Кыргыз адабиятынын учурдагы калыптанышы руханий дөөлөт башатындагы элдик оозеки адабияттан, акындар чыгармачылыгынан, анын ичинде өнөрү айырмалуу жазма адабий мурастардын классикалык үлгүлөрүнөн, чыгармачылыкта ойчулдукту, акылмандыкты, сынчыл чечендикти, артисттик, аткаруучулук, обончулукту камтыган синкреттүүлүктү талап кылган төкмө акындардын чыгармачылыгынан башат алып, куралган. Ушул чыгармачылык өнөр калкыбыздын болмушу менен дүйнөтаанымын, улуттук аң-сезимин, менталитетин, утут тууралуу жазылбаган мыйзам-эрежелерин оозеки урпактан-урпакка аманат кылып келди.

Кыргыз элинин ата-бабасынын сактап келген мекенин, салт-санаасын, үрп-адатын, мекенчилдик сезимдерин, адамкерчилик-ыймандык касиеттерин, эне-тилди барктоону,  калыптанган байыркы ишенимдерди, диний түшүнүктөрдү кастарлоону акындык поэзиянын адабий дөөлөттөрү, руханий кызматы аркылуу бүгүнкүгө сактап келди. Бул милдетти учурдагы адабиятта мүнөздөрдүн өсүшү аркылуу көрөбүз. Улуттук мүнөз — адабий чыгармадагы кейипкердин улуттук сыпаты менен аныкталган мүнөзү, анын белгилүү бир калктын өкүлү экендигин тааныткан психологоялык жана ойлоо, сүйлөө өзгөчөлүгү. Ал коомдук-саясий, руханий жана экономикалык жагдайлардан улам калыптанат.

Дүйнөнү улуттук көрүнүш менен кабылдоо ар бир адамдагы негизги касиет.  Өнөрдө да, адабиятта да  адам бейнесинин бул касиети толук көрүнүп турат. [1.6] Демек, кандай гана эл болбосун ал элдин адабий туундуларын ошол элдин калыптанышынан бөлүп кароого болбойт. Элдин адабий, маданий туундулары ошол элдин адбиятын, маданиятын аныктоо менен анын философиясын, дүйнөтаанымын, адам жана ал жашаган коомдун маселелерин, көйгөйлөрүн, ар-намысын, атуулдук-мекенчилдик ж.б. мүнөздөрүн аныктайт. Ушул жагынан алып караганда акындык поэзиянын негизи — кыргыз элинин улуттук сыпатын аныктаган коомдук-саясий, социалдык-турмуштук абалдарынын, көз-караштарынын жыйнакталган дүйнөтаанымдык болмушу.

Ал эми кыргыз дүйнөтаанымы кыргыздардын дүйнөнү аңдоодогу ишенимдеринин доорлорду басып өтүүдөгү калыптанган жазылбаган баш мыйзамын жана эл болуп жаралгандан берки тажрыйбалуулук, турмушундагы изденүүсүнөн келип чыккан философиясын камтыган элдин руханий дөөлөтү [2.30] катары бааланышын эске алсак,  кыргыз дүйнөтаанымы ошол элдин руханий дөөлөттөрү катары каралса, ошол дөөлөттөр өз кезегинде элдин дүйнөтаанымын аныктоочу фактор катары кызмат кылат. Демек, улуттук дөөлөт менен улуттук дүйнөтааным бирин экинчиси толуктап турган түшүнүк экенин көрөбүз.

Соңку жылдардагы «баардыгы адам үчүн, адамдын жыргалчылыгы үчүн» деген адамды жаратылыштан жогору койгон идеялардан айырмаланып кыргыз философиясында адамды өзү жашап жаткан жаратылыш менен эриш-аркак жашоого үндөйт [2.26]. Мындай идея акындардын (Жеңижок, Токтогул, Барпы, Эсенаман ж.б.) «Аккан суу» аталышындагы ырларынан, санат-термелеринен тартып бир-канча айтыштарында сакталган. Мындай чыгармалар кайсы бир акындын дүйнөтаанымы иретинде калбастан, жалпы элдик реалдуулукка карата  көз карашынын туюнтулушу катары бааланган.

Айтыш өзү өнөр катары кыргыз элинин көп кылымдар бою калыптанган тарыхында эл чогулган аш-тойлорунда, белгилүү бир саясий мааниси бар жыйындарда,  болбосо кадыресе өнөр майрамдарында ырдалуучу өнөр жарышы экендиги менен улуттук-этнографиялык, салттык мүнөзгө ээ өнөр. Башкасын албаганда да  акындардын аш-тойлордо жар чакырып айтышуусу бул өнөрдүн этнографиялык мүнөзүн даана далилдейт. Жар чакыруунун өзүндө мисалы нике тойдо, той баштар, жар-жар, нике кыяр, бет ачар сыяктуу жөрөлгөлөр тууралуу алым сабактар айтылып, калктын көп кылымдан берки калыптанган салттык жосундары ырдалат. Мындай жөрөлгөлөрдү жоктоо, угузуу,  жарамазан, бата ж.б. мүнөзүндө айтылган айтыштардан да кезиктирүүгө болот. Мисалы, Бука ырчынын Айгандын баласы өлгөндө угузганы, Коргоолдун Токтогулдун уулу Топчубайды угузганы ж.б. Мындай жоктоо, угузуу иретиндеги айтыштарда адам менен коомдун ортосундагы байланышы, коомго кылган жакшылыктары тарых менен байланыштырыла айтылып, эпикалык мүнөз  алгандыгы байкалат.

Айтыштарда калкыбыздын кылымдардын кыйырынан бери калыптанган таалим-тарбиялык идеялар, адамкерчилик-ыймандык сапаттар ширелише келип улуттун этнопедагогикалык, этнопсихологиялык табылгаларына салым кошуп турат. Байыркы мезгилдердеги  «Жигит менен кыз», «Кыз менен жигит», «Эпкиндүү келин менен жалкоо жигиттин» айтышы сыяктуу айтыштарда кыргыз кызы менен жигитинин кулк-мүнөзү, жүрүм-турумдары саналып, калыптанып калган кыргыз мүнөзүнө коошпогон терс сапаттары сыналган.

Кыз:

Кээ бирөө келиштирип кийим кийип,
Көйкөлтүп кылтылдатып жорго минип,
Мингени ат, кийгени абдан жакшы
Бирок да мас болушат арак ичип.
Арыкка же ылайга оонап калат,
Жарабас бул өңдөнгөн тиричилик.

Жигит:

Кээ бирөө тура албайт бир жеринде
Сүйлөшкөн жары менен бир кебинде.
Сонундап бирден-бирге тандап тиет,
Жылына эки күйөө эң кеминде [3.11].

Айтыштардагы улуттук сыпат нравалык-этикалык идеяларды, жакшылык-жамандык, жашоонун маңызы, бакыт, адамкерчилик, адилеттүүлүк ж.б. элдик көз караштарды мүнөздөшү аркылуу берилет. Ошондой эле табият, адам, турмуш, аалам ж.б. түшүнүктөр кылымдан-кылымга татаал мезгилдин элегинен өтүп, тарыхый доордун, этностук таанымдын өзгөчөлүтөрү менен шартталып, жалпы элдик мурастын баалуу бөлүгүн түзүп турат. Дүйнөнүн жаралышы, өнүгүшү жана андагы адам менен коомдун орду жөнүндөгү кыргыздардын жаратылыш менен шайкеш жашоосунан алынган ой жүгүртүүлөрү, көз-караштары да айтыш ырларынын тулкусуна сыйдырылып, улуттун өзгөчөлүктөрү ачык байкалып турат. М: Жеңижок менен Эсенамандын, Жеңижок менен Нурмолдонун айтыштарында он сегиз миң Ааламдын жаралышы, асман жердин, табияттын жаралышын, андагы адамзаттын орду айтылып,

«Берекенин баарысы,
Жерде кылган эмеспи.
Жер дүйнөнүн баарысын
Элде кылган эмеспи,
Өмүрдү чак жаратып,
Пенде кылган эмеспи [4.208]» — делип кыргыз дүйнөтаанымынын улуттук философиялык маңызын ачууга жетишет.

Акындар айтышындагы улуттук сыпаттын башкы көрсөткүчү акындын ата-бабаларынын тек жайын, калктын жакын элдер менен болгон байланышын, тарыхын, калыптанган салт-санаасын жетик билүү болуп саналат. Адамдын өз тек-жайын билүү кыргыздарда «жети ата» түшүнүгү менен аныкталат. Башкача айтканда, өз атасына чейинки жети атанын тегин билүү, ошого карата иш алпаруу, эгер парасаттуу адамдын тукуму болсо ата-тегинин намысын түшүрбөө үчүн аракеттенип, атанын уулу атыгууга умтулуу керек экени жазылбаган мыйзам өндүү сакталган.

Бул жагынан алганда кыргыз акындарынын чыгармаларында айрыкча айтыш өнөрүндө бул маселеге олуттуу көңүл бөлүнүп, айрым кордоо айтыштарында ата-бабаларынын тексиз же тектүү экенине карап каршылашынын кордоолоруна тушуккан мезгилдер кезигет. Бирок, ошондой мезгилде да жүйөлүү ой айтып, өнөрлөшүнүн айткандарына аргументтүү жооп кайтаруу мыкты акындардын гана шыбагасына таандык. М: Калык менен Эшмамбеттин айтышындагы Калыктын атасынын жыгач усталыгын айтып  Эшмамбет шылдыңдоого өтөт. Ошондо Калык:

Атам кыйган жыгачтын
Ар бирине келейин.
Атам үчүн көпчүлүк
Анык жообун берейин.
Карагайды кыйды деп
Кабыргаң жаман кайышса
Ал катының беле, Эшмамбет?
Андан майда четин,  тал
Балдарың беле, Эшмамбет? — деп келип, «жыгачтан башка бар болсо, атамдын айтчы айыбын» — деген собол менен Эшмамбеттин шылдыңына  жүйөлүү жооп айтып абалдан чыгат.

Айтыш-өнөр сыналткан чыгармачылык болгондуктан, жөн гана ырдап коё бербестен татаал таймашта канча кылымдан бери калыптанган кыргыз дүйнөтаанымындагы калыптанган жол-жоболор, мыйзам, жосундар менен тааныштыгын аныктап, ар бир жүйөөлүү пикирге карап акындардын талантынын күчү сыналгандыктан Калык да өз чыгармачылыгынын мыктылыгын жооптору менен далилдей алган. Мындай айтыштар элдин жазылбаган баш мыйзамындай, миңдеген жылдар бою элди башкарып келген көөнөргүс мурасы, салты, ж.б. ырым-жырымдары коштолгон, кыргыз наркы [2.26] жыттанып тургандыгы менен  айырмаланат.

Айтыштардан кыргыз элинин байыркы ата-тегинин канатташ жайгашкан калактары менен болгон турмуштук, салттык алака-катыштарын көрүүгө болот. Мисалы, Сүйүмбай менен Арстанбектин айтышында эки элдин акыны өз элинин журт жакшыларын, бектерин,  баатырларын ырдап, эки элдин улуттук табылгаларын поэтикалык тил менен бергенге аракеттенет. Ошондой эле айтыштардагы  акындардын туулган жер, Ата Мекен тууралуу атуулдук, мекенчилдик идеяларын ачык байкайбыз. Демек, акындардын айтыштарынын улуттук сыпатын аныктаган төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрүн көрүүгө болот:

  • Кыргыз элинин адабий туундулары улуттук дүйнөтаанымдын негизинде улуттук мүнөздөр менен сыпатталып, элдин калыптанышынан, өнүгүшүнөн бөлүп кароого болбой тургандыгы менен аныкталат. Ушул жагынан караганда акындар чыгармачылыгы кыргыз элинин улуттук дүйнөтаанымдык сыпатын аныктаган өзүнчө этап;
  • Айтыш – улуттук-этнографиялык, салттык мүнөзгө ээ өнөр;
  • Айтыштарда калкыбыздын кылымдар бою калыптанган таалим-тарбиялык идеялар, адамкерчилик-ыймандык сапаттар ширелише келип улуттун этнопедагогикалык, этнопсихологиялык табылгаларына салым кошуп турат;
  • Айтыштардагы улуттук сыпат нравалык-этикалык идеяларды, жакшылык-жамандык, жашоо маңызы, бакыт, адамкерчилик, адилеттүүлүк ж.б. элдик көз караштарды мүнөздөшү аркылуу берилет;
  • Дүйнө, адам, коом, адамдын коомдогу орду жөнүндөгү кыргыздардын жаратылыш менен шайкеш жашоосунан алынган ой жүгүртүүлөрү, көз караштары да айтыш ырларынын тулкусуна сыйдырылып, улуттун өзгөчөлүтөрү ачык байкалып турат;
  • Айтыштардагы улуттук сыпаттын башкы көрсөткүчү акындын ата-бабаларынын тек-жайын, калктын жакын элдер менен болгон байланышын, тарыхын, калыптанган салт-санаасын жетик билүүсү менен сыналат.

Адабияттар:

  1. Өмүрбаева Т.Ш. Акындык поэзиядагы улуттук сыпат жана көркөм ойлоо (XIX к. аягы XX к. биринчи жарымы). Ф.и.к. окум дар. изд. алуу үчүн жазылган дисс. Авторефераты — Алматы, 2010-жыл.
  2. Жумабаев Б. Кыргыз дүйнөтаанымы.- Б., 2010
  3. Айтыштар / Түз: А.Токомбаева-Ф., 1972.
  4. Жеңижок. / Түз.: А.Акматалиевдин жалпы ред. астында. –Б., 1999.
  5. Жумабаев Б., Аматова Г. Легендарлуу ойчулдардын дүйнөтаанымы.- Б., 2011.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.