Акын жөнүндөгү сөзүбүздү анын жары маркум Тенти Адышеванын эскерүүсүнөн алынган мындай деген сүйлөмдөр менен баштасак: «Каргашалуу 1944-жылдын күндөрүнүн биринде Жоомарт сценариясын жазышкан «Манастын уулу Семетей» аттуу кинофильмди тартууга байланыштуу Каркыраны көздөй бет алып, акыркы сапарына жөнөп жатып:

— Мен эми эки-үч айсыз келбеймин. Силер камырабай жата бергиле. Көлдөн кайткан соң Москвага барып, кинонун сценариясын өткөрүп келемин да, ыр менен роман жазамын. Мына ошону бүтүргөндөн кийин,  келип силерди алып кетем  деди. Ал  ошондо араң   эле 34 жашка аяк баскан болучу… «Бири кем дүйнө» дегендей анын акыркы сапары  армандуу болду… [1].

Чын эле анын аздектеп багып жүргөн көп ойлору өзү менен кошо  кетти, 34 жаш деген эми гана ага-буга түшүнүп, чыгармачылыгы жетиле баштаган курак эмеспи, а Бөкөнбаев болсо аткарган  иштерине алымсынып (жүздөгөн ырлар, жыйырмага жакын поэма, ондой драма, он бештей прозалык чыгармасын жазган, бир топ таржымаларды ишке ашырган, көп коомдук милдет аткарган эле), өлүм жөнүндө ойлонбосо керек, Курманжан датка жөнүндө ыр менен роман (ыр менен роман!), «Кумайык» аттуу поэма, «Эненин кайраты» деген пьеса жазуу жөнүндө ойлоп жүрчү экен, кыргыз жерин кино деген искусство аралай элек кезинде, көп адамдардын али бул өнөр жөнүндө түшүнүгү жок кезинде эле, уникалдуу мурасыбызды негизге алып «Манастын уулу Семетей» деген темада киносценарий жаза баштаган экен, анын киносценарийи сапаттык жактан кандай болорун ким билет, бирок ошол ишке киришүүнүн өзү, болгондо да «Манаска» даап, «кол салуунун» өзү чоң эрдик, а түгүл ага кыргыз киносу дүйнөлүк даңкка ээ болгон ошол кылымдын 60-90-жылдарда да баш бага албаганы өзүнчө бир ойго ала турган жагдай.

Ж.Бөкөнбаев чыгармачылыкта он бештей гана жыл «жашаптыр», анын да көбүн окуу менен, газет-журналдардын түйшүктүү иши менен, Токтогулдун эл ичинде чачылып калган ырларын жыйноо менен, караң калгыр согуштун каары менен алпурушуп өткөрүптүр, өзүнүн бүткүл мүмкүнчүлүгүн чыгармачылыкка арнап бере албай келиптир. Ошентсе да анын поэзиясы кырк-элүү жылдан кийинки окурмандын көзү менен караган күндө да, жаңы жактары, бүгүнкү адамды да толкундата алчу көп нерселери менен көзгө чалдыгат.

Кыргыз акын-жазуучуларынын алгачкы муундарынын чыгармачылыгына кайрылганда, аларды ошол кездеги тарыхый-социалдык шарттар менен байланышта, замандын агымы менен көз салганыбызда гана алардын чыгармачылыктарына  бир кыйла  тереңдеп үңүлүп, туура мамиледе болобуз. Себеби, 30-жылдарда кыргыз турмушунда такыр башкача турмуштук уклад орноп, адам адамды аябаган тап күрөшү күч алып, кылымдап калыптанган психология заматта эле алай-дүлөй асманга учуп, сырттан таңууланган идеология  ички дүйнөнү да будуң-чаң кылган.

Андай болгондо Ж.Бөкөнбаевдин поэзиясына кайсыл жактан кирип, кандайча баа бергенибиз оң болгону турат?

Жоомарт Бөкөнбаев биринчи кезекте романтикалык стилдеги акын, ал башка кыргыз акындарынан ушул жагы менен өзгөчө бөлүнүп тургансыйт. Басма бетине чыккан биринчи ыры Түштүктөгү жер-суу реформасына карата жазылып, жаңыга, күрөшкө үндөө мотивин көтөрүп чыгат. Мына ушул чакырык, ушул ураан-үндөө мотиви анын чыгармаларынын башынан аягына чейин кызыл сызык менен өтөт. Акын чыгармачылыгын жараткан 30-жылдар коомдук-социалдык өзгөрүүлөрдүн кулак угуп, көз көрбөгөн тездиги менен  түшүндүрүлөт. Дал ушул жылдары алгачкы  беш жылдыктардын ийгиликтери, стахановдук кыймылдар, Папанин, Чкалов, челюскинчилердин эрдиктери, СССР Конституциясынын кабыл алынышы, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлүшү, Жогорку советке шайлоолор  ж.б. толуп жаткан  ири окуялар ар бир адамдын жүрөгүн толкундатты. Бүткүл союздук ири курулуштар – ДнепроГЭС, Магнитка, ТуркСиб, Березнов химия комбинаты, Харьков, Челябинск, Сталинград трактор, Горький жана Москва автомобиль заводдору отузунчу жылдын акындарынын поэтикалык күндөлүктөрүнө, өндүрүштүк очерк, репортаждарына айланып кетти. Акындар ири курулуштарда, колхоз-совхоздордо (М.Н.Тихонов Орто Азияда, А.Безыменский Днепростройдо болот, а түгүл И.Л.Сельвинский 1931-жылы электр  заводуна ширетүүчү болуп иштөөгө кетет ж.б.) болуп, өндүрүштүн өзүнөн репортаж өңдөнгөн ырларды жазышты.

Кыргыз жеринде жер-суу реформасынын жүрүшү, басмачылар менен күрөшүүдөгү ийгиликтер, колхоз курулушу, көчмөн элдин турмушуна индустриялаштыруунун  кириши, паровоздун, самолёттун келиши, суу сактагычтардын, электр станцияларынын, жолдордун курула башташы ж.б. ар түрдүү жаңылануулар өз кезегинде алгачкы муундагы акындардын психологиясына күчтүү таасир этти, анын үстүнө ал акындардын баары кедей табынын өкүлдөрү болушкан. Жогорудагыдай улуу иштерди аткарып, тарыхтын дөңгөлөгүн өтө тездик менен жылдырып жатышкандар да ошол кездеги сыпаттоолор менен айтканда бир убакта байдын оту менен кирип, күлү менен чыккан күңдөр, кой артында жүргөн малайлар, азыр эми күчтүү, кайраттуу, көңүлдөрү көтөрүңкү «кызыл жоолукчандар», «шайыр жаштар» мезгилдин чыныгы баатырлары  эле.

30-жылдардын адамдары жашап жаткан мезгилге, жаңы коомго жан-дили менен кызмат  кылышкан, «тарыхтын локомотиви» болгон революцияны алдыга жылдыруу үчүн жан аябай күрөшүшкөн, алар келечекке романтикалык ой жүгүртүшкөн, оокаттуу жашашты, дүнүйө топтошту максат кылбастан, өз алдыларына социализмди орнотууну, тап душмандарын талкалоону ниет кылып коюшту, ошон үчүн күрөшүү жана эмгектенүү баарынан артык экенин сезишти. Жоомарт Бөкөнбаев дал ошол кезде кыргыз поэзиясынын майданынын алдыңкы чегинде жүрдү.

Ж.Бөкөнбаевдин отузунчу жылдардагы лирикасы жаңы турмуш, эмгек, жаратылыш, келечек – төрт теманын айланасынан өсүп чыккансыйт, анын чыгармачылыгында мына ушул төрт тема бири-бирин толуктап, айкалышып келгенсийт. Бул төрт тема бир чети акындын  стихиясы, бир чети мезгилдин талабын, учурдун духун туура түшүнүүсү. Ошон үчүн анын чыгырмачылыгында үгүт-насаатчылык максаттын күчтүүлүгү көзгө даана урунат, бул максаттын күчтүү байкалышы бир чети акындын жолун бир топ нерселерден бөгөгөн, айталык, ырларында философиялык идеялардын берилиши боюнча акын калемдештеринин бир тобуна караганда өз мүмкүнчүлүгүн толук көрсөтө албай калгансыйт, кээ бир ырларында мурдагы эле айтылып келе жаткан банал ойлорду кайталоочулук, айрым ойлордун ырдан ырга көчүп жүрүшү, календардык гана маани аткарып калышы, а түгүл турмуштук курч конфликттерден четтеп кетүү, айрым экспромтордун аралашып жүрүшү сезилсе, экинчи жагы үгүт-насаат менен акын 30-жылдардын демин, ошол жылдардын активдүү адамынын түбөлүктүү чакырыгын  жаратыптыр, адабиятыбызга ал жылдардын романтикалык каарманынын образы келиптир, бул жагынан анын чыгармачылыгы Совет адабиятында ошол жылдарда күчтүү көрүнгөн романтикалык стилдик багыттары сүрөткерлерге (Н.Тихонов, М.Светлов, Э.Багрицкий, С.Вургун, К.Паустовксий ж.б.) уланып турат.

Каармандардын иш-аракеттериндеги көтөрүңкүлүк (возвышенное), ички дүйнөдөгү эмоционалдык абалдын толкундануусу, булкунуусу, турмуштагы ар кандай баатырдык, эрдиктерди көкөлөтө сүрөттөөгө умтулуу, башкы планга ойго караганда сезимдин көтөрүлүп чыгышы, патетикалуу, шарттуу-символдук каражаттардын арбындыгы бул сүрөткерлердин чыгармаларын жалпылаштырып, романтикалык стилдик агымга бириктирип турат. Мына ушундай белгилер Ж.Бөкөнбаевдин поэзиясынын да негизги өзөгүн түзүп, аны кадыресе идеялык-эстетикалык бийиктикке көтөрүп чыгат.

Акындын чыгармачылык стилинде көрүнгөн романтикалык белгилер кайсылар? Биринчиден, анын ырларынын бүткүл духу, пафосу көтөрүңкү эмоцияда жазылат. Маселен, ал эмгек темасындагы ырларында жумушчу-дыйкандардын арасында болуп, эмгек процессинин жүрүшүн, жумуштун ритмин репортаж сыяктантып берет, акынды ээрчип окурман өзү эмгек майданында жүргөндөй сезет.

Мисалы:

Айтчы, курбум, ал эмне,
Тигил караан көрүнгөн?
— Ал эпкиндүү – өңчөй кыздар,
Анаркандар бөлүнгөн.
— Ана турган ак дөбөбү?
— Ал ак пахта терилген! («Анаркан») [2].

— Тиги кайсы калың караан,
Келе жаткан жамырап!
— Ал эпкиндүү келин-кыздар,
Ак пахтага жабылат.
Түн уктабай сапар чегип
Арзып келген жер ушул,
Ана талаа, чексиз жаткан
Ак пахтанын кени ушул.
Ана келген жамырашып,
Ал пахтачы – эл ушул («Талаа таңы»)

Заводдо Сергей, Сейтек булоолонот,
(Бул дагы келечекте конуш камы)
Балкасы эзип жатат кызыл темир,
«Учкунга» чачыранды, толгон тамы,
Тизилип чекесинде берметтери,
Шарактап эмгек менен кайнап каны.
Станок көзгө илээшпей тегеренет,
Жемишти социалга сактап бары («Кышкы таңда») ж.б.у.с.

Бул ыр саптарынан көрүнүп тургандай жаңы замандагы эмгек мурдагыдан жаңыча мүнөзгө ээ болгон, ал азыр – ыракаттуу жана романтикалуу. Эмгек деген – идея. Бул эмгек – кубаныч, бакыт, социализм, келечек. Эмгек адамынын образын сүрөттөөдө акын ал адамдын жаңы замандагы рухий мүмкүнчүлүгүн башкы планга көтөрүп чыгат, жаңы адамдын колунан бардык иштер келе тургандыгына ишендирет, айрым адабиятчылар түшүндүрүп жүргөндөй ал каармандарды көп учурда элдик оозеки чыгармалардагы  каармандарга жакындаштырып, фольклордук ыкма менен идеялизациялап сүрөттөбөйт, тескерисинче, аларды романтизациялап көрсөтөт, акындын каармандары романтикалык көрүнүшкө ээ болушат, алар кадыресе адамдардан айырмаланып турушат, «түйүлүп булчуңдары бөлөк-бөлөк», «балканы машинадай бат-бат урат», «большевик паровозду  баштап алып», «түр жасап эрип жаткан кызыл чоктон» ж.б.у.с. көрүнүштөрдө сүрөттөлөт, бул, албетте, фольклор эмес, бирок муну менен Ж.Бөкөнбаевдин чыгармачылыгын фольклордон аттап чыгып кеткен деп айта албайбыз, ал фольклордун тамагынан азыктанып  алып, анан анын үстүнө адабияттын жазма формаларынын шире сокторун (албетте, алынын келишинче) кошумчалаган, мында Жоомарт үчүн экинчи булакка  караганда, биринчи булак (улуттук фольклор) көп азык берген.

Балким поэзиясынын музыкалуулугу, ыргактуулугу, жеңилдиги, түшүнүктүүлүгү ошол элдик поэзиянын накта өзөгүнөн калпып алып тургандыгы менен түшүндүрүлөт. Деги эле акындын элдик оозеки чыгармачылыкты кандайча пайдаланып келгенин билүү үчүн анын Москваны биринчи көргөндө кандайча сүрөттөгөнүн окуп көрөлү:

Айланасы жашыл майдан
Тияншандын чөбүндөй,
Калың токой, карайган бак,
Аяк башы көрүнбөй.
Жер чырагы ушул тура,
Чер калабы бөлүнбөй!
Канат кагат карчыгасы,
Кантсин көңүл элирбей!
Келберсинген калың көрүк
Керме тоолук  келиндей,
Жанга жагым бак-дарагы
Жашыл шибер жеримдей («Москва»)

Минтип ошол жылдардын гана адамы, элдик поэзиянын бешигинде чоңойгон акын гана айтмак, ошол адам гана ушинтип көрмөк, а азыркы акын башкача көрөр эле, а түгүл акындын сүрөттөө каражаттарында, ой жүгүртүүлөрүндө фольклор кадимкидей акынга таканч берет, «Салтанат, сайран өлкөсү» сыяктуу айрым ырларында ал кадимки эле элдик поэзиянын таламдары менен өз оюн айтып берет, бирок кийинки, айрыкча согуш жылдарындагы чыгармаларында оозеки чыгармачылыктын традициялары менен профессионал адабияттын оң көрүнүштөрү бир кыйла билгичтик менен айкалыштырылгандыгын байкоого болот, көп учурда элдик поэзия акындын жолун бөгөгөн эмес, тескерисинче ага канат-бутак болуп берген, окурман менен (ал кезде окурмандын интеллектуалдык деңгээли албетте азыркыдай өскүлөң эмес эле) жакыныраак сүйлөшүүгө оңтойлуу шарт түзүп берген.

Жоомарт көп учурда жазган ырын төкмөлөрчүлөп шарт эле айтып койгон болуу керек, анын бир катар чыгармалары ырдын «стих» деген формасына караганда, «песня» деген формасына жакындашып турат, өз акын-курбалдаштарынын ичинен ал төкмөчүлүгү менен кадыресе бөлүнүп турган. Обончу-композиторлордун көп  кайрылышы да балким ошондондур.

Жоомарт Бөкөнбаевдин чыгармачылыгындагы романтикалык пафос, экинчиден, анын келечек жөнүндө ой жүгүртүп жазган ырларынан абдан күчтүү байкалат. Ал өз мезгилинин гана көркөм летописин түзүүгө катышпастан, биздин  жана бизден кийинки күндөргө кыял жүгүртүү менен «Эпкиндүү тилек», «Кыргыздын Ала-Тоосу», «Кыял», «Алдымда буудан ат болсо», «Мен өзгөрөм», «Москва», «Кыялым бир күн чын болор» деген сыяктуу ырларын жазды. Анын бул ырларындагы лирикалык каарман 20-30-жылдардагы кыргыз жергесинде болуп жаткан социалдык өзгөрүүлөрдүн башталышын туура аңдап билүү менен кийинки жылдарга ой чабытын көкөлөткөн, бирок ал стихиялуу утопист катары эмес, социалисттик реализимдеги романтик катары көрүнөт, анткени анын кыялы ишке ашпас куру нерселер эмес, сөзсүз бир күн көпчүлүктүн эмгегинен, күрөшүнөн келүүчү эртеңки реалдуулук эле.

Ээн жылга  капчыгайга,
Катар шаар салармын.
. . . . . . . .  . .  . . . . . .  . . .
Көкөмерен, Суусамырдын,
Көп сууларын бурармын.
Днепрдей электрдин,
Станциясын курармын.
. . . . . .  . . . . . . . . . . . . . .
Керме тоонун жылгасынан,
Трамвайга  минермин.
Жапай жаткан заңгил тоонун,
Жаактарын тилермин.
Көз жетпеген сары асканын
Күкүм кылып таштарын
Айдай даңгыр жол кыларбыз,
Ала-Тоонун асманын.
. . . . . . . .  . . . . . . . .  . . . .
Келин-кыздар оюн кылар,
Керме тоонун бактарын.
. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .
Какшап турган ээн жерге
Катар шаар салынар…
. . . . . . . . .. . . . . . . . . . . . .
Ал керегең ак тамдардын
Айнегине алмашар («Кыялым бир күн чын болор»)

Кана, Москва,
Кайраттарына кирели,
Ал Тияншан
Асылдыгын билели.
Колхозчу эжем –
Сыргалардын үйүнө
Электрден
Чырак коюп берели.
Жаңы койчу –
Ашырбектер бир болуп,
Жашыл кырдан
Автомобиль минели («Москва»)

Жапай турган аскаларды,
Талкалармын, бузармын,
Ала-Тоонун асманында
Айланармын, учармын.
Боом, Кочкор капчыгайдан
Поезд менен сызармын.

Көгүш жайлоо Көк-Ойроктун
Көркү чыгар, түрдөнөр,
Көк тиреген кардуу чоку
Көк саймадай гүлдөнөр.
Көмүктөгү калың кенди
Көрүп, табар инженер.
Ала-Тоодон эсеп жеткис,
Алтын, күмүш табылар.
Айнектелген кирпич үйлөр
Чабандарга салынар.
Биздин жайлоо шаар болор,
Миң миллион малы бар.

Ойлоп турсам келечегим –
Кубанычта жүрөгүм.
Куш учпаган  кыялардан
Автомобиль минермин («Кыргыздын Ала-Тоосу»)

Хан-Теңирдин чокусуна
Билимдүүлөр үй салар.
Бир күн кыргыз өскөнүнө
Бүтүн дүйнө таң калар… («Кыял»)

Ар түрдүү ырлардан келтирилген бул саптар акындын келечек жөнүндө ойлорунун системасы, али келе элек күндөргө жиберген ой чабыттары. Акындын кыялдануулары ишке ашкандыгына бүгүн биз күбө болуп гана олтурбай, айрымдарын тарыхка айлантып да жибердик. Акын кийинки күндөргө жөн гана ой жүгүртпөптүр, ал күндөргө суктана караптыр,  сөзсүз келүүчү жакшылыктар катары үңүлүптүр. Башкаларга караганда анын кыялкечтиги, жаш баладай ой жүгүртүшү балким кезегинде көбүнө жаккан эместир, бирок ал учурдун духунан жана акындын мүнөзүнөн сызылып чыккан.

Жоомарт Бөкөнбаевдин чыгармачылыгында дароо эле көзгө урунуучу дагы бир нерсе – пейзаждык көрүнүштөр аркылуу сүрөттөлүп жаткан предметти тереңдетип ачып берүүгө аракеттенүү, б.а. адам мүнөзүн, жаңы турмуштагы жаңыланууларды, эмгектин түр-түспөлүн табият менен бирдикте кароо, адам – эмгек – жаратылыш үчөөнүн гармониясын үзбөй көрүү. Бул жагынан ал кадыресе бийиктикке көтөрүлгөн, а түгүл бир топ чыгармалары азыркы күнгө чейин өз маанисин төмөндөтпөй келе жатат. Акындын мындай сүрөттөөлөрүнүн арбын болушуна анын романтикалык стилдеги акын экендиги көп таасир эткен, анткени жаратылыш, табият дайыма романтикалуу. Акындын сүрөттөөлөрүндө «таң жели согулганда гудок урат», «саратан сайрап, күн кайнаганда», буудай сапыруу жүрөт, «күн-жалын көктө турганда, ысык жел бетке урганда» кырманда иш кызыйт ж.б., иши кылып эмгек менен жаратылыш бирдикте, бири-биринен айырмаланбаган байланышта каралат.

Акындын пейзаждык лирикасынын арасынан жыл мезгилдери жөнүндөгү ырларын өзгөчө бөлүп кароого болот. Аларга жаз  жөнүндөгү «Жаз», «Жазгы суу», «Жазгы тоо», «Жазгы таң», жай жөнүндө «Жай», «Жайдын кечи», «Жайдын бир күнү», күз жөнүндө «Күз жетти» жана кыш жөнүндө «Кышкы тоо», «Кышкы таңда» деген ырларын өзүнчө бир тутумдаштырып кароого болот. Акын үчүн мезгилдер жөнөкөй гана жыл мезгилдери эмес, адам өмүрү, адам эмгеги, а түгүл мезгил менен доор, өлкөнүн өмүрү символдоштурулуп каралат, ошон үчүн жазда:

Кең талааны атыр жытка чөмдүрүп,
Эркеледи, алпештенип жел жүрүп,
Нурун чачып жерде жүргөн эмгекке,
Көк деңизде кулач урду күн  күлүп.
. .  . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .
Көркөмү жок кыш маалында кокойгон,
Карагай да мончок, акак тагынды.
. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .
Жадырады жердин бети кубанып,
Кооздолуп кызыл, жашыл куралып,
Салкын аба, күлүк жели күлүңдөп,
Эч булут жок көк аскада тунарып («Жаз»)

ж.б. жаздын белгилери жаңыдан түптөлүп келе жаткан жаш өлкөнүн образы менен символдоштурулат, жазгы сууну «киргилденип чамынып, күңгүрөнүп толкундап, алдас уруп агылып, көбүгүн бүркүп, оргуштап, тундурат кулак жадатып…чатырап батпай тебилип…», «бүркүп салып жулкунса, балыктар тышка терилип» деген саптар менен жыйырманчы-отузунчу жылдардагы социализмдин бүткүл фронт боюнча чабуулун, анын жеңиштерин, тап душмандарын талкалап жок кылууну («балыктар тышка терилип») көрсөтөт. Мунун өзү, бул форма ошол кезде кеңири тараган ыкма болгон, М.Горькийдин Шумкары менен Бороон кабарчысы, А.Блоктун Шамалы менен Бороону, С.Сайфулиндин Ат арабасы («Советстан – ат араба» деген саптары) сыяктуу эле Жоомарт Бөкөнбаевдин жазы, жазгы таңы, жазгы суусу жаш совет өлкөсүнүн символдук көрүнүшү катары көрсөтүлөт. Акын ошол табиятты гүлдөтүп жаткан, табиятты табият кылып турган эмгек экендигине өзгөчө басым коёт. Акындын ырларында  таңдын сүрөттөлүшү башкача бир көтөрүңкү рухта көрсөтүлөт:

Тээ тетиги күн чыгыштан
Сүт төккөндөй бийиктен,
Алда неме самсый келет,
Жаш көңүлүң сүйүнткөн,
Ал – атар таң, кезектеги
Азем салган күмүштөн! («Талаа таңы»)

Деги эле Жоомарт Бөкөнбаевдин пейзаждык лирикасы тропторунун арбын колдонулушу, анын натыйжасында сүрөттөөлөрүнүн элестүүлүгү менен окурманды өзүнө тартат, Темиркул Үмөталиев айткандай: «Табияттын, кыргыздын тоо-ташын сүрөттөө жагынан Жоомарттын алдына оңой менен киши чыкпайт».

Жоомарт Бөкөнбаевдин романтикалык стилдеги сүрөткерлерге жакындаштырып турган төртүнчү фактор анын поэтикалык каражаттарындагы романтикалык боёктордун арбындыгы. Акындын ырларында ырдан ырга көчүп жүргөн жаныбарлар – Торгой, Чегиртке, Булбул. Ошондой эле акын колдонгон троптордогу гиперболизациянын арбынды да отузунчу жылдардын адамдарынын образын романтизациялоодо акынга жардам берген. «Темирдей жанчып жатат талкан-талкан», «Созулат кара темир болуп аркан», «Машина күрпүлдөнөт темир чайнап», «Күмүш пахта дөбө-дөбө үйүлдү», «Жер жылдызы жаркырады жаңырды», «Дөңгөлөк бийлеп жүрдү ырдай-ырдай», «Жандырып карбиттерин балбыл-балбыл», «Асканы муздай талкалап», «Автобус чуркайт кийиктей» ж.б.

Бул троптор акындын каармандарын фольклордогу каармандарга окшотуп таштайт дегенге караганда, кайра 30-жылдардын адамдарынын гана бир аз көтөрүңкү рухта жазылган образы десек аша чаппагандык болобуз.

«Чертилгин»,
«Чертил комуз, чертил-чертил» («Биздин кылым»)

«Жырышып балкалар да чака-чака»,
«Тынымсыз эмгек кайнап бака-шака» («Гудог урганда»)

«Өрдөп-өрдөп мен барамын («Тоо  башында паровоз»)

«Ырдап-ырдап үн саламын» («Тоо  башында паровоз») ж.б.

Лирикалык ырларынын көп жерлеринде учураган жогорудагыдай тууранды, сырдык  сөздөрдүн, кайталанма кош сөздөрдүн көптүгү да акындын көтөрүңкү эмоционалдык пафосун аныктап турат. Башка акын-жазуучуларга караганда Жоомарт Бөкөнбаевдин романтикалык пафосунун күчтүүлүгүнө анын жеке өзүнүн инсандык натурасы да бир кыйла таасир этти. Ал «…көзү оттуу, алгыр мүнөздүү, жалындуу курч, кезегинде бетке чабар орой, кезегинде жатык элпек, жайдары-шайыр» (К.Маликов), «иштеген учурларында жээкке чарпылып, кайра шыбыргактап аркасына  кетип турган көл толкуну өңдөнүп», «өтө шамдагай, шайдоот басчу», «бала кыял ак ниеттүүлүгү», «терс көрүнүштөргө, адилетсиздикке, кара ниеттүүлүккө жанманы калбай күйкөлөктөнүп, тартынбай бетке айтышы» (Т.Адышева) ж.б. ушуга окшош мүнөзүндөгү сапаттары, кыялкечтиги, ар кандай нерселерге тез реакция бериши, шашмалыгы, алабармандыгы ырларында сөзсүз түрдө чагылдырылды, анын үстүнө акын чыгармачылыгын өтө жаш кезинде – романтикалык курагында көрсөттү, мунун өзү да сөзсүз түрдө андан ушундай пафостогу ырларды жазууга түрткү берди. Бекеринен ал котормолоруна романтикалык жана романтизм методунда жазылган чыгармаларды (И.В.Гёте, Ш.Руставели, М.Ю.Лермонтов) көп тандоого аракет кылбаса керек.

Олжобай ШАКИР: Туулган жер жөнүндө ырдын классикалык үлгүсү

Ж.Бөкөнбаевдин чыгармачылыгына арналган айрым эмгектерде [3] акын Түштүк Кыргызстанда туулуп, балалыгын өткөргөндүктөн шахтерлордун жана кенчилердин турмушун жакшы билген дейт. Ырас, акын Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Көк-Жаңгак шахтыларын кийин көрсө көргөндүр, бирок, анын балалыгы шахтылуу шаарларда өткөн жок. Ал 1910-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Мазар-Сай деген айылында туулган. Бул аймактарда ал кездерде жумушчу калкы болбогон, Түндүк-Түштүк, Батыш-Чыгыш кыргыздарынын уюткулуу уюму катары бул жер сөз устаттарынын устаканасы болгон. Алар түштүктүн салт-ырасымын, өнөрүн, тилин түндүккө, аркалыктар деп аталган түндүк кыргыздарынын, таластыктардын маданиятын анжиандык, алайлык кыргыздарга – түштүккө өткөрүп берип турган көпүрөнүн ролун аткарган. Ошол көпүрө Жоомартты сөз өнөрүнө жакын кылган.

Оозеки алган билим-тарбиясын 1922-жылы туулган жериндеги Арым мектебине кирүү менен дагы бышыктап, анан Түштүккө – Көк-Арт балдар интернатына, 1926-жылы Ошко кетет. Эки жылдан соң Фрунзеге которулат. Көрүнүп тургандай, ал куштун эки канатындай Түндүк менен Түштүктүн таалим-тарбиясын, билимин эриш-аркак көрдү. Бирок ал жогоруда айткандай шахтерлор шаарында жашаган жок. Демек анын шахтерлор тууралуу ырлары командировкалык таасир менен гана жазылган ырлар, бирок учурдун пафосун кармаган демдүү ырлар гана болгон, чоң поэзия, чоң образдарды жарата албаган.

Ж.Бөкөнбаевдин кийинки тагдыры журналистика менен, басма сөз органдарына жетекчилик кылуу менен көп байланыштуу болгондуктан, бир жагы ал Москванын, Фрунзенин тапшырмаларын, партиянын токтом-чечимдерин аткарууга үйрөндү, социалдык заказ кандай чыгармага коюлуп жаткандыгын мыктылап түшүндү. Ошон үчүн ал бүт Кыргызстанды түрө кыдырды. «Атка жеңил, тайга чак» ырларынын көбүн жолдо же борбордон чет жердеги жатак жайларында жазды. Ордендүү акын-редактор, коммунист, орус тилин жакшы билген киши Кыргызстанда гана эмес Москвада да зоболосу болгон, ошон үчүн ал эмне жазса, басылып чыгып турган. Түнү жазган чыгармалары эртеси гезиттер аркылуу элге тарай берген, демек, коом анын ырларына муктаж болгон.

Акындын өз кезегинде мыкты кабыл алынган чыгармасы да, анын жазгандарынын ичинен көлөмдүүсү да «Ажал менен Ар-намыс» поэмасы болуптур. Согуш мезгилинде жазылган бул чыгарма кайсыл жагы менен баамга урунган? Биринчиси, көркөм образ катары Ажалдын жана Ар-намыстын бейнелеринин киргизилгендиги, алардын шарттуу каарман катары адамча сүйлөп отурушу. Экинчиси, ошол жылдарда согуш майданын сүрөттөгөн чыгармалар дээрлик жок болсо, анын бул чыгармасы аркылуу тылдагы окурманды майданга жетелеп барган, согуш алааматын бирөөлөрдөн гана угуп-билген, ошол жакка үмүттүү да, күйүттүү да караган кыргыз окурманы үчүн бул өзгөчө керектүү нерселерден болгон.

«…Поэма жалындуу эмоциялык дем, көтөрүңкү баатырлык пафос, темпераменттүү эпостук интонация менен башталат… Ырас, анда кызыктуу чоң окуялар, чиеленишкен адам тагдырлары жок. Бирок анын ичинде бай мазмун, күчтүү эмоциялык энергия бар». «…Көркөм организми андан бетер кызык. Ал – шарттуулук менен реалдуулуктун, жазма поэзиядагы айрым мүмкүнчүлүктөр менен фольклордогу салттардын ширөөсүнөн бүткөн чыгарма. Таамай реалисттик пейзаж баяндоонун романтикалык манерасы менен айкалышат. Азыркы согуштун реалдуу картинасында жомоктук элементтер жүрөт. Фантастикалык образ-символдорго удаалаш эле жандуу адамдар жолугат. Ушул ар кошкон белгилер өз ара байланышып, бирин-бири толуктап, поэманын реалисттик багытына романтикалык мүнөз берет. Алиги фантастикалык образдар да жансыз символика бойдон калбайт, сөөлөт үчүн кирген бөтөн мүчө сыңары поэманын романтика-реалисттик стихиясынан калдайып бөлүнүп турбайт, тескерисинче, поэманын көркөм тканына эриш-аркак болуп, башкы идеянын жалпылоочу күчүн арттырат». «…Поэманын сүрөттөө ыкмасына да, стилине да, көркөм каражаттарына да фольклордун тамгасы басылган. Ар бир сабы аллитерация менен ассонанска чырмалып турат. Элдик эпостордо арбын жолукчу табият кубулуштарын жандандыруу, психологиялык жана синтаксистик параллелизимдер, түрдүү гиперболалар, туруктуу эпитеттер көп жерде учурайт» (С.Жигитов) [4].

«Ажал менен Ар-намыстын» поэтикалык доминантсы элдик поэзияга барып такалары күмөнсүз (К.Асаналиев) [5]. Эки адабиятчынын  бул ойлору, албетте, поэма жаралгандан бери болгондо чейрек кылымдан кийин, кыргыз адабияты, фольклордун «бешигин» тээп чыгып, ар-ар жакка канат күүлөп калган кезде айтылып жатат. Анда неге эки адабиятчы тең поэмадан фольклордук күчтүү таасирди көрдү? Себеби, кийинки күндүн «көз айнеги» менен караганда фольклордук сүрөттөөлөр, фольклордук «тамга» оркоюп, бери чыгып көрүнүп берет, ал эми өз мезгилинде, 40-жылдарда оозеки чыгармачылыктын «упчусун» соруп жүргөн окурман үчүн анын баары керек нерсе, андан башкача болсо кабыл алынбай турган көрүнүш, ой жүгүртүүнүн массалык тиби болгон.

Ж.Бөкөнбаевдин чыгармачылыгындагы жаңы баскыч, аны ошол кездеги кыргыздын жумурай журтуна тааныткан чыгармасы, «Алтын кыз» болду. Ал ошол кездин №1 темасына – тап күрөшүнө арналган. Ж.Бөкөнбаевдин «Алтын кыз» (1937) драмасы колхоз темасын өздөштүрүүдөгү алга жасалган жаңы кадам болду жана бул темадагы буга чейинки көркөм аракеттердин белгилүү деңгээлде жыйынтыгын чыгарды десек болот» деп жазат драматургиябызды терең изилдеген адабиятчы С.Байгазиев [6]. Демек, анын пикирине кошулуу менен бул чыгармасын Жоомарттын эле эмес 30-жылдардагы кыргыз адабиятынын бир жетишкендиги катары кароо жөндүү.

Бүгүнкү бийиктиктен туруп караганда Жоомарт Бөкөнбаевдин бир топ чыгармачылык өксүктөрү, мезгилдин күр-шар агымы менен кете берип, бирок кайсы бир мезгил өткөндө сүрүлүп ташталчу, чыныгы поэзиянын деңгээлине  көтөрүлө албай калган чыгармалары да көрүнүп турат. Алар кайсылар? Биринчиден, акындын чыгармаларында, өзгөчө поэмаларында конфликттин коюлушу, чечилиши чеберчилик менен ишке ашпагандыгы, турмуштагы терс көрүнүштөрдү, терс каармандарды оңой эле жеңилтип, ар кандай душмандыктын, жаңынын жолун бөгөөчүлүктүн конфликтсиз эле чечилиши «Душман калды эси кетип жалдырап, агып каны, сөөктөрү шалдырап», «Большевик берип команда, көмүштү көргө каманды», «Капиталист какшады, кан жөткүрүп, калтырап», ж.б. саптарда көрүнүп турат.

«Капчыгай окуясында» болсо тап душмандары алеки замат талкаланат, алардын бир нечесин, бир эле каарман жок кылат ж.б. Экинчиден, Жоомарт Бөкөнбаев «Ажал менен ар-намыс» деп аталган поэмасына чейин бул жанрда өзүн анча көрсөтө албай келгенсийт, б.а. жанрдын спецификасын өздөштүрө албай жаткандай, чыныгы чоң форманын поэманын ичине кире албай келаткансыйт, бул балким ушул багыттагы профессионалдык камылгасынын али да болсо бышып жетпей жаткандыгы менен бирге эле өзүнүн жаштыгы, турмуштук тажрыйбасынын али да болсо жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт.

Буга тез иштеген мүнөзү, бүгүн жазып, эртең газетага берүүгө ашыккан кесиби да таасир этпей койбогондур. Ошондой эле жанрдын өзгөчөлүктөрүн түшүнө албоо, чындап тереңдеп кире албоо аллегориялык мүнөздөгү чыгармаларынан («Жылан менен бака», «Мышык менен май», «Булбул менен гүл», «Кулаалы», «Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт») да байкалат, кантсе да бул чыгармаларда тамсилдин жанрдык талабы али толук өздөштүрүлө электигин көрүүгө болот. Ошондой эле В.В.Маяковскийди тууроодо да акын ыр саптарына сырткы белгилерин гана окшоштуруп жазуу, а чынында чоң акындын формалык табылгаларын чыгармачылык менен өздөштүрө албоо сезилет («Маяковский Америкада», «Кызыл туу» поэмаларында).

Ырларынын күндөлүк күрдөөлдүү иштердин агымына карата ыкчам жооп менен жазылышы кандайдыр бир даражада акынды философиялык ойлуу поэзия жазуудан алыстатып койгонсуйт (ошол жылдардагы А.Токомбаев, М.Элебаев жана кийинки А.Осмонов жеткен ийгиликтерге жете албай калган). Ошондой эле сүйүү ырларында да ошол жылдарга мүнөздүү болгон аялдарды, аларды эмгекке чакыруу, социализмге кызмат кылдыртуу идеясынын алга сүрүлүшүнөн улам жеке ички купия мамилелер, «сүйүүнүн көзү көрбөс түрлөрү» (А.Осмонов) далдоодо калып калган өңдөнөт.

Бир кезде, жыйырма жети жашында Жоомарт:

Көк тиреген сонун үйлөр
Фрунзеде орнолор.
Көк сырдалган трамвайлар
Көчөлөрдө жорголор.
Көрүп турса таңкаларлык,
Көчө астында жол болор.

Ал кездерде мен картайып,
Таяк менен басармын,
Өткөн турмуш, көргөн күнүм.
Жомок кылып жазармын.
Жадыраган күлгүн жашка

Жарашыгын айтармын («Кыял»), — деп кыялданган экен. Анын кыялы чындыкка айланды, ошондогу Фрунзе шаары көп кабат үйлөрү менен таанылгыс болуп өзгөрдү, бирок арабызда ошол кыялданган акын жок, анын курдаштары таяк менен басышып, өткөн турмуш, көргөн күнүн жомок кылып айтып жүрүштү, а Жоомарт болсо тармал чачын желге сылап Эркиндик саябанында бүгүнкү биздин бактылуу күнгө ыраазы болуп, өткөн-кеткенге жылмая карап тургансыйт…

Олжобай ШАКИР: Төрт сапка сыйган өмүр

Адабияттар:

  1. Адышева Т. Акын кантип толкуган /китепте: Жоомарт Бөкөнбаев тандалган чыгармаларынын эки томдугу. 1-том. – Ф.: «Кыргызстан», 1973. – 9-б.
  2. Бөкөнбаев Ж. Тандалган чыгармаларынын эки  томдугу. 1-том. – Ф.: «Кыргызстан», 1973. (акындын чыгармаларынан шилтемелер ушул китептен берилет)
  3. Богданова М.И. Киргизская литература. Очерк. – М.: Сп. 1947. – 166-б.
  4. Жигитов С. Ырлар жана жылдар. – Ф.: 1972. – 66, 68-76-бб.
  5. Асаналиев К. Өрдөн өргө. – Ф.: 1977. – 148-149-бб.
  6. Байгазиев С. Кыргыз драматургиясы /китепте: Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. Эки томдук. 1-т. – Ф.: «Илим», 1987. – 218-б.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.