер жел жок, бейкуттук чөгүп калган учурда:

Жепжеңил, жумшак, ак булуттарды,
Тиретип койсо болот бир тал чөпкө. — дейт.

Ушуга кадыресе ишенгиңиз келип кетет. Акында сүрөтчүлүк, сүрөтчүдө акындык көз, байкоо, касиет болушу абзел турбайбы.

… Ак туфлий көпөлөктүн канатындай
Кырк бешинчи өтүктүн жанындагы.

Образдуу айтуу менен акын көп сөздүүлүктөн качат, кыскалыкка умтулат, чыгарманын көркөмдүк сыйымдуулугуна кам көрөт. Ачарчылык маалы жөнүндө айтканда да:

Кумсарып кеберсиген эриндер көп,
Курларда пайда болду жаңы тешик, — деп, эки сапка кыйла жүктү көтөртүп коёт.

Албетте, жогоруда айтылгандай, эгер образдуу сөз айкалыштары терең мазмун, ой үчүн кызмат өтөп турбаса, манекенге кийгизип койгон кооз костюм сыңары ылайыксыз көрүнүп, чыгарманын тең салмактуулугу бузулар эле. Мына ушул жагынан алганда Т. Кожомбердиевдин «Чалкашка» деген көлөмдүү ыры көңүл бурарлык. Мында чыныгы реалист художниктин баамы, сүрөттөөсү, мамилеси байкалат. Гүлсары өңдөнгөн бир айгырдын тагдырын автор болгонун болгондой, кадимки эле карапайым сөздөр менен, жөн салды гана айтып жаткандай баяндап берет. Бирок, көркөмдүктүн күчү жалаң эле эпитеттерде эмес экен, эгер зергерче мамиле кылса, кадыресе эле сөздөр чоң жүк көтөргөн балбандарча чыга келет турбайбы. Ырас, бир куплетинде гана:

Билбеген сапар чексең акырынды,
Заматта артка таштап чакырымды.
Тоскоолдон кайра тартпай басып өткөн,
Тоотпостон чөлүң менен такырыңды, — деп, Чалкашканын ары жактан сопсонун келаткан реалдуу образына Толубайдын тулпарына окшотуп, жомоктук боёк сүртүп ийип, кейиштүү кылган жери бар. Реалдуу картина реалдуу образ жана акырындагы:

Кулпунган Чалкашка жок, куйрук-жал кир,
Көргөндө жаш айгырды — денеси дир,
Мал менен бир жайылып, бирге кайтып,
Макулук болуп калды жөнөкөй бир, — деген реалдуу жыйынтыгынан өйдө тиги кесип-келип, жабыштыргансыган романтикалык клетканы жерип турат. Чыгармада реалисттик катыш өтө тыкан (строго) болуусу абзел, Ыр карылык, мезгил, көтөрүлүү, басырылуу, эски кетип, жаңы келмей сыяктуу бизге белгилүү түшүнүктөрдү дагы бир жолу бекитип жаткансыйт, бирок поэзиябызга өзүнчө бир бүтүн, келки образдын келиши көңүлдү бурат. Т. Кожомбердиевде биз жогоруда белгилеген жакшы касиет — сөздүн көркөмдүк күчүнө кам көрүү бар:

Алыстан күн күркүрөп, чакмак чагат
Солуктап, көкүрөгү бат-бат кагат,
Жалдырап терең ойдо картаң айгыр,
Жалынан, куйругунан шамал агат.

Биз азыркы учурда окурмандарды жазуучунун идеялык-көркөмдүк көз карашынын, идеалынын, табитинин жалпы системасы, эстетикалык маданияты көбүрөк кызыктырары, ал эми андагы негизги чыгармачылык концепцияны даана көргөзүүдө сөз менен иштөөнүн мааниси, реалисттик катыш жөнүндө учкай пикир айтып жатабыз.

Эми ошол эле чыгармачылык көз карашын, концепциясын элге тартуулоодо акындын ыймандай сырын жашырбаган касиети (искренность) жөнүндө да айта кетүү ылайык келип турат.

Кийинки кездерде бизде тоолор, жылкылар, кымыз сыяктуу кыргыз турмушунун ажырагыс атрибуттарын ырга салгандар көбөйүп кетти. Кээде аларга «бабалар» деген муңайым кайрык кошула калат. Бирөөлөр мындай ырды эстетикалык чоң маданият менен, ченемди кылдат сезип-туюу менен жазып жатса, бирөөлөр жөн эле көптүн шары менен, карандай эле улуттук угутка делбирттеп, «Тоолор!» деп үнүн ачуу чыгарып, кыргыздар тоолор менен жылкыларды таштап, бир жакка көчкөнү жаткансып, дайны жок чамынып жаткандай туюлат. Ал эми ошол кыйкырыктарда тигил түшүнүктөр ушунчалык көп кайталангандыктан, биздин көркөм кабылдообузда тоолордун, жылкылардын образы кайра күңүрттөп, бир учурда Т. Аскаров өтө таамай белгилегендей, белгилүү сюжеттердин, мотивдердин, көркөм образдардын өзүнчө бир инфляциясы жүрүп жаткандай түрү бар.

Карга да баласын аппагым дейт. Улутун ким сүйбөйт. Бирок улут жөнүндө, улуттун кандай мыкты жагы, кандай кемчилик жагы бар экени жөнүндө мезгилге, доорго айтуу көрүнгөн калем кармагандын колунан келе берчү иш эмес, бул үчүн баарыдан мурда көркөм сөз өкүлүнөн жетишерлик деңгээлдеги эстетикалык маданият, билим, улут алдындагы ыйык жоопкерчилик талап кылынат. О.Султановдун «Мабрио Родригес» деген ырында өз улуту үчүн жаны кашайып күйгөн Боливиялык герой:

Бирок мен өз элимди ушунчалык жек көрөмүн!
(Балким, бул — ошончолук сүйгөндүгүм), — дейт. Курулай жалбарып, өпкө-жүрөгүн чапканга караганда мында өз элине болгон мамиле алда канчалык терең кеткен. Баарын салмактап, баарын акыл таразасынан өткөрүп, улуттук сезимдин карандай эмоциялык чегинен өтүп, эли үчүн, улуту үчүн кам көрүүнү жылаңач кыйкырыкка эмес, бүткүл жашоосунун, аракетинин маңызына айланткан адам гана ушинтип айта алат… Улуттук тышкы белгилерди чуулдап мактай берүүдөн «жарма патриот» деген «атактан» башка эч ким эч нерсе утпайт.

Мына ошондуктан, акындагы сыр жашырбас касиеттин (искренность) чегин даана ажырымдай жүрүшүбүз керек. Кишинин ичиндеги ойлоп турганынын бардыгы эле поэзия үчүн продукт боло бербейт; бу жерде ар бир акын чыгармачылыктагы субъективдүү момент менен андан жаралган көркөм продуктунун объективдүү жашоосунун ортосундагы чекти кылдат туя билүүсүнүн мааниси чоң.

Азыр ар ким өз айлын ырга салууну парзым деп сезген бир илдет тарады. О. Султановдун «Алтын күңгөй» аттуу ырын («Отузунчу станция») ошолордун фонунда кадыресе үлгү катары көрсөтсө болор эле. Акын Алтын-Күңгөйдүн бейиштей жер экенин айтып олтурбайт. Мында сагынычтын, кусалыктын ноталарына лирикалык геройдун санаркоолору, сыр жашырбаган ачыктыгы эриш-аркак болуп, сизди кең дүйнөнүн кайдагы бир алакандай бурчу — Алтын-Күңгөйдөн ары көтөрүп, өмүр жөнүндө муңайым ойлорго алып кетет.

Абаке, турмуш менен ит жыгылыш,
Ийленип жанаякта наспайыңдай.
Келатам канап далай жамажайым,
Үзүлүп далай жолу басмайылдай.

Турмуштун нечен кырын көрдүм, билдим,
Адамга көп карадым, көп үңүлдүм.
Бирок да адам өзү ким экенин —
Аңтарып али толук билбей жүрүм.

Бул ыр сезимиңди кадыресе түрткүлөп ойготуп, кандайдыр бир нерсеге сыймыктандырып, кайсы бир нерселерди эске салып, ассоциация чакырып, духуңду чыйралтат.

Акын мейли айлын ырдайбы, мейли Париж менен таанышабы, булардын баарынын фонунда чыгармачылык концепциясындагы негизги өзөктү, негизги багытты тумар сыяктуу алып жүргөндүтү байкалат. Р. Гамзатов Бомбейде дайыма көгөрүп турган бир бак көргөнүн жазат. Айлана күнгө куйкаланып, бардык нерсе аптапка күйүп турса, ал бак серүүн чачып, көпкөк боюнча турганы турган дейт. Көрсө, ошол жердин алдында бактын тамырларына муп-муздак суу жүгүртүп турган көл бар экен. Анын сыңары художниктин бүтүндөй көз караштарынын системасына дайыма азык берип, угут берип, кубаттандырып турчу нерсе болуу керек. Негизги чыгармачылык өзөгүн, негизги багытын таап алган акын гана бизге өзүнүн индивидуалдуу почеркинен кабар берет. Андан кийин ал эмне жөнүндө жазбасын, анын ары жагынан ошол чыгармачылык өзөктүн деми сезилип турат.

Мына ошондуктан О. Султановдун «Отузунчу станция», М.Абылкасымованын «Ишеним дайым жүрөктө», Т. Кожомбердиевдин «Күн, Жер, Жүрөк» жыйнактарындагы ырлар түркүн темада, түркүн формада жазылганы менен биз алардын баарына өзөк болуп турган гуманизмдин, граждандуулуктун отун, анын сезим менен акылга урган илебин сезип олтурабыз. Чыгармаларда бул оттун болушу — демек адамдар бири-бирин жашоого, күрөшкө үндөп, тирүүлүктү даңазалап, карапайым жүрөктөр бири-бирине жылуулук, жарык берип жатат деген сөз.

[I] Китептен: Токтогулов А. Поэзияга мамиле. — Ф., 1975. — 124-134-6.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.