Бозону саттырган – сатуучунун ачуу үнү.

♦ ♦ ♦

Жашоону   зордук, жаза жана ишениш керек болгон жалгандар менен курчалган  тар чөйрөдө, тынымсыз оюн ойноо абалы болгонун алгач ушул күндөрү сезе баштадым. Жашоо – адамгерчиликтин ордуна  жүрөктөн жашалышы керек болгон бактылуулук.

♦ ♦ ♦

Дароо башкасын тапкандыр,  болбосо ал чыдай албайт!

♦ ♦ ♦

Көчөдө  өңү өчкөн, боз кийимчен,  түнт, кордолгон адамдар кетип, ордуна чуулуу, кыймылдуу,  көк бет адамдар келиптир.

♦ ♦ ♦

Бизден бир муун жогорку жазуучулар коомдук жоопкерчиликти сезген, адабият ахлакка жана саясатка кызмат кылышы керек деп ойлонгон жазуучулар эле.   Көпчүлүк кедей  өлкөдөгү жазуучулар сыяктуу, таланттарын – өлкөсүнө кызмат кылуу максатында жашашты.  Мен алар сыяктуу болгум келбейт.

♦ ♦ ♦

Чынында эң таза сүйүү – таануу эмес,  эч көрбөгөн кишиге карата болгон сезим.  Көзү азиз адамдар чыныгы таза сүйүшөт.

♦ ♦ ♦

Абдан сүйгөн жанга эч ойлонбостон  эң баалуу нерсебизди берсек, мына ошондо гана дүйнө кооз болот,  мен ушул нерсеге ыйлап жатамын, кичинекей айым.

♦ ♦ ♦

Жакшы достук үчүн сырдашуу эң жакшы башталыш…

♦ ♦ ♦

Мээмде  кызыктай ой бар эле – ичимде бул  заманга же ушул өлкөгө көз карандылык сезими.

♦ ♦ ♦

Мен үчүн жазуучулуктун сыры – кайдан келери эч белгисиз илхам эмес, ишенич жана сабырдуулукта.

♦ ♦ ♦

Кызыктай,  таң калычтуу нерсени өз ичибизден эмес, ааламдан издешибиз керек. Өз ичибизден издөө,  өз үстүбүздөн терең ойго чөмүлүү – бизди бактысыздыкка кептейт.

♦ ♦ ♦

Расмий көрүнүшү ушул,  бирок ички көрүнүшү такыр  башкача.

♦ ♦ ♦

Ар бир түнү көчөлөрдө  көпкө сейилдөө – кесиптик көндүм адаттан  да жогору муктаждык болду. Түнү көчөгө чыгып көпкө сейилдебесем мээм, кыял күчүм, ойлорум алсыздана баштайт.

♦ ♦ ♦

Мышык акылдуу жандык, жакшылыкты билет.  Бирок, иттерди  жакшы көргөн адамдарга ишенбеш керектигин да жакшы түшүнөт.

♦ ♦ ♦

Кат, айта турганын бир сөз менен айтпайт.  Катты китеп сыяктуу жыттап,  кармалап, кытыгылап окуганга  болот. Ошондуктан  акылдуулар «оку, көрөлү,  кат эмне дейт?»дешет.  А  келесоолор «оку,  көрөлү эмне жазыптыр?»дешет. Талант – жазууну окуу эмес,  каттын баарысын окуй алуу…

♦ ♦ ♦

Бактылуу болуш үчүн күнүгө бир канча адабиятты карап чыгышым  керек.

♦ ♦ ♦

Китептин аталыштары   мээмде адам аттары сыяктуу: бир китепти миллиондогон окшоштуктан ажыратууга болот.   Китептин мукабасы адамдын жүзүнө окшош: жашаган бактылуу күндөрүбүздү бардык күчү менен  эстетет же эч билбеген бактылуу ааламга жол ачат.  Ошондон улам китеп мукабасына адам жүзүнө карап жаткандай кунт коюп караймын.

♦ ♦ ♦

Жазуу – жашай элек жашообуздан өч алуу.

♦ ♦ ♦

Аялга убагында жакшы мамиле жасоо керек, иш бүткөнчө эмес.

♦ ♦ ♦

Китептер менен  жашай баштаганымда – жашоомдун бир бөлүгү качып жатты,  муну түшүнгөн сайын качкан жашоомдон өч алуу максатында дагы да көп китеп сатып алдым.

♦ ♦ ♦

Чөнтөгүңүзгө,  сумкаңызга   китеп салып жүрүү,  айрыкча бактысыз күндөрүңүздө,  чөнтөгүңүздө,  сумкаңызда сизди бактылуу кыла турган чоң байлык көтөрүп жүрүү дегендик.

♦ ♦ ♦

Кээ бирлер таанып, кээ бирлери тааныбастан ашык болушат.  Мен тааныбай туруп ашык болом, Жибек. Анткени,  тааныгандан кийин сүйө албайм.  Адамдардын кемчилдиктерин көрөмүн.

♦ ♦ ♦

Ар дайым китеп алуумдун–  таш менен үй курганга барабар жагы бар.

♦ ♦ ♦

Жыгылуу,  адамдардын,  ишенимдердин  айырмасын билбестен өзгөрүүнү туюндурабы?

♦ ♦ ♦

Баарысы билген намыс маселеси,  чынында  адамдар өздөрүнүн көңүл  кубанычын өлтүрүү үчүн ойдон чыгарып алган шылтоолору.

♦ ♦ ♦

Эйнштейн да кембагал болчу, ал  физика сабагынан ордунан өтпөй калган,  бирок 3-5 тыйын үчүн мектепти таштаган эмес,  тапканы – мамлекети болду.

♦ ♦ ♦

Айланасында кайгысын,  кубанычын бөлүшө турган эч кими  жок, бирок сулуулукка чулганган  оорулууларды сүйүүм менен тосуп аламын.

Түрк тилинен которгон Мээрим САЙДИЛКАН

One Reply to “Орхан Памук: Жазуу – жашай элек жашообуздан өч алуу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.