Мирзакарим Норбековдун “Жиндинин тажырыйбасы же акылга жетүүнүн ачкычы” аттуу китебинен алынган икая…

Илгери бир император ооруп калган экен. Жан-жөкөрлөрүнүн куттары учуп коркуп кеткени болду, сүйүнгөнү болду. Оору аны төшөктөн тургус кылып жыкты. Күндөн күн, айдан ай өтүп, эмне айла кылышса да анын абалы жакшырбай, төмөндөгөндүн үстүндө болду. Канчалаган элдерди жеңип, дүйнөнүн жарымын тизелетсе да, оорунун алдында ал алсыз эле.

Бир жолу анын айласы түгөнүп, ачууланып бакырды: “Мени айыктыра албаган дарыгерлердин баарынын башын кесип, шаар дубалынын кырына илгиле!”

Убакыт өтүп жатты. Шаар дубалындагы куураган баш сөөктөрдүн катары узаргандан узарып олтуруп бир нече чакырымга жетти. Бир күнү император баш вазирин чакырды:

– Вазир, кана сенин дарыгерлериң?

– Оо, менин өкүмдарым! Алар калган жок, Сиз өзүңүз баштарын кес деп буйрук бербедиңиз беле.

– Бирөө да калбадыбы?

– Ооба. Өкүмдарым, өлкө боюнча сиздин көз карашыңызга татыктуу бир да дарыгер калбады.

–  Аларга так ошо керек болчу…

Кайрадан узакка созулган азаптуу күндөр өтүп жатты. Бир күнү император вазирин кайра чакыртып, ага мындай суроо узатты:

– Вазирь, эсиңдеби, сен баягүнү менин көз карашыма татыктуу дарыгер калбады дедиң эле. Түшүндүрчү, ал эмне дегениң?

– Өкүмдарым, биздин өлкөбүздө жапжалгыз дарыгер калды. Ал жакын эле жерде жашайт.

– Ал дарылай алабы?

– Ооба, ал күчтүү дарыгер, бирок ал ушунчалык тартип көрбөгөн, тарбиясыз бок ооз неме дейсиз, оозун ачса эле балит сөздөр төгүлүп турат. Ал жакында мен императорду кантип айыктырышты билем деп мактаныптыр.

– Аны мага эмне үчүн алып келген жоксуң?

– Эгерде аны алып келсем, анын кылыгы үчүн менин башымды алууга буйрасыз.

– Мен сага убада берем, андай кылбайм. Аны тезирээк алдыр!

Бир нече убакыттан кийин вазир дарыгерди алып келди.

– Менин дартымды сени гана дарылайт деп айтышты, ошол чынбы?

Тигил тултуюп жооп берген жок.

– Эмнеге унчукпайсың, жооп бер! — деп буюрду император.

— Өкүмдарым, мен ага оозун ачканга тыюу салдым, – деди вазир.

– Сүйлө, мен уруксат бердим! Сен мени айыктырганга жөндөмүң жетеби?

– Аны менен сенин ишиң болбосун! Менин мамлекеттик иштерге жөндөмдүүлүгүм жөнүндө талашсаң болот, анткени сен падышасың. А эмне үчүн былжырап, өзүң түшүнбөгөн ишке аралашасың? Деги сен медицинада эмнени түшүнөсүң? Сен өзүңдүн ишиңде улуу адам болгонуң менен медицинада өтүкчүдөн айырмаң жок.

– Желдеттер! – деп бакырды бети-башынан бери кызарып-татарып чыккан император. – Башын алгыла!.. Жок… Адегенде казыкка олтургузуп, андан кийин үсүнө кайнак май куйгула, андан кийин кескилеп, майдалап салгыла.

Ал өмүрүндө императордун өзүнө каяша айтмак тургай, хансарайда мындай этикеттен чыккан сөздү айткан кишини көрө элек болучу! Желдеттер дарыгердин колун толгоп, эшикти көздөй сүйрөп жөнөштү, а ал башын буруп мыйыгынан күлүп мындай деди:

–Эй! Мен сенин акыркы үмүтүңмүн! Мени өлтүрсөң өлтүрүп сал, бирок сени дарылаганга менден башка эч ким калган жок. Мен сени бүгүн эле бутуңа тургузмакмын.

Императордун ачуусу тарай түштү:

–Вазир, аны коё бердир!

Дарыгерди бошотуп кайра алып келишти.

– Кана эмесе, башта ишиңди. Сен бүгүн айыктырам дедиңби. Көрөлү.

–Адегенде менин үч шартым бар, ошого макул болсоң гана баштайм.

Кайрадан ачуусу козголуп, тиштери кычыраган император, өзүн араң токтотуп бурк этти:

–Айт!

– Хансарайдын эшиги алдына өлкөдөгү эң күлүк атка  алтын салынган куржунду артып, байлап койгула деп буйур…

– Эмне үчүн?

– Ал мага берген тартууң, мен белек алганды жакшы көрөм.

– Эгерде сен мени айыктырсаң, бир үйүр жылкыга алтын артырып берем.

– Аны кийин бересиң… артыман жибересиң. Экинчи шартым, мен сени дарылап жатканда хансарайда бир да адам болбосун.

– Ал эмне үчүн?

– Дарылап жаткан убакта сен кыйкырасың, алсыз абалыңды башкалар көрбөсүн.

–Жакшы болот, дагы эмне?

– Үчүнчүсү, жан-жөкөрлөрүң өлтүрөм десең дагы, бир саатка чейин сенин чакырганыңа келишпесин. Буйругуңду бир саат өткөндөн кийин гана угушсун.

– Түшүндүр!

– Алар мага жолтоо болуп, дарылоом аягына чыкпай калышы мүмкүн.

Импертор дарыгер койгон шарттарды кабыл алып, хансарайдагы жан-жөкөрлөрүн сыртка кетүүгө буйурду. Алар экөө эле калышты.

–Башта!

– Эмнени баштайын, карган эшек? Мени дарылай алат деп сага ким айтты? Сен менин тузагыма түштүң. Менин бир саат убактым бар. Сага окшогон кан ичер акмакты бир жазалап алсам деп көп жылдардан бери самап жүрчү элем! Менин үч тилегим бар. Биринчиси – сендей императордун бетине түкүрүү! – Дарыгер оозуна какырыкты толтуруп алды да, тигинин бетине шалп эткизе түкүрүп жиберди. Мындайды күтпөгөндүктөн жана айласыздыктан улам императордун өңү кубара түштү. Ал мындай болуп көрбөгөн адепсиз жоруктан сактанууга аракет кылып, башын ала качып жатты.

– Ой, энеңди… чириген дөңгөч, сасыган карган теке, дагы кыймылдап коёт? Тфу мына сага, жанагы аз болуп жатса! Мына экинчи тилегим… О-о-о! Сенин башыңдан ылдый сийсем дегенде эки көзүм төрт эле. – Ал экинчи каалоосун ишке ашыра баштады.

– Сакчылар! Желдеттер! Келгиле! – деп бакырды император, бирок сийдикке чакап калды. Ал шарылдаган сийдиктен башын ала качып, ийиндерин көтөрүп, тигинин бутунан тиштөөгө аракетенип жатты.

Сакчылар өкүмдардын кыйкырыгын уккан менен анын буйругун бузууга батына алышкан жок.

– Өлө турган өгүздөй болгон айбан! – деп капталдан ары керилип туруп бир тепти дарыгер.

Капталына сокку жеген императордун эти ооруду сыздап. Ал жаткан жерге жакын жерде илинип турчу курал-жарактарды эстей койду. Ал канжарга жетип, тигини бутка саюуну ойлоду. Анда азыр бир гана ыза кылган немени жазалоо керек деген ой бар эле, ошол ой аны куралдар илинген тарапка жылып жөнөшүнө мажбур кылды.

– Сен көрсө кыймылдай алат турбайсыңбы? – деди дарыгер аны жек көрө карап.

– Эми менин үчүнчү тилегим…

Качан император дарыгердин атын жамынган адамдын үчүнчү каалоосун укканда талуу жеринен жаракат алган айбандай бакырып, тиштери кычырады! Болгон күчүн жыйнап, ордунан жылып түшүп, чыканактары менен жер таяна, ийрелеңдеп куралдарды көздөй жөргөлөп жөнөдү.

– Өз колум менен кескилеп өлтүрөм!!! – деп ызырынды ал. Дубалга жөлөнүп, таш байлап койгондой салмактуу буттарын акырындан жылдыра басып куралдарга жетти, калчылдаган колдору менен кылычты кындан сууруп, артына бурулуп караганда, дарыгер эчак эле изин суутуптур…

Ал эптеп жатып эшиктин алдына жетти. Жалганчынын тузагына түшүп, эң мыкты күлүк атын мингизип жибергенине кандай гана өкүнбөдү! Өзүнүн ушул учурдагы адамдын боору ооругандай абалын жакшы түшүнүп турду, бүт эркин жыйып, көзү токулуп турган атка илинди биринчи. Ээрдин кашынан кармап, минүүгө аракет кылды. Атаңдын көрү-ай! Баягыдай күч жок! Ал жок! Ал аттын башын өйдө тартып, жалынан тиштеп, алсыз колдору менен тырмышып жатып ээрге минди. Ээрге көчүгү тийгенде жан-дүйнөсүндө бугуп жаткан улуу жоокердин, улуу өкүмдардын, улуу согуш арстанынын руху ойгонуп, каны дүргүп чыкты.

– Кайда кетти? – деп бакырды ал хансарайдын оозунда эч нерсени түшүнбөй аңырайган жан-жөкөрлөрүнөн.

Императордун жаалданган түрүнөн эстери чыккан жан-жөкөрлөрдүн ооздоруна сөз кирбей, колдору менен качкын кеткен жакты көргөзүштү. Император тигилер көргөзгөн жакка чаап жөнөдү. Чапкан сайын күчүнө күч кошулуп жатканын сезе баштады. Ал шаардын дарбазасынан чыгып, кең талаада аралай чаап баратты. Чакырым артынан чакырым артта калды. Бир кезде эсине түштү: “Оо кудай, мен жыйырма жылдан бери ат жалын тартып мине элек экенмин да! Жыйырма жыл! Жыйырма жылдан бери колума кылыч ала элекмин! Жыйырма жылдан бери бет алдыман талаанын шамалы аймалай элек экен!”

Аңгыча арт жактан көптөн бери унутта калган кулакка жагымдуу тааныш үндөрдү укту. Чаап келаткан көп аттын дүбүртү, кубаныч аралашкан кыйкырык-чуу жакындап келе жатты. Анын жүздөгөн аскер башчылары анын аркасынан кылычтарын бийик көтөрүп:

– Жашасын император!— деп ураан чакырып келатышкан экен.

Алар анын аркасынан кууп жеткенде, император калың чаңда оонап, боору эзилгиче күлүп жатканына күбө болушту. Күлкүсүн араң тыйып ал мындай деп жатты:

– Ой, акмак дарыгер!.. Ох, канчыктын баласы!.. Сен өзүңдүн бир кербен алтыныңды иштеп таптың!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.