ЖЫЛДЫЗ
Жүрөктөгү сырларды айтып анан,
Жаанда турдук ал күнү тамчылаган.
Жарык чачкан бир жылдыз жок болсо да,
Жылдыз турду жанымда жаркыраган.

Жылдыз турду жанымда, жылдыз турду,
Көңүлүмдү башкага бургус кылды.
Жымыңдаган көздөрүн жумшак ирмеп,
Жылдыз аттуу жанымда бир кыз турду.

Назик үндөр акырын шыбырашкан,
Ысык сөздөр жүрөктү тыбыраткан,
Ак куу сымал ийилген моюнуңдан,
Жамгыр менен бир өптүм жылып аккан.

Жамгар жазбай жаай берди калыбынан,
өзүбүзчө алоолоп жанып улам.
Ошол суукту тоготпой ысып турдук,
Оттой ысык сүйүүнүн жалынынан.

Бир убакта суроо бар менде дедим,
Көктө болсо мекениң, жердегениң.
Бийиктикте менсинип жүрө бербей,
А сен эмне кызыктың жерге дедим…

Жылдыз айтты: “Эми сен менден билгин,
Махабатты мен дагы сезгендирмин.
Бийиктиктен теңимди таба албай,
Балким, жерге сени издеп келгендирмин”.

Деп жылдызым маңдайда турса жанып,
Магдыратты нурлары курчап алып.
Эң алгачкы тун сүйүүм көктөн келип
Эрип турду жүрөгүм куйкаланып.

Сыр чечиштик бал-ширин кептер менен,
Батпай турдум ошондо эч жерге мен.
Ойлор учат жылдызга, ойлор учат,
Түбөлүккө бир жанып кетсем деген!

ЭНЕ ЖҮРӨГҮ
Оо энеке, бакыт жаайт жамалыңда,
Ойго баттың, доорумда, заманымда.
Неге анда асманды карап жүрөм,
Бейиш болсо өзүңдүн таманыңда.

Ооба бейиш, мээрим бар катылбаган,
Ооба бейиш, бакыт бар жашырбаган.
Тирүүчүлүк өкүмүн сүрөт анан,
Наадандардын максатын батырбаган.

Кадамынан күнүгө тапкан ардак,
Кимдер сенин ролуңду аткара алмак.
Тагдырымдан запкы жеп кулап жатсам,
Жүрөгүңдү берээрсиң башка жаздап.

Балалык доор, өмүр да өтүп жатат,
Бир бурчунан бир бурчка көчүп жатат.
Сенделгенде карайлап жарык таппай,
Сенин гана үмүтүң эшикти ачат.

Бир окуя жүрөктү келет өйүп,
Бар бактысы чайпалып, кеме чөгүп.
Жээкке сүрүп бу турмуш таштады эле,
Жан досумдун жаш эле энеси өлүп.

Оңой менен кайгыны тоготпогон,
Майышса да кайратын жоготпогон.
Өмүрүндө ыйлабас ошол досум,
Энекелеп, жер муштап шолоктогон.

Карегиме кан толуп көлкүлдөгөн,
Калдым досум тагдырдын өртүндө мен.
Энекең бар, сезилбес азыр сага,
Дүйнөдө жок бактылуу сенсиң деген.

Достун сөзү чынында тереңде экен,
Кайдан билдим, кайгыга эленбесем.
Бар дүйнөмдү ичинен багып жүргөн,
Бакытымдын башаты энемде экен.

Байкоо салсам өзүмдү терең карап,
Мен чырпыкмын, балпайган энем дарак.
Октоп келсе мылтыгын ажал бир күн,
Ойлонбостон мен үчүн энем барат.

Жолдор татаал өмүрдө эне баскан,
Көөдөндөгү көзүмдү энем ачкан.
Кара түнгө айланып энем жокто,
Каралбаган үйдөймүн желе баскан.

Ашууларга көз жетпейт энем ашкан,
Санааларга сөз жетпейт эне баткан.
Энелерди окшотом зор кемеге,
Түйшүктөрдү көтөрүп келе жаткан.

Тартиби жок уулдарын кошо жандап,
Эне жүрөт чечилбес түйүндө да.
Таяк менен үмүттү кошо кармап,
Эне жашайт карылар үйүндө да…

Жакшы ойлор заматта тебеленип,
Колум барбайт кээ кезде жазарга да.
Оокат сатып, турмушту тегеренип,
Эне жүрөт күнүмдүк базарда да…

Кол жетпеген сыйда да эне жүрөт,
Шор кетпеген ыйда да эне жүрөт.
Тирүүлүктү айланып күн сыяктуу,
Тириликти жылыткан эне жүрөк.

Тереңинде күн жаткан эне жүрөк,
Сезимине гүл баккан эне жүрөк.
Ата-журтка мээримин төшөп коюп,
Таш жолунда өмүрдүн эне жүрөт.

Көлөкөңдөй өлгүчө коштогон ким,
Көңдөй уулун жаманга кошпогон ким.
Бейишиңден айрыган тозок ошол,
Энелердин жүрөгү токтогон күн…

Эч ким сыздап энесин жоктобосун,
Энелердин жүрөгү токтобосун!

БАЛАЛЫККА
Байкабастан жылдардын аралыгын,
Аңдабастан өткөн күн тазалыгын.
Артта калган өмүрүм жомок болуп,
Өткөн экен эх, аттиң балалыгым.

Чиркин анда асманым көпкөк эле,
Баары таза, айланам көктөм эле.
Балдар уруп тыйылбай ыйлап келсем,
Басып койчу апамдын өпкөнү эле.

Азыр эми аруулук тоону ашалбайт,
Туман баскан мезгилден шоола тандайт.
Балдар урбай мени азыр турмуш уруп,
Ыйлап турсам апам да соорото албайт.

Тыбырчылайт көп ойлор күйүттөгү,
Кайда таштайм кусаны үйүп деги.
Балалыкты алыстан карап турсам,
Кулагандай бир бакыт бийиктеги.

Кусалыктар коштолуп кош обонго,
Күйүп кетем ишеним мокогондо.
Чыйпылдаган чымчыктай балалыгым,
Турам бүгүн сагаалап босогоңдо.

Баёолукту азыр да издештирдим,
Караан үзүп кеткенин билбептирмин.
Ыпыластык дүйнөгө эбак келип.
Жан дүйнөмдү чаң басып кирдептирмин.

Калптан бүткөн жол издеп канча жерде,
Көр турмуштун азабын тартам эмне.
Жасалмалуу жашоодо жашаганча,
Балалыктын чаңында калсам эмне!

СЕНИН КӨЗҮҢ
Алоолонсо бирде сүйүү өртүндөй,
Бирде көзүң көлдүн кечки көркүндөй,
Алдыдагы далай кыял, тилекти,
Сенин көзүң сактап калат өлтүрбөй…

Караганда канат байлап үмүттөр,
Сенин көзүң сезимдеги мүнүшкөр…

Көздүн сырын болбойт эркем жашыруу,
Мендик сезим караганга акылуу.
Билем, сезем айтпасаң да баардыгын,
Көздөрүңдө далай тагдыр катылуу…

Бир көрүшүп кайрылбастай узаган,
Кээде көзүң кайгылуу да суз анан.
Айланчыктап көк асманда бүркүттөй,
Анда дагы көздөрүңө тушалам..

Ушул турмуш ойго койбойт, түтөгүр,
Көз жаш менен агып барат бүт өмүр!

*             *                 *
Ишенгим келген да жок, көргөнүм анык деп мен,
Бейкапар бара жаткам досума салып кептен.
Келатты маңдайымда… дүркүрөйт бүткүл денем,
Кыз эмес кемпир көрдүм муңайып карып кеткен…

Заматта алай-дүлөй, көзүмдөн жаш кылгырып,
Тушалып буттарым да араңдан бастым жылып.
Тагдыры ашыгымдын талкалап кетти кайра,
Тынч жаткан ааламымды заматта ташкын кылып.

Соолуган гүлдөй болуп калдың го эсте бекем,
Булактай күндөрүңө кайрадан кетсең экен.
Бир кезде өзүң мага ыйгарган убакыттар,
Пайдаңа аянычтуу тагдырды чечкен экен…

Бараттың баскан сайын денеңден кулатып муң,
Акыры билдим мен да чечпесин убакыттын..

ҮМҮТ ЖАНА КЫЯЛ
Эңгиреген боштукту туяр менен,
Эбак эле үмүттү тыяр белем…
Жалган дүйнө жарыгын токтоткуча,
Жашайт тура адамдар кыял менен.

Кыял деген ушунча күлүк белем,
Кылым доорун заматта сүрүп келем.
Жетеги жок өмүрүн көп учурда
Жеңет тура адамдар үмүт менен.

Күн табына жанымды кумарлантып,
Күндөрүмдү үмүткө куралдантып.
Кыска жолдон максатка жетүүчүдөй,
Кыялдардын күүсүндө турам балкып.

МАХАБАТЫМ
Махабатым күндөй уяң, аскаларга жашынган,
Сен үлбүрөк жоогазындай жумшак жазда ачылган.
Үн сөзү жок аяр гана карап туруу жетиштүү
Жаратылыш жан сырыңды келбетиңе жашырган.

Сен көрктөгөн ушул дүйнө мага кымбат, мага шаң,
Жан дүйнөнү толкутасың май айында булбулдай,
А мен билбейм, качан, кайда, эмне болуп баратам,
Бир кыялдар ээрчип жүрөт сени ээрчиген курбуңдай.

Сен өмүрсүң көңүлдөгү жаңы гана башталган,
Жаш өлбөсөк даамын татып, убайын да көрөрбүз,
Мен жамгырдын сыныгымын кулап түшкөн асмандан.
Жерде көктөп, бүчүр байлап, кайра бийик өнөрбүз.

ЧОҢ ЭНЕМ ЖАНА БАЛАЛЫК
Не деген муза балалык доордун көркү эле,
Жашоого мен да, жашоо да мага эрке эле,
Алдымда жалаң жакшылар тосуп турчудай,
Чоң сезим менен чоңойгум келчү эрте эле.

Оо чиркин анда оюнда болчу делебем,
Күч-кубат алып табият менен энемен.
Эч кимге бербей балалык аруу бакытты,
Оюнчук кылып ойногон бала мен элем.

Бала да болсом кыялым менен чоң элем,
Күн нуру окшоп кызарып турган чок элем,
Таң болуп атып, ай болуп батып дүйнөмө
Ээрчишип жүрөр эрмегим эле чоң энем.

Асманым ачык, табият дагы башка эле,
Жүрөгүм баёо, жүздөгөн бакыт башта эле.
Жалынып кечке жарыгын чачкан дүйнөмө,
Ал кезде энем болжолу 80 жашта эле.

Талашпай турмуш бакытты ошол мендеги,
Күзгүдөй жашоо булганбай турчу  жердеги.
Энемдин кечке укканы «Кыргыз радио»,
Дастандар жана ыр күүлөр болчу эрмеги.

Өзүмдү өзүм тутантып турган өрт элем,
Табият сырын көөдөнүм менен көрчү элем.
Толкундап анан колума жайып китепти,
Том-томдоп күндө энеме окуп берчү элем.

«Саманчы жолу», «Каныбек», «Кычан», «Жамила»,
Окуган сайын кошулуп тамыр, каныма.
Толкутуп турчу томуктай ошол жүрөктү —
Токтогул, Калык, Осмонкул келип жаныма.

Жел болуп учуп «Жеңижок»,»Барпы»  айдыңда,
Кедейге күйүп, азабын жедим байдын да.
Жүрөктү шилтеп Төкөмдүн «Сынган кылычы»
Зор эргүүм болду Алыкул менен Байдылда.

Чоң энем мага бакытты сунчу эселеп,
Ал кезде чындап ырысым болчу өтө көп.
Мээнетим алып, сумкемди кармап колуна
Мектепке чейин баруучу мени жетелеп.

Өзгөрбөй күндө өкүмүн сүрчү бейпилдик,
Алдымда турчу көз жеткис таза мейкиндик.
Короосун жаппай кошуна, тууган дегендер,
Кол бутта эмес жүрөктө болчу эркиндик.

Баардыгы ачык, адам жок болчу бекинген,
Көркөмдүү дүйнө көз жарып турчу эсимден,
Айылдын ошол апакай чаңын оронуп,
Айланар элем балалык оттуу  кечимден.

Өмүрү бүтүп энем да өттү өмүрдөн,
Өзгөчө дүйнөм өрттөнүп күйдү  көңүлдөн.
Чоң энем менен баёолук тамыр бир эле,
Балалык өчтү көз жашым менен төгүлгөн.

Көрүнбөйт азыр көңүлгө жакын аралык,
Буулугуп жаным турмуштан түтөйм камалып,
Сагыныч менен санаага барат айланып,
Алыста калган чоң энем жана балалык…

Бал күндөр эле, шар күндөр эле баарысы,
Батакөй эле, нускалуу эле карысы,
Оорунун баарын ордунан эле жок кылган,
Балалык тура бактылуу күндүн дарысы!

★               ★                ★
Чоңоюп көрдүм, тегерек четим бурганак,
Жашытып улам жан дүйнөм баттан булганат.
Жазга окшош бирок көркү жок дүйнө гүл ачып,
Жасалма жашоо жанымды койбойт жулмалап…

Көрүнбөйт азыр көңүлгө жакын аралык,
Алыста калды чоң энем менен балалык.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.