Александр Куприн: Суламифь

ПОВЕСТЬ I Соломон падыша эр ортосу – кырк бешке да келе элек, — а анын акылмандыгы, сулуулугу, укмуштуудай жашоо-турмушу жана падыша сарайынын байлыгы тууралуу аңыз кептер Палестинадан тышкары жерлерде да дуулдап турду. Ассирия, Финикия, Жогорку жана Төмөнкү Египетте, байыркы Тавризден Йеменге, Исмардан Персеполяга, Карадеңиз жээктеринен Жер ортолук деңиз аралдарында – анын атын суктануу менен аташчу, анткени башка падышалардын арасында  ага тең келе турганы жок эле. Эл Израилге келгенден кийинки 480-жылы, Соломон бийликке келгенинин төртүнчү жылында, Мориа тоосунда кудайга багыштап улуу […]

Жумагүл Барктабасова: Карышкыр

ЭТЮД Бир ирет Каракол шаарындагы зоопарктан карышкыр качыптыр деген каңшаар тарады. «Эми бирөө-жарымга кол салып, бала-бакыраны жарып салбаса экен» деген кооптонуулар жаралды. Акыры ал маалымат чындык болуп чыкты. Көрсө, зоопарктан бир карышкыр чын эле качып чыгыптыр. Азыр эми интернеттин заманы болбодубу. Учурда ар бир экинчи адам көчөдө көргөнүн калың журтка жарыялай алат. Ал маалымат же көрүнүш кызыктуулугуна жараша ары жагы Америка, бери жагы Кытайга чейин кетет. Кыскасы, жарым саат өтүп-өтпөй эле карышкырдын качып баратканын телефонго тартып алгандар видеосун интернетке коюп, […]

Мээрим Көлбаева: Акындар айтышынын улуттук сыпаты

Кыргыз адабиятынын учурдагы калыптанышы руханий дөөлөт башатындагы элдик оозеки адабияттан, акындар чыгармачылыгынан, анын ичинде өнөрү айырмалуу жазма адабий мурастардын классикалык үлгүлөрүнөн, чыгармачылыкта ойчулдукту, акылмандыкты, сынчыл чечендикти, артисттик, аткаруучулук, обончулукту камтыган синкреттүүлүктү талап кылган төкмө акындардын чыгармачылыгынан башат алып, куралган. Ушул чыгармачылык өнөр калкыбыздын болмушу менен дүйнөтаанымын, улуттук аң-сезимин, менталитетин, утут тууралуу жазылбаган мыйзам-эрежелерин оозеки урпактан-урпакка аманат кылып келди. Кыргыз элинин ата-бабасынын сактап келген мекенин, салт-санаасын, үрп-адатын, мекенчилдик сезимдерин, адамкерчилик-ыймандык касиеттерин, эне-тилди барктоону,  калыптанган байыркы ишенимдерди, диний түшүнүктөрдү кастарлоону акындык поэзиянын […]

Орхан Памук: Жазуу – жашай элек жашообуздан өч алуу

Бозону саттырган – сатуучунун ачуу үнү. ♦ ♦ ♦ Жашоону   зордук, жаза жана ишениш керек болгон жалгандар менен курчалган  тар чөйрөдө, тынымсыз оюн ойноо абалы болгонун алгач ушул күндөрү сезе баштадым. Жашоо – адамгерчиликтин ордуна  жүрөктөн жашалышы керек болгон бактылуулук. ♦ ♦ ♦ Дароо башкасын тапкандыр,  болбосо ал чыдай албайт! ♦ ♦ ♦ Көчөдө  өңү өчкөн, боз кийимчен,  түнт, кордолгон адамдар кетип, ордуна чуулуу, кыймылдуу,  көк бет адамдар келиптир. ♦ ♦ ♦ Бизден бир муун жогорку жазуучулар коомдук жоопкерчиликти сезген, […]