Кыргыз эл жомогу: Эжеке бээ саа

Илгери Ысыккөлдүн аймагында бир бай адам жашаган экен. Ал кара мүртөздүгү жана катуу баштыгы жагынан атагы алыска тараптыр. Көп адамдар анын атын уккан кезде жүрөктөрү шуу деп, жерге түкүрүшүптүр. Ал бай зордукчул, зомбулук жагынан астына киши салбаптыр. Анын карамагында төрт түлүк малы, үй-мүлкү, жумшаган малайлары бар экен. Дагы байысам деп, нысабын агыткан бай эзели эч кимге зекет бербептир. Бирөөлөргө даам сыздырбаптыр. Тамагын эл жаткандан кийин ичип-жечү экен. Мына ошол зулум бай жашаган айылда чоң чабуул болуп, кимди-ким көрдү дегендей, ар […]

Садык АЛАХАН: Бир жылдын үч романы

(Полемикалык саптар) Улуттук адабиятыбыздын өсүп-өнүгүшүнө сересеп салган адам акыркы он жылда бизде роман жанры өнүгүүнүн жаңы шарына түшкөндүгүн, өткөн замандан бүгүнкү күнгө чейинки элибиз баштан кечирген турмуштун бардык оош-кыйыштуу учурларынан тартып анын фонунда жеке адамдын тагдырына дейре кылдат изилдөөдөн өткөзүүгө аракет жасоо менен мейли тематикалык, мейли проблематикалык (албетте, көркөм-поэтикалык сапатын да жогору тутууга далалат кылуу менен бирге) жагынан болсун жаңылануу абалын, мурда жеткен бийиктиктен өйдө көтөрүлүү аракетин баштан кечирип жаткандыгына күбө болот. Арийне, жанрдын интенсивдүү өнүгүү процесси адабиятчы, сынчылардын, дегеле […]

Афиша: Чеховдун «Алчалуу багы» Бишкекте

Күркүрөгөн күз келип театрлар элге эшигин ачканга, руханий азык тартуулаганга даяр чагы. Алардын катарында Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры да бар. Аталган театр күзгү сезонду жаңы спектакль менен ачканы жатат. Спектакль «Алчалуу бак» аталат. Бул пьесанын автору ааламга белгилүү Антон Павлович Чехов. Оюнду Россиядан келген режиссёр Татьяна Захарова сахналаштырууда. Премьера 25-сентябрда кечки саат 19:00. башталат. Ага удаа эле Эл аралык кичи формадагы «IMPULSE» театралдык фестивалы старт алат. Фестивалга Швеция, Россия, Молдова, Казакстандан артисттер келип катышаары күтүлүүдө. Фестивалдын программасы: […]

Бош хамал: Бош хамал[1]

АҢГЕМЕ Осман Чевиксой (1951-ж.) – жазуучу, түрк адабияты боюнча методикалык китептердин автору. Түркиянын Чорум районуна караштуу Феруз айылында туулган. Үстү клёнка менен жабылган үстөлдө сууга бышкан жумуртка, кичине табакта зайтун, короодон жулунуп келинген кресс-салат, петрушка, кашык салынган чайдын стаканы, жарымына чейин толгон шекер салгыч, бираз мурун наабайчыдан алынып келинген ысык нан жана ашкананын бир бурчунан ичкери кирген күндүн нурлары бар эле. Газдын кичине көзүндө үстү-үстүнө коюлган эки чайнек шуулдап, жаңы демделген чайдын жыты бөлмөлөргө текши жайылып жатты. Дасторкондун башына отурган […]

Белгилүү инсандардын азилдери

Тукабыз арык беле, семиз беле? Ыраматылык төкмө акыныбыз Тууганбай Абдиевдин саламаттыгы жакшы болбой жүрүп, врачтарга көрүнгөнү барат. Колу жеңил деген дарыгер Тукабызды кароодон өткөрөрү менен эле: – Сизди союш керек, – дептир. Аны уккан Тукабыз да жөн сүйлөйбү: – Йе, кокуй… арык, семиз экениме карабай элеби? – деген экен. Саргашка эмне дейт? Амантай Кутманалиев колуна айлык тиери менен базарга барып, бирок алчусун алалбай кайра келип шылкыйып турса, Шекербек Адылов сурайт дейт: – Базарда эмне кеп? – Эмне кеп болмок эле! […]

Олжобай Шакир: Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго достук кат

Урматтуу Каныбек мырза, бул катты Сизге расмий мазмунда жазып отурганым жок. Тек гана тилектештик, санаалаштык жана достук маанайда жолдоону чечтим. Бул катты санааркап отуруп жазгандагым… Адамзат тарыхында илим-билим эң башкы байлыктардын бири. А буга биздин калктын көңүлү анчейин! Биздин эл илим-билимди байлык санабайт. Эзелтен төрт түлүк малга, жылтыраган мүлккө саргайып санаа тартып келген пейил-куюнан кутула элек калкпыз али. Билимди мал-келге айырбаштап алуучу оокаттай көрөт бир. Сыртта 21-кылым экен дебейт. Жогорку окуу жайларда колоктоп жүргөн жаштардын баары эле билим артынан куугандар […]