Күркүрөгөн күз келип театрлар элге эшигин ачканга, руханий азык тартуулаганга даяр чагы. Алардын катарында Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры да бар. Аталган театр күзгү сезонду жаңы спектакль менен ачканы жатат. Спектакль «Алчалуу бак» аталат. Бул пьесанын автору ааламга белгилүү Антон Павлович Чехов. Оюнду Россиядан келген режиссёр Татьяна Захарова сахналаштырууда.

Премьера 25-сентябрда кечки саат 19:00. башталат. Ага удаа эле Эл аралык кичи формадагы «IMPULSE» театралдык фестивалы старт алат. Фестивалга Швеция, Россия, Молдова, Казакстандан артисттер келип катышаары күтүлүүдө.

Фестивалдын программасы:

25-сентябрь, 19:00. «Алчалуу бак» — режиссёр Т. Захарова – Арсен Өмүрлиев атындагы Бишкек драма театры, Кыргызстан.

26-сентябрь,19:00. «Соло из Ямы» — автору жана аткаруучусу Элиас Файнгерш – театр КЕФ – Мальма шаары Швеция.

27-сентябрь, 19:00. «Три жизни Айседоры Дункан» — автор: З.Сагалов, режиссёр: Мария Пальницская, аткаруучу: Яна Лазарь, А.Чехов атындагы ГРДТ, Кишинев шаары, Молдова.

28-сентябрь, 19:00. «Пугачев Рождение» — С.Есенин – режиссёр: Алексей Шемес Россия – аткаруучу: Марат Амираев, Кыргызстан – Байтен Оморов атындагы «Жаз сахна» театры, Алматы шаары, Казакстан.

29-сентябрь, 19:00. «Малявочка» — Ф.Достоевский – автор жана аткаруучу: Павел Курочкин – «Ведогонь-Театр» Москва шаары, Россия.

Жалпыңыздарды жан азык алууга театрга чакырабыз. Эшигибиз ар дайым ачык. Биз сиздерди ар дайым жылуу маанайда, ыңгайлуу залда күтүп алууга даярбыз.

Дарегибиз: Чыгыш – 5 кичи району, Чүй – 28, Бишкек шаардык драма театры. Болжол: Свердлов акимиятынын данында. Сурап билүү: 46-44-17, 53-04-42 | Факс: 46-44-17 |email: bgdt.kg@mail.ru

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.