Окуу жылы башталып, билим берүү көйгөйлөрү көтөрүлө баштады. Бир жагынан мектеп имараты жетишпей, контейнерде окууга мажбур болсо, бир жагынан окуу китептери одоно каталар менен басылып чыгууда. Катасы жок китеп эмес, катасы аз жана катасы көп китеп деп айтып калдык. Мурдагы министр да акыры кызматтан чегинүүгө мажбур болду. Жаңы министрди толгон токой маселелер күтүп турат. Министр алмашаса эле керемет болуп кетерин күтпөшүбүз керек. Эми бул кишиге командасы менен келип 3 жылга иштегени мүмкүнчүлүк берүү керек. Депутаттар туугандарын, тааныштарын ишке орноштуруп кой дегенден алыс болууга тийиш. Жаңы министрге өз командасын түзүгөө мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Бул киши 1 жылдан кийин жаңы парламентке чейин иштеп, өзүн көрсөтүп алууга тийиш.

Билим берүү көйгөйлөрү көп, бирок жаңы министрге, деги эле өкмөткө бир маселе боюнча токтолуп кетейин. Кыргыздын балдары дүйнөдө атаандаша ала турган деңгээлге жетүүсү үчүн 21-кылымдын талаптарына ылайык сапаттуу билим алуусу мугалимдердин сапаты менен түздөн-түз байланыштуу. Мектептин деңгээли эч качан мугалимдин деңгээлинен жогору болбойт деген аксиома бар. “Кадрлар баарын чечет” деген сөз билим берүү тармагы үчүн ар дайым актуалдуу. Сапаттуу мугалим — сапаттуу билим алуунун кепили.

Аны жогорку сапаттагы заманбап билими бар мугалимдер гана ишке ашырат. Биз сыяктуу калкы аз, табигый ресурсу аз өлкөлөрдүн (Сингапур, Финляндия, Эстония, Корея) кыймылдаткыч күчү — мугалимдер болгонун изилдөөлөр тастыктап жатат. Бул өлкөлөр мугалимдин кесипкөйлүлүгүн түшүнүп, педагогика факультеттерине студенттерди тандоо, аларды мугалимдикке даярдоо жана алардын социалдык-экономикалык абалын кадыр-барктуу кылуунун чараларын көрүшкөн. Биздин өлкөдө да ар бир мугалим жогорку педагогикалык билимге жана жогорку квалификацияга ээ болушу кажет. Мугалим жалгыз гана окуучуга билим, тарбия бербестен жалпы улуттун келечегинин пайдубалы. Мугалим жок – келечек жок. Мугалим жок – улут жок. Эркин өлкөнү эркин ойлоно алган, билимдүү жарандар гана түптөйт. Ал эми эркин жаран болууну – мугалимдер өстүрөт.

Мектепке имарат же спортзал салып, бирок аны сапаттуу мугалим менен камсыздай албасак анын кандай мааниси бар?  Өз ишин сүйгөн мугалим болгондо гана билимдүү, тарбиялуу, эркин ойлоно алган окуучулар чыгат. Технологияны компьютерди колдонгон да, аны окуучуга үйрөтчү адам акыр аягы мугалим экенин унутпасак. Кээ бир мектептерге барганда мугалимдердин жөнөкөй компьютерди колдоно албаганына күбө болуудабыз. Эгер мугалим жөнөкөй компьютерди колдоно албаса, информатика мугалиминин кадимки электрондук почтасы жок болсо, сиз ошол мугалимге балаңызды окутууга берет белеңиз?

Орто мугалим баяндайт, жакшы мугалим түшүндүрөт, мыкты мугалим шыктандырат. Азыркы кезде мугалимдикке жөндөмү бары да, жогу да иштеп жатканы талашсыз. Мындан бир канча жыл мурунку бир изилдөөдө Кыргызстандагы мугалимдердин 12%ы гана мугалимдикти атайын тандап алганын белгилешсе, калганы ЖРТ баллы туура келгендиги үчүн, айыл жергесинде кыздарга башка бир жумуш мүмкүнчүлүгү болбогондуктан мугалимдикти тандашканын белгилешкен. Билим берүүдө дүйнөгө үлгү Финляндияда педагогикага факультеттерине тандоодо абитуриенттин бир эле академиялык ийгилигине эмес, анын командада иштей алуусуна, кесипке болгон энтузиазмы, коммуникабелдүүлүгүнө ж.б. жеке сапаттарына каралат.

Сапаттуу мугалим болуусу үчүн алгач мугалимдин статусун көтөрүү керек. Мугалимдин статусун Англияда жайгашкан Varkey фонду төмөндөгү факторлор менен өлчөнөрүн белгилейт:

  • Мугалимдик кесипти башка кесиптер менен салыштыруу;
  • Ата-энелердин балдарын мугалим болууга үндөп үндөбөгөнү;
  • Мугалимдердин социалдык абалы (кепилдиктери);
  • Адамдардын мугалимдердин айлыгы тууралуу пикири;
  • Мугалимдердин айлык маянасы;
  • Мугалимдин иш сааттары жана шарттары;
  • Коомчулуктун мугалимдердин компетенттүүлүгүнө ишеним деңгээли;
  • Мугалимдик кесипке коомчулук тарабынан “талап”  көрүүсү;
  • Мугалимдердин окуучулар тарабынан сый-урмат көрүү деңгээли;
  • Окуучуларды окутканына жараша айлык маяна алып-албаганы.

Мугалимдин статусунун жогорулашы түздөн-түз окуучунун сабагына таасир этери белгиленген[1]. Ушул эле изилдөөнүн бир бөлүмүндө мугалимдердин ишмердигин жакшыртуучу же мотивациясын арттыруунун жолдору катары төмөнкүлөр сунушталган:

  • Мугалимге татыктуу айлык;
  • Класстагы окуучулардын санын оптималдаштыруу;
  • Мугалимдердин кесипкөйлүгүн арттыруучу тренинг/курстар;
  • Мугалимге пландоого, сабакка даярдануусуна жана баалоого убакыт берүү;
  • Мугалимдердин мыкты иштерин сыйлоо;
  • Стандартташкан тестирлөөнү азайтуу;
  • Жардамчы мугалим штатын берүү.

Кыргыз Республикасы бул сыяктуу изилдөөлөргө катышпагандыктан мугалимдерибиз, окуучуларыбыздын абалын талдоого мүмкүн эмес. Субъективдүү болсо да мындай нерсени баамдоого болот. Күч органдарында иштегендердин минген машинасы, жашаган үйү менен мугалимдердин абалын салыштырганда – картина ортого чыгат. Андан тышкары, Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) педагогикалык адистикке кабыл алынгандардын орточо баллы 124,4. Медициналык адистиктерге орточо 183,8 балл, техникалык адистиктерге 160 балл менен кабыл алынган 2017-жылы.  Мугалимдерибиздин орточо курагы 41-45 жаш.

Маселе ушундай болгондон кийин эмне кылыш керек?

Мугалим даярдоо саясатын жолго салуу керек

Мугалим даярдоо программаларынын стандарты жогорулашы керек. Сингапур жана Финляндия ЖОЖдорундагы мугалим даярдоо программаларына жогорку стандарттарды коюп келет. Бул өлкөлөрдө мугалим болуу үчүн кандайдыр бир кыска убакыт аралыгында тездетилген/интенсивдүү курстарда окутуу аркылуу мугалимдик кесипти аркалаганга жол беришпейт. Себеби мындай курстар педагогиканын теориялары жана клиникалык тажрыйбаны камтыбайт.

Ийгиликтүү билим берүү системаларын түптөй алган өлкөлөрдүн ар бири мыкты жаштардын мугалимдикти жашоо карьерасы катары тандоого түрткөн шарттарды түзүп бере алышкан. Бул өлкөлөрдө мугалимдер карьерасын мектепте иштеп өткөрүшөт. Мындан сырткары, эл аралык перспективадан караганда мугалимдин статусу төмөндөгөн өлкөлөрдө мугалимдин сапаты жана мектептерди жакшыртуу боюнча жакшы натыйжа бербейт.

  • Азыр иштеп жаткан мугалимдер боюнча эл аралык изилдөөлөргө катышып же улуттук деңгээлде изилдөө жүргүзүү керек. Эң акыркы орунду алуудан коркуштун кереги жок. Чыныгы абалды билүү үчүн бул шарт маанилүү;
  • Педагогикалык ЖОЖду кайрадан калыптап, жаңы педагогдордун чет (анлис) тил билүү шартын коюп, мугалим даярдоо программаларын кайрадан түзүп, мамлекеттин каржылоосуна калтырып, калган мамлекеттик ЖОЖдорду менчиктештирүүгө деле берип салса болот;
  • Гранттарды приоритет катары мугалим даярдоого жумшоо;

Мугалимдин кесиптик статусун көтөрүү үчүн:

  • Мугалимдикти жана алтуризмди даңазалаган чыгармаларды мектеп программасына киргизүү. Мисалы Григорий Петровдун «Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары (тарыхы)» китебиндеги агартуучу Снелман, же “Мыкты адам”, “Профессор Рачинский” чыгармаларын мектептик программага киргизүү;
  • Өкмөттүн октябрдан баштап мугалимдин айлыгын 30% көтөргөнү менен, статусту жогорулатпашы мүмкүн. Мугалимдердин маянасын өлкөдөгү орточо айлык маянадан дайыма 30% жогору кармап туруу зарыл. Азыр мугалимдердин орточо айлыгы 13843 сом. Ал эми өлкөдөгү орточо айлык 16218 сом экенин эске алганда мугалимдин айлыгы орточо айлыктан төмөн.
  • Мугалимдердин соцфонд төлөмүн 10%га түшүрүү, киреше салыгынан бошотуу. Күч органдарында иштегендер алган айлыгынан киреше салык төлөбөйт, социалдык төлөмдөрү да жок. А бирок мугалимдер 7 миң сом алабы, 10 миң сом алабы 10% киреше салыгын төлөшөт жана социалдык төлөмдөрүн да калтырышпайт.
  • Мугалимдин ишмердигин текшерүүнү (инспекциялык) азайтуу. Финляндиядагыдай сынактар жана мектеп мугалимдерин инспекциялоо сыяктуу текшерүү процедураларына коротулган каражаттан 30 эсе көп каражат мугалимдерди кайра даярдоо жана кесиптик өнүгүүсүнө коротулат[2]. Коомчулук мугалимдердин компетенттүүлүгүнө ишеним деңгээли жогорулаганда текшерүүнүн да кажети калбайт;
  • Мугалимдердин окуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан урматталып, сыйланган сюжеттерди ММК аркылуу жайылтуу;
  • Класстагы окуучулардын санын (22-24) оптималдаштыруу;
  • Мугалимге пландоого, сабакка даярдануусуна жана баалоого убакыт берүү;
  • Мугалимдердин мыкты иштерин сыйлоо; Мыкты мугалим сынактарында райондук, республикалык жеңүүчүлөрүн акчалай сыйлоо, айлыгын 30% арттыруу;
  • Жардамчы мугалим штатын киргизүү;
  • Эл аралык олимпиадалардан байгелүү орун алган окуучулардын мугалимдерине 5000 сом кошумчалоо;
  • ЖРТдан 180 баллдан жогору балл алган Педагогикалык факультеттин студенттерине 1-курска 1000 с, 2-курска 2000 с, 3-курска 3000 с, 4-курска 4000 сом стипендия берүү; ЖОЖдон англисче үйрөнүп чыккан мугалим, мамлекеттик мектепте иштебесе да жеке менчик мектепте иштегени мүмкүнчүлүк туулат. Балким эл аралык мектепте же чет өлкөгө чыгып иштөөсү да мүмкүн. Мындайда жок дегенде кара жумуш күчүн экспорттоонун ордуна мугалим экспорттогон болобуз. Филиппин өлкөсү буга мисал.
  • Англисче сабак өткөн (TOEFL 75 score, IELTS 6.5 score) мугалимдердин айлыгына 5000 сом кошумча төлөм киргизүү;
  • Жаш мугалимдин депозити системасын кайрадан ишке киргизүү;
  • Кыргыз мыйзамдары боюнча мугалимдер 5 жылда бир квалификация жогорулатып, аттестациядан өтөт. 2018-жылы мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө 36310700 сом бөлүнгөн. Бир мугалим үчүн 434,16 сом же 6,22 АКШ доллары бөлүнгөн болот. Өнүккөн өлкөлөрдө бир мугалимдин бир жылдык кесиптик өнүгүүсүнө жылына 2000-4000 АКШ доллары бөлүнөт. 2018-жылы КР билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы квалификацияны жогорулатуу институтунан 5956 мугалим кваликациясын жогорулаткан. Практикада эл аралык мектептердин кесиптик өнүгүүгө билим берүүгө бөлүнгөн бюджеттин 1,5-2% бөлүнүп келет[3]. Ал эми кыргыз мугалимдерге жалпы билим берүүгө бөлүнгөн акчадан (30 млрд. сом) 0,12% гана бөлүнөт. Анын сапаты өзүнчө маселе. Кесиптик өнүгүү курстары өтүүчү уюмдар контрактык негизде тендер аркылуу аныкталат. Азыркы 36 млн сомду минимум 10 эсе көбөйтүү керек.

Жыйынтыктап айтканда,  мугалим даярдоо, мугалимдерге кесиптик жактан колдоо көрсөтүү жана мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү саясатына өзгөчө көңүл буруу керек.  Мугалимдерге ишенип, аларды өз ишин мыкты билген кесипкөй адистер катары урматтап-сыйламайынча, жигердүү жаштар бул кесипти тандашса да, баркталбаган жумуш шарттарын жактырбай баса бериши мүмкүн. Мугалимдик кесиптин статусу жогорулашы үчүн мугалимдин шыктандыруучу стимулдарды (мотивациялык факторлорду) камтышы керек.

Мугалимдик ишине байланышы жок – көчө шыпыртуудан, шайлоо, үгүт иштеринен мугалимди оолак тутуу кажет. Инспекциялык иштерди жана отчёт берүүсүн азайтуу керек. Сапаттуу мугалимдерди даярдамайын, улутубуздун келечеги жок.

[1] Global Teacher Survey, 2018. Varkey Foundation

[2] Паси Сальберг, Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?

[3] School Finance and teacher quality,Exploring the connections, American Education Finance Association,2003

3 Replies to “Бакытбек Абдуллаев: Мугалим жок – келечек жок”

  1. Эн сонун ойлор! Мугалимдик кесиптин туйшугун тушунуп, конкреттуу сунуштар озгочо баага татыктуу.

  2. Укмуш. Күчтүү жигит экен. Мына силерге кадр. Министр жанына алып кетсе ушундай адамдарды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.