ОЙ ТҮШҮМДӨРҮ

Этика тууралуу эң мыкты китепти тартипсиз коомдун өкүлү жазат.

*     *     *

Азыркы заманда «убакыт учкан куш» эмес. Убакыт азыр интернет сигналындай ыкчам.

*     *     *

Чыныгы устаттар менен багбандар абдан окшош. Багбандар мөмө берчү бактарга суу куйган сыяктуу, даанышман устаттар ийгилик жаратчу шакирттерин илим, мээрим менен сугарат, өстүрөт.

*     *     *

Адам дал өзүндөй кылып баласын тарбияласа, мүрөк суусун ичкен менен барабар.

*     *     *

Эл көзүнчө берешен, айкөл көрүнгөн, бирок, ичи тар киши, бергенин кандай жол менен болбосун эл жок жерден эселеп кайтарып алат. Кантип кайтарып алганын байкабай да калабыз.

*     *     *

Жийиркеничтүү, боор оорутар селсаяктын ролун жараткан актёр, көрүүчүнүн психологиялык абалына эч качан боору оорубайт.

*     *     *

Аңкоо болумуш эткен акылдуудан, акылдуу көрүнгөн аңкоодон Кудай сактасын!

*     *     *

Ойлонбой жашаштын жолун ойлонгондор чыныгы ойчулдар.

*     *     *

Дарак менен барак бир тууган экенин билер бекен?

*     *     *

Ар бир иштин ыгы бар. Тырмак менен чач мээге баш ийбегени менен жулсаң жаның сыздайт, ыгы менен кессең оорубайт, денеңе пайда.

*     *     *

Мышыкка боор оорутуп, итти жолборско салып берүү — адилетсиздик.

*     *     *

Өсүмдүккө Күн нуру тийбей жатканында булутту күнөөлөйт. А өсүмдүк Күнгө күйүп, куурап баратканында жаан жаашын тилейт. Адам да ошондой.

*     *     *

Адам топурактан жаралган. Жинди суу аралашканда ылай болуп эзилип кетүү коркунучу бар.

*     *     *

Жаман адамдарга ыймандан башка жакшылык каалагым келбейт.

*     *     *

Акчаны абага чачпай, талаага чач! Талаа өз түшүмүн берет. Эр эмгегин жер жебейт.

*     *     *

Жалган нерселердин баары таттуу. Эң таттуусу жана чыныгы жалганы — өмүр!

*     *     *

Жашоодо кыйналып жүргөн адамга, түшүндө бир жакшы түш көрүү – чоң бакыт.

*     *     *

Окуш үчүн тамга таануу, ал эми тамга таануу үчүн окуу талап кылынат.

*     *     *

Башка адамдарды күзгү деп элестет. Күзгүнүн бетин тазалап турсаң сени жакшы көргөзөт. Ал эми кирдетсең, сени да кир көргөзөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.