Александр Куприн: Унутулган өбүшүү

УЛАМЫШ Бул окуя тээ алыскы, бизге уламышка айланып калган убактарда болгон. Королдун кичинекей уулунун кооздолуп жасалган темир торлуу, жабылбаган ичке жана узунунан келген терезесинен ай жаркырап тийип турган. Анын назик нуру бөлмөдөгү бардык нерселерге тегиз жарыгын чачууда. Нур тийгенде караңгы түндүн койнунан сыйкырдын таасири менен чыга калган сыяктуу улам бир буюмдун элеси бөлүнүп көрүнөт: бирде перс килеминин укмуштай көркөм оймо-чиймелери, бирде жумшак олтургучтун оймо салынып оюлган жөлөнгүчү, бирде жерге төшөлгөн жапайы жырткычтын терисинен жасалган күмүштөй жаркыраган жумшак талпак, бирде бырыш […]

Бакытбек Абдуллаев: Мугалим жок – келечек жок

Окуу жылы башталып, билим берүү көйгөйлөрү көтөрүлө баштады. Бир жагынан мектеп имараты жетишпей, контейнерде окууга мажбур болсо, бир жагынан окуу китептери одоно каталар менен басылып чыгууда. Катасы жок китеп эмес, катасы аз жана катасы көп китеп деп айтып калдык. Мурдагы министр да акыры кызматтан чегинүүгө мажбур болду. Жаңы министрди толгон токой маселелер күтүп турат. Министр алмашаса эле керемет болуп кетерин күтпөшүбүз керек. Эми бул кишиге командасы менен келип 3 жылга иштегени мүмкүнчүлүк берүү керек. Депутаттар туугандарын, тааныштарын ишке орноштуруп кой […]

Төкмөлүк өнөрдүн сапаты (2-макала)

<<<<< Биринчи макала Бул жолу төкмөлөр таймашынын биринчи айлампасынан тартып, финалдык айтышка чейин Жеңишбек Жумакадырдын жылдызы жанды. Ал акыркы эки-үч жылдан бери чоң айтыштарга чыкпай келаткан. Күйөрмандары да сагынып калган белем, төкмөнү дуулдап коштоп кетишти. Адегенде казактын төкмө ырчысы Балгынбек Имаш менен беттешке чыкты. Өнөгү Касым-Жомарт Токаевди казак эли президенттикке шайлап алганын кубаттап ырдай койду эле, Жеңишбек ошол жерден туздады: … Президент кантип шайланат, Президент кантип айдалат – өрө элексиң тарыхта… , – дегенде эле зал дуулдай түштү. Андан аркысында […]

Орхан Памук: Өзүмө ишенгендиктен – эркиме жана жашоомдун ырына башкалар да ишенди

Сулейман мени абдан катуу сүйдү. Көп эркектин ою боюнча сүйүү – үч жиндиге айлануу. ♦ ♦ ♦ «Сүйүү –оору» деди агай.  «Тез жардамдуу дарысы – турмуш куруу. Бирок жүрөктөгү жалын өчө баштаганда бүткүл жашоосу үчүн кек алып жаткандай; уу дары ичкенсип өкүнө баштайт адам. ♦ ♦ ♦ Адамдын өзү болуусуна эч уруксат беришпейт.  Убактысын да жеп турушат. ♦ ♦ ♦ Сүйүүдө адам ниети маанилүүбү же тагдырыбы? Бактылуулук  же бактысыздык биздин чечимдерибизге байланыштуубу, же сыртыбызда өнүгүп кайра келеби? ♦ ♦ ♦ […]