Алдей,  алдей ак бөпөм,
Ак бешикке жат бөпөм..

…Тээ алыста Алайдагы ыйык Тамчы мазарынын аркы өйүзүндөгү Үңкүрдүн ичин жарып,  ыңаалаган кызыл эт ымыркайдын үнү ай-ааламга угулду… Жаңы көз жарган жаш жубан тун уулун колуна алып,  бооруна кысып,  баятан бери толгоодон жаны көзүнө көрүнүп атканы унутулуп,  бактыга тунган жаны балкып,  көзүнөн жаш кулап атты…

Жаш жубан бактылуу эмей эмине… Теңирим да бактыны сүйгөн пендесине берет тура..

… Атагы таш жарган айтылуу Алымбек датканын а кезде отузга аяк баскан маалы. Өрт мүнөз,  элим-жерим дегенде көзү күйүп турчу,  салмактуу сүйлөп,  илебине нан бышып турган датканы бир көргөндө кыз-келин атмай сүйүп,  талып калчу экен. Анан ушундай өзгөчө жигиттин,  жоо… өзгөчө жигит эле эмес… Келберсиген сымбаттуу келбетине ары сырдуу, ары сүрдүү, ары акылдуу өңү жарашкан,  илбирстей ыкчамдыгы,  кабыландай кайраты тулкусуна сыйбай чачырап турган,  алмустактан ак сөөк тектүү экендиги турпатынан билинген,  баарынан да тоолук эли үчүн тагдырын тобокелге сайып,  кокондуктар менен кыл чайнашып күрөшүп келаткан арстан Алымбек датканын сүйүүсүнө арзуу бакыт эмей эмине?..

… Жыйырмадан жашы эми өткөн тал чыбыктай жаш жубан Курманжан ак сүйүүсүнө жетип, сүйүүгө балкып,  ак сүйүп, ак сүйүлүп, Алымбек шаанын ак никелүү жарына айланган жаны, эми сүйүүдөн жаралган бөпөсүнө мамагын эмизип отуруп,  чексиз бактысына ыраазы болуп, Үңкүрдө ыйлап атты… Жер каймактаганда жаралган,  кылымдар бою өзүн башпаанек кылган адам атмайдын түрдүү сырына күбө болгон карт Үңкүр,  тунук сүйүүнүн,  чыныгы бакыттын ыйына үн кошуп жаңырып,  таш тулкусу термелип,  эрип,  балкып турду… Алымбектин сүйүүсүнө бир эргисе, сүйүүдөн жаралган тун уулун жыттап, энелик бактысына кошо эргип,  байыркы карт Үңкүр жаш жубанга ааламда жок Ак Сарай сезилип,  жарык чачкан асмандагы ак таңга карап, Кудайга чексиз ыраазычылыгын айтып атты келечектеги Алай ханышасы…

Бая эле Ак Байбиче Көчтөн калтырып,  таштап кеткенде заманасы куурулуп, жүрөгү тилинип,  кемсинип, толгоосунун азабы бир тең да, эл көзүнчө кордук көргөнү бир тең, толгоосунун ачуусунан да кемсинген ызасы жүлүнүн тешип өтүп, озоңдоп атпады беле жаш айым?..

Көчмөнгө жайлоого чыкпай жатакта калган анан көч менен баратып,  көчтөн оолакта атайы ташталып,  ай талаада жолдо калгандан өткөн кордук барбы?.. Жок, андан өткөн кордук жок жана жок… болбойт дагы. Датканын теңи эмессиң дегендей мамиледен ызага муунуп, себелеген жамгырдан корголоп кирген Үңкүр ичинде толгоонун ачуусу аралаш озоңдоп атпадыбы беле Курманжан. Улуу Көч тектүү жердин кызын кайдан таштамак эле жолдо,  белде деп…

Азыр болсо багына миң ирет сыйынып ыйлап атты жаш келин. Сыйкырдуу бул жердеги мазар,  машаяктын баары келип колдогондой,  түнү менен озоңдогон ызанын ыйы унутулуп, Үңкүр ичи аппак таңда жаш эненин бактысы менен нурга толуп, эми күлкү аралаш солуктап турду жаш эне…

Ыйлабай анан… бу жалган дүйнөдө сүйгөнү менен сүйүп, сүйүлүп жашоо бактысы чанда бир таалайлуу жанга буйруган… Кудайдын мындай буйругу Алымбек датка менен Курманжанга буйруган экен. Эл тагдырын өзүнүкүнөн бийик койгон, эл-жерим деген ыйык тилеги каны-жаны менен жаралган бул жупту, төгөрөгү төп келген түгөйдү Кудайы Теңирим ак сүйүү берип сыйлаган экен. Кудайдын мындай сыйына чанда бир пенде арзыйт…

Жылда жазга маал Алымбек датканын атасы Асан бийдин көчү айтылуу Алай жайлоосуна жөнөй турган. Жер, сууга батпаган күтүрөгөн малга чыктуу көдөө чөбү менен,  анан ат үстүндө чоңойгон тоолук көчмөндөр үчүн ат ооздугун коё берип,  ээн-эркин чапканга учу-кыйыры көрүнбөй чалкып жаткан Алай жайлоосунан өтөр жайыт жок. Айрыкча ары жакта кол сунсаң жетчүдөй Кашгар кытайга барам десең оңго салган,  Опол тоо ашып Ооганга өтүп кетем десең түз жолго салган,  тажиктерге барыш үчүн солго салган үч айрылыш тогуз жолдун тоому ушу Алай жайлоосунда экени маанилүү болчу.

Алай тоо менен Опол тоо эриш-аркак жанаша жаралганы, эзелтеден кыргыздын түштүк кыйыры Алай жергесине чеп болуп келген. Ошо эки тоонун ары жагындагы түрдүү жер, түмөн эл менен соода аркылуу алака-мамиле түзүү үчүн Алай жайлоосунан өтөр жер кайда. Жайыттын жаннаты болгон күр жайлоо ошентип, Жибек Жолу өткөн тогуз жолдун тоому дагы.

Анан ушу улуу күр жайлоого айтылуу Датканын көчү жөнөп,  эң алдыда атасы Асан бийдин, анан Алымбектин көчү, андан ары жашына карап улуулата жаш ага-ини бийлердин көчү уланып бараткан. Аңгыча көч Сопу-Коргонго жеткенде жаш жубан эки каат Курманжандын толгоосу кармаган. Агезде Курманжандын кадыры элге өтөлек кези. Кадыры өтмөк турсун Кудай кошкон күйөөсүн чанып качып келген бейбак, ак сөөк Алымбек датканы алдап, амалга салып азгырып тийип алган,  бегине бөлөнгөн бешиги да,  чыккан эшиги да тең эмес, жубан тийген үчүн тартылган көшөгөсү ак эмес бейтаалай катары элдин жаман көзүнө, сөзүнө жаны уугуп жүргөн маалы эле..

Андайда кадыры жок жаш келин эмне болмок эле? Асан бийдин сөөлөттүү,  дөөлөттү ак байбичеси толгоосу бышкан келиндин жанына эки жигит менен келин-кесектен таштап коюп, көчтү андан ары улантып кете берди…

Алымбек датка көчкөн, койгон тиргилик ташпишинен сырт болучу, бул жолу да оттой жалындуу жаш берен бек Көчтө жок эле. Көбүнесе Кокондун ордо оюндарынын кызуусуна кирип, оюндун көч башында, таажылуу тактысы менен бактысын өзүнө теңата ханзаада,  бекзаадалар менен тең талашкан көйгашка бек Алайга ай арасында гана кабар алганы келип турчу.

… Ошентип Алымбек датка менен Курманжандын тун уулу, тагдыры тарыхтын таш тамгаларына чийилген арстан Абдылдабек,  мазар,  машаяктуу,  пирлердин түнөгү болгон сыйкырдуу жыландардын уюгу Сопу-Коргондо алмустактан бери не бир адамзаттын, не бир олуя,  аалымдардын, не бир жоокерлердин, не бир баатырлардын, не бир жолоочулардын түнөгүнө айланган ак жолтой Үңкүрдө жарыкка келди.

Айтымга караганда Алымбек датканын эки уулу гана Абдылдабеги менен Камчыбеги өзүн жазбай тарткан экен. Бул Камчыбек датканы 14-16 жашында жанында жандай жүрүп көрүп калган, бир тууган тага-жээн катары,  бир атанын урпагы катары жакындыгы бар, үзөңгүлөш Сами таятам (таятамын атасы) айтып жүрүп бизге жеткен сөз.

Камчыбек датка эгерим, бир да жолу ак орустарды оң караган эмес экен! Ак паашанын аскер адамдары менен чогуу отурганда алдына дасторкон жайылып турса, нан да ооз тийбей,  зор денеси солк этип койбой, керилип, келберсип, мандаш токунуп отурган калыбында эки колу менен тизесин мыкчый кармап, эки көзү күйүп,  жанындагыларга карабай,  бүркүттөй тээ үстүртөн көз жүгүртө карап отурчу экен кайран Камчыбек эр!

Анан Камчыбегин ичинен көңүлү тоюп сыймык менен алдыртан карап отурган Курманжан датка:

— Атасынын өзү… Абдылдабегимин өзү… — деп күбүрөп койчу экен…

Дагы буюрса алдыда сөз уланат..

15.09.2019

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.