Бир кедей күнүнө отун алып, аны базарга сатып, балдарына базардан анча-мынча тамак-аш алып келип, жан сактап туруучу экен. Бир күнү чоң суунун боюндагы куураган талдарга көзү түштү.

Араасын жерге коюп, балта менен чоң түп талды кесе баштады. Орто ченине келген кезде балтанын башын бекиткен шынаасы ыргып кетип, балта суунун терең жерине барып түшөт. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, – деп, кедей башын мыкчып отура калды. – «Балдарды кантип багамын» – деп капага терең малынды. Өзүнө өзү суроо берип, муңкана берди. Шынааны бош какканына аябай өкүндү.

Бир убакта ак сакалын жайкалткан карыя пайда болду маңдайында.

– Ой, эмне капага малындың? – деп сурады кедейден ал.

– Кантип капа болбоймун, күндөлүк нанымдан ажырадым. Балтам сууга түшүп кетти. Сууга кирсем, өзүм кайра чыга алгандай эмесмин. Эми эмне кыламын – деп кайгы-зарын муңканып айтып берди карыя.

– Сен кайгырба, капага малынба. Мен сууга түшүп, алып чыгып берем, – деди. Кедей бир ишенип, бир ишенбей чалдын көзүнөн көзүн айырбады. Муңая карады.

Чал сууга чулп этип түштү да, көздү уялткан келишкен күмүш балтаны тышка алып чыкты.

– Сеники ушубу? – деп кедейди карады.

– Жок, меники темир эле, бул өзүңөргө буюрсун, – дейт.

Чал дагы сууга кирип, бир топко жок болду. Бир аздан соң алтын балта алып чыкты. Балтаны көрсөтүп:

– Мына бу сеникиби? – деди.

– Жок, меники темир балта, – деп жооп кайтарды.

Чал бир аз төмөн сүзүп, суунун терең жерине кирди. Алып чыгып колуна балтасын карматты.

– Айланайын, ушул болучу, – деп сүйүнгөнүнөн толкунданып кетти. Аябай алкады. Кедей балтасына шынаа кагып алып, чалга ыракмат айтып, коштошмок болду.

– Кудай берген насыпка тарбияланган кедей экенсиң, – деп күмүш балтаны да, алтын балтаны да чалга берип, көздөн кайым болду… Кедей ойлонуп, көзүн жуумп жиберди.

Кедей сүйүнгөнүнөн маңдайы жарылып үйүнө келди. Бүгүн олжолуу кайтканын үйбүлөсүнө, кошуналарына айтты. Көбү таңыркап алтын, күмүш балтаны көрүп жатышты.

Ошол айылда бир митайым бар эле, бул кабар ага да жетти. Бай кедейдин алы-жанын койбой баарын сурап билди. Кедей болсо алтын балтасын сатып, жаңы короо жай, кийимкечек, тамак-аш көп сатып алып, ак эмгектин үзүрүн көрүп, жыргап жатып калды.

Бай күн тынымдан, түн уйкудан кетип, баягы чоң суунун боюна келди. Балтасынын башындагы шынааны атайы бошотуп, күшүлдөп-бышылдап талды кесе баштады. Бир убакта балтанын башы суунун тереңине түшүп кетти. Бай башын мыкчып кейип, отуруп калды. Бир кезде мурду баштыктай, сакалы белине жеткен чал пайда болду.

– Эмне болду? – деп сурады.

Бай балтасын сууга түшүргөнүн айтты.

– Сен жөнү жок капаланба, мен азыр сууга түшүп алып чыгам, – деп кубандырды.

Бай шашкалактап отурганга жер таппады. Чал биринчи жолу сууга кирди да күмүш, экинчи жолу кирип, алтын балтаны алып чыкканда, ач көз бай экөө тең меники! – деди.

Чал тигинин ач көздүгүнө көзү жетип, аябай кыжырланды да, эки балтаны тең колуна кармап сууга чумуп кетип, ошол бойдон чыккан жок.

Бай болсо эки көзү тешилип, карап отуруп, аябай чарчайт. Көрсө калпычы, ач көздү сыйкырдуу чал жаман көргөндүктөн суудан чыкпай, көздөн кайым болуптур.

P.S. Буудайбек Сабыр уулу тарабынан түзүлгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.