Еврей эл жомогу: Мүшөк жана өтүк уста

Өтүк уста кычыраган кыш таңында эрте турат. Өз товарын базарга эрте жеткирүүнүн камын көрүп баштайт. Ишке киришет. Отурат да даяр батинкелерди мүшөккө солойт. Бир убакта терезе жактан тил сунулат упузун. Ушундай узун тил экен дейсиң, чоюлуп келип устага жетет. Уста бирок коркпойт. Тил да калкылдап, созулуп келип устага жакындап, колунан жалайт. Тиги болсо калың такаларды кесе турган үстөлдөгү мизи устарадай жалаңдаган бычагын алып шилтеди эле, тилдин учун шылып түшүрөт. Бирок тил ошол замат кайра жакындап, өтүкчүнү карай чубалжып узарат. Мүшөктө […]

Нурзат Казакова: Жапон хоккусу жана кыргыз хайкусу

Хокку, хайку – чыгыш поэзиясында, өзгөчө, жапон поэзиясында күчтүү өнүккөн ырдын бир түрү. Жаралыш тарыхына кайрылсак, анда хайку-бир нече кылымды карытып келген, тактап айтканда, XVII кылымда жаралып, алгач 17 муундан туруп, уйкаштыкка баш ийбеген ыр. Жапон элинин классик акынына айланган Басёну кыргызча сүйлөткөн Акылбек Жуманалиев айткандай, “хайку – бул кичи сүрөт”. Хайкуну окуп, чечмелеш үчүн зор эстетикалык кабыл алуу, жапондуктардын каада-салтынан, менталитетинен, дүйнө таанымынан, түшүнүктөрүнөн кабардар болуу зарыл. Жапон элинде Басё, Кёрай, Бусон өңдүү мыкты хайкучулар жашап өткөн. Алар ааламдын […]

Жумагүл Барктабасова: Аппак үй

ЭССЕ Жакында туулган жерге барам. Туулган айылыма. Тоолорду аралап узак жол басып, анан барам чаалыгып. Айылга кире бергенде эле дөңсөөдөн атам тиккен теректер көрүнөт. Анан атам салган үй. Ушул үй менин көзүмө эмнегедир аппак болуп көрүнөр эле. Студенттик кезде, кийин деле сөзсүз атам олтурчу, ошол ак үйдүн алдындагы олтургучта. Узатарда да чөкчөйүп ошол ордунда калар эле. Эсимде, бир сапар мени атам чакыртып ийиптир. Үй-бүлөбүз менен жетип бардык. Бир жолу жалгыз барып, көпкө жүрүп калсам, «Кызым, сени үй-бүлөлүү дейт. Экинчи минтип […]

Корголдун айтыштарындагы салттуулуктун сакталышы жана өздүк чеберчилик

Кыргыз акындар чыгармачылыгы – фольклор менен профессионалдуу жазма адабиятты байланыштырып туруучу өткөөл этап катары көп кылымдык тарыхка ээ. Чыгармачылыктагы жалпылыктан жекеликке, элдүүлүк, коллективдүүлүктөн индивидуалдуулукка өтүүдө салттуулук, идеялдуулук, жеке көркөм чеберчилик, образдуулук, асылдуулук, чыгармачылык таасир сыяктуу бир катар категориялардын бир чыгармачылык деңгээлден экинчисине өтүүдөгү мааниси жана орду канчалык деңгээлде экендиги негизги маселелерден. Айталы, акындардын чыгармачылыгына баа берүүдө, алардын акындык күчүн, ырчылык чеберчилигин бирин-экинчисине салыштырууда, окшоштуктарын жана айырмачылыктарын белгилөөдө мурдатан калыптанып калган салттуулуктардын чыгармачылыктагы сакталышы бутага алынат. Салттуулук чыгармачылыкта байыртадан бери сакталып, […]

Дархан Кыдырали: Улуу улустун атасы

Быйыл улуу улус – кубаттуу Алтын Ордонун курулганына 750 жыл толду. Буга байланыштуу Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин Алтын Ордонун 750 жылдыгын баркына жараша жакшылып белгилөөнү жана мамлекеттин негиздөөчүсү Жучу хан ысымын улуктоо тууралуу сөздөрүн чын ыкласыбыз менен кабыл алдык. Жучу хан (1180 – 1227-жж.) түптөгөн, Алтайдан Альпы тоолоруна, Иртыштан Дунайга чейинки аймакта бийлик жүргүзгөн, Дешти-Кыпчак талаасында чамгарак көтөргөн алп мамлекет алгач Улуу улус деп аталды. Кийин бул аталыш орус, славян, батыш булактарында хан ордосунун алтын менен көмкөрүлгөн ордолук ак өргөөсүнө […]