ПОВЕСТЬ

I

Соломон падыша эр ортосу – кырк бешке да келе элек, — а анын акылмандыгы, сулуулугу, укмуштуудай жашоо-турмушу жана падыша сарайынын байлыгы тууралуу аңыз кептер Палестинадан тышкары жерлерде да дуулдап турду. Ассирия, Финикия, Жогорку жана Төмөнкү Египетте, байыркы Тавризден Йеменге, Исмардан Персеполяга, Карадеңиз жээктеринен Жер ортолук деңиз аралдарында – анын атын суктануу менен аташчу, анткени башка падышалардын арасында  ага тең келе турганы жок эле.

Эл Израилге келгенден кийинки 480-жылы, Соломон бийликке келгенинин төртүнчү жылында, Мориа тоосунда кудайга багыштап улуу храм, Иерусалимде сарай салдыра баштады. Сексен миң таш чегүүчүлөр, жетимиш миң жүк ташыгычтар тоодо жана шаар четинде тынбай иштеп, Ливияга жиберилген отуз миң токой кыйгычтардын он миңи кезектешип, ушул оор жумушта бир ай бою иштеп, анан эки ай эс алуучу. Миңдеген адамдар кыйылган дарактарды сал кылып боолап, жүздөгөн салчылар аларды деңиз менен Иаффуга жеткирип, токардык жана жыгач усталык жагынан алдына адам салбаган трияндарга тапшырчу. Гизехедеги Хефрен, Хуфу жана Микерин пирамидаларын курууда гана ушундай сан жеткис жумушчулар тартылган эле.

Курулуштун жүрүшүн үч миң алты жүз адам көзөмөлдөп, алардын башында жанын  ичтен жеген айыкпас дартынан улам эч качан уктабайт  деген аңыз сөз кеткен,  катаал жана ишмер Нефандын уулу Азарий турган. Сарайдын жана храмдын жалпы планын, тирөөч устундардагы сүрөттөр, жез жасалгалар, терезелердин орду, дубалдарды, тактыларды көркөмдөө — Сидондук чебер, Нафалим уруусунан чыккан жез куйуучунун уулу Хиром  Авий аткарган.

Жети жылдан кийин, Була айында кудайга арналган храм, он үч жылдан кийин падыша сарайы бүткөрүлдү. Ливандан келген кедр устундар, кипарис жана оливка тактайлары, певга, ситтим жана фарсис[1] жыгачтар, чегилип жылмаланган кымбат баалуу зор таштар, алтын жип менен саймаланган кочкул кызыл, кызыл жана виссон[2] кездемелер, көгүш жүндөн токулган маталар, пил сөөгү, койлордун кызгылт терилери, темир, оникс, көптөгөн мрамор, асыл таштар, алтындан куюлган чынжыр, гүл таажы, алтындан эшилген аркан, кыпчуур, торчо, ноочо, чырактар, гүлдөр жана шамдар, эшиктердин алтын тосполору, ар бири алтымыш сикль турган тоспого кагылган алтын мыктар, алтындан куюлган кеселер, табактар, оймолонгон курактар, мозаикалык орнаменттер, таштардан чегилген арстандардын, периштелердин, өгүздөрдүн, пальмалардын, ананастардын сөлөкөттөрү үчүн – Соломон чебер устанын аты уйкашы, Тир падышасы Хирамга Галилей жеринен жыйырма шаар жана кыштактарды тартуулады.

Хирам, буга чейин көркөмүн кулак угуп көз көрбөгөн храм жана Соломондун падыша сарайы, падышанын аялы, Египет фараону Суссикимдин кызы Астис сулуу үчүн курулган Миллодогу кичи сарай үчүн, бул тартуу абдан эле аз деп болжоду. Соломонго Сав жергесинин падыша айымы, акылдуу жана сулуу Балкистен,  Израил жеринде мурда болуп  көрбөгөндөй жыттуу түтөтмөлөр, жыпар жыттуу майлар, кымбат атырлар менен бирге кийинчерээк галереялардын тепкичтерине, тосмолоруна, музыкалык аспаптарга жана ыйык китептерди тыштаганга жумшалган асыл баалуу кызыл жыгачтар белекке берилген.

Жыл өткөн сайын падышанын байлыгы өсө берди. Анын кемелери – Жер ортолук деңизин бойлогон “Фарсис” жана Карадеңизде сүзгөн “Хирам” жылына үч жолу өз булуңуна кайтып келчү. Алар Африкадан пил сөөктөрүн, маймылдарды жана тоос куштарды, антилопаларды; Египеттен асыл буюмдар менен кооздолгон согуштук арабаларды, Мессопотамиядан тирүү жолборс, арстандарды, айбандардын баалуу терилерин, Кувадан кардай аппак аттарды, жылына алты жүз алтымыш талант турган парваимдик алтын кум, Офирден кызыл, кара жана сандал баалуу жыгачтарды, падыша Тиглат-Пилеазар тартуулаган ассуриянын жана калахтын керемет кооз килемдерин, Ниневиядан, Нимруддан, Саргондон көркөм мозаикаларды; Хатуарадан керемет гүлдүү кездемелер; Тирден алтын идиштер; Сидондон – түстүү айнек, Баб-эль-Мандемден алыс эмес Пунтадан – Египеттин фараондору аларга жетиш үчүн кандуу согуш ачып турган, сейрек жолугуучу жыпар жыттуу: нард, алоэ, трость, кинамон, шафран, амбра, мускус, стакти, халван жана ладандарды жүктөп келишчү.

Соломондун бийлиги тушунда күмүштүн баасы жөнөкөй эле таштай, кызыл жыгачтын баасы төмөндө өскөн теректин баасындай болуп калды.

Падыша тоодон, Кедрон дарыясынын башатынан  алдырып, порфир[3]  менен капталган таш мончолор, мрамор көлмөлөр, салкын фонтандарды курду, сарайдын тегерегине бак, бадалдарды отургузуп, Ваал-Гомонду жүзүмзарга айлантты.

Падышанын качырлар жана согуш арабаларынын аттары үчүн кырк миң, атчан аскерлердин аттары үчүн он эки миң акыры болгон, аларга күн сайын аймактардан аттар үчүн арпа жана чөп ташылчу. Этке байланган он өгүз, жайыттан алынып келинген жыйырма өгүз, отуз өгүзгө жүктөлгөн буудай уну, алтымыш өгүзгө жүктөлгөн башка ундар, ар түрдүү винолор, атайын багылган куштарды айтпаганда да, үч жүз кой, бугу, элик, жейрен эттери, күн сайын, он эки атайын коюлган адамдар аркылуу падышанын дасторконуна жана анын жакындарынын, жандоочторунун, гвардиячыларынын дасторконуна коюлуучу. Аскерлер арасынан тандалып алынган  күч-кайратуу беш жүз жоокердин алтымышы, кезек менен сарайдын ички коопсуздугун сактап кароолдо турушчу. Падышанын буйругу менен жан сакчылары үчүн алтын менен капталган беш жүз калкан даярдалган.

II

Анын көзү эмнени жактырса, ошого колу жетип, жүрөгү каалагандан да баш тартпай, энөө көрбөй жашады. Падышанын жети жүз аялы, күңдөрдү жана бийчилерди албаганда да, үч жүз барымта аялары болгон. Жараткан ага башка эркектерде жок, талыбаган күч-кубат ыйгарган экен, аялдардын бардыгы Соломонго ыраазы эле. Ал ак жүздүү, кара көздүү, эриндери кыпкызыл хетт кыздарын, алардын эрте ачылып бат соолуган нарцисс гүлүндөй, эрте ачылып, жарк этип заматта өтүп кеткен назик сулуулугу үчүн сүйдү. Кайраттуу тармал чачтуу, билегинде шыңгыраган алтын билериктер, ийиндеринде алтын алкак,  шыйрактарында ичке чынжырлар менен кошулган жазы алтын билерик таккан, кара-тору, бойлуу филистимиялыктарды; сүйүүгө туруктуулугу, берилгендиги лакапка айланган, келбеттери келишкен, кичинекей, назик, ийилчээк аммориялыктарды; көздөрүн узарта боёогон, маңдайына жана беттерине көк жылдыз чектирген Ассириянын аялдарын, Сидондун чукугандай сөз тапкан, билимдүү, шайыр кыздарын; сүйүүдө чарчабаган, кызганчаак, жакшы ырдап, бийлеген, даптын кошоосунда арфада, дутарда, чоордо ойной алган,  ак-саргыл египеттиктерди; жүндөрүн атайын паста сүрүп жок кылгандыктан денеси мрамордой жылма, сүйүүгө тойбогон вавилиондуктарды; ыштан кийген, чачтарын, тырмактарын оттой кызыл боёк менен боёгон Бактрия кыздарын; эң ысык түндө да көркөм эмчектери муздак болуп турган, унчукпаган, уялчаак маовитяндыктарды; денелери аппак болуп, түндөсү да нур чагылышкан, камырабаган, ысырапчыл, оттой кызыл чачтуу аммонитяндыктарды; тилдерин Палестинада эч ким түшүнбөгөн, көздөрү көк, агыш чач, назик денелүү, Баалбек аркылуу түндүктөн алып келинген кыздарды сүйдү. Падыша булардан бөлөк да Иудей жана Израилдин көптөгөн кыздарын билди.

Сулуулугу, акылдуулугу, байлыгы, сүйүү кумарында ар түрдүү ыкмаларды колдонгон жагынан дүйнөдөгү бардык аялдардан артык, Сав жергесинин падыша айымы Балкис-Македа, Моломондун атасы падыша Давид карыган кезде тизесин жылыткан, ошол илберинки, жоош сулуу үчүн Соломон өзүнүн улуу агасы Адонийди Иодева уулу Ванейдин колу менен өлтүргөн, сунамиттык Ависага да анын койнунда болуп турушту. Бирок падыша жүзүмзардан жолуккан жөнөкөй кыз Суламифти бардык аялдарынан артык көрүп, жалгыз ошону чындап сүйдү.

Падыша өзүнө эң жакшы делген кедр жыгасынан тирөөчтөрү күмүштөн, жөлөнгүчтөрү жаткан арстандын түспөлүндөгү алтындан, кочкул-кызыл тир матасы менен капталган, көтөртүп жүргөндөй чатыр жасаткан эле. Чатыр ичи иерусалимдин кыздары, аялдары сүйүү үчүн тартуулаган алтын саймалар, асыл таштар менен шөкөттөлгөн. Улуу майрамдарда келбеттүү кара кулдар Соломонду эл арасында көтөрүп жөнөгөндө, падыша Сарон талаасынын лилиясына окшоп, чындыгында сулуу эле!

Ак жүздүү, эриндери кыпкызыл сызмадай; капкара тармал чач арасында – акылмандыкты көркөмдөп турган, Аэрмондун кара аскасынан куюлган суудай, күмүш жиптей  жылтылдаган ак кылдар; Ассирия падышаларына окшотуп майда, тыгыз өрүлгөн сакалындагы апакай кылдар, сакалдын көркүн ашырат.

Падышанын көздөрү кап-кара, жайындагы айсыз түндөй,  эң кара деген агаттан да кара, өйдө-ылдый жебедей ирмелген кирпиктери караңы жылдыздын тегерегиндеги кара шоолага окшоп кетет. Ааламда бир да адам Соломондун көздөрүнө тик карай алган эмес. Падыша ачуулуу тиктеген адам, чагылгандын огу тийгендей кулап түшчү.

Падыша сүйүүдөн же винодон, же бийликтин кудиретинен тамылжып, же өз убагында таамай айтылган кепке кубанып турган мезгилдер болор эле. Ошол кезде анын узун кирпиктери жарык жүзүнө көлөкө түшкөндөй жарымына чейин жабылып, көздөрү кара брильянттын учкундарындай шоола чачып, жумшак, мээрим чачкан күлкүнүн назик жалыны каптачу; ким ошол күлкүнү көргөн болсо, аны дагы көрүүгө жанын да, денесин да берүүгө даяр эле – анын күлкүсү ошондой эле! Сөз жеткире алгыс керемет болчу. Соломон падышанын угуза айтылган аты эле, төгүлгөн мирранын жытындай, сүйүү толгон түндү эстетип, аялдардын жүрөгүн козгоп ийчү.

Падышанын колдору аялдардыкындай — апакай, назик, жылуу эле, бирок анда эбегейсиз кудурет камтылган, алаканын ооруган адамдын башына коюп, баш оору, талма, шал, жиндеп кетүүдөн айыктырып койор эле. Соломон сол сөөмөйүнө кочкул-кызыл астерикстен, айланасына бермет түстүү алты шоола чачып турган шакек салынып жүрчү. Ал шакек байыркы шакек эле, анын ташынын артында, байыркы жок болуп кеткен элдин тилинде: “Бардыгы өтүп кетет”, — деген жазуу жазылган.

Соломондун кудиретине айбандар да баш ийишчү: алардын капасына кирип калса, арстандар менен жолборстор падышанын бут алдына жыгылып, тумшуктарын тизесине жөлөп, колун жалайт эле. Асыл таштардын жаркылдап куюлушкан нурунан, Египеттин жытты аңкыган керемет жыттуу чайырларынан, жеңил кездемелердин денесин назик сылаганынан, жакшы музыкадан, алтын чөйчөктө чайпалган жакшы винонун даамынан ырахат тапкан падыша – арстандардын түксүйгөн жалын, кара пантералардын баркыттай болгон жонун, жаш, чаар-ала леопарддардын назик тамандарын сылаганды да жакшы көрчү, жапайы жырткычтардын кыйкырыгын тыңшап, алардын күчтүү, ийкемдүү кыймылын карап, жылуу жытын жана жапайы, эркин демин сезгенди жактырчу.

Падыша Соломон тууралуу анын тарыхчысы Ахилуда уулу Иосафет ушуларды жазып калтырган экен.

III

“Өзүңө узак өмүр сурабагандыгың үчүн, өзүңө байлык сурабаганың үчүн, душмандарыңдын жанын сурабай, акылмандыкты сурагандыгың үчүн, сен айткандай кылдым. Мен сага чейин эч кимде болбогон, сенден кийин да эч кимде болбой турган акылман, даанышман жүрөктү бердим”.

Жараткан Соломонго ушинтип айткан экен, ошол сөз менен падыша аалам түзүлүшүн, табыят кубулушун, мезгилдин башталышын, акырын жана тең ортосун билди, түбөлүктүүлүктө окуялардын толкун сыяктуу же айлампа сыяктуу кайталануу сырын түшүндү; Библостун, Акранын, Саргон, Борисипптин жана Ниневиенин астрономдорунан жылдыздардын жыл ичиндеги айлануусун, орундардын өзгөрүүлөрүн үйрөндү. Айбандардын сырын, ички туюмун сезгенди, жел, шамал кандай пайда болуп, мезгилине жараша кайда агыларын, өсүмдүк, чөптөрдүн дарылык касиетин түшүндү.

Адамдардын жүрөгүнө катылган сыры – терең табышмак, бирок акылы жетик падыша аны да билет эле. Адамдардын терең жашырылган ой максатын сөзүнөн, көзүнөн, колдорунун кыймылынан китептен тамга терип окугандай билип алар эле. Ошондуктан Палестинанын бардык булуң бурчунан арызданган, андан кеңеш сураган, талаш маселесин адилет чечүүнү өтүнгөн, түшүн жоруп, кайыптан берилген сырдуу белгилерди чечмелеп берүүнү суранган көп сандаган адамдар агылып турчу. Адамдар Соломондун таамай жана так жоопторуна таң калып, ыраазы болор эле.

Соломон үч миң мисал болумуштарды жана беш миң ырын чыгарган. Аларды тез жана жакшы жазган эки катчысы – Сиванын уулдары Елихофер менен Ахинге айтылышы шыдыр, угулушу жагымдуу, кооз, так сөздөр менен айтып берчү, орду менен айтылган сөздөрү тунук сардониктеги алтын алмага окшош,  ийнедей учтуу, устарадай курч, кагылган мыктай бекем сөздөр — бардыгы жалгыз эле бир ыйык кеменгердин чыгармалары. “Сөз – жүрөктөн орун алуучу учкун”, — деп айтаар эле падыша. Соломондун акылы Чыгыштагы бардык акылмандардын, египеттиктердин бардык акылмандарынын акылынан бийик эле. Анын акылы езрахиттик Махолдун балдары Ефандын, Хилколдун, Додранан акылынан бийигирээк эле. Бирок адамдарда болгон акылдуулук касиет аны канагаттандырбай, мурдагыдай барктабай калды. Ал өзүнүн тынчы жок, баарын билгиси келген акылы менен, кудай жараткан жашоонун эң биринчи башатын, мелтиреген туңгуюкка биринчи чийин салган акылды туйгусу келди. Соломон аны таба албай жатты.

Падыша халдейдин, ниневдин сыйкырчылык окуусун, Абидос, Сиаст жана мемфистик астрологдордун илимин, ассириялык волхвдордун, мистаготтордун, эпоптордун сырын жана Бактрдын, Персеполдун көзү ачыктарынын илимин үйрөндү. Алардын билгендери адамдарга тиешелүү билим экендигине көзү жетти.

Байыркы бутбарастык ишенимдеги сырдуу аракеттерден да издеп көрдү, Ыйык саналган жайларга барып курмандык чалды: Тирде жана Сидондо Мелькарта деп атап сыйынган, Сив оазисинде Аммон делип, таш эстелиги майрамдык жүрүшкө башын ийкеп жол көрсөткөн,  халдейлерде Бэл деп, ханандарда Молох аташкан жаратуучу жана талкалоочу, деңизде жүргөндөрдү колдоочу кубаттуу кудай — Ваал-Либанонго жана анын аялы, каардуу жана сүйүүгө тойбогон, башка храмдарда Иштар, Исаар, Ваальтис, Ашера, Истар-Белит, Атаргалис деген ат менен белгилүү — Астартага таазим этти. Эки бир тууган, энесинин курсагында жатканда эле Гера кудайды боюна бүтүргөн агасы менен карындашы египеттик Изида менен Осариске, тирдиктер сыйынган балык түспөлдүү Деркетого, бальзамдоонун кудайы, ит баштуу Анубиске, вавилиондук Оаннга, филистимдик Дагонго, ассириялык Авденагого, нинивейлик Утсабого, түнөргөн Кибеллге, Юпитер планетасынын кудайы, Вавилондун колдоочусу – Бел-Мередохко, түбөлүк оттун кудайы — халдейлик Орго, Бэл экиге бөлүп туруп биринен асманды, экинчисинен жерди, башынан адамдарды жараткан, бардык кудайлардын энеси — Оморогого да жыт чыгарып, эстеликтерин елей  менен майлады; падыша Финикиянын, Лидиянын, Армения, Персиянын кыздары храмдын алдында, анын урматына ыйык курмандык катары,  ким көрүнгөнгө денесин  беришкен кудай  —   Атананска да таазим этти.

Падыша бутпарастардын сыйынууларынан мастык, түнкү оргия, жалаптык, тукум бузуу, табиятка жат жыныстык катнашуулардан башка эч нерсе таба алган жок, алардын окуусу жылтыр сөздөр менен коштолгон алдамчылык болуп чыкты. Бирок падыша кол алдындагылардын өздөрү сыйынган кудайына кулдук кылганына каршы болгон жок, ал эмес ошол кездеги сүйүктүү аялы татынакай, кыялкеч моавитандык Эллаандын өтүнүчү боюнча Майлуу тоого моавиттердин жийиркеничтүү кудайы — Хамосуна храм тургузду. Соломон бир эле нерсени – балдарды курмандыкка чалгандарга кечирим берүүчү эмес, андайларды өлүм жазасы менен жазалоочу.

Ал өзүнүн изилдөөлөрүндө адам аттуулар менен башка жаныбарлардын тагдыры бирдей экендигин байкады: тигилер кандай өлсө, адамдар да түбөлүк жашабайт, баарынын жаны бирдей, адамдар айбандардан өйдө эмес. Ошондо падыша абдан чоң акылдын артында, абдан чоң өкүнүч бар экенин сезди, ким көптөгөн акыл топтосо — ошончолук азабын да топтойт. Жүрөк ооруткан күлкү болорун, кубанычтын артында кайгы турарын билди. Бир күнү эртең менен Елихофер менен Ахинге биринчи жолу айтты:

— Бардык кылганың убарачылык, бекер убара жана жаныңдын азабы, — Екклезисте ушундай деп айтылган.

Бирок падыша, жакында жараткан ага назик, оттой ысык, бардыгын өзүн ага арнаган, байлыктан, бийликтен, кеменгердиктен бийик, жашоодон да артык, анткени, ал үчүн өлүмдөн коркпой жашоодон кечкенге даяр, татынакай сүйүү жиберерин, ал кезде билген эмес.

IV

Вати-эль-Хавдин түштүк капталында, Молох храмынын батыш жагындагы Ваал-Гомондо падышанын жүзүмзары бар эле; падыша ошол жерде түбөлүктүүлүк тууралуу ой толгоп, жалгыз олтурганды жактырчу. Кедр жана чынар, анар дарактары, олив жана жапайы алмалар үч тарабынан тоо этектей курчап, төртүнчү жагы бойлоп кеткен жолдон бийик таш дубал менен тосулган. Тегеректеги башка жүзүмзарлар да Соломондуку, алардын ар бирин миң күмүш акчага кароолчуларга ижарага берчү.

Падыша сарайында Ассирия падышасы, атактуу Тиглат-Пилезардын элчилеринин урматына уюштурган отуруш эртең менен аяктады. Бул таңда чарчаганына карабай, Соломон уктай албады. Шарап да, сикера[4] да элчилердин баштарын тумандата албай, алардын митайым ойлорун айттыра алган жок. Бирок падышанын курч акылы алардын эмне пландап жатканын алдын-ала билип, ушул манчыркаган, текебер көздүү, жылма сөздүү азаматтарды чырмап алганга өзүнүн саясый торун түйө баштады. Ассирия падышасы менен мамилени үзбөй, ошол эле убакта түбөлүк достугу үчүн Тирдин падышасы Хирамдын өлкөсүн, кууш көчөлөрдөгү тар үйлөрдүн жертөлөлөрүндө катылган сансыз байлыгын танап-тоноп кетүүдөн сактап калат. Чыгыштын ач көз башкаруучулары көптөн бери бул падышачылыкты чаап алууну түн уйкусун бузуп эңсеп келишет.

Падыша таң заарында өзүн Вати-эль-Хав тоосуна алып баруусун буйруп, түшүп келген замбилин алысыраак жолго калтырып, бутактарында түндүн шүүдүрүмдүү салкыны кете элек дарактар көлөкөсүндө, жөнөкөй жыгач отургучта, жүзүмзардын башында отурат. Кийгени оң ийининде жана сол капталында Себах кудайынын белгиси болгон жашыл алтындан жасалган, оролгон крокодилдердин түспөлүндөгү эки египеттик аграфтар[5] менен бекиген жөнөкөй ак плащ. Колдору тизесинде, ойго баткан көздөрү ирмелбеди. Өлүк деңиз тарапты, Аназанын тукул чокусунан күндүн жалындаган нуру чыкчу жерди тиктейт.

Таңкы жел чыгыштан согуп, гүлдөгөн жүзүм жытын – резеданын жана кайнатылган винонун жагымдуу жытын таратат. Каралжын арчалардын учу жай чайкалып жыты аңкыйт. Оливанын агыш-жашыл жалбырактары бири-бири менен шашыла шыбырашууда.

Соломон ордунан туруп тыңшап калды. Аялдын назик үнү, ушул таңдай ачык, таза үн алыс эмес жерден, дарактардын арасынан угулат. Жөнөкөй, назик обон тоодогу булактын куюлушкан үнүндөй болуп, беш-алты нота кайталанат. Ушул жөнөкөй, кооз обондун керемети падышаны арбап, сезимин козгоп, ичинен жылмаят.

Үн улам жакындап келатат. Мына эми жакын, кедрдин далдасында, жашыл арчанын арасынан угулат. Падыша тикендүү бадал бутагын акырын жылдырып, ачык жерге чыкты. Алдында, чоң сары таштардан курулган жапыз дубалдын ары жагындагы төш өрдөй кеткен жүзүмзар көрүнөт. Жеңил көк көйнөкчөн кыз жүзүм сабактарынын арасында ылдый эңкейип, бир нерселерди жасап, түзөлө калып ырдап жүрөт. Кызгылт чачтары күнгө чагылышып күйүп жаткандай.

Жарык кирип салкын таң атты,
Караңгылык кетти түн менен.
Сүйгөнүм сагындым мен сени,
Күттүрбөй тезирээк келчи эми.
Жейрен болуп, мени эңсеп шашып кел,
Жаш бугудай капчыгайды ашып кел.

Кыз жүзүм сабактарын байлаштырып, падыша турган таш дубалга улам жакындап ушундай ырдап келатат. Ал жалгыз, аны эч ким укпайт да көрбөйт; гүлдөп жаткан жүзүм жыты, эртең мененки таза аба, жүрөгүндө дүргүгөн ысык кан эргитип, заматта жаралып кыздын оозунан чыккан, эч кимдин деле эсинде калбаган  жөнөкөй ырды  жел учуруп кетет.

Кармагыла түлкүлөрдү, бачиктерин
Алар жүзүмдөрдү талкалашат,
А жүзүмзар учурда гүлдөп атат…

Кыз ырдап дубалга чейин келип, падышаны байкабай, жүзүмдүн башка сабагына түшүп,  төш өрдөп жеңил баратат. Эми ыр басаңдап угулат:

Чуркап кел сүйгөнүм,
Жейрен болуп түйүлүп.
Же тоодогу жаш бугудай,
Сагынганың билинип.

Кыз унчукпай калып, жерге эңкейип жүзүмдүн далдасынан көрүнбөй калды.

Соломон мээримдүү үн менен:

— Жакшына кыз, өңүңдү көрсөтүп, үнүңдү дагы угузуп койчу.

Кыз тура калып падышага бурулуп карады. Ошол мезгилде күтүүсүздөн келген катуу шамал кыздын жеңил көйнөгүн этине, чатына жабыштырды. Падыша кыз шамалга артын салып кеткичекти, анын көйнөгүнүн ичиндеги он үч жашар кыздын күчкө толгон, бойлуу, келишкен денесин жылаңач көргөндөй болду; анын кичинекей, катуу, чымыр, үрптөрүнүн учунан көйнөктүн бөлүгү шоола болуп чачырап турган  төшүн, көмкөрүлгөн табактай тегерек курсагын, бут учунан чымыр сандарына чейин, экиге бөлүп турган чатындагы терең жикти көрдү.

— Сенин үнүң ширин, өңүң жакшынакай экен! — деди Соломон.

Кыз жакындап келип, падышаны таң калып карап калды.

Ачык, жайнаган, кара тору өңү татынакай эле. Эки кызыл гүл кыстарып койгон оор, калың кара-кызгылт чачтары тармалдашып ийинин жаап, күн нуруна чагылышып артына куюлат. Кайсы бир жемиштин кургатылган мөмөсүнөн жасап алган шурусу күнгө күйгөн, узун, ичке мойнун эки кат болуп сүйкүмдүү кучактап алган.

— Мен сени байкабаптырмын! — деди кыз, анын үнү сыбызгынын үнүндөй назик эле. — Кайдан келдиң?

— Сен абдан сонун ырдадың, татына кыз!

Кыз уялып ылдый карап кызарып кетти, бирок узун кирпиктеринин астында жана ууртунда сырдуу жылмаюу титирейт.

— Сен өзүңдүн сүйгөнүң тууралуу ырдадың. Ал жейрен, тоо бугусундай күлүк экен. Сенин сүйгөнүң абдан сулуу болсо керек, ошондойбу?

Кыз күлүп жиберди. Анын күлкүсү күмүш мөндүр алтын табакка төгүлүп жаткандай шыңгырап, асемдүү эле.

— Менин сүйгөнүм жок. Бул жөн эле ыр. Азырынча менин сүйгөнүм боло элек…

Алар бир саамга унчукпай бири бирин тиктеп калышты. Дарактарда куштар бири-бирин чакырып сайрап жатышат. Кыздын жүрөгү дүкүлдөп турганы көкүрөгү тиреген  көйнөгүнөн билинет.

— Мен ишенбейм сага, татына. Сен керемет сулуусуң…

— Сен мени шылдыңдап атасың. Карачы мен кандай кап-карамын…

Кыз күнгө күйгөн кичинекей колдорун өйдө көтөрүп, жеңдери ылдый жылмышып, кыз экендигин билдирген ичке, тегерек чыканактарын ачты.

Кыз арыздана кетти:

— Агаларым мага ачууланып жүзүмзарды кайтарганга жумшашты. Карачы, күн кантип куйкалап салганын!

— О жок, күн сени бардык аялзатынан ашкан сулуу кылып салыптыр! Мына сен күлдүң эле, тиштериң суудан чыккан эгиз козуларга окшош, биринде да майып жок. Тармал чачтарыңдын астындагыгы беттериң бөлүп койгон анардай, эриндериң кып-кызыл, карап эле тургуң келет. А сенин чачтарың… Чачтарың эмнеге окшош экенин билесиңби? Кечинде Галаададан түшүп келаткан койлордун үйүрүн көрдүң беле? Алар тоо бетин аягынан башына чейин жаап, күн нурунан жана чаңдан сенин чачтарыңдай кызгылт, чачтарыңдай тармал болуп турат. Сенин көздөрүң Есевондогу жана Батраббим дарбазасынын жанындагы эки көлдөй терең. О, кандай гана сулуусуң! Сенин мойунуң Давид мунарасындай түп-түз, көрктүү!..

— Давиддин мунарасындай!- деп кайталады кыз ыраазы болуп.

— Ооба, ооба аялдардын сулуусу. Давиддин мунарасында миңдей калкан илинип турат. Ал калкандар жеңилген аскер башчыларынын калкандары. Мына мен да калканымды сенин мунараңа илем…

— О дагы, дагы айтчы…

— Сен менин үнүмдү угуп, артка бурулганыңда шамал согуп, көйнөгүңдүн астындагы эки эмчегиңди көрүп ойлодум: мына лилия гүлдөрүнүн арасында оттоп жүргөн эки кичинекей элик. Сенин белиң пальмага, эмчектериң жүзүмдүн шиңгилине окшош.

Кыз акырын кыйкырып, алакандары менен бетин, чыканактары менен төшүн жаап, моюну, кулактарынын учуна чейин  кызарып кетти.

— Сандарыңды да көрдүм. Алар асыл заттан чебер уста жасап койгон вазага окшош. Беттериңден колуңду тартчы. Өңүңдү көрсөтчү.

Кыз макул болуп колдорун түшүрдү. Соломондун көздөрүнөн куюлган коюу алтын нур анын башын айлантып, терисин диртилдетип, денесин назик, жылуу толкун каптады.

— Айтчы деги, сен кимсиң? – деп шыбырады кыз таң калып. – Мен өмүрүмдө сендей адамды жолуктура элек элем.

— Мен чабанмын, сулуум. Тоодо, арасын нарцисс саймалаган жашыл чөптүү жайытта керемет козуларды кайтарам. Мага, менин жайытыма келесиңби?

Кыз акырын башын чайкады:

— Ушул айтканыңа ишенет деп турасыңбы? Бетиң шамалга тотуккан эмес, күнгө күйбөптүр, колдоруң апакай. Кийгениң кымбат хитон. Анын бир эле топчусу жүзүмзар үчүн агаларым падышанын салыкчысы Адонарамга жыл үчүн төлөнүүчү акынын наркындай. Сен тигил жактан келдиң, дубалдын ары жагынан… падышага жакын адамдардан болуп жүрбө? Мен улуу майрам күндөрүнүн биринде сени көргөндөй болуп турам. Ал эмес сенин арабаңдын аркасынан чуркаганым да эсимде.

— Сен туура таптың. Сенден жашырган кыйын экен. Чын эле, сен эмнеге билбей калышың  керек? Ооба, мен падышаны жандап жүргөндөрдүн биримин, башкы ашпозчусумун. Пасха майрамында мен Аминоддо араба менен баратканда көрсөң керек. Эмнеге менден алыс турасың? Жакын кел, карындашым! Мобу дубалдын ташына олтуруп, өзүң жөнүндө айтып берчи. Атың ким?

— Суламифь

— Сага агаларың эмне үчүн ачууланды эле, Суламифь?

— Мен аны айткандан уялып жатам. Алар вино саткандан түшкөн акчаларын мага берип, нан жана эчкинин быштагын сатып келгенге шаарга жиберишкен. А мен…

— Акчаны жоготуп алдыңбы?

— Жок, андан да жаман… — Кыз башын жерге салып, шыбырады: — Мен нан, быштактан башка да, эски шаардагы египеттиктерден бир аз, кенедей эле кызгылтым май сатып алгамын.

— Анан анынды агаларыңдан жашырып койдуңбү?

— Ооба… -Кыз угулар-угулмаксан кылып акырын шыбырады: — Кызгылтым май ушунчалык сонун жыттанат!

Падыша анын катуу, кичинекей колдорун сылап:

— Жүзүмзарда жалгыз эригет чыгарсың?

— Жок. Иштейм, ырдайм… Түштө тамак алып келишет, а кечинде агаларымдын бирөө алмаштырат. Кээде мандрагоранын тамырын казам, алар кичинекей адамдарга окшош… Аларды бизден халдейлик соодагерлер алат. Андан уйкунун дарысын жасайт дешет… Мандрагоранын мөмөсү сүйүүгө жардам берет дейт. Ошол чынбы?

— Жок, Суламифь, сүйүүгө сүйүү гана жардам берет. Сенин ата-энең барбы?

— Энем эле бар. Атам эки жыл мурда каза болгон. Агаларым – менден улуу, алар биринчи күйөөсүнөн, экинчи күйөөсүнөн мен, сиңдим экөөбүзбүз.

— Сиңдиң сендей эле сулуу болсо керек?

— Ал али жаш, тогуз эле жашта.

Падыша күлүп, Суламифти акырын кучактап өзүнө тартып кулагына шыбырады:

— Тогуз жаш… Демек анын сеникиндей төштөрү жок турбайбы? Ушунчалык бийик, ушунчалык ысык көкүрөктөрү!

Кыз уятынан жана жыргал сезимден жалындап турду. Тумандаган көздөрү жанып, бакытка батып жымыңдады. Падышанын колунда кыздын дүкүлдөп соккон жүрөгү сезилип турду.

— Көйнөгүңдүн жылуу жыты мирра жытынан да, нард жытынан да жакшы жыттанат, — деди ал ысык эриндерин кыздын кулагына тийгизип. – Сен дем алганда танооңдон алманын жыты келет. Карындашым менин, сүйгөнүм менин, сен менин жүрөгүмдү бир көз карашың менен, мойнуңдагы шуруң менен туткундап алдың.

— Койчу, мени антип карабачы! – деди Суламифь. – Сенин көздөрүң менин эсимди алып жатат.

Бирок өзү артка чалкалап башын Соломондун көкүрөгүнө койду. Кызарган эриндери жалтыраган тиштерин жаба албай, кирпиктери чыдатпаган эңсөөдөн титирейт. Соломондун эриндери эңсөө каалаган кыздын эриндерине жабышып, кыздын эриндеринин жалынын, жылма тиштерин сезип, нымдашкан тилин соруп, өмүрүндө мындан мурда болуп көрбөгөндөй эңсөөдөн өрттөнүп жатты.

Ушундай абал кийинки минуталарга созулду.

— Мени эмне кылып атасың! – деп кыңкыстады Суламифь көздөрү жумулуп.- Мени эмне кылып атасың!

Соломон энтиге шыбырады:

— Эриндериңден бал тамчылайт, колуктум, тилиңдин асты бал менен сүт… О, келчи мага батыраак. Бул дубалдын арты салкын, караңгы. Бизди эч ким көрбөйт. Бул жерде кедрдин түбүндө жумшак чөп…

— Жо-жок, тийбечи мага. Мен каалабайм, анте албайм.

— Суламифь… сен каалайсың, каалайсың… Карындашым менин. Сүйгөнүм, келчи мага!

Падышанын жүзүмзары жактагы дубалдын бойлой кеткен жолдон ылдыйда бирөөлөрдүн добушу угулат, Соломон коркуп кеткен кыздын колун коё бербей:

— Айтчы батыраак, кайда жашайсың? Ушул түнү мен сага келем, — деди шашыла.

— Жок, жок, жок… Мен сага аны айтпайм. Коё берчи мени. Мен сага айтпайм.

— Мен сени коё бербейм, Суламифь, айтмайынча коё бербейм… Мен сени каалап атам!

— Макул, айтам… Бирок ушул түнү келбейм деп убада бер… Аркы түнү да келбе… андан кийинкиде да… Падышам менин! Тоо кийиктеринин, талаа жейрендеринин атынан өтүнөм, өзүңдүн сүйгөнүңө, өзү каалабаса тийбечи!

— Макул, мен сага убада берем… Үйүң кайда Суламифь?

— Шаарга бараткан жолдо Силоманын үстү жагындагы көпүрө менен Кедрондон өтсөң, булактын түбүндөгү биздин үйдү көрөсүң. Ал жерде башка үй жок.

— А сенин терезең кайда, Суламифь?

— Аны сурап эмне кыласың, жаным? О, мени антип карабачы. Сенин көз карашың мени арбап атат… Мени өппөчү… өппөчү… Жаным! Өпчү дагы… дагы..

— Терезең кайсы, айтчы жан биргем?

— Терезе түштүк жагында. Ой, мен муну айтпашым керек эле… Кичинекей, бийик, калканч тор менен тосулган терезе.

— Калканч тор ичинен ачылабы?

— Жок, ачылбайт. Бирок бурчтун жанында эшик бар. Ошол эшиктен кирсең түз эле сиңдим экөөбүз жаткан бөлмөгө келесиң. Сен мага убада бербедиңби!… Сиңдим абдан сак уктайт. О, кандай келбеттүүсүң, жаным. Сен мага убада бердиң да, чынбы?

Соломон кыздын чачынан, бетинен назик сылап:

— Мен ушул түнү сага келем, — деди кайталап. – Жарым, түндө келем. Ошондой болот, ошондой. Мен ошону каалайм.

— Жаным!

— Жок. Сен мени күтөсүң. Коркпо, мага ишен. Мен сени азапка салбайм. Мен сага дүйнөдөгү бардык нерседен артык кубаныч алып келем. Эми кош. Мага келатышат окшойт.

— Кош жаным… асылым…О жок, коё тур. Атыңды айтчы. Мен билбейм да.

Падышанын кирпиктери санааркагандай бир саамга ылдый түшүп, кайрадан көтөрүлдү.

— Менин атым падышаныкына үндөш. Соломон менин атым. Кош бол. Мен сени сүйөм.

V

Ушул күнү Ливан сарайынын залында, өз тактысында, ага келген адамдардын маселелерин териштирип жатып, маңдайы жарык, кубанычтуу олтурду Соломон.

Төрт катардан кырк түркүк ушул сот өтүүчү жайдын шыбын тиреп турат. Алардын бардыгы кедр менен капталып, лилия түрүндөгү капитель менен аяктайт; пол чынар тактайлар, дубалдары пальма, ананастар, периштелердин сөлөкөтүндөгү алтын оймо-чиймелер түшүрүлгөн кедр менен жабылгандыктан, таш дубал көрүнбөйт. Үч түстөгү залдын төрүндөгү бийик тактыга алты тепкич алып барат, ар бир тепкичтин капталына бирден, бронзадан куюлган арстандардын эки сөлөкөтү. Такты пил сөөгүнөн жасалып, алтын менен шөкөттөлгөн, чыканак койгучтары жаткан арстандын алтындан куюлган сөлөкөтүндө. Тактынын бийик жөлөнгүчү төгөрөк менен бүтөт. Залга кире бериштеги сотко арыздангандар, сурангандар, күбөлөр, бекем кайтарууда турган кылмышкерлер жана күнөөлүүлөр чогулган беш колоннаны, сот өтүүчү жайдан полдон шыпка чейин тартылган кочкул кызыл, мала кызыл кездемеден жасалган көшөгөлөр бөлүп турат.

Падыша кызыл хитончон, башында алтынга карматылган алтымыш берилли бар жөнөкөй кууш таажы. Падышанын оң жагында энеси Вирсавийдин тактысы, бирок жашы өйдөлөп калгандыгына байланыштуу, ал киши шаарда көп көрүнбөйт.

Беттерин кара сакал баскан, катаал өңдүү ассириялык коноктор дубал бойлой коюлган яшмадан жасалган отургучтарда орун алышкан; кийгендери этек-четтери кызыл, ак менен саймаланган ачык, оливка түспөлүндө. Алар тигил, өздөрүнүн Ассириясында эле Соломондун адилет соту тууралуу көп угушкан; эми Израилдин падышасынын соту тууралуу айтып барганга, ар бир сөзүн кунт коюп угуп олтурушат. Алардын ортосунда Соломондун аскер башчылары, министрлери, аймак башчылары, жакын жан жөөкөрлөрү. Бул жерде Ванея – бир кездеги падыша желдети, Иоава, Адоний, Семеянын башын алган, — азыр аскерлердин башкы башчысы, пекене бойлуу, толук, узун сакалдуу абышка; анын аңтарып койгондой кызыл кабак менен курчалган, курчу кеткен көгүш көздөрү оту жок, жансыз тиктейт; оозу шилекейлешип ачылып; астынкы кызарган калың эриндери  шалпайып ылдый түшкөн; башы дайыма кыйшайып, калчылдап турат.

Узун бойлуу, кекээр, жаргак бет, көздөрүнүн астын кара так баскан, оорукчан Нафандын уулу Азарий; шайыр мүнөз, унутчаак падышанын тарыхчысы Иосафат; падышанын сарай башчысы Ахелар; падышанын досу деген бийик наам алып жүргөн Завуф; Соломондун улуу кызы Тафафиинин күйөөсү Бен-Авинодав; Васандагы Арговни облусунун акими Бен-Гевер, анын кол алдында жез менен капталган дарбазалары бар, бийик дубалдуу алтымыш шаар бар. Бир кездерде отуз парасанга найза ыргытып атак алган Хушаянын уулу Ваана жана башка көптөгөндөр бар. Алтымыш жоокер, алтын жалаткан шлемдери, калкандарын жаркылдатып тактынын оң жана сол жагында. Бүгүн алардын башчысы келбети келишкен,  тармал чачтуу Ахилуданын уулу Элиав.

Биринчи болуп өз арызы менен Ахнор деген бирөө кирди, кесиби асыл таштар боюнча зергер экен. Финикиядагы Бенеде иштеп жүрүп, асыл таш таап алган экен. Аны  жасалгалап туруп, Иерусалимге бараткан досу Захарийден аялыма берип кой деп, берип жибериптир. Бир мезгилдерден кийин Ахнор үйүнө кайтат. Аялы менен көрүшүп-көрүшпөй эле асыл таш тууралуу сурайт. Аялы күйөөсүнүн суроосуна таң калып, эч кандай асыл таш көрбөгөнүн айтып, касам ичет. Ахнор досу Захарийге келип сураса, ал да касам ичип, келери менен асыл ташты Ахнордун аялына эки күбөнүн көзүнчө бергенин айтып, күбөлөрдү чакырат. Күбөлөр Захарий асыл ташты алардын көзүнчө Ахнордун аялына бергендигин ырастайт.

Мына эми төртөө тең, — Ахнор, Захарий, эки күбө – Израил падышасынын тактысынын астында турушат.

Соломон ар биринин көзүн тиктеп, кароолчуларга буюрду:

— Төртөөнү тең өз өзүнчө камап койгула.

Буйрук аткарылгандан кийин, төрт бөлүк коңур кургак ылай алдырды.

— Ар бири  асыл таш кандай болгонун жасап чыксын, — деди падыша.

Бир аздан кийин ылайдан жасалган асыл таштын түспөлү даяр болду.

Биринчи күбө асыл таштын түспөлүн адатта асыл таштар жасалгаланып жүргөн аттын башына окшотуп, экинчиси – койдун башына окшотуп жасаптыр, экөө гана – Ахнор менен Захарий бирдей, аялдын эмчегинин түспөлүндө жасаган экен.

Ошондо падыша мындай деди:

— Захарий күбөлөрдү сатып алгандыгы сокурга да белгилүү. Захарий ташты Ахнорго кайтарып берсин, ошону менен кошо отуз жарандык сикл соттук териштирүүнүн чыгымын төлөсүн, он жарандык сикл ыйык храмга төлөсүн. Өздөрүн өздөрү ашкерелеген күбөлөр болсо, жалган күбө өткөнү үчүн казынага ар бири беш сиклдан айып төлөсүн.

Экинчи болуп Соломондун тактысын мураска талашкан үч бир тууган келди. Атасы өлөр алдында аларга айткан экен: “Силер кийин бири бириңден мурас талашып чатакташпас үчүн, көзүмдүн түрүүсүндө адилет бөлүштүрүп койдум. Мен өлгөндөн кийин үйдүн артындагы токойчонун ортосундагы дөңчөнү казгыла. Андан үч бөлүктөн турган куту табасыңар: билип алгыла, үстүнкү бөлүктөгү – улуусунуку, ортоңку бөлүктөгү — экинчи балама, үчүнчү бөлүктөгү – кичүүңөрдүкү”. Атасы өлгөндөн кийин айтканын аткарып кутуну казышса, кутунун биринчи бөлүгү толтура алтын тыйындар, экинчисинде жөнөкөй эле сөөктөр, а үчүнчүсүнө жыгачтын сыныктары салынган экен. Эки кичүүсү улуусуна ичтери күйүп, бири бирин душман көрүп чатакташып, акыры падышага кеңеш сурап кайрылууну чечишиптир. Ушул жерде бири бирине акаарат келтирип, айтышып жатышты.

Падыша аларды угуп, башын чайкап мындай деди:

— Талашыңарды токтоткула; таш оор, кум да жеңил эмес, бирок макоолордун чатагы андан да оор. Силердин атаңар акылдуу, адилет адам болсо керек, өз мурасы тууралуу жүз күбөнүн көзүнчө айткандай эле ачык билдириптир. Ушуну билген жоксуңарбы, акылы жок бакырчаактар. Мына, улууңарга бардык акчаны бериптир, орточуңарга – бардык малды жана кулдарды, а кичүүңөргө – үйдү жана айдоо жериңерди калтырыптыр. Баргыла, ынтымакта жашап, бири-бириң менен экинчи урушпагыла.

Ошондо үч бир тууган – эмки эле элдешпес душмандар – кубангандан маңдайлары жарылып, падышага кулдук уруп, кол кармашып чыгып кетишти.

Падыша дагы бир мурас тууралуу маселени, мындан үч күн мурда башталган талашты да чечти. Бир адам өлөрүндө, бардык мал-мүлкүн эки баласынын эң татыктуусуна калтырам дептир. Экөө тең татыктуумун деп эсептешип, маселени чечкенге падышага келишкен экен.

Соломон алар кесиби боюнча ким экенин сурап, экөө тең жаа тарткыч-аңчылар экенин билип мындай деди:

— Үйүңөргө баргыла. Мен атаңардын сөөгүн дарактын жанына койдурам. Кимиңер атаңардын көкүрөгүнө таамай атаарыңарды билели, андан кийин талашыңарды чечебиз.

Мына эми, бүгүн эки бир тууган тең падыша тарабынан алардын кылганын байкоого алган адам менен келип отурат. Ошол адамдан Соломон мелдеш кандай бүткөнүн сурады.

— Мен сиз айткандын бардыгын орундаттым, падышам, -деди ал адам. — Абышканын сөөгүн дарактын жанына коюп, бир туугандарга өздөрүнүн жаасын жана жебесин бердим. Улуусу биринчи атты. Жүз жыйырма беш чыканак өлчөм жерден тирүү адам болгондо жүрөгүнө тийгендей таамай атты.

— Жакшы. Таамай аткан экен, — деди Соломон. –А кичүүсүчү?

— Кичүүсү… Мени кечирип кой, падышам, мен сенин буйругуңду так аткарта алган жокмун… Кичүүсү жаага жебесин салып, тартып келип эле жааны түшүрүп, мага бурулуп: “Мен мындай кыла албайм, атамдын сөөгүнө жебе жибере албайм”, — деп ыйлап жиберди.

— Анда атасынын мурасы ошол баласына калсын,- деди падыша. — Ошол баласы татыктуу экен. Улуусу болсо, кааласа, менин жан сакчыларыма кошулса болот. Мага ушундай жүрөгүн жүн басып калган, таамай колдуу, курч көздүү, күчтүү, ач көз адамдар керек.

Андан кийин падышага үч адам келди. Үчөө чогу соода кылып жүрүп, бир топ акча табышкан экен. Иерусалимге кайтуучу мезгил келгенде алтындарын кайыш курга тигип алып жолго чыгышат. Жолдон токойго түнөп, “сактыкта кордук жок” деген ой менен курду жерге көмүп коюшуптур. Эртең менен карашса, кур көмүлгөн жеринде жок.

Бири бирин ууру туткан үчөө тең жылма сөздүү, абдан митайым адамдар экенин байкаган падыша мындай деди:

— Силердин ишиңерди чечээрден мурда, мени угуп тургула. Бир сулуу кыз бөлөк шаарга кетип жаткан өз сүйгөнүнө, ал келгиче кыздык белгисин эч кимге бербей, сактап, аны гана күткөнгө убада берген экен. Бирок жигит көп өтпөй, башка шаарда, бөлөк кызга үйлөнүп алат, бул кызга да угулат. Кыз жашаган шаардан, бала кезден бирге өсүп, жакшы билген  бир жигит кызга жуучу жиберет. Ата-энесинин сөзүнөн чыга албай, башка жигитке берген убадасы тууралуу айткандан бир чети уялып, бир чети коркуп, ошол жигитке турмушка чыгат. Той бүтүп, жатканга келгенде кыз сурана баштады: “Мага мурдагы сүйлөшүп жүргөн жигитим жашаган шаарга барып келгенге уруксат бер. Ал менин антымды жандырсын, ошондон кийин сага кайтып келип эмне кааласаң, бардыгын аткарам!” Жигит кызды абдан жакшы көргөндүктөн анын өтүнүчүнө макул болуп, кыз жолго чыгыптыр. Жолдо каракчыга жолугуп, ал кызды тоноп, эми зордуктап койорунда, кыз анын бутуна жыгылып, анын актыгына тийбесин суранып, каракчыга башынан өткөндүн бардыгын, башка шаарга эмнеге баратканын ыйлап айтып берди. Каракчы кызды угуп, анын антка бекемдигине, күйөөсүнүн айкөлдүгүнө таң калып, тоногондорун кайрадан берип, кызды коё берген экен. Эми суроо туулат. Кудай алдында кимиси туура иш кылды – кызбы, күйөөсүбү же каракчыбы?

Сотко келгендердин бири антка бекемдиги үчүн кызды мактады, экинчиси күйөө жигиттин сүйүүсүнө, ишеним артканына суктанды; үчүнчүсү — каракчынын кылганы анык айкөлдүк деп тапты.

Ошодо падыша акыркысына айткан экен:

— Алтын тигилген курду сен уурдагансың, анткени сен табыятыңдан ач көз, башкалардын оокатына көз арткан адам экенсиң.

Ал болсо колундагы узун таягын жанындагы жолдошторунун бирине кармата коюп, ант берип жаткансып колдорун көтөрүп:

— Иеговону күбөгө тартам, алтын менде эмес, алтын бул адамда. — Таяк кармап турган жолдошуна ишаарат кылды.

Падыша күлүп, жоокерлеринин бирине:

— Бул адамдын таягын алып теңинен бөлө сындыр, — деди.

Жоокер Соломондун буйругун аткарып, полго алтын тыйындар куюлуп калды, анткени ууру таякты оюп, алтындарды солоп койгон экен; ууру болсо падышанын акылына таң берип, бутуна жыгылып, өзүнүн күнөөсүн мойнуна алды.

Сотко Ливандык аял,  — куруучунун жарды жесири кирди.

— Мен адилеттик издеп келдим, падышам! Бардык болгон эки динарийге ун сатып алып аны ушул табакка салып үйгө алпараттым эле. Күтүүсүздөн катуу шамаал унумду учуруп кетти. О акылман падышам, бул чыгымымды ким кайтарат! Эми балдарыма бергендей эч нерсем жок.

— Бул качан болду эле?- деп сурады падыша.

— Бүгүн эртең менен, жарык түшүп калганда.

Соломон кемелери Иафф аркылуу Финикияга сатууга мүлк алып бараткан бир нече бай соодагерди чакыртып алды. Алар чочулап, залга киргенде падыша мындай деди:

— Бүгүн силер өзүңөрдүн кемелериңерге ылайыктуу шамал сурап кудайга же кудайыңарга сыйындыңар беле?

Соодагерлер:

— Ооба, падыша! Ошондой болгон. Кудайга биздин курмандыгыбыз жаккан экен, ал бизге ылайыктуу шамал жиберген, — дешти.

— Жакшы болуптур, — деди падыша. — Бирок ошол эле шамал жарды аялдын табакка салып келаткан унун учуруп кетиптир. Ошол чыгымымын төлөп койсоңор адилет болор эле. Кандай дейсиңер?

Падыша ушул үчүн эле чакырганына кубанган соодагерлер аялдын табагын майда жана ири күмүш тыйындар менен толтуруп ийишти. Аял ый аралаш падышага ыраазылык айта баштаганда, ал жылмайып мындай деди:

— Коё тур. Бүгүнкү таңдагы шамал мага да күтпөгөн кубаныч алып келди. Ушул соодагерлердин белегине мен да өзүмдүн падышалык белегимди кошом.

Падыша казна башчысы Адонирамга соодагерлердин күмүш тыйындары көрүнбөй калгандай кылып, табакты алтын тыйындар менен жаап чыгышын буюрду.

Соломон ушул күнү эч кимди капа кылгысы келген жок. Мурда жыл ичинде берилгенден да көп сыйлыктарды, акча, баалуу тартууларды ушул күнү таратты, Наффалимдин аймагынын акими Ахимаастын күнөөсүн кечирди, ага мыйзамдан тыш салык жыйнагандыгы үчүн ачууланып жүргөн, көптөгөн мыйзам бузгандардын жаза мөөнөтүн кыскартты, өзүнүн жан жөөкөрлөрүнүн, бирөөсүнөн башкасынын өтүнүчтөрүн да унутта калтырган жок.

Падыша Ливан сарайынын түштүк жактагы кичи эшигинен чыгып баратканда, анын алдында сары кайыш кийимчен, пекене бойлуу, кең далылуу, өңү кара-көк тартып, кара сакал баскан, өгүз моюн, апсайган каштарынын астында оор тиктеген сумсак көздүү адам турду. Бул Молох храмынын башкы жреци эле. Ал жалооруган үн менен бир эле сөз айтты.

— Падышам!..

Анын кудайынын бронзадан жасалган ичинде жети бөлүк бар эле: бири ун үчүн, экинчиси көгүчкөндөр, үчүнчүсү кой, төртүнчүсү кочкор, бешинчиси торпок, алтынчысы бука, жетинчиси болсо энелери алып келген, тирүү ымыркай бала үчүн, падышанын тыюу салганына ылайык, көптөн бери бош эле.

Соломон унчукпай жрецтин жанынан өттү, жрец колун созуп жалынгандай:

— Падышам! Сенин кубанычыңдын атынан өтүнөм!.. Падышам, мага ушуну ырайым кыл, мен сени кандай кырсык күтүп жатканын айтып берем.

Соломон жооп берген жок, жрец болсо карылуу колдорунун муштумун түйүп, ачуулуу көздөрү менен узатып кала берди.

VI

Суламифь кечинде акча алмаштыруучулар, күрөөканалар жана жыттуу бетмай сатуучу күркөлөр кырка тизилген эски шаарга барды. Ал жерде өзүнүн жалгыз асыл буюму – ортосунда алтын жылдызчалар менен шөкөттөлгөн шакекчелери бар күмүш сөйкөсүн үч драхма, бир динарийге зергерге сатты. Андан жыттуу май сатылуучу жайга барды. Терең, караңы таш коңулда бозомук арап амбрасы куюлган банкалар, ливан ладаны салынган баштыкчалар, жыпар жыттуу чөп таңылчактары, жыттуу май куюлган шишелер арасында мандаш токунуп, уйкусураган көздөрүн үлбүрөтүп, өзү да жыпар жыттанып карыган, семиз, бетин бырыш баскан, бычылган египеттик кыймылдабай олтурат. Финикиялык шишеден кичинекей карапага Суламифтин канча динарийлери болсо ошончо тамчы мирра тамчылатып, аны бүткөндөн кийин тыгыны менен карапачанын оозундагы майлардын калганын сүртүп, кытмыр жылмайды:

— Каратору кыз, жакшына кыз! Бүгүн сүйгөнүң сенин эмчектериңден өөп жатып: “Сенин денең кандай сонун жыттанат, жаным менин!” – дегенде мени эсте. Мен сага үч тамчы ашыгыраак тамчылатып койдум, — деди.

Түн кирип, ай Силоам үстүнө көтөрүлүп, үйлөрдүн агыш түсүн көгүш кара көлөкөлөр менен, дарактардын жашыл жалбырактарын бүдөмүк каралжын түскө аралаштырып салганда, Суламифь өзүнүн эчкинин териси жабылган төшөгүнөн туруп айланага кулак түрдү. Үй тынч. Сиңдиси дубалдын түбүндө, полдо терең дем алып уктап жатат. Тышта гана жол боюндагы бадалдардан түнкү куштардын үнү угулат, каны дүргүп кулагы шуулдайт. Ай нурунда кыйшайып полдо жаткан терезенин көлөкөсү капкасы даана көрүнөт.

Бакыт күтүп, сүрдөгөнүнөн калтырап, кийимдерин бут алдына шыпырып, аттап өтүп,  терезенин тору аркылуу түшкөн ай нуруна бөлөнүп, бөлмө ортосунда терезени беттеп жылаңач турду. Коюу мирраны ийнине, эмчектерине, курсагына тамчылатып, ушул кымбат баалуу жыпар жыттын бир да тамчысын ысырап кылгандан коркуп, колтугуна, мойнуна, көкүрөгүнө тез-тез шыбай баштады. Алаканы жылма сылагандан, чыканактары тийген сайын татты сезимдерди эңсеп, денеси дүркүрөйт. Жылмайып, титиреп терезеден бир жагы кара, экинчи жагы ай нуруна күмүштөй жаркыраган эки теректи тиктеп күбүрөйт:

— Бул сен үчүн жан биргем, сен үчүн сүйгөнүм. Жандан артык, эч кимге алмаштыргыс берекем! Анын башы — алтын, чачтары тармал, кара, эриндери – бал. Чыдабай күтүп атам. Менин бактым,  менин сүйгөнүм ошондой Иерусалимдин кыздары!

Мирра жыттанып өз төшөгүнө жатты. Көзү терезеде; колдорун жаш баладай болуп тизесине кысып алган, жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү бөлмөнү жаңыртып жаткандай. Бир топ убакыт өттү. Көзү ачык бойдон үргүлөп кеттиби, бирок жүрөгү ойгоо. Сүйгөнү жанында жаткандай. Оң колун башына жаздап, сол колу менен кучактап алыптыр. Кубанып да, чочуп да эсине келе түшүп жанынан сүйгөнүн издейт… Эч ким жок… Ай нуру дубалга жакындап, кыскарып, тике тийип калыптыр. Түнкү куштардын үнү, Кедрон булагынын бир калыптагы чулдураганы, түнкү кароолчунун сыздап ырдаганы угулат.

“Бүгүн келбей калса эмне болот?- деп ойлойт Суламифь. – Бүгүн келбе деп өтүнбөдүм беле, балким ошого макул болдубу?.. Иерусалимдин кыздары, силерден эликтердин жана талаа гүлдөрүнүн атынан суранам: сүйүүнү ойготпогула… сүйүү өзү келмейинче ойготпогула… Мына мага сүйүү өзү келди. Келчи батыраак, сүйгөнүм! Сени күтүп жатам. Бальзам тоосундагы жаш бугудай түйүлүп, бачым кел”.

Короодо аяр баскан кадамдан кум кычырайт. Кыздын жаны чыгат. Терезе аяр чертилди. Терезе торунун ары жагында бирөөнүн карааны… Сүйгөнүнүн үнү:

— Эшигиңди ачып кой, карындашым менин, сүйгөнүм, көгүчкөнүм, татынам менин! Башым шүүдүрүмгө суу болду.

Бирок Суламифтин денесин сыйкырдуу бир күч катырып салды. Турайын дейт. Тура албайт. Колдорун кыймылдатайын дейт, кыймылдата албайт. Эмне болуп жатканына түшүнбөй, терезени карап, шыбырады:

— Ах, тармал чачтары түнкү шүүдүрүмдөн суу болуп кетиптир! Бирок мен хитонумду чечип салбадым беле. Аны эми кантип кийем?

— Тур, жан биргем. Татынам менин, чык тышка. Таң атайын деп калды, гүлдөр ачылат, жүзүм аңкыган жытын чачат, ырдоочу убакыт келип калды, тоодон бактектин үнү угулат.

— Мен бутумду жууп албадым беле, — деп шыбырайт Суламифь, — эми кантип басам?

Караан терезеден көрүнбөй калды. Кадамдын добушу үйдү айланып, эшиктин алдына токтоду. Сүйгөнүнүн колу эшиктин тешигинен акырын кирди. Манжалары менен сыйпалап, эшиктин ички тосмосун издеп жатканы угулат.

Суламифь туруп, колдорун көкүрөгүнө бекем кысып, коркуп шыбырады:

— Сиңдим уктап атат, ойготуп аламбы деп корком.

Сандалына бутун салып, жылаңач денесине хитонун кийип, үстүнө жапкыч жамынып, кулпусуна мирранын жытын калтырып эшикти ачты. Эч ким жок. Таңкы үрүл-бүрүлдө карарган бадалдардын арасында агарган жолдон башка эч ким жок. Сүйгөнү күтпөй кетип калыптыр, кадамынын добушу да угулбайт. Ай кичирейип, агыш тартып бийик. Чыгыш жакта, тоо өркөчтөрүнүн үстүндө, таң алдындагы асман муздак кызгылтым тартып, алыста Иерусалимдин дубалы, үйлөрү агарат.

— Сүйгөнүм менин, Жанымдын падышасы! – деп кыйкырды Суламифь нымдуу түнгө. — Мына мен келдим. Сени күтүп атам… Кайрылып кел!

Эч ким унчукпады.

“Жол менен чуркайын, кууп жетем, сүйгөнүмдү кууп жетем, — деди Суламифь өзүнө-өзү. — Шаарды аралайм, көчөлөрдөн, аянттардан жаным сүйгөн адамды издейм. О, энемдин эмчегин эмген бир тууган агам болуп калсаң эмне! Сени шаардан жолуктуруп өпкүлөйт элем, эч ким эч нерсе айталмак эмес. Сени колуңдан алып, энемдин үйүнө жетелеп келмекмин. Сен мени үйрөтүп, мен сага анардын ширесин берет элем. Иерусалимдин кыздары, суранам силерден: менин сүйгөнүмдү көрүп калсаңар, мен сүйүүгө чырмалып калдым, айтып койсоңор”.

Өзүнө-өзү ушинтип кобурап, жол менен шаарды көздөй чуркап баратты.

Кыктуу дарбазасынын жанындагы дубал түбүндө түнү бою шаар кыдырып жүргөн эки кароолчу үргүлөп олтурушат. Алар ойгонуп, чуркап келаткан кызды таң калып карап калышты. Кичүүсү тура калып, колдорун керип жолду тосту.

— Токто, шашпа сулуу кыз! – деди күлкү аралаш. – Эмне мынча шашып? Сен жашырынып түндү өзүңдүн сүйгөнүңдүн койнунда өткөрдүң, анын жылуусу кете элек, биз болсо түнкү шүүдүрүмдөн чыйрыгып кеттик. Биз менен бир азга олтурсаң, ошол адилеттүүлүк болот.

Улуусу да ордунан туруп, Суламифти кучактагысы келди. Ал күлбөй, энтиге кышылдап  оор дем алып, көгөргөн эриндерин жаланды. Бетинде карттанып калган жаранын чоң тактары, таңкы үрүл-бараңда кишинин жүрөгүн түшүрөт. Ал мыңкылдап, кардыккан үн менен:

— Чындап эле сенин сүйгөнүңдүн башка эркектерден эмнеси артык? Көзүңдү жумуп алсаң айырмалай албайсың. Мен андан жакшыраак болушум керек, балким, андан тажрыйбалуу болсом керек.

Алар аны төшүнөн, ийнинен, колунан, кийминен кармалап жатышты. Бирок денесине май сүйкөлгөн, шамдагай, күчтүү кыз жылмышчаак экен. Ал алардын колуна жамынгычын калтырып жулунуп чыгып, артка, мурдагы изине түшүп катуу чуркап барат. Оюнун бардыгы Соломондо болуп, таарынган да, корккон да жок. Үйүнүн жанынан өтүп баратып, азыр эле өзү чыккан эшик ак дубалда төрт бурчтук болуп карарып, ачылган бойдон турганын байкады. Демин ичине алып, жаш мышыкча түйүлө калып, үн чыгарбай бутунун учу менен чуркап өттү.

Кедрон көпүрөсү менен өтүп, Силоам айылын айланып, таштуу жол менен өйдөлөп, Вати-эль-Хаванын түштүк жагындагы өзүнүн жүзүмзарына баратат. Агасы жүзүмдүн саптарынын арасында шүүдүрүмдөн суу болгон жүндүү жамынгычка оронуп уктап жаткан экен. Суламифь аны ойготту эле, жаш денеси таңкы таттуу уйкуга маталган эме ойгонбоду.

Кечээкидей эле Аназанын үстүндө таңдын кызгылт жалыны күйөт. Шамаал күчөдү. Гүлдөгөн жүзүмдүн назик жыты куюлуп турду.

— Барып сүйгөнүм турган дубалды карап келейин, -деди Суламифь. – Ал кармаган  ташка кол тийгизип, анын баскан изин өбөйүн.

Учуп күйүп, жүзүмдүн катарын аралап баратты. Шактарынан түшкөн шүүдүрүм буттарын муздатып, билектерине чачырады. Мына эми, Суламифтин кубанычтуу кыйкырыгы жүзүмзарды жаңыртты! Падыша дубалдын ары жагында турган экен. Ал кубанычтан жаркып, кучагын жайды.

Суламифь дубалдан куштай жеңил учуп өтүп, үн чыгарбай бактылуу онтоп, падышанын кучагына жыгылды.

Бир нече минут ушинтип туруп калышты. Соломон эриндерин кыздын оозунан бошотуп, ыракатка мас, үнү дирилдеп:

— О, кандай сулуусуң, сүйгөнүм менин, жаным менин,  кандай сулуусуң!

— Жаным менин, сүйгөнүм, сен кандай сулуусуң!

Сүйүнгөндөн жана ыраазычылыктан Суламифтин кубарып кеткен татынакай бетинде көз жашы чуурат – бактылу сезимдин көз жашы. Сүйүүдөн өзүн жоготуп, жерге жата, жинди сөздөрдү акырын шыбырады:

— Биздин төшөгүбүз — жашыл тулаң. Үстүбүздөгү шып – кедрлер… Өп мени бал татыган эриндериң менен. Сенин өпкөнүң шараптан артык…

Бир топтон кийин Суламифь Соломондун төшүнө башын коюп, Соломондун сол колу кызды бекем кучактап алды.

Кыздын кулагына эңкейип бир нерсе шыбырайт. Падыша кечирим сурап жаткандай, Суламифь анын сөздөрүнө кызарып, көзүн жумду. Ичти эзип жибергендей уяң жылмайуу менен:

— Агаларым жүзүмзарды кайтартып койушту эле… өзүмдүн жүзүмзарымды алдырып ийдим.

Соломон анын күнгө күйгөн кичинекей колдорун алып, ысык эриндерине такады.

— Сен ага өкүнүп атасыңбы, Суламифь?

— О, жок жаным, падышам менин, өкүнгөн жокмун. Эгерде сен азыр туруп кетип калсаң да, эгерде мен өмүр бою сени мындан ары көрбөй тургандай азапта калсам да, мен өмүрүм өткөнчө, сенин атыңды ыраазылык менен айта берем, Соломон!

— Айтчы Суламифь… Суранам, чыныңды айт, наристем менин… менин ким экенимди билчү белең?

— Жок, азыр деле билбейм. Мен… айткандан уялып жатам… Сен күлөсүңбү деп корком… Бул жерде, Вати-эль-Хав тоосунда кээде бутпарастардын кудайлары жүрөт дешет… Көпчүлүгү татынакай дейт… Мен ойлоп коём: Сен Осаристин уулу Гор, же башка бир кудай эмессиңби?

— Жок, мен болгону падыша элемин, сүйгөнүм. Мын ушул жерде, сенин күнгө күйгөн татынакай колуңдү өөп жатып, моюнума алам, мындан мурда; улан кездеги биринчи сүйүүнүн сезиминде да, атак-даңкка бөлөнүп турган ушул чакта да,  жүрөгүмө сенин бир эле жылмайганың, оттой жалындаган чачтарыңдын бир эле сылап өткөнү, кызыл эриндериңдин бир эле ийилгени салгандай, чексиз каалоону сезген эмес! Сен Кидар чатырындай, Соломондун храмындагы көшөгөдөй кереметсиң! Сенин эркелеткениң мени эсимден тандырат. Сенин эмчектериң — жыпар жыттанат. Эмчектериңдин үрптөрү – шарап сыяктуу!

— О, сылачы мени, эркелет мени сүйгөнүм. Көздөрүң эстен тандырат! О кандай бакыт: сенин каалооң мага, мага болуп жатпайбы! Чачтарың жыпар. Өзүң менин эмчектеримдин ортосунда жаткан топ миррадайсың!

Убакыт өз агымын токтотуп, алардын үстүндө күн шооласы болуп төгүлөт. Алардын төшөгү – жашыл тулаң, шыбы – кедр, дубалдары – чынар. Алардын чатырына сайылган туу – сүйүү.

VII

Падыша сарайында сегиз бурчтуу, салкын, ак мрамор бассейн бар эле. Анын түбүнөн кочкул-жашыл малахит баскычтар кетет. Алкагы кардай аппак, билинер-билинбес мала-кызыл өзөктүү, египет яшмасынын жасалган. Дубалына кымбат баалуу кара дарактын тактайлары капталган. Мала-кызыл сардоликтен[6] жасалган төрт арстандын оозунан бассейнге суу куюлат. Адам боюндай болгон атактуу сидондук усталардын колунан чыккан, жылмаланып сүрүлгөн сегиз күмүш күзгү жеңил ак колонналардын ортосундагы дубалга кадалган.

Суламифь бассейнге кирер алдында, жаш кызматкерлер сууга жыттуу суюктуктарды кошушту, суу агыш тартып, көгүш нур менен чагылышып, агыш опалдын[7] түсүндө. Суламифти чечиндирип жаткан күңдөр, анын денесин суктануу менен карап, чечиндирип күзгүнүн алдына алып келишти. Анын татынакай денеси назик алтын түк менен капталган алтын түспөл бышкан мөмөгө окшоп, кынтыксыз эле. Суламифь күзгүдөн өзүнүн жылаңач денесин карап, беттери кызарып, ойго батты: “Мунун бардыгы сен үчүн, менин падышам!”

Бассейнден тазаланып, сергип, жыпар жыттанып, денесинде суунун мончоктору чачырап чыга келди. Күңдөр египеттик зыгырдан токулган, кыска үлбүрөгөн ак туниканы, күн шооласынан түйүлгөндөй болуп алтындай жылтылдап куюлушкан саргондун кымбат виссонунан тигилген хитон кийгизишти. Бутуна улактын терисинен тигилген кызыл сандал кийгизип, оттой жанган кызгылт-кара чачтарын иргелген кара берметтер тизилген жиптер менен арчындап, колдоруна шыңгыраган билерик тагышты.

Ушул кийимдери менен Соломондун алдына келгенде, падыша кубанып:

— Бул ким таңкы шооладай жаркын, айдай сулуу, күндөй жарык? О Суламифь, сенин сулуулугуң тууларын желбиреткен полктон да сүрдүү! Жети жүз аял, үч жүз барымтадагы аялды, сансыз кыздарды билдим, бирок сага эч кимиси жетпейт, татынакайым менин! Сени көрүп ханышалар сен алардан бийик экениңди моюнга алышат, барымта аялдар сага тизе бүгүп, жер жүзүндөгү бардык аялдар сенин көркүңө суктанышат. О Суламифь, сен менин колуктум да, ханышам да болгон күн жүрөгүмдүн эң бактылуу күнү.

Суламифь оюу менен кооздолгон каалгага барып, жаагын тийгизди:

— Мен сенин күңүң эле болгум келет, Соломон. Мына мен кулагымды эшиктин кашегине такап турам. Сенден өтүнөм: Моисейдин мыйзамы боюнча, өз эрким менен сенин күңүң болгонумдун белгиси катары кулагымды тешип кой.

Соломон өз казынасынан көгүш-кызыл карбанкулдан алмурт түспөлүндө жасалган сөйкө алдырып, Суламифтин кулагына өз колдору менен такты да:

— Менин сүйгөнүм, меникисиң,  мен сендикмин, — деди.

Суламифти колдон алып, аларды жакын достору күткөн той залына жөнөштү.

VIII

Суламифь падыша сарайына келген таңдан бери жети күн өттү. Жети күн падыша экөө сүйүүдөн ыракат алып, каныга албай жатышты.

Соломон өз сүйгөнүнө асыл таштарды такканды жакшы көрчү. “Сандал кийген кичинекей буттарың кандай көрктүү!”- деп суктанып, тизелеп олтуруп бутунун ар бир манжасын өөп, Улуу Машайыктын эфодунда[8] да жок, сейрек кезигүүчү, кымбат асыл таш шакектерди бармактарына кийгизип жатып. Асыл таштардын ички түзүлүшү, сыйкырдуу касиети, сырдуу мааниси тууралуу анын айткандарын Суламифь көңүл коюп угаар эле.

— Мына анфракс, Офир жеринин ыйык ташы, — деди падыша. – Ал ысык, нымдашып тургандай. Карачы, кечки шооладай, адам канындай, анардын ачылган гүлүндөй, энгед жүзүмүнөн тартылган коюу шараптай, сүйүү түнүнөн кийинки таңдагы сенин эриндериңдей кып-кызыл, менин Суламифим! Бул сүйүүнүн, каардын жана кандын ташы. Безгек менен ооруган, каалоодон башын жоготуп чыдамы кеткен адамдын колунда бул жылымык тартып, кызыл жалын чачат. Кийчи колуңа, жаным, кандай жалын чачаарын көрөсүң. Аны жанчып туруп суу менен ичсе, бетке кызыл жүгүрөт, ич тазаланат, көңүл көтөрүлөт. Муну алып жүргөн адам эл башкарган касиетке ээ болот. Таш — жүрөктүн, мээнин дартын, эс тутумду дарылайт. Бирок бул ташты балдардын жанында алып жүргөнгө болбойт, анткени ал айланасына сүйүүгө болгон күчтүү каалоо жаратат.

Мына, жездей саргарган тунук таш. Бул таш алынган Эфиоп жеринде Мгнадис-Фза аташат. Мага муну менин аялым Астис ханышанын атасы, Египеттин фараону Суссаким тартууга берген, ага туткунга түшкөн падышадан келген экен. Карачы, көркү анча эмес, бирок наркы, — баа жеткис, анткени Мгнадис-Фза ташы дүйнөдө төрт гана адамда бар. Бул таш ач көз, күмүштү сүйгөн адам сыяктуу, күмүштү өзүнө тарткан касиети бар. Мен бул ташты сага белекке берем, себеби сенин жүрөгүң таза, жаман оюң жок жансың.

Мобу сафирлерди карачы, Суламифь. Булардын бири буудайдын арасына чыккан көк гүлгө, экинчиси күзгү асманга, дагы бирөө тынч жаткан деңизге окшош. Бул таш кыздыктын ташы – муздак жана таза. Алыс, оор жолго чыккандар суусунун кандырыш үчүн муну оозуна салышат. Таш айыкпас жараны айыктырып, жаман сөөлдү жок кылат, акылыңды курчутат. Юпитердин жана Римдин жрецтери муну сөөмөйлөрүнө тагынышат.

Бардык таштардын падышасы — Шамир. Гректер аны Адамас- жеңилбес аташат. Ал дүйнөдөгү бардык заттардан бекем, абдан күчтүү отко да күйбөйт. Бул жерге уюган, мезгилдерден муздаган күндүн жарыгы. Карачы Суламифь, анда бардык түстөр чагылышкан менен, өзү тунук, суунун тамчысындай кала берет. Ал караңгы түндө да жаркырайт, бирок адам өлтүргөн кишинин колунда күндүз да өчүп калат. Шамирди төрөтү кыйын болуп, кыйналган аялдын колуна байлашат, урушка кирген жоокерлер да сол колуна тагынышат. Шамирди ким тагынса — падышалардын сүймөнчүгү, аларга жин-шайтан да жолобойт. Шамир беттеги чаарды жоготот, дем алууну жакшыртат, түнкүсүн делбеленип басып кеткендерди айыктырат, уу заттардын жанында тердеп кетет. Шамир таштары ургаачы-эркекке бөлүнөт, жердин тереңине көмүлсө, төлдөп көбөйгөн касиетке ээ.

Айдын ташы, айдын жарыгындай агыш жана жоош, — бул таш халдейлик, вавилондук сыйкырчылардын ташы. Көзү ачыктар аны тилдин алдына салышат, таш аларга келечекти айтып бергенге жардам берет. Бул таштын ай менен байланышы бар, ай толгондо муздап, жарыгы ачыгыраак болуп калат. Бул таш аялзаты үчүн, жаш кыздан бой жеткенге айланган жылы тагынып жүрсө пайдалуу.

Бул смарагдуу шакекти такай салынып жүр, жаным. Анткени смарагд – Соломондун, Израил падышасынын сүйүктүү ташы. Ал жазгы чөптөй жашыл, таза, сүйкүмдүү жана назик. Аны көпкө карасаң, жүрөгүңдө кубаныч бийлейт; таң эртеңден карасаң, күнү бою сергек жүрөсүң. Мен сенин жатуучу жериңе смарагд илип коём, менин татынам; ал сени жаман түштөн сактап, жүрөгүң кагышын жөндөйт, жаман ойлорду качырат. Ким смарагд тагынса, ага жылаан, чаян жолобойт; Смарагды жылаандын көз алдына кармаса, анын көзүнөн суу чыгып, көздөрү соолуп калгыча куюла берет. Ууланган адамга смарагды майдалап жанчып, төөнүн ысык сүтүнө кошуп берсе, уу тер менен чыгат; мала-кызыл жытту майга кошуп, уулу жаныбарлар чаккан адамдарды дарылайт, шафранга кошуп ооруган көзгө басып, түнкү сокурлуктан айыктырат. Бул таш өтүшүп кеткен ич өткөктөн, көк жөтөлдөн арылтат.

Падыша сүйгөнүнө, Ливия тоо этектеринин токойлорунда эрте жазда ачылган фиалка түсүндөй ливия аметистин, аметистердин — шамалды баш ийдиргенге, ачуусу келген адамдын каарын жандырууга, мас болуудан сактаганга, жапайы айбандарды кармаганга жардам берүүчү керемет; сүйүүдө бакыт алып келген, жубайлардын урушун, жетекчиңдин ачуусун баскан, азоо атты үйрөткөнгө, аны сатканга жардам берүүчү персеполь бирюзасын; тагынып жүргөн адамдын үй-мүлкүн, акыл-эсин, ден-соолугун сактаган — мышык көз; агыш, жээктеги деңиз суусундай көгүш-жашыл верилий – көзгө ак түшкөндө, айыкпас жараны айыктырганга жардамы тийип, алыс жолго чыккандарга кубат; алып жүргөн адамды душман торунан, зилзалада жерге көмүлүп калгандан сактаган түрдү түстөгү агаттарды; чагылгандын огунан сактаган — бөйрөк таш, нефирит; кожоюнун оттон, жиндиликтен кайтарган, алма-жашыл, күңүрт-тунук – онихий; айбандарды титиретип коркуткан яспис; чечендикти арттырган кара чабылекей ташын; бүркүттөр балапан чыгарарда уясына салуучу, боюнда бар аялдар урматтаган бүркүт таш; кичинекей күн сыяктуу жаркыраган, Офир жергесинен табылган заберзетин; соодагерлер менен уурулардын досу, — алтын-саргыч хризолит; хандар жана ханшалар сүйгөн сардоникс; мала-кызыл лигирий: аны дубал артында көрө алган, көзү курч мадылдын ашказанынан алынат дешет, ошондон улам лигирий алып жүргөн адамдын көзү курч, андан башка да, мурундан аккан канды токтотуп, таш же темирден башка нерселер менен алынган кандай жарат болсо да айыктырган касиети бар.

Падыша Суламифтин мойнуна кымбат баалуу берметтен тизилген шуру такты, аны кол астындагылар Перс деңизинен тереңинен алышчу, бермет Суламифтин денесинин табынан жаркылдап, назик түс алды. Анын кара тору көкүрөгүндө коралдар да кызыл болуп көрүндү, бармактарындагы бирюзага жан кирип, алыскы түндүк жактагы деңиздерден Тир падышасы Хирамдын кемечилери алып келип, Соломонго тартууланган янтар буюмдар да Суламифтин колунда чыртылдап учкун чыгарып, ойноп атты.

Суламифь жаткан жерин түнгө даярдап, алтын жип менен саймаланган лилиялар менен жапты, падыша ыраазы болуп башын көкүрөгүнө коюп:

— Сүйгөнүм менин, сен Офир жергесиндеги падыша кайыгына окшошсуң, ыйык дарыяда, жыты аңкыган ак гүлдөрдүн арасында чайпалып, сүзүп бараткан жеңил алтын кайыкка окшошсуң.

Падышалардын падышасы, акылдуулардын акылдуусу —  падыша Соломонго — анын биринчи жана акыркы сүйүүсү ушундайча келди.

Андан бери көп кылымдар өттү. Падышалыктар жана падышалар болду, алардан чөл үстүндө өтүп кеткен шамалдай из калган жок. Көпкө созулган кандуу согуштар болду, ийгиликтүү аскер башчыларынын аттары аңыз болуп кылымдар бою эл оозунда атылып жүрдү, мезгил уланып, алардын да аты  унутулду.

Жүзүмзардагы жөнөкөй кыз менен улуу падышанын сүйүүсү эстен чыкпайт, унутулбайт, анткени бул сүйүү өлүм сыяктуу бекем сүйүү, анткени ар бир сүйгөн аял – ханыша, анткени сүйүү бул өмүр булагы!

IX

Соломон – акын, акылман жана падыша өз сарайына жүзүм зарда эртең менен жолуккан жөнөкөй кызды алып келгенден бери жети күн өттү. Жети күн падыша анын сүйүүсүнөн экөө ыракатка балкып, каныга албай жатты.

Анын өңүндө улуу кубаныч – күндүн жарыгындай улуу кубаныч бийлеп жүрдү.

Ачык, жылуу айлуу түндөр – сүйүүнүн таттуу түндөрү өтүп жатты. Жолбос териси төшөлгөн төшөктө Суламифь жылаңач жатат, падыша анын бут алдына олтуруп, измуруд кубогун алтын түстүү Мариотистин виносу менен толтуруп, сүйгөнүнүн ден соолугу үчүн ичет, жүрөгү кубанып, укмуштай акылдуу, илгерки болумуштарды айтып берет. Суламифтин колдору анын башын кучактап,  кара тармал чачтарын сылайт.

— Падышам менин, айтчы, мен эмнеге күтүлбөгөн жерден сени сүйдүм? – деп сурады Суламиф. — Таң калам, азыр бардыгын эстейм, менимче сени көрө электе эле, үнүңдү укканда эле сендик болуп калгандаймын. Жүрөгүм болкулдап, жайкы түндө гүл желге карай ачылгандай ачылып берди сага. Мени эмне менен арбап алдың, жаным?

Падыша Суламифтин назик тизелерине карай акырын башын ийип, жылмайып жооп берди:

— Миңдеген аялдар сага чейин, менин алтыным, өздөрүнүн сүйгөнүнө ушул суроону беришкен, жүздөгөн кылымдар сенден кийин да өз сүйгөнүнө ушул суроону беришет. Дүйнөдө мен түшүнбөгөн үч нерсе болсо, төртүнчүсүнө да акылым жетпейт: бүркүттүн асмандагы, жылаандын аскадагы, кеменин деңиздеги, эркектин аялдардын жүрөгүнө кеткен жолдору. Бул менин сөзүм эмес, Суламифь, бул Иакейдин уулу Агурдун окуучуларынан уккан суроо. Бирок башка бирөөнүн сөзүн да урматтайлы.

— Ооба, — деди Суламифь ойлуу, — балким адам баласы чындап эле муну акырына чейин түшүнбөйт. Бүгүн той болуп жатканда менин төшүмдө жыты аңкыган гүл тагылып турду эле. Сен столдон тургандан кийин гүл жыттанбай калды. Менимче жаным, сени аялдар да, эркектер да, айбандар да, ал эмес гүлдөр да сүйөт. Мен дайыма ойлоном, анан түшүнбөйм: сенден бөлөк бирөөнү кантип сүйгөнгө болсун?

— Сенден бөлөктү да, Суламифь! Сени мага жолуктурган кудайга ыраазымын.

— Эсимде, мен дубалдагы ташта отурат элем, сен колуңду колумдун үстүнө койдуң. Менин тамырларымды от аралап өткөнсүдү, башым тегеренип кетти. Ошондо ойлодум: “Мына менин эгем, мына менин падышам, менин жан биргем!”

— Эсимде, Суламифь, менин үнүмө кандай бурулганың эсимде. Сенин жука көйнөгүңдүн ичиндеги денеңди, татынакай, мен кудайымдай көргөн денеңди көрдүм. Мен күн өөп калтыргандай  алтын түк каптаган ошол денеңди сүйөм. Сен фараондордун согуш арабасына чегилген жылкыдай сулуусуң, Аминокодавдын арабасындай көрктүүсүң. Көздөрүң булактын жээгинде олтурган эки көгүчкөндөй.

— О жаным, сенин сөздөрүң менин эсимди алат, колдоруң өрттөйт, падышам менин, сенин буттарың мрамор мамыдай. Курсагың лилия менен курчалган буудайдын аңызындай.

Үнсүз айдын нуру менен курчалган алар, убакытты, кайда отургандыгын унутуп, сааттар өтүп, түнөк бөлмөсүнө терезенин тору аркылуу кирген таңкы жарыкка таң калышар эле.

(Уландысы бар)

Которгон Марсел ИСАКОВ

[1] Певга, ситтим жана фарсис жыгачтары – Библия боюнча Соломон падышанын мезгилинде үй ичин жасалгалоого жана музыкалык аспаптарды жасого колдонулган кымбат баалуу жыгачтар.

[2] Виссон – байыркы фараондор, падышалар кийген кымбат баалуу жука ак кездеме.

[3] Кара-кочкул түстөгү таш.

[4] Жүзүмдөн башка өсүмдүктөн жасалган спирттик ичимдик, арак.

[5] Топчу.

[6] Сардолик – мала кызыл, саргылт – кызыл минерал, асыл таш.

[7] Опал – асыл таш.

[8] Улуу Машаяктын эфоду – байыркы Израил мамлекетинде диндин башында турган адам. Анын кызматтык кийими эфод делип, он эки асыл таш менен шөкөттөлгөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.