АНТКЕНИ

Ырларымдан издебе Гармонияны.
Табыш кыйын, оор аны.
Анткени жан-дүйнөмдүн тоомунда
Бийлик кылат душманы “Дис-”[1]
Ооруган тиш
Бийлик кылгандай ойлоруңа:
“Зырп” этсе, шамал кулу жалбырактай
Чачылат ойлоруң ар-тарапка.

Бирок да таарынбайм да, өкүнбөйм
Тагдырыма чыгарылган бул өкүмгө.
Анткени жапайы да, азоо да
Ыйлатып, термелткен теректи
Куюн да керектир,
Жел гана эмес үйрөтүлгөн жашоодо:
Кээде керек сезимдерди көнүмүшкө
Багындыртпас акын — АНТИ мүнүшкөр.
30.12.1995

*      *      *

Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң
Менден байкуш, бир нерсени сурайсың.
А көзүңдө ишенбестик, кайгы-муң.
Келчи жакын, теппейм сени, урбаймын.

Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.
Сен караба, менин адам кейпиме.
Чыгаралбай эч ким укпас бугумду
Сендей гана жалдыраган итмин мен.

Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.
Орусча айтсам: “Будет вместе веселей”.
Жалдырайсың шыйпаңдатып куйругуң,
Сен да мага ишенбейсиң кенедей.
05.1997

*      *      *

Жер өлүктөй кепинделген ак карга.
Күн араң жан боз асманда үлбүрөйт.
Дарак суроо белгисиндей, а карга
Бутагында үтүр болуп үргүлөйт.

Бирок дүйнө издегенин акыры
Кубанычсыз бул суздуктан тапкансып
Мемиреп тынч. Айлананын ак ыры
Уйку менен дүйнө бетин жапкансыйт.
04-05.03.1994-2010

*      *      *

Жүрөгүм – паровоз.
Жылдардын канчасын
Вагондордой чиркештирип
Сүйрөй алат болду экен
Станцияга чейин акыркы
“Өлүм” деген?
Кандай болот күүсү
Дөңгөлөктөрүнүн?
Шаңдуубу?
Же кайгылуубу – күңгүрөгөн?
Билбейм.
Жөн гана жашап келем
Аткарып болушунча
Жараткандын буйругун
“Жаша, — деген —
Ырлар менен
Узартып өмүрүңдү”.

АПТАП
“Я чувствовал только, как бьют
у меня во лбу цимбалы солнца…”
А. Камю (“Посторонний”)

Ойно, Күн, ур. Башым сонун добулбас.
Меникиндей үнү катуу табылбас.
Добуштары асман-жерди жаңыртат.
Мээде кызык элестерди жаратат:
Көпөлөктөй качып менден көлөкө,
Күн нуру жаайт нөшөр жаандай көнөктөп,
Адамдыгың жуулат жаман боёктой.
Жарым жаның тирүү туруп тозокто.
Шоргологон чөлдөй ысык беттен тер –
Толкундарда жол издешкен кербендер.
Кадамдары мыктай мээге кадалат,
Окугандай узун ырды кайталап
“Ап-тап, ап-тап, ап-тап, ап-…”

ТҮНКҮ ЧАБУУЛ
Кыш күндүзү күнгө алдырган жерлерди
Кайтарам деп катуу коюп максатты
Коюу түнгө жашырынып жиберди
Кайкып учкан аскерлерин – десантты.

Тынч, бейкапар айлана уктап жатканда
Жаап жатты кар түнкү абада жай бийлеп
Чатырларга, кара жолго… мага да
Бул чабуулга күбө болгон капилет.
01.2009

БИЛЕСИҢБИ
Билесиңби, мен көнүпмүн
Баш көтөрбөй жашаганга.
Жаз келгенин билдим бүгүн
Нөшөрлөгөн жаан жааганда –
Тамчылары алма-өрүктүн
Бариктерин күбүп бүтүн
Бут алдыма таштаганда.
07.04.2009-ж.

*      *      *

Көздөрүң сенин – Жашыл арал,
Бейиштин төрү жомоктогу.
Тескери согуп тагдыр-шамал,
Отуз жыл сага жолотподу.

Адаштым башка аралдарда,
Чачылдым, сындым, кейпим кетти.
Жүрөктө жалын аз калганда
Тагдырым сага айдап келди.

Тескери соксун тагдыр-шамал –
Кайрууга болбойт жоголгонду.
Кыялда калсын Жашыл арал,
Бейиштин төрү жомоктогу.
2005-2008

ЖЫЛМАЮУҢ
Жылмаюуңдан артык нерсе билбеймин —
Улуу күчтүн сезем андан илебин.
Жашоомо дем, кубат эркти бере алган
Жылмаюуңду дайым эңсеп келемин.

Жылдар бирок аёо билбес өктөм күч.
Жетеленет кубанычты өкүнүч.
Бул жашоодо улам ары жылган соң
Жылмайганың болду сейрек көрүнүш.
2012-2019

КҮЗ
Шуудуру жалбырактардын
Угулат бутум алдында.
Элчиси Көк муз, Ак кардын
Келиптир кайра айлыма.

Кочуштап чачат алтынын,
Шыбырайт ар бир кулакка:
«Иштедиң, жетет. Ал, тынып!
Эс алгын бир аз убакка».

Кайрадан баары алданат
Бул уулуу ширин сөздөргө.
Шагырап толот айлана
Куураган дене, сөөктөргө.
16.10.2011-ж.

*      *      *

Мен өлгөндө жер болом,
Азык болом эң сонун
Курт-кумурска, чөптөргө…
Аз болсо да бул нерсе
Азайтаттыр күнөөмдү —
Курт-кумурска, чөптөрдүн
Жандары үчүн мен кыйган
Билип-билбей тирүүмдө.
14.06.2016-ж.

*      *      *

С.Жумагулов агайдын элесине

Бар болчу,
Жок болду.
Жепжеңил, кадыресе.
Бирөө өчүргөндөй жарыкты
Жөн гана «чырк» этип.
Бир гана
Жандыралбайсың аны эми кайра…
Кайран, агай…
Жылдар улам көбөйгөн сайын
Жашоомду жарык кылган чырактар
Өчө баштады көбүрөк.
Күңүрт тартып барат жашоом
Элестер дүйнөсү гана жарыкка чулганып.
09.10.2018

*      *      *

Биринчи жолу өмүрүмдө
Кыш келбесе экен деп тиледим —
Даяр эмесмин мен ага.
Көөдөнүмдө
Боштук… Жетишпедим
Сиңирип алганга
Жаздын жаш демин,
Жайдын илебин
Жана да
Күздүн көркүн
Өзүмө.

Тоодон кулаган таштай
Каякка шашат өмүрүм?
Бир аз, жайласаң боло!
Өзүмдү алайын колго.
Болбойт, чамгарактайт.
Дөңгөлөккө жабышкан баткактай
Үмүттөрүм чачырайт.

Тажаганбы ал менден?
Же мен өзүм чарчаган белем өзүмөн?
Биринчи жолу өмүрүмдө
Кыш келбесе экен деп тиледим…
2018-2019

*      *      *

О, Жаз,
Сени көрүү кандай кубаныч!
Кыштан чыкпай каламбы деп корккон элем.
Азыр болсо жүрөгүм элеп-желеп,
Кайра жаш.
Көркүңө сенин мас.
Азыр өлсөм…
Болгону
Гүлдөгөн өрүктөн
Бир барикти күбүгөн
Жаздын тентек жели болормун.
2019

[1] (гректин dys, латындын dis деген сөздөрүнөн) кыйналууну, бузулууну, бөлүнүүнү, жоготууну билдирген сөз алдына келүүчү сөз бөлүгү (мисалы, диссоциация, дисгармония, диспропорция, дизурия).

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.