ЭССЕ

Жакында туулган жерге барам. Туулган айылыма. Тоолорду аралап узак жол басып, анан барам чаалыгып. Айылга кире бергенде эле дөңсөөдөн атам тиккен теректер көрүнөт. Анан атам салган үй.

Ушул үй менин көзүмө эмнегедир аппак болуп көрүнөр эле. Студенттик кезде, кийин деле сөзсүз атам олтурчу, ошол ак үйдүн алдындагы олтургучта. Узатарда да чөкчөйүп ошол ордунда калар эле.

Эсимде, бир сапар мени атам чакыртып ийиптир. Үй-бүлөбүз менен жетип бардык. Бир жолу жалгыз барып, көпкө жүрүп калсам, «Кызым, сени үй-бүлөлүү дейт. Экинчи минтип жалгыз келбей жүр» деп акырын айткан болчу. Ошентип, жалгыз баргыс болгом. Кыскасы, ошентип барып калдык.

Кадимкисиндей эле көрүндү мага. Кадимкисиндей эле кой сойду. Сүйлөштүк дегендей, ооруп атканын айтып, көзгө сүрө албай атканын да кошумчалады. Мен ошондо эч нерсе түшүнгөн жокмун. Кайра кайтчу күн келип, үйдөгүлөр менен коштошуп кетип атканбыз. Мен үйдүн жанындагы өзүнүн олтургучуна олтура калган атамдын бетинен сүйдүм. Ал мени чекемен сүйүп, жалооруй карады. «Көзүмдүн тирүүсүндө сени көрүп алдым. Эмки келгениңде, мен бул дүйнөдө жок болом, сөөгүмө келесиң, кызым» деди.

Ичим уйгу-туйгу болуп кетсе да, билгизбей: «Коюңузчу, ата, кайдагыны айтасыз да» деп каадаланып, кайра дагы жүзүнөн сүйүп, келген жолума түштүм. Азыр ойлойм, ошондо эмнеге атамды бек кучактап, «Ата, мен сизди абдан жакшы көрөм» дебедим экен, аттиң!

Кийин барганда ошол олтургучту карай берчүмүн. Атамды жоктоп, нечен жолу ыйладым. Бейитине барып безилдеп ийчүмүн. Бирок, атамдын жогун билгизбей, мени апам тосуп алчу болду. Башыма суу тегеретип ыргытып, каймак-майын жайната салат. Үйдө дасторкон бош калган күн болчу эмес. Апам өтө берекелүү аял эле. «Чай койгулачы, эмне тамак жасайсыңар?» деп келиндеринин жанын койбойт. Мен болсо, атамды жоктогонумду койбойм. Ошондо мен апаман бир күнү айрыларымды түшүнсөм да, мынчалык жакын арада айрылам деп такыр ойлобопмун. Анан мен атамды кандай көз алдымда жоготуп алсам, апамды да ошондой жоготтум. Эми апамды жокточу болдум. Көпкө көрбөй калсам, телефон чалып, анын үнүн укканда сагынычым тарар эле…

Жакында туулган жерге барам. Туулган айылыма. Тоолорду аралап узак жол басып, анан барам чаалыгып. Айылга кире бергенде эле дөңсөөдөн атам тиккен теректер көрүнөт, анан атам салган үй…

One Reply to “Жумагүл Барктабасова: Аппак үй”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.