ЭТЮД

Бир ирет Каракол шаарындагы зоопарктан карышкыр качыптыр деген каңшаар тарады. «Эми бирөө-жарымга кол салып, бала-бакыраны жарып салбаса экен» деген кооптонуулар жаралды. Акыры ал маалымат чындык болуп чыкты. Көрсө, зоопарктан бир карышкыр чын эле качып чыгыптыр. Азыр эми интернеттин заманы болбодубу. Учурда ар бир экинчи адам көчөдө көргөнүн калың журтка жарыялай алат. Ал маалымат же көрүнүш кызыктуулугуна жараша ары жагы Америка, бери жагы Кытайга чейин кетет.

Кыскасы, жарым саат өтүп-өтпөй эле карышкырдын качып баратканын телефонго тартып алгандар видеосун интернетке коюп, анан ал видеону бир нече сайттар беришти. Эмнеден экени белгисиз, канжалаган денесин көтөргөн карышкыр калаанын четки көчөлөрүнүн бири менен тоону көздөй качыптыр. Улам алдынан чыккан авто-унаалардан буйтай, телефон менен тарткан жигиттер минген машинадан кем калбай безип барат. Кудум биз балдарыбыздын ал-жайын билүү үчүн шашылгандагыдай же ата-энебизди сагынганда шашып жөнөгөндөй, өсүп-чоңойгон үйүбүздү дегдегендей кетип барат…

Анан бат эле экинчи маалымат – качкан карышкыр шаар четинен атып өлтүрүлдү деген кабар сүрөтү менен жарыяланды. Сууга качып, ошол тараптан ок жеген окшойт. Сууга түшкөн чычкандай болуп калыптыр…

Ошентип, эркиндик үчүн болгон күрөш соңуна чыкты. Айбанттардын падышасы арыстандан айырмаланып карышкыр циркте ойнобогону анын табиятына жараша. Ал эркиндикти сүйөт. Ал бирөөгө көз карандысыз жашайт, эч кимден тайманбайт. Аны көзгө сайсаң жалтанбайт.

Ошол күнү Каракол ичинде адамдар аралашкан жашоодон качып, кайдадыр бара жаткан көк жал эле ал!

Мен сени баары бир жеңем! Түн ичинде ойгонуп алып уктай албай кыйнала бердим. Ары оодарылып, бери оодарылып, анан чарчагандай сулк жатып калдым. Маңдайымда караңгылык. “Бүгүн ай да жакшылыктуу тийбей турат ко” деп ойлойм, мурда парда артынан ак шооласын чачып турчу айды жоктоп. Караңгылыкты теше тиктеген менен ал мени жеңип бараткандай сезилет. Экөөбүз жарым саатча тиктешип, арбашып турдук. Мен сени баары бир жеңем! – деп шап турдум да, тиги бөлмөнүн жарыгын күйгүзүп, компьютерди иштеттим.

“Мен сени баары бир жеңем!” деп жаздым эң эле алгач. Компьютерде ар нерсени жазып, ар нерсени баштап коюп уйкум келе баштаганда кайра жаздыкка баш койдум. Көздү жумуп турсам да баягы караңгылык. Уйку балдан таттуу эмеспи. Эч нерсеге карабай көзүм жумулуп, үлгүрөп барам.

– Бүгүн баары бир мен сени жеңдим, көрдүң го, – дедим караңгылыкка.

Анан уйку аралаш ой менен: «Бирок да, бир күнү сен мени жеңчү күн келет, – дедим аны да таарынтып албайын деп: – Ошол жайга барганда сен мени жеңесиң. Мен сенин тузагыңан чыга албасмын ошондо. Ошондо сен мени каалагандай өзгөртөсүң. Бети-башым, денемди чиритип, курт-кумурскага салам десең да өзүң билерсиң”.

Мурда өлүмдөн корксом да, эмнегедир ошол сүйлөмдү айткандан кийин караңгылыктан да, өлүмдөн да коркпой калдым. Караңгылык кадимки сырдашым өңдөнүп да сезим-ойлорум будуң-чаң…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.