Токойдон түлкү, карышкыр, короз жолугат. Үчөө тең үй-жайсыз үчүн баш калка издеп жүрүшкөн экен.

Түлкү айтат:

— Үчөөбүздө тең үй жок болсо, келгиле, биригип конуш-жай курабыз.

— А кантип курабыз? – дейт карышкыр менен короз.

Түлкү түшүндүрүп баштайт:

— Карышкыр отун ташыйт, мен от жагам, а короз күнүгө таңда кыйкырып турат. Анан адамдар түтүндү көрүп, короздун кыйкырганын уса, бизди жаңы конуш куруптур деп башташат.

Карышкыр, короз буга макул болот.

Эртеси карышкыр отунга жөнөйт, ал жокто түлкү корозго тап берип, куйругун жулуп алат. Кайтып келсе, куйругу жок короз бакка чыга качып отурган болот.

— Сага не болду? — дейт корозду көрүп.

Короз болгонун болгонун айтып берет. Анын датын уккан карышкыр түлкүгө атырылып, куйруктан шап тиштейт. Аз жерден кылаңдаган куйругу үзүлүп кала жаздаган түлкү булт берип кутулуп, айтып турганы:

— Да-а, агер бири-бирибиздин куйругубузду жулуп тытыша берсек, эч качан конуш-жай кура албайбыз!

Ошентип үчөө элдешип, ынтымакта жашап башташат.

Карышкыр отунун ташып, түлкү от жагып, короз таң сөгүлгөн сайын кыйкырык салат күнүгө.

Короз үнү чыгып, түтүн булаганын көргөн адамдар токой жакта жаңы конуш пайда болуптур деп кобурашып калышчу дейт.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.