УЛАМЫШ

Христос туулганга чейин бир топ кылым илгери Индостанда саны аз болсо да, күчтүү эл жашаган. Ал элдин аты тарыхтан таптакыр өчүп жок болгон, ал тургай ыйык Веда китебинде алар жөнүндө жок дегенде бир-эки сап да эскерилбейт. Бирок, көп жашаган, эски сөздөрдү ыйык тутушуп, эстерине бекем сактаган куйма кулак факирлер ал элдин эң алгачкы эч нерседен коркпогон, каардуу өкүлдөрү алыскы Батыштан келип, Индостанда кыска мөөнөткө өз бийликтерин жүргүзүшкөнү айтышат.

Индостандын бардык раджалары, көпөстөрү аларга салык төлөп, колго түшкөн кулдар алардын жерлеринде иштешчү. Алар байлык топтогон эмес жана өлүмдөн да жалтанбай, бул сапаттар аларды жоодон жеңилгис кылып турган.

Бул кубаттуу эл жандуу нерсеге, – өлүм канышасы аталган аялга сыйынышчу. Өлүм канышасын эң улуу эки кечилден башка жан киши көрчү эмес. Алар аны төрт жашка толо элек сулуу кыздардын ичинен эч кимге билгизбей тандап алышып, өздөрүнө гана белгилүү ыкмалар менен тарбиялап, аны адамдын акыл-эси жетпеген шумдуктуудай сулуу кылып өстүрүшкөн. Бир өлүм канышасы өлгөндө ошол замат эки улуу кечил аны башкасы менен алмаштырган, бирок ал жөнүндө экөөнөн башка жан билчү эмес. Эл канышаны эч качан картайбайт жана өлбөйт деп ойлошчу.

Беш жылда бир жолу түн киргенде ал өз чиркөөсүнөн он пил чегилген чүмбөттөлгөн зор арабасы менен чыкчу. Эл аны колдоруна күйгөн чычалаларды бийик кармап алышып, ыйык гимндерди ырдап тосуп алышчу. Элдин кубанычы чексиз болуп, акыл-эстеринен тайып кутургандай абалга жетишчү. Жүздөгөн кулдардын башы алынчу, көпчүлүгү өз денелерине камчы жана ийри шамшарлар менен так салып, канышанын арабасынын дөңгөлөгү астына бой ташташа турган…

Ушундай түндөрдүн биринде кечилдер эл менен бирдикте өлүм канышасына эр болчу кишини шайлашчу. Ал өз милдетин он эки саат гана аткарчу. Өлүм канышасынын жүзүн бир көргөн адам өлүүгө тийиш болгондуктан, аны эртең менен алып чыгып чоң салтанат менен курмандыкка чалып, өрттөп жиберишчү. Ошого карабай ар бир беш жылда солкулдаган он эки жигит канышанын кызматын кылууга бел байлашар эле. Карылардын айтканына караганда алардын ичинен оор сыноолордон өткөн төрт азамат гана канышанын эри болуп өлүү бактысына туш болушкан.

Аль-Исса белгилүү раджанын уулу болуптур. Он беш жашында эле ал өзү теңдүү уландардан эч нерседен коркпогон эр жүрөктүүлүгү, күчү жана сулуулугу менен айырмаланып, бөлүнүп чыккан. Индиянын эң атактуу, эң сулуу кыздары аны менен баш кошуп бирге жашоого даяр эле. Бирок, Аль-Исса өзүн өлүм канышасына арнады.

Ага үй-бүлө курууга болбойт эле. Башка аялдарга жакындоо кылмыш катары каралчу. Ал өмүрүндө күлгөнгө да, сүйгөнгө да, ал тургай ырдаганга да укугу жок болчу… Согуштук жана атлетикалык көнүгүүлөр анын жападан жалгыз иши эле. Аль-Исса  ушундай оор сыноого туруштук берди. Ал өздөрүнүн келишимдүү чоң үйүнөн кетип жаткан учурда апасынын, карындаштарынын көз жаштары таасир берген жок. Аялдарды көргөндө алардан көзүн ала качып, айланып өтчү…

Анын жөндөн-жөн эле ырсалактап күлгөнүн же сөз сүйлөгөнүн жан киши көргөн эмес… Бирок, анын атын укканда мен кыйынмын деген аскердик ишке маш коңшулар селт этүүчү болгон. Зоот кийим кийбей, аппак көйнөкчөн душмандарынын калың тобун кылычы менен аралап кете турган. Башы жок, ийнинен санына чейин жара чабылган денелер, тоголонгон баштар, кесилген буттар, колдор анын аркасында чачылып, анын өткөн жолун көргөзүп турчу. Ага жолуккандар сөзсүз ажалын тапчу, нечен согушту башынан өткөзгөн душмандардын эр жүрөк жоокерлери да ал келатканда “Аль-Исса! Аль-Исса!” – дешип, карышкыр тийген койдой чачырап качып беришер эле. Тынчтык кезде ал убактысын каман менен жолборско аңчылык кылуу менен өткөзчү. Жегени бир үзүм нан, ичкени булактын мөлтүр суусу, жаздыгы ээр токуму эле.

Акыры, үч беш жылдыктан кийин, өлүм канышасы арабасы менен эл алдына чыгып, жарчылар Аль-Иссанын атын атап жатышты. Таң аткандан баштап храмдын жанындагы айланасы бийик дубал менен тосулган аянтка эл агылды. Бул жерде Аль-Иссаны акыркы сыноо күтүп жаткан. Эл оозунда анын гана аты болуп, бардыгы ал жөнүндө сүйлөп жатышты. Өлүм канышасы өзү элге көрүнбөй храмдын кичинекей терезесинен ага көз салып турганын бардыгы билишчү.

Адегенде эки жүз кадам жерди ченеп, ал жерге беш ок сайылган тактаны кагып коюшту да Аль-Иссага чоң жааны колуна карматышты… Аль-Исса дуулдап, кыйкырып, ышкырып сүрөөгө алган элдин коштоосунда беш ок менен тигил сайылып турган окторду майда бөлүкчөлөргө быркырата атты. Андан кийин Аль-Иссага ийри шамшар берип, ага ачка, көздөрү кызарган каардуу, букадай чоң бенгал арстанын коё беришти. Бир аздан соң, жырткычтын тырмактары тийип денесинин соо жери калбай тамтыгы чыккан Аль-Исса, арстанды мууздап, бутун анын алигиче жаны чыга албай титиреп жаткан денесине коюп, башын бийик көтөрүп элди карап турду…

Андан кийин эл экиге бөлүнүп, Аль-Иссага варварийдин азоо айгырын алып чыгышты. Таноолорунан кара буу чыккан кара айгырдын жонуна ушул убакка чейин чымын да коно элек эле. Алты атчы аны араң жетелеп чыгышты. Ал кошкуруп, жер чапчып, көздөрүн чакчаңдатып, атластай жылтыраган денеси титиреп жатты. Аль-Исса ага жакындап келип жалдан алды. Атчылар четке качып чыга беришти. Айланада курчап турган эл дүргүй түштү…

Аль-Исса бир көз ирмемде секирип атка минди. Мындай шылдыңды көрбөгөн азоо чамгарактап туйлап, мөңкүп, үстүндөгү немени ыргытканга аракет кылып жатты. Бир мүнөттөн кийин ат талааны көздөй зымырап, карааны көрүнбөй калды. Бир саат зарыгып күткөн эл, алыстан Аль-Исаны көрүштү. Жанагы чакчаңдаган аттын жели чыгып, ак көбүк болуп тердеп, чаң басып, буттарын араң шилтеп, илээлеп келе жаткан эле. Аль-Иссаны сыноосу ошону менен бүттү.

Жарым түндө кымбат баалуу, Чыгыштын жыпар жыты аңкыган кийим кийген Аль-Иссаны храмга алып келип, жалгыз калтырышты. Алыстан улам жакындап келаткан элдин күүлдөгөн үнү угулат. Өлүм канышасы аппак пилдер чегилген арабасы менен шаарды айланып келе жаткан эле.

Анан чиркөөгө эки улуу кечил, – жаштары жүздөн ашкан, чачтары куудай аппак чалдар киришти. Алар Аль-Иссанын алдына чөгөлөй калышып, буттарынан өбүштү да, анан туруп, аны жетелеп ыйык жайга алып келишти. Чыгыштын жомоктогудай көздүн жоосун алган жасалгалуу буюмдардын дал ортосунда алтындан жасалган бийик такта заңкыят… Мамыктай жумшак жибек төшөктөн Арабия менен Персиядан алдырып келген жыпар жыттар аңкып, бир башкача кооздолуп жасалган чырактар жарык нурун төгүп… алтын тордо ыйык чымчыктар сайрашат…

Кечилдер үн-сөзсүз беттерин колдору менен жаап, сыртка чыгып кетишти. Аль-Иссаны көптөн бери чыдамсыздык менен күткөн ыракаттуу түн жана он эки сааттан кийин азаптуу өлүм күтүп турган. Дубалдын ары жагынан аялдардын хору жагымдуу ырларды созолонтуп жатканы угулат. Мына, пил сөөгүнөн жасалган оор эшик ачылып… каалгый басып, узун ак көйнөк кийип, башынан бери чүмбөттөнүп алган өлүм канышасы өзү кирди. Аль-Исаа ага тез жакындап, калтыраган колдору менен тигинин жүзүн жаап турган жеңил кездемеден жасалган чүмбөттү сыйырып алды да, үрөйү учуп, таң калганынан оозунан сөз чыкпай жалдырап туруп калды…

Анын алдында тиштери түшүп, ээктери кемширейген, бети-башын бырыш баскан, көздөрүнүн нуру өчкөн карган кемпир турган.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.