<<<<< Башы

  1. ЖЫЙЫРМА СЕГИЗИНЧИ СӨЗ

Эй, мусулмандар! Бирөө бай, бирөөнүн кедей болгону, бирөө оору, бирөөсүнүн соо болгону, бирөө эстүү, бирөөсү эсер болгону; бирөөлөрдүн көңүлү жакшылыкка кылганга, бирөөлөрдүн көңүлү жамандык кылганга тартып турганы – эмнеден деп сурашса, –  сиздер, ал Кудай Тааланын буйругу менен болгон иш деп айтасыздар. Бирок, Кудай Таала бир ант урган жалкоого мал берет экен. Бир Кудайдан жалынып, тилеп, маңдай терин төгүп эмгек кылып, пайда издеген кишинин эмгегин кайтарбай, катын-баласын тыңдап багаарлык да кылбай, кедей кылат экен.

Эч кимге залалы тийбеген бир момунду оорулуу кылып, кор кылат экен. Кайдагы бир ууру, залимдин денин сак кылат экен. Атасы, энеси бир, бир жатындан чыккан эки баланын бирин эстүү, бирин акылы жок эсер кылат экен. Бардык элге бузук болбо, түзүк бол деп жарлык кылып, жол көргөзөт экен. Түзүктү бейишке чыгарамын, бузукту тозокко саламын деп айтат тура, өзүнүн кудурети менен пендесинин бирин жакшылык кылууга, бирин жамандык кылууга эркин буруп жиберип турат экен. Ушунун баары Кудай Тааланын айыпсыз, кемчиликсиз, эч кынтыгы жок ыракымына, адилдигине ылайык келеби? Журт да, мүлк да – өзүнүкү. Бул кылганына эмне дей алабыз?  Өз мүлкүн өзү эмне кылса кыла берет. Аны айыптуу болду дей албайбыз десең, ал сөзүң Кудай Тааланын айыбы толтура, ал кемчиликсиз эмес, бирок антип айтууга батына албайбыз дегениң эмеспи? Андай болгон соң, пенде тырышкан менен табары эмне? Баарын кылдырган өзү экен. Пенде пендени күнөөлөй турган эч нерсе жок. Ким жакшылык, ким жамандык кылса да Кудайдан келген буйрукту жасап жүрөт экен дейбизби?

Ар бир акылы бар кишиге ыйман парз, ар бир ыйманы бар кишиге ибадат кылуу парз экен. Жана да ар бир жакшы иш, акылдан коркпосо керек. Эми биз акылды эркине койбосок, Кудай Тааланын акылы бар кишиге ыйман парз дегени кайда калат да, “Мени тааныгандар акылымдан таанысын” дегени кайда калат? Динибиздин бир жашыра турган жалганы жок болсо, акылды, аны ойлобо дегенибизге пенде көнөбү? Акыл токтобосо, диндин өзү кайдан чыгат? Алгач ыйманды оңдобой туруп, кылган ибадат эмне болот?  Жок, андай эмес, сен жакшылык, жамандыкты жараткан Кудай – бирок аны жасаткан Кудай эмес, ооруну жараткан Кудай, ооруткан Кудай эмес, байлыкты, кедейликти жараткан Кудай, бай кылган, кедей кылган Кудай эмес деп ынанып угуп, ошону түшүн деп айт. Антпесең – баары жалган.

  1. ЖЫЙЫРМА ТОГУЗУНЧУ СӨЗ

Казактын макалдарынын көңүлгө түйө турганы да бар, көңүлгө түймөк тургай кудайга да, адамга да жакпагандары бар. Алгачкысы: “Жарды болсоң, ардуу болбо” дешет. Ары жок болсо, тирүү жүргөнү курусун! Эгерде, анысы жалчы болуп жүргөнүңдө жаныңды кыйнап эмгек менен мал тап деген сөз болсо, – ал ардана турган иш эмес. Чалкалап жатып алып, жалдырап бирөөдөн тиленбей, жанын үрөп адал эмгек менен мал тапкан, – ал ары бар, абийирдүү адамдын иши. “Эбин тапсаң, кар да күйөт”, “Сураганды билсең, бербей турган адам жок”, – мына, эң Кудай урган сөздөр ушулар! Сурасам табам, эбин тапсам алам деп ар кимге жалдырап өмүр өткөзгөнчө, малды жерден, же аккан терден сураган жакшы го.

“Атың чыкпаса жер өрттө” дейт. Жер өрттөп чыгарган атагыңдын эмнесине мактанасың? “Жүз күн атан төө болгуча, бир күн буура бол” дешет. Бир күн да минилбей, шүмшүңдөп,  арып-азып ары-бери жүгүрүп, кирген суудай буркулдап жинди болуп жүргөн буура болуунун кажети барбы? “Алтынды көрсө, периште жолдон таят” дейт. Периштеден садага кеткир ай! Периштеге алтындын эмне кереги бар, өзүнүн ач көздүгүн актаганы да. “Ата-энеден мал таттуу, алтын үйдөн жан таттуу” дейт. Ата-энесинен мал таттуу көрүнгөн ант ургандын таттуу дээрлик жаны бар болду бекен? Ата-энесин малга алмашкан эң ары жок адамдын кылыгы эмеспи? Ата-эне өмүр бою тапкан-ташыганын балдарыма калса дейт. Ата-энесин саткан Кудайга жакпай турган иш эмеспи? Ушундай түшүнбөй айтылган кеп-сөздөрдөн сак болуу керек.

  1. ОТУЗУНЧУ СӨЗ

Кырк күн минсе кыр ашалбаган ушундай бир “кырт мактан” деген мактанчаак бар, анын кимге кереги бар да, ал эмнеге жарайт? Ал уят-сыятты да  билбейт, ар-намысты да билбейт, кенен карап, терең ойлоо жок, же балбандыгы жок, же баатырдыгы жок, же адамгерчилиги жок, же акылы, же уяты жок. Мойнун толгоп коюп:  “Эй, Теңир-ай, койчу нары, кимден ким артык болуп кетиптир дейсиң, кимдин башы, кимдин канжыгасында жүрөт, ал менин казаныма аш салып  берип жатыптырбы, мен андан саан уй сурап жатыптырмынбы” – деп бултактап, же болбосо: “Аяганым жанымбы? Ой, энесин урайын, өлүп кетсем да эмне болуптур! Көп болсо атылып, же ошон үчүн айдалып кетсем да мейли! Айтор бир башта бир өлүм бар да” деп калчылдаган киши көп. Өзүңөр көрүп жүрөсүңөр, ушул айтылган сөз боюна ылайык казак көрдүңөр беле? Өлүмгө чыдап бара турган казак көргөнүм жок, өлүмгө чыдайм деген да казак көрбөдүм, алакандын кыры менен кекиртегин гана көрсөтүшөт ко чиркин “өлүп кетейин, башым кесип берейин!” деп. Эгер айткандары чын болсо, акылы жок болсо да, кайраты менен кандай адам экенин көрсөтүшөт эле го! Эгерде, чыныгы коркунучту көргөндө, кирерге жер таппай, тарбия көрбөгөн коркок адамдардын баштарын айландырып “мына мобул капырдын каары жаман” деп айттырганына курулай мактанып, калп эле кыйын болуп турса, аны кандай адам дейбиз? Ай, Кудай-ай! Жан дүйнөсү таза, убадага бек, берешендиги, дүнүйөнү бир тыйын эсеп көрбөгөн марттыгы болсо бир караган кишиге турган турпатынан эле билинип турбайт беле? “Уялбас жанга, талыбаган жаак берет” дегендей, көп былжыраган арсыз, уятсыздын  бири да.

  1. ОТУЗ БИРИНЧИ СӨЗ

Уккан нерсени унутпас үчүн төрт түрлүү себеп бар: биринчиден – көкүрөктүн таза болушу; экинчиден – жакшы нерсени эстегенде же көргөндө андан үлгү алып, көңүлдөнүп, түшүнүп, ынтаа коюп угуу; үчүнчүсү – ошол нерсени ичиңден бир нече ирет кайталап, көңүлгө бекитүү керек; төртүнчүдөн – ой кеселдүү нерселерден алыс болуу. Эгерде бул нерселерге кез болуп калсаң, алдырбаш керек. Ой кеселдери: сарсанаа болуу, кайдыгерлик, дайны жок күлкү, жана кайгыга же  кумарга батуу. Бул төрт нерсе – акылың менен талантыңды тоздуруп, талкалай турган нерселер.

  1. ОТУЗ ЭКИНЧИ СӨЗ

Билим-илим үйрөнөм дегендерге эң алгач анын шарттарын билүү керек. Ал шарттарды билбей, издегениң табылбас. Биринчиден – билим-илим алсам, дүнүйөнүн бир кызыктуу нерсесине керек болор деп максат кылбаш керек. Ал үчүн билим-илимдин өзүнө гана кызыгып, бир гана бир нерсени билүүгө кумар болсоң, ар бир мурда билбеген жаңы нерсени билгениңде жүрөгүңдө бир айтып бүткүс ыракатты сезесиң. Ошол ыракат билгениңди бекемдеп, билбегениңди дагы билсем деп алга сүрөп, үмүттөндүргөн махабатты пайда кылат. Ошондо ар бир укканыңды, көргөнүңдү жакшылап эстеп, сүрөткө тарткандай эсиңе бекем сактап каласың.

Эгерде көңүлүң башка нерседе болсо, билим-илимди жөн гана билип алуу үчүн үйрөнсөң, андай билимге көңүлүңдүн мээрими өгөй эненин асырап алган баласына түшкөн мээрими сыяктуу болот. Адам көңүлүн чындап койсо, билим-илим да ага ийип, аны тез үйрөнүп өздөштүрөт. Көңүлдөнүп иштебеген иш чала бүтөт. Экинчиси – билимди үйрөнгөндө таза, айкын максат менен үйрөнүш керек. Бирөөлөр менен талашайын деп үйрөнбө, азыраак талаш көңүлүңдү көтөрүш үчүн залал деле эмес, көбүрөк талаш адамды оңдомок тургай бузат. Анын себеби, талашчыл адам чындыкты табыш үчүн талашпайт, жеңейин деп талашат. Мындай талаш ич күйдүлүктү жаратат, адамгерчиликти күчөтпөйт. Балким азайтат. Жана да максаты билимге ылайык эмес, адамды адаштырып, жалган сөзгө жеңдирмекчи. Мындай кыял өзү бузукуларда болот. Жүз туура жолдон адаштырган киши, бир оң жолго салган кишиден садага кетсин! Талаш – өзү да илимдин бир жолу, бирок ага аша чаап кеткенге болбойт. Эгерде аша чаап, кекирейип, мактана баштаса, андай киши адамдын абийирине шек келтирген калп менен ушак айтуудан да, урушуп-мушташуудан да кайра тартпайт. Үчүнчүсү – көзүң жетип турса тырышып жүрүп жеткен чындыктан, өлсөң да баш тартпа! Эгерде өзүңдүн билгениңе өзүңдү ишендире албасаң, андай билимиңди ким баалайт? Өзүң барктабаган нерсени башкалар барктамак беле? Төртүнчүсү – билим-илимди көбөйтүүгө адамда эки курал бар: бири  мулахаза, экинчиси мухафаза. (Мулахаза – өз пикирин коргой билүү; мухафаза – бардык күчтү жумшап аракеттенүү, тырышуу.)

Бул эки курал тынымсыз өсүп-өнүгүп турушу абзел. Булар өсмөйүн илим өспөйт. Бешинчиси – ушул сөздүн он тогузунчу бабында жазылган акыл кесели деген төрт нерсе бар. Ошолордон оолак болуш керек. Ошолордун ичинде кайдыгерлик деген бир нерсе бар, жаным, ошол нерседен сак бол! Биринчи Кудайдын, экинчиси –элдин, үчүнчүсү – акыл-эстин, төртүнчүсү – ар менен намыстын баарынын душманы ошол. Ар-намыс, абийир болгон жерде ага орун жок. Алтынчысы – билимди, акылды сактай турган мүнөз деген нерсе бар. Ошол мүнөз бузулбасын! Көрсө, көрө албастык, жеңил ойлуулукка берилип, бирөөнүн орунсуз сөзүнө, бир келген азгырыктарга алдансаң мүнөздүн катуулугу бузулат экен. Андан кийин окуп үйрөнгөндөн эмне пайда. Коёрго оруну жок болгон соң, аларды кайда сактайсың? Мүнөзүңдө кылам дегениңди кыла турган, жасайм дегениңди жасай турган, азгырыкка алдырбаган акыл, ар-намысты сактаган күчтүү эрк, кайрат болсун! Бул бир акыл үчүн, ар-намыс үчүн болсун!

  1. ОТУЗ ҮЧҮНЧҮ СӨЗ

Эгерде мал жыйнайм десең, кол өнөрчүлүктү үйрөн. Малды жут алат, өнөр өлбөйт. Алдабай, өз эмгегин саткан кол өнөрчү, – казактын олуясы ошол. Бирок, Кудай Таала колуна бир аз өнөр берген казак кесирлүү келет. Биринчиден, – ал ишин алга жылдырып, өзүнөн мыкты ишмерден үлгү алып үйрөнөйүн дебейт. Колундагы бир аз жасаган оокатына кубанып, ушул жетет деп, баягы казактын ток пейилдигине салып жатып алат. Экинчиден, – эринбей иштеш керек да. Бир-эки кара табылса, малга тоюнуп калган кишидей, “мага эмне, мал жокпу?” дегендей кылып, эринчээк, жалкоо, байкабас, кербездикке салат. Үчүнчүдөн – “Кадырың бар, өнөрлүүсүң, чырагым” же болбосо “Байкебай, ушуну жасап берип койсоң эмнең кетмек эле?” дешсе мага да бирөөнүн иши түшкөн даражага жеткен экенмин деп бой көтөрө түшөт да, курулай мактоого алданып, өзүнүн кымбат баалуу убактысын бекер өткөзөт. Төртүнчүдөн – дос күткүлөрү келет. Кээ бир алдамчы шайтандар дос бололу деп, бир болбогон нерсесин берген болуп, тигинтип коём, минтип коём, жыргатам, досумсуң десе, мен да керектүү экенмин деп жана да жаш кезинен иш иштеп үйдөн чыкпагандык кылып, жок-барга тырышып, алдаганды билбей, дароо анын жетпегенин жеткизем деп, тигиники жетпесе өзүнүкүн кошуп, кылып бер дегенинин баарын кылып берип, эмгек кыла турган убактысын бекерге коротуп, “өйдө өткө” кубанып жүрүп, тамак, кийим, башка түйшүктөрүн унутуп коюп, анан кыйын күнгө кез болгондо бирөөнүн малын карызга алат.

Муну кылып берейин, тигини кылып берейин деп, ошону менен тапкан-ташыганы чогулбай, бересеси көбөйүп, доого айланып, адам сыпатынан айрылып, кор болуп калат. Бул эмнеси? Казактын баласы өзү алдамчы болуп туруп, өзү бирөөгө алдатканы кандай?

  1. ОТУЗ ТӨРТҮНЧҮ СӨЗ

Элдин баары билет; өлө турганын жана өлүм сөзсүз эле картайганда келбесин, ал бир алганын кайта жибербесин. Казак буга айласыз ишенет, аны акыл-эси менен тескеп ишенбейт. Жана да бардык нерсени жараткан Кудай бар, акыретте суракка алат, жамандык кылганды жазалайт, жакшылык кылганды сыйлайт, жазасы да сыйы да пенденин ишине окшобойт, бир башкача эсепсиз кыйноо бар да, бир башкача эсепсиз көрсөтүлүүчү сый бар дешет. Жок, анысына мен ишенбейм. Алар ишендик дешсе да, анык акыйкатка көзү жетип, дили менен, уюп ишенишпейт. Алар чындап эле ишенишсе, ушул ишенгенине жараша жакшылыкты жасашпайбы.

Эгерде өздөрү айткандарына элдир-селдир ишенишсе, анда аларды кантип ишендире алабыз? Аны кантип оңдойбуз? Аларды мусулман, ыйманы бар деп кантип айтабыз? Кимде-ким акыретте да, дүнүйөдөн да кор болбоюн десе, билиш керек: эч бир адамдын көңүлүндө эки кубаныч окшош болбойт, эки сүйүү кумары да бирдей болбойт, эки коркунуч, эки кайгы, – алар да окшошпойт. Мындай эки нерсени бирдей болот деп айтуу мүмкүн эмес. Андай болгондо кайсы адамдын көңүлүндө дүнүйө кайгысы, дүнүйө кубанычы, акырет кайгысынан, акырет кубанычынан артык болсо, – анда ал мусулман эмес.

Эми ойлоп карап көр, биздин казак мусулман бекен. Эгерде эки нерсе болсо, бири акыретке керектүү, бири ушу дүнүйөгө керектүү, бирин алып, бирине тийбей турган болсо, ошондо бирөө акыретке керектүүсүн албай, экинчи кез келгенде алармын деп, эгер кез келбей турган болсо, кең Кудай өзү кеңчилик кылып кечирип коёр, кези келип турганда муну колдон чыгарып жиберсем болбос деп, дүнүйөгө керектүүсүн алса, эми ал киши жан берсе, акыретти дүнүйөгө сатканым жок деп танса болобу? Адам баласына адам баласынын баары –дос. Эмне үчүн десең, дүнүйөдө жүргөндө – туулушуң, өсүшүң, курсагыңдын тоюшу, ачка болушуң, кайгың, кубанычың, денеңдин түзүлүшү, чыккан жериң, бара турган жериң – баарыныкы бирдей, акыретте – өлгөнүң, көргө киргениң, чиригениң, махшарда суракка алынышың – баары окшош, эки дүйнөнүн кайгысына калышың, эки дүйнөнүн жакшылыгынан ыракат алышың баарыбызга бирдей экен.

Алдыбызда беш күндүк өмүрүбүз барбы же жокпу, ким билет? Бириң-бириңе конок экенсиң, өзүң бул дүйнөгө конок экенсиң, бирөөнүн бактысына, бирөөнүн малына көз артып, ичи тардык кылганыбыз туурабы? Тилечү Кудайдан тилебей, пендеден тилеп, өз алдынча эмгегимди кайтар дебей, баланчаныкын алып бер деген Кудайга жагар сөзбү? Кудай бирөө үчүн бирөөнүн жабыркашын ылайык көрөбү? Эки сөздүн башын кошо албаган же акылы же билими жок туруп, өзүнүкүн бербей курулай эле “Ой Теңир-ай!” деп талаша берсе болобу? Андай неменин эмнеси адам?

  1. ОТУЗ БЕШИНЧИ СӨЗ

Махшарга барганда Кудай Таала ажы, молдо, сопу, жоомарт, шейиттерди катар коюп, сурак кылат экен. Дүнүйөдө урмат-сыйга ээ болуш үчүн ажы болгонду, молдо болгонду, сопу болгонду, жоомарт болгонду, шейит болгондорду бир бөлөк коёт дейт. Акыретте бир гана Кудай Тааланын ыраазычылыгын табуу үчүн болгондорду бир бөлөк коёт дейт. Дүнүйө үчүн болгондорго айтат экен: “Силер дүнүйөдө ажы аке, молдоке, сопу аке, мырза аке, баатыр аке аталыш үчүн кызмат кылдыңар эле, ал дүнүйөң бул жерде жок. Силердин ал кызыктуу дүйнөңөр аяктады, аны менен бирге кылган ишиңер да бүттү. Эми мында урмат-сый алмак түгүл, сурак бересиңер! Мал бердим, өмүр бердим, эмне үчүн ошол малыңарды, өмүрүңөрдү, акыретти бетиңерге кармап, бүт ниетиң дүнүйөдө туруп, элди алдоо үчүн пайдаландыңар?” – деп. Чын ниети менен ордун таап, бир Кудайдын ыраазычылыгы үчүн кызмат кылгандарга: “Силер бир гана менин ыраазычылыгымды издеп, малыңарды, өмүрүңөрдү сарп кылган элеңер, мен ыраазы болдум. Сиздерге ылайыктуу урматтуу орунум бар, дайын, кириңиздер! Балким, өзү кылбаса да иши менен сизге шарт түзүп, жардамы тийген досторуңузду, сиздин жакшылык жеткен адамдарды жолуктурасыз. Кубана бериңиз!” – деп айтат дейт.

  1. ОТУЗ АЛТЫНЧЫ СӨЗ

Пайғамбарымыз Азирети Мухаммед саллаллаху алейхи васаллам хадистеринде айтыптыр:  “Уятсыз кишиде ыйман жок” деп. Биздин казактын өз макалы да бар: “Уят кимде болсо, ыйман ошондо” деген. Эми бул сөздөн билинди, уят өзү ыймандын бир мүчөсү экен. Андай болгондо уят деген өзү кандай неме болду экен? Бир уят бар, – ал наадандыктын уяты: жаш бала сөз айткандан уялган сыяктуу, жакшы адамдын алдында уяла турган эч нерсе жок болсо да уялат. Же шариатка туура келбеген, же акылга сыйбаган жазыгы болбосо деле, наадандыгынан боюн жашырып, чечиле албай, уялбай турган нерседен уялган уялуу – акмактык, шермендечилик. Чын уят ушундай нерсе: шариатка каршы, акылга сыйбаган, абийирлүү адам кылгыс бир иш себептүү болот. Мындай уят эки түрдүү болот. Бирөө – андай кылыкты өзүң жасабай, бөлөк бир адам жасаганын көргөндө, уялып кетесиң. Мунун себеби, ошол уяттуу ишти кылган кишиге боор тартканыңдан болот. “Ой, кудайым-ай, байкушка эмне болду, эми бул кантет” дегендей, бир нерсе ичиңди ысытып келип, өзүңдү кысып, бетиңди кызартып жиберет. Бирөө ушундай уят, – шариатка туура келбеген, акыл-эске сыйбаган, абийирлүү адам жасабас, же адамга жакпаган кылыкты байкабай, же тубаса сезимдин түрткүсү менен өзү жасап алганда болот. Мындай уятсыз кылык кылганыңды башка эч ким билбесе дагы, өз акылың, өз абийириң кыйнап, өзүңө жаза тарттырат.

Кирерге жер таппай, кишинин бетине карай албай, бир кысымга түшөсүң. Мындай уяты күчтүү адамдар уйкудан, тамактан калып, өзүн-өзү өлтүргөнгө чейин барышат. Уят деген адамдын өз боюндагы адамгерчилиги, иттик кылганыңды ичиңден эсиңе салып, тилдеп-сөгүп кылган кысымынын аталышы. Ал убакта тилиңе сөз, көңүлүңө ой да түшпөйт. Көзүңдүн жашын, мурдуңдун суусун сүртүп алууга да колуң тийбейт, бир ит болосуң. Көзүң кишинин бетин карамак түгүл, эч нерсени көрбөйт. Мындай кылык жасап, уялганды башынан өткөзкөн адам, башка бир кылык жасаган адамды кечирбесе, же анын үстүнө дагы аябай күйдүрүп сөз айтса, андай кишинин адамгерчилиги жок десе болор.

Ушул күндө мен көргөн адамдар уялмак тургай, беттери кызарбайт. “Мен уят болдум дедим го, эми эмнең бар?” – дешет.  Же “Мен го уят болуптурмун, өзүң деле ошентпедиң беле”— дейт. Же “баланча да, түкүнчө да тирүү жүрөт ко, балан кылган, түкүн кылган, менин кылганым анын жанында шоона эшпейт.” – деп, уяткарайын десең кайра догун артат. Ушуну уяттуу киши дейбизби же  уялбаган киши дейбизби? Уяттуу дейин десек, хадис менен жакшылардын сөзү тигиндей. Ушундай адамдын ыйманы бар дейбизби же ыйманы жок дейбизби?

37. ОТУЗ ЖЕТИНЧИ СӨЗ

1. Адамдын адамдыгы ишти кандай баштаганынан билинет, кандача бүтүргөнүнөн эмес.

2. Көңүлдөгү көрктүү ой, ооздон чыкканда өңү өчөт.

3. Асыл сөздөрдү өзүмчүл нааданга айтканда, көңүлүң кубанган учур да болот, өчкөн учур да болот.

4. Кишиге билимине карай жакшылык кыл, татыксызга кылган жакшылык адамды бузат.

5. Атасынын баласы – адамдын душманы. Адамдын баласы – бир бооруң.

6. Эр киши көп сураса да азга ыраазы, эси жок аз сурайт да, ашыра берсең нааразы болот.

7. Өзүң үчүн эмгек кылсаң, өзү үчүн оттогон айбандын бири болосуң; адамгерчиликтин карызы үчүн эмгек кылсаң, Алланын сүйгөн кулунун бири болосуң.

8. Сократка уу ичиришкен. Жанна да Аркты өрттөшкөн, Гайсаны дарга асышкан, Пайгамбарыбызды төөнүн тарпына көмгөн ким эле? Ал – топтошкон көпчүлүк. Көпчүлүктө акыл жок. Эбин тап да, жөнгө сал.

9. Адам баласын замана өстүрөт, кимде-ким жаман болсо, замандаштарынын баары күнөөлүү.

10. Эгерде колумда бийлик болсо, адам мүнөзүн оңдоп болбойт деген кишинин тилин кесет болчумун.

11. Дүнүйөдө жалгыз калган адам – тирүүлөй өлүк. Капачылыктын баары ошонун башында. Дүнүйдөгү жамандыктын баары да көпчүлүктө, бирок кызык дагы, эрмек дагы көпчүлүктө. Биринчисине ким чыдайт да, экинчисинен ким чарчабайт.

12. Жамандык кимдин башына келбейт. Үмүттү үзүү – кайратсыздык. Дүнүйөдө өзгөрүлбөгөн эч нерсе жок экени чын, бирок жамандык да кантип кетпей калсын! Кары калың кыштын артынан, көгү калың, көлү мол жакшы жаз келери анык!

13. Ачуулуу адам унчукпаса – ыза, кубаты ичинде болгону. Эгерде оозунан кара кан агызса, ал жөн гана мактанчаак же коркок адам.

14. Ийгилик менен бакыт – адамды мас кылат. Миңдин бири гана акылын жоготпой кала алат.

15. Эгер ишим жүрсүн десең, иштин ыгын тап.

16. Бийик мансап – бийик жар таш.
Эринбей сойлоп жылан да чыгат.
Эпкиндеп учуп кыраан да чыгат.

17. Жикчил эл жетпей мактайт,
Жел өпкөлөр чын деп ойлойт.

18. Дүнүйө – зор деңиз,
Заман – соккон жел,
Алдыңкы толкун – агалар,
Арткы толкун – инилер,
Кезек менен өлүшөр,
Баягыдай көрүнөр.

19. Бак менен жеткен падышадан
Акылы артык кара артык;
Сакалын саткан карыдан,
Эмгегин саткан бала артык.

20. Курсагы ток тилемчи – адам шайтаны,
Жалкоо сопу – эки жүздүү, алдамчы.

21. Жаман дос – көлөкө,
Башыңа күн тийсе,
Качып кутула албайсың.
Башыңа булут айланса,
Издеп таба албайсың.

22. Досу жок менен сырлаш,
Досу көп менен сыйлаш.
Кайгысыздан сак бол,
Кайгылууга бак бол.

23. Бактылуу болгуча, тилегиңди баары тилейт, бактылуу болгон соң – өзүң гана тилейсиң.

38. ОТУЗ СЕГИЗИНЧИ СӨЗ

Ырас, мурунку биздин ата-бабаларыбыздын бул замандагылардан билими, сылыктыгы, сыпайылыгы, тазалыгы төмөн болгон, бирок бул замандагылардан артык эки мүнөзү бар экен. Эмики журт, ата-бабаларыбыздын миңдеген иштерин бир-бирден таштап келебиз, алиги эки мүнөзүн биротоло жоготуп алдык. Ушул күндөгүлөр өзгө мүнөзгө улам илгерилеп баратсак да, ошол ата-бабаларыбыздын эки гана мүнөзүн жоготпой сактап калсак, биз да эл катарына кирет элек, ал мүнөздөр жок болгон соң, алиги үйрөнгөнүбүз баары тең адамгерчиликтен алыстатып,  шайтандыкка тартып барат. Журт болуудан кетип баратканыбыздын бир чоң себеби ошол көрүнөт.

Ал эки мүнөз кайсы десең, биринчиси – ал заманда эл башы, топ башы деген кишилер болчу экен. Көчүп-конуу, доо-жаңжал болсо, бийлик ошолордо болуп, ошолор чечишчү экен. Башка карапайым журт жакшыбы-жаманбы өздөрүнүн чарбасы менен жүрө беришчү экен. Ал эл башы, топ башылары кандай айтса, кандай бүтүрсө, кайта аны сынамак, бирөөнөн-бирөөнө жүгүрмөй болбойт экен. “Кой чүкөсүн колуңа ал, колуңа жакса сака кой”, “Баш-башыңа бий койсоң, Ала-Тоого батпайсың, башчыларың бар болсо, жанган отко күйбөйсүң” деп, мал союп түлөө кылып, эки тизгин, бир чылбырды бердик сага, берген соң, кайтып бузулмак түгүл, жетпегениңди жетилтемин деп, жамандыгын жашырып, жакшы жагын ашырамын деп тырышат экен.

Аны чоң тутуп, олуя тутуп, андан соң жакшылары да көп асылышпайт экен. Баары өз боору, баары өз малы болгон соң чыны менен жетесинде жок болбосо, алардын камын жебегенде кантет? Экинчиси – намыскөй болушчу экен. Аш-той бергенде агайын ичиндеги өз ара араздашууларды унутушат экен, жанын аябайт экен. “Өзүнө ар туткан, жаттан зар тутат” деп. “Аз араздыкты кууган, көп пайдасын кетирер” деп, “Алтоо — ала болсо оозунан алдырат, төртөө түгөл болсо, төбөдөгү келет” дешип, “Жол кууган казынага жолугар, доо кууган балээге жолугар” дешип. Канакей, эми ошол эки мүнөз кайда?  Булар да арлуулуктан, намыстуулуктан, кайраттуулуктан жаралат. Булардан айрылдык. Эмикилердин достугу – пейил эмес, алдоо, душмандыгы – кейүү эмес, же  күңдөштүк, же тынч олтура албагандык.

39. ОТУЗ ТОГУЗУНЧУ СӨЗ

Урматтуулар! Сиздерден бир сурайын деп жүргөн ишим бар.  Ушу биздин казакта өлгөн киши жөнүндө жаман айтпайбыз, тирүү кишини жамандагандан тажабаганыбыз кандай? Кайраты кайткан чалдар жаштар менен тил табышат да, өздөрү курбуларынан айрылып азайып баратышса да бири-бири менен тил табыша албаганы эмнеси?  Башка элдин ичинде жүрсө бир тууганыңдай көрүп, ичиң элжиреп жакшы көрүп, элге келсе кайра качкандай кылып, батырбай жектегениң эмнең? Жат элдин жакшысын көрсө, “жарыктык” деп жалбарып, көкөлөтө мактап, өз элиндеги андан артык адам болсо да эмне үчүн тааныбай, тоотпой калышат?!

Бир жолоочу алыс жерге барган элге өз элин мактаймын деп шыбап-шыбап калп айтып, кайтып келген соң, өз элин ылдый көрүп, барып келген элди жаны-алы калбай мактаганы эмнеси? Кайсы казакты алба, баласы жаш кезинде анын башынан парвана көпөлөк сыяктуу айланып жүрүп, ал эр жеткен соң көңүлдөрү сууп калышканы эмнеси? Агайын туугандар аш-тойлордо, жамандык-жакшылыктарда бириге алышпай, бирөөнү чаап  алалык, малына тиелик, уруш салалык десе чогула калышкандарын кандай дейбиз? Байгеге ат кошоордо атыңды карашпаган агайын, атың келсе байгесин талашып таарынышкандары кандай? Илгери, бирөө бирөөнү жарыктык, баландай жашымда атым баспай калганда паландай жерге жеткизип койду эле деп өлгөнчө унутпай айтып жүрчү эле. Ушу күндө бул жылда кылганың эмдиги жылга жетпей унтулганы кандай?

Байдын баласы жакырланып калса, уурулук кылгандан арданбай, башка бир байдын кызматын кылгандан эмнеге арданат? Эки жакшы бир элге батпайт. Кээ бир ант ургурлардын ынтымак күтүп таттуу болуп алышканы эмнеден? Досум деп ат мингизип жүрсөң, ага сенин душманың алдына төө тартса көңүлү бузулганы эмнеси? Күндө жаныңда болуп, жакшылык-жамандыкты бирге бөлүшкөн досуңду баалабай, бир жолу тилин алып угуп койгон душманга өлө жаздап болушканы кандай? Көп киши досумдун иши оңолсун дебейт, эгерде оңолуп кетсе, ал досуна келишпес душман болгону эмнеси?  Кээ бир элде акыл айта турган киши табылбайт. Анан эмне иштин көзүн тааныган кишиден алыс болууга тырышышат? Кээ бир киши бирөөнүкүнө келгенде үйүндөгү малынын баарын айдай келгенсип, өз үйүнө киши барса малынын баарын талаага айдап ийгендей түр көрсөтөт? Тынчтык издеп таба албай жүргөн журт, тынчтык орносо, бир паста эригип, тажап кетишкендери эмнеси? Элди бышыктары башкарып, а бышыктардын баары кедей жашаганы кандай?

Токол катын зор болгону жарашабы да, заардуу кишинин эр болгону, кедей кишинин кер болгону жарашабы? Напсисин тыйып, токтоо жүргөн киши жаманатты болуп, напсисин тыя албаган, мактап койсо эриген, жөн жүрбөй бир балээнин ичинен чыгып жүргөн адамдын мыкты аталганы эмнеси? Казактын чын сөзгө ишенбей, кулак да салбай, укканга колу да тийбей, балээлүү сөзгө, калпка сүтөй уюп, шорпосу суудай агып жатса да, аны аябай тыңшап укмайынча кетпей турганы кандай?

40. КЫРКЫНЧЫ СӨЗ

Казакка акыл айтып, аны оңдоп-түзөйм деп кам жеген адамга эки түрлүү нерсе керек. Биринчиден – колунда чоң бийлиги бар, өкмөттүн кишиси болуш керек. Чоңдорун коркутуп, жаш балдарын каршы болгондоруна карабай тартып алып, медреселерге берип, бирин ал жолго, бирин бул жолго салып, дүнүйөдө эсепсиз билим жолдору бар, ошол ар бир жолдо бир медресе бар, ошолорго киргизип, бирин сен бул жолду үйрөн, сен тигил жолду үйрөн деп жолго салып, мындагы элге чыгымын төлөтүп салса, кыздарды эң болбосо мусулман илимдерине жиберип, жакшы дин тааныгандай кылып үйрөтсө, ошондо бул жаштар өсүп-жетилип, аталары картайып кептен-сөздөн калганда оңолуп кетер эле. Экинчиси – ал адам ашкан бай болуш керек. Аталарын паралап, балдарын алып, жанагы айткандай жолго салып, тарбия-таалим берсе ошондо оңолмок. Эми мындай элди аябай коркутуп көндүрө турган күч-кубат эч кимде жок. Ал эми казактын баарын паралап, көндүрө алар дөөлөт бир кишиге бүтүшү мүмкүн эмес. Казакты коркутпай, же паралабай акыл менен канчалык айткан менен бир нерсеге көндүрүү мүмкүн эмес. Этинен өткөн, сөөгүнө жеткен, атадан мурас алган, эненин сүтү менен бүткөн наадандык алда качан адамгерчиликтен кетирген. Өздөрүнүн ылжыңы, кылжыңы, гүүлдөгү, дүрүлдөгү барбы – ошондон башка дүнүйөдө эч бир кызыктуу нерсе жоктой, бөлөк нерсени ойлоп да койбойт, ойлосо да терең ойлонбойт, сөз айтсаң аягына чейин укпайт, көңүлү ордунда болбой, көздөрү алаңдап турат. Эми эмне кылабыз, кайда барабыз!

42. КЫРК БИРИНЧИ  СӨЗ

Казактын жаманчылыкка үйүр боло бере турганынын бир себеби – жумушунун жоктугу. Эгерде эгин эксе, же соода кылса, колу тиер беле? Ал айылдан бул айылга бирөөнүн жылкысын сурап минип, тамак аңдып, куулук-шумдук менен адамды алдап, же азгыруучулардын кеңешине кирүү үчүн, пайдасыз, жумушсуз бекер каңгырап жүргөнгө маш. Адал эмгекке көнүп алган киши ошентип жүргөндү иттей кордук көрбөйбү? Анан ушу киши, өз кесибин таштап, селсаяк болуп жүргөнүн таштайбы? Малдуулар малын өңчөй малчыларга, бала-бакырага тапшырып, колдогу Кудай берген аздыр-көптүр дөөлөт аз көрүнүп, анысы ууру-бөрүгө жем болуп, жутка калып кырылат. «Шыбыр-шубур» кеңештен калып, бир айылдан бир айылга барып куулук, шумдуқ жасап жүрүп, бекер тамак жеп, ыржалаңдап жүргөндү азайтканга эрки жетпейт. Эмне үчүн десең, өзүнүн болгон адаты ошол болгондон кийин, ал чарбага бышык, мал багууга, мал табууга шыктуу өнөрлүү кишиге кошулбайт, же өзү бир балээ чыгарууга кыйын, же ошондойлордун сөзүн «эстегеним, билгеним» деп элге жайып жүрүп, ырсалаңдагандарга кошулуп алып, кыйын өнөрлүүлөргө кошулгандай түр көрсөтөт. Ошон үчүн ушу казактын ишке жараймын дегени, өзүнүн аздыр-көптүр малын бирөөгө кошуп жиберип “карай жүр, көздөп кой” деп башын бошотуп алып, сөз аңдып, аш аңдып эл көзүнө түшөт.

Бул күндө байлык да мактаныч эмес, акыл, абырой да мактаныч эмес, арыз жаза билүү, алдай билүү – бааланат. Бул эки нерсе колунан келген киши салт аттуу, сабоо камчылуу кедей болсо да, аз да болсо орду төрдө, семиз атка, семиз этке колу жетет. Мактанчаак, жел өпкө байларды: “Сиз айтсаңыз, отко түшүүгө даярмын” деп, алдап-соолап дердеңдетип алып, чарбачылык кылып убара тартпай, малын бакпай жүрүп эле, ошолордон алып кийинип, ошолордун даяр атын минип, сый-урматтын үстүндө жүрө берет. Ал бай өз жанынын тынчтыгын да билбейт, жөндөн-жөн чыгым болуп жатканы менен да иши жок.

Бир киши менен сүйлөшө турган болсо, муну кантебиз деп баягы ант ургур менен акылдашат. Ал уйдан чыккан жорго шекилдүү, картайганда жалгыз өзүм болсом экен деген ниет менен, жана акылдашар досу көбөйсө , кадырым кетип калат деп: “Ой, Теңир-ай, ошону да билбей жатасызбы? Ал андай эмеспи, бул мындай эмеспи, аны мындай кылып койсоң болбойбу!” деп бир оңбогон жоопту үйрөтүп, амал кылгандын жолун үйрөтөм деп, ал байды кишиге ишенбес кылат. Байдын өзүнө да ишенич кетет. Байдын жообу, кылганы, мүнөзү бузулган соң, баягы киши да бузулса, алиги ант ургур байга: “Мен айтпадым беле, ал кууланып жатат дебедим беле, мына көрдүңбү?” деп экинчи баш көтөргүс кылып алат. Эмики элдин акылы да, тилеги да, аракети да ушул.

  1. КЫРК ЭКИНЧИ СӨЗ

Адам уулу эки нерсе менен адам: бири – денеси, бири – жаны. Ал эки нерсенин ортолорунда болгон нерселердин кайсынысы туулгандагы кошо жаралган жөндөмү, кайсынысы тарбия, эмгектин аркасында калыптанды, ажырата билиш керек.

Ичсем, жесем дегендин баарысы – туулганда кошо жаралган нерселер, уйку, азбы, көппү билсем экен, көрсөм экен деген арзуу кыял да ошого кошулат. Акыл, билим – булар эмгек менен келет. Көз менен көрүп, кулак менен угуп, кол менен кармап, мурун менен жыттап тыштагы дүнүйөдөн кабар алат. Ал кабардын жагымдуусу жагымдуу боюнча, жагымсызы жагымсыз боюнча ар кимиси өз элеси менен, баягы беш сезимден өтүп, ирети менен жайгаштырылган соң, эске сакталат. Жакшы нерседен жанга жагымдуу таасир алып, жаман нерседен жийиркенүү – бул адамдын табыгий мүнөзү, жөндөмү. Адегенде бул жөндөм аябай чабал болот. Аны ойлоп баккан адам аны кеңейтип, чоңойтуп, өстүрөт. Ал жөнүндө кам көрбөсө, ал жөндөмдүн кайсынысы болсо да жоголот, таптакыр жоголбосо да, бир аз эле бир нерсе калганы болбосо, чоң эч нерсеге жарабайт. Кимде-ким сырттан угуп-билүү, көрүп-билүү сыяктуу нерселерди көбөйтүп алса, ал – жыйган-тергени көп бай адам: орундуусун, орунсузун териштирип – баарын баягы жыйган нерселеринен эсепке алып, тескеп турат. Мындай кылып, бул аракетке түшүнгөн кишини акылдуу дейбиз.

“Кудай Таала өзү акыл бербесе кантмек элем?” дегени, “Кудай Таала сени менен мени бирдей жаратыптырбы?” дегени – Кудай Таалага шылтап, өзүн актаган кербези. Бул мээси иштебеген, өнөрсүз адамдын иши. Ага Кудай Таала көрбө, укпа, укканыңды, көргөнүңдү унут дептирби? Оюн-күлкү менен ичип-жегени менен, мактаныч менен алек болуп, ичиңдеги казынаңды жоготуп алып айбан бол деген жок да. Кээ бирлер айтат: “Акыл балким акырындап келе турган нерседир, бирок изденүү табыгий жөндөм, изденген адам акылга жетет. Жөндөмсүздөр акылсыз бойдон кала беришет.” Бул бекер сөз. Жөндөм балада да бар, аны талашып болбойт. Жана айттык ко, бул жөндөм башында чабал болот, ага камкордук кылып багып-өстүрбөсө жок болуп кетет, аны бөпөлөп, кастарлап турса чоң нерсеге айланат.

Адам өнөрүнө ыкласын коюп, жакшы маанай менен иштесе, күндөн күнгө чеберчилиги өсүүнүн үстүндө болот. Көпкө чейин таштап койсоң, көнүп алган өнөрүңдү жоготуп, өзүңдүн башка адамга айланганыңды байкабай каласың. Кайсы жоголгон өнөр, мен жоголдум деп кабар айтып туруп жоголот? Аны кайтарып алам десең, баштагыдан да кыйла көп аракет жасашың керек. Жан дүйнөңдүн жөндөмү дей турган жөндөм – ушунчалык көп кырдуу нерсе, анын баарын жазууга убакыт да жетпейт. Жан дүйнөнүн күчү ар бир өнөрдүн тыштан таап ишке салганын коё бербей, тамырын көпкө чейин кармап турганга жарайт эле. Бирок, көпкө чейин карабай койгон адамдан, баягы өнөрдүн эң кызыктуу, кымбаттуу жерлери жоголо баштайт. Көп убакыттын өтүшү менен, ошол өнөрдү сактай турган жөндөмдүн өзү да жоголот. Андан кийин аны кайра таба албайсың. Жан дүйнөнүн күчү өзгөчө кастарлап сактай турган үч касиетке ээ, эгерде аларды жоготуп алса адам айбанга айланат. Биринчисин орусча “подвижной элемент»— деп атайт. Ал эмне деген нерсе? Эмне көрдүң, эмне уктуң, эмнени билдиң, ошону тездик менен кабыл алып, кабыл алып эле тим болбой, алды-арты байкап, кайдан чыгып, кайда баратат, ошого акыл калчаганга түрткөн касиет.

Эгерде бул нерсе болбосо, көп билүүгө, көп окуганың оңдуу пайда бербейт. Керектүү убакта ойлонбой, керектүү убактыда кылбай, керектүү убактыда айтпай, дайыма кечигип калып: “Ай, аттиң-ай! Мындай кылсам болмок экен, тигинтип койсом болмок экен” деп, өмүр бою арман кылып жүрүп өтөт. Экинчисин орусча “сила притягательная однородного” – дейт. Ал – бир нерсени угуп, көрүп билгенден кийин, окшого окшогон нерселер менен салыштыра баштайсың. Бардыгы окшош бекен? Же кээ бир жерлери гана окшошобу? Ар кандай иштердин окшошкон жерлерин байкап, билгенин текшерип, билбегенин сурап, окуп, башка нерселерден кабар алып билмейинче тынчытпаган касиет ушул. Үчүнчүсүн, орусча «впечатлительность сердца»— дейт, эгерде жүрөктү көйрөңдүктөн, ач көздүктөн, жеңил ойлуулуктан, шалаакылыктан – ушул төрт нерседен кирдетпей таза сактаса, ошондо сырттан ичке барган ар нерсенин элеси жүрөктүн айланасында тунук күзгүдөн чагылышкандай таза болот. Андай нерсе тула боюңа жайылып, көпкө чейин эсиңден чыкпайт.

Эгерде баягы төрт нерсе менен жүрөктү кирдетип алсаң, жүрөктүн айланасы бузулат, же кыйшык, же күңүрт болуп чагылышат. Ар кандай шарттарда жүрөгүңдүн тазалыгын сактай алсаң анын атын дөөлөт дейт. Анын да бир топ кесел, кесепеттерин билбесең, сактай албайсың. Ушундай жөндөм менен жыйган нерсенин атын акыл, билим дейт эмеспи. Мунун да кесел-кесепеттери көп. Аларды билбесең, аны сактап, бакпасаң – андан айрыласың. Жана да ар бир жакшы нерсенин өлчөмү, чеги бар, андан ашса – жарабайт. Чегин билген – бул эң керектүү чоң иш. Ойлонгон жакшы дечи, бирок да ишке баш-оту менен кирип кеткен киши, оюн токтото албай, кыялына жетелетип кетмейи да бар.

Ичип-жемей, кийинүү, көңүл ачуу, сүйүү, мал жыйноо, мансап издөө, айлакер болуу, алданбоо – бул нерселердин да чеги бар. Чегинен ашса, богу чыгат. “Эмнени кызыгып көп издесең, ошонун күйүтүн бир тартаарсың” деген илгерки акылмандар. Айтылбай көмүскөдө калбасын, ал мен айткан үч жөндөмдүн ичинде экөөсү, «сила притягательная однородного» менен «подвижной элемент»— бул экөө кошулуп кете турган нерсе, бүткүл пайда да булардан чыгат, бүткүл зыян да ушулардан чыгат. Мансапты жакшы көрүү, көйрөңдүк, тез ачуулануу, калпычылык, ушуга окшогон ар бир терс кыялдардан тартып, кумарга батырып, акылдан адаштырып жибере турган нерселердин бардыгы ушул экөөнөн болот.

Бул нерселердин жакшы нерселерин өсүп-өнүгүүгө багыттап, жаман нерселерин жогоруда айтылган адамдын жаман сапаттарынан алыс кылып, адам катарынан чыгарып, кумарпоздукка алып бара турган жолдон эрте тыйып алып калуу керек. Пайда менен зыянды айырып тааный турган жөндөмдүн атын акыл деп айтышат эмеспи. Бирок жаман жолдон жалгыз акыл жөндөмү менен токтотуп болбойт. Ал нерселерден акыл, кайрат – эки мыкты жөндөм кошулуп токтотот. Ал экөө кимде бар болсо, байгеге алган мыкты жорго атка тең. Эгерде эки жөндөмдүн экөө тең аз болсо, же бири жок болсо, баягы эки жөндөмдөрдүн – бири башы катуу жүгөнсүз азоо ат сыяктуу, ташка урабы, тоого урабы, сууга урабы, жарга урабы – Кудай өзү сактасын, айтор аңды-дөңдү карабай алып, учуп жөнөп берет. Сенде эрк да жок.  Эки этегиң жайылып, эки көзүң асманда… өлгөнчө маскара болосуң.

43. КЫРК ҮЧҮНЧҮ СӨЗ

Адам баласынын эң жаманы – изденбеген адам. Изденгендер да бир нече түрдүү болот. Изденүүнүн өзү да ар-түркүн. Ошол изденүүлөрдүн кайсынысынын артынан түшсө да туура. Кызыгы, адам баласы таланты барбы же жокпу, айтор, “баракелде” деп мактап турганды жакшы көрүшөт. Мактоого татыктуубу, татыксызбы баары бир, мактаса экен деп турушат. Адам баласы өзү кайсы жолдо, кайсы майданда жүрбөсүн, бирге жүргөн кишилер менен сырдаш болушат. Ошондуктан тааныбаган адамдардан “баракелдени” өтө деле күтпөйт. Мага “баракелдени” ушу өзүм менен шериктеш, сырлаш бирге жүргөн адамдардан беришпесе, башка ким бермек эле деп күтүшөт.

Адам баласы көбүн эсе кадыр-барк издейт. Бирөө мал жыйнайт. Сараңдык мененби, арамдык мененби, айтор мал тапсам, “Мал тапкан эрдин жазыгы жок”, “малдуунун жүзү жарык” деген макалдарга ишенип, адамдардын абалына карайт, ит да болсо малдуунун айткан-кылганы туура, «Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” дейт. Мунусу чын, казактардын кул-мүнөзүнө карасаң ал туура көрүнгөнсүйт, бирок адамгерчиликке, акылга салып караганда, көңүл жийиркене турган иш. Бир ыгы келсе малын сатып, же тартуу кылып, бири ажыке болсом, бири баатыр деп аталсам, бири баарын билген билерман, куу, шум болсом деген аракет менен жүрүшөт. Мунусу казактын тамырын тартып карап, “мына бул нерсени алып келсем, кымбат болот окшойт, бул күндө бул ишти кылсам баа болот экен” деп, казактын жүзүнөн окуганды билбесең, китептен окуганың жарабайт, эгерде китептен окуп үйрөнүүгө туура келсе, анда адегенде көкүрөк таза болушу керек дейт. Эгерде казактын жүзүнөн эле окуй берем десең окуй бер, көкүрөгүңдү тазалайм деп убара болбо, аныңды ким көрүп жатыптыр, ичиңде катмар көп болбосо, кут-береке конбойт дешет. Эми ушуларга карап туруп кайдан окуп, кимден үйрөнөөрүңдү кантип билесиң.

  1. КЫРК ТӨРТҮНЧҮ СӨЗ

Кудай Тааланын бар экенинин чоң далили – нечен миң жылдардан бери ар ким ар кандай тилде сүйлөсө да, бардыгы Кудай бар деп келишкени, нечен миң түрлүү диндин бардыгы Кудайдын адилеттүүлүгүн, калыстыгын, боорукердүүлүгүн, кечиримдүү экенин айтышкандары.  Биз жаратуучу эмес, жаралган нерселердин көлөкөсүнө карай биле турган пенделербиз. Биз – адилеттик менен махабатка кызмат кылабыз. Ошол Алланын кудуретин бири-бирибизден көбүрөк, тагыраак сезгенибиз менен айырмаланабыз. Ынандым, ишендим деген сөз ынандыра алам, ишендире алам деген эмес. Адамгерчиликтин алды – махабат, адилет сезимдери. Булардын кереги тийбес жери жок, киришпей турган да жери жок. Ал жараткан теңирдин иши. Айгыр бээге ашса да махабат бар. Бул адилет, махабат сезим кимде көбүрөк болсо, ал киши – окумуштуу, ал киши – акылман. Биз оюбуздан илим чыгара албайбыз, жаралып, жасалып койгон нерселерди гана көз менен көрүп, акыл менен сезип билебиз.

Казакчадан которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.