«РухЭш» сайты тарабынан көзү тирүү акын-жазуучулардын кимиси мыкты экенин аныктоо максатында атайы сурамжылоо жүргүзүлдү. Сурамжылоого катышкан эксперттер (31 адам) коомдун ар тараптуу өкүлдөрүнүн арасынан тандалды. Шарт боюнча ар бир экспертке берилген суроо:

  • Сиз эң мыкты деп санаган кайсы үч акындын ысымын атайсыз?
  • Сиз эң мыкты деп санаган кайсы үч жазуучунун ысымын атайсыз?
  1. Адабиятчы Рысбек Эшматов санаган акындар: Сагын Акматбекова, Нарсулуу Гургубаева, Мирлан Самыйкожо. Жазуучулар: Жылкычы Жапиев, Бейшебай Усубалиев, Данияр Исанов.
  2. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт жана коомдук ишмер Искендер Ормон уулу санаган акындар: Алтынбек Исмаилов, Зайырбек Ажыматов, Жыргалбек Касаболотов. Жазуучулар: Эсенбай Нурушев, Бейшебай Усубалиев, Шайлообек Дүйшеев.
  3. Адабиятчы Айнура Кадырманбетова санаган акындар: Жыргалбек Касаболотов, Зайырбек Ажыматов, Нарсулуу Гургубаева. Жазуучулар: Мелис Абакиров, Бейшебай Усубалиев, Самсак Станалиев.
  4. Журналист Бактыгүл Чыныбаева санаган акындар: Алтынбек Исмаилов, Зайырбек Ажыматов, Афина Бакирова. Жазуучулар: Алтын Капалова, Каныбек Иманалиев, Арслан Койчиев.
  5. Кинорежиссёр жана ЖК депутаты Садык Шер-Нияз санаган акындар: Карбалас Бакиров, Мирлан Самыйкожо, Зайырбек Ажыматов. Жазуучулар: Каныбек Иманалиев, Нуралы Капаров, Шайлообек Дүйшеев.
  6. Адабиятчы Абдыкерим Муратов санаган акындар: Анатай Өмүрканов, Зайырбек Ажыматов, Нарсулуу Гургубаева. Жазуучулар: Акбар Рыскулов, Султан Раев, Мамат Сабыров.
  7. Журналист Амирбек Азам уулу санаган акындар: Сагын Акматбекова, Анатай Өмүрканов, Кожогелди Култегин. Жазуучулар: Арслан Койчиев, Өскөн Даникеев, Кеңеш Жусупов.
  8. Адабиятчы Нурзат Казакова санаган акындар: Нарынбек Жамангулов, Зайырбек Ажыматов, Жыпар Исабаева. Жазуучулар: Арслан Койчиев, Топчугүл Шайдуллаева, Түгөлбай Казаков.
  9. Театр режиссёру жана актёр Алтынбек Максүтов санаган акындар: Карбалас Бакиров, Зайырбек Ажыматов, Мирлан Самыйкожо. Жазуучулар: Каныбек Иманалиев, Шайлообек Дүйшеев, Нуралы Капаров.
  10. Котормочу, Мээрим Сайдилкан санаган акындар: Таалай Нуркемел, Атакул Жакыпов, Дүйшөн Жапаров. Жазуучулар: Кубатбек Жусубалиев, Кеңеш Жусупов, Самсак Станалиев.
  11. Адабиятчы Садык Алахан санаган акындар: Рамис Рыскулов, Анатай Өмүрканов, Акбар Рыскулов. Жазуучулар: Кубатбек Жусубалиев, Самсак Станалиев, Абдиламит Матисаков.
  12. Адабиятчы Үмүт Култаева санаган акындар: Омор Султанов, Сагын Акматбекова, Нарсулуу Гургубаева. Жазуучулар: Арслан Койчиев, Тойчубай Субанбеков, Каныбек Иманалиев
  13. Кинорежиссёр Темир Бирназаров санаган акындар: Жыргалбек Касаболотов, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов. Жазуучулар: Топчугүл Шайдуллаева, Бейшебай Усубалиев, Кеңеш Жусупов.
  14. Төкмө ырчы Азамат Болгонбаев санаган акындар: Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов, Мирлан Самыйкожо. Жазуучулар: Данияр Исанов, Кубанычбек Аркабаев, Элдияр Элчибек.
  15. Адабиятчы, публицист Жолдош Турдубаев санаган акындар: Афина Бакирова, Назгүл Осмонова, Нарсулуу Гургубаева. Жазуучулар: Самсак Станалиев, Арслан Койчиев, Турусбек Мадылбай.
  16. Адабиятчы Бекташ Шамшиев санаган акындар: Сагын Акматбекова, Шайлообек Дүйшеев, Нарсулуу Гургубаева. Жазуучулар: Кубатбек Жусубалиев, Самсак Станалиев, Бейшебай Усубалиев.
  17. Коомдук ишмер, бизнесмен Разак Сайдилканов санаган акындар: Сагын Акматбекова, Омор Султанов, Акбар Рыскулов. Жазуучулар: Арслан Койчиев, Султан Раев, Кубатбек Жусубалиев.
  18. Филолог, илимпоз Мээрим Көлбаева санаган акындар: Жыпар Исабаева, Зайырбек Ажыматов, Бердибек Жамгырчиев. Жазуучулар: Самсак Станалиев, Султан Раев, Бейшебай Усубалиев.
  19. Драматург Бурул Калчабаева санаган акындар: Максат Жангазиев, Жыргалбек Касаболотов, Шабдан Сулайманов. Жазуучулар: Бейшебай Усубалиев, Самсак Станалиев, Касым Кушубеков.
  20. Обончу, төкмө ырчы Баян Акматов санаган акындар: Карбалас Бакиров, Зайырбек Ажыматов, Калича Жакыпова. Жазуучулар: Кубатбек Жусубалиев, Самсак Станалиев, Абдыкерим Муратов.
  21. Актёр Акылбек Абдыкалыков санаган акындар: Кыялбек Урманбетов, Сагын Акматбекова, Зайырбек Ажыматов. Жазуучулар: Нуралы Капаров, Кубатбек Жусубалиев, Кеңеш Жусупов.
  22. Журналист Аскер Сакыбаева санаган акындар: Жыргалбек Касаболотов, Зайырбек Ажыматов, Кыял Тажиева. Жазуучулар: Самсак Станалиев, Абдыкерим Муратов, Топчугүл Шайдуллаева.
  23. Эл агартуучу Асылбек Жооданбеков санаган акындар: Зайырбек Ажыматов, Жыргалбек Касаболотов, Кыялбек Урманбетов. Жазуучулар: Кеңеш Жусупов, Шайлообек Дүйшеев, Топчугүл Шайдуллаева.
  24. Басмакана редактору Жетиген Асанбек санаган акындар: Нарсулуу Гургубаева, Жыргалбек Касаболотов, Анатай Өмүрканов. Жазуучулар: Нуралы Капаров, Арслан Койчиев, Топчугүл Шайдуллаева.
  25. Котормочу Абийрбек Абыкаев санаган акындар: Нуралы Капаров, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов. Жазуучулар: Шайлообек Дүйшеев, Каныбек Иманалиев, Капар Токтошев.
  26. Али Токтакунов санаган акындар: Нарсулуу Гургубаева, Жыргалбек Касаболотов, Азамат Омош. Жазуучулар: Абдыкерим Муратов, Абдиламит Матисаков, Арслан Койчиев.
  27. Дастанчы, манасчы Самат Көчөрбаев санаган акындар: Алтынбек Исмаилов, Зайырбек Ажыматов, Жыргалбек Касаболотов. Жазуучулар: Кубатбек Жусубалиев, Топчугүл Шайдуллаева, Түгөлбай Казаков.
  28. Бизнесмен Урматбек Жакшымбетов санаган акындар: Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Мирлан Самыйкожо. Жазуучулар: Абдыкерим Муратов, Эсенбай Нурушев, Каныбек Иманалиев.
  29. Врач Калмырза Эшкулов санаган акындар: Анатай Өмүрканов, Омор Султанов, Кыялбек Урманбетов. Жазуучулар: Абдыкерим Муратов, Мамат Сабыров, Өмүрбек Караев.
  30. Композитор Турдубек Чокиев санаган акындар: Кыялбек Урманбетов, Зайырбек Ажыматов, Бердибек Жамгырчиев. Жазуучулар: Шайлообек Дүйшеев, Топчугүл Шайдуллаева, Султан Раев.
  31. Обончу Түмөнбай Колдошов санаган акындар: Фатима Абдалова, Карбалас Бакиров, Кыялбек Урманбетов. Жазуучулар: Абдыкерим Муратов, Султан Раев, Топчугүл Шайдуллаева.

Сурамжылоо жүргүзгөн Олжобай ШАКИР

Акындар тобунда:

  • Зайырбек Ажыматов – 18 эксперт мыкты деп атады.
  • Жыргалбек Касаболотов – 9 эксперт мыкты деп атады.
  • Нарсулуу Гургубаева – 8 эксперт мыкты деп атады.
  • Сагын Акматбекова – 6 эксперт мыкты деп атады.
  • Алтынбек Исмаилов – 6 эксперт мыкты деп атады.
  • Анатай Өмүрканов – 5 эксперт мыкты деп атады.
  • Кыялбек Урманбетов – 5 эксперт мыкты деп атады.
  • Мирлан Самыйкожо – 5 эксперт мыкты деп атады.
  • Карбалас Бакиров – 4 эксперт мыкты деп атады.
  • Омор Султанов – 3 эксперт мыкты деп атады.
  • Афина Бакирова – 2 эксперт мыкты деп атады.
  • Акбар Рыскулов – 2 эксперт мыкты деп атады.
  • Бердибек Жамгырчиев – 2 эксперт мыкты деп атады.
  • Жыпар Исабаева – 2 эксперт мыкты деп атады.
  • Кожогелди Култегин – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Шайлообек Дүйшеев – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Назгүл Осмонова – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Азамат Омош – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Кыял Тажиева – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Максат Жангазиев – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Шабдан Сулайманов – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Нарынбек Жамангулов – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Калича Жакыпова – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Фатима Абдалова – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Элмирбек Иманалиев – 1 эксперт мыкты деп атады.

Жазуучулар тобунда:

  • Самсак Станалиев – 9 эксперт мыкты деп атады.
  • Арслан Койчиев – 8 эксперт мыкты деп атады.
  • Топчугүл Шайдуллаева – 8 эксперт мыкты деп атады.
  • Бейшебай Усубалиев – 7 эксперт мыкты деп атады.
  • Абдыкерим Муратов – 7 эксперт мыкты деп атады.
  • Кубатбек Жусубалиев – 7 эксперт мыкты деп атады.
  • Шайлообек Дүйшеев – 7 эксперт мыкты деп атады.
  • Каныбек Иманалиев – 6 эксперт мыкты деп атады.
  • Султан Раев – 5 эксперт мыкты деп атады.
  • Кеңеш Жусупов – 5 эксперт мыкты деп атады.
  • Нуралы Капаров – 5 эксперт мыкты деп атады.
  • Акбар Рыскулов – 3 эксперт мыкты деп атады.
  • Абдиламит Матисаков – 2 эксперт мыкты деп атады.
  • Мамат Сабыров – 2 эксперт мыкты деп атады.
  • Түгөлбай Казаков – 2 эксперт мыкты деп атады.
  • Данияр Исанов – 2 эксперт мыкты деп атады.
  • Эсенбай Нурушев – 2 эксперт мыкты деп атады.
  • Жылкычы Жапиев – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Мелис Абакиров – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Алтын Капалова – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Өскөн Даникеев – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Өмүрбек Караев – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Турусбек Мадылбай – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Тойчубай Субанбеков – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Кубанычбек Аркабаев – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Касым Кушубеков – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Капар Токтошев – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • Элдияр Элчибек – 1 эксперт мыкты деп атады.
  • P.S. Эксперттик топко катышкан 31 адамдын пикири боюнча ысымы эң көп аталган мыктыларды куттуктайбыз! О.э., сурамжылоодо айрым эксперттер Шайлообек Дүйшеев менен Акбар Рыскуловду бири акын катары, бири жазуучу катары белгилегенин эскертебиз.

 

7 Replies to “Мыкты акын, мыкты жазуучулар боюнча адабий рейтинг аныкталды”

  1. Менин оюмча, опрос деген эскирген опут. Дүйнөнүн көп жеринде акын-жазуучулардын рейтинги китебинин өтүшү — кирешеси менен, ал эми Олжокеникиндей сайттарда болсо аны аныктай коюш алеки-сааттык иш, ким көбүрөөк окулса — ошонун рейтинги жогору. Жалпы мамлекеттик деңгээлде акын-жазуучулардын рейтингин аныкташка 31 эксперттин пикири, албетте, аздык кылат. Бери дегенде 5 миң кишинин пикирин анализдеп көрүш керек.

  2. Карбалас Бакиров менен Сагын Акматбекова мен үчүн доордун мыкты акындары!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.