Тукабыз арык беле, семиз беле?

Ыраматылык төкмө акыныбыз Тууганбай Абдиевдин саламаттыгы жакшы болбой жүрүп, врачтарга көрүнгөнү барат. Колу жеңил деген дарыгер Тукабызды кароодон өткөрөрү менен эле:

– Сизди союш керек, – дептир.

Аны уккан Тукабыз да жөн сүйлөйбү:

– Йе, кокуй… арык, семиз экениме карабай элеби? – деген экен.

Саргашка эмне дейт?

Амантай Кутманалиев колуна айлык тиери менен базарга барып, бирок алчусун алалбай кайра келип шылкыйып турса, Шекербек Адылов сурайт дейт:

– Базарда эмне кеп?

– Эмне кеп болмок эле! Баарынын эле баасын сурасаң – асмандын башы. Чөнтөктү карасаң – атаңдын башы.

Күмөндөрдүн дүжүр чалдарды аяганы

А. Акаевдин заманында бир журналист Күмөндөр Абыловго собол узатат дейт:

– Кыргызстанда эмне үчүн дүжүр чалдар көп деп ойлойсуз?

– Эй, койгулачы ушунуңарды! Журналисттер менен саясатчылар «дүжүр чал» деп жүрүп, чалдардын баарын жалтак кылып бүтүрмөй болдуңар! – деген экен.

Алик Акималиевдин «жарылганы»

Акын Алик Акималиев гезиттерге ырын көтөрүп барса эле, «орун жок» дей беришкенинен, бир күнү ачуусу келип:

– Дүйнөгө баткан поэзия гезиттин бир бурчуна батпай калдыбы? – деп эшикти тарс жаап чыгып кеткен экен.

Саргашка Садык Шер-Ниязды «жоктогону»

Кези келгенде Садык Шер-Нияз өзү кошо актаңдай төкмөлөр менен айтыша калмай жайы бар. Бирок төкмө ырчылар кээде азил-чыны аралаш бири-бирин «өлтүрүп» коюп, кайра тирилтип алмайы оюна келбептир. Бир күнү эле Саргашка экөө айтышып атса, Саргашка:

«Оо-о дем берип турчу төрөбүз,
Сени эми кайдан көрөбүз?
Алтымыш төкмө артыңдан
Эми алыс барбай өлөбүз»
, – деп күйүттүү кошок төгүп атканына ишенип-ишенбеген Садык безге сайгандай секирет:

– Эй, сен мага кошок кошуп атасың го?! Эми сен да мага таарынба, мен да сага кошок төгөйүн, – деп жооп узатып турганы:

«Кыйшайып күндө келчүле
Кызып ырдап берчүле.
Кашайып күндө келчүле
Кажып ырдап берчүле.
Кантейин эми Амантай,
Кайгырып сени жаш койдук.
Өлөрчө дагы ичипсиң
Өлгөндө дагы мас койдук.
Көрдөн чыгып кетет деп,
Көтөрүп келип таш койдук», – деп экөө бир-бирин «өлтүрүп», кайра «тирилтип» алган жайы бар…

Тоголок баштын оюнан топ кетпейт

Илимпоз Болот Акматов университеттин студенттерине адабият теориясы боюнча сабак өтүп атканда башы топтой тоголок, өзү да топ ойногонду жакшы көргөн бир студент адабият дегенге таптакыр түшүнбөй койгон го… Ошондо Б. Акматов сабакты жөнөкөйлөтүш үчүн мамындай деген экен:

– Адабият деле топ сыяктуу. Болгону эле аны да тоголотуп ойногонду билиш керек, – дегенден бери тиги неме каалагандай ыр жазып баштаптыр.

Артисттер эмне үчүн театрдан кетпейт?

Бирөө опера ырчысы Талгар Жакшылыковдон:

– Театрдан кетем деп жүрдүң эле. Эмнеге кетелексиң? – десе:

– Театр дегениң так эле ысык ойношуң сыяктуу экен. Кетейин дейм, кыйбайм. Кетпейин дейм, кумарым жазыла элек, – дептир.

Са Жи Гит

«Азаттык» радиосу Дастан Сарыгулов, Каныбек Иманалиев, Салижан Жигитовду «Манас» жөнүндөгү диалогго чакырат. Сарыгулов «Манас» эпосунун чеги жогун, түбү көрүнбөстүгүн айтат. Сакебиз болсо түз обо экенине карабай:

– Кыргыз болбой эле койдум. Карачы, курсагы ач, мээси бөксө. Ушундан көрө кытайга аралашып кетсек, эл болмокпуз. Анда мен көп болсо: Са Жа Гит болуп калмакмын, – деп Сарыгуловдун куйкасын куруштурган экен.

Ыраке чылым чекпейт

Салижан Жигитов чылымды анда-санда чеккендиктен бир күнү Рамис Рыскуловго жолугуп калып:

– Ыраке, чылымыңдан берчи, – десе тиги:

– Мен чылым чекпейм. Менин чылымым – турмуш! – деген экен.

Мамасалы Апышевдин дарегин ким билет?

«Жетимен» адабий журналы тушоо кесүү аземин өткөрмөй болуп, той башталга чейин эле жазуучу М.Апышев алагүү абалында келет. Той ортолоп калганда анын шылкыйып калганын көргөн калемдештеринин бири:

– Мамасалы, үйүңдүн дареги кандай? – деп кабаатырланса, М.Апышев:

– Атпа-айм, айтпайм… Андале үйгө жеткирип саласыңар! – дептир.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.