УЛАМЫШ

Бул окуя тээ алыскы, бизге уламышка айланып калган убактарда болгон. Королдун кичинекей уулунун кооздолуп жасалган темир торлуу, жабылбаган ичке жана узунунан келген терезесинен ай жаркырап тийип турган. Анын назик нуру бөлмөдөгү бардык нерселерге тегиз жарыгын чачууда. Нур тийгенде караңгы түндүн койнунан сыйкырдын таасири менен чыга калган сыяктуу улам бир буюмдун элеси бөлүнүп көрүнөт: бирде перс килеминин укмуштай көркөм оймо-чиймелери, бирде жумшак олтургучтун оймо салынып оюлган жөлөнгүчү, бирде жерге төшөлгөн жапайы жырткычтын терисинен жасалган күмүштөй жаркыраган жумшак талпак, бирде бырыш басып, терезеге тартылган тор парда, бирде түркүн түстө кубулган оюнчук саадак, ага салынган жебенин алтын түстөгү учтары…

Түн өтүп жатты, ал эми жердеги көлөмү менен улам келбетин өзгөрткөн жаркыраган ак так бир орундан экинчи орунга жылып которулуп, тынч албай ойдолойт. Мына… акыры ал ханзада жаткан бешикке да жетти. Ал колдорун бош таштап, жылаңач денеси кыпкызыл болуп, кара кочкул эриндеринде күлкү ойноп бейкапар уктап жаткан. Айдын нуру ага тийгенде, ал бир терең дем алды да, которулуп чалкасынан жатты.

Ошол учурда ай нуруна киринип, татынакай жаз периштелери ойноп жүрүшкөн. Алар кол алышып, бирде тегерете тизиле калып, бирде колдорун коё берип айланышып, тегеренип, көңүлдүү ырларын ырдап, жыргап-куунап жүрүшкөн. Ай нуру тийгенде алардын денелери айнектей тунук көрүнүнөт; коё берген узун чачтары алтын толкун сыяктуу ийиндерине төгүлүп; созолонуп ырдашып, каткырып күлүп, бири-бирин кучактап, нурдун толкунунда бир ылдый түшүп, бир өйдө көтөрүлүшөт…

Алардын бири уктап жаткан ханзадага көзү түштү. Жолдошторунан бөлүнүп, ал анын бешигине жакын келди да, ага ороло калып бир аз ачылып турган назик эрдинен өөп алды. Бала чочуп ойгонуп, колун созду, бирок татынакай периште эчак эле көңүлдүү, бейкапар ырдап-чордоп жүргөн курбуларынын арасына барып кошулган эле.

Ханзада чоңойду. Карып ак чач болгон король аны карап башын чайкачу. Мураскору аңчылыкты да, жаа менен атканды да, согуш ырларын да жактырчу эмес. Ал андан көрө хан сарайдагы аялдардын арасында, алардын бирин тизесине жаткызып, тармал чачынан сылап олтурганды жактырар эле. Ал аларга эркелеп, назик колдорунан кармалап олтургандан ыракат алчу. “Мындан чыныгы король чыкпайт”, – деп күбүрөнчү король ойлуу. “Мындан чыныгы король чыкпайт”,— деп кайталашчу анын жан-жөкөрлөрү.

Карылыгы жетип, королдун да өмүрү бүттү, анын тактысы мураскоруна калды. Ал бабаларынын даңазалуу согуштук иштерин уланткан жок, камандарга, аюуларга жана жапайы топоздорго да аңчылык кылган жок, шаан-шөкөттүү аскердик мелдештерди да уюштурбады, жан-жөкөрлөрү менен таң аткыча кыпкызыл, ыштуу чычалалардын жарыгында, алтын аяктарга толтуруп көп жылдык винолорду да ичкен жок. Ал жасанып алып, эч нерсе менен иши жок өлкөдөгү эң сулуу аялдардын курчоосунда, улам бири менен назданып, улам биринин кучагында ойноп-күлүп күн өткөрчү. Ал каректери жалжылдап күйүп турган кара көздүү, келишимдүү, узун бойлуу арыкчырай жигит эле. Бирок жаш король бактысыз болчу. Жан-дүйнөсү белгисиз нерсени эңсеп, жүрөгүнүн түпкүрүндө бир кайгы жүзүнө чагылып турар эле. Аялдардын кучагынан өзү да билбеген, түшүнүксүз, унутулуп калган бир ыйык сезимди издей берчү…

Кээде жаңы таанышкан жаш сулууга жолукканда ал ошол жоготкон нерсесин таап алчудай, сүйүүгө баш оту менен берилип, гүл күнгө кандай умтулса, ал да дал ошондой умтулчу… Самаган нерсесин таап алгандай, толкунданып, жаш сулуунун эркелеген, назданган назик үнүнө кулак салчу… Бирок, эриндери сулуунун эриндерине тиер замат, ал ысык сезими суу сепкендей өчүп, сууп калчу… Купуя сыр ачылбай кала берчү.

Акыры жүрүп, белгисиз нерсени издей берип чарчап бүттү, билинбеген санаа ичинен жеп, ал күн өткөн сайын купкуу болуп, өң-алеттен кетип, шайы ооду. Көздөрүнүн оту өчүп, чанагына кирип, чүңүрөйүп баратты. Күлкү эмне экенин унутту…

Бир түнү мамык төшөлгөн керебетинде жатып, ажалы жакындап калганын сезди.

Бүт өмүрүн көз алдынан чууртуп өткөздү, баарын эстеди, бирок унутулуп калган нерсени гана эстей албады. “Чындап эле эстей албай өлүп каламынбы?” – деп алсыз шыбырады өлүп бараткан король төшөгүндө ооналактап. Так ошол учурда айдын тунук нуру көздөрүнө чагылышып, кимдир-бирөөнүн көзгө илешпеген билектери мойнуна оролду, кимдир-бирөөнүн көрүнбөгөн эриндери эриндерине кадалып, шыңгыраган тунук күлкү кулагына жаңырды. Король эми эстеди… Ал колдорун алыстап бараткан элеске созду… Бирок, сунулган колдор шалак этип түштү, а королдун жансыз бетинде чексиз ыракатка баткан сезим түбөлүккө катып калды…

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.