ЭССЕ

Сүйүүнү өбүшүү менен чектеген заманда жашап жатабыз.

♦ ♦ ♦

Бир күнөө жасадым, уялуу менен күндө эсимден кетпеген, башымды ийилткен күнөө ал. Бирок мени дал ошол күнөө бактылуулукка жетеледи.

♦ ♦ ♦

Мени эң көп уялткан адамдар – ашыкча мактоого марыткандар! Жана мени эң ыңгайсыз абалга кептеген да ошолор! Эң чоң бушайманга салган да ошолор.

♦ ♦ ♦

Мактоо эмес, сын уккум бар. Мактоолор – ооз учунда дайым даяр учууга, а сынчы? Ал оор салмак менен айтылат. Ал тамыр алган ойлордон сызылып чыгат…

♦ ♦ ♦

Бул дүйнөдө адамдардын амалдуусу – башчы, терең көз караштуусу – бай, жөнөкөйү –күрөшчүл болот.

♦ ♦ ♦

Чоңойгон сайын кайгы эмне – түшүнө баштадым.

♦ ♦ ♦

Турмуш куруудагы ийгилигим – бир гана издеген адамымды табуу эмес, изделген адам боло алганым эле.

♦ ♦ ♦

Менин сүйүүм экөөбүзгө жетет дедиң. Анда менин сүйүүмдүн сага кереги не?!

♦ ♦ ♦

Аалам ыракаттуу болсо, эч ким ыракат тартуулай турган кумарга муктаж болмок эмес.

♦ ♦ ♦

Эркек аты эле болбосо; этек жакшы жарашкан эркектер бар – галстук жарашкан аялдар сыңары…

♦ ♦ ♦

Эч кимди капалантпайын деген сайын, өзүмдү капаланткан учурлар бар.

♦ ♦ ♦

Мен бара-бара жинденбес, таарынбас болдум. Карайм, тандайм, күлөм, кетип калам…

♦ ♦ ♦

Жашоомдо дайыма бактылуу болсом, эмнени кыялданмакмын?

♦ ♦ ♦

Адам өзүн-өзү күйгүзүп жок кылат: ач көздүгү, ич тардыгы менен – тегерегиндеги баарынын, таанып-тааныбаганынын да кемчилдигин көрүп турат. Эмнени кандай көрсөң, ал да сени ошондой көрөт…

♦ ♦ ♦

Көпчүлүк адамдардын руху, жүрөгү өлбөй туруп чирип кетет, бирок бул нерседен коркушпайт, ал эми ошол эле адамдар өлгөндө денеси чирип кетерин билип туруп коркконуна таңмын.

♦ ♦ ♦

Өзүн дайыма жакшы жагынан көрсөткүсү келген адамдардын эки жүздүүлүгүнө айраңмын. Дайыма өзүңдү бирөөгө түшүнүктүү көрсөтүүнүн кереги жок ко деймин… Ар кимдин адамдыгы өзөгүндө, канында… Канчалык мыктылыгыңды көрсөткөнгө аракет жасаба, тамырыңан аккан каның жүзүңөн билинип турат.

♦ ♦ ♦

Жашоодо эң чоң жара бирөөгө ишенүү деп кесе айта алам. Адамды ичтен ичке жаралаган коркунучтуу оору бу.

♦ ♦ ♦

Таза-аруу жүрөк адамдар мени каалашынча тебелөөсүнө жол беремин, алар менин досторум!

♦ ♦ ♦

Жашоодо жашап калуу өтө оор. Адамдардын көпчүлүгү жашап жаткандай, бирок өлүү…

♦ ♦ ♦

Көп нерсени билгениң менен, ордуңду билбегениң үчүн ишке жарабадың.

♦ ♦ ♦

Жакшы көргөн адамдарым, мени тарбиялоодон жадашпады. «Жакшы жүрсөң, жакшы болосуң» дешти. Сөздөр сүйлөнүп, көздөр ачылды. Айлар жылга алмашты. Бирок,  мен баягы бойдонмун!..

♦ ♦ ♦

Адам болуу үчүн өз кадамдарымды туура басканга аракет жасагансыйм, башкаларынын кадамдарын карагым жок: мен ушундай өзүмчүлмүн!

♦ ♦ ♦

Досторум азайганда, негедир душмандарым да азайды.

♦ ♦ ♦

Бир адам бар ар бир көргөнүмдө сүйүп каламын.

♦ ♦ ♦

Жолумду тапканча эч качан үмүтүмдөн кайтпаймын. Үмүт мага жолумду көрсөтөт,  адам кылат. Үмүттөнбөй калганымда «мени өлдү деп өрттөп, сууга чачып жибериңиздер!». Көзүмдүн нуру өчүп, бир жерди телмире тиктеп, таштай катып калганымда үмүтүмдүн өчкөнүн байкайсыздар!..

♦ ♦ ♦

Кээде көздөрүмдү жумуп алганымда көп нерсе көрө баштаймын. Анткени,  жаралуу арстанга мылтык кезегендер көп болорун түшүнөм.

One Reply to “Мээрим Сайдилкан: Мени өлдү деп өрттөп, сууга чачып жибериңиздер”

  1. Сорун жазылыптыр ушул саптарды талдап жазуу учун бир кылым керек баарын баштан откоруу керек акылман болуп торолбойт, акылмандыкты турмуш белекке берет экен тушунгон кишиге.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.