АҢГЕМЕ

Узак бүгүн боз торгойдон эрте туруп, помидорлорунун көчөттөрүн кандыра сугарды. Аралап жүрүп мөмөсүн көтөрө албай жыгылгандарынын жанына тыттын бутактуу ганын сайып жөлөдү. Кетенчиктей калып мөмөлөшүнө назар салды. Ар бир түбүндө алты-сегиздеп помидор жетилиптир. Сүйүнгөнүнөн көзү кыбыңдады. «Буюрса, түшүм жаман эмес»,— деди ичинен кымыңдаш… Аярлап басып, ояк-быягын жыйыштырып жүргөндө Айнаш жанына басып келди.

— Бүгүн негедир уктай албадыңыз, эмне болду, өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшүп?..

— Менин уктаган, уктабаганымды сурап эмне кыласың. Андан көрө айтчы, Айнаш, биерден канча тонна помидор алчудайбыз?

— Бергенинче берет да. Анын эмнесин чамалайбыз.

— Жок айт, чама-чама, дит-дит?.. Бул деген дүйнө.

— Эки тоннадан ашат ко?

— Оозуңа май, — деп Узак эңилип, сууга тийип турган боз-ала помидорду шагына жөлөдү. Анан көңүлү жай, илгери үмүтүн айта баштады. – Жараткан ороз базарын берсе, май айынын ичинде тоннасын сомолётко жүктөп алып, Уренгойго алын барсам… Боорукер кишилер жар болуп, килосун төрт сомдон сатсам… Бир сому самолёт киресине кеткенде да, үч миң сом жаныма пайдага калат. Ошондон кийин иштебейсиң деп күнүгө демитип үйүмө келген бригадирге да салам айтпас элем. Ачуума тийсе аптапка какталбай Алайга барып кымыз ичет элем.

Узактын ойлогону ордунан чыгып, бир жумадан кийин помидоруна түс кирди. Алдын-ала Ош — Свердловск – Уренгой маршрутундагы самолётко билет алды. “Тооктор чокуп койбосун» деп төгөрөгүн тосту. Помидорлордун көбү мала-кызыл болду. “Уренгойго жеткенче бышып калат. Андан көрө ящиктерге тизе берейин», — деп ойлоду ичинен.

— Э Айнаш, кайдасың. Ящиктерди алып келчи? Бол, тез!

— Бир-эки күн коё туруңузчу, өңүнө кирсин?

— Ой, кемпир, көрбөй турасыңбы, өңүнө кирмек турсун кырмызы болуп баратпайбы. Эки-үч күн коё турганда Уренгойго барганча эзилип кетпейби. Анда тапчу пайдабыз кайсы?

Аялы каяша сүйлөөнү туура таппады. «Чын эле болжогон шаарына жеткенче эзилип кетсе, ошондо кутулбас куяга калармын. Андан көрө айтканына көнө берейин, өз билгенин иштесин» деп унчукпады. Экөө капталдары сарала, кырмызы болуп, чала бышкан, помидорлорду үзүп, ящиктерге салышты. Эртеси Ош аэропортуна алып келип, жүк ташуу бөлүмүнө тапшырды да өзү самолётко салт олтурду. Мына, болот канат күүлөнүп, жерден көтөрүлүп, көп түстүү Фергана өрөөнүнүн үстүндө калкыды. Тилке-тилке жашыл талаа. Сары жок адырлар… кыйма-чийме жылгалар. Ак кар, көк муз жаткан тоолор… Анын учуна илинген түрмөк-түрмөк ак булуттар. Түзөңүндө бой тиреше курулган кабат-кабат үйлөр. Жол боюнча катар тигилген дарактар узун морулардан чубалган түтүн. Арасында жыландай сойлогон поезддин вагондору. Уйгу-туйгу чуркаган автомашиналар. Андан ары чытырман токой каптаган бөксө тоолор. Мөнөттөр алмашкан сайын башка-башка көрүнүш, көз кубанткан өзгөчө өң-түс.

Узак көктө учуп баратып өзүнчө ойго батты. Көңүлү көтөрүлдү. Көкүрөк кере-кере дем алды. Каалаган тарабына болот куш миндирип чабыттаткан заманына ыраазы болуп, тагдырына таң берди.

Баракелде, «ТУ—154», «ИЛ —18», «ЯК—40» самолётторду жараткан азаматтарга! Бая гана Оштун андалек жыттанган абасынан дем алып турдум эле… Алты саатка жетпей, жаңы гана кыш кысымынан суурулуп, жаз илебине илешкен Сибирдин карагайлуу токоюнун үстүндө сызуудамын. Ушундай учкул канатты жараткандарга таазим!!!

Уренгой — Сибирдин бөксө тоолорунун койнундагы жаңы шаар. Анда көп улуттуу мээнеткеч адамдар жашайт. Узак ушул эле күнү базар ичинде болду. Биерде али кыштын илеби кете элек. Муздак шамал ырылдайт. Бирде асман ачык, бирде булуттар удургуп бүркөк. Аба ырайынын катаал учурунда базарга мөлтүрөгөн помидорлордун пайда болушун эч ким күткөн эмес. Заматта ояк-бияктан адамдар чогулуп, Узактын кашына алармандардын кезеги чубалжыды. Узак элпек кыймылдап, помидорун таразага тартууда.

Кезек түлкү жакалуу аялга келди. Ага помидор тартып жатканда таразанын помидор тарабы оор басты. Аял жасалма жылмайып!

— Колуңуздагы помидорду таштап коё бериңиз?— деди.

— Э, бийкеч, Сиздей сулууларга бирден помидорду ыргыта берсем, үйүмдү табамбы?

— Сизди дыйкан дейт. Март болбойсузбу?

— Март адамдар август айында келет.

Узак дароо чоң помидорду чакадан алып, кичине помидорду таштады эле, таразанын өрдөк баштары теңдеше калды. Чакадагыны аялдын корзинасына салды.

Ак тыбыттан жоолук салынган аялга келди. Ал ящикте урунуп калган эки-үч помидорду алмаштырып берүүсүн өтүндү.

Узак көзүнүн пахтасын чыгара сүйлөдү.

— Бийкеч, башымды көп оорутпаңызчы. Кааласаңыз, бергенди алып кете бериңиз. Жакпаса биякка таштап коюңуз. Мен сизге таңуулап жаткан жерим жок.

Аял жактырбаган памидорду ящикке ыргытып жиберип жолго түштү. Кантсе да Сибирдин жагдайы Сибир! Мындай мөлтүрөгөн мөмө бышпайт. Тандоого болбойт. Каалаган алармандар помидорду тандайбай алып жатышты. Алты сааттык соодадан кийин Узак помидорун сатып бүттү. Кир жыттанган койнуна көк-кызыл акчалар толду. Көңүлү жайланды. Чөнтөктө жүрсө, суук колго урунуп калбайын деп этияттанып, ошол замат почтага барып үйүнө жөнөттү. Айлап-жылдап самаган үмүтү ишке ашты. Эми үйгө кайтууга дегдеди. Самолёттун билет сатуучу кассасына келди. Билет сураса кассир Узакты карабай туруп, жоктугун билдирди. Узак паспортунун ичине жыйырма беш сомдук кагазды салды да кассирге сунду. Кассир “жок дебедимби” — деп кагып жибергени оозун сомдоп келатканда Узак аны карап көзүн кысып койду. Кассир дароо түшүндү.

— Жыйырма бешине билет бар. Ошого макулсузбу? – деп сурады кассир.

— Албетте, макулмун, макул болбогондо кайда барам. Бере бериңиз, — деп илбериңкилигин билдирди.

Кассир Узакка билеттин мөөнөтүн кийинки числого айтканы менен сураган күнүнө жазып берди. Узак эл көзүнө адамгерчилигин билдирип ырахматын айтты. Эки күндөн кийин Узак үйүндө болду. Анын кайда барып качан келгенин кошуналары да билбей калды. Бир түнү өз үй, өлөң төшөгүндө керилип уктагандан кийин көңүлү ток көчөгө чыкты. Көңүлү тарткан киши менен дидарлашып отуруп, эки пияла чай ичкиси келди. Адегенде баягы эле кем уйку Улукбек кезикти. Учурашкандан кийин экөөнүн кыска диалогу башталды.

— Ие, көрүнбөй калдың, бир жакка барып келдиңби? – деп шексинип сурады Улукбек.

— Ананчы, Уренгойго барып кайтпадымбы,— деп жооп берди Узак мактангансып. Улукбек уккан кулагына ишенген жок. Кайра сурады.

— Ой, койчу, кайсы күнү жөнөп, качан келе койдуң?

— Теңирим ак жол берди. Өткөн жумада жөнөгөм. Кечээ келдим.

Экөөнүн жанына коңшулары Шеримбек, Тургунбай, Омор кошуду. Алар кайдыгер сөз тыңшашты.

Узактын Сибирге барып келе калганына бири ишенсе, бири ишенбей делдейишти. Ак сакалы жайкалган Жамалидин гана ишенип, шылдыңдуу күлүп, сөз учугун чубады.

— Деги эмнеси болсо да азаматсың. Биз Оштун черемюшкасынын көчөлөрүнөн адашып жүрсөк, сен учу-кыйрына көз жетпеген Сибирдин сырдуу шаарларына барып, олжо таап келгениңе бали! – деп таңданды. – Жаңылбасам былтыры да каттадың беле?

— Ананчы. Былтыр эки жолу. Эвенгдерге барып, алма нак сатып келбедим беле.

— Эл шектенсе да мен ишенем. Кантсең да «Ысак Учардын» уулусуң да,— деп дагы кытмыр күлдү…

— Ысак учарыңыз ким эле,— деди жанындагы Тургунбай.

— Ээ, силер сурабагыла, мен айтпай эле коёюн. Алма сабагынан алыс түшпөйт деген элдин сөзү чын тура.

— Айтсаңыз эми, сөзүңүздү табышмактатпай.

— Узактын атасы Ысак деген кызык киши болучу. Демейде бекеринен лакап-ысымды жабыштырбайт эмеспи адамдар. Биз Узактын атасын Ысак-Учар дечүбүз.

— Эмне үчүн?

— Ысак чыйрак, шашма, бирде эки-үчкө улаган эпчил киши болучу. Бирөө менен сүйлөшпөй турганда да, жолдон бир тал жыгач көрсө да, колуна кармап алчу. Анан сөзүнүн аягында: андан эмне пайда таптың деп сурачу. Купулуна толбосо, бекер убара болупсуң,— деп нааразы болуп калчу. Анан бирдеме иштемейин туралчу эмес.

Бир жакка жөнөсө, учуп-күйүп жетмейин, жаны жай алчу да эмес. Ал кезде азыркыдай автобус жок. Негизги унаабыз ат, өгүз, төө болчу. Андай унаасы жоктор пияда жүрүүчү. Жекшем күнү айылдаштары колундагы унаасынын токулгасын оңдогуча, Ысак желип-жортун баарынан мурда базарга жетип келчү. Анын жөө күлүктүгүнө коңшулары, көргөн-билгендери таң калчу. Ошондой шамдагайлыгынан улам теңтуштары «Ысак-Учар» деп тамашалачу. Анан калса, айлыбызда Ысак ысымдуулар жалгыз эмес, үчөө-төртөө эле. Биринен-экинчисин ажыратыш үчүн мүнөзүнө, кесибине жараша «Бүркүтчү Ысак», «Чабандес Ысак», «Чайкоочу Ысак», «Жалганчы Ысак» дешип ажыратышчу. Мындай кошумча лакап аттарына өздөрү да ариет-намыс кылышчу эмес. Кайра, ынангандай жылмайып тим болушчу, Ысак бечаранын ошол мээнеткечтигиненби, же тагдырынанбы, айтоор көп жашады. Токсон алтыга чыкканда ичер суусу түгөндү. Сен да атаңды тартып, үй-тиричилигине ийкемдүү жетилдиң… Карачы, бир жума ичинде тээ таң атаардын буурул түндүү Уренгойго барып, помидор сатуу ар кимдин колунан келе бербейт. Бир жагынан алкоого арзыйт. Атаң го жөө күлүктүгүнөн Учар ылакабына атыккан эле. Бүгүнкү күнү ТУ-154 ЯК 40 самолёттору турганда, сенин учарга канатың бар. Эми сени “Узак-Учар» десек жөнү бар.

— Мейли, эбин таапсың, рахатын өзүң көр.

— Демек Ысак-Учардын баласы, «Узак-Учар» болуп жетилиптир да?

— Ооба, таппасаң сыйпалап кал, — дешип күлүштү тургандар.

Узак эмне кыларын билбей, ордунда катты. Сибирге барып келгенин айтканына өзүнчө бушайман болду. Ал турсун коңшуларынын шылдыңына ызасы кайнады. Жүрөгү кысылганынан асманды карады. Анан жана гана жамгырын төгүп-төгүп жеңилденген булуттардын тоо башына сүрүлгөнүнө таңданып турду. Ак булуттар түрмөк-түрмөгүндө акырын жылып барып, көк мөңгүлүү зоо чокуларына конууда. Узак суктанды.

— Атаганат, карачы, эмне деген байлык! Колумдан келсе ошол ак булуттарды акчага айландырсам эмне деген байлык…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.